Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 28-февралы № 102

Терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 32-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров