Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа буйругуна ылайык) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
______________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО.
ТЫШКЫ ТАРМАКТАР ЖАНА КУРУЛМАЛАР
Водоснабжение. Наружные сети и сооружения
Water supply. Outdoor networks and facilities
СНиП 2.04.02-84*
жаңыртылган редакциясы
______________________________________________________________
| Ишке киргизүү датасы – 2023.__.__ |
1 Жалпы маалыматтар
1.1 Колдонуу аймагы
1.1.1 Бул КР КЧ 40-01:2023 «Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар» курулуш ченемдери (мындан ары ‒ «КЧ») суу ресурстарынын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылуусун камсыздоочу, инженердик тарамдардын жана курулмалардын жыйындысы катары келүүчү суунун алынышын, сакталышын, колдонууга даярдалышын, берилишин жана керектѳѳчүлѳргѳ суу менен камсыздоо системасы аркылуу бѳлүштүрүлүүсүн иретке салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын ишке ашыруу максаттарында иштелип чыкты.
1.1.2 Бул КЧнын талаптары сууну пайдалануунун экологиялык жактан коопсуз жана экономикалык жагынан оптималдуу деңгээлге жеткирилүүсүн жана да калктын жашоо шарттарын, курчап турган чѳйрѳнүн бузулбай сакталышы жана жакшыртылуусу үчүн суу фондусунун корголушун колдоону камсыз кылат.
1.1.3 Бул КЧ ченемдерди жана милдеттүү талаптарды орнотот, булар бардык типтеги айылдык жана шаардык калктуу конуштардын, эл чарбасынын объектилерин сырткы суу менен камсыздоонун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып/реабилитацияланып жаткан системаларын долбоорлоодо бузулбай сакталышы зарыл.
1.1.3 Суу менен камсыздоо системаларынын долбоорлорун иштеп чыгууда аракетте турган ченемдик техникалык документтер жана укуктук актылар, ошондой эле калктуу конуштарды, алардын 40–50 жылга келечектүү ѳнүгүүсүн эсепке алуу менен ѳнүктүрүүнүн генералдык схемаларынын жана пландарынын аракеттеги долбоорлору жетекчиликке алынышы керек.
1.2 Ченемдик шилтемелер
Бул КЧнын колдонулуусу үчүн негизги жана кошумча шилтемелик ченемдик укуктук актылар жана да А Тиркемесине ылайык келүүчү ченемдик-техникалык документтердин болушу зарыл.
Эскертүү – Бул КЧны колдонууда шилтеме алынчу документтердин иш-аракеттерин текшерүү максатка ылайыктуу:
- жалпы колдонуудагы маалыматтык системада ‒ Кыргызстандарттын официалдуу сайтында, тийиштүү жылга стандартташтыруу боюнча документтердин кварталдык, жылдык Катологунда;
- курулуш боюнча «Курулуш каталогунун (КК)» Кыргыз Республикасынын территориясында тийиштүү жылга аракетте болуучу ченемдик документтеринде.
Эгер шилтемелик документ алмаштырылган (ѳзгѳртүлгѳн) болсо, анда бул КЧны колдонгон учурда алмаштырылган (ѳзгѳртүлгѳн) документ жетекчиликке алынганы ылайык. Эгер шилтемелик документ алмаштыруусуз жокко чыгарылган болсо, анда ага шилтеме берилгендеги жобо бул шилтеме тийиштүү болбогон бѳлүгүндѳ пайдаланылат.
1.3 Терминдер жана аныктамалар
Бул КЧда Б Тиркемесинде келтирилген терминдер жана аныктамалар пайдаланылды.
2 Долбоорлоо ченемдери
2.1 Жалпы жоболор
Бул бѳлүм эсептик убакыт аралыгын, калктын санын болжолдоп билүүнүн эсептик формулаларын, суунун чыгуу булактарын кошуп суу менен камсыздоонун системаларын долбоорлоого карата эрежелерди жана критерийлерди, сууну алуу орун жайларын жана аларды суунун сапатынын жана ѳлчѳмүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коргоп-сактоону, суу алып ѳтүүлѳрдү, бѳлүштүрүүчү тармакты, насостук станцияларды жана суу топтогучтарды, жабдууларды жана прогрессивдүү техникалык чечилиштерди, техникалык-экономикалык эсептѳѳлѳрдү ж.б. баяндайт.
Долбоорлоо учурунда объекттерди суу менен камсыздоо системаларын алардын кайсы бир башкармалыкка тийиштүүлүгүнѳн кѳз карандысыздыкта кооперациялоонун максатка ылайыктуулугу каралганы зарыл.
Ушунда объектилерди суу менен камсыздоо долбоорлору, эреже катары, суунун иштетилгенин тазалоо, алып ѳтүү долбоорлору жана да суунун керектелиш балансынын милдеттүү анализи жана агынды сууну тазалоо, алып ѳтүү долбоорлору менен бир учурда иштелгени ылайык.
Суу электрдик жана жылуулук энергиялары менен катар эле энергетикалык азык болуп эсептелинет, мына ушундан улам аны пайдалануунун экономикалык натыйжалуулугуна карата тийиштүү талаптардын кѳңүлгѳ алынышы зарыл.
Чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына деп берилүүчү суунун сапаты санитардык эрежелердин жана ченемдердин гигиеналык талаптарына ылайык келиши керек («Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы).
Чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына деп пайдаланылуучу сууну колдонууга даярдоодо (тазалоодо), ташып жеткирүүдѳ жана сактоодо Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык жактан санаасыздыгы жаатындагы мыйзамдарында аныкталып берилген тартипте алардын коопсуздугун бекемдѳѳчү санитардык-эпидемиологиялык жыйынтык-бүтүмгѳ ээ жабдууларды, реагенттерди, ички дат басууга каршы жабууларды, чыпкалоочу материалдарды пайдаланган ылайык.
Ѳндүрүштүк муктаждыктарга деп берилчү суунун сапаты анын ѳндүрүп чыгарылчу продукцияга тийгизген таасири жана тейлѳѳчү адамдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттардын камсыз кылынышы эсепке алынуу менен технологиялык талаптарга ылайык келиши керек.
Ѳз алдынчалуу сугаттык суу түтүктѳрүндѳгү же ѳндүрүштүк суу түтүктѳрү тарамдарындагы сугатка деп берилчү суунун сапаты санитардык-гигиеналык жана агротехникалык талаптарды канааттандырышы керек.
Чарбалык-ичүүчү суу түтүктѳрү долбоорлорунда «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу жана «Ичүүчү суу тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы «Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы актыларды бекитүү жѳнүндѳгү» № 68 токтомуна ылайык суу менен камсыздоо булактарын, суу түтүктѳрү курулушта-рын, насостук станцияларды жана суу алып ѳтүүлѳрдү санитардык сактап-коргоо аймактарынын (мындан ары ‒ ССКА) болушу кѳңүлгѳ алынганы зарыл.
Жергиликтүү шарттардан жана ѳзгѳчѳлүктѳрдѳн кѳз карандылыкта, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашып, санитардык сактап-коргоо аймагы (ССКА) алкактарынын кеңдиктерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы «Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы актыларды бекитүү жѳнүндѳгү» № 68 токтомунун 1- тиркемесинин 3-бөлүмүнүн 9-пунктунун ченемдери боюнча кабылдоо сунушталат.
Ошондой эле ССКАны Е тиркемесинде келтирилген ченемдер боюнча кабылдоо сунушталат.
Эскертүүлөр
1 Суу алып ѳтүү түзүлүштѳрүнүн тегереги тосулушу керек. Биринчи алкактын санитардык сактап-коргоо аймактары менен сууну колдонууга даярдоо станцияларынын, насостук станциялардын, суу топтогучтардын жана суу мунараларынын (сууну атырылтып түртүп чыгаруучу мунаралардын) аянтчалары мындай аймактардын бардык территорияларында 2 метр бийиктикте жылчыксыз дубалдар менен курчалганы ылайык.
2 ССКАнын I алкагынын сактап-коргоо дубал-тосмосунун аткарылышы жеке эле заводдук даярдалыштагы бетон дубалдары эмес, андан кем эмес натыйжалуу зым тосмолор, зым арматураларынан жасалчу «Рабица» торлору, полистролдон бекем жиптер же пресс-формаларды жана полиэтилен каптарын ж.б. таңуу үчүн волокнолор аркылуу да болушу мүмкүн, булар устундарга (жыгач, металл, бетон ж.б.) ар бир 2,5–3 метрден кийин, бийиктиги 1,5–2,5 метрге чейин болуп бекитилет (караңыз Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы «Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы актыларды бекитүү жѳнүндѳгү» № 68 токтомунун 42-п.).
3 Санитардык коргоонун 2- жана 3-аймактары үчүн эки бѳлүктѳн куралып, тѳмѳнкүсү бийиктиги 1,7 м тор панелдеринен жана жогоркусу бийиктиги 0,3 м тикенек зымдан туруучу тосмонун коюлушуна жол берилет. Мындагы бардык учурларда тосмонун жогорку бѳлүгү үчүн анын ички тарабынын кронштейндериндеги тикенек зымдар 4–5 зымдардын катарынан туруусу кѳңүлгѳ алынуусу зарыл.
4 Ѳтмѳктѳрдѳн жана административдик-тиричиликтик имараттардан тышкары учурларда дубал-тосмонун курулуштарга чукул орнотулуусуна жол берилбейт.
Жабдуулар, материалдар жана дагы башка продукциялар талап кылынган сапаттагы суунун үзгүлтүксүз берилип иштѳѳсү боюнча ченемдик талаптарды аткарууда токтоп калбастыкты камсыз кылышы керек.
Жалпы дайындалыштагы ѳнѳр жай продукциясы суу менен камсыздоо системасында аны пайдалануунун ѳзгѳчѳлүктѳрүн кѳңүлгѳ алуусу зарыл (МАМСТ 10704; МАМСТ Р 52134; МАМСТ 18599).
Суу менен камсыздоо системаларын жана түзүлүштѳрүн долбоорлоодо прогрессивдүү техникалык чечилиштер, эмгекти кѳп талап кылуучу жумуштарды механизациялоо, технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана курулуштук-монтаждык жумуштарды максималдуу индустриалдаштыруу, ошондой эле системаларды куруу жана эксплуатациялоо учурунда экологиянын, адамдардын ден соолугунун коопсуздугунун талаптарын камсыздоо алдын ала кѳңүлгѳ алынышы керек (МАМСТ 12.1.005).
Ушул КЧны жетекчиликке алып, суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоодо жана курууда тиешелүү негиздеме менен жана жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырууну эске алып, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча заманбап чет элдик технологиялар жана жабдуулар колдонулушу мүмкүн.
Долбоорлордо кабыл алынуучу негизги техникалык чечилиштер жана алардын жүзѳгѳ ашырылыш кезектүүлүгү мүмкүн болгон варианттардын кѳрсѳткүчтѳрүн салыштырууга негиздениши керек. Техникалык-экономикалык эсептѳѳлѳрдү артыкчылыктуу жактарын жана мүчүлүштүктѳрүн эсептѳѳсүз аныктоого болбогон варианттар боюнча аткарган ылайык. Оптималдуу вариант материалдык ресурстардын, эмгектин жумшалуусунун, электр энергиясынын жана күйүүчү майдын чыгымдалышын, ошондой эле курчап турган чѳйрѳгѳ таасир этүүнү эсепке алуу менен келтирилген чыгымдоолордун эң эле кичине чоңдугу менен аныкталат.
Эскертүү – Кайрадан курулуп же реконструкцияланып жаткан суу менен камсыздоо тарамдарын долбоорлоодо суу түтүктѳрү тарамдары суунун эсебин алуу приборлорун (суунун чыгымдалышынын эсептегичтерин) кудукта же керектѳѳчүдѳ климаттык шарттардын анализин эсепке алып үстүдѳгү шкафына орнотуу менен керектѳѳчүлѳрдүн участокторунун чек араларына түздѳн-түз жакындатылып алып ѳтүлүүсү керек.
2.2 Суунун эсептик чыгымдалыштары жана эркин күч менен түртүлүүлѳр
Бул бѳлүмдѳ калктуу конуштардын ар башка түрлѳрү үчүн сууну керектѳѳ ченемдери, ошондой эле сууну ар башка максатта чыгымдоо ченемдери: калктуу конуштарда жана ѳнѳр жай ишканаларынын территорияларындагы сугат иштери, үйдѳгү малды, канаттууларды жана жаныбарларды сугаруу үчүн чыгымдоонун ченемдери, ѳндүрүштүк муктаждыктарга чыгымдоолор, ѳрткѳ каршы муктаждыктар, системада суунун жол берилген жоготуулары жана да административдик жана социалдык инфратүзүмдүн керектѳѳлѳрү берилди. Бѳлүм ошондой эле суу түтүктѳрү тарамдарында эркин күч менен түртүлүүлѳрдү камсыздоо боюнча баяндалышты жана ченемдерди камтыйт.
2.2.1 Суунун чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына делинген эсептик чыгымдалыштары
2.2.1.1 Калктуу конуштарды суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоодо калктын чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына сууну салыштырмалуу орточо суткалык (1 жылга) керектѳѳсү 1-таблицада кѳрсѳтүлгѳндѳй кабылданышы керек.
Эскертүү – 1-таблицада кѳрсѳтүлгѳн чектерде суунун салыштырмалуу керектелишинин ченемдерин тандап алуу климаттык шарттардан, суу менен камсыздоо булагынын кубаттуулугунан жана суунун сапатынан, ыңгайлуу жашоо шартынын түзүлүү даражасынан, имараттын канча кабаттуу экенинен, жергиликтүү шарттардан жана калктуу конуштун түрүнѳн*), калктуу конуштун социалдык-тиричиликтик багыттагы объекттер менен камсыздалгандыгынан кѳз карандылыкта жүргүзүлүүсү керек.
1) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын административдик-территориалдык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы.
2) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура тууралуу» Мыйзамы.
Объекттин түрүн (кѳрүнүшүн) кѳңүлгѳ алуу дээрлик максатка ылайыктуу, себеби шаардык жана айылдык шарттарда суунун керектелүүсү жыл мезгили боюнча кандай болсо, так эле ошондой дайындалышы боюнча да олуттуу айырмалуу.
