КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 685
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359 «Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Компенсациялык төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |