Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 660
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын ишин андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Мамлекеттик соттук-эксперттик" деген сөздөр "Соттук-эксперттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускамада:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. СЭК төмөнкүдөй багыттар боюнча соттук экспертиза жүргүзөт:
1) автотехникалык экспертиза;
2) баллистикалык экспертиза;
3) видеотехникалык экспертиза;
4) жарылууга техникалык экспертиза;
5) компьютердик-техникалык экспертиза;
6) материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертизасы;
7) лингвистикалык экспертиза;
8) кол жазма таануу экспертизасы;
9) өрт-техникалык экспертиза;
10) психологиялык экспертиза;
11) дин таануу экспертизасы;
12) курулуш-техникалык экспертиза;
13) документтердин техникалык экспертизасы;
14) трасологиялык экспертиза;
15) транспорттук-трасологиялык экспертиза;
16) фоноскопиялык экспертиза;
17) экономикалык экспертиза.";
- 8-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Документтердин түп нускалары жоголгон же жок кылынган учурда аталган документтердин экспертиза дайындаган орган (жак) тарабынан белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эксперттик изилдөө объекттеринин аныктыгына жана жол берилгендигине экспертиза дайындаган орган (жак) кепилдик берет.";
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Эгерде изилдөө объектин СЭКге ташып жеткирүү мүмкүн болбогон учурда, соттук экспертиза дайындаган орган же жак экспертти экспертиза объектине жеткирүүнү, ага тоскоолдуксуз жетүүсүн жана изилдөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылат.";
- 36-пунктта:
тогузунчу абзацта "үч же андан көп изилдөө объектилери" деген сөздөр "татаал жана көп объекттик изилдөөлөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экспертиза жүргүзүү эксперт кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч жиберген учурда 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө токтотулуп турат.";
- 37-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Экспертиза жүргүзүү мөөнөтү ал экспертке тапшырылган күндөн тартып эсептелет. Эгерде экспертиза жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн аякташы жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөтү аяктаган күн болуп андан кийинки жумуш күн эсептелет.";
- 42, 43, 49-пункттарда ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "канцелярия" жана "кеңсе" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Нускаманын 2-тиркемесинде:
"кеңсеге" деген сөз "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |