Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 12-майындагы № 3 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫ (III ЧАКЫРЫЛЫШ)
2015-жылдын 23-июну № 282
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 279-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2015-жылдын 22-июнундагы Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 279-токтомунун 1-пунктундагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары С.Боронбаева, К.Юсупов, Т.Арапбаева, М.Молдошовдорго караштуу 5-11-01-0001-0006 сандуу идентификациялык код ыйгарылган 32152,49 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын ландшафттык-рекреациялык багытынан калктуу конуш багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү обзацта жер тилкенин аянты туура эмес көрсөтүлүп калгандыгына байланыштуу, № 279 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизип берүү жөнүндөгү 2314/05-6, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 22-июнундагы 011-9/1898 сандуу каттарын жана Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 23-июнундагы №22-токтомун карап чыгып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 279-токтомунун 1-пунктундагы “Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары С.Боронбаева, К.Юсупов, Т.Арапбаева, М.Молдошовдорго караштуу 5-11-01-0001-0006 сандуу идентификациялык код ыйгарылган 32152,49 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын ландшафттык-рекреациялык багытынан калктуу конуш багытына өзгөртүүгө” деген обзацка өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип төмөндөгү редакцияда окулсун.
“-Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн айылындагы 5-11-01-0001-0006 сандуу идентификациялык код ыйгарылган 3052,6 чарчы метр жер тилкенин максаттуу багытын ландшафттык-рекреациялык багытынан калктуу конуш багытына өзгөртүүгө, Төлөйкөн айылынын жашоочулары С.Боронбаева, К.Юсупов, Т.Арапбаева, М.Молдошовдорго 600,0 чарчы метрден жер тилкелери бөлүнүп берилсин жана калган жер тилкеси жол багытына жана инфраструктураны өнүктүрүүгө калтырылсын;”
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Төрага | У.Примов |