Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 102 токтомуна) |
Терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана терроризм актысына бөгөт коюуда мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын, кызматкерлеринин жана адистеринин иш-аракеттерине байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
материалдык зыян - терроризм актысына бөгөт коюуда мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын, кызматкерлеринин жана адистеринин иш-аракеттеринин натыйжасында жаранга же юридикалык жакка таандык мүлктүн жок болушу же зыянга учурашы;
компенсация - материалдык зыян келтирилгендигине байланыштуу мамлекеттик орган тарабынан жеке жана юридикалык жактарга республикалык бюджеттен акча каражатын төлөө;
аскер кызматчылары, кызматкерлер жана адистер - терроризм актысына бөгөт коюуга катышкан мамлекеттик органдардын аскер кызматчылары, кызматкерлери жана адистери.
3. Мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын, кызматкерлеринин, адистеринин иш-аракеттеринин себептик-натыйжалык байланыштарынын болушу компенсация төлөө үчүн негиз болуп саналат.
4. Терроризм актысын жасоого катышкан адамга келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбайт.
5. Материалдык зыяндын ордун толтуруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - ӨКМ) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Материалдык зыяндын компенсацияларын төлөө үчүн кайрылууларды кароо тартиби
6. Мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын, кызматкерлеринин, адистеринин иш-аракеттеринин себептик-натыйжалык байланышын жана конкреттүү жеке жана юридикалык жактарга келтирилген материалдык зыянды аныктоо жасалган (даярдалып жаткан) терроризм актысы факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жаткан тергөөчү тарабынан жүргүзүлөт жана материалдык зыян жөнүндө маалымкат түрүндө таризделет.
7. Материалдык зыян жөнүндө маалымкат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- материалдык зыян келтирилген менчик ээсинин маалыматтары;
- материалдык зыян келтирилген мүлктүн тизмеги;
- мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмү же жок болгон мүлк (жок кылынган, жараксыз абалга келген).
8. Материалдык зыян келтирилген жеке жана юридикалык жактар компенсация алуу максатында материалдык зыян келтирилгенден кийин 30 календардык күндүн ичинде, эгерде алар камсыздандыруу уюмдарында камсыздандырылбаса, терроризм актысы жасалган жер боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (мындан ары - УКМК) арыз берет.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- материалдык зыян жөнүндө маалымкат;
- материалдык зыян келтирилген мүлккө менчик укугун аныктаган документтер (мүлккө менчик укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү);
- банк мекемесиндеги эсептин номери.
9. Компенсациянын өлчөмү Материалдык зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан аныкталат жана иш жүзүндөгү материалдык зыяндын өлчөмүнө барабар.
10. УКМК төмөнкүдөй курамдагы Комиссияны түзөт:
облустарда:
- УКМКнын облустук аймактык бөлүмүнүн начальниги (Комиссиянын төрагасы);
- ӨКМдин облустук башкармалыгынын начальниги;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин башка адистери, анын ичинде көз карандысыз баалоочулар (келтирилген материалдык зыяндын мүнөзүнө жараша Комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат);
Бишкек шаарында:
- УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын начальниги (Комиссиянын төрагасы);
- ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин башка адистери, анын ичинде көз карандысыз баалоочулар (келтирилген материалдык зыяндын мүнөзүнө жараша Комиссиянын төрагасы аныктайт).
Комиссия арыз катталган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде материалдык зыяндын өлчөмүн баалоону уюштурат.
11. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоону уюштуруу төмөнкү этаптарды камтыйт:
- мүлк ээси менен макулдашуу боюнча материалдык зыяндын өлчөмүнө баалоо жүргүзүү убактысын жана жерин аныктоо;
- материалдык зыяндын өлчөмүнө баалоо жүргүзүү;
- материалдык зыянды компенсациялоо же жоголгон мүлктүн наркы жөнүндө смета түзүү;
- материалдык зыянды баалоо жана компенсациянын өлчөмү жөнүндө корутунду менен мүлк ээсин тааныштыруу.
12. Материалдык зыянды компенсациялоо өлчөмүн баалоо мүлктүн эскиргендигин эске алуу менен мүлккө материалдык зыян келтирилген учурда колдонулуп жаткан рыноктук баалар боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде мүлктү калыбына келтирүү мүмкүн болбосо же экономикалык жактан негизделбесе, ал жок кылынды деп эсептелет. Эгерде мүлктү компенсациялоого күтүлгөн чыгымдар зыян келтирилген күндөгү анын рыноктук наркынын сексен пайызынан ашык болсо, мүлктү калыбына келтирүү экономикалык жактан негизделбеген деп эсептелет.
13. Эгерде жеке же юридикалык жак 8-пунктта көрсөтүлгөн зарыл документтерди көрсөтүлгөн мөөнөттө бербеген учурда, материалдык зыянды компенсациялоо жөнүндө арыз кароосуз арыз ээсине кайтарылат. Арызды кароодон баш тартуу арыз ээсин кайра арыз жиберүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.
14. Комиссия ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди ӨКМге берет, ал 14 жумуш күндүн ичинде компенсация төлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун демилгелейт.
3. Компенсациялоону жүзөгө ашыруу
15. Компенсацияны төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык ӨКМ сметасында акча каражаты болгон учурда мүлк ээсинин арызында көрсөтүлгөн банк эсебинин номерине 7 банк күнүнүн ичинде акча каражатын которуу жолу менен жүргүзүлөт.
16. Компенсация төлөөнүн жана компенсациянын өлчөмүнүн негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик Комиссияга жүктөлөт.