Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июлу № 01-05/170
Джуманова Гулнаранын арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Пионер көчөсүнүн тургуну Джуманова Гулнаранын унаа гаражынын профилин өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын карап жана тулкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекиткен Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Джуманова Гулнаранын майда сатык жүргүзүү дүкөнүнө жазган арызы канааттандырылсын жана 59,5 квадрат метр жери бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Нусупбеков |