Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2010-жылдын 19-февралындагы № 90 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2006-жылдын 1-августу № 453
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2006-жылдын 1-ноябрындагы № 537 буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 116 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин социалдык маселелерди тейлөөчү орун басары;
- Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Товар өндүрүүчүлөрүнүн улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
- Калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин жооптуу катчысы.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 12-июнундагы № 367 буйругу.
Премьер-министр
| Ф.Кулов |