Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 347
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 74 токтомунун редакциясына ылайык).
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын тизмегинде:
- "Контролдоонун түрлөрү" графасынын "Бажылык" позициясынын 3-пунктундагы "+" белгиси "-" белгиси менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын тизмегинде:
- "Контролдоонун түрлөрү" графасынын "Бажылык" позициясынын 7 жана 9-пункттарындагы "+" белгиси "-" белгиси менен алмаштырылсын;
- "Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери" графасынын 12-пункту "Кызыл-Кыя шаары" деген сөздөрдөн кийин ", Кызыл-Кыя т/ж станциясынын 38-посту" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы эл аралык аба катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын тизмесинде:
- "Контролдоонун түрлөрү" графасынын "Бажылык" позициясынын 3, 4 жана 5-пункттарындагы "+" белгиси "-" белгиси менен алмаштырылсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 74 токтомунун негизинде күчүн жоготту).
3. Тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун кабыл алынышына байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чектеш өлкөлөргө кабыл алынган чечим жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабарласын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |