Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-августу № 16/1
Чүй айыл өкмөтүнүн “ Коммуналдык ишканасынын” Уставынын долбоорун бекитүү жөнүндө”
Чүй айыл өкмөтүнүн укуктук коргоо жана юридикалык маселелер боюнча башкы адиси – юрист И. Мурзахмедовдун “Чүй айыл өкмөтүнүн коммуналдык ишканасынын Уставынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” маалыматын угуп жана калкты муниципалдык жактан тейлөөнү жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31 – беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн “Коммуналдык тейлөө ишканасынын” Уставы бекитилсин (Тиркеме 1).
2. Ушул Токтомдун массалык маалымат булактарына жарыяланышы жана юстиция министирлигинен каттоодон өткөрүү иштери Чүй айыл өкмөтүнүн укуктук коргоо жана юридикалык маселелер боюнча башкы адиси – Юрист И. Мурзахмедовго жүктөлсүн.
3. Ушул Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана айыл чарба суроолор боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Байтиковго жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу М. Орозбаевге жүктөлсүн.
Чүй айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Кочкорбаев |
| Чүй айылдык Кенешинин 2014-жылдын 13 августунун № 16/1 Токтомуна теркеме № 1 |
1.1. Чүй коммуналдык ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, коммуналдык ишкананын ишмердүүлүгүн аныктайт.
1.2. Чүй айыл өкмөтүнүн коммуналдык ишканасы (ЧКИ), өз алдынча эсеби бар, чарбалык муниципалдык ишкана болуп саналат. Негизги милдеттери айлана – чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык жактан тазалоого. Ишкананын орусча аталышы: (Комбинат коммунальных предприятий Чуйского айыл окмоту) Ишкананын кыргыз тилинде аталышы: Чүй айыл өкмөтүнүн коммуналдык ишканасы.
1.3. Коммуналдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормативдик - укуктук актыларынын негизинде жана белгиленген тартипте каттоодон өткөн Уставына ылайык иш алып барат.
1.4. Коммуналдык мекеме мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап, юридикалык жак болуп саналат, анын иш жүргүзүүгө, өзүнүн балансы эсептик жана башка банк мекемелеринде эсеби бар, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы, эмблемасы жана өзүнүн бланкасы болуусу керек.
1.5. Коммуналдык мекеменин түзүүчүсү болуп Чүй айыл өкмөтү саналат.
1.6. Чүй айыл өкмөтү Коммуналдык ишканасынын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес, ошондой эле коммуналдык ишкана Чүй айыл өкмөтүнүн милдеттерине жооп бербейт.
1.7. Чарбалык субьектилер жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Чүй айыл өкмөтүнүн коммуналдык ишканасы, Уставда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштерди алып барууга укуктуу.
1.8. Чүй айыл өкмөтүнүн коммуналдык ишканасынын структураларынын түзүлүшү же жоюлушу Кыргыз Республикасынын белгиленген тартиптеги мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
1.9. Чүй айыл өкмөтүнүн коммуналдык ишканасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана негизги аткарылуучу милдеттерине жараша профсоюздук уюм түзүлүүшү мүмкүн.
1.10. Чүй айыл өкмөтунүн коммуналдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Чүй району, Чүй айылы Ибраимов көчөсү - 27.
2.1. Коммуналдык ишкананын негизги иштери болуп: - Коммуналдык ишкананын милдети жана иш аракети, Коммуналдык ишкананын түзүүчүсү жана ишкананын түзүлүшүнө чечим чыгарган укуктук орган тарабынан аныкталат.
Жолдорду, тратуарларды, жол чырактарды, көчөнүн түнкү чырактарын, аянттар, аялдамалар, көлөкөлөөчү чатырчалар, аялдамалардагы отургучтарды, жолдордогу көпүрөөлөрдү, ирригация тармактары, эстеликтер, скульптуралар, тигилип көгөрүп турган бак-дарактар, парктар, газон, гүлдөр жана коомдук санитардык түйүндөрдү эксплуатациялоо жана кармоо.
Ички жайлуулуктун элементтерин кароо жана багууга: Жол бортторун оңдоо жана жаңылоо, коомдук жайларда отургучтарды сырдоо бое, көлөкөлөөчү чатырчаларды, газондор, урналар ж.б. кирет. Тосмолорду тосуу, суу агуучу чубалгыларды оңдөп түзөө иштери.
Жол астындагы аңдарды, аялдамаларды оңдоо.
Кыш мезгилиндеги жолдорду тазалоо.
Жолбун жаныбарларды атуу, алардын сөөгүн атайын жаныбарларды көмүүчү жерлерге көмүү (Беккари чуңкуру).
Мектеп, бала-бакчалардын, ооруканалардын жана үйлөрдүн айласындагы таштандыларды жок кылуу жана кайрадан иштетип чыгарууга чогултууларды уюштуруу.
Тигилип көгөрүп турган бак-дарактарды багуу.
Чүй айыл өкмөтүнун санитардык абалын бузуучуларын аныктап, тиешелүү иш кагаздарды түзүү.
Ишкананы материалдык техника менен камсыз кылууну уюштуруу.
Бекитилген норма жана тартиптин негизинде Чүй айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалык унаа механизмдери боюнча талаптарды камсыз кылуу жана кармоо.
Жарнамаларды көркөмдөп жасалгалоо
Ритуалдык тейлөөнү уюштуруу.
Коммуналдык ишкана иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы турбаган иштердин түрлөрүн аткарууга укуктуу.
-Ар кандай максаттагы аткаруу иштердин түрлөрүн ишке ашырууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына ылайык уруксаат кагазын (лицензия) алуусу талап кылынат.
3.1. Коммуналдык ишкана өзүнун милдеттерин ишке ашырууда, коммуналдык ишкана кайсыл укуктук органдын карамагында баш ийүүсү менен, өзүнүн милдетин ишке ашырууга укуктуу:
- Белгиленген тартипте эсебин өндүрүп чыгаруусу, ошону менен бирге башка юридикалык жана физикалык жактардан атайын эсептерди ачып алууга;
-Сотто доочу жана жооптуу болууга;
- Коммуналдык мекеменин функцияларынын милдеттеринин негизинде жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө;
-Коммуналдык мекеменин иштерин аткарууга жарандарды тартуу, эмгек келишими жана башка жарандык укуктук келишимдердин негизинде ишке алууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормасынын негизинде (колькуляция) өзүнчө иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө;
-Коммуналдык ишкананын керектелүүчү иштерине ылайык, юридикалык жактардан атайын авто унааларды, күйүүчү майларды алууга;
-Тургундарга ритуалдык тейлөөлөрдү уюштурууга, үй-бүлөөсү жок жалгыз бой адамдарды жайына коюга (көмүүгө) көмөк көрсөтүү, гуманитардык жана кайрымдуулук иштерди жүргүзүүгө;
3.2. Коммуналдык мекеменин иши жана эс алуу режими, социалдык камсыздоосу, социалдык коргоосу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын негизинде туураланып жүргүзүлөт.
3.3. Коммуналдык мекеме төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
-Мекеменин ичиндеги бекитилген сметанын негизинде, курулуш, капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерине реконструкция жүргүзүүгө;
-Бардык кызматкерлердин коопсуздугуна, бардык шарттарды түзүп, белгиленген тартипте алардын ден-соолугуна жана эмгектенисүүнө тосколдуктарын жоопкерчилигине алууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген келишимдин негизинде өзүнүн милдеттерин аткарууга;
-Коммуналдык мекеменин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо көрсөтүү.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү органдарга отчет, белгиленген тартипте салыктарды төлөөгө, эсептерди өз убагында өткөрүү.
Коммуналдык мекеменин кызматкерлери, кызмат учурунда болгон иштерди, мамлекеттик кызматтык сырларды чыгарбай жашырууга милдеттүү.
4.1. Коммуналдык мекеменин материалдык-техникалык базасын, аларга бекитилип берилген иш жүргүзүлүүчү чарбасы, негизги өндүрүүчү фондусунун айлануу каражаты, материалдык баалулугу жана каржы булактары түзөт.
4.2. Коммуналдык ишкана, максат кылган иштерди, берилген таршырмаларды аткарууга мүлктү колдонууга укуктуу.
4.3. Коммуналдык ишкана, чарбалык иштерди жүргүзүүгө түзүүчү бекитип берген мүлктөргө кожоюндук кылууга укуктуу.
4.4. Коммуналдык ишкананын негизги каражаттарын, жабдыктар, орнотуулар, аппаратура, унаа, акча каражаттары ж.б. мүлктөрдү түзөт.
4.5. Коммуналдык мекеменин каржы базасынын жайлуулугу башка эсептик булактардан да түзүлөт.
4.6. Коммуналдык ишкананын өздүк фондусу, айландыруучу каражаттары жана мүлктөрү, Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген жагдайда, соттун чечими менен гана алууга жол берилет.
5.1. Коммуналдык ишкананын башкы органы болуп түзүүчү саналат.
-Түзүүчүнүн компетенциясына коммуналдык ишкананы түзүү боюнча суроолор, Уставга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана анын түзүлүшү же жоюлушу боюнча суроолор кирет.
5.2. Коммуналдык ишкананын күндөлүк ишин, ишкананын жетекчиси (мүдүрү) жетектейт.
5.3. Коммуналдык мекеменин жетекчисин ишке алуу жана иштен бошотуучусу , Чүй айылдык Кеңешинин макулдугу менен жана Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамдарынын негизинде мекеменин түзүүчүсүнөн аныкталат.
5.4. Коммуналдык ишканын жетекчиси ишеним кагазы жок эле, коммуналдык ишкананын атынан келишимдерди түзүүгө, анын ичинен эмгек келишимин, ишеним каттарды берүүгө, банктарда эсебин ачууга, каражаттарды бөлүштүрүүгө, бекитилген мыйзамдардын негизинде буйрук берип, буюрууга, кызматкерлерди ишке алууга жана материалдык колдоо көргөзүү укугуна ээ.
5.5. Коммуналдык ишкананын кызматкерлери, адистери кызматка алуусу жана иштен бошотулушу жетекчи аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
5.6. Коммуналдык ишкананын түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса Чүй айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
5.7. Коммуналдык ишкананын жеке жана юридикалык жактардан бардык чарбалык иш чөйрөсүндө иштер келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
5.8. Коммуналдык ишкананын жетекчиси Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын негизинде кадр маселелерин чечүүгө, тартипти, эмгек төлөмдөрүнүн формасын жана ыкмасын уюштурууга, төлөнүүчү айлык акыга кошумча төлөмдү түзөт, сыйлоолорду аныктайт, иш күнүнүн жана жуманын улануусун, эмгек өргүүсүн жана эс алуу күндөрүн тартип боюнча берүүгө укуктуу.
5.9. Коммуналдык ишкананын каржы жана материалдык активдери коммуналдык ишкананын түзүүчүсүнүн муниципалдык мүлкү болуп саналат.
6.1. Коммуналдык ишканада түзүүчү тарабынан иштелип чыккан Чүй айылдык Кеңеши бекитип берген иш планынын негизинде иш жүргүзүлөт.
6.2. Коммуналдык ишкана аткарган иштеринин жыйынтыктарын бухгалтердик эсеби менен жүргүзөт жана статистикалык отчетун Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарынын негизинде тапшырат.
- Керектелүүчү оперативдик башкарууга жана жетектөөгө коммуналдык ишкананын түзүлүүсүнүн чарбалык чөйрөдөгү аткарган иштерин жыйынтыктайт жана маалымдайт.
- Норма жана нормативдик сметанын негизинде каражат колдонулган мүлктөрдүн жүрүүсүнө, эмгек жана каржы ресурстарынын чыгышын текшерүүнү камсыз кылат.
- Чарба ичиндеги каржы иштери боюнча туура эмес учурларды тезинен өз убагында чечүүгө, билдирүүгө милдеттүү.
6.3. Коммуналдык ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү текшерүүчү органдары аркылуу ишке ашырылат.
7.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде коммуналдык ишкананы кайрадан түзүүсү жана жоюсу түзүүчүнун чечими менен, ошондой эле кокустук учурларда соттун чечими менен жүргүзүлөт.
7.2. Мекеменин жоюлусуна комиссия курамы активдерин баалап, дебитор, кредиторлор менен эсептешип, жоюлуучу балансын түзүп, ишкананын Түзүүчүнүн кароосуна жиберет.
7.3. Коммуналдык мекеме жоюлуп кеткен учурда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
7.4. Коммуналдык ишкананын түзүлүүсү же жоюлушу юридикалык жактан мамлекеттик реестрга катталгандан кийин гана түзүлдү же жоюлду деп эсептелинет.
7.5. Коммуналдык ишкана жоюлгандан кийин, анын тиешелүү жана тиешесиз мүлкү, укуктары жана милдеттери келип чыгуучу юридикалык жакка же түзүүчүгө биригүүгө өткөрүлүп берилүүчү актынын негизинде бөлгүч балансына ылайык берилет.
8.1. Коммуналдык ишкананын Ушул Уставында көрсөтүлбөгөн маселелер Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.
8.2. Ушул Уставдын чегиндеги Коммуналдык ишкананын башчысы ыйгарым укугуна ылайык, чыгарылган буйруктар жана башка нормативдик укуктук актылары ушул Уставга майда карама - каршылыктар келип чыкса, ал учурда Устав юридикалык күчкө ээ болот.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу |
М. Орозбаев |