Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 4/11
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011–жылдын 23–сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобонун 7–пунктуна ылайык, Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2017–жылдын 14–февралындагы №01–8/209 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын мунициалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитүү боюнча Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 28–мартындагы №4/13 токтому күчүнү жоготту деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мунициалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамы №1–тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
| Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2017–жылдын 7–мартындагы №4/11 токтомуна №1–тиркеме |
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчиктерди башкаруу жана жер участкаларына болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын
КУРАМЫ
Комиссиянын төрагасы–Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри;
Комиссиянын төрагасынын орун басары–шаардын башкы архитектору;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин директору;
Кызыл–Кыя шаарынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Абдурахманов Куванычбек Нуралиевич – шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
Арзыбеков Абдували Арзыбекович – шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
Сыргабаев Замирбек Самаматович – шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү.
Махмедов Акимжан Касымович – шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
Шарафудинов Шухрат Махамаджанович – шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
Турдуматов Камчубек Исмаилович – шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
Маматов Абибулла Каратаевич – коммерциялык эмес уюмдун өкүлү, «Ак –Булак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы.
Абдуллаев Сапарбек – коомчулуктун өкүлү, Кызыл–Кыя шаарынын жашоочусу.
Сапарматов Абийбилла – коомчулуктун өкүлү, Кызыл–Кыя шаарынын жашоочусу.
Эскертүү: Каралуучу маселелердин зарылчылыгына карап, комиссиянын кеңешмесине айыл башчылары, АТОнун башчылары, шаардагы кызматтардын (РЭС, ГЦГСЭН, ППЧ, «Кызыл-Кыя Сууканал», Телеком жана башка ушул сыяктуу мекемелердин) жетекчилери, адистери чакырылат.