КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-февралы № 74
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын иштөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 31-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-майындагы № 231 "Өткөрүү пункттарынын иштеши боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 "Айрым өткөрүү пункттарынын иштеши боюнча маселелер жөнүндө" токтомунун 2 жана 3-пункттары.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |