Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXX КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 18-декабры №171/30-5
Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигине караштуу “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 6-декабрындагы №1-13/3636 катын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигине караштуу “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансына “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын акысыз негизде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-февралындагы №142/18-3, 2018-жылдын 4-июлундагы №150/23-4 жана 2018-жылдын 5-октябрындагы №167/25-4 токтомдору өз күчтөрүн жоготту деп эсептелсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |