Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-июлу № 359
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк өзгөрүүлөрүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамы (мындан ары -ведомстволор аралык жумушчу комиссия) 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 463 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлерин жана адистерин ишке тартууга укук берилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 62 саны менен жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгү;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору (макулдашуу боюнча).