Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 4-декабры № 748-т
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 469 "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу максатында:
1. 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планы (мындан ары - Улуттук план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Улуттук планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча милдеттүү түрдөгү чараларды көрсүн;
- кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Улуттук планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жыйынды маалымат берсин.
4. Бул тескеме тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте жана жергиликтүү бюджетте тийиштүү түрдө каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин УЛУТТУК ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукттар) | Жооптуу аткаруучулар |
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын компоненттери боюнча | |||||
1. Укук бузуулардын алдын алуунун ченемдик укуктук негизин өркүндөтүү | |||||
1.1 | Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана кызмат адамдарын жаңылыктар боюнча окутууну уюштуруу | 1.1.1. Укук бузуулардын алдын алуу маселелерин жөнгө салуучу ЧУАга, ведомстволук актыларга жана ЖӨБОнун актыларына талдоо жүргүзүү | 2024-жылдын I кварталы | "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Концепциянын ченемдерине ылайык келүү предметине ЧУАны талдоонун натыйжаларынын болушу | ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), УИА (макулдашуу боюнча), ЖК (макулдашуу боюнча) |
1.1.2. "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Концепциянын жоболоруна ылайык келтирүү үчүн ЧУАга, ведомстволук жана жергиликтүү актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЧУАга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча | ЧУАга жана ведомстволук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр | ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), УИА (макулдашуу боюнча) | ||
1.1.3. Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдардын негиздери боюнча алдын алуу субъекттеринин кызмат адамдарын жана ЖК окутууну уюштуруу | 2023-жылдын IV кварталынан тартып 2025-жылдын аягына чейин | Кызмат адамдары алдын алуу чөйрөсүндөгү ЧУА ченемдери жөнүндө маалымдалды жана өз ролун билет | ИИМ, МКЖӨБМА, ЖК (макулдашуу боюнча) | ||
1.1.4. Калк жана алдын алуу субъекттери үчүн маалымдоо жана мыйзамдарды түшүндүрүү боюнча электрондук платформаны ишке киргизүү | 2024-жылдын II-III кварталдары | Коомчулук маалымдалды жана алдын алуу субъекттери жаңылыктар менен жөнөкөйлөтүлгөн түрдө таанышууга мүмкүнчүлүк алды | ИИМ | ||
1.2 | Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын баалоо жана аларга мониторинг жүргүзүү | Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана практика боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү | 2024-жылдын III кварталы; 2025-жылдын III кварталы | Укук бузуулардын алдын алуу боюнча учурдагы кырдаал, практикалык иште жана мыйзамдарды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүдө кийин колдонуу үчүн ЧУАдагы кенемтелер жана коллизиялар аныкталды жана талкууланды | ИИМ, УИА (макулдашуу боюнча), БИМ, УСИИ (макулдашуу боюнча), ЖК (макулдашуу боюнча) |
2. Укук коргоо органдарынын жана алдын алуунун башка субъекттеринин ишин укук бузуулардын алдын алуу маселелерине кайра багыттоо | |||||
2.1 | Укук бузуулардын алдын алууну ишке ашыруу компоненттерин күчөтүү жана практикалык иште жана ИИОнун ишин баалоодо калк менен өз ара аракеттенүүнү колдоо | 2.1.1. ИИМ Академиясында, ИИМ РОБдо, жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринде билим берүү жана илимий процесстердин алкагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча программаларды өркүндөтүү | 2024-жылдын II кварталынан тартып | Билим берүү программаларына укук бузуулардын алдын алуу боюнча модулдар интеграцияланды, укук бузуулардын алдын алуу тематикасы боюнча илимий жана диссертациялык иштерди даярдоонун үзгүлтүксүз практикасы киргизилди | ИИМ, ББМ, ЭУ жана ЖК (макулдашуу боюнча), УИА (макулдашуу боюнча) |
2.1.2. ИИО кызматкерлерин калк менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу методдору жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча окутуу | 2024-жылдын I-кварталынан тартып, андан ары дайыма | ИИМ кызматкерлеринин алдын алуу иштери күчөтүлдү | ИИМ, ЖК (макулдашуу боюнча) | ||
2.1.3. Иштеп жаткан бөлүмдөрдүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү, ишке тартылган кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу, уюштуруу түзүмүн бекемдөө аркылуу укук коргоо органдарында психологиялык кызматты күчөтүү | 2024-жылдын III-IV кварталдары | Укук коргоо органдарында кызматкерлерге психологиялык жардам көрсөтүү механизмдери дайыма иштеп жатат | ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), ЮМ (ЖАК), УМКК, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
2.1.4. Практикалык психология маселелери боюнча методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана киргизүү: - калктын ар түрлүү топтору менен иштөөнүн психологиялык аспекттери боюнча ИИО кызматкерлери үчүн; - дени сак психологиялык климатты сактоо үчүн ИИО жетекчи кызматкерлери үчүн; - ИИО кызматкерлери үчүн инсандар аралык маселелерди чечүү жана кесиптик алсыздануунун алдын алуу боюнча | 2025-жылдын I-II кварталдары | Укук коргоо органдарынын кызматкерлери психология боюнча базалык билимге ээ, бул аларга калк менен иштөөдө жана инсандар аралык жана инсандык маселелерди чечүүдө жардам берет | ИИМ, ССМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
2.1.5. Калктын ар кандай топтору менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү жана жамаатта жумушчу климатты кармап туруу үчүн алдын алуу субъекттеринде психология негиздери боюнча курстарды киргизүү (өндүрүштөн ажыратпастан онлайн жана оффлайн форматтарды колдонуу менен) | 2024-жылдын III кварталы | Алдын алуу субъекттеринин кызматкерлери психологиянын негиздерин түшүнөт жана аларды өз практикасында колдонот | ИИМ, ССМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
2.2 | Кылмыш-жаза-укуктук статистикалык маалыматтарды чогултууну жана талдоону өркүндөтүү жана альтернативдүү маалымат булактарынан алынган маалыматтарды пайдалануу | 2.2.1. Криминогендик кырдаалды талдоо жана деперсонализацияланган маалыматтардын ачык режимин камсыз кылуу менен укук тартиби жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө башкаруу чечимдерин кабыл алууда натыйжаларды пайдалануу үчүн методологияны иштеп чыгуу жана инструменттердин жана маселелердин тизмесин кеңейтүү | 2024-жылдын III кварталы | Кылмыш-жаза-укуктук статистиканын натыйжалары укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулат, маалыматтардын ачыктыгы камсыз кылынат | БП КР (макулдашуу боюнча), УСК, ИИМ |
2.2.2. Атайын иштелип чыккан жана алдын алуу субъекттери менен макулдашылган методологиянын негизинде виктимологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2024-жылдын II кварталынан тартып | Кылмыштан жабыр тарткандардын абалы жана жабыр тарткандардын укук коргоо органдарына кайрылуусунун деңгээли жөнүндө объективдүү маалыматтар бар | УСК (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), УИА (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
2.2.3. Бардык алдын алуу субъекттери тарабынан виктимологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу чөйрөсүндө башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу | Жүргүзүлгөн виктимологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча | Алдын алуу субъекттери виктимологиялык изилдөөлөрдүн жана криминогендик кырдаалды талдоонун натыйжаларынын негизинде коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алат | ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери) | ||
2.3 | Укук бузууларды алдын алуу жана калк менен өз ара аракеттенүү боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын өнүктүрүү | 2.3.1. Курсанттар жана ИИОнун иштеп жаткан кызматкерлери үчүн ИИМ Академиясынын, РОБ базасында укук бузуулардын алдын алуу жана калк менен өз ара аракеттенүү боюнча билим берүү модулдарын жана окуу программаларын иштеп чыгуу | 2024-жылдын I-II кварталдары | Алдын алуу субъекттеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу үчүн компетенциянын зарыл деңгээлине ээ | ИИМ |
2.3.2. КР Президентине караштуу Башкаруу академиясында жана ЖӨБ Союзунда ЖӨБОнун кызматкерлери үчүн билим берүү модулун киргизүү | 2024-жылдын I-II кварталдары | Окуу модулдары ишке ашырылды | БИМ, ИИМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча), ЖӨБ Союзу, ЖК (макулдашуу боюнча) | ||
2.3.3. ИИМ Академиясынын, Мамлекеттик башкаруу академиясынын, жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринин базасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча студенттер, окутуучулар жана аспиранттар менен илимий иштерди багыттоону күчөтүү | 2024-жылдын III-IV кварталдары | Илимий иштин өзүнчө багыты укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү системалык көйгөйлөрдү аныктоого жана укук колдонуу практикасы үчүн сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет; илимий жана дипломдук иштердин тематикасынын бекитилген тизмесинде укук бузуулардын алдын алуу маселелери бар | ИИМ, БИМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | ||
3. Кеңири өнөктөштүк жана алдын алуу аракеттерин координациялоо | |||||
3.1 | Жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык механизмдерди түзүү | Координациялык комиссиялар жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу | 2024-жылдын I-II кварталдары | Жергиликтүү деңгээлдеги координациялык комиссиялар жөнүндө типтүү жобо негизги алдын алуу субъекттери менен макулдашылган жана КР КМ тарабынан бекитилген | МКЖӨБМА министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
3.2 | Улуттук деңгээлде координациялык механизмди түзүү | 3.2.1. КР КМ караштуу Координациялык кеңештин иштешин камсыз кылуу | Дайыма | Улуттук деңгээлдеги координациялык аянтча туруктуу негизде иштейт | ИИМ |
3.2.2 Укуктук жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алууну уюштуруу максатында аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамаларынын практикасын өнүктүрүү жана кеңири колдонуу | Дайыма | Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жашыруун кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузуулардын алдын алуу, калкты сапаттуу сервистик тейлөө, өз убагында укуктук жана консультациялык жардам көрсөтүү | ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, "Мобилдүү автомашиналардын ишин колдоо боюнча ассоциация" коомдук бирикмеси, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
4. Мамлекеттик программалар жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө биргелешкен пландоо | |||||
4.1 | Укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды жана жергиликтүү деңгээлде аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын тиешелүү бөлүмдөрүн кабыл алуу жана ишке ашыруу практикасын киргизүү | Укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу жана баалоо боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу (алдын алуу боюнча улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү пландарды кошкондо) | 2024-жылдын II-IV кварталдары | Ар кандай деңгээлдеги укук бузуулардын алдын алуу боюнча милдеттерди сапаттуу аткаруу үчүн жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуу принциптери жана механизмдери жөнүндө методикалык колдонмо | ИИМ, МКЖӨБМА, ЖӨБ Союзу; (макулдашуу боюнча) министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), УИА (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
4.2 | Үч жылдык мезгилге укук бузуулардын алдын алуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын кабыл алуу жана аны ишке ашыруу | 4.2.1. Кеңири консультациялардын негизинде 2022-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясында каралган кийинки мезгилге укук бузуулардын алдын алуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2025-жылдын IV кварталы | 2026-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору иштелип чыкты | Координациялык кеңеш, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
4.2.2. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү Иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу үчүн ведомстволук пландарды кабыл алуу | 2023-2025-жылдардын мезгилине укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү иш-аракеттердин улуттук планы бекитилгенден кийин | Ведомстволук пландарда (алдын алуу субъекттеринин) Иш-аракеттердин улуттук планынын тиешелүү түзүмдөргө тиешелүү болгон чаралары кадамдалып чагылдырылган | Бардык мамлекеттик бийлик органдары (алдын алуу субъекттери) | ||
5. Кылмыштын курмандыктары менен иштөө | |||||
5.1 | ИИО жана кылмыштын курмандыктары менен иштөө боюнча башка ыйгарым укуктуу органдар үчүн виктимизацияны азайтууга, кайрылууну жогорулатууга жана кылмыштан жабыр тарткандар менен натыйжалуу иштөөгө көмөктөшүүчү нускамаларды иштеп чыгуу (жабырлануучулардын жынысын жана жашын, кылмыштардын категориясын эске алуу менен) | Кылмыштын курмандыктарына ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн кайра багыттоо боюнча ведомстволор аралык нускаманы кабыл алуу | 2024-жылдын II-III кварталдары | Кылмыштын курмандыктарына натыйжалуу багыттоо системасынын иштеши аркылуу ар тараптуу жардам көрсөтүлүүдө | ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери) |
5.2 | Кылмыштын курмандыктары менен иштөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу | 5.2.1. Ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлерин кылмыштын курмандыктары менен иштөө жана кайра багыттоо боюнча методикаларга үйрөтүү | 2024-жылдын IV кварталы - 2025-жылдын I кварталы | Ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери кылмыштын курмандыктары менен иштөө үчүн жетиштүү деңгээлдеги компетенцияга ээ | ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
5.2.2. ИИМ Академиясында жана РОБдо кылмыштын курмандыктары менен иштөө боюнча милдеттүү курсту киргизүү (окуу жылы башталгандан тартып) | 2024-жылдын III кварталы | ИИМ Академиясында жана РОБдо даярдоодон жана кайра даярдоодон өткөн кызматкерлер кылмыштардын курмандыктары менен иштөө боюнча компетенцияларга жана көндүмдөргө ээ | ИИМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
5.2.3. Үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдардын катышуусундагы укук бузуулардын алдын алуу максатында милициянын көчмө кабылдамаларын кеңири колдонуу, ошондой эле аларды техникалык жабдуу | Дайыма | Милициянын көчмө кабылдамаларынын техникалык жабдылышын жакшыртуу. Укук бузуу фактыларынын, үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын, балдар катышкан укук бузуулардын жана башка укук бузуулардын фактысынын санын азайтуу | ИИМ, ЖӨБО, "Мобилдүү автомашиналардын ишин колдоо боюнча ассоциация" коомдук бирикмеси, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
6. Алдын алуу ишине санариптик технологияларды киргизүү | |||||
6.1 | Укук бузуулардын алдын алуу маселелерин чечүү үчүн санариптик технологияларды (маалыматтык-аналитикалык системаларды жана SOS баскычтарын) өнүктүрүү | 6.1.1. Жашоочулар үчүн мобилдик тиркемени түзүү, ал аркылуу алар интеграциялоо аркылуу "SOS" баскычы менен коомдук коопсуздук, жол коопсуздугу жана кылмыштар чөйрөсүндөгү көйгөйлөр жөнүндө ИИОго, КБРге жана УББРге билдире алат | 2024-жылдын I-III кварталдары | Адамдар ИИОго коомдук коопсуздук, жол коопсуздугу жана кылмыштуулук чөйрөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу кабарлай алган кошумча инструмент бар | ИИМ, СӨМ. БП (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
6.1.2. Өзгөчө кырдаалдарда ИИО жана тез жардам кызматтарынын токтоосуз чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн программалык камсыздоо менен тышкы видеобайкоо камераларынын системасы менен интеграциялоосу | 2023-2025-жылдар | Коомдук жайлардагы инциденттерге ыкчам чара көрүү камсыздалды | ИИМ, СӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
6.2 | Жеке маалыматтарды коргоо механизмдерин жана маалыматтык-аналитикалык системалардын статистикалык жеке эмес маалыматтарынын ачыктыгын өнүктүрүү | Маалыматтардын жекелештирилбегендигин жана жеке маалыматтардын корголушун сактоодо бардык кызыкдар адамдар үчүн криминогендик кырдаал жана жол коопсуздугу боюнча маалыматтык-аналитикалык системаларга машинада окула турган форматта ачык жеткиликтүүлүк системасын киргизүү | 2025-жылдын IV кварталы | Алдын алуу субъекттери, илимий коомчулук жана жарандык коом криминогендик кырдаал жана жол коопсуздугу боюнча ачык, жеке белгилери жок маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ | БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, СӨМ, УСК |
7. Маалыматтык-агартуу иштери | |||||
7.1 | Калк менен маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүү боюнча алдын алуу субъекттеринин потенциалын жогорулатуу | 7.1.1. Журналисттер үчүн укук бузуулардын алдын алуу жана коопсуздук маселелерин чагылдыруу маселелери боюнча семинарларды өткөрүү | 2025-жылдын III кварталы | Мамлекеттик жана көз карандысыз ЖМКлардын журналисттери коомдук жана жол коопсуздугунун ар түрдүү аспекттери боюнча басылмалар аркылуу укук бузуулардын алдын алууга активдүү тартылууда | ММСЖСМ, ИИМ |
7.1.2. Алдын алуу маселелерин камтыган социалдык роликтерди жана башка видеопродукцияларды, анын ичинде улуттук телекөрсөтүүгө жайгаштыруу менен чыгаруу | 2025-жылдын I-IV кварталдары | Калктын ар кандай топтору үчүн жөнөкөй жана кызыктуу формада укук бузуулардын алдын алуунун ар кандай аспекттери ачылган продукция бар | ММСЖСМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), улуттук телеканалдар (ЭлТР, УТРК), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
7.1.3. Атайын программанын негизинде окуу жайлардын базасында балдар жана жаштар менен алдын алуу багытындагы системалуу иштерди жүргүзүү (кесипке багыттоо, мектеп жана студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүү ж.б.) | 2024-жылдын I кварталынан тартып, андан ары дайыма | Балдар жана жаштар менен алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча класстан тышкаркы иштер үчүн программалар даярдалды | БИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЭУ жана ЖК (макулдашуу боюнча) | ||
7.1.4. Бойго жеткен калкты криминалга каршы агартууга диний ишмерлерди тартуу жана маалыматтык материалдарды, сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2024-жылдын II кварталынан тартып, андан ары дайыма | Диний сыйынууларды жүргүзүү алкагында укук бузуулардын алдын алуунун айрым маселелерин актуалдаштыруу варианттары бар | ИИМ, ДИМК | ||
7.1.5. Мамлекеттик органдардын жана укук коргоо органдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн алдын алуу иштери жөнүндө маалымат берүү маселелери боюнча окууларды өткөрүү | 2024-жылдын III кварталы | Алдын алуу субъекттеринин басма сөз кызматтары укук бузуулардын алдын алуу боюнча туруктуу маалыматтык иштерди жүзөгө ашырат | Министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
7.2 | Калктын милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, балдар иштери боюнча инспекторлор, ЖӨБО жана башка алдын алуу субъекттери менен отчеттук жолугушууларды өткөрүү жолу менен кырдаалды жана өнөктөштүктү талкуулоо үчүн тургундар, ар кандай алдын алуу субъекттери менен толук кандуу диалогду түзүү | МАЫӨ, БИИ, ЖӨБО жана укук бузуулардын алдын алуунун башка субъекттеринин отчеттук жолугушууларын биргелешип өткөрүү боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштерди жана коопсуздук чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү талкуулоо менен жер-жерлерде биргелешкен отчеттук жолугушууларды уюштуруу боюнча ушул укук бузуулардын алдын алуу субъекттерин окутуу | 2023-жылдын IV кварталы | Калктын өкүлдөрүнө укук тартиби чөйрөсүндөгү көйгөйлөр боюнча өз сунуштарын жана көз караштарын эркин айтууга мүмкүндүк берүүчү укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин отчеттук жолугушуулары квартал сайын өткөрүлүп турат | ИИМ, МКЖӨБМА, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
Укук бузуулардын алдын алуунун тематикалык артыкчылыктуу багыттары боюнча | |||||
8. Коомдук жайларда коопсуздукту камсыз кылуу | |||||
8.1 | Айрым участоктор боюнча криминогендик кырдаалды талдоо инструменттерин киргизүү | ИИО күчтөрүн жана каражаттарын натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн коомдук жайларда кылмыштуулук жөнүндө статистикалык көрсөткүчтөрдү талдоо практикасын өнүктүрүү | 2024-жылдын II кварталы | Коомдук жайларды күзөттөөдөгү күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүү боюнча чечимдерди кабыл алууда криминогендик кырдаалды талдоо жана мындай талдоонун натыйжаларын колдонуу практикасы өркүндөтүлдү | БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, УСК, СӨМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
8.2 | Коомдук коопсуздукту сактоого көмөктөшүүчү коомдук жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүү (айлана-чөйрөнү долбоорлоо аркылуу укук бузуулардын алдын алуу) | 8.2.1. Коомдук жайларда инфраструктуралык чечимдер (көчөлөрдү жарыктандыруу, видеобайкоо камераларынын системасы, оюн аянтчаларын, парктарды жайгаштыруу ж.б.) боюнча ЖӨБО, ЖМА жана подрядчылар үчүн методикалык сунуштарды иштеп чыгуу, көрсөтүлгөн тараптардын методикалык сунуштары жөнүндө маалымдоо жана алардын сакталышына мониторинг жүргүзүү | 2025-жылдын I-II кварталдары, андан ары дайыма | ЖӨБО жана подрядчылар үчүн коомдук коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен коомдук жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштардын топтому бар | Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, ИИМ, МКЖӨБМА, ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖК (макулдашуу боюнча) |
8.2.2. ЖМА, ЖӨБО, ИИО, курулушчу компаниялардын жана башка подрядчылардын өкүлдөрү үчүн коомдук жайларда, турак жай курууда жана жанаша аймактарды көрктөндүрүүдө инфраструктуралык чечимдер боюнча методикалык сунуштарды колдонуу менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча семинарларды өткөрүү | 2025-жылдын II-III кварталдары | ЖМА, ЖӨБО, ИИО, курулушчулар жана башка подрядчылар айлана-чөйрөнүн дизайнынын негиздерин жана методикалык сунуштарды түшүнөт | Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, ИИМ, МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) ЖМА (макулдашуу боюнча), бизнес (макулдашуу боюнча) | ||
8.3 | "Коопсуз шаар" долбоорун жана башка технологиялык чечимдерди андан ары өнүктүрүү, "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын толук ишке ашыруу | 8.3.1. Коомдук жайларда "Коопсуз шаар" видеокамераларын жана башка видеокамераларды технологиялык чечимдер жана иш-аракеттердин алгоритмдери менен интеграциялоо, алар коомдук тартипти бузууну, мушташууларды жана адамдардын алсыз абалда болушун автоматтык түрдө аныктоого жана мындай окуяларга ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк берет | 2024-2025- жылдар | Коомдук жайларда (криминогендик кырдаалды эске алуу менен) Айгай баскычынын/SOS баскычынын сигналдарын берүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), бизнес |
8.3.2. "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишкердик субъекттери менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү | 2023-2025- жылдар | ИИО жана ЖӨБО өкүлдөрү Мыйзамдын абалы боюнча ишкердик субъекттери менен туруктуу негизде түшүндүрүү жолугушууларын өткөрүп турат | ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ишкердик субъекттери (макулдашуу боюнча) | ||
8.3.3. Коомдук жайларда жана жарандар көп барган жерлерде сырткы видеобайкоо камералары менен интеграцияланган шашылыш байланыш пункттарын орнотуу | 2024-жылдын III кварталы | Коомдук жайларда жана жарандар көп барган жерлерде сырткы видеобайкоо камералары менен интеграцияланган шашылыш байланыш пункттары орнотулду | ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
9. Жарандардын менчигине каршы кылмыштардын деңгээлин төмөндөтүү | |||||
9.1 | Уурулуктун алдын алууда тургундарды мобилизациялоо жана потенциалын жогорулатуу | 9.1.1. ЖӨБО жана ИИО күчтөрү тарабынан жеке мүлктү жана турак жайды коргоо каражаттары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүү, анын ичинде тургундар менен оффлайн жана онлайн жолугушууларды өткөрүү, маалыматтык басма жана видеоматериалдарды жайылтуу | 2024-2025- жылдар, андан ары дайыма | Калкка менчикти жана турак-жайды коргоо боюнча базалык маалыматтар берилет | ИИМ, МКЖӨБМА, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
9.1.2. Ынак коңшулук мамилелерге жана кыраакылыкка багытталган "коңшулук кайгуул" механизмин, анын ичинде методикалык сунуштамаларды, басма жана видеопродукцияларды иштеп чыгуу жана коомчулукту "коңшулук кайгуул" жөнүндө маалымдоо аркылуу өнүктүрүү | 2024-жылдын I кварталынан тартып | Коомчулук "коңшулук кайгуулдун" артыкчылыктары жана аны өнүктүрүү ыкмалары тууралуу маалымдалды | ИИМ, МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
9.1.3. Турак жайды коргоо үчүн күзөт кызматтарын колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык жолугушууларды өткөрүү, маалыматтык-түшүндүрүү материалдарын жайылтуу аркылуу тургундар арасында маалыматтык кампанияларды жүргүзүү | 2024-жылдын II кварталынан тартып | Тургундарга күзөт агенттиктеринин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануунун артыкчылыктары тууралуу маалымдалды. Күзөт пультуна туташтырылган турак жайларды камтуу кеңейди | ИИМ, МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), жеке күзөт агенттиктери (макулдашуу боюнча) | ||
9.2 | Менчикке каршы кылмыштардын болуу ыктымалдыгын төмөндөтүүчү санариптик технологияларды жана инфраструктуралык чечимдерди киргизүү | 9.2.1. Жалпы пайдалануудагы турак жай имараттарында жана ага чектеш аймактарда ("Коопсуз үй" жана "Коопсуз кирме") видеобайкоо камераларын бардык жерлерге орнотуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана практикалык ишке ашыруу жана аларды ИИО алдындагы бирдиктүү пультка туташтыруу | 2024-жылдын III кварталы - 2025-жылдын I кварталы, андан ары дайыма | "Коопсуз үй" жана "Коопсуз кирме" демилгелерин бардык жерлерде өнүктүрүү программасы бар, алар практикада ишке киргизилүүдө (видео байкоо камераларын орнотууда оң динамика бар) | ИИМ, МКЖӨБМА, СӨМ, ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
9.2.2. Коомдук транспортко видеобайкоо камераларын бардык жерлерде орнотуу боюнча уюштуруучулук-укуктук чараларды ишке ашыруу | 2024-жылдын III кварталы | Бардык коомдук транспортко видеобайкоо камералары орнотулду | ИИМ, ТКМ, СӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), коомдук транспорттун түзүмдөрү жана компаниялары (макулдашуу боюнча) | ||
9.3 | Уурдалган мүлктү сатуу каналдарын жабуу | Кылмыш жолу менен атайылап алынган мүлктү сатып алууга же сатууга жол берилбестик жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын жүргүзүү | 2024-жылдын II кварталынан тартып, андан ары дайыма | Атайылап уурдалган мүлктү сатып алуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка маалымдалды | ИИМ, МКЖӨБМА, ММСЖСМ, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
9.4 | Финансылык пирамидалардын жана алдамчылыктын башка түрлөрүнүн, анын ичинде телефондук жана кибер алдамчылыктын курмандыгы болуу тобокелдигин азайтуу үчүн жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу | 9.4.1. Калктын ар кандай топтору (анын ичинде балдар) менен финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү жана алдамчылыктын ар кандай формаларынын курмандыгы болуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ИИО, ЖӨБО кызматкерлери, окуу жайларынын мугалимдери жана башка алдын алуу субъекттери үчүн методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу, аталган алдын алуу субъекттерине методикалык сунуштамалар боюнча маалымдоо | 2024-жылдын II кварталы | Методикалык сунуштамалар бар, аталган алдын алуу субъекттери алар менен таанышып, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө колдонушат | ИИМ, УБ, МКЖӨБМА, БИМ, ММСЖСМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
9.4.2. Калк арасында алдамчылыктын түрлөрү жана ыкмалары, мындай укукка каршы аракеттерден коргонуу ыкмалары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү (социалдык роликтерди, басма продукциясын, ИИО калк менен отчеттук жолугушуулары аркылуу маалымдоо, ошондой эле ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу маалыматтарды жайылтуу) | 2025-жылдын II кварталынан тартып | Калкка алдамчылыктын ар кандай аспектилери жана андан коргонуу ыкмалары тууралуу маалымдалды, санариптик/финансылык сабаттуулук боюнча балдар/мектеп окуучулары үчүн социалдык роликтер. Мектептерде жана окуу жайларында түшүндүрүү иштерин күчөтүү | ИИМ, МКЖӨБМА, БИМ, ММСЖСМ, коомдук жана мамлекеттик ЖМК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), жеке ЖМК (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
9.4.3. Мектепте окутуу программасына интеграцияланган мектептеги билим берүүнүн алкагында балдар арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу | 2024-жылдын II кварталы | Финансылык сабаттуулук боюнча окутуу мектеп программасына интеграцияланды | БИМ, ИИМ | ||
10. Жолдордогу коопсуздук | |||||
10.1 | Жол-транспорт кырсыгынан каза болууну жана жаракат алууларды азайтуу (анын ичинде балдар арасында) | 10.1.1. Жолдордун авариялык кыйла кооптуу участокторунда жана окуу жайларынын жанында ылдамдык режимин азайтуу боюнча уюштуруу-укуктук жана инфраструктуралык чараларды көрүү, жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка инфраструктуралык жана санариптик чечимдерди ишке киргизүү | 2024-жылдын II кварталы | Жол-транспорт кырсыктарынын жасалуу тобокелдиктерин төмөндөтүү үчүн жолдордун авариялык кыйла кооптуу участокторунда, окуу жайларынын жанында ылдамдык режимин азайтуу боюнча сунуштар киргизилди. "Коопсуз шаар" долбоору масштабдалды, жол кыймылынын катышуучуларынын жоопкерчилик чаралары такталды | ИИМ, ТКМ, МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
10.1.2. Билим берүү мекемелеринде окутуу программаларын жана коштоочу окуу жана көрсөтмө материалдарын өркүндөтүү, билим берүү мекемелеринин жол коопсуздугу боюнча сабактарды контролдоо жана уюштуруу үчүн жооптуу атайын кызматкерин бекитүү маселесин чечүү | 2024-2025-жылдар | Билим берүү мекемелеринде жол коопсуздугу боюнча окутуу программасы бекитилди | ИИМ, БИМ, БП (макулдашуу боюнча), СӨМ, МКЖӨБМА, ЖӨБО, ЖК (макулдашуу боюнча) | ||
10.2 | Айдоо маданиятын жогорулатуу | 10.2.1. Жол кыймылынын эрежелерин сактоонун. Жол кыймылынын катышуучуларынын бири-бирине карата сый мамилесинин маанилүүлүгүн тууралуу ЖМК, социалдык тармактар аркылуу, көрсөтмө жарнамалык продукцияны орнотуу жана системалуу тартип бузуучуларга жеке маалыматтык каттарды жөнөтүү аркылуу маалымдоо жана агартуу боюнча комплекстүү программаны киргизүү, программаны ишке ашыруу | 2024-жылдын II кварталынан тартып | Маалымдоо жана агартуу боюнча комплекстүү программа ишке ашырылууда | ИИМ, ТКМ, ЖӨБО, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
10.2.2. Жол кыймылын колдоо боюнча кызматтын бардык инспекторлорун сертификатталган алкотестерлер менен жабдуу | 2025-жылдын I кварталынан тартып | Бардык инспекторлор сертификатталган алкотестерлер менен жабдылды | ИИМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча), бизнес (макулдашуу боюнча) | ||
10.2.3. Окутуу сапаты боюнча автомектептердин ачык рейтингин түзүү, рейтингди ИИМ сайтында жана ЖМКда жайгаштыруу | 2024-жылдын I кварталы | Автомектептердеги окутуу сапатынын рейтинги дайыма жаңыланып турат, маалыматтар ачык жайгаштырылат | ИИМ, ТКМ, СӨМ | ||
10.3 | Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды жана жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу жана статистикасы системасын өнүктүрүү | Процессти автоматташтыруунун жана бузуулардын электрондук базасына кирүү мүмкүндүгү бар планшеттерди, ошондой эле бодикамераларды колдонуунун натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү ыкмаларын жана формаларынын мазмунун өркүндөтүү | 2024-жылдын IV кварталы | Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүнүн автоматташтырылган системасы иштейт, бул түзүүнү жөнөкөйлөтүүгө жардам берет | ИИМ, КР БП (макулдашуу боюнча), СӨМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
11. Балдар арасындагы кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу | |||||
11.1 | Бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен балдардын жана жаштардын арасында укук бузуулардын жана антисоциалдык жүрүм-турумдун алдын алуунун бирдиктүү комплекстүү системасын өнүктүрүү | 11.1.1. Балдар арасындагы укук бузуулардын абалы жана себептери тууралуу комплекстүү изилдөө жана балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуудагы колдонулуп жаткан мамилелердин натыйжалуулугун талдоо | 2024-жылдын II кварталы | Балдар арасындагы укук бузуулардын жана антисоциалдык жүрүм-турумдун себеп-натыйжалык байланыштары жана алар менен иштөөдөгү болгон көйгөйлөр жөнүндө түшүнүк кеңейтилди | ИИМ, БИМ, ЭСКММ, СММ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
11.1.2. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жер-жерлердеги жергиликтүү биргелешкен пландарга балдар арасында профилактика боюнча өзүнчө бөлүмдөрдү киргизүү | 2024-жылдын I кварталы | Жер-жерлердеги бардык биргелешкен пландарда Концепциянын жана 11-бөлүмдүн мазмунун чагылдырган балдар арасында алдын алуу боюнча бөлүмдөр бар | МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЭСКММ, БИМ, ЖМА (макулдашуу боюнча) | ||
11.1.3. Позитивдүү ата-энелик образын илгерилетүү жана ата-энелерди жана камкорчуларды билим берүү процессине тартуу, бош убакытты жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча методикалык сунуштамаларды даярдоо жана ишке ашыруу, укуктук агартуу, тартылган алдын алуу субъекттерине методикалык сунуштамалар жөнүндө маалымдоо | 2024-жылдын I кварталы, андан ары дайыма | Балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү боюнча ата-энелердин жана камкорчулардын көндүмдөрү жакшырды, бош убакытты өткөрүү иш-чаралары, бирдиктүү маданий өнүгүү жана укуктук агартуу ж.б. программалар уюштурулду | БИМ, ММСЖСМ, ЭСКММ, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
11.2 | Балдар арасында зомбулуктун жана суициддин алдын алууда ата-эне институтунун ролун күчөтүү | Балдар арасындагы укук бузууларды алдын алуу, видео жана басма продукциясы, ЖМК жана социалдык тармактарда жарыялоолор аркылуу позитивдүү ата-эне образын илгерилетүү | 2024-жылдын II кварталынан тартып | Коомдо позитивдүү ата-эне образын өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөр түзүлдү | ММСЖСМ, БИМ, ЭСКММ, ИИМ, мамлекеттик жана коомдук ЖМК, жеке ЖМК (макулдашуу боюнча) |
11.3 | Балдарды зомбулуктан коргоо боюнча мамилелерди өркүндөтүү | 11.3.1. Балдарга карата зомбулуктун себептерине жана жайылуу факторлоруна комплекстүү талдоо жүргүзүү | 2024-жылдын II кварталы | Балдарга карата зомбулуктун таралышынын себеп-натыйжалык байланыштары жөнүндө түшүнүү кеңейтилди | ИИМ, БИМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ |
11.3.2. Балдардын ишеним телефонунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн натыйжалуулугун талдоо жана мындай кызматтардын ишин жакшыртуу жана балдарга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү | 2024-жылдын II кварталы | Балдардын ишеним кызматтарына кайрылуусу көбөйдү | ЭСКММ, БИМ, ИИМ, ЖК жана ЭУ | ||
11.4 | Алдын алуу субъекттердин ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин потенциалын жана мотивациялоону жогорулатуу | 11.4.1. Балдар арасындагы укук бузууларды алдын алуу боюнча ишке тартылган мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнө жана кызматкерлерине функциялык талдоо жүргүзүү | 2024-жылдын I кварталы | Жүргүзүлгөн функциялык талдоонун негизинде тартылган алдын алуу субъекттеринин ишин жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө | ИИМ, ЭСКММ, БИМ, ССМ, МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
11.4.2. Балдар иштери боюнча инспекторлор, окуу жайларынын социалдык педагогдору жана психологдору, балдар иштери боюнча комиссиялар (анын ичинде тартылган алдын алуу субъекттеринин ролдорун бөлүштүрүүчү жана алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу бирдиктүү) үчүн иш стандарттарын, кызматтык нускамаларды жана методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2024-жылдын II-III кварталдары | Жаңы иш стандарттары жана нускамалар заманбап чакырыктарга жана бул чөйрөдөгү эл аралык стандарттарга жооп берет | ИИМ, БИМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Балдар иштери боюнча комиссиялар | ||
11.4.3. Программаларга иштелип чыккан жаңы нускамаларды жана усулдук сунуштарды чагылдыруу Социалдык педагогдорду, класс жетекчилерди, балдар иштери боюнча инспекторлорду, балдар иштери боюнча комиссиялардын мүчөлөрүн жана башка тартылган алдын алуу субъекттерин балдар, алардын ата-энелери жана камкорчулары менен алдын алуу иштерин жүргүзүү маселелери боюнча системалуу түрдө окутуу (ар кандай алдын алуу субъекттеринин өкүлдөрү үчүн биргелешкен семинарларды өткөрүү мүмкүндүгүн кароо) | 2024-жылдын II кварталы, андан ары дайыма | Окуудан өткөн педагогдор, балдар иштери боюнча инспекторлор жана укук бузууларды алдын алуунун башка субъекттери балдар жана алардын ата-энелери (камкорчулары) менен иштөөдө кыйла натыйжалуу алдын алуу ишин түзүү үчүн билимдерди колдонот | БИМ, ИИМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
11.4.4. Балдар иштери боюнча комиссиялардын потенциалын жогорулатуу, алардын курамына психологдорду, психологдорду, наркологдорду, врач-психиатрларды тартуу | 2023-жылдын III кварталы | Бардык комиссиялардын ишине аталган чөйрөлөрдүн адистери тартылды | ССМ, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | ||
11.4.5. Балдар иштери боюнча инспекторлор, социалдык педагогдор жана башка тартылган алдын алуу субъекттер үчүн алдын алуу ишинин маселелери боюнча жана айрым оор кейстер боюнча (анын ичинде психологиялык аспекттерге басым жасоо менен) аралыктан (видеоконференция жана телефон байланышы аркылуу) консультация берүү системасын ишке киргизүү | 2024-жылдын I кварталы, андан ары дайыма | Тартылган алдын алуу субъекттери аралыктан консультацияларды ала алышат, ошону менен алар өздөрүнүн компетенциясын жогорулатышат | ССМ, БИМ, ИИМ, ЭСКММ | ||
11.4.6. Балдарды сексуалдык эксплуатациялоо фактыларын аныктоо боюнча системалуу иштерди жана үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүү | 2024-жылдын I кварталы, андан ары дайыма | Балдарды сексуалдык эксплуатациялоо фактылары аныкталууда | ИИМ, ЭСКММ, БИМ, ССМ | ||
11.5 | Балдар жана жаштар арасында социалдык пайдалуу жана спорттук активдүүлүк формаларын өнүктүрүү | 11.5.1. Мектептердин жана башка окуу жайлардын деңгээлинде баалуулук багыттарды калыптандыруу, спортко, социалдык пайдалуу жана коомдук активдүүлүккө тартуу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу. программаны ишке ашыруу | 2024-жылдын I кварталы, андан ары дайыма | Мектептерде жана башка окуу жайларында балдарды социалдык пайдалуу жана коомдук активдүүлүккө тартуу бардык жерде системалуу негизде жүргүзүлөт | БИМ, ММСЖСМ, ЭСКММ, ИИМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
11.5.2. Толеранттуулукту, эмоционалдык интеллектти, медиацияны, чыр-чатактарды зомбулуксуз чечүү методдорун өнүктүрүү жана турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча, анын ичинде "Жашоого кошул!", "Зордук-зомбулуксуз мектеп" пилоттук демилгелик долбоорлордун мамилелерин кеңири жайылтуу аркылуу берүү программасын киргизүү | 2024-жылдын II кварталы, андан ары дайыма | Программа иштелип чыкты жана ишке киргизилди | БИМ, ММСЖСМ, ЭСКММ, ИИМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
11.6 | Балдардын суициддик жүрүм-турумун өз убагында диагностикалоо чараларын ишке киргизүү, ата-энелер үчүн окутуу программаларын өнүктүрүү | 11.6.1. Суициддик жүрүм-турумга туруштук бербөөнү жана ыктоону баалоо системасын жана окуу жайлары, балдар иштери боюнча инспекторлор жана башка тартылган алдын алуу субъекттери үчүн мындай балдар жана алардын ата-энелери (камкорчулары) менен иштөө боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу (баланын стигматизациясын болтурбоо үчүн купуялуулукту сактоо менен), тартылган алдын алуу субъекттерин балдардын жана өспүрүмдөрдүн суициддик жүрүм-турумунун белгилерин аныктоо боюнча окутуу | 2023-жылдын IV кварталы, андан ары дайыма | Туруштук бербөөнү баалоо системасы ишке киргизилди | ССМ, БИМ, ЭСКММ, ИИМ, ЖК жана ЭУ |
11.6.2. Алдын алуу жана балага жардам көрсөтүү субъекттеринин ишин оңдоо үчүн суицид жана суицид жасоо аракеттеринин себептик-натыйжалык байланышты талдоо практикасын ишке киргизүү | 2023-жылдын III кварталы, андан ары дайыма | Талдоо системасы ишке киргизилди | ССМ, БИМ, ЭСКММ, ИИМ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
12. Аялдарга карата зомбулукту жоюу | |||||
12.1 | Мыйзамдардын аткарылышын баалоо, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүнүн себептерин, ченемдерди жана практиканы андан ары өркүндөтүү максатында убактылуу коргоо ордерлеринин жана түзөтүүчү программалардын натыйжалуулугун талдоо системасын киргизүү | 12.1.1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун себептерин, анын ичинде алдын алуу чараларын иштеп чыгуу үчүн социалдык-экономикалык, психологиялык, материалдык жана башка факторлорду деталдуу талдоо боюнча ишти өркүндөтүү, талдоонун натыйжаларын жарыялоо | 2024-2025- жылдар | Укук колдонуу практикасында маалыматтарды колдонуу максатында алдын алуу субъекттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча семинардын жыйынтыгы боюнча маалымат алынды | ЭСКММ, ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
12.1.2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун субъекттеринин ортосундагы координациялоо механизмин өркүндөтүү, анын ичинде маалымат алмашуу системасын жакшыртуу, жабырлануучулар менен иштөө жана зомбулуктун жана алдын алуунун конкреттүү учурлары боюнча аракеттердин алгоритми | 2024-жылдын III кварталы | Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар субъекттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн өркүндөтүлгөн системасынын, үзгүлтүксүз маалымат алмашуунун жана белгиленген кайра багыттоо системасынын натыйжасында кыйла натыйжалуу жардам алышат | ЭСКММ | ||
12.1.3. "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин жөнгө салуучу ведомстволук актылардын жана ЖӨБО актыларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле ЧУАга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2024-жылдын I кварталы | Мониторинг практикалык иштеги кемчиликтерди аныктоого жана жоюуга мүмкүндүк берет | ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК (макулдашуу боюнча) | ||
12.1.4. Убактылуу коргоо ордерлерин берүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө, мыйзамдык жана ведомстволук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу бул механизмдерди өркүндөтүү үчүн күнөөлүү адамдар тарабынан түзөтүүчү программалардан өтүү практикасына талдоо жүргүзүү | 2024-жылдын II-III кварталдары | Коргоо ордерлерин берүү жана алардын натыйжалуулугун көзөмөлдөө практикасы, ошондой эле түзөтүүчү программалардан өтүү практикасы жакшыртылды | ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), ЮМ алдындагы Пробация департаменти, ЭСКММ | ||
12.1.5. Үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча бардык субъекттердин катышуусу менен симуляциялык семинарларды өткөрүү | 2023-жылдын III-IV кварталдары | Аялуу үй-бүлөлөрдү кризистик кырдаалдан чыгаруу боюнча чаралар жакшыртылды, өз убагында жардам көрсөтүү зордук-зомбулук учурларынын санын кыскартты | ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК (макулдашуу боюнча) | ||
12.1.6. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерден биргелешип чара көрүү үчүн көп профилдүү командаларды түзүү жана үй-бүлөлөрдү кризистик кырдаалдардан чыгаруу боюнча комплекстүү жардам көрсөтүү | 2024-жылдын II кварталы | Аялуу үй-бүлөлөрдү кризистик кырдаалдан чыгаруу боюнча чаралар жакшыртылды, өз убагында жардам көрсөтүү зордук-зомбулук учурларынын санын кыскартты | ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча). министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК (макулдашуу боюнча) | ||
12.2 | Гендердик зомбулуктун бардык түрлөрү боюнча алдын алуу субъекттеринин потенциалын жогорулатуу жана алдын алуу субъекттерин методикалык камсыздоо | 12.2.1. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү боюнча алдын алуу субъекттеринин ролун жана ыйгарым укуктарын талдоо | 2024-жылдын I кварталы | Субъекттердин потенциалын андан ары жогорулатуу жана алдын алууга тартуу үчүн алардын ролу аныкталган | ЭСКММ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) |
12.2.2. Адистердин квалификациясын жогорулатуу механизмдерин өркүндөтүү, алдын алуу субъекттеринин кызмат адамдарын аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча интенсивдүү окутуу | 2024-жылдын I кварталынан тартып, андан ары дайыма | Ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери зомбулукту алдын алуу жана жабырлануучулар менен иштөө боюнча жетиштүү деңгээлдеги компетенцияга ээ | ЭСКММ, ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
12.2.3. Үй-бүлөлүк зомбулук, балдарга карата ырайымсыз мамиле кылуу, эрте никеге туруу, ошондой эле аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүү учурлары менен иштөө боюнча жооптуу органдардын кызматкерлери үчүн колдонуудагы методикалык сунуштамаларды өркүндөтүү жана жаңы методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2024-жылдын II кварталы | Жооптуу органдардын кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулук, балдарга ырайымсыз мамиле кылуу, эрте никеге туруу, ошондой эле аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун башка түрлөрү учурлары менен иштөө боюнча методикалык сунуштамалардын негизинде иштейт | ЭСКММ, ИИМ, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери), ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
12.2.4 Кризистик борборлор үчүн стандарттарды иштеп чыгуу | 2023-жылдын I-II кварталдары | Бүткүл республика боюнча кризистик борборлор бирдиктүү стандарттарга ылайык иштейт | ЭСКММ, ЖК жана ЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
13. Кызматтык кылмыштардын алдын алуу | |||||
13.1 | Кызмат адамдарынын арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу механизмин түзүү | 13.1.1. Кызмат адамдары тарабынан жасалган укук бузууларды эсепке алуу жана криминологиялык талдоо системасын өркүндөтүү | 2024-жылдын III кварталы | Кызматтык кылмыштарды талдоо жүргүзүлүп, маалыматтар кызмат адамдарынын арасында алдын алуу үчүн пайдаланылууда | БП (макулдашуу боюнча) |
13.1.2. Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча статистикалык маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылуу | Жыл сайын | КР Башкы прокуратурасынын сайтында кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча статистикалык маалыматтарды квартал сайын жарыялоо аркылуу маалыматтардын ачыктыгы камсыз кылынды | БП (макулдашуу боюнча) | ||
13.2 | Укук коргоо, сот, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кадрдык потенциалын чыңдоо | Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо программасына укук бузуулардын жана кызматтык кылмыштарды алдын алуу боюнча окуу курсун киргизүү | 2024-жылдын III кварталынан тартып 2025-жылдын II кварталына чейин | Ыйгарым укуктуу кызмат адамдары кызматтык кылмыштардын алдын алуу боюнча компетенциянын зарыл болгон деңгээлине ээ | ИИМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча), Сот адилеттигинин жогорку мектеби (макулдашуу боюнча);, БП окуу борбору (макулдашуу боюнча) |
13.3 | Укук коргоо, сот, мамлекеттик органдарда өзүнчө психологиялык кызматтарды түзүү жана чыңдоо | 13.3.1. Кесиптик деформация менен иштөө жана укук коргоо, сот, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин стресске туруктуулугун өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаларды жана түзөтүү курстарын ишке киргизүү | 2025-жылдын I-II кварталдары | Кесиптик алсыздыкты жана инсандын деформациясын алдын алуу, укук коргоо, сот жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин стресске туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттар түзүлдү. | ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), сот органдары (макулдашуу боюнча) |
13.3.2. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бекитилген бейтапканаларда кесиптик психологиялык текшерүүдөн өтүү жана консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн медициналык камсыздоого киргизүү | 2025-жылдын I кварталы | Кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү психологиялык жардам көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалана алышат | ССМ | ||
13.4 | Укук коргоо, сот, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча механизмдерди ишке киргизүү | Мүмкүн болгон кооптуулукту аныктоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген кесиптик тобокелдиктерди башкаруу системасын ишке киргизүү, алар кызматкерлерге таасир эте, эмгек шарттарын жакшыртуу милдеттерди түзө, ошондой эле конкреттүү иш-чараларды жана жооптуу адамдарды аныктай алат | 2024-жылдын I кварталы | Кызматкерлердин жана жарандардын укуктарынын бузулушун аныктоонун механизмдери күчөтүлдү | Министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик органдар (алдын алуу субъекттери) |
Кыскартуулардын тизмеси:
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
ЖӨБ Союзу | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ЖК | - | жарандык коом |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
КБР ж УББР | - | Кылмыштардын бирдиктүү реестри жана укук бузуулардын бирдиктүү реестри |
БИИ | - | балдар иштери боюнча инспекторлор |
МК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
ЭУ | - | эл аралык уюмдар |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УСИИ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
ИИО | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
РОБ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борбору |
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
ККК | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы |
МККББ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы |
МАЫӨ | - | милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү |