Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-майы № 3
Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-июнундагы № 282 - «Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 279 - токтомуна ѳзгѳртγγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ» токтомун жокко чыгаруу жѳнγндѳ
Ош шаарынын прокуратурасынын 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 11-13 в-375-16 Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-июнундагы № 282 токтомунун жокко чыгаруу жѳнγндѳгγ каршылык билдирγγсγн карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 12, 20-беренелерин эске алып Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-июнундагы № 282 «Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 279-токтомуна ѳзгѳртγγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ» токтому жокко чыгарылсын.
2. Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 279 - токтомунун 1-пунктундагы “Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары С. Боронбаева, К. Юсупов, Т. Арапбаева, М. Молдошовдорго караштуу 5-11-01-0001-0006 сандуу идентификациялык код ыйгарылган 32152,49 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын ландшафттык - рекреациялык багытынан калктуу конуш багытына ѳзгѳртγγгѳ” деген абзац алынып салынсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчисине жγктѳлсγн (С. Маматалиева).
Төрага | Ж. Ормонов |