Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры № 8
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамын жана Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине Кыргыз Республикаснынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун 2-тиркемесине ылайык үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын каржылоосуна сунушталган долбоорлордун иш кагаздарын даярдалгандыгы жана үлүштүк дем берүүчү гранттар боюнча комиссянын кароосуна даярдалган иш кагаздарды жиберүү үчүн Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында демилгелөөчү топтун курамын жана үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмесин сессияда бекитип берүү жөнүндө 2015-жылдын 23-октябрында №03\1795 чыгыш каты менен кайрылышкан.
Жогорудагылардын негизинде Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсеби бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |
| Нарын шаардык Кеңешинин 28.10.2015-жылдагы XXVI чакырылштагы XXVI сессиясынын № 8 токтомуна №1 тиркеме
|
1.Өмүралиев Эсентур - Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы- комиссиянын төрагасы
2. Үрүстөмов Жекшен - Нарын шаардык финансы бөлумунүн башчысы- комиссиянын катчысы
М ү ч ө л ө р ү
3.Дүйшөналиев Алмаз - Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси
4. Байгубатов Болот - Нарын шаардык Кеңешинин депутаты;
5. Нурмамбетова Гүлзат - Нарын билим берүү агенттигинин жетекчиси;
6.Жумаев Майрамбек - “ЛАРК” коомдук фондунун юристи;
7. Арыккулов Зарылбек - Нарын шаарынын тургуну;
8.Супатаева Гүлзат - “Өнүгүү жана жаратман” коомдук фондусунун төрайымы;
9.Асанова Бурул - “Кундуз БИК” кондоминиумунун жетекчиси
Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
А. Абдыкеримов |
| Нарын шаардык Кеңешинин 28.10.2015-жылдагы XXVI чакырылштагы XXVI сессиясынын № 8 токтомуна №2 тиркеме
|
№ | Курулуш оьектилеринин аталышы | Жалпы сметалык баасы | Мунун ичинен ( сом) | |
Өздүк салым катары берилүүчү сумма | Үлүштүк (дем берүүчү) гранттан суралуучу сумма | |||
1 | №9А.Садыков атындагы мектептин имаратын ремонттоо | 2 989 453 | 747 363 | 2 242 090 |
2 | №17 “Ынтымак балдар бакчасынын айланасын тосуу | 2 647 733 | 661 933 | 1985 800 |
3 | Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн түндүк тарабындагы Таалай көчөсүнөн Ак-Мөөр көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын эки жагындагы арыктарга темир бетон латокторду жаткызуу | 2 927 627 | 731 906 | 2 195 721 |
| Баары | 8 564 813 | 2 141 202 | 6 423 611 |
Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
А. Абдыкеримов |