Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели №122
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 “Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) “сызыкча”, “абзацтын башталышындагы чекит” белгилерин тамга менен белгилөөлөргө алмаштыруу менен регламенттин тексти Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирилсин.
2) Регламенттин киришмеси “Борбордун статусу жөнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.
3) 1-пункт төмөнкү абзацтар менен толукталсын:
“фракциялардын коалициясы (мындан ары – коалиция) коалициялык макулдашуунун негизинде ишин жүзөгө ашыруучу фракциялардын өз ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат;
“көпчүлүк коалициясы” – фракция же депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн ээлеген фракциялардын коалиция түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракциялар коалициясы.
“азчылык коалициясы” – фракция же фракциянын же көпчүлүк фракциялар коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялабаган фракциялар коалициясы, шаардык кеңеште азчылык болуп саналат.
“оппозиция” – фракция же көпчүлүктүн курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракциялар коалициясы.
4) 42-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Бишкек шаардык кеңештин чечими боюнча, экиден көп эмес туруктуу комиссиянын төрагалары өз ишин жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзө алышат. Ошону менен бирге, аталган төрагалар Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурлардан тышкары акы төлөнүүчү башка кызматты ээлөөгө укуксуз.”.
5) 76-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“Депутаттык фракция (мындан ары - фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт. Фракция шаардык кеңештин сессиясында аны түзүү жөнүндө жарыяланган күндөн тартып катталган болуп эсептелет.
Фракциянын жетекчиси бир эле убакта шаардык кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат ордун ээлей албайт.
Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңештеги оппозиция деп эсептелет.
Фракциянын же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялабаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңештеги азчылык деп эсептелет.”.
6) 106-пункт төмөнкү абзацтар менен толукталсын:
“Ага жүктөлгөн борбордун иш-милдеттерин эске алуу менен Бишкек шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык пландаштыруу жана камсыз кылуу, шаар экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
шаардын аймагында шаар курулуш маселелерин, ошондой эле архитектура, курулуш, реконструкциялоо, көркөмдүк жасалгалоо маселелерин чечүү;
саламаттык сактоонун, мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбия жана спорттун, социалдык коргоонун муниципалдык тутумунун иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;
Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;
ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
шаардын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
социалдык-маданий, турак жана турмуш-тиричилик муниципалдык объекттерин куруу;
жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана алар боюнча жеңилдиктерге тарифтерди белгилөө;
шаардан тышкаркы транспорттордун Бишкек шаарына киришин уюштуруу жана жеңил автомобиль таксилердин, жүк ташуучулардын жана атайын транспорттун ишин жөнгө салуу.
шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрдүн, башка мекемелердин, уюмдардын иштеринин натыйжалуулугуна контролду ишке ашыруу маселеси;
өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин чечимдерин талаптагыдай аткарбаган учурда, судьялардан, прокурорлордон, Кыргыз Республикасынын улуттук мамлекеттик коопсуздук органдарынын жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен тышкары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;
вице-мэрге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;
чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө, ошондой эле мэриянын аймактык бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө макулдук берүү;
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;
шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле чек араларды белгилөө, өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;
шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
шаардын аймагында үй жаныбарларын күтүүнүн жана мал жаюунун эрежелерин бекитүү.”.
7) 216-пункттун 2-абзацындагы “сессияда катышкан” деген сөздөр алынып салынсын.
8) Регламент төмөнкү мазмундагы 16-1 главасы менен толукталсын:
“16-1 Глава. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо тартиби.
239-1.
1) Бишкек шаарынын мэри шаардык кеңештин чакырылган мөөнөтүнө шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат.
2) Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди (мындан ары - талапкер) көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.
3) Бишкек шаарынын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан жаңыдан шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы башталган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Бишкек шаарынын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы орун бош калган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоону дайындайт.
Шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин 6 ай калганда Бишкек шаарынын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, шаардын мэрин шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалбайт.
Шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан, шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен, өткөрүлөт.
4) Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.
5) Бишкек шаардык кеңештин сессиясында Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкердин программасы угулат, депутаттар талапкерлер боюнча өз позицияларын аныктоо үчүн жооп ала турган суроолорду беришет.
6) Шайлоо өткөрүү тартиби, бюллетендин формасы, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
9) 23-глава төмөнкү мазмундагы пункттар менен толукталсын:
277-1. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добушу менен жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтүү жөнүндө сунушту Бишкек шаарынын мэри, Президиум, фракция жана шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы киргизе алышат.
277-2. Вице-мэрлерге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добушу менен жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Вице-мэрлерге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Бишкек шаарынын мэри, Президиум, фракция жана шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы киргизе алышат.”.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага | М. А. Аманкулов |