Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
3. Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүүнүн максаты болуп өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү саналат.
4. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү маселеси Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу комиссия) тарабынан каралат.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, тиешелүү мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү кирет.
5. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине калктуу конуштарды киргизүү жөнүндө сунуштар Министрликке Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан жыл сайын 1-апрелге чейин төмөндө көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен берилет:
- тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын;
- бул маселеге тиешеси бар мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн позицияларын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кирген жумушчу топтун ар бир мүчөсүнүн кол тамгасы менен ырасталган ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү жөнүндө маалыматты.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн келип түшкөн маалымат Министрлик тарабынан жалпыланат жана 10 жумуш күндүн ичинде "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык корутунду алуу жана позицияларын аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилет.
8. Министрликке 10 жумуш күндүн ичинде өз ыйгарым укуктарынын алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар корутундуларын жана позицияларын жиберет:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төмөнкү критерийлер боюнча: социалдык-экономикалык өнүгүүнүн төмөндүгү, жашоо деңгээлинин төмөндөшүнөн жана калктын көчүп кетүүсүнөн кырдаалдын туруксуздугу;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы) төмөнкү критерийлер боюнча: татаал жаратылыш-климаттык шарттар, начар өздөштүрүлгөндүк жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүүнүн кыйындыгы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы төмөнкү критерийлер боюнча: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтардын келип чыгуу тобокелдиктери, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги төмөнкү критерийлер боюнча: социалдык инфратүзүм объекттеринин абалы, ошондой эле эскирген жана авариялык абалдагы турак үйлөрдө жашаган калктын турак-жай шарттары;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкү критерийлер боюнча: потенциалдуу кооптуу участокторду аныктоо жана кооптуу участоктордо жашаган калкка берилген көрсөтмөлөр жөнүндө маалыматтарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкү критерийлер боюнча: трансферттерди - бюджеттин жетишсиздигинен улам республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды алуучу дотациялык айыл аймактарынын саны (республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттын көлөмү).
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн келип түшкөн сунуштар, ошондой эле киргизилген сунуштар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундулары жана позициялары Министрлик тарабынан жалпыланат жана ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын кароосуна жыл сайын 1-июнга чейин киргизилет.
10. Калктуу конуштарды Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесинен чыгаруу жөнүндө маселе калктуу конуштун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга байланыштуу же башка маанилүү себептер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан демилгеленет жана Министрликке тиешелүү негиздеме менен бирге берилет.
11. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесинен калктуу конуштарды чыгаруу боюнча сунуштар келип түшкөнүнө жараша Министрлик тарабынан жалпыланат жана ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын кароосуна киргизилет.
12. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү маселеси ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жыйналышында келип түшкөнүнө жараша каралат.
13. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү маселеси ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жыйналышында анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен добуш берүү жолу менен кабыл алынат жана ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын чечиминин негизинде Министрлик тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгат, ал белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.
|
| Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү үчүн сунушталып жаткан калктуу конуштар жөнүндө маалыматты топтоо боюнча форма
Облустун аталышы: _________________________________
Райондун аталышы: _________________________________
Айыл аймагынын аталышы: __________________________
Айылдын (участоктун) аталышы: ______________________
№ | Көрсөткүчтөр | Маалымат |
1 | Калктын саны |
|
2 | Кожолуктун саны |
|
3 | Башка улуттун өкүлдөрүнүн саны |
|
4 | Райондун борборунан алыстыгы (км) |
|
5 | Айылдын жалпы аянты |
|
6 | Кайсы мамлекеттер менен чектешет (мамлекеттин аталышы) |
|
7 | Мамлекеттик чек арага чейинки аралык (км) |
|
8 | Мамлекеттик чек араны укуктук тариздөө (делимитация жана демаркация) |
|
9 | Кыргыз Республикасынын чек ара аймагынын жана чек ара тилкесинин тизмесине жана чектерине кирүү |
|
10 | Төмөнкүлөрдүн калктуу конуштарда же жакын жерде болушу: |
|
- мамлекеттер аралык талаштын себеби болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин/объекттердин; |
| |
- анклавдардын |
| |
11 | Мамлекеттик чек ара линиясынан алыстык |
|
12 | Социалдык жөлөкпул алуучу адамдардын саны |
|
Пенсионерлердин саны |
| |
ДМЧА саны |
| |
13 | Айыл аймагынын дотациялык абалы. Республикалык бюджеттин теңдөөчү грантынын көлөмү (сом) |
|
14 | Социалдык инфратүзүмдүн абалы: |
|
- бала бакча |
| |
- мектептер |
| |
- ФАП |
| |
- ҮБДТ |
| |
- райондук оорукана |
| |
- башка мекемелер |
| |
15 | Экономикалык инфратүзүмдүн болушу (ишканалар жана финансы-кредиттик мекемелер жана башкалар) |
|
16 | Сервистик инфратүзүмдүн болушу (почта кызматы, маалымат күркөлөрү, жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты тейлөө борборлору) |
|
17 | Транспорттук инфратүзүмдүн болушу (ички жана тышкы жолдор жана жолдордун абалы, транспорт каттамдары жана башкалар) |
|
18 | Категориялар боюнча айыл чарба багытындагы жерлер (га) |
|
19 | Соода базарларына, анын ичинде коңшу мамлекеттердин соода базарларына чейинки аралык (жакындык) (км) |
|
20 | Ички миграциянын деңгээли (%) |
|
Тышкы миграциядагы жарандардын саны |
| |
21 | Мугалимдердин саны |
|
22 | Медицина кызматкерлеринин саны |
|
23 | Мамлекеттик кызматкерлердин саны |
|
24 | Муниципалдык кызматкерлердин саны |
|
25 | Жакырчылыктын деңгээли |
|
26 | Жергиликтүү бюджетке кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүлөрүнүн жалпы көлөмү (жылдык көлөм, миң сом) |
|
27 | Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке бюджеттер аралык трансферттерди каржылоонун суммасы (жылдык көлөм, миң сом) |
|
28 | Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке дем берүүчү гранттарды каржылоонун суммасы (жылдык көлөм, миң сом) |
|
29 | Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке капиталдык салымдарды каржылоонун суммасы (жылдык көлөм, миң сом) |
|
30 | Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында ЖӨБ органдарына гранттар (жылдык көлөм, миң сом) |
|
31 | Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун долбоорлору менен берилүүчү каражаттар (финансылык ресурстар, техникалык жардам) (жылдык көлөм, миң сом) |
|
32 | Эл аралык финансылык уюмдардын каражаттары (финансылык ресурстар, техникалык жардам) (жылдык көлөм, миң сом) |
|
33 | Мобилдик байланыштын, телеканалдын, интернеттин болушу (бар болгонун көрсөтүү) |
|
34 | Ичүүчү таза сууга болгон муктаждык (%) |
|
35 | Потенциалдуу кооптуу аймактардын саны |
|
36 | Жумушсуздуктун деңгээли (%), жумушсуздардын саны |
|
Айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштар (негиздемеси менен) | ||
№ | Кыска мөөнөттө чечүүнү талап кылган көйгөйлөр | Сунуштар |
1 |
|
|
№ | Орто мөөнөттүү мезгилде чечүүнү талап кылган көйгөйлөр | Сунуштар |
1 |
|
|
№ | Узак мөөнөттүү мезгилде чечүүнү талап кылган көйгөйлөр | Сунуштар |