Загрузка документа…
1-тиркеме
Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин
“22” июлу 2014-ж. № 1 токтому
"Чон-Сары-Ой айылдык аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомун жетекчиликке алуу менен иштелип чыкты.
Бул жобо Чон-Сары-Ой айылдык аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна (мындан ары-жер участоктору) ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Жер участокторуна ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү түз сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
3. Жер участоктору убактылуу пайдаланууга 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Ижарага жер участокторун берүү мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан аныкталат. Мурда берилген жер участокторунун убактылуу пайдалануу мөөнөттөрү комиссиянын чечими боюнча узартылат.
4. Бул жобонун талаптары бардык учурларда аткарылууга тийиш болгон жер участокторду түзүү процедурасынан тышкары, жер участокторун акысыз берүүгө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда колдонулбайт.
II. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр
5. Бул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
жерлерди ижаралоо - менчик ээсинин/жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер участогун ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши;
аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос (барымта) - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти - шаардык жана айылдык калктуу конуштарда конуш куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер участокторду, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
шаар куруу документтери - калктуу конуштарды пландоонун структурасынын райондук пландарынын документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруу куруунун долбоорлору;
сары линиялар - кыйраткыч жер титирөөлөрдүн, табигый же техногендик башка кырсыктардын натыйжасында имараттардын (түзүлүштөрдүн, курулуштардын) урандыларынын мүмкүн болгон түшүүсүнүн максимум жол берилүүчү зоналарынын чектери. Сары линиялар, эреже катары, имараттар менен курулуштардын ортосундагы аралыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
кызыл линиялар - бул көчөлөрдү жана жолдорду пландык структуранын башка элементтеринен бөлүп туруучу, көчөлөрдүн жана жолдордун ээсин аныктоочу жана чек ара болуучу линиялар;
лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;
тооруктар - муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укуктарды берүү ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;
конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу;
карасанатай атаандаштык - субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:
а) тооруктун катышуучуларынын өз ара жашыруун макулдашуусуна;
б) коррупцияга;
в) тоорукта бааны жасалма арзандатууга;
г) потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү объектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун эрежелери - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана өзгөртүп курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү жолу менен жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылары;
түз сатуу - жеке жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жер участогун уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мүлк объектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык жер участогун пайдалануу;
жер участогунун старттык наркы - тоорукта же түз сатуу үчүн коюлган жер участогунун баштапкы баасы;
жерлердин максаттуу дайындалышы - жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда жер участокторун пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген бөлүгү.
III. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети
6. Жер участогуна укукту берүү боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат.
7. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул жобого ылайык комиссия түзүлөт.
Комиссиянын курамына Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин депутаттары,Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Чон-Сары-Ой айылдык кеңеш тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бекитилет.
8. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тооруктарга жана/же түз сатууга коюлуучу жер участокторунун тизмегин аныктайт;
б) жер участокко укуктун (ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;
в) сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер участоктун старттык жана акыркы баасын белгилейт;
г) тооруктун жыйынтыгын аныктайт.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) жеке турак үйлөрдү куруу үчүн укуктарды акысыз берүү менен байланышкан маселелерди чечүүдөн тышкары, Чон-Сары-Ой айыл аймагы боюнча жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө маселелерди кароого жана чечимдерди кабыл алууга;
б) өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди күчүнө калтыруу же аларды жокко чыгаруу жана башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.
Комиссиянын отурумдары бир айда эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Мында материалдар комиссиянын мүчөлөрү отурум өткөрүүгө 3 күн калганда өткөрүлүп берилиши керек. Материалдар кагаз жана электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
9. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактар болушат.
10. Тооруктун предмети болуп жер участокту мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет.
IV. Жер участокторуна укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары
11. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берилет:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто жайгашкан имараттар жана курулмалар, анын ичинде ошол адамдарга менчик укугунда таандык болгон курулушу бүтө элек объекттер болсо;
б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;
в) ал объекттин аянтын кеңейтүү максатында кирүүчү топту куруу же кошуп куруу, көрктөндүрүү үчүн жер участок менчик укугундагы жактарга таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын жанында жайгашса жана тейлөө жана көрктөндүрүү максатында токтотуу орундарын уюштуруу үчүн талап кылынса, ошондой эле, ушундай жер участокко үчүнчү жактарга укук берилип, менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келген учурларда;
12. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар ыйгарым укуктуу орган беш жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага берилиши мүмкүн. Мындай жерлерде жеңилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилиши мүмкүн.
V. Жер участокторду түзүүнүн жана ага укукту тоорукта же түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби
13. Ижара укугу түзүлгөн жер участокторго берилет. Жер участок төмөнкүдөй учурларда түзүлдү болуп эсептелинет:
а) жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан бош (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка) болсо;
б) жер участоктун аныкталган чек аралары болсо;
в) жер участокту уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар болсо;
г) ал жер участок боюнча инженерлик коммуникациялар бар же жок экени жөнүндө, уруксат берилген максимум кубаттуулугу, инженерлик коммуникацияларга кошуунун убактысы жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженерлик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы жөнүндө, пландалып жаткан инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу жөнүндө, аларга кошуунун мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо;
д) бул жер участогунда турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу тийиштүү кызматтар менен макулдашылса (алар бар болсо).
14. Ижара укугун берүү үчүн жер участокторун түзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз демилгеси боюнча же жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде ишке ашырылат.
15. Тоорукта жер участокко укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз ээси жөнүндө маалымат (аны алмаштырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн анын чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
б) жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
в) инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери; конкреттүү жер участок жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жерди көрсөтөт, ошого жараша жер участок тандалат жана түзүлөт.
16. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда булар көрсөтүлөт:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
б) жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
в) участоктун аянты жана турган жери;
г) кыймылсыз мүлк объекти жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо);
д) бул жобонун 11-пунктунун в) жана пунктчасында каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы.
Арызга булар тиркелет: ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун б) пунктчасында каралгандан башка учурларда - жер участокко жана козголбос мүлктүн объектисине (имаратка жана курулмага) укукту күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү.
17. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө ырастама берет.
18. Ыйгарым укуктуу орган өз демилгеси боюнча жер арыз түшкөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттө Архитектура жана шаар курулушу боюнча Ысык-Көл райондук башкармалыгына (мындан ары – райондук архитектура) жер участогун түзүү боюнча бул жобонун 15-пунктуна ылайык тийиштүү өтүнүч кат жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын өтүнүч катында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы жана участоктун болжолдуу аянты менен жайгашкан жери каралат.
19. Бул Жобонун 11-пунктунун а) пунктчасында каралган учурларда, ошондой эле эгер укук берилип жаткан жер участок мурда түзүлгөн болсо жер участокту кайрадан түзүү талап кылынбайт.
Өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу орган кошумча маалымат алуу Райондук архитектурага суроо-талап жөнөтүүгө укуктуу.
20. Райондук архитектура 5 иш күндөн ичинде суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын белгилейт.Билдирилген ниеттер ылайык эместиги белгиленген учурда, Райондук архитектура кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жиберет.
21. Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы аныкталганда Райондук архитектура 7 иш күндүн ичинде жер участоктун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, ага булар түшүрүлөт:
а) жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
б) жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
22. Жер участокторун түзүү боюнча иштин стадиясында Райондук архитектура инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун баштапкы техникалык шарттарын аныктоо үчүн инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыздайт.
Райондук архитектура жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык жер участоктун чийменин көчүрмөсү менен суроо-талап жиберет:
а) Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ысык-Көл райондук башкармалыгына (мындан ары - Мамкаттоо) жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар - жер участоктордун менчик ээлери менен чиймени макулдашуу үчүн;
б) электр, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга баштапкы техникалык шарттарды алуу үчүн;
в) экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына тийиштүү корутунду алуу үчүн;
г) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо);
д) өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
Эгер жер участокко укуктар жогоруда аталган органдар менен макулдашылган шаар куруу документтеринин негизинде өткөрүлүп жатса, анда өзүнчө жер участокту ушул пунктка ылайык түзүүдө бул аталган ыйгарым укуктуу органдар менен кайрадан макулдашуу талап кылынбайт.
23. Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар архитектура органына - болжолдуу техникалык шарттарды, ал эми ыйгарым укуктуу органдарына - тийиштүү корутундуну 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Болжолдуу техникалык шарттарда инженердик коммуникациялар бар же жок экени, максималдуу жол берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуу мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ал эми инженерлик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженердик-коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөтү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында курулуш куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат, жана мыйзамда каралган учурларда - тийиштүү мыйзамдарды аткаруу боюнча чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
Инженерлик тармактарга кошууга мүмкүндүк жоктугу тооруктун катышуучусу же жер участокту түз сатып алуу жолу менен алып жаткан жак бул жөнүндө маалымдалган шартта жер участокко укукту берүүгө тоскоол болбойт.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе Райондук архитектура жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылган деп эсептелет.
24. Жер участокто бак-дарактар жайгашкан учурда, бак-дарактарды кыюу же которууну компенсациялоонун суммасы же мүмкүн эместиги жөнүндө тийиштүү маалымат менен жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын корутундусу соодалоону же түз сатууну өткөргөнгө чейин комиссиянын кароосуна милдеттүү түрдө берилет.
Бак-дарактар жайгашкан жер участогун жер участогун пайдалануу укугу менен бирге берүүдө жерди пайдалануучуга жер участогунда жайгашкан бак-дарактарга менчик укугу да өтүшү мүмкүн. Ошону менен бирге, жер
участогунда жайгашкан бак-дарактарды пайдалануу шарттарда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан аныкталат.
Эгерде бак-дарактарды кесүү же көчүрүп отургузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан жол берилбеген учурда, бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган бул жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана бак-дарактарды пайдалануу шарттарын аныктайт.
Эгерде бак-дарактарды кесүү же көчүрүп отургузуу мыйзам тарабынан тыюу салынбаса, бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган көрсөтүлгөн бак-дарактардын баасын компенсациялоо суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду түзөт. Бул учурларда бак-дарактарды кесүүгө же көчүрүп отургузууга уруксат берүү документтерин кайра макулдашуу жана алуу талап кылынбайт.
25. Райондук архитектура алынган материалдардын негизинде 7 иш күндүн ичинде белгиленген формада жер участоктун планын 1-тиркемеге ылайык 2 нускада түзөт.
Жер участоктун планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) жер участоктун топографиялык негизде 1:500 масштабда аткарылган чиймеси түрүндөгү графикалык материал, ага булар тартылат:
1) жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
2) жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары;
3) инженердик-техникалык тармак өтүүчү долбоорлук трассалар жана ага кошулуучу чекиттер, ошондой эле инженерлик коммуникациялардын куруу зонасына туш келүүчү трассалары;
4) курулуш курулчу линиялар, кызыл, сары линиялар;
5) сууну коргоо зоналарынын, санитардык-коргоочу зоналардын жана санитардык коруу зоналарынын чектери;
6) участокко баруучу жолдун уюштурулушу;
7) транспорт коюучу орундун мүмкүн болгон жайгаштырылышы, санын көрсөтүү менен (эгер зарыл болсо).
б) Текст материал, анда төмөнкүлөр каралат: жер участоктун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинде жер титирөө жагдайындагы шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттин шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жер участокторду уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.
Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү караштырат:
1) уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;
2) курулуштардын жер участоктордун чегинен минимум аралыктары;
3) курулуштардын жол берилген (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу;
4) участокко курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана проценти.
Участок тийиштүү чектөөлөр бар зонада жайгашкан болсо жер участоктун планында кошумча шаар куруу регламенттери бар экени көрсөтүлөт:
1) курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;
2) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Участоктун жайгашкан жерине жана объекттин функциялык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
1) көрктөндүрүү боюнча жана фасаддарга талаптар;
2) транспорт коюучу, а.и. курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын менен (эгер зарыл болсо) жана участокко баруучу жолдорду көрсөтүү менен;
3) инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш курулуучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларын);
в) объектти инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;
г) ушул Жобонун 21-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер участоктун планына Райондук архитектуранын жетекчиси кол коет.
Жер участоктун планын даярдоодо ал жердин чек араларын белгилөө камсыздалат, ал жөнүндө планга тийиштүү жазуу жазылат.
26. Жер участоктун планын даярдоонун жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын өтүнүч каты берилген күндөн баштап 25 иш күндү түзөт.
27. Ушул Жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда жер участокту түзүү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган арыз алынган күндөн баштап 3 иш күндүн ичинде Райондук архитектурага арыздын көчүрмөсүн тиркөө менен суроо-талап жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасын, участоктун болжолдуу аянтын жана дарегин көрсөтүү караштырылат. Жер участоктун аянтын ыйгарым укуктуу орган түшкөн арызга жараша жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
Райондук архитектура суралып жаткан жер участок боюнча курулуштук ниеттердин курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине бул жобонун 11-пунктуна ылайыктыгын 5 иш күндүн ичинде аныктайт.
Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги аныкталса Райондук архитектура 7 иш күндүн ичинде жер участоктун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги чиймени даярдайт, анда булар чийилет:
а) жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштырылат;
б) жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
Райондук архитектура жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жер участоктун схемасынын копиясын ага тиркелген арыздын копиясы менен кошо төмөнкүлөргө жиберет:
а) Мамкаттоого, жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар-жер участоктордун бардык менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
б) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо);
в) бак-дарактарды өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
28. Мамкаттоо жана ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар Райондук архитектурага тийиштүү корутундуну бул Жобонун 23 жана 24-пункттарында каралган маалыматты көрсөтүү менен 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү. Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органда жактырылды деп эсептелет.
Зарыл болсо Райондук архитектура Мамкаттоодон келген материалдардын негизинде Жер участоктун планын 1 иш күндүн ичинде тактайт.
29. Жер участоктун планы курулуш объекттерин долбоорлоого баштапкы материал болот жана курулуш объектин инженердик тармактарга кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды алууда инженердик-техникалык коммуникациялар өтүүчү трассалардын долбоорун жана аларга кошуу чекиттерин чийүү үчүн графикалык негиз болот. Курулушка уруксат документтерди тариздөөдө архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
30. Райондук архитектура ушул Жобонун 25 жана 28-пункттарында каралган мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен Жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдар менен кошо ыйгарым укуктуу органга берет.
31. "Бул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө берилген чыгымдарга ылайык Райондук архитектурага, Мамкаттоого жана ыйгарым укуктуу органдарга юридикалык жана жеке жактар (арыз ээлери) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өз алдынча бирдик катары соодалоого коюла турган жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө ижара келишимин түзгөнгө чейин соодалоонун жеңүүчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Төмөнкүдөй учурларда жер участокко укукту берүүгө болбойт:
а) жер участок бул Жобого ылайык түзүлбөсө;
б) Райондук архитектуранын суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундусу болсо, же Мамкаттоонун жер участокту берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарса.
VI. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тоорукту жана түз сатууну уюштуруунун тартиби
33. Ыйгарым укуктуу орган Жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдары менен 3 иш күндүн ичинде карайт.
Көрсөтүлгөн документтерди кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу орган:
а) коомдук угууларды өткөрөт (ушул Жобонун 34-пунктунда каралган учурларда);
б) жер участокту баалайт;
в) же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо аларды архитектуранын жана курулуштун аймактык органына кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.
Райондук архитектура ал документтерди 5 иш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
34. Тарыхый жана маданий мурас зонасындагы, ошондой эле турак жай зонасындагы жер участокко укук берилип жатканда ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 11-пунктунда каралгандан башка учурларда Жер участоктун планы алынган күндөн кийин бир айдын ичинде ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык коомдук угууларды өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган кызыкдар жактарга угуулар болгону жактары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоор күнгө чейин 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт.
Билдирүүдө угуу өткөрүлчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан жер участок жөнүндө маалыматтар (турган жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү информация менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнүндө маалыматтар, ыйгарым укуктуу органдын байланышуучу маалыматтары болууга тийиш.
Коомдук угууларга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган Райондук архитектуранын, Мамкаттоонун жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу.
Коомдук угуу процессинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары чагылдырылган протокол түзүлөт.
35. Коомдук угуунун жыйынтыгында Жер участоктун планын толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо ыйгарым укуктуу орган аны аймактык архитектура жана курулуш органына кайра жиберүүгө укуктуу, ал жиберилген документтерди ушул Жобонун 33-пунктунда белгиленген мөөнөттө иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
36. Жер участокко укук коомдук угуу өткөрүү менен кабыл алынган шаар куруу документтеринин негизинде берилип жатса, ал жер участокту берүү максатында кайталап коомдук угуу өткөрүү талап кылынбайт.
37. Жер участогуна ижара укугунун старттык баасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул жобонун 9-бөлүмүнө ылайык аныкталат жана комиссиянын кароосуна акыркы наркын жана/же ижара акыны аныктоо үчүн сунушталат. Акыркы нарк комиссия тарабынан аныкталат, бирок ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган нарктан ылдый болбошу керек.
Конкурска коюлуучу жер участоктору үчүн комиссиянын чечими боюнча белгиленген ижара акы аныкталышы мүмкүн, бирок ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган нарктан ылдый болбошу керек.
Жер участокто муниципалдык менчикке тиешелүү имараттар жана курулмалар, ошондой эле бүтө элек курулуш бар болсо участоктун баасына ушул объекттердин баасы да кошулат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участоктун баасын аныктоо (эсептөө), Жер участоктун планы алынгандан кийин 10 иш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
38. Комиссия Жер участоктун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды карайт.
Комиссия жер участокту тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер участокко берилип жаткан укуктун түрү ( ижара), жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы (аукцион, конкурс, түз сатуу), жер участоктун старттык баасы. Гарантиялык акынын өлчөмү, тоорукка катышуучулар аны төгүүчү мөөнөт жана тартиби, аукциондук кадам (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттары (конкурс өткөрүлсө).
Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен жер участогун түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.
39. Жер участогунун планын жана ага тиркелген материалдарды алууда, бул Жобонун 14-15-пункттарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
40. Ыйгарым укуктуу орган ар бир жер участогу боюнча төмөнкү маалыматтарды камтыган информациялык пакет түзөт:
а) ага тиркелген материалдары менен жер участогунун планынын көчүрмөсү;
б) жер участоктун наркы;
в) конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлсө);
г) гарантиялык акынын (барымтанын) өлчөмү, тоорукка катышуучулар аны төгүүсүнүн мөөнөтү жана тартиби.
Ыйгарым укуктуу орган тоорукка катышууну каалагандарга информациялык пакетти берүүгө милдеттүү.
Информациялык пакет акы төлөө менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
41. Ыйгарым укуктуу орган тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күндөн кем эмес мурдатан массалык-маалымдоо каражаттарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү жарыялоого милдеттүү.
Билдирүү тооруктун убактысын, ордун жана формасын, предметин, тооруктун предметинин старттык баасын, анын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мөөнөтүн, гарантиялык акы (барымта) төгүлүүчү банктын реквизиттерин, толук маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтарын камтуусу тийиш.
VII. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
42. Жер участокторго ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
43. Тоорукка коюлуучу бардык объекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.
44. Тоорукта объекттер "бир номер - бир лот" деген схема боюнча берилет.
45. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
а) тоорукка катышуу жөнүндө ниеттин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;
б) талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;
в) талапкердин - юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;
г) талапкердин - жаткан юридикалык жактын жетекчиси болуп жактын инсандыгын ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;
д) гарантиялык акы (барымта) төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтер.
46. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) ыйгарым укуктуу органдын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча төгүү жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган белгилейт, бирок, белгиленген баштапкы нарктан 50 пайыздан кем эмес боло албайт.
47. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
48. Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.
Гарантиялык акы (барымта) төмөнкүдөй учурларда 10 иш күндүн ичинде кайра берилүүгө тийиш:
а) тоорукта утпаган тооруктун катышуучуларына;
б) эгер тоорук болбой калса;
в) тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күн мурда тоорукка катышуудан баш тартылса.
49. Ыйгарым укуктуу орган катышуучулардын арыздарын тирелген документтери менен кабыл алууну жана каттоону жүзөгө ашырат. Ыйгарым укуктуу орган талапкерлер арыз берилген күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирилбестен арыз берүүчүгө катышуучу катарында катталгандыгы жана номер ыйгарылгандыгы же себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү баш тартуу жөнүндө билдирүүнү берет.
Талапкерлер катышуучу катары катталгандыгы жана номер ыйгарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү берилген учурдан тартып тооруктун катышуучусу статусун алат.
Ыйгарым укуктуу орган арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуудан баш тарткан учурда, аларды кабыл алуу жөнүндө баш тартуу менен бирге арыз берүүчүгө кайтарылып берилет.
50. Төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:
а) арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
б) арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;
в) бул Жобонун 45-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.
51. Тооруктун катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
а) тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга;
б) тооруктун предмети жөнүндө информациялык пакетти алуу жолу менен толук маалымат алууга;
в) тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра кайтарылып берилбейт;
г) тооруктун предметин кароого;
д) комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана протоколдордун көчүрмөлөрүн алууга;
е) тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
52. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу орган же ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же бул лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
53. Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
54. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Тооруктан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
55. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
56. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра кайтарылып берилбейт.
57. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:
Ыйгарым укуктуу орган аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.
Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.
Лотту старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча, алууга макулдугун билдирет.
Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукционисттин катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет.
Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
58. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Конкурс жарыяланганга чейин комиссия тарабынан конкурстун шарттары аныкталат.
Конкурска катышуучу билдирүүдө жана информациялык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
Конверттер конкурстук сунуштар менен төмөнкүлөрдү камтуусу тийиш:
а) эскиздик сунуш;
б) комиссия тарабынан аныкталган конкурстун шарттарына ылайык келүүчү инвестициялык жана башка сунуштар.
59. Эскиздик долбоор төмөнкүлөрдү камтуусу тийиш:
а) башкы архитектуралык долбоордун (БАД) тийиштүү лицензиясын, сертификаттарын көрсөтүү менен титулдук баракча;
б) барактардын ведомосту, жалпы маалыматтар;
в) жөлөк план (1:500 масштабында корректировкаланган чийме);
г) Башкы план (1:100 масштабында);
д) жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана токтотмолорду уюштуруу планы (1:500 масштабында);
е) кабаттардын пландары (1:500 масштабында);
ж) фасаддар (1:100 масштабында, келечекте фасаддардын, көчөлөрдүн бурулуштарынын комплекстүү чечилиши);
з) кесиндилер (2 даана, 1:100 масштабындагы узунунан, туурасынан);
и) перспектива, аксонометрия (3D чагылдыруулар, ракурстар);
к) тексттик бөлүк (техникалык - экономикалык көрсөткүчтөр, түшүндүрмө жазуулар).
60. Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
61. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат. Чон-Сары-Ой айылдык аймактын жергиликтүү башкаруусунун кызыкчылыктарынын негизинде конкурстун артыкчылыктуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) мыкты эскиздик сунуштар;
б) конкурстун шарттары боюнча каралган учурларда, эң мыкты сунушталган шарттар жана\же инвестициялык сунуштар.
Өзгөчө учурларда конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болсо, конкурс өткөрүү мөөнөтү комиссия тарабынан кийинки комиссиянын отурумуна чейин узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыктары жөнүндө протоколго тийиштүү жазуулар түшүрүлөт, бул протоколго комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Мында комиссия Райондук архитектурага кошумча маалымат алуу үчүн сунуш кылынгын эскиздик сунуштарды жөнөтөт.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер участоктун баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.
Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
62. Өзүнчө жер участоктору комиссиянын чечими боюнча курулган турак жана/же турак эмес жайлардын бөлүгүн кийин конкурстун жеңүүчүсү (куруучу) тарабынан муниципалдык менчикке өткөрүп берүү шарты менен берилет. Конкурс өткөрүүнүн кошумча шарттары комиссия тарабынан Чон-Сары-Ой айылдык аймактын жергиликтүү башкаруусунун кызыкчылыктарынын негизинде белгиленет.
63. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан эң мыкты сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссиянын катчысы, комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
64. Конкурсту өткөрүү менен байланышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда жаралган талаштар ачык добуш берүү менен чечилет, а эгер добуштар тең болуп калса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
65. Конкурсту өткөрүүдө:
а) мыкты шарттарды сунуш кылган жак комиссиянын чечими боюнча жеңүүчү деп табылат;
б) конверттерди ачууда жана сунуштарды угузууда конкурстун бардык катышуучулары же алардын тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулган өкүлдөрү, ошондой эле массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
66. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби:
Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилчү жер участоктун баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.
Жер участогунун старттык наркы бул жобонун 9-бөлүмүнө ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана акыркы ижара акыны белгилөө үчүн комиссиянын кароосуна киргизилет. Акыркы нарк комиссия тарабынан белгиленет, бирок ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган нарктан төмөн болбоосу керек. Арыз ээси жер участокту алуудан баш тартууга укуктуу, ал эми комиссия келишим түзгөнгө чейин сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жер участокту берүүдөн баш тартууга укуктуу.
Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан протоколго кол коюлган күндөн тартып 5 күндүн ичинде жер участогунун ижара келишимин түзүлөт.
VIII. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
67. Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан эң мыкты шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
68. Тоорук же түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана тооруктун жеңүүчүсү же жер участокту түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу тоорук же түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
69. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар каралат:
а) тооруктун предмети болгон лоттун номери жана жер участоктун маалыматтары (жайгашкан ордун, аянты);
б) тооруктун жеңүүчүсүнүн же жер участокту түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;
в) тооруктун же түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;
г) сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери;
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Тооруктардын жеңүүчүсү же жер участогун түз сатуу жолу менен сатып алуучуга тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө көчүрмө же протоколдун көчүрмөсү берилет.
70. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат.
Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө милдеттүү.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, комиссия кайра лоту кайра тооруктарга коюу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу же тооруктардын жеңүүчүсү деп андан кийинки көп бааны же жакшы шарттарды сунуштаган катышуучуну тооруктун жеңүүчүсү деп саналат.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
71. Жер участок үчүн акы акчалай же акчалай эмес эсептешүү (которуу) менен төлөнсө болот. Накта акчалай төлөнгөн учурда акы ыйгарым укуктуу органдын кассасына төгүлөт. Жер участогун түзүү менен байланышкан ыйгарым укуктуу органдын чыгымдары жер участогунун наркына кирет.
72. Келишим Мамкаттоодо мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана нотариуста милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
Жер участогуна ижара акы тийиштүү келишим түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын кыймылсызмүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мамлекеттик өткөргөндөн кийин пайда болот. Мамкаттоо мамлекетти каттоо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин үч күндүк мөөнөттүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
73. Жер участоктун схемасы укукту күбөлөндүрүүчү документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.
IX. Ижара акыларын эсептөө жана төлөтүү шарттары, тартиби
74. Жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара акыларын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
И а= С х S х (К1хК2хК3) мында,
И а - ижара акысы (сом менен);
С – жер салыгынын базалык өлчөмү;
S – жер тилкесинин аянты
К-коэфиценттер (1-тиркеме)
75. Чет элдик жактарга ижара шартында, анын ичинде тоорук аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участоктору үчүн базалык ижара төлөмүн аныктоодо (ЧЭЖК) коэффициент Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө колдонулат.
76. Ижара акынын чени Чон-Сары-Ой айылдык кеңеш тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бекитилет.
77. Эсептешүү жүргүзүп жаткан күндө колдонулуп жаткан жана Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин токтому менен бекитилген ижара акынын ченин колдонуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижара акынын көлөмүн эсептөө жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн формула жер участоктору үчүн ижара акыны аныктоо үчүн, анын ичинде старттык наркты жана жер участокторун убактылуу пайдалануу мөөнөттөрүн узартууда колдонулат жана жер салыгы болуп саналбайт.
78. Долбоорлоо, куруу жана курулушу бүтө элек үчүн жер участогун тооруктар аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара акы сунуш кылынган жана/же белгиленген ижара акыга ылайык келишим түзүлгөн учурдан тартып ижарачы ижара акы төлөйт. Ижара акынын чендери өзгөргөн учурда өзгөргөн күндөн тартып кайра каралууга тийиш.
79. Эгер ижара шартындагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогунда эки же андан ашык жер пайдалануучу бар болсо жана аларга жер пайдаланууну бирдикке өз алдынча бөлүү мүмкүндүгү жок болсо, анда ал
участок жалпы пайдаланылуучу участок деп саналат. Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акылар ар бир жер пайдалануучу ээлеп турган жер участогунун аянтына пропорционалдуу алынат.
80. Курулган жайлардын бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүү шарты менен жер участогун берүүдө ижара акыларды эсептөө келишимдин шарттарына жана ыйгарым укуктуу органдын эсептөөлөрүнө ылайык жайларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү пайызына барабар пайыздык катышта жүргүзүлөт.
81. Келишимде көрсөтүлгөн жер участогу көп функционалдуу багытта болсо, мындай жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөө эксплуатацияга кабыл алуу актысы жана техникалык паспорт боюнча жүргүзүлөт, а эгер көрсөтүлгөн документтер жок болсо, жер участогунун аянтын бирдей үлүшкө бөлүү шарты менен жүргүзүлөт.
82. Долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат, жер участогуна ижара келишиминде милдеттүү түрдө көрсөтүлөт жана келишим түзүлгөн күндөн тартып эсептелет, бирок 36 айдан ашпашы керек. Долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөттөрүндө ижара акыларды эсептөө сунуш кылынган жана/же белгиленген ижара акыдан 30 пайыз жеңилдиктерди берүү менен эсептелет.
83. Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн, сот чечимдеринин негизинде жер участогуна же анын бөлүгүнө укуктарды өткөрүп берүү учурунда же ага чейин ижара акылар төлөнбөсө, укуктарды өткөрүп берүү жүзөгө ашырылган жер акысы үчүн карыздарды төлөө боюнча милдет кийинки жер пайдалануучуга жүктөлөт.
Ижара акыларды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан айып санкциялары (туумдар) салынат, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын болжолдуу билдирүүсү боюнча инженердик-техникалык коммуникацияларды пайдаланууда чектөөлөр боюнча чараларды көрүлүшү мүмкүн.
Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде жер участогуна же анын бөлүгүнө укуктарды өткөрүп берүүдө ижара келишим жаны жер пайдалануучу менен калган мөөнөткө түзүлөт. Мындай учурда жер участогун пайдалануу мөөнөтү калыбына келтирилбейт жана укук ырастоочу документ чыккан учурдан тартып саналат.
84. Эгер ижарачы жер участогунун мөөнөтү бүткөндөн кийин пайдаланып жатса, ижарачы жер участогун анык кайтарып бергенге чейин жер участогун пайдаланган бардык убакыты үчүн ижара акыны төлөөгө милдеттүү.
X. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
85. Соодалоодо жана түз сатууда ижарага жер участокторун берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт.
XI. Корутунду жоболор
87. Ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторду берүүгө тиешелүү чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга болот.
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын
муниципалдык менчигинде турган
жер участокторуна ижара укуктарын
берүүнүн тартиби жанан шартын жөнгө
салуучу Жобого № 1 Тиркеме.
Ижара акысын аныктоочу базалык өлчөмү жана диференциялык коэфиценттери
Жер тилкелерин ижарага берүүдө ижара акысын өлчөө формуласы:
ИА=СxSx(К1х К2х К3)
С – жер салыгынын базалык өлчөмү.
S – Жер тилкесинин аянты чарчы метр
К - коэффиценттер.
Диференциалдык Коэффиценттер.
К1- ижара акысынын экономикалык-пландоо зона боюнча коэффициент:
К1=1.2
К2- экологиялык баалоо коэфиценти:
1) К2 = 2 май куйуучу станциялардын жер тилкелери үчүн;
2) К2 = 1,5 автосервис ишканаларынын (СТО, вулканизациялар);
-коомдук тамактануу, -соода ишканалары;
-кызмат көрсөтүү субъекттери (сауна, мончо);
-кичи-базар, -базар жер тилкелери үчүн;
К3- функционалдык багыты боюнча коэффицент:
Соода түйүндөрү үчүн берилген жер тилкелерге:
Соода аянты (чарчы метр) | 10 ч.м.чейин | 10,1-20 ч. м | 20,1-35 ч. м | 35,1-50 ч.м. | 50,1-100 ч.м. |
коэффициент | 22.5 | 16.5 | 10.5 | 7.5 | 6 |
- кичи базар, базар - 7.5
- коомдук тамактануу ишканалары - 3,0
- мейманканалар. -7.0
- банк, ломбард, акча алмаштыруучу жай -5,0
- офистер, бизнес-борбор, биржа - 2,5
- автостоянкалар, автосервис ишканалары - 4.5
- оюн зоок уюштуруу,эс алуу мекемелери - 1.5
- май куйуучу станциялар - 10
- жарнамалык курулмалар - 50
- өндүрүштүк, транспорттук ишканалар - 0.5
- тиркемеде көрсөтүлбөгөн объектилерге – 1.0
Жашылдандыруу үчүн пайдаланууга берилген жер тилкелери:
Аянт чарчы.м. | 300 ч.м.чейин | 301-700 ч.м. | 701-1000чч.м | 1001 өйдө |
Коэффициент | 0.4 | 0.5 | 0.8 | 1.0 |
Парко-пляж үчүн пайдалануучу жер тилкелери:
Аянт чарчы.м. | 1000 ч.м.чейин | 1001- 5000 ч.м. | 5001-10000 ч..м | 10001 ч..м. өйдө |
Коэффициент | 0.4 | 0.5 | 0.8 | 1.0 |
Тиркеме: Жер кодексинин 8-беренеси.
Жер салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы
1. Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулардан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартиптен башка учурларда, бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү болуп эсептелет.
2. Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн, жайыттарды кошпогондо, ижаралык акы түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
3. Жер участогун жайыттарды кошпогондо, ижара шартында пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу үчүн жер участогун пайдалануунун ижара акысы жана аны төлөөнүн тартиби келишимдин негизинде белгиленет.
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн шарты жана тартиби, анын ичинде эң жогорку чегин аныктоо баштапкы жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет. Мында ижарага алынган жер кошумча ижарага берилбейт.
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн (айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага алгандык үчүн эң жогорку акыны аныктоосуз) шарты жана тартиби жөнүндө Жалпыга бирдей жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
Айыл чарба багытындагы жерлерден башка жерлерди берүү үчүн ижара төлөмүнүн чегине жеткен өлчөмү жер салыгынын эки ставкасынан ашпашы керек.
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди албаганда, чет өлкөлүк жактарга жер бергендик үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген коэффициентти колдонуу менен жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө жараша белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жер участокторун башка мамлекетке пайдаланууга берүүдө акынын өлчөмү Кыргыз Республикасы ушул мамлекет менен түзгөн мамлекеттер аралык келишим боюнча аныкталат. Жер участокторун пайдаланууга берүү жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.
5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан пайдаланууга берилген жер участогу үчүн жер салыгы жана ижара акысы жерлерди жакшыртууга, кыртыштын азыктуулугун жогорулатууга, кыртыштык, геоботаникалык иликтөөлөрдү жана жерлердин мониторингин жүргүзүүгө жана алардын аймактарын жерге орноштуруу тартибинде уюштуруу менен чарба жүргүзүүчү субъектилерди жайгаштырууга багытталат.
Салык Кодексинин.339-берене. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары
1. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Региондордун аталышы | Калкынын саны миң менен эсептелген калктуу конуштардын жерлери үчүн ставкалар (сом/кв.м) | |||||||||||||||
5ке чейин | 5тен 10го чейин | 10дон 20га чейин | 20дан 50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | 100дөн 200гө чейин | 200дөн 500гө чейин | 500 жана андан ашык | |||||||||
Баткен облусу | 0,9 | 1,4 | 1,5 | 1,7 | 1,7 |
|
|
| ||||||||
Жалал-Абад облусу | 1,2 | 1,6 | 1,8 | 2,0 | 2,1 |
|
|
| ||||||||
Ысык-Көл облусу | 1,2 | 1,6 | 1,8 | 2,0 | 2,1 |
|
|
| ||||||||
Нарын облусу | 1,0 | 1,4 | 1,6 | 1,7 | 1,8 |
|
|
| ||||||||
Ош облусу | 1,3 | 1,6 | 1,8 | 2,0 | 2,3 | 2,4 | 2,6 |
| ||||||||
Талас облусу | 1,1 | 1,5 | 1,7 | 1,9 |
|
|
|
| ||||||||
Чүй облусу жана Бишкек шаары |
1,2 |
1,6 |
1,8 |
2,0 |
2,3 |
2,4 |
2,9 |
| ||||||||
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган калктуу конуштардын чек арасынан тышкары жайгашкан айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн тиешелүү райондун 5,1 миңден 10 миңге чейин адам жашаган калктуу конуштары үчүн белгиленген ставкалар колдонулат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын ставкалары Кз экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффициентин жана жер участокторун коммерциялык пайдалануунун Кк коэффициентин колдонуу менен дифференцияланат.
4. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө жылына бир жолудан көп эмес 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө белгиленет.
2-тиркеме
Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин
“22” июлу 2014-ж. № 1 токтому
Жер участогуна ижара КЕЛИШИМИ
20____-жылдын "___"___________ |
| Чон-Сары-Ой айылы |
Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн атынын айыл Өкмөт башчысы _____________ мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталган, бир тараптан, жана ________________________________________ (Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) ___________________________________________атынан _______________________________________________________________________
(Кызматы, аты-жөнү) экинчи тараптан, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу төмөнкүлөр жөнүндө бул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү, комиссиянын ___________ "____" ______ N ____ чечиминин негизинде (N _ протокол) Ижарачыга ижаралык пайдаланууга ____________________ жылдык мөөнөткө аянты _________ чарчы метр, Чон-Сары-Ой айыл аймагы, ____________ дарегинде жайгашкан ___________________________________________________
(жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн) үчүн бул келишимге тиркелүүчү участоктун чиймесинде көрсөтүлгөн чектердеги жер участогу.
2. Ижаралык төлөм
2.1. Ижара акылар жер участогунун ижара келишими түзүлгөн күндөн тартып саналат.
2.2. Жылдык ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн расчеттук эсепке киргизүү жолу менен бирдей үлүштө квартал сайын айдын 1-числосуна чейин кийинки отчеттук кварталга чейин жүргүзүлөт.
2.3. Кийинки жылдар үчүн ижаралык төлөмдүн өлчөмдөрүнүн эсеби Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин токтомуңа ылайык келүүчү ошол учурдагы колдонуудагы эсептерге ылайык аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.5. Бул келишим тарабынан белгиленген мөөнөттө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жоопко тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укукка ээ:
3.1.1. Чон-Сары-Ой айылынын токтому жана бул келишим тарабынан белгиленген максаттарга жана шарттарга гана ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
3.1.2. ижарачы тарабынан берилген жер участогунда тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүүнүн элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участоктун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин аларды андан ары колдонуу жөнүндө маселе Ижарачы тарабынан чечилет;
3.1.3. өз милдетин тийиштүү түрдө аткарганда жана келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы мөөнөткө бул ижара келишимди узартуу үчүн башка бирдей шарттарда башка адамдардын алдында артыкчылык укукка ээ;
3.1.4. бул келишимдин иштөө мөөнөтүнүн убагында же бүткөндөн кийин Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен белгиленген тартипке ылайык бул участокко менчик укукту алууга (сатып алууга).
3.1.5. Ижарачы милдеттүү:
3.1.6. ижарага берүүчүгө жер участогун түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө;
3.1.7. ижарага алган жер участогун максат багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
3.1.8. жер участогунун пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун анык пайдаланган мезгил үчүн бул келишим тузүлгөнгө чейин Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтү тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык төлөп-турууга;
3.1.9. бул келишим түзүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ысык-Көл райондук башкармалыгында жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү жол-жоболоштурууга жана жер участогуна укугун Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө;
3.1.10. күбөлүктү жол-жоболоштургандан кийин үч күндүн ичинде шаар курулушу боюнча кезмектик планга киргизүү үчүн райондук архитектурада каттоодон өтүүгө;
3.1.11. жер участогуна укук ырастаган документти жол-жоболоштургандан кийин бир айдын ичинде Райондук архитектурада архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) заказ кылууга;
3.1.12. бул келишим түзүлгөн учурдан тартып алты айдын ичинде бул аймактын курулуш долбоорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте Райондук архитектурада макулдашууга;
3.1.13. долбоор макулдашылгандан жана бекитилгенден, Ысык-Көл Мамархкурулушкөзөмөлдөө башкармалыгында объектти каттоодон өткөргөндөн жана курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга уруксат алгандан кийин бир айдын ичинде белгиленген тартипте объекттин курулуш иштерине киришүүгө;
3.1.14. ченемдик мөөнөттө, бирок ____ (айда/жылда) убакытта курулушту аяктоого жана объектти эксплуатацияга тапшырууга;
3.1.15. берилген жер участогунда жана жанаша аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана ремонттоо зарыл болгондо эркин өтүүнү камсыз кылууга;
3.1.16. көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну аткарууга (көкмайсаңдарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригацияны аткарууга (арыктарды калыбына келтирүү), транспорт жолдорун асфальттоого жана тротуарларга "брусчатка" тибиндеги плиткаларды төшөөгө, сутканын түнкү мезгилинде тышкы жарыктандырууну камсыз кылууга (шам чырактарды орнотуу);
3.1.17. аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну, көрктөндүрүү элементтерин тиешелүү техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүнү камсыз кылууга.
3.1.18. "Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн комуналдык чарба" МИси менен таштандыларды жана КТТны ташып чыгаруу келишимин түзүүгө;
3.1.19. төмөнкүлөрдү өз эсебинен ишке ашырууга милдеттүү
- жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, керек болгон учурда короонун аймагында санитардык тазалоону;
- жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүнү жана тазалоону;
3.1.20. төмөндөгүлөргө жол бербөөгө милдеттүү:
- жанаша аймакта жайгашкан жашыл бак дарактарды бузууга, көчүрүүгө же жок кылууга;
- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
- өзүнүн чарба ишкердиги менен ижарага алган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын начарлоосуна;
- чарбалык ишкердиктин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда баш - аламан көчө соодасына.
3.1.21. анык чектер белгиленгенден кийин жер участогун пайдаланууга киришүүгө жана жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун ырастаган документтерди белгиленген тартипте алууга;
3.1.22. жер участогун пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды курууга, инженердик тармактарды жана курулмаларды тургузууга, макулдашылган долбоорго ылайык берилген жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө, бул берүүнүн зарыл шарты болуп саналат;
3.1.23. Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн токтому/бул келишим менен аныкталган курулуш мөөнөтүн бузган учурда, Ижарага берүүчүгө ченемдик курулуш мөөнөтү аяктаган учурдан тартып ижара акынын толук наркын төлөп берүүгө;
3.1.24. өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан участокто чөп-чар толуп калуудан, сазга айлануудан, өрт чыгуудан жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды табууга;
3.1.25. башка жер пайдалануучулардын укугун, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин бузбоого;
3.1.26. өз чарбалык ишмердигинин натыйжасында, Ижарага берүүчүгө жана чектеш жер колдонуучуларга ижарага алынган жер участогунун сапатынын жана өз чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык абалдын бузулушуна байланыштуу зыяндарды, чыгымдарды кошуп, толук көлөмдө төлөп берүүгө;
3.1.27. берилип жаткан жер участогунда объекттерди эксплуатациялоону жана курууну, жерлерди коргоону жана пайдаланууну контролдоочу тийиштүү мамлекеттик органдарга берилип жаткан жер участогуна эркин өтүүнү белгиленген тартипте камсыз кылууга;
3.1.28. жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыны өз убагында төлөөгө, ижара акыларын төлөө боюнча милдеттерди бузганда мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн карыз сумманын 0,1% өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25% нан ашпаган туум эсептелет. Туумду жана штрафты төлөгөнү менен Ижарачы жер участогунун ижарасы үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотулбайт;
3.1.29. бул келишимдин 3.2.10-пунктуна ылайык жер участогун пайдалануу үчүн ижара акы төлөнгөндүгүн, ошондой эле туумдар жана штрафтар үчүн акы төлөнгөндүгүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган акы төлөөчү документ түрүндө ырастоого, анын көчүрмөсү Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнө берилет;
3.1.30. жер салыгын өз убагында төлөөгө. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттер бузулган учурда Ижарачы КР мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат;
3.1.31. эгер зарыл болсо, Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтогондо өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан жер участогунан убактылуу имараттарды жана курулмаларды алып таштоого жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө;
3.1.32. жер участогу көп кабаттуу же/жана аз кабаттуу турак үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн берилсе, Ижарага берүүчүдөн жер участогуна менчик укукту объект эксплуатацияга берилгенге чейин же 17% даярдыкта сатып алууга;
3.1.33. келишим бүткөндөн кийин Ижарага берүүчүгө жер участогун баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга;
3.1.34. бул келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда, Ижарага берүүчүнү жаңы мөөнөткө келишим түзүү же аны түзүүдөн баш тарткандык жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
3.2. ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу жок төмөндөгүлөргө укугу жок:
3.2.1. бул ижара келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө;
3.2.2. ижарага алынган - жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
3.2.3. ижара укуктарды күрөөгө ижарага берүүчүнүн макулдугу менен коюуга жана аларды менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары киргизүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону ишке ашырууга;
4.1.2. келишимди бир тараптык тартипте бузууга, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү токтомун жокко чыгарууга жана жер участогун төмөнкү учурларда алып таштоого:
а) жерди максаттуу багытта пайдаланбаган учурда;
б) топурактын түшүм берүүчү катмарын бузууга, экологиялык абалдын бузулушуна алып келген ыкмалар менен жер участогун пайдалан учурда;
в) келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө ижара төлөмүн төлөбөгөн учурда;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогун өздөштүрбөгөн учурда;
д) бул келишимдин шарттарын аткарбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганда.
4.1.3. ижарачынын чарба ишмердигинин натыйжасында жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык абалына тийгизген кесепеттеринин ордун толтурууну талап кылууга;
4.1.4. колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4.1.5. ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзам бузууларда, ошондой эле бул келишимдин шарттарын бузганда ишти токтоттурууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
4.2.1. ижарачыга жер участогун бул келишимдин шарттарына ылайык абалда жер участогун берүүгө;
4.2.2. ижарачынын чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө, эгер мыйзамга жана бул келишимдин шарттарына каршы келбесе, жер участогун натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
4.2.3. ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалын контролдоону ишке ашырууга;
4.3. Ижарага берүүчүнүн төмөнкүгө укугу жок:
4.3.1. бул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун пайдалануу укугун же белгиленген тартипте келишимди жокко чыгаруусуз үчүнчү адамга берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Бул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө 30 күн калганга чейин мыйзам тартибинде кат жүзүндөгү эскертүү боюнча токтотулушу мүмкүн.
5.2. Ар бир тарап бул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Талаштарды чечүү тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
6.2. Эгер макулдашуу менен чечилбесе, талаштар сот тартибинде чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогун бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарууга жатпайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу менен Ижарачы ал тараптан бул келишимдин шарттарын бузуулар жок болгондо, Ижарага берүүчүгө үч айда кат жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен бул келишимди каалаган убакытта анын калоосуна ылайык жокко чыгара алат:
7.3. Бул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда бир тараптык тартипте киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч экземплярда түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ысык-Көл райондук башкармалыгына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Конкурстун шарттарына ылайык Ижарачы төмөнкүгө милдетүү:
_________________________________________________________________________________________________________________________________
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: |
| ИЖАРАЧЫ: |
__________________________ |
| __________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |
3-тиркеме
Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин “22” июлу 2014-ж. № 1 токтому
Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участогуна ижара КЕЛИШИМИ
20____-жылдын "___"___________ |
| Чон-Сары-Ой айылы |
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн атынан айыл Өкмөт башчысы ________________ мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталган, бир тараптан, жана _________________________________ (Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) ______________________________ атынан _____________________________________ (Кызматы, аты-жөнү) экинчи тараптан, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу төмөнкүлөр жөнүндө бул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү, Чон-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн "___" ________ - № ___ токтомунун негизинде Ижарачыга ижаралык пайдаланууга ___________________________ жылдык мөөнөткө аянты _____________ чарчы метр, Чон-Сары-Ой айыл аймагы, _______________________________ дарегинде жайгашкан____________________________________________________ (жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн) үчүн бул келишимге тиркелүүчү участоктун чиймесинде көрсөтүлгөн чектердеги жер участогу.
2. Ижаралык төлөм
2.1. Ижаралык төлөмдөр Чон-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө комиссиянын 20 __-жылдын "_____" ______________ N ____ чечими чыккан күндөн тартып эсептелинет,ай сайын ________________________________________________________________ түзөт.
2.2. Ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн расчеттук эсепке киргизүү жолу менен ар айдын 1-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2.3. Ижаралык төлөмдү эсептөө Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин тийиштүү токтомуна ылайык аныкталат.
2.4. Жердин ижарасы боюнча ижара акыларды кайрадан карап чыгуу жыл сайын жүзөгө ашырылат.
2.5. Ижара келишими түзүлүп жаткан учурда Ижарачы Ижарага берүүчүгө үч айлык ижара акы өлчөмүндөгү сумманы төлөйт, ал күрөө суммасы катары ________________________ (___________________________) сомду түзөт, ал Ижарага берүүчүнүн депозитинде ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин кармалып турат. Ижара келишиминин мөөнөтү аяктаган соң, сумма ижарачыга ижара акы боюнча карыздарды же жеңилдетилген типтеги объекттерди демонтаждоо боюнча чыгымдарды ижарачы тарабынан келтирилген зыян тартуулар суммасын чыгарып алуу менен кайтарылат.
2.6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт.
Салыктын жылдык көлөмү бир жылга _________________________________ __________________________________________________________ сомду түзөт.
Акы төлөөлөр кийинки отчеттук кварталга чейин бирдей үлүштө ар бир айдын 15нен кеч эмес төлөнүшү керек.
2.7. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачыга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө айып санкциялары колдонулат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. бул келишим тарабынан белгиленген максаттарга жана шарттарга гана ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
3.1.2. Ижарачы ижарага алган жер участогунда тургузулган жеңилдетилген типтеги объекттер анын менчиги болуп саналат. Жер участогунун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин анын андан ары пайдалануу жөнүндө маселе Ижарага берүүчү тарабынан чечилет.
3.1.3. өз милдетин тийиштүү түрдө аткарганда келишимдин мөөнөтү аяктаган учурда жаңы мөөнөткө бул ижара келишимин узартууга.
3.2. Ижарачы милдеттүү:
3.2.1»Чон-Сары-Ой комуналдык чарба" МИси менен таштандыларды жана КТТны ташып чыгаруу келишимин түзүүгө;
3.2.2. Төмөнкүлөрдү өз эсебинен ишке ашырууга милдеттүү:
- жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, керек болгон учурда короонун аймагында санитардык тазалоону;
- жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүнү жана тазалоону;
3.2.3. максаттуу багыттарына ылайык ижарага алган жер участокту натыйжалуу пайдаланууга;
3.2.4. төмөндөгүлөргө жол бербөөгө милдеттүү:
- жанаша аймакта жайгашкан жашыл бак дарактарды бузууга, көчүрүүгө же жок кылууга;
- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
- өзүнүн чарба ишкердиги менен ижарага алган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын начарлоосуна;
- чарбалык ишкердиктин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда баш - аламан көчө соодасына;
3.2.5. келишим түзүлгөндөн кийин ижарага алган жер участогун пайдаланууга киришүүгө;
3.2.6. жер участогун пайдалануу учурунда көрктөндүрүүгө жана берилген жер участогун, анын ичинде арык системасын, таза кармоого;
3.2.7. өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан участокто чөп-чар толуп калуудан, сазга айлануудан, өрт чыгуудан жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды табууга;
3.2.8. башка жер пайдалануучулардын укугун, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин бузбоого;
3.2.9. өз чарбалык ишмердигинин натыйжасында, Ижарага берүүчүгө жана чектеш жер колдонуучуларга ижарага алынган жер участогунун сапатынын жана өз чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык абалдын бузулушуна байланыштуу зыяндарды, чыгымдарды кошуп, толук көлөмдө төлөп берүүгө;
3.2.10. жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыны өз убагында төлөөгө, ижара акыларын төлөө боюнча милдеттерди бузганда мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн карыз сумманын 0,5% өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25% нан ашпаган туум эсептелет. Туумду жана айыпты төлөгөнү менен Ижарачы жер участогунун ижарасы үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотулбайт;
Эгер айып (туум) негизги карыздын 25 пайызын түзсө, объект Иижарачынын эсебинен бузулат же демонтаждалат.
3.2.11. пайдалануу укугу токтогондо ижарага алган жер участогунан объектти өз эсебинен демонтаждоого жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө;
3.2.12. келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоого жана Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга.
3.3. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу жок төмөндөгүлөргө укугу жок:
3.3.1. бул ижара келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө;
3.3.2. ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
3.3.3. ижара укуктарды күрөөгө коюуга жана аларды менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары киргизүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону ишке ашырууга;
4.1.2. келишимди бир тараптык тартипте бузууга, Бишкек шаарынын мэриясынын мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү токтомун жокко чыгарууга жана жер участогун төмөнкү учурларда алып таштоого:
а) жерди максаттуу багытта пайдаланбаган учурда;
б) топурактын түшүм берүүчү катмарын бузууга, экологиялык абалдын бузулушуна алып келген ыкмалар менен жер участогун пайдалан учурда;
в) келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө ижара төлөмүн төлөбөгөн учурда;
г) Ижарачы өз милдеттерин аткарбаганда;
д) бул аймакта пландуу курулуштун башталышы;
е) ижарага алган жер участогунда жана чарба иш-аракетинин жанаша жайгашкан аймактарында баш-аламан көчө соодасына жол берүү;
е). 5.1. пунктта көрсөтүлгөн учурларда.
4.1.3. Ижарачынын чарба ишмердигинин натыйжасында жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык абалына тийгизген кесепеттеринин ордун толтурууну талап кылууга;
4.1.4. колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4.1.55. Ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзам бузууларда, ошондой эле бул келишимдин шарттарын бузганда ишти токтоттурууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун бул келишимдин шарттарына ылайык абалда жер участогун берүүгө;
4.2.2. Ижарачынын чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө, эгер мыйзамга жана бул келишимдин шарттарына каршы келбесе, жер участогун натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалын контролдоону ишке ашырууга;
5. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо
5.1. Жеңилдетилген типтеги объект төмөнкү учурларда демонтаждалат:- жеңилдетилген типтеги объект жайгаштырууга, уруксат берүүчү документтери тийиштүү тартипте жол-жоболоштурулбай иштеп жатса;
- жаңы курушу ишке ашырылып жатканда;
- соттун чечими боюнча;
- Комиссиянын чечими менен төмөнкү учурларда:
- келишимдин шарттарын бузган учурда;
- 3 айдын ичинде ижара акыларды төлөбөгөндө;
- архитектуралык жана шаар курулушу ченемдерине ылайык келбеген учурларда;
- Чон-Сары-Ой айыл аймагынын турмуш-тиричилигин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар жана архитектуралык - шаар курулушу ченемдер кабыл алынганда.
5.2. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо болжолдуу билдирүү боюнча 5 күндүн чейин объекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт.
Эгер жеңилдетилген типтеги объекттин ээси аныкталбас жана анын кайда экендигин аныктоо кийин да мүмкүн эмес болсо, демонтаждоо жөнүндө билдирүү ал объектке чапталат, бул жөнүндө акт түзүлөт жана Чон-Сары-Ой айыл аймагынын ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлери тарабынан кол коюлат.
5.3. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн аныкталган мөөнөт аяктаганда объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо объекттин ээси же анын өкүлү объектте жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.
Объекттин ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоо жүргүзүүгө тоскоолдуктар түзүлсө, объектте жайгашкан материалдык баалуулуктар жөнүндө кыскача тизме түзүлөт жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
Эгер ээси жок болсо, объектке мөөр басылат жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
5.4. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан демонтаждоо жүргүзүлүүдө Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошодой эле жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери тартылышы мүмкүн.
5.5. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект "Комуналдык чарба" МИсине жөнөтүлөт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алуу - өткөрүп берүү актысы боюнча убактылуу сактоого өткөрүлөт. Объектти сактоо, объектти демонтаждоо боюнча кеткен бардык чыгымдарды жеңилдетилген типтеги объектин ээси төлөгөндө жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жазуу түрүндөгү тастыктоосунун негизинде объект берилет.
5.6. Чон-Сары-Ой айыл аймагынын ыйгарым укуктуу органынын кетирген чыгымдарын кайтаруу акча каражаттарын кассага накталай төлөө же ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш счетуна которуу менен жүргүзүлүшү керек.
5.7. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект "Комуналдык чарба" МИсинин аймагында 10 күнгө чейин акысыз сакталып турат. 10 күн өткөндөн кийин объекти сактоо акылуу негизде жүзөгө ашырылат.
5.8. "Комуналдык чарба" МИси объекттин сакталышы жана анда жайгашкан материалдык баалуулуктардын сакталышын үчүн жоопкерчилик албайт.
5.9. Жеңилдетилген типтеги объектти сактоо үчүн акылар акча каражаттарын кассага накталай же "Комуналдык чарба" МИсинин алыш-бериш счетуна которуу менен төлөнөт.
6. Тармактардын жоопкерчилиги
6.1. Бул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө 30 күн калганга чейин мыйзам тартибинде кат жүзүндөгү эскертүү боюнча токтотулушу мүмкүн.
6.2. Ар бир тарап бул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Талаштарды чечүү тартиби
7.1. Ижарачынын чарбалык ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
7.2. Эгер макулдашуу менен чечилбесе, талаштар сот тартибинде чечилет.
8. Башка шарттар
8.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогун бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарууга жатпайт жана ижара мөөнөт аяктагандан кийин бөлүнбөс жакшыртуулар ижарага берүүчүнүн менчигине өтөт.
8.2. Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу менен Ижарачы ал тараптан бул келишимдин шарттарын бузуулар жок болгондо, Ижарага берүүчүгө үч айда кат жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен бул келишимди каалаган убакытта анын калоосуна ылайык жокко чыгара алат:
8.3. Бул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор тараптардын жазуу түрүндөгү макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн.
8.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда болот.
8.5. Бул келишим 200__-жылдын "____" ____________ тартып, 200__-жылдын "___" _______ чейин жарактуу.
8.6. Ижарачы жер участогун _________ тартып ___________ чейин анык пайдалангандагы үчүн ___________ сом суммасын түзөт.
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери:
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: |
| ИЖАРАЧЫ: |
__________________________ |
| __________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |
4-тиркеме
Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин “22” июлу 2014-ж. № 1 токтому
Жер участогун сатып алуу - сатуунун №_____
КЕЛИШИМИ
20__ -жылдын "___"___________ |
| Чон-Сары-Ой айылы |
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Өкмөтү Чон-Сары-Ой айылдык кеңештин 20__- жылдын "___" _________ N _____ токтомунун негизинде аракеттенген айыл Өкмөт башчысы ______________________________________ атынан, мындан ары "Сатуучу" деп аталган бир тараптан жана мындан ары "Сатып алуучу" деп аталган ____________________________________________ (паспорттун номери, берилген күнү: _____ -жылдын "___"_________) экинчи тараптан төмөнкү жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Сатуучу Чон-Сары-Ой айыл аймагынын жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын чечиминин ____-жылдын "_____" _______ N ____________ протоколунун негизинде акылуу негизде өткөрүп берет, ал эми Сатып алуучу Чон-Сары-Ой айыл аймагы,
_________________________ аянты ___________ га жер участогунун тиркелүүчү чиймесине ылайык бардык убарасы жана сервитуттары менен жер участогун менчикке кабыл алат жана акысын төлөйт.
1.2. 1.1. пунктта көрсөтүлгөн жер участогу _________ үчүн сатылат.
2. Жер участогун сатуу баасы, мөөнөттөрү жана акы төлөө тартиби
2.1. Бул келишим боюнча жер участогунун баасы ____________________ (сан жана жазуу түрүндө) сомду түзөт жана жер участогун түзүү менен байланышкан чыгымдар келишим түзүлүп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын ___________ сомун түзөт.
2.2. Жер участогунун сатуу баасы сатып алуучу тарабынан акча каражатын которуу жолу менен же накталай төлөнүшү керек:
_____________ (банктык реквизиттер) ___________________________________
Акы төлөө жер участогун сатып алуу - сатуу келишими түзүлгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.
3. Тараптардын милдеттери
3.1. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.1. бул келишимде каралган мөөнөттө жана өлчөмдө жер участогунун наркын төлөөгө.
3.1.2. сатуучуга бул келишимдин шарттарын аткаруу жөнүндө керектүү материалдарды, маалыматтарды, башка документтерди берүүгө.
3.1.3. сатып алган жер участогуна менчик укуктар жаралган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган өлчөмдө жана тартипте жер салыгын төлөп турууга.
3.1.4. жер участогун максаттык дайындалышы боюнча пайдаланууга.
3.1.5.бул келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде аны
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ысык-Көл райондук башкармалыгында каттоодон өткөрүүгө жана 3 иш күндүн ичинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жол-жоболоштурууга;
3.1.6. жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жол-жоболоштургандан кийин үч күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезмектик планга киргизүү үчүн Райондук архитектурада каттоодон өтүүгө;
3.2. Сатуучу төмөнкүгө милдеттүү:
3.2.1. сатып алуучудан бул келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттө жер участогунун наркын төлөөнү кабыл алууга.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Сатып алуучу тарабынан бул келишимдин шарттары аткарылбаган учурда, Сатуучу Сатып алуучу өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууну, ошондой эле милдеттерин аткарбагандыгы менен же тийиштүү аткарбагандыгы менен кетирген чыгымдарын кайтартууну талап кылууга укуктуу же бул келишимди белгиленген тартипте бузууга жана анын бузулушу менен байланышкан чыгымдарды кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4.2. Жер участогу үчүн төлөө мөөнөттөрү бузулганда Сатып алуучу Сатуучуга ар бир кечиктирген күнү үчүн төлөнө элек сумманын 0,3 % өлчөмдө туум төлөйт, бирок ал төлөө суммасынан 20% нан ашпашы керек.
4.3. Эгер Сатып алуучу түз сатууларды өткөргөн датадан тартып 30 календарлык күндүн аралыгында келишимде белгиленген бааны төлөбөсө же сатып алган жер участокту кабыл алуудан баш тартса, Сатуучу бул келишимди бузуу жөнүндө маселе коюуга жана зыян тартууларды кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4.4. Сатып алуучу тарабынан келишим бузулуп жатса, алар төлөгөн акча каражаттар Сатуучу тарабынан Сатып алуучуга келишимди жол-жоболоштуруу жана жер участогун бөлүштүрүү (бөлүштүрүү долбоорун даярдоо, маалымат пакетин даярдоо,
техникалык шарттардын, адистердин жана башка ыйгарым укуктуу органдардын кызмат көрсөтүүлөр наркын төлөө) менен байланышкан зыян тартууларды чыгарып салуу менен кайтарылып берилет.
4.5. Келишимди бузуу менен Сатып алуучу бул келишимдин 4.2. пунктунда каралган туумду төлөөдөн бошотулбайт.
4.6. Айып санкцияларын төлөө Сатып алуучуну бул сатып алуу-сатуу келишиминин шарттары иштеп турган учурдагы келишимдик милдеттердин аткаруудан бошотпойт.
4.7. Сатуучу тарабынан бул келишимдин шарттары бузулган учурда, Сатып алуучу Сатуучу өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууну, ошондой эле аткаруунун кечиктирилиши менен байланышкан зыян келтирүүлөрдү кайтарууну талап кылууга укуктуу же белгиленген тартипте бул келишимди бир тараптык тартипте бузууга жана аны бузуу менен байланышкан зыян тартууларды талап кылууга укуктуу.
4.8. Сатуучунун күнөөсү боюнча бул келишим бузулуп жатса, Сатып алуучу тарабынан Сатуучуга төлөнгөн суммалар ага Сатуучу тарабынан толук көлөмдө кайтарылат.
4.9. Бул келишимдеё каралбаган тараптардын жоопкерчиликтери жана укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
5.1. Сатуучу бул келишимдин предмети болуп саналган жер участогу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатыла турган жерлердин категориясына кирээрине, үчүнчү жактардын мүлк жана мүлк эмес укуктарынан жана талап кылууларынан бош экендигине жана бул келишимге кол коюлуп жаткан учурда Сатуучу же Сатып алуучу бул келишимдин предмети болуп саналган жер участогу арестте же тыюу салынууда тургандыгын билбөөгө мүмкүн эместигине кепилдик берет.
5.2. Сатып алуучу бул келишимдин тиркемелери менен таанышып чыкты, жер участогу жайгашкан жеринде барып көрдү, анын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, жер алдындагы жана жер үстүндөгү курулмалар жана объекттер менен таанышып чыкты.
6. Жер участогуна менчик укуктардын өтүшү
6.1. Сатып алуучуга жер участогуна менчик укук бул жер участогунун наркын толук төлөгөндөн, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгында келишимди Мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн, бул жер участогу боюнча келишим түзүлгөндөн кийин жана белгиленген тартипте жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө Мамлекеттик актыны алгандан кийин өтөт.
Жогоруда саналган шарттардын жок дегенде бирөө аткарылбаса, жер участогуна менчик укук жаралбайт.
6.2. Натурадагы (жериндеги) чек аралар такталганга, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ченемдерди алганга чейин жер участогун пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.
6.3. Сатып алуучуда жер участогуна жеке менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, мурда аныкталган укуктук режим жана бул жер участогуна укук ырастаган бардык документтер өз таасирин жоготушат.
7. Жер участогун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтары
7.1. Сатып алуучу жер участогунун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтарын ага менчик укугу өткөн учурдан тартып алып жүрөт.
7.2. Эгер Сатуучу бул келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жер участогун бербесе же белгиленген мөөнөттөрдө Сатып алуучу жер участогун кабыл албаса, жер участогунун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтарын өткөрүп берүүнү же кабыл алууну кечиктирген тарап алат.
8. Талаштардын чечилиши
8.1. Бул келишимдин шарттарын аткарууда пайда болгон же анын жоболорун түшүндүрүү менен байланышкан бардык талаштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8.2. Бул келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн (жер участогу үчүн акыны өз убагында төлөбөгөндө, өз убагында өздөштүрбөгөндө, максат багытын жана башка талаптарды бузганда) тараптардын ар кимиси келишимди бир тараптык тартипте бузуу укугуна ээ, эгер ал тараптан бул келишимдин жана колдонуудагы жер мыйзамдарынын шарттарын бузуулар жок болсо, башка тарапты кат түрүндө алдан-ала 30 календарлык күнгө чейин билдирип, бузуу укугуна ээ болот.
8.3. Эгер тараптар 30 календарлык күндүн ичинде өз ара макулдашууга келбесе же келишим бир тараптык тартипте бузулса, талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет. Мындай учурда сот чыгымдарын келишимдин шарттарын аткарбаган же аларды тийиштүү тартипте аткарбаган тарап алат.
9. Келишимдин шарттары өзгөртүү жана аны бузуу
9.1. Тараптардын макулдашуусу менен гана келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү мүмкүн.
9.2. Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кийин мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Мамкаттоо органдарында ырастоо менен жазуу түрүндө гана жүзөгө ашырылат, бул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуу түрүндө жол-жоболоштурулат.
9.3. Бул келишимдин шарттарын тараптардын бири аткарбаган учурда, ал өзгөртүлүшү мүмкүн же экинчи тараптын талабы боюнча же сот тартибинде бузулушу мүмкүн.
10. Чыгымдар
10.1. Сатып алуучу бул келишимди түзүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарды өзүнө алат.
11. Кошумча шарттар
11.1. Бул келишим ага кол коюлган жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып тараптар үчүн түзүлдү деп эсептелет.
11.2. Бул келишим тараптар тарабынан бардык өз милдеттери аткарылганга чейин жарактуу.
11.3. Келишим 3 нускада түзүлөт, алар бирдей юридикалык күчкө ээ. Бир нуска Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгында, тараптарда бирден нуска сакталат.
11.4. Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Жер участогунун көлөмдөрүн жана чек араларын көрсөтүү менен чиймеси;
2. Комиссиянын катчысынын колу бар комиссиянын протоколунан көчүрмө;
11.5. Жер участогун натурадан (жеринен) бөлүп берүү жана жерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- бул сатып алуу - сатуу келишими;
- Комиссиянын төрагасынын жана катчысынын колдору бар комиссиянын протоколу;
- жер участогунун чиймелери.
12. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
Сатуучу: |
| Сатып алуучу: |
____________________________ |
| ____________________________ |
|
|
|
М.О. |
|
|