Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 666
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү, юстиция органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
- 13-пункттун жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Министрликтин, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн мыйзамда каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн болгон мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;";
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин жана аймактык бөлүмдөрдүн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат, алар чечим тапшырылган күндөн же Министрлик жана аймактык бөлүмдөр тарабынан аракеттер жасалган күндөн тартып отуз жумуш күндүн ичинде административдик даттануу берилген учурда бир жолудан көп эмес жокко чыгарылышы мүмкүн;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3549) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |