Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 29-мартындагы № 363 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-февралы № 90
(КР Премьер-министринин 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 419 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 116 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Мамлекеттик кеңеш) төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору;
- Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
- Л.М.Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн эксперти;
- Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 1-августундагы № 453 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |