ТоктомКүчүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 83 «Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 «Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция25.06.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 25-июну № 83

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын

12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды

жана  жеңилдик алууга укугу бар тургундарын

социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын (А. Т.Сариев) жана Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” фракциясынын (А. М. Кененбаев) сунуштарын карап чыгып, Бишкек шаарынын калкынын социалдык корголбогон катмарын колдоо максатында, жеңилдиктерди алууга укугу бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак-жай субсидиялар менен көп камтуу үчүн, турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө тарифтердин өсүү тенденциясын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды жана  жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө” жобонун 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-“16%” деген цифра “10%” деген цифра менен алмаштырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов): Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2015-жылга  Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун кароодо  бул токтомду ишке ашырууга финансылык каражаттарды карасын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясына   (А.Т.Сариев), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жана  Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңештин тѳрагасы:

 

М.А.Аманкулов