1- таблица – Сууну калктын чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына салыштырмалуу орточо суткалык керектѳѳсү
Калктуу конуштун түрү, имараттын канча кабаттуу экени, ыңгайлуу жашоо шартынын түзүлүү даражасы, жергиликтүү шарттар | Суунун бир жашоочуга орточо суткалык (1 жылга) салыштырмалуу чарбалык-ичүүгѳ деп керектелүүсү, (суткасына литр) |
1 | 2 |
1. 1 миллиондон ашык адам саны менен эң бир ири шаарлар. | КНнын 4-таблицасына ылайык |
2. Ѳндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы жана 250 миңден 1 миллионго чейинки адам саны менен республикалык маанидеги ири шаарлар. |
130*–250** |
3. 100 миңден 250 миңге чейинки адам саны менен областтык маанидеги чоң шаарлар. | 110*–130** |
4. 25 миңден 100 миңге чейинки адам саны менен райондук маанидеги орточо шаарлар. | 100*–120** |
5. 25 миңге чейинки адам саны менен чакан шаарлар. | 90*–110** |
6. 2 миңден кем эмес адам саны менен шаар тибиндеги поселоктор. | 80*–100** |
|
|
2- таблицанын уландысы
Калктуу конуштун түрү, имараттын канча кабаттуу экени, ыңгайлуу жашоо шартынын түзүлүү даражасы, жергиликтүү шарттар | Суунун бир жашоочуга орточо суткалык (1 жылга) салыштырмалуу чарбалык-ичүүгѳ деп керектелүүсү, (суткасына литр) |
1 | 2 |
7. 5 миңден ашык адам саны менен ири калктуу конуштар. | 80*–100** |
8. 5 миңге чейинки адам саны менен орточо калктуу конуштар. | 80*–100** |
9. 1 миңге чейинки адам саны менен чакан калктуу конуштар. | 80*–100** |
10. 100дѳн кем эмес адам саны менен айылдар, мунун ичинде айыл чарба ѳндүрүшү менен алектенген кызматкерлер, алардын үй-бүлѳ мүчѳлѳрү калктын жарымынан аз эмесин түзүшѳт |
80ге чейин |
Эскертүү: *) Ваннасыз, ички суу түтүгү жана булганыч суунун агып кетүүсү (канализация) менен жабдылган үйлѳрдү куруу. **) борборлоштурулган ысык суу камсыз кылынуу менен үйлѳрдү куруу. Бир тургунга орточо суткалык (1 жылга) салыштырмалуу чарбалык-ичүүчүчү керектѳѳнүн орточо маанисин 1–7-таблицалар боюнча ички суу түтүгү жана булганыч суунун агып кетүүсү, ванналык жана жергиликтүү суу жылыткычтар менен жабдылган үйлѳрдү куруу үчүн деп кабылданганы ылайык. Калкты азык-түлүктѳр менен камсыздоочу ѳнѳр жайдын муктаждыгына делинген суунун ѳлчѳмү жана эсепке киргизилбеген чыгымдоолор тийиштүү негизделгенинде калктуу конуштун чарбалык-ичүүчүчү суу муктаждыгына деп кошумча 20% ѳлчѳмүндѳ чыгымдоого жол берилет. 1 миллиондон ашык адамы менен калктуу конуштарда суунун салыштырмалуу керектелүүсүн ар бир ѳз алдынчалуу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган учурларда жогорулатууга жол берилет. Эс алуу үйлѳрү, санитардык-туристтик комплекстер жана балдардын ден соолукту чыңдоо лагерлери үчүн сууну чыгымдоолор суунун жогоруда кѳрсѳтүлгѳн объекттер тарабынан чыгымдалышын иретке салуучу нормалардын негизинде кабылданышы керек. Үй айыл чарба жаныбарларын кармап-багууга жана сугарууга деген суу чыгымдалыштарын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган сууну керектѳѳ нормаларына ылайык кабылдоо зарыл | |
2.2.1.2 Суу менен камсыздоонун схемаларын жана системаларын тандап алууну сууну даярдоого карата талаптарды, климаттык шарттарды, аймактын рельефин, геологиялык жана гидрологиялык шарттарды, суу менен камсыздоо системасындагы кырдаалды жана дагы башка факторлорду, талаптарга ылайык долбоорлоо мѳѳнѳттѳрүн, аракеттеги ченемдик техникалык документтерди, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети-нин маалыматтарына ылайык калктуу конуштагы калктын санынын ѳсүшү тууралууболжолдонгон маалыматтарды эсепке алуу менен жүргүзүү керек.
2.2.1.3 Суунун калктуу конуштагы чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына суткалык эсептик чыгымдалуусу Q cyт.m, м3/сут тѳмѳндѳгү формула боюнча аныкталганы ылайык:
Qсут.m = Σ(qж×Nж)/1000, (1)
мында qж – 1-таблица боюнча кабылданган суунун салыштырмалуу керектелүүсү;
Nж – ар башка ыңгайлуу жашоо шартынын түзүлүү даражасы менен турак жай курулушу райондорундагы жашоочулардын эсептик саны.
Сууну суткасына болушунча кѳп же эң эле аз Q cyт.max и Q сут.min, м3/сут эсептик чыгымдоолор тѳмѳндѳгү формулалар боюнча аныкталышат (2):
Q сут. max = К сут. max × Q cyт.m , (2) Q сут. min = К сут. min × Q cyт.m |
Сууну керектѳѳнүн калктын жашоо тартибин, ишканалардын иштѳѳ режимин, турак жайлардын жашоого ылайыкташтырылуу даражасын, сууну керектѳѳнүн жыл мезгилдери жана жуманын күндѳрү ичиндеги ѳзгѳрүүлѳрүн кѳңүлгѳ алган суткалык бир калыптагы эмес Ксут коэффициентин тѳмѳндѳгүгѳ барабар деп кабылданганы ылайык: Kсут. max = 1,05 – 1,1; Kсут. min = 0,6 – 0,7.
Суунун qс, м3/с эсептик саатына чыгымдалуулары тѳмѳндѳгү формулалар боюнча аныкталышы керек (3):
q саат. max = К саат. max * Q cyт. max / 24; (3) q саат. min = К саат. min * Q cyт. min / 24 ; |
Сууну керектѳѳнүн сааттык бир калыптагы эмес Кс коэффициентин тѳмѳндѳгү туюнтма аркылуу аныктап алган ылайык (4):
Ксаат. max = α max * β max , Ксаат. min = α min * β min ; (4) |
мында: α – имараттардын жашоого ыңгайлуулук даражасын, ишканалардын иштѳѳ режимин жана башка да жергиликтүү шарттарды кѳңүлгѳ алуучу, αmax = 1,2 – 1,4; αmin = 0,4 – 0,6 эсебинде кабылдануучу коэффициент;
β – 2-таблицада кабылданган, калктуу конуштун калкынын санын кѳңүлгѳ алуучу коэффициент.
2.2.1.4. Калктуу конуштардагы жана ѳнѳр жай ишканаларынын территорияларындагы сугаруу иштерине суунун чыгымдалуусу ичүүчү сапатындагы эмес суу менен жүргүзүлүүсү керек (3-таблица).
2.2.1.5. Ѳнѳр жай жана айыл чарба ишканаларында чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына жана душту пайдаланууга сууну чыгымдоолор КЧжЭ 2.04.01 жана КР КЧ 31-05 талаптарына ылайык аныкталат.
Ушунда ѳнѳр жай ишканаларында чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына суунун керектелишинин сааттык бирдей эместигинин коэффициенти тѳмѳндѳгүчѳ кабылданганы ылайык:
2,5 – 1 м3/саатка 80 кДж (20 ккал)дан кѳбүрѳѳк жылуулуктун бѳлүнүп чыгышы менен цехтер үчүн;
– калган цехтер үчүн.
2- таблица – Жашоочулардын санынан кѳз карандылыкта β коэффициентинин мааниси
Коэффициент | Жашоочулардын саны, миң адам |
| ||||||||||||||||
βmах | 4,5 | 4 | 3,5 | 3 | 2,5 | 2,2 | 2 | 1,8 | 1,6 | 1,5 | 1,4 | 1,3 | 1,2 | 1,15 | 1,1 | 1,05 | 1 | |
βmin | 0,01 | 0,01 | 0,02 | 0,03 | 0,05 | 0,07 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,2 | 0,25 | 0,4 | 0,5 | 0,6 | 0,7 | 0,85 | 1 |
|
Эскертүүлөр 1 β коэффициенти суунун чыгымдалыштарын түзүлүштѳр, суу алып ѳтүүчүлѳр жана тарамдар линиясы үчүн тейленүүдѳгү жашоочулардын санынан, ал эми аймактык суу менен камсыздоода ар бир аймактагы жашоочулардын санынан кѳз карандылыкта кабылданганы ылайык. 2 βmax коэффициентин насостук станциядан чыккандагы күч менен түртүлүүнү же суткасына максималдуу суу керектѳѳнүн максималдуу суу топтоо мезгилинде тармактагы талап кылынган эркин күч менен түртүлүүлѳрдү камсыздоо үчүн зарыл мунаранын бийик абалын (күч менен түртүлүү суу топтогучтарынын) аныктоодо, ал эми βmin коэффициентин суткасына минималдуу керектѳѳнүн минималдуу суу топтоо мезгилинде тармактагы ашыкча күч менен түртүлүүлѳрдү аныктоодо кабылдоо зарыл. 3 Калктуу конуштун республиканын түштүк аймактарында орун алган шартында β коэффициентин kкошумча = 1,05ке кѳбѳйтүү керек. Бул шартты калктуу конуштун бекитилген ГПга же калктуу конуштун жана территориянын ѳнүктүрүлүп жаткан аймагынын деталдуу пландаштырылышынын Долбооруна (ДПДсына) ылайык шаар куруу жана архитектура жаатындагы жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу зарыл. |
| |||||||||||||||||
3- Таблица – Калктуу конуштардагы жана ѳнѳр жай ишканаларынын территориясындагы сугаруу иштерине суунун чыгымдалуусу
Суунун дайындалышы | Ѳлчѳѳ бирдиги | Суунун сугарууга чыгымдалышы, л/м2 |
1 | 2 | 3 |
Ѳткѳѳлдѳрдүн жана аянттардын ѳркүндѳтүлгѳн жабууларын механизациялап жууп-тазалоо | 1 жолку жууп-тазалоо | 1,0–1,25 |
Ѳткѳѳлдѳрдүн жана аянттардын ѳркүндѳтүлгѳн жабууларын механизациялап сугаруу | 1 жолку сугаруу | 0,3–0,4 |
Ѳткѳѳлдѳрдүн жана аянттардын ѳркүндѳтүлгѳн жабууларын кол менен (шлангадан) сугаруу | 1 жолку сугаруу | 0,3–0,4 |
Шаардагы жашыл бак-дарактарды сугаруу | 1 жолку сугаруу | 4–5 |
Газондорду жана гүл бакчаларды сугаруу | 1 жолку сугаруу | 4–5 |
Кыртыштык кышкы теплицаларда отургузулгандарды сугаруу*) | 1 сутка | 10–12 |
Кышкы текчелердеги жана кыртыштык жазгы теплицалардагы, жылууланган кыртыштуу парниктердин бардык типтериндеги отургузулгандарды сугаруу*) | 1 сутка | 4–5 |
Үй жанындагы участкалардагы жашылча ѳсүмдүктѳрүн сугаруу*) | 1 сутка | 3–15 |
Үй жанындагы участкалардагы мѳмѳ дарактарын сугаруу*) | 1 сутка | 10–15 |
Эскертүүлѳр *) Мында сууну сугаруу иштерине пайдаланууда милдеттүү түрдѳ суунун чыгымдалышынын эсебин алуучу приборлор (суу ѳлчѳгүчтѳр – суунун чыгымдалышынын эсептегичтери) орнотулушу керек. 1 Жашоого ыңгайлуулуктун түрлѳрү (жашыл бак-дарактар, ѳткѳѳлдѳр ж.б.) боюнча аянттар тууралуу маалыматтар болбогон учурда сугаруу мезгили маалында сугаруу иштерине деп бир адамга эсептелинген суунун орточо суткалык керектелүүсү климаттык шарттардан, суу менен камсыздоо булагынын кубаттуулугунан, калктуу конуштардын жашоого ыңгайлуулук даражасынан жана башка дагы жергиликтүү шарттардан кѳз карандылыкта суткасына 40–60 литр делип кабылданганы ылайык. 2 Республиканын түштүк бѳлүгүндѳ жайгашкан калктуу конуштар жана республикалык маанидеги шаарлар (борбор шаар) үчүн сугаруунун санын суткасына 3тѳн 5 жолкуга чейин деп кабылдаса болот. 3 Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максаты менен суунун чыгымдалышынын нормаларын аныктоодо сугаруу иштери үчүн сууну мелиорация системасынан же арыктардан пайдаланган ылайык. | ||
2.2.1.6 Сууну мал чарбачылык фермаларындагы жана комплекстериндеги малдарды, канаттууларды жана жаныбарларды багып-кароого деп чыгымдоолор ведомстволук ченемдик документтерге ылайык кабылданышы керек.
2.2.1.7 Сууну ѳнѳр жайлык жана айыл чарбалык ишканалардын ѳндүрүштүк муктаждыктарына деп чыгымдоолор технологиялык маалыматтардын негизинде аныкталышы зарыл.
2.2.1.8 Калктуу конуштарда, ѳнѳр жайлык жана айыл чарбалык ишканаларда суткалардын сааттары боюнча чыгымдоолордун бѳлүштүрүлүшү сууну керектѳѳнүн эсептик графиктеринин негизинде алып барылганы ылайык.
2.2.1.9 Эсептик графиктерди курууда тармактан суунун ар кыл түрдүү муктаждыктарга (ири ѳнѳр жай ишканаларында дайындалган график боюнча толтурулуучу суу топтогучтарды иретке салуучу түзүлүш, территорияны сугаруу жана атайын иреттештирүүчү идиштерден сугаруучу машиналарды толтуруу үчүн же дайындалган чектерге чейин эркин күч менен түртүлүүлѳрдү тѳмѳндѳткѳн маалда суунун берилишин токтотуучу түзүлүштѳр аркылуу суунун берилиши ж.б.) максималдуу алынышы долбоордо кабылданган убактысы боюнча бири-бирине дал келүүсүн болтурбоочу техникалык чечилиштерден улам келип чыкканы ылайык.
Сууну бѳлүп алуунун ар кандай муктаждыктарга деп тармактан кѳрсѳтүлгѳн кѳзѳмѳлдѳѳсүз жүргүзүлгѳн эсептик графиктери суунун чарбалык-ичүүчүчүлүк керектелүүсүнүн графиктери менен убактылары боюнча дал келүүчүлѳр катары кабылданышы керек.
2.2.1.10 Ѳз алдынчалуу турак жайлык жана коомдук имараттардагы топтоштурулган чыгымдоолордун эсебин алуу зарылдыгында суунун эсептик чыгымдалыштарын аныктоо үчүн суунун салыштырмалуу керектелиши КЧжЭ 2.04.01дин талаптарына ылайык кабылдануусу керек.
2.2.1.11 Суу менен камсыздоо, сууну пайдалануу схемалары, райондук планировкалоо, калктуу конуштарды деталдуу планировкалоонун генералдык пландары жана долбоорлору, суунун салыштырмалуу орточо суткалык (1 жылга) керектелүүсү бѳлүмдѳрүн иштеп чыгууда 4-таблицадагыга ылайык кабылдоого жол берилет.
Ушунда сууну ѳнѳр жайлык жана айыл чарбалык ишканалардын муктаждыктарына делинген керектѳѳ алардын ѳнүктүрүлүүсүн эсепке алуу менен ведомстволук ирилештирилген нормалардын, ал эми алар жок учурларда окшош долбоорлордун маалыматтарынын негизинде аныкталганы ылайык.
Эскертүүлѳр
1 Ѳнүктүрүүнүн планы же схемасы, генералдык план, калктуу конушту деталдуу планировкалоонун долбоору жок учурда тарамдардын жайгашуу орду жана суу менен камсыздоо системасынын түзүлүштѳрүнүн курамы, ѳнүктүрүүнүн келечектүү мѳѳнѳттѳрү жана суу менен камсыздоо системасынын жаңы инфратүзүмүнүн кызматтары жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимдеринин негизинде аныкталат.
2 Суу менен камсыздоо системасынын объектилерин долбоорлоонун жана куруунун келечектүү мѳѳнѳтүндѳ анын убакыт-мезгили кабылданат, ал шаар куруу жана архитектура кызматынын тийиштүү ченемдик документтери аркылуу аныкталат же болбосо жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ченемдик-укуктук акт (токтом, чечим, жыйынтык-бүтүм) түрүндѳгү чечиминин негизинде кабылданат. Ѳнүктүрүүнүн минималдуу перспективдүү мѳѳнѳтү 20 жылга чейин, ал эми калктуу конушту узак мѳѳнѳттүү келечектүү ѳнүктүрүү долбоорго ылайык 55 жылга чейин деп сунушталат.
3 Калктын саны же анын келечектеги ѳсүшү боюнча маалымат жок учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык калктуу конуштагы калктын санынын ѳсүшү тууралуу эсеп-чоттук (демографиялык) же статистикалык, алдын алып болжолдоо маалыматтарынын болушу зарыл.
4 Айылды суу менен камсыздоо бѳлүмүндѳгү жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Дүйнѳлүк банк, Азиялык Ѳнүктүрүү Банкы, Исламдык Ѳнүктүрүү Банкы жана дагы башка ѳнѳктѳштѳр аркылуу каржылануучу айыл жеринин калктуу конуштары үчүн суу менен камсыздоо системаларынын тарамдарын жана имараттарын долбоорлоону жана курууну КЧга карата КР КЧ 40-101ге ылайык кабылдоо керек, мында башкы басым Кыргыз Республикасынын айыл жеринин калктуу конуштарындагы айылдык суу түтүктѳрүнүн системасынын пландаштырылган санын максималдуу камтуу, ишке киргизүүнү ылдамдатуу жана максаттарга жетишүү фактору эсепке алынып, айылдык суу менен камсыздоо системасындагы сууну керектѳѳнүн салыштырмалуу нормаларынын параметрлери маселесине коюлду.
4- таблица – Калктын чарбалык-ичүүчү муктаждыктарынан улам сууну генералдык пландардын жана деталдык пландаштыруунун долбоорлорун иштеп чыгуу маалындагы салыштырмалуу орточо суткалык (1 жылга) керектѳѳсү
Суу керектѳѳчүлѳр | Калктуу конуштардагы бир жашоочуга суунун салыштырмалуу орточо суткалык (1 жылга) керектелүүсү, л/суткасына | |
| 2045-жылга чейин | 2075-жылга чейин |
1 | 2 | 3 |
Шаар | 250 | 300 |
Айыл жеринин калктуу конушу | 100 | 150 |
Эскертүүлѳр 1 Сууну салыштырмалуу керектѳѳ ѳз ичине турак жай жана коомдук имараттардагы чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына, жергиликтүү ѳнѳр жайдын муктаждыктарына, кѳчѳлѳрдү жана жашыл бак-дарактарды сугарууга суунун чыгымдалышын камтыйт. 2 Сууну салыштырмалуу керектѳѳнү климаттык жана жергиликтүү башка шарттардан кѳз карандылыкта жана да жергиликтүү бийлик органдары же аткаруу бийлигинин тийиштүү кызматтары менен макулдашуу негизинде 10–20%га ѳзгѳртүүгѳ жол берилет. | ||
2.2.2 Суунун ѳрткѳ каршы муктаждыктарга чыгымдалышы
2.2.2.1 Ѳрт коопсуздугун камсыздоо маселелери, ѳрттүк суу менен камсыздоо булактарына карата талаптар, объекттеги ѳрттү ѳчүрүүгѳ делинген суунун эсептик чыгымдалуулары, бир убакытта чыккан ѳрттѳрдүн эсептик саны, суу түтүктѳрүнүн сырткы тарамдарындагы минималдуу эркин күч менен түртүлүүлѳр, тармактагы ѳрттүк гидранттарды орду-орду менен коюштуруу, ѳрттүк жана да ѳрттүк жарылуу коркунучу боюнча имараттар, курулуштар жана орун жайлар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура тууралуу» жана «Ѳрт коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу» Мыйзамдарынын, КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабылданат жана Кыргыз Республикасынын территориясында аракеттенүүсүнѳ карата Кыргыз Республикасынын ѳрткѳ каршы коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашылат. Ченемдер Кыргыз Республикасынын тийиштүү ѳрткѳ каршы коопсуздук кызматтары аркылуу гана иретке салынышат.
2.2.3 Эркин басымдар
2.2.3.1 Калктуу конуштун суу түтүгү тармагындагы минималдуу эркин басым (күч менен түртүлүү) имаратка кирген жерде максималдуу чарбалык-ичүүчүчү сууну керектѳѳ учурунда, жердин үстүндѳгү имарат бир кабаттуу курулуш болгонунда 10 метрден кем эмес делип, кѳп кабаттууда ар бир кабатка 4 метрден кошумчаланышы керек. Мындай параметр ошондой эле долбоорлоочу, курулушчу же архитектор тарабынан 2,75–3,5 м диапозонунда жумушчу долбоордо кабылданып, орун жайлардын иш жүзүндөгү долбоордук бийиктигине жараша кабыл алынышы мүмкүн.
2.2.3.2 Керектѳѳчүлѳрдѳ тышкы ичүүчү суу тармагынын суу түтүгүнүн максималдуу эркин басым 60 метрден ашпашы керек.
Тармактагы 60 метрден кѳбүрѳѳк күч менен түртүлүүлѳрдѳ айрым имараттар жана райондор үчүн басымды иретке салгычтарды орнотуу же суу менен камсыздоо системасын аймакташтыруу кѳңүлгѳ алынганы ылайык.
2.2.3.3 Ѳндүрүштүк суу түтүгүнүн сырткы тармагындагы эркин күч менен түртүлүү технологиялык маалыматтар боюнча кабылданышы керек.
2.2.3.4 Кесипкѳй ѳрттѳн сактоо кызматы каралбаган калктуу конуштар үчүн жогорку басымдагы ѳрткѳ каршы суу түтүгү кѳңүлгѳ алынышы зарыл.
Эскертүүлѳр
1 Минималдуу суу керектѳѳ маалдарында күч менен түртүлүү биринчиден тышкары ар бир кабатка 3 метрден болушуна жол берилет, мындайда сууну сактоо үчүн суу чогулткучка суунун берилиши камсыз кылынышы керек.
2 Аз кабаттуу курулуштары менен райондордо же бийигирээк жерде жайгашкан айрым кѳп кабаттуу имараттар же болбосо алардын топтору үчүн жогорулатылган күч менен түртүлүүгѳ делинген жергиликтүү насос түзүлүштѳрүн карап кѳрүүгѳ жол берилет.
3 Суу берүү түтүктѳрүнүн тармагындагы эркин күч менен түртүлүү 10 метрден кем болбогону ылайык.
4 Бул курулуш ченемдеринде алып чыгылган күч менен түртүлүүлѳр боюнча талаптар эл аралык маалыматтардан жана иш практикаларынан айырмаланышат, андыктан негизделинген болуп эсептелиниши ыктымал.
2.3 Суу менен камсыздоонун булактары
Бул бѳлүм суу менен камсыздоонун булактарынын түрлѳрүн (мисалы, кыртыш суулары, үстүңкү суулар, аларды биргелешип пайдаланууну, дагы башкаларды), анын талаптары суу менен камсыздоо системасы үчүн булактарды тандап алууда бузулбай сакталышы керек, баалоо боюнча талаптарды (булактын ишенимдүүлүгүн, суунун сапатын жана анын адамдын керектѳѳсү үчүн жарактуулугун баалоону), суу менен камсыздоо максаттары үчүн суу ресурстарын пайдаланууну, ичүүчү суунун физикалык, химиялык жана бактериологиялык сапатын, ошондой эле экологиялык талаптарды эске алуу менен суунун топтолушун долбоорлоо боюнча жоболорду, ѳзгѳчѳ коргоодогу жаратылыш аймактарындагы суу булактарынын жайгашуу орундарын баяндайт.
2.3.1 Суу менен камсыздоонун булагы эсебинде суу агымдары (дарыялар, каналдар), суу кѳлмѳлѳрү (кѳлдѳр, суу сактагычтар, кѳлмѳлѳр), жер астындагы суулар (булактар, суулуу катмарлар, ѳзѳн астындагы, шахталык жана дагы башка суулар) каралганы ылайык.
Ѳнѳр жай ишканаларын суу менен ѳндүрүштүк камсыздоо үчүн ичүүчүчү жана техникалык суудан тышкары тазаланган агынды сууларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралганы ылайык.
Суу менен камсыздоонун булагы эсебинде табигый жер үстүндѳгү булактардын суулары алып ѳтүлгѳн толтурулчу суу сактагычтар пайдаланылуусу ыктымал.
Эскертүү – Суу менен камсыздоо системасында ар башка гидрологиялык жана гидрогеологиялык мүнѳздѳмѳлѳрү менен бир нече булактардын пайдаланылуусуна жол берилет.
2.3.2 Суу менен камсыздоонун булагын тандап алуу топографиялык, гидрологиялык, гидрогеологиялык, ихтиологиялык, гидрохимиялык, гидробиологиялык, гидротермиялык жана дагы башка изилдѳѳлѳрдүн, ошондой эле санитардык иликтеп-текшерүүлѳрдүн натыйжаларына негиздениши керек.
2.3.3 Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоонун булагын тандап алуу МАМСТ 17.1.1.04, МАМСТ 2761 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы «Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы актыларды бекитүү тууралуу» № 68 токтомунун 2-тиркемесиндеги 4-бөлүмдүн талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
Ѳндүрүштүк суу менен камсыздоонун булагын тандап алууну суунун сапатына карата технологдор жана өндүрүш тарабынан коюлуучу талаптарды эсепке алуу менен жүргүзгѳн ылайык.
Суу менен камсыздоонун колдонууга деп кабылданган булактары аракеттеги мыйзамдарга ылайык макулдашуудан ѳткѳрүлүшү керек.
2.3.4 Чарбалык-ичүүчү суу түтүктѳрү үчүн санитардык-гигиеналык талаптарды канааттандыруучу суу астындагы суулардын ресурстары максималдуу түрдѳ пайдаланылышы керек.
Табигый жер астындагы суулардын эксплуатациялык запасынын жетишсиздиги болгонунда аларды жасалма жол менен толуктоо мүмкүнчүлүгүн карап кѳрүү керек.
2.3.5 Ичилүү сапатындагы жер астындагы сууларды чарбалык-ичүүчүчү суу менен камсыз кылганга байланышпаган муктаждыктар үчүн пайдаланууга, эреже катары, жол берилбейт.
Үстүнкү суу булактары жок, бирок ичүүчү сапатындагы жер астындагы суулардын жетиштүү запасына ээ райондордо бул сууларды ѳндүрүштүк жана сугаруу муктаждыктарына сууну пайдаланууну иретке салуу жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын уруксаты менен жол берилет.
2.3.6 Суу тийиштүү иштетүүдѳн ѳткѳрүлүп жана санитардык талаптар сакталганында ѳндүрүштүк жана чарбалык-ичүүчүчү суу менен камсыздоо үчүн минералдаштырылган жана геотермалдык сууларды пайдаланууга уруксат берилет.
2.3.7 Үстүнкү беттик булактардын суусунун орточо айлык чыгымдалышынын камсыздалгандыгы 2.4.4. п. ылайык аныкталуучу суу менен камсыздоо системасынын категориясынан кѳз карандылыкта 5-таблица боюнча кабылданышы керек.
5- таблица
Суу менен камсыздоо системасынын категориясы | Үстүнкү беттик булактардын суусунун минималдуу орточо айлык чыгымдалышынын камсыздалгандыгы, % |
I | 95 |
II | 90 |
III | 85 |
2.3.8 Суу ресурстарын суу менен камсыздоо максаттары үчүн пайдаланууну баалоодо тѳмѳндѳгүлѳрдү эсепке алуу керек:
- 15–20 жылга кыска мѳѳнѳттүү перспективада алдын алып болжолдоо менен сууну чыгымдоонун тартибин жана булак боюнча суу чарбалык балансты; бул убакыт мезгилинин аякташы менен калктуу конушту ѳнүктүрүүнүн узак мѳѳнѳттүү перспективасын аны 20–50 жылга ѳнүктүрүүнүн долбооруна ылайык аныктоочу кийинки мѳѳнѳткѳ карата булактагы суу ресурстарынын балансынын алдын алып божомолдонуусун текшерүү боюнча жумуштарды жүргүзүү зарыл;
- суунун сапатына керектѳѳчүлѳр тарабынан коюлуучу талаптарды;
- булактагы суунун анын албууттугу кѳрсѳтүлүү менен сапаттуу мүнѳздѳмѳсүн жана агынды суулардын агып түшүүсүн эсепке алуу менен анын сапатынын мүмкүн болчу ѳзгѳрүүсүнүн алдын алып болжолдонушун;
- шилендилердин жана булгануулардын сапаттык жана сандык мүнѳздѳмѳлѳрүн, алардын тартибин, суу түбүндѳгү чѳкмѳлѳрдүн жылышууларын, жээктердин туруктуулугун;
- түбѳлүк тоң кыртышынын орун алышын, булактын тоңуу жана кургап калуу мүмкүндүгүн, кар кѳчкүлѳрүнүн жана сел каптоолорунун болушун (тоо сууларынын агымдарында), ошондой эле булактын суу чогулчу кѳлмѳсүндѳгү башка да стихиялуу жаратылыштык кубулуштардын;
- суу булагынын күзгү-кышкы тартибин жана андагы майда муздардын болушу кубулушунун мүнѳзүн;
- суунун жылдын айлары боюнча температурасын жана ар башка тереңдикте фитопланктонду ѳнүктүрүүнү;
- суу булагынын жаздагы ачылуусунун мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн жана суунун (түздүктѳгү суу агымдарынын) кѳтѳрүлгѳн абалын, жазгы-жайкы суу ташкындарынын (тоодогу суу агымдарынын) жүрүшүн;
- жер астындагы суулардын запасы жана азыктануу шарттарын, ошондой эле жаратылыштык шарттардын, суу сактагычтардын жана дренаждардын, сууну жасалма сордуруунун ж.б. түзүлүштѳрүнүн ѳзгѳрүүсүнүн натыйжасында алардын мүмкүн болчу бузулууларын;
- жер астындагы суулардын сапатын жана температурасын;
- жер астындагы суулардын жасалма жол менен толтурулуу жана запасынын түзүлүү мүмкүндүгүн;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сууларды жѳнгѳ салуу жана коргоо, санитардык-эпидемиологиялык кызматтар, балыкты сактап-коргоо ж.б. боюнча талаптарын.
2.3.9 Суу менен камсыздоонун үстүнкү булактарынын суу ресурстарынын жетиштүүлүгүн баалоодо суунун агымынан тѳмѳн жайгашкан калктуу конуштардын, ѳнѳр жай ишканаларынын, айыл чарбасынын, балык чарбачылыгынын, кеме жүргүзүүнүн жана суу керектѳѳнүн башка да түрлѳрүнүн сууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу, ошондой эле суу менен камсыздоо булактарын коргоо боюнча санитардык талаптарды камсыздоо үчүн жылдын ар мезгилинде зарыл суунун кепилдикке алынып чыгымдалуусунун суунун алынуу ордунан тѳмѳндү карай жүргүзүлүүсү камсыз кылынганы ылайык.
2.3.10 Үстүнкү булактагы суу жетиштүү эмес чыгымдалган учурда суунун табигый агымынын бир гидрологиялык жылдын (сезондук жѳнгѳ салуу) же кѳп жылдык мезгилдин (кѳп жылдык жѳнгѳ салуу) чектеринде жѳнгѳ салынуусу, ошондой эле суунун үстүнкү башка суусу кѳп булактарынан алып келүү жагы алдын алып каралышы зарыл.
Эскертүү – Айрым ѳз алдынчалуу суу керектѳѳчүлѳрдү суу менен камсыздоо даражасы суунун булактагы чыгымдалуусу жетишсиз болуп, кыйынчылык туулганында же алардын ѳзүнѳ турган наркы жогору болгон учурда суу фондусун пайдалануу жана сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуунун же жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуунун негизинде аныкталат.
2.3.11 Жер астындагы суулардын ресурстарын баалоону гидрогеологиялык издѳѳлѳрдүн, чалгындоолордун жана изилдѳѳлѳрдүн материалдарынын негизинде жүргүзгѳн ылайык (КЭ 331.1325800; КЭ 272.1325800).
2.3.12 Суу менен камсыздоо булактары ѳзгѳчѳ корголуудагы жаратылыштык аймактардын (жаратылыштык парктар, коруктар ж.б.) территориясында жайгашкан учурда сууну ѳндүрүү жана алуу жергиликтүү аткаруучулук жана текшерип-кѳзѳмѳлдѳѳчү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген кѳлѳмдѳрдѳ уруксат кылынат, ал эми жер астындагыларын пайдаланганы үчүн тѳлѳѳлѳр Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдары менен иретке салынат.
Сууну ѳндүрүү (алуу) долбоору атайын экологиялык талаптарды ѳзүнѳ камтышы керек.
2.3.13 Жер астындагы суулардын объектилеринин мониторинги жер астындагы суу объектиси тууралуу геологиялык маалыматтын жана гидрогеологиялык изилдѳѳлѳрдүн негизинде жүргүзүлүүсү керек, ал эми суу астындагы суулардын запасы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде суу фондусун пайдалануу жана коргоо жаатындагы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилгени ылайык.
2.3.14 Суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо аймактарынын чек аралары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы «Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы актыларды бекитүү тууралуу» № 68 токтомунун 1-тиркемесинин талаптарына ылайык аныкталышат.
2.4 Суу менен камсыздоонун схемалары жана системалары
Бул бѳлүм суу менен камсыздоонун схемаларын жана системаларын тандап алуу боюнча жоболорду жана талаптарды, калктуу конуштарды суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системаларынын категорияларын жана аларга карата талаптарды, (а) калктын жыштуулугун, (б) жайгашуу ордунун тибин, (в) топографияны (басым боюнча аймакташтыруу) жана калдыктарды баалоо жана (г) четке агып кетүүлѳрдү байкап-таап, аларды четтетүү мүмкүнчүлүктѳрүн, долбоорлоого жана да суу менен камсыздоонун схемаларынын жана системаларынын эсептелиштерине карата жалпы талаптарды, алгылыктуу сапаттагы ичүүчү сууну ѳндүрүп чыгаруу үчүн суунун ар кыл түрдүү булактарын изилдеп-иштетүүнү баяндайт.
2.4.1 Суу менен камсыздоонун схемасын жана системасын тандап алууну объекттин же объектилер тобунун ѳзгѳчѳлүктѳрүн, алардын ѳнүгүүсүнүн ар кыл түрдүү баскычтарында суунун талап кылынуучу чыгымдалышын, суу менен камсыздоо булактарын, күч менен түртүлүүлѳргѳ, суунун сапатына жана аны берүүнүн камсыздалгандыгына карата талаптарды эсепке алуу менен аны жүзѳгѳ ашыруунун мүмкүн болгон варианттарын салыштыруу негизинде жүргүзгѳн ылайык.
2.4.2 Варианттарды салыштыруу менен тѳмѳндѳгүлѳр негизделиши керек:
- суу менен камсыздоо булактары жана аларды бул же тигил керектѳѳчүлѳр үчүн пайдалануу;
- системанын борборлоштурулуу даражасы жана суу менен камсыздоонун жергиликтүү системасын бѳлүп алуунун максатка ылайыктуулугу;
- курулуштарды, суу алып ѳтүүлѳрдү жана ар кыл түрдүү дайындалыштагы тарамдарды бириктирүү жана ажырымдоо;
- суу менен камсыздоо системасын аймакташтыруу, иреттештирүүчү суу топтогучтарды пайдалануу, жѳнгѳ салуучу станцияларды жана сордуруучу насос станцияларын колдонуу;
- бириктирилген же суу менен камсыздоонун айланмалуу жергиликтүү системасын колдонуу;
- бир ишканалардын (цехтердин, түзүлүштѳрдүн, технологиялык катарлардын) иштетилген сууларын ѳндүрүш үчүн башка бир ишканалардын (цехтердин, түзүлүштѳрдүн, технологиялык катарлардын) муктаждыктарына, ошондой эле территорияны жана жашыл бак-дарактарды сугарууга деп пайдалануу;
- тазаланган ѳндүрүштүк жана тиричиликтик агынды сууларды, ошондой эле ѳндүрүштүк суу менен камсыздоо жана суу кѳлмѳлѳрүн, саздарды сууга каныктыруу үчүн топтолгон үстүнкү беттик агымды пайдалануу;
- жабык циклдерди уюштуруунун максатка ылайыктуулугу же сууну пайдалануунун жабык системаларын түзүү;
- коё берүү комплекстери боюнча системанын элементтерин куруунун жана ишке киргизүүнүн кезектүүлүгү.
2.4.3 Калктуу конуштарды суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системасы жергиликтүү шарттардан жана суу менен камсыздоонун кабылданган схемасынан кѳз карандылыкта камсыз кылышы керек:
– турак жайлык жана коомдук имараттардагы чарбалык-ичүүчүчү сууга болгон керектѳѳнү, коммуналдык-тиричиликтик ишканалардын муктаждыктарын;
– ишканалардагы чарбалык-ичүүчүчү сууга болгон керектѳѳнү;
– ѳнѳр жайлык ишканалардын ѳндүрүштүк муктаждыктарын, мында ичүүчү сапатындагы суу талап кылынат;
– ѳрттѳрдү ѳчүрүүнү;
– сууну колдонууга даярдоо, суу түтүктѳрү жана канализациялык тарамдарды ж.б. жууп-тазалоо станцияларынын ѳздүк муктаждыктарын.
Эскертүү – Имараттардын кире бериштеринде суунун эсебин алуу приборлору (суунун чыгымдалышын эсептегичтер) милдеттүү түрдѳ орнотулат.
Негиздѳѳдѳ ѳз алдынчалуу суу түтүгүнүн орнотулушу тѳмѳндѳгүлѳр үчүн жол берилет:
- территорияларды (кѳчѳлѳрдү, ѳтүү жолдорун, аянттарды, жашыл бак-дарактарды) сугарганга жана жууганга, фонтандардын иштѳѳсүнѳ;
- теплицалардагы, парниктердеги жана ачык участкалардагы, ошондой эле турак үйлѳрдүн жанындагы участкалардагы отургузулгандарды сугарганга.
2.4.4 Суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системалары суунун берилишине карата камсыз болуу даражасы боюнча үч категорияга ажырымдалышат:
Биринчи категория Чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына суунун берилишин эсептик чыгымдоонун 30%ынан кѳп эмес жана ѳндүрүштүк муктаждыктарга карата ишканалардын иштѳѳсүнүн авариялык графиги аныктап бергенине ылайык жетер чегине дейре тѳмѳндѳтүүгѳ жол берилет; сууну берүүнү тѳмѳндѳтүүнүн узактыгы 3 суткадан ашпоосу керек. Сууну берүүнү токтотууга же тѳмѳндѳгү кѳрсѳтүлгѳн чектерден азайтууга бузулганын ѳчүрүп жабуу жана системанын резервдик элементтерин (жабдууларды, арматураларды, түзүлүштѳрдү, суу түтүктѳрүн ж.б.) кошуу маалында жол берилет, бирок 10 мүнѳттѳн кѳп эмес убакытка.
Экинчи категория Сууну берүүнүн жол берилген тѳмѳндѳтүлүүсүнүн ѳлчѳмү биринчи категориядагыдай; берүүнү тѳмѳндѳтүүнүн узактыгы 10 суткадан ашпоосу керек. Сууну берүүнү токтотууга же тѳмѳндѳгү кѳрсѳтүлгѳн чектерден азайтууга бузулганын ѳчүрүп жабуу жана системанын резервдик элементтерин (жабдууларды, арматураларды, түзүлүштѳрдү, суу түтүктѳрүн ж.б.) кошуу же оңдоо иштерин жүргүзүү маалында жол берилет, бирок 6 сааттан кѳп эмес убакытка.
Үчүнчү категория Сууну берүүнүн жол берилген тѳмѳндѳтүлүүсүнүн ѳлчѳмү биринчи категориядагыдай; берүүнү тѳмѳндѳтүүнүн узактыгы 15 суткадан ашпоосу керек. Сууну берилүүсүн азайтуу учурунда аны тѳмѳндѳгү кѳрсѳтүлгѳн чектерде 24 сааттан кѳп эмес убакытка токтотууга жол берилет.
Калктуу конуштардын чарбалык-ичүүчүчү жана ѳндүрүштүк суу түтүктѳрүн бириктирүү жашоочуларынын саны тѳмѳндѳгүдѳй болгонунда:
- 50 миң адамдан ашса, биринчи категорияга тийиштүү делинет;
- 5 миңден 50 миңге чейинки адам – экинчи категорияга;
- 5 миңден аз болсо – үчүнчү категорияга.
Ѳнѳр жайлык жана айыл чарбалык ишканалардын (ѳндүрүштѳрдүн, цехтердин, түзүлүштѳрдүн) ѳндүрүштүк муктаждыктарына делип суунун берилишине камсыз болгондукту жогорулатуу зарылдыгында суу менен камсыздоонун жергиликтүү системасы кѳңүлгѳ алынганы ылайык.
Объекттердин техникалык талаптарын камсыздоочу жергиликтүү системалардын долбоорлору бул объекттердин долбоорлору менен биргеликте каралышы жана бекитилиши керек.
Суу менен камсыздоо системасынын айрым элементтеринин категориясы суу менен камсыздоонун жалпы системасындагы алардын функционалдык маанисинен кѳз карандылыкта аныкталганы ылайык.
Экинчи категориядагы суу менен камсыздоонун элементтеринин бузулуп иштен чыгуусу ѳрттү ѳчүрүүгѳ делинген суунун берилишин үзгүлтүккѳ учуратышы ыктымал, андыктан биринчи категорияга тийиштүү болушу керек.
2.4.5 Суу менен камсыздоонун схемаларын жана системаларын иштеп чыгууда аракеттеги курулуштардын, суу алып ѳтүүлѳрдүн жана суу тарамдарынын техникалык, экономикалык жана санитардык бааланыштарын берип, алардын ишин реконструкциялоо жана интенсивдештирүү боюнча чыгымдоолорду эсепке алуу менен алардын андан ары пайдаланылуу даражасын негиздѳѳ зарыл.
2.4.6 Ѳрткѳ каршы муктаждыктарды камсыздоочу суу менен камсыздоо системалары Кыргыз Республикасынын территориясында аракетте турган ѳрткѳ каршы коргоонуу боюнча ченемдик-техникалык документтерге (ЧТД) ылайык долбоорлонот.
2.4.7 Суу алуу түзүлүштѳрү, суу алып ѳтүүлѳр, сууну колдонууга даярдоо станциялары, эреже катары, суткасына максималдуу суу керектѳѳнүн орточо сааттык чыгымдалуусуна эсеп кылып иш алып баруулары керек.
2.4.8 Суу алып ѳтүүлѳрдүн, суу түтүктѳрү тарамдарынын, насос станцияларынын жана жѳнгѳ салуучу суу топтогучтардын биргелешкен ишинин эсептѳѳлѳрү эсептелген мѳѳнѳткѳ сууну берүү жана бѳлүштүрүү системасын негиздѳѳ, аны жүзѳгѳ ашыруунун кезектүүлүгүн орнотуу, насостук жабдууну иргеп алуу жана иреттештирүүчү суу топтогучтарынын талап кылынган кѳлѳмдѳрүн аныктоо жана да аларды курулуштун ар бир кезектүүлүгүнѳ карай жайгаштыруу үчүн зарыл кѳлѳмдѳ жүргүзүлгѳнү ылайык.
2.4.9 Калктуу конуштардын суу менен камсыздоо системалары үчүн суу алып ѳтүүлѳрдүн, суу түтүктѳрү тарамдарынын, насостук станциялардын жана иреттештирүүчү суу топтогучтардын биргелешкен ишинин эсептѳѳлѳрү, эреже катары, суу берүүнүн тѳмѳндѳгүдѳй мүнѳздүү тартиптерде аткарылуусу керек:
– суткасына максималдуу суу керектѳѳ – максималдуу, орточо жана минималдуу сааттык чыгымдоолор, ошондой эле ѳрт ѳчүрүүгѳ делинген сууну максималдуу сааттык чыгымдоолор;
– суткасына орточо суу керектѳѳ – орточо сааттык чыгымдоо;
– суткасына минималдуу суу керектѳѳ – минималдуу сааттык чыгымдоо.
Сууну керектѳѳнүн башка тартиптери үчүн эсептѳѳлѳрдү жүргүзүүгѳ, ошондой эле кѳрсѳтүлгѳн тартиптердин ичинен бирѳѳсү же бир нечеси үчүн эсептѳѳлѳрдү жүргүзүүдѳн баш тартууга сууну керектѳѳнүн бардык мүнѳздүү тартиптеринде суу алып ѳтүүлѳрдүн, насостук станциялардын, иреттештирүүчү суу топтогучтардын жана бѳлүштүрүүчү тарамдардын биргелешкен ишинин шарттарын ачыкка чыгаруу үчүн жүргүзүлгѳн эсептѳѳлѳрдүн жетиштүүлүгүн негиздѳѳдѳ жол берилет.
Эскертүү – Ѳрт ѳчүрүү учурундагы суу түтүктѳрү курулуштарынын, суу алып ѳтүүлѳрдүн жана тарамдардын эсептѳѳлѳрүндѳ суу алып ѳтүүлѳрдүн жана айланма тарамдар линияларынын, ошондой эле курулуштардын блокторунун ѳчүрүлүүсү авариялык ѳчүрүлүүсү эсепке алынбайт.
2.4.10. Суу менен камсыздоо системасын иштеп чыгууда параметрлердин тизмеси белгиленип берилиши керек, алардын кѳзѳмѳлдѳнүп текшерилүүсү суунун иш жүзүндѳгү чыгымдалыштарынын жана сууну керектѳѳнүн бирдей ѳлчѳмдѳгү эместигинин коэффициенттеринин, ошондой эле жабдуулардын, курулуштардын жана түзүлүштѳрдүн фактылык мүнѳздѳмѳлѳрүнүн долбооруна ылайык эксплуатациялык персонал тарабынан жүргүзүлүүчү кийинки системалуу текшерүү үчүн зарыл.
Кѳзѳмѳлдү жүзѳгѳ ашыруу үчүн долбоордун тийиштүү бѳлүмдѳрүндѳ бул үчүн зарыл приборлордун (мунун ичинде суунун чыгымдалышынын эсептегичтери) жана аппаратуралардын орнотулуусу алдын алып каралуусу керек.
Эскертүү – Сууну керектѳѳнүн балансын түзүү үчүн, керектелүүдѳгү суунун приборлор аркылуу эсебин алуудан жана суу түтүгү тарамдарындагы жана да суу алып ѳтүүлѳрдѳгү кѳрсѳтүлгѳн иш-чаралардан тышкары милдеттүү түрдѳ суу балансына иш жүзүндѳ кѳз салуу жана жалпы эле суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга карата келтирилген мүмкүн болчу каржылык жоготууларды минималдаштыруу үчүн суунун эсепке алынбаган чыгымдалыштарынын (б.а. киреше алып келбѳѳчү суу – NRW) кѳлѳмүн кѳзѳмѳлдѳѳ, аныктоо жана текшерүү боюнча жумуштардын жүргүзүлүүсү зарыл.
2.4.11. Суу менен камсыздоо системасынын ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн тѳмѳндѳгүдѳй мүмкүнчүлүктѳрдүн каралганы ылайык:
а) күчтѳп түртүлүү суу топтогучтарын бир жерге топтоштуруу;
б) суу мунараларын суу топтогучтар менен алмаштыруу;
в) санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл органдары менен макулдашуу боюнча чарбалык-ичүүчүчүлүк, ѳндүрүштүк жана ѳрткѳ каршы суу түтүктѳрү тарамдарынын, ошондой эле иштетүүдѳн ѳткѳрүлбѳй зыянсыздандырылган сууну чарбалык-ичүүчүчү суу түтүктѳрү тармагына берүүнүн ортосундагы убактылуу коюлчу тосмолорду орнотуу.
2.5 Суу алуучу курулмалар
2.5.1 Суу астындагы сууларды алуу үчүн курулмалар
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Суу алуу түзүлүштѳрүнүн тибин тандоону жана жайгаштыруу схемасын аймактын геологиялык, гидрогеологиялык, сейсмологиялык жана санитардык шарттарынан чыгып жүргүзгѳн ылайык.
Суу менен камсыздоо системасынын суу алуу түзүлүштѳрүнүн санитардык коргоо аймактарынын чек аралары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы «Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы актылар-ды бекитүү тууралуу» № 68 токтомунун ченемдерине ылайык аныкталышат.
Жаңы жана иштеп турган суу алууларды долбоорлоодо алардын кошуна участкалардагы иштѳѳдѳгү суу алуулар менен ѳз ара биргелешип аракеттенүү шарттары, ошондой эле алардын курчап турган жаратылыштык чѳйрѳгѳ (үстүнкү суу агымы, ѳсүмдүктѳр дүйнѳсү ж.б.) таасири кѳңүлгѳ алынышы керек.
Жер астынан суу алууларда тѳмѳндѳгүлѳй суу кабылдоочу түзүлүштѳр колдонулат: суу алуу скважиналары, шахталык кудуктар, горизонталдык суу алуулар, булактардын каптаждары.
2.5.1.1 Суу алынуучу скважиналар
Скважиналардын долбоорлорунда бургулоо ыкмасы жана скважинанын конструкциясы, анын тереңдиги, түтүктөрүнүн колонналарынын диаметрлери, суу кабыл алуу бөлүгүнүн суу кабыл алгычтын жана скважинанын оголовкасынын (оголовка – кудуктун скважинасын ар кандай аралашмалардан жана булгануулардан коргоочу түзүлүш) тиби, ошондой эле аларды иштетип кѳрүү тартиби кѳрсѳтүлүшү керек.
Скважинанын конструкциясы дебитти (агып чыгуучу суунун кѳлѳмү) ѳлчѳѳ, суунун деңгээлин жана үлгүсүн алууну жүргүзүү, ошондой эле скважиналарды эксплуатациялоо учурундагы регенерациянын (калыбына келтирүүнүн) импульстук, реагенттик жана бириктирилген усулдарды колдонуу маалында оңдоп-калыбына келтирүү жумуштарын алып баруу мүмкүнчүлүктѳрүн карап кѳрүү зарыл. Бардык маалыматтар скважинаны бургулоо долбоорунда эске алынышы керек.
Скважиналардагы түтүктѳрдүн эксплуатациялык колонналарынын диаметри насосторду орнотуу учурунда тѳмѳндѳгүдѳй болуп кабылданганы ылайык:
– скважинанын үстү жагындагы электр кыймылдаткычы менен – насостун номиналдуу диаметринен 50 миллиметрге чоң;
– чѳктүрүлгѳн электр кыймылдаткычы менен – насостун номиналдуу диаметрине теңдеш.
Жергиликтүү шарттардан жана жабдуулардан кѳз карандылыкта скважинанын суу чыгаруучу жерин (устье), эреже катары, жер үстүндѳгү павильондо же жер астындагы камерада жайгаштыруу зарыл.
Павильондун жана жер астындагы камеранын ѳлчѳмдѳрү негизи андагы электр кыймылдаткычтын, электр жабдуунун, текшерип-ѳлчѳѳчү приборлордун (мындан ары текст боюнча «ТѲП») жана бүтѳп-иреттештирүүчү арматуранын (мындан ары текст боюнча «БИА») жайгаштырылуу шарттарынан чыгып кабылданганы ылайык.
Жер үстүндѳгү павильондун жана жер астындагы камеранын бийиктигин жабдуунун ѳлчѳмдѳрүнѳн кѳз карандылыкта кабылдоо зарыл, бирок 2,4 метрден кем эмес.
Түтүктѳрдүн эксплуатациялык колонналарынын үстүнкү бѳлүгү жердин үстүнѳн 0,5 метрден кем эмес жогоруда болушу керек.
Скважинанын оголовкасынын конструкциясы үстүнкү беттик суунун жана булгануулардын скважинанын түтүк аралык жана түтүктүн артындагы мейкиндикке ѳтүп кетүүсүн жокко чыгаруучу толук герметизацияны камсыздоосу зарыл.
Скважиналык насостордун секцияларынын монтажын жана демонтажын механизация каражаттарын колдонуу менен скважинанын суу чыгаруучу жеринин үстүндѳ жайгашуучу кирүү тешиктери (люки) аркылуу алып барган ылайык.
Суу алынчу пункттун участкасындагы мындан ары карай пайдалануу максатка ылайыксыз жана мүмкүн эмес деп табылган скважиналар тампонаж (тыгындоо) жолу менен жок кылынууга жатат.
Чыпканын конструкциясын жана ѳлчѳмүн гидрогеологиялык шарттардан, дебиттен жана эксплуатациялоо тартибинен кѳз карандылыкта кабыл алуу зарыл.
Скважиналар үчүн КРнын территориясында аракетте турган долбоорлоо ченемдерине ылайык бардык технологиялык жана конструктивдик параметрлерди аныктоо менен жумушчу долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл.
Резервдик скважиналардын санын 6-таблица боюнча кабылдаган ылайык.
6- таблица – Ишенимдүүлүктүн ар кыл түрдүү категориялары үчүн резервдик скважиналардын саны
Иштеп турган скважиналардын саны | Тѳмѳндѳгү категориялардагы суу алынчу резервдик скважиналардын саны |
| ||
1ден 4кѳ чейин | 1 | 1 | 1 | |
5тен 12ге чейин | 2 | 1 | – |
|
13 жана андан кѳп | 20% | 10% | – |
|
Эскертүүлѳр 1 Гидрогеологиялык шарттардан кѳз карандылыкта жана тийиштүү негизделгенинде скважиналардын саны арттырылуусу ыктымал. 2 Бардык категориялардагы суу алынчу пункттар үчүн резервдик насостордун кампада болушу кѳңүлгѳ алынганы ылайык: иштеп турган скважиналардын саны 12ге чейин болгонунда – бир; саны кѳп болгонунда – иштеп турган скважиналардын 10%ынчалык. 3 Суунун берилишинин камсыз болгондугу даражасы боюнча суу алынчу пункттардын категорияларын 2.4.4. п. ылайык кабылдоо зарыл. |
| |||
2.5.1.2 Шахталык кудуктар
Шахталык кудуктарды, эреже катары, борпоң тектерден куралган жана 30 метрге чейинки тереңдикте жаткан күч менен түртүлүүсүз суулуу катмарларда колдонулганы ылайык.
Суулуу катмардын 3 метрге чейинки кубаттуулугу маалында катмар бүткүл кубаттуулугунда ачык коё берилүү менен бүткѳрүлгѳн типтеги шахталык кудуктар алдын алып каралганы ылайык; чоң кубаттуулукта катмардын бѳлүгү ачык коё берилип, бүткѳрүлгѳн жана бүткѳрүлбѳгѳн кудуктарга жол берилет.
Кудуктун түбүндѳгү кумдуу кыртыштарда суу кабылдоочу бѳлүктү жайгаштырууда артка кайтаруучу кумдук-шагылдык чыпканын же тешиктүү бетондон чыпканын, ал эми кудуктардын суу кабылдоочу бѳлүгүнүн капталдарында тешиктүү бетондон же шагылдык чыпкалардын алдын алып каралуусу зарыл.
Шахталык кудуктар үчүн долбоорлоонун КРнын территориясында аракетте турганченемдерине ылайык бардык технологиялык жана конструктивдик параметрлерди аныктоо менен жумушчу долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл.
Чыпканын айрым катмарларынын механикалык курамын жана чыпканын чектеш катмарларынын тешикчелеринин орточо диаметрлеринин араларындагы ич ара катышты 7-таблицага ылайык кабылдоо керек.
7- таблица – Чыпканын айрым катмарларынын механикалык курамы жана чыпканын чектеш катмарларынын тешикчелеринин орточо диаметрлеринин араларындагы ич ара катыш
Суулуу катмарлардын тектери | Чыпкалардын типтери жана конструкциялары |
1 | 2 |
Аскалык жана жарым аскалык туруктуу эмес тектер, бѳлүкчѳлѳр-дүн басымдуу 20–100 мм ѳлчѳмү менен шагылдык жана майда таштык катмарлар (массасы боюнча 50%дан кѳбүрѳѳк) | Ѳзѳктүк, тегерек жана тешиктүү перфорациясы менен, дат басууга каршы жабуусу менен 4 мм калыңдыктагы болот жапырактан штампталган түтүктүк, спиралдык-ѳзѳктүк чыпка-каркастар (кошумча чыпкалоочу үстүнкү бетсиз) |
Шагыл, бѳлүкчѳлѳрүнүн басымдуу 2–5 мм ѳлчѳмү менен шагылдуу кум (массасы боюнча 50%дан жогору) | Зым оромдон же дат баспоочу штампталган болот жапырагынан суу кабылдоочу үстүнкү бети менен ѳзѳктүк жана түтүктүк чыпкалар. Дат басууга каршы жабуусу менен 4 мм калыңдык-тагы болот жапырагынан штампталган спиралдык-ѳзѳктүк чыпкалар |
Бѳлүкчѳлѳрү басымдуу 1–2 мм ѳлчѳмү менен ири кумдар (массасы боюнча 50%дан кѳбүрѳѳк) | Ошол эле |
Бѳлүкчѳлѳрү басымдуу 0,25–0,5 мм ѳлчѳмү менен орто дандуу кумдар (массасы боюнча 50%дан кѳбүрѳѳк) | Зым оромдон, тѳрт бурчтуу ѳрүм торлордон, кум-шагылдык чачыратылуу-су менен дат баспоочу штампталган болот жапырагынан суу кабылдоочу үстүнкү бети менен ѳзѳктүк жана түтүктүк, спиралдык-ѳзѳктүк чыпкалар |
2.5.1.3 Горизонталдык суу алгычтар
Горизонталдык суу алгычтарды, эреже катары, 8 метр тереңдикке чейинки күч менен түртүлүүсүз суулуу катмарларда, басымдуу үстүнкү суу агымдарына жакын жүргүзгѳн ылайык. Алар таш-шагылдык дрендер, түтүктүк дрендер, суу топтолуучу галерея же суу топтолуучу штольнялар түрүндѳ долбоорлонушу ыктымал.
Түтүктүк дрендер 5–8 м тереңдикте экинчи жана үчүнчү категориялардагы суу алуулар үчүн долбоорлонгону ылайык.
Биринчи жана экинчи категориялардагы суу алуулар үчүн, эреже катары, суу топтолуучу галереялар кабылданышы керек.
Штольнялар түрүндѳгү суу алуулар тийиштүү орографикалык шарттарда кабылданганы ылайык.
Горизонталдык суу алуулардын сууну кабылдоочу бѳлүгүн долбоорлоо маалында суулуу катмардан суу менен бирге тектердин бѳлүкчѳлѳрүнүн алып чыгарылуусун жокко чыгаруу үчүн эки-үч катмардан турган артка кайтаруучу чыпка алдын алып каралышы керек.
Артка кайтаруучу чыпканын айрым катмарларынын механикалык курамын эсептѳѳ менен аныктап алуу зарыл. Чыпканын ѳз алдынчалуу катмарларынын калыңдыгы 15 сантиметрден кем эмес болушу керек.
Таштык-шагылдык дрен түрүндѳгү суу алуу үчүн сууну кабылдоону артка кайтаруучу чыпка түзүлүшү менен траншеянын таманына тѳшѳлгѳн 30х30 же 50х50 см ѳлчѳмүндѳгү шагылдык призма аркылуу алдын алып каралганы ылайык.
Таштык-шагылдык дренди суу топтолуучу кудук тарабына 0,01–0,05ке жантаюусу менен кабылдоо зарыл.
Түтүктүк дренден суу алуулардын суу кабылдоочу бѳлүгү капталдарында жана үстүнкү бѳлүгүндѳ тегерек же жылчыктуу тешиктери менен чопо, хризотилцемент, темирбетон жана пластмасса түтүктѳрдѳн болуп кабылданганы ылайык; түтүктүн тѳмѳнкү бѳлүгүнүн (бийиктиги 1–3 метрден кѳп эмес) тешиктери болбошу керек.
*) Ыйгарым укуктуу органдар менен санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык кѳзѳмѳл жаатында макулдашуу боюнча.
Түтүктѳрдүн минималдуу диамери 150 мм болуп кабылданганы ылайык.
Эскертүү – Кѳзѳп тешилген металл түтүктѳрүн колдонууга негизделген учурда жол берилет.
Горизонталдык суу алуулардын суу түтүктѳрүнүн диаметрлерин аныктоону кыртыштык суулардын деңгээлинин тѳмѳн болуусу мезгили үчүн жүргүзүү, ошол эле маалда 0,5 диаметрлик түтүктүн эсептик толтурулуусун кабылдоо керек.
Суу топтолуучу кудук тарабына жантаюулар тѳмѳндѳгүдѳн кем эмес болуусу керек:
0,007 – диаметри 150 мм болгонунда;
0,005 – диаметри 200 мм болгонунда;
0,004 – диаметри 250 мм болгонунда;
0,003 – диаметри 300 мм болгонунда;
0,002 – диаметри 400 мм болгонунда;
0,001 – диаметри 500 мм болгонунда.
Түтүктѳрдѳгү суунун агымынын ылдамдыгы 0,7 м/с кем эмес болуп кабылданышы керек.
Суу кабылдоочу галереялар жылчыктуу тешиктери менен же калканычтуу терезелери менен темирбетондон болуп кабылданганы ылайык.
Галереянын темирбетон бѳлүмдѳрүнүн астында алардын бири-бирине салыштырмалуу чѳгүп кетүүлѳрүн жокко чыгаруучу негиздин болушу алдын алып каралганы зарыл. Галереянын капталдарындагы анын суу кабылдоочу бѳлү-гүнүн чектеринде артка кайтаруучу чыпка түзүлүшү алдын алып каралышы керек.
Горизонталдык суу алуулар аларга үстүнкү беттик суулардын келип кошулуусунан корголушу зарыл.
Түтүктүк жана галереялык суу алуулардын иштѳѳсүнѳ, алардын желдетилүүсүнѳ жана оңдолуп-түзѳтүлүүсүнѳ байкоо жүргүзүү үчүн карап-текшерүү кудуктарынын кабылданганы ылайык, алардын ортолорундагы аралык диаметри 150дѳн 500 миллиметрге чейинки түтүктүк суу алуулар үчүн 50 метрден кѳп эмес жана диаметри 500 миллиметрден кѳбүрѳѳк болгонунда 75 метр болушу керек; галереялык суу алуулар үчүн – 100–150 м.
Карап-текшерүү кудуктары ошондой эле сууну кабылдоо бѳлүгүнүн ѳзгѳрүлүү орундарында жана тик тегиздикте алдын алып каралганы ылайык.
Карап-текшерүү кудуктарын 1 м диаметри менен кабылдоо керек; кудуктун үстү жагы жердин үстүнкү бетинен 0,2 метрден кем эмес жогору болуусу зарыл; кудуктарды айлантып жазылыгы 1 метрден кем эмес суу ѳткѳрбѳѳчү жабуу (отмостка) жана топурак жабуу (глиняный замок) жасалганы ылайык; кудуктар 2.8.2. пунктуна ылайык желдетүүчү түтүктѳр менен жабдылышы керек.
Горизонталдык суу алуулардын насостук станциялары, эреже катары, суу топтолуучу кудук менен сыйыштырылганы ылайык.
Бириктирилген горизонталдык суу алууларды үстүнкү күчтѳп түртүлүүсүз жана тѳмѳнкү күчтѳп түртүлүү суулуу катмары менен эки катмарлуу системаларда кабылдоо зарыл.
Суу алууну үстүнкү күчтѳп түртүлүүсүз катмарды алып чыгуучу горизонталдык түтүктүк дрен түрүндѳ алдын алып караган ылайык, ага тѳмѳн жагынан жана каптал тарабынан тѳмѳнкү катмарда жайгаштырылган вертикалдык скважина-күчѳткүчтѳрдүн чыпкалык колонналарынын түтүк кесиндилери кошулуп бириктирилет.
2.5.1.4 Нурлуу суу алгычтар
Нурлуу суу алгычтар суулуу катмарларда алдын алып каралганы ылайык, алардын чатырлары жердин үстүнкү бетинен 15–20 метрден кѳп эмес тереңдикте жайгашкан жана суулуу катмардын кубаттуулугу 20 метрден ашпайт.
Эскертүү – Нурлуу суу алгычтарды ирдүүлүгү D≥70 мм болгон майда таштуу кыртышта, суулуу тектерде жана ылайлуу майда дандуу тектерде чоң таштардын саны 10%дан кѳп болгонунда колдонгонго сунушталбайт.
Бир тектүү эмес же кубаттуу бир тектүү суулуу катмарларда ар башка белгилерде жайгашкан үлүштѳрү менен кѳп тепкичтүү үлүштүк суу алуулардын колдонулганы ылайык.
Суу топтолуучу кудук:
– суу алуунун ѳндүрүмдүүлүгү 150–200 ат күчү болгонунда жана да жагымдуу гидрогеологиялык жана гидрохимиялык шарттарда бир секциялуу делип алдын алып каралганы туура;
– суу алуунун ѳндүрүмдүүлүгү 200 ат күчүнѳн жогору болгонунда суу топтолуучу кудук эки секцияга бѳлүнүшү керек.
Узундугу 60 метр жана андан кѳп суу үлүштѳрү түтүктүн диаметри азайтылуу менен телескоптук конструкцияларды кабылдаганы ылайык.
Суу нурларынын узундугу 30 метрден аз болгонунда бир түрдүү суулуу катмарларда нурлар ортосундагы бурч 30°тан кем эмес болушу керек.
Суу кабылдоочу нурлар 20%дан кѳп эмес бургуланганып кѳзѳлгѳн же тешиктүү түтүктѳрдѳн болуп кабылданышы керек.
Суу топтолуучу кудуктардагы суу кабылдоочу үлүштѳрдѳ жылдырып бүтѳѳчтѳрдүн орнотулушу алдын алып каралганы ылайык.
2.5.1.5 Булактардын сууларын алуу (каптаж)
Каптаждык курулмалар (суу топтолуучу камералар же тайыз түшүрүлмѳ кудуктар) жер астындагы сууларды булактардан алып чыгуу үчүн колдонулат.
Чыккан булактан сууну кармап алып калууну каптаждык камеранын түбү аркылуу жүзѳгѳ ашырган ылайык.
Жараңкалуу тектердеги булактардын сууларын алууда каптаждык камерага сууну кабылдоону чыпкаларсыз, ал эми борпоң тектерден чыпка аркылуу жүзѳгѳ ашырууга жол берилет.
Каптаждык камералар үстүрт булгануулардан, тоңуп калуудан жана үстүнкү беттик суулар каптап кетүүсүнѳн корголгон болушу керек.
Каптаждык камерада 2.8.2. пунктуна ылайык бүткѳн жеринде жаап бекитүүчү клапандын орнотулушу менен булактын болушунча чоң дебитине эсептелинген артка кайтарып куюу түтүгүнүн, желдетүүчү түтүктүн жана диаметри 100 миллиметрден кем эмес коё берүүчү түтүктүн болушу алдын алып каралганы ылайык.
Булактын суусун майда бѳлүкчѳлѳрдүн жыйындысынан арылтуу үчүн каптаждык камераны артка кайтарып куюу тоскучу менен эки бѳлүмгѳ ажырымдоо керек: бирѳѳсү – суунун тунуп, андан ары чѳкмѳлѳрдѳн тазалануусу үчүн, экинчиси – сууну насос менен сордуруп алуу үчүн.
Жакын жерде тѳмѳн түшүүчү булактын суусунун бир нече чыкчу жери бол-гонунда каптаждык камеранын ачылчу жери алдын алып кѳңүлгѳ алынганы зарыл.
2.5.1.6 Жер астындагы суулардын запасын жасалма жол менен толуктоо
Жер астындагы сууларды жасалма жол менен толуктоо үчүн тѳмѳндѳгүлѳрдү кабылдоо керек:
– аракеттеги жана долбоорлонуудагы жер астындагы суулардын алынышы-нын ѳндүрүмдүүлүгүн арттырууну жана туруктуу иштѳѳсүн камсыздоону;
– табигый чыпкалануучу жана иргелип алынуучу суу астындагы суулардын сапатын ижакшыртууну;
– жер астындагы суулардын сезондук запастарын түзүүнү;
– курчап турган чѳйрѳнү коргоону (кыртыштык суулардын деңгээлинин ѳсүмдүктѳрдүн куурап калышына алып келүүчү жол берилгис тѳмѳндѳтүлүшүн болтурбоону).
Колдонуудагы суулуу катмарлардын жер астындагы сууларынын запастарын толуктоо үчүн үстүнкү беттик жана жер астындагы суулар пайдаланылганы ылайык.
Жер алдындагы суулардын запастарын толуктоо ачык жана жабык типтеги табигый чыпкалоочу түзүлүштѳр аркылуу алдын алып каралышы зарыл.
Ачык типтеги табигый чыпкалоочу түзүлүштѳр эсебинде бассейндер, рельефтин табигый жана жасалма жол менен тѳмѳндѳтүлүштѳрү (коолор, кокту-колоттор, ѳзѳн-дарыялардын эски нуктары, казылган аңдар) колдонулганы ылайык.
Ачык түрдѳгү табигый чыпкалоочу түзүлүштѳр жабуу түрүндѳгү нымды аз ѳткѳрүүчү тѳшѳлүүлѳрдүн орун албаганында же аз кубаттуулугунда (3 метрге чейин) суулуу катмардын биринчисинен тарта суу астындагы суулардын запастарын толуктоо үчүн кабылданат.
Табигый чыпкалоочу бассейндерди долбоорлоодо алдын алып каралышы зарыл:
– түптү жакшы чыпкалоочу текке 0,5 метрден кем эмес тереңдикте жиреп киргизүү;
– сууну коё берген жердеги түптү бекемдѳѳ жана жантаймаларды суу жууп кетүүсүнѳн сактоо;
– табигый чыпкалоочу курулуштарга берилүүчү суунун чыгымдалышын иреттештирүүчү жана ѳлчѳѳчү түзүлүштѳр;
– машиналар жана механизмдер үчүн келип кирүүчү жана чыгуучу жолдор.
Табигый чыпкалоочу бассейндердин таманынын жазылыгы 30 метрден ашпоосу зарыл, бассейндердин узундугу – 500 метрден кѳп эмес, суунун катмары – 0,7-2,5 м, саны – экиден кем эмес болушу керек.
Бассейнге сууну берүү чачыратуучу түзүлүш же эркин куюлуусу менен каскад аркылуу алдын алып каралганы ылайык.
Ири толтургучу менен шагылдык-майда таштык тѳшѳлүүлѳрдѳ бассейндерди орнотууда таманы катмарынын калыңдыгы 0,5–0,7 м ири дандуу кум менен толтурулганы туура болот.
Рельефтин табигый тѳмѳндѳѳсүн пайдаланган учурда чыпкалоочу үстүнкү беттин даярдалышы алдын алып каралышы зарыл.
Жабык типтеги табигый чыпкалоочу курулуштар эсебинде скважиналардын (сиңдирүүчү жана дренаждык-сиңдирүүчү) жана шахталык кудуктардын пайдаланылганы ылайык.
Сиңдирүүчү жана дренаждык-сиңдирүүчү скважиналарды жана шахталык кудуктарды долбоорлоодо берилип жаткан суунун чыгымдалыштарын ѳлчѳѳ жана иретке салуу жана да курулуштардагы жана суулуу катмардагы суунун динами-калык деңгээлдерин ѳлчѳѳ үчүн түзүлүштѳрдүн алдын алып каралганы зарыл.
Табигый чыпкалоочу курулуштардын конструкциясы ачык табигый чыпкалоочулук курулуштардагы алардын ѳндүрүмдүүлүгүн калыбына келтирүү мүмкүндүгүн чыпкалоочу үстүнкү беттен ылайланган катмарды механикалык же гидравликалык арылтуу жолу менен, жабыктарында – суу алуу скважиналарын калыбына келтирүү үчүн колдонулуучу методдор менен камсыздоосу керек.
Эскертүү – Ачык табигый чыпкалоочулук курулуштарды терс температуралар маалында бошотууга жана калыбына келтирүүгѳ жол берилбейт.
Табигый чыпкалоочу курулуштарды жайгаштыруу схемаларын тандоо, алардын санын жана ѳндүрүмдүүлүгүн аныктоо жер астындагы суулардын запастарын жасалма жол менен толуктоонун дайындалышын эсепке алуу менен комплекстүү гидрогеологиялык жана техникалык-экономикалык эсептѳѳлѳрдүн, берилүүчү суунун сапатынын жана да табигый чыпкалоочулук жана суу алуу куру-луштарын эксплуатациялоонун ѳзгѳчѳлүктѳрүнүн негизинде жүргүзүлүшү керек.
Табигый чыпкалоочу жана суу алуу курулуштарынын ортосундагы аралык табигый чыпкалоого деп берилүүчү суунун ага чейинки тазалануусун эсепке алуу менен алынган суунун сапатын алдын алып божомолдоонун жана аны жер алдындагы суулар менен аралаштыруунун негизинде кабылданышы зарыл.
Жасалма жол менен толуктоо үчүн пайдаланылуучу суунун сапаты мамлекеттик стандарттардын талаптарына жооп бериши керек.
Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын табигый чыпкалоочу түзүлүштѳргѳ берчү суусунун сапаты аны суулуу катмарда табигый чыпкалоо жана жер алдындагы суулар менен аралаштыруу маалындагы тазалануусу эсепке алынуу менен санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарына жооп бериши керек.
2.5.1.6.1 Табигый чыпкалоочулук (инфильтрациялык) суу чогултуулар: түрлѳрү жана колдонулуу аймагы
Айрым дарыялардын түбү сууга каныккан майда таштуу тектердин же кум-шагылдык кыртыштын катмары катары келет. Дарыя тектерди сууга каныктырат, ушундан улам дарыя агымынын астында кыртыштык суулардын агымы келип чыгат, ал агым астындагы агым деп аталат. Агым астындагы суулар каптал жана тѳмѳн жагынан агым астындагы агымдын чек араларын түзүүчү суу ѳткѳрбѳѳчү тектер менен чектелишет. Агым астындагы агым дарыя суусунан эле эмес, ошондой эле жээк аймагынын суулуу горизонтторунан сызылып келип кошулуучу кыртыштык суулардан да азыктанат.
2.5.1.6.2 Сууну агым астындагы агымдан бѳлүп алуу үчүн суу кабылдагыч курулмалар
Агым астындагы агымдан сууну бѳлүп алууну жүргүзүүгѳ болот. Бул үчүн табигый чыпкалоо тибиндеги гидротехникалык суу кабылдоочу түзүлүш курулат. Табигый чыпкалоочу суу топтогучтар ѳздѳрүнүн аталышын суунун кыртыш аркылуу чыпкалануу жолу менен табигый тазалануудан ѳткѳнүнѳ байланыштуу алган. Агым астындагы сууга каныккан тектерден сууну алуу процессинде суу запастарынын ыкчамдык менен толтурулуусу жүрѳт. Агым астындагы агымдын кѳлѳмүнүн артылышы дарыянын суусун жигердүү соруп алуусу менен шартталган. Суу топтоочу түзүлүшкѳ суу жаратылыштык чыпка катары аны тазалоочу шагылдык-кумдук катмар аркылуу сызылып ѳткѳндѳн кийин гана барып агып түшѳт.
2.5.1.6.3 Табигый чыпкалоо тибиндеги кабылдоочу курулмалар.
Табигый чыпкалоо тибиндеги суу кабылдоочу курулмалардын ролунда жер астындагы сууларды ѳндүрүү үчүн колдонулуучу тѳмѳндѳгү суу топтогучтар чыга алышат:
- түтүктүк кудуктар (скважиналар);
- шахталык кудуктар;
- горизонталдык суу топтогучтар, мунун ичинде дренаждык түтүктѳр, траншеялар жана галереялар.
Агым астындагы агымдан сууну бѳлүп алуу үчүн суу топтогучтардын белгилүү типтери менен катар үлүштүк табигый чыпкалоочу суу топтоочу түзүлүштѳр колдонулат.
Табигый чыпкалоочу суу топтогучтар – скважиналар жана кудуктар – басымдуу учурларда суунун агымын жандай жайгашышат, ал эми горизонталдык түзүлүштѳр түз эле дарыя агымынын астында курулат. Мисалы, эгер суу кабылдоочу түзүлүш эсебинде түтүктүк кудуктар колдонула турган болсо, скважиналарды бургулоо агымга жандай алып барылат, алардын саны агым астындагы агымдын кубаттуулугуна жараша эсептелинет.
Суу алуунун кубаттуулугунун жана агым астындагы агымдын ѳндүрүмдүүлүгүнүн ѳз ара катышы белгилүү бир тактыкта эсептелип чыгылуусу керек. Эгер суу алуунун ыкчамдуулугу ѳтѳ эле жогору болсо, анда сууга каныккан кыртыштын жогорку бѳлүгүнүн кольматациясын (ылайлануусун) чакыруучу табигый чыпкаланбаган суунун чоң ѳлчѳмдѳ дарыядан кыртыштыкка барып кошулуусун пайда кылат.
Жыл мезгилинен кѳз карандылыкта дарыядагы суунун деңгээлинин ѳзгѳрүүсү жүрѳт, демек, суу алуу шарттары да алмашылат, себеби агым астындагы суулардын деңгээли дарыя агымындагы суунун деңгээлинен түз кѳз каранды.
2.5.2 Үстүңкү беттик сууну алуу үчүн курулмалар
Үстүнкү беттик сууларды алуу үчүн суу алуу курулмалары үчүн төмөнкүлөр ылайык:
- суу чыкчу булактан суунун эсептик чыгымдалуусун жана анын керектѳѳчүгѳ берилишин камсыздоо;
- суу менен камсыздоо системасын ѳсүмдүк басып кетүүдѳн жана ага шилендилер, булгануулар, планктондор, муздар ж.б. капталуусунан коргоо;
- балык чарбачылыгы маанисиндеги кѳлмѳлѳрдѳ балык запастарын коргоо органдарынын талаптарын канааттандыруу.
Суу алуу түзүлүштѳрүн суунун берилишин камсыздоосу боюнча 2.4.4. п. ылайык үч категорияга ажырымдоо керек.
Суу алуу түзүлүшүнүн конструктивдүү схемасы 8-таблицада кѳрсѳтүлгѳн суунун максималдуу жана минималдуу деңгээлдерин, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын эсепке алуу менен суунун алынуу булагынын талап кылынган категориясынан, гидрологиялык мүнѳздѳмѳсүнѳн кѳз карандылыкта кабылданышы зарыл.
Суу алуунун негизги түзүлүштѳрүнүн классы анын категориясына ылайык аныкталып берилет.
Суу алуунун экинчи даражадагы түзүлүштѳрүнүн классы бир бирдикке азыраак кабылданат.
8- таблица – Үстүнкү беттик булактардагы суунун суу алуу түзүлүштѳрүнүн категориясынан кѳз карандылыкта эсептик деңгээлдеринин камсыздалгандыгынын маанилери
Суу алуу түзүлүштөрүнүн категориялары | Үстүнкү беттик булактардын суусунун эсептик деңгээлдеринин камсыздалгандыгы % менен |
| |
I | 1 | 97 | |
II | 3 | 95 |
|
III | 5 | 90 |
|
Эскертүүлѳр
1. Негизгиге жапа чеккен учурунда керектөөчүлөргө суунун эсептик чыгымдалышын берүүнү камсыз кыла албаган суу алуу түзүлүштөрүн, экинчи даражадагыга жапа чеккенинде керектөөчүлөргө суунун берилишинин төмөндөшүнө алып келбеген түзүлүштөрдү киргизген ылайык.
2. Суу алуу гидротүйүндөрүнүн курамына кирген, суунун деңгээлин көтөрүүчү жана суу сактагыч плотиналарынын классын КЧжЭ 3.07.01 көрсөтмөлөрүнө ылайык, бирок төмөн эмес, кабылдоо керек:
класс IIни – суу алуунун I категориясы үчүн;
класс IIIтү – суу алуунун II категориясы үчүн;
класс IVтү – суу алуунун III категориясы үчүн.
Суу алуу түзүлүшүнүн схемасын жана жайгашуу ордун тандап алуу алдын алып божомолдоолор менен негизделиши керек:
– булактагы суунун сапаты;
– суу нугунун же жээктин ѳзгѳртүп түзүлүүсү;
– түбѳлүк тоң кыртыштарынын чек араларынын ѳзгѳрүүсү;
– гидрожылуулук тартиби.
Суу кабыл алгычтарды кемелердин, салдардын кыймылы аймакта-рынын чектеринде, суу түбүндѳгү чѳкмѳлѳрдүн чогулуу жана кыймылда болуу аймактарында, балыктардын кыштоо жана урук таштоо орундарында, жээктин урап калуу мүмкүндүгү бар участкаларда, дарактардын сыныктарынын жана балырлардын топтолуу, ошондой эле майда муздардын бѳгѳп жана тосуп калышы жерлеринде жайгаштырууга жол берилбейт.
Суу кабыл алгычтарды гидротүйүнгѳ тутумдаш орун алган ГЭСтердин тѳмѳнкү бьефтеринин участкаларында, суу сактагычтардын жогору жактарында, ошондой эле суу агымдарынын келип куйган жана тиреп тосулган жеринен тѳмѳн турган участкаларда жайгаштырууга болбойт.
Чарбалык-ичүүчүчү суу менен жабдуунун суу алуу түзүлүштѳрү үчүн суу кабыл алгычтардын жайгашуу орду агынды сууларды коё берүү агымынан, калктуу конуштардан, ошондой эле кемелердин токтоочу жерлеринен, агызылуучу устундар кампаларынан, санитардык сактоо аймактарынын уюштурулуусун камсыздоочу райондогу товардык-транспорттук базалардан жана складдардан (бардык типтердеги) жогору кабылдануусу зарыл.
Ири кѳлдѳрдѳ жана суу сактагычтарда суу алуу түзүлүштѳрүнүн суу кабыл алгычтары жайгаштырылганы (тутумдаш жээктин жана жээктик жантайманын күтүлгѳн иштетилүүсүн эсепке алып) ылайык:
– суунун эң эле тѳмѳнкү деңгээлдериндеги шарпылдаган аймагынын чектеринен тышкарыда;
– чайпалуулардан калкаланган орундарда;
– суунун шарпылдагы аймагынан чыгуучу топтоштурулган агымдардын чектеринен тышкарыда.
Ѳзүнѳн агып же сифондук суу алып ѳтүү менен суу алуу түзүлүштѳрүндѳ суу кабыл алуучу тордук кудуктун болгону, насостук станцияны жана дагы башка курулуштарды жээкти коргоочу жабуу түзүлүштѳрүсүз күтүлүүчү жээктин кайра иштетилүүсүнүн чектеринен сырткарыга алып чыгылганы максатка ылайыктуу.
Үстүнкү беттик булактардан сууну алуунун шарттары жээктердин жана булактын ордунун туруктуулугунан, агымдык жана майда муздук тартиптерден, 9-таблицада келтирилген кѳрсѳткүчтѳр боюнча булгангандыгынан кѳз карандылыкта ажырымдалуусу зарыл.
9- таблица – Үстүнкү беттик булактардан сууну алуунун шарттары
Жээктердин жана суу түбүнүн киргилдиги, туруктуулугу | Суу ичиндеги майда муздар жана муз | Башка факторлор |
|
| ||||
Суу алуу шарттары-нын мүнѳз-дѳмѳсү | Үстүнкү беттик булактардан сууну алуунун шарттары |
|
| |||||
Жеңил | Киргилдик ≤ 500 мг/л, кѳлмѳнүн жана суу агымынын туруктуу орду. | Суу ичиндеги муз түзүлүүнүн жоктугу. Орточо кубаттуулукта-гы, туруктуу муз тоңуу (≤ 0,8 м). | Суу булагында дрейссендердин, балянустардын, мидийлердин ж.б. балырлардын жоктугу, булгануулардын аз саны |
| ||||
|
Орточо | Киргилдик ≤ 500 мг/л (суу ташкыны үчүн орточо). Суунун нугу жана жээктер ±0,3 м сезондук бузулуусу менен туруктуу. Шилендилердин жээкти бойлой жылы-шуулары дайымкы тик беттин суу астындагы жантаюусунун туруктуулугуна таасир этпейт. | Нуктун демейки майда муздарга толту-рулуусуз жана муздар-дын топтолуусунун түзүлүүсүсүз муз тоңуунун орнотулуусу менен токтолуучу суу ичиндеги муз түзүлүүнүн болушу. Муз күбүрлѳрү менен түзүлүүчү кубаттуулугу < 1,2 м туруктуу муз тоңуу. | Булгануулардын, балырлардын, дрейссендердин, балянустардын, мидийлердин суу алуу түзүлүшүнүн ишине жолтоо кылуучу ѳлчѳм-дѳрдѳ болушу. Устундарды бириндетип жана салдык агызуу. Кемечилик. |
| ||||
Оор | Киргилдик ≤ 5000 мг/л. Жээктердин жана суунун түбүнүн кайрадан түзүлүүсү менен анын 1–2 метрге чейин ѳзгѳрүлүүсүнѳ алып келүүчү суунун кыймылдуу нугу. Ѳзгѳрмѳлүү тиктиги менен жантайма беттеги шилендилер-дин жээкти бойлой жылышуусу менен жээктин кайрадан иштетилүүсүнүн болушу | Суу агымынын кесилишинин 60–70%га чейинки муз тоңуудагы нуктун майда муздардын кыймылы жана майда муздарга толтурулуу менен бир нече муз жабуунун түзүлүүсү. Айрым жылдары майда муздардын топтолуусунун түзүлүүсү менен муз тоңуу мезгилдеринин жана жазында муз тыгындарынын орун алуусу. Туруктуу эмес муз жабуусу аймагындагы ГЭСтин тѳмѳнкү бьефинин участкалары. Майда муздардын жээкке чыгуусу, оркойгон муздар жана жээк айма-гынын майда муздар менен толтурулушу. | Ошол эле, бирок суу алуунун жана суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн ишин оорлотуучу ѳлчѳмдѳрдѳ. |
| ||||
Эң эле оор | Киргилдик >5000 мг/л, ѳзүнүн формасын системалуу жана кокусунан ѳзгѳртүп, нук туруктуу эмес. Жээктин интенсивдүү жана олуттуу кайрадан иштетилиши. Жердин кѳчүп кетүү кубулуш-тарынын орун алуусу же болуу мүмкүндүгү | Муз жабуусунун тирѳѳчтүн коюлушуна алып келүүчү майда муздардын топтолуп үйүлүүсү учурунда гана түзүлүүсү; кыштын басымдуу бѳлүгүнүн жүрүшүндѳ майда муздардын муздуу жабуунун астынан орун аган транзити. Ѳсүндү муздардын болушу жана нуктун тоңуп калуу мүмкүндүгү. Тосуп калуулар жана жээкке муздун чоң толптолуусу менен муздун жылышы. Суу агымынын кѳтѳрүлүүсү маалындагы оор майда муздуу шарттар. |
|
| ||||
Эскертүү – Суу алуу шарттарынын жалпы мүнѳздѳмѳсү оорчулуктардын кыйла оор түрлѳрүнѳ ылайык аныкталат. |
| |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Суу кабыл алуучу курулмалар талап кылынган категориядан жана сууну алуунун жаратылыштык шарттарынын татаалдыгынан кѳз карандылыкта кабылданганы ылайык. I жана II категориялардагы суу алуу түзүлүштѳрүндѳ ишенимдүүлүк суу кабыл алуучу бѳлүгүнүн секцияларга ажырымдалышы катары алдын алып каралышы керек.
Чѳктүрүлгѳн суу кабыл алгычтары менен суу алуу түзүлүшүнүн категорияларын бир бирдикке жогорулатууга тѳмѳндѳгү учурларда жол берилет:
– суу кабыл алгычтарды чѳктүрүлгѳн, ѳзүн ѳзү жуугуч суу кабыл алуучу чѳмүчтѳ жайгаштырганда;
– жылуу сууну суу кабыл алуучу тешиктерге алынып жаткан чыгымдоолордун 20%ынан кем эмес ѳлчѳмүндѳ алып ѳтүлгѳндѳ жана атайын шилендилерден коргоочу курулмалар колдонулганында;
– булганууларды кармап калуучу темир торлорду, суу кабыл алгычтардын балыкты тосуп калуучу түзүлүштѳрүн жана ѳзү агып чыгуучу суу алып ѳтүүлѳрдү кайрадан жууп-тазалоонун ишенимдүү системасын камсыздоода.
Оор жана абдан эле оор жергиликтүү шарттардагы суу алуу түзүлүштѳрүнүн схемаларын жана компоновкаларын тандоону лабораториялык изилдѳѳлѳрдүн негизинде кабыл алуу зарыл.
Суу алуу түзүлүштѳрү суу керектѳѳнүн перспективдүү ѳнүгүүсүн эсепке алуу менен долбоорлонгону ылайык.
Суу сактагычтан сууну алууда суу кабыл алгыч катары түбүнѳн суу коё берүү мунарасын же сууну коё берүүнүн башкы түзүлүшүн колдонуунун максатка ылайыктуулугу каралышы керек.
Суу алуу түзүлүшүн суунун деңгээлин кѳтѳрүүчү тосмо менен айкалыштырууда тосмону суунун берилишин токтотуусуз оңдоп-түзѳѳ мүмкүндүгү алдын алып каралганы ылайык.
Суу алуу түзүлүшүнүн негизги элементтеринин (суу кабыл алуучу тешиктердин, торлордун, балыкты коргоочу түзүлүштѳрдүн, түтүктѳрдүн, арыктардын) ѳлчѳмдѳрү, ошондой эле жэээктик суу кабыл алуучу тордук кудуктагы суунун эсептик минималдуу деңгээли жана насостордун огунун белгилѳѳлѳрү иштин нормалдуу эксплуатациялык жана авариялык тартиптери үчүн булактагы суунун минималдуу деңгээлдериндеги гидравликалык эсептѳѳлѳр менен аныкталышат.
Эскертүү – Авариялык тартипте (ѳзү агып чыгуучу же сифондук бир суу алып ѳтүүнү же суу кабыл алгычтын секцияларын ремонтко же текшерүүгѳ деп жаап токтотуу) II жана III категориялардагы суу алуу түзүлүштѳрү үчүн суу алууну 30%га тѳмѳндѳтүүгѳ жол берилет.
Суу кабыл алуучу тешиктердин ѳлчѳмдѳрүн балыкты коргоонун талаптарын эске алуу менен булганууларды кармап калуучу темир торлордун же чыпкалардын тешиктеринен суунун агып чыгуусунун орточо ылдамдыгы боюнча аныктоо зарыл.
Суу кабыл алуучу тешиктердин түп жагы кѳлмѳнүн же суу агызгычтын таманынан 0,5 метрден кем эмес, суу кабыл алуучу тешиктердин чѳктүрүлгѳн түзүлүштѳрдүн үстү жагы муздун ылдыйкы узата кеткен жээгинен 0,2 метрден аз эмес жогору жайгашуусу керек.
Оор майда шыргалаң муздуу шарттарда суу кабыл алгычтардын тоңуп калуусу жана майда муздар бүтѳп калуусу менен күрѳшүү үчүн темир торлорду электрдик жылытуу, суу кабыл алынчу тешиктерге ысык сууну же кысылган абаны алып баруу, же болбосо алдыда айтылгандар менен айкалыштырып импульстук жууп-тазалоо алдын алып каралганы ылайык.
Булганууларды кармап калуучу темир торлордун ѳзѳк таяктары (стержендери) гидрофобдук материалдардан даярдалышы же аны менен капталган болушу керек.
Жээктик суу кабыл алуучу кудуктарды тордук камераларды шыргалаң майда муздардан арылтуу үчүн тийиштүү жабдыктардын болуусу алдын алып каралганы зарыл.
Зарылчылык болгонунда суу алуу түзүлүшүнүн элементтеринин дрейссен, балянус, мидийлер ж.б. менен капталуусуна каршы күрѳшүүнүн сууну хлордоо же жез купоросунун эритиндисинде иштетүүдѳн ѳткѳрүү ж.б. чараларын кѳрүү жолдору алдын алып каралышы ылайык.
Сууну реагенттер менен иштетүүнүн белгилүү ѳлчѳмдѳрүн, мезгилдүүлүгүн жана улануу узактыгын технологиялык изилдѳѳлѳрдүн маалыматтарынын негизинде аныктап алуу керек.
Бул маалыматтар жок болгонунда хлордун үлүшүн суунун хлорду ѳзүнѳ кѳбүрѳѳк сиңдирүүсү үчүн 2 мг/литр, бирок 5 мг/литрден аз эмес деп кабылданганы ылайык.
Ѳзү агып чыгуучу же сифондук суу алып ѳтүүлѳрдѳ суунун кыймылынын болжолдуу ылдамдыктары суу алуу түзүлүштѳрүнүн нормалдуу иштѳѳ тартиби маалында 10-таблица боюнча кабылдануусуна жол берилет.
10- таблица – Ар башка категориялардагы суу алуу түзүлүштѳрүнүн сифондук линияларындагы суунун кыймылынын ылдамдыктары
Суу алып ѳтүүлѳрдүн диаметрлери, мм | Суу кыймылынын ылдамдыгы, м/с, суу алуу категорияларында |
| |
300–500 | 0,7–1,0 | 1,0–1,5 | |
500–800 | 1,0–1,4 | 1,5–1,9 |
|
800дѳн кѳп | 1,5 | 2,0 |
|
Эскертүү – Суу алып ѳтүүлѳрдүн дрейссен, балянус, мидийлер ж.б. менен капталуусунда суу алып ѳтүүдѳгү жоготууларынын эсеби 0,02 текши эместик коэффициенти маанисинде алып чыгылганы ылайык. |
| ||
Сифондук суу алып ѳтүүлѳрдү II жана III категориялардагы суу алууларда колдонууга жол берилет.
I категориядагы суу алууларда сифондук суу алып ѳтүүлѳрдүн колдонулушу негизделген болушу керек.
Сифондук жана ѳзү агып чыгуучу суу алып ѳтүүлѳр, эреже катары, болот түтүктѳрдѳн делип кабылданганы ылайык. Пластмассалык жана темирбетондук түтүктѳрдүн колдонулуусуна жол берилет.
Коё берүү ыгында аткарылуучу суу кабыл алуучу кудуктардын жана насостук станциялардын жер астындагы бѳлүгүнѳ тутумдаш участкадагы ѳзү агып чыгуучу суу алып ѳтүүлѳр үчүн траншеясыз тѳшѳѳ усулу сунушталат.
Болоттон жана пластмассадан жасалган ѳткѳргүч түтүктѳр (трубопроводдор) калкып чыгуусу аркылуу текшерилет. Болот ѳткѳргүч түтүктѳр дат басууга каршы жабуусу менен, ал эми зарылчылыкта катоддук же протектордук (агызбоочу) коргоосу менен болушу керек.
Ѳзү агып чыгуучу жана сифондук суу алып ѳтүүлѳр кесилишкен учурларда түбѳлүк тоң кыртыштары менен участкаларда суу алып ѳтүүнүн ичинде суунун тоңуп калуусун жокко чыгаруучу иш-чаралар алдын алып каралышы керек.
Ѳзү агып чыгуучу жана сифондук суу алып ѳтүүлѳр суу агымынын нугунун чектеринде суу түбүнүн насостору аркылуу сүрүлүп жешилүүсүнѳн жана оор кайырмак темирлерден (якорлордон) жапа чегүүсүнѳн суу алып ѳтүүлѳрдү суу түбүнүн астына 0,5 метрден кем эмес тереңдетүү же аны жууп кетүүдѳн бекемдеп кѳмүү жолу менен корголуусу зарыл.
Сууну алдын алып тазалоо үчүн торлордун тибин тандап алууну кѳлмѳнүн ѳзгѳчѳлүктѳрүн жана суу алуу түзүлүшүнүн ѳндүрүмдүүлүгүн эсепке алуу менен жүргүзгѳн ылайык.
Чыпкалоочу элементтерди же чыпкалоочу типтеги суу кабыл алуучу түзүлүштѳрдү балыкты коргоо иш-чаралары катары колдонгон айрым бир учурларда суу тазалоочу торлорду орнотуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн карап кѳрүү зарыл.
Суу алуу түзүлүштѳрүнүн насостук станцияларын 2.7. бѳлүмүнѳ ылайык долбоорлоо керек.
Суу алуу түзүлүштѳрүн долбоорлоодо суу кабыл алуучу камераларды (кудуктарды) тунмалардан арылтуу үчүн түзүлүштѳрдүн болушу алдын алып каралганы ылайык.
Торлорду жууп тазалоодо күчтѳп түртүлүүдѳгү суу алып ѳтүүлѳрдүн суусу пайдаланылганы ылайык. Күчтѳп түртүлүү жетишсиз болгонунда аларды жууп тазалоо үчүн кошумча сордуруучу насостордун орнотулуусу алдын алып каралышы зарыл.
Суу алуу түзүлүштѳрү тегерете тосулушу керек. Суу алуу түзүлүштѳрүнүн, биринчи алкактагы санитардык коргоо аймагы менен насостук станциялардын аянтчалары мындай аймактардын бүткүл территориясы 2 м бийиктиктеги жылчыксыз жабык тосмо менен тосулганы максатка ылайык. Бийиктиги 1,7 м тосмо – тордук панелдерден жана 0,3 м – тикенек зымдан же металл торунан тосмонун болушуна жол берилет, мындагы бардык учурларда курчап тосуунун ички тарабындагы кыйгач тирѳѳчтѳрдѳ (кронштейндерде) 4–5 катар тикенек зымдын болушу алдын алып каралышы керек.
2.6. Сууну колдонууга даярдоо. Сууну колдонууга даярдоонун ѳз алдынчалуу процесстери
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Бул бѳлүмдүн талаптары жылуулук энергетикалык объектилердин сууну колдонууга даярдоо түзүлүштѳрүнѳ таркатылбайт.
Сууну иштетүү усулдары, сууну колдонууга даярдоо түзүлүштѳрүнүн курамы жана эсептик параметрлери жана да реагенттердин эсептик үлүштѳрү суу менен камсыздоо булагындагы суунун сапатынан, суу түтүгүнүн дайындалышынан, станциянын ѳндүрүмдүүлүгүнѳн жана да технологиялык изденүүлѳрдүн маалыматтарынын жана окшош шарттарда иштѳѳчү түзүлүштѳрдү эксплуатациялоонун тажрыйбасынын негизинде жергиликтүү шарттардан кѳз карандылыкта аныкталып берилгени ылайык (2.1 бѳлүмүнүн 6-абзацында келтирилген ченемдерди эсепке алуу менен).
Ичүүчү сапатындагы сууну даярдоо үчүн оң гигиеналык бүтүмдѳр алынган усулдар гана колдонууга сунушталат.
Суунун сапаты «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин талаптарына дал келүүсү керек, булар БДССУ (Бүткүл дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюуму) тарабынан ичүүчү суунун сапатына коюлчу стандарттарга туура келет.
Чыпкалардын тазаланган сууларын, суусуздандыруудан алынган жана сууну колдонууга даярдоо станцияларында жаан-чачындардан чогултулган сууларды кайталап пайдалануу жагы алдын алып каралуусу сунушталат. Негизделген учурда аларды суу агымына же кѳлмѳгѳ, же болбосо канализациялык тазалоочу түзүлүштѳргѳ агызып кошууга жол берилет.
Жабдууларды, арматураларды жана сууну колдонууга даярдоо станцияларынын ѳткѳргүч түтүктѳрүн долбоорлоодо 3.1 жана 3.2 бѳлүмдѳрүнүн талаптары эсепке алынганы ылайык.
Сууну колдонууга даярдоо станциясына келип түшкѳн суунун толук чыгымдалуусун суунун станциянын ѳздүк муктаждыктарына чыгымдалышын эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Станциянын ачыктантуу, темирден арылтуу ж.б. ѳздүк керектѳѳлѳрүнѳ баштапкы сууну болжолдуу орточо суткалык (бир жылга) чыгымдоолорду кