Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 14-декабры ПЖ № 343
"Акылман" президенттик лицейи жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 366 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Таланттуу жаштарды мындан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду өстүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. "Акылман" президенттик лицейи" мекемеси (мындан ары - "Акылман" лицейи) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарылсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) "Акылман" лицейи түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш иет;
2) “Акылман” лицейин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт;
3) "Акылман" лицейинин жогорку башкаруу органы болуп Көзөмөлчүлүк кеңеши эсептелет, Кыргыз Республикасынын Президенти анын төрагасы болуп саналат.
Көзөмөлчүлүк кеңешинин түзүмү, компетенциясы, түзүү тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү, алардын чечимдерди кабыл алуу тартиби "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 366 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. "Акылман" лицейинин ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жана устав түзөт.
"Акылман" лицейинин иши эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку билимдүү интеллектуалдык бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоого мүмкүндүк берүүчү кыргыз жана дүйнөлүк билим берүү системаларынын мыкты салттарын айкалыштырган орто билим берүүнүн инновациялык моделин түзүүгө багытталган.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 366 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. "Акылман" лицейи өзүнүн ишин төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырат:
1) академиялык эркиндик;
2) билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү интеграциялоо;
3) автономиялуулук жана өз алдынча башкаруучулук;
4) чечимдерди кабыл алуунун коллегиялуулугу;
5) социалдык жоопкерчилик жана айкындуулук.
5. "Акылман" лицейинин директору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча 2 жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү бекитүүгө киргизсин:
- "Акылман" лицейинин уставынын долбоорун;
- "Акылман" лицейинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте 2024-жылга "Акылман" лицейин күтүүгө чыгымдардын сметасын 136541830 (бир жүз отуз алты миллион беш жүз кырк бир миң сегиз жүз отуз) сом суммасында бекитсин.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде "Акылман" лицейи тарабынан жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү улуттук режимден алып салуу боюнча башка чараларды көрсүн.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |