Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН
ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 9-октябры № 521
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 613 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кеңештин төрагасы; |
Байсалов Эдиль Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Баетов Батыркул Исаевич | - | коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кеңештин катчысы. |
Кеңештин мүчөлөрү: | ||
Исанов Алмаз Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; |
Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Ажымалиев Тимурлан Максатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Абдрахматов Канатбек Ермекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, техника илимдеринин доктору, профессор; |
Тыналиева Бакыт Карыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы, медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Канатбек Азиз | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору; |
Керимбаева Рахат Топчубаевна | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору; |
Камчыбеков Толобек Кадыралиевич | - | коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор; |
Абазбек уулу Расул | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Арабаев Чолпонкул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, юридика илимдеринин доктору, профессор; |
Борубаев Алтай Асылканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Т.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов Толобек Абылович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору; |
Нургазиев Рысбек Зарылдыкович | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясынын ректору; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Ош мамлекеттик университетинин ректору; |
Кудайбергенова Индира Орозбаевна | - | И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору; |
Чыныбаев Мирлан Койчубекович | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору; |
Алпаслан Жейлан | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору; |
Жакшылыков Жылдызбек Жакшылыкович | - | Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин ректору; |
Усупбаев Акылбек Чолпонкулович | - | И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология жана андрология кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Бийбосунов Болотбек Ильясович | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин колдонмо информатика кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Батыралиев Талантбек Абдулаевич | - | Америкалык кардиологдордун коллегиясынын анык мүчөсү, Россиялык табият таануу академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Сооронбаев Талантбек Маратбекович | - | Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Бебезов Бахадыр Хакимович | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин хирургия кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Савин Виктор Евгеньевич | - | X.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин экономика жана финансы факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Садыров Октябрин Алымбекович | - | "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" ЖЧКнын президенти, техника илимдеринин кандидаты, профессор (макулдашуу боюнча); |
Малюкова Наталья Николаевна | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин билим берүүдөгү жана илимдеги инновациялар башкармалыгынын начальниги, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, профессор (макулдашуу боюнча); |
Абдыров Толонбек Шакирович | - | Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин экономика жана башкаруу кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча). |