Загрузка документа…
(Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-июлундагы № 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 109
Токтогул шаарындагы муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев орто мектебине караштуу, учурдагы Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын убактылуу колдонуусундагы имаратты бошотуп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчун зарыл болгон муниципалдык менчикке өз каалоосу боюнча ээлик кылат, пайдалана алат жана тескей алат деген пункттарын жетекчиликке алып, шаардык кеңештин 04.11.2016жылдагы № 105 токтомдун аткарылышы боюнча Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси К.Жумалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы токтомдун аткарылышы боюнча Токтогул шаардык мэриясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Учурдагы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын убактыктылуу пайдалануусундагы имарат бошотулуп алынсын.
3. Бул имарат Токтогул шаардык мэриясынын алдында жаңыдан түзүлгөн чарбалык эсептеги “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын колдонуусуна берилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |