Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-январы № 42
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212, 239, 2515 жана 375-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 4-тиркеме "Салыктан бошотулган пайда" (FORM STI-101-004) Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасына карата ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 118-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"118. 455-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесине ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолордун мүлк объектилерин эксплуатацияга киргизген күндөн тартып 5 жылдын ичинде пайда салыгынан бошотулган, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун жаңы өндүрүүчүлөрүнүн пайдасы көрсөтүлөт.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М.Абылгазиев |