КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-августу № 473 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасында "Электрондук Өкмөт" концепциясын ишке ашы-руунун алкагында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууменен жарандык коомго мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр системасынөркүндөтүү максатында: 1. Ведомстволор аралык жумушчу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн: Табылдиев Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа- ратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы - басма сөз кызматынын "Электрондук Өкмөттү" ишке киргизүү боюнча секторунун башчысы; Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Бейшенов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника- циялар министринин орун басары; Дүйшөмбиев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалы- маттык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; Ибраимова А.С. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо минист- ринин орун басары, Медициналык камсыздандыруу фондунун башкы директору; Субанов Т.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Жусупова З.Ш. - ПРООНдун маалыматтык-коммуникациялык технология- лар боюнча компонентинин координатору (макулда- шуу боюнча); Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жак- тан коргоо министринин орун басары; Аманалиева Ф.А. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төра- гасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Шамканов К.К - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы. 2. Ведомстволор аралык жумушчу топ: - ИКТны колдонуу менен социалдык чөйрөдө жарандык коомго мамлекет-тик кызматтарды көрсөтүү үчүн маалыматтык системаларды интеграциялообоюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын; - ИКТны колдонуу менен социалдык чөйрөдө жарандык коомго мамлекет-тик кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жагынансунуштарды киргизсин; - электрондук формада мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчүсоциалдык чөйрөдөгү акы төлөтүүчү жана акысыз кызмат көрсөтүүлөрдүнтизмесин аныктасын; - ведомстволор аралык маалыматтар базасын андан ары макулдашууүчүн бирдиктүү жеке идентификациялык номерди колдонууга киргизүү боюнчаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин; - калкка электрондук формада кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттикоргандардын, уюмдардын жана мекемелердин электрондук өз ара аракет-тенүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынынтизмесин аныктасын; - даректүү кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү үчүн мамлекет-тик органдар тарабынан цифралык картографиялык маалыматтарды биргелешиппайдалануу регламентин иштеп чыксын. 3. Ведомстволор аралык жумушчу тобуна мамлекеттик органдардынадистеринин арасынан эксперттерди, көз карандысыз эксперттерди жанаконсультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -басма сөз кызматына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов