Загрузка документа…
(Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 4/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 28-марты № 4/13
“Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2013–жылдын 21–февралындагы №190 кайрылуу катын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011–жылдын 23–сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобонун 7–пунктуна ылайык, Кызыл–Кыя шаарынын мунициалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын мунициалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жана комиссия курамына өзгөртүү киргизүү боюнча Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2010–жылдын 7–сентябрындагы №16/96 жана 2012–жылдын 12–июнундагы №30/166 токтомдору күчүнү жоготту деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мунициалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын сандык курамы 9 мүчөдөн болуп бекитисин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын мунициалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамы №1–тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри М. Ураимовко тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |
| Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2013–жылдын 28–мартындагы №4/13 токтомуна №1–тиркеме |
1. Комиссиянын төрагасы–Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри;
2. Комиссиянын төрагасынын орун басары–шаардын башкы архитектору;
3. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин директору;
4. Кызыл–Кыя шаарынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
5. Аширов М.А.–шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
6. Масаитова О.Э.–шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
7. Сыргабаев З.С.–шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү.
8. Ажиминаваров А.–шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
9. Маматов А. К.–шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
Эскертүү: Каралуучу маселелердин зарылчылыгына карап, комиссиянын кеңешмесине айыл башчылары, АТОнун башчылары, шаардагы кызматтардын (РЭС, ГЦГСЭН, ППЧ, «Кызыл-Кыя Сууканал», Телеком жана башка ушул сыяктуу мекемелердин) жетекчилери, адистери чакырылат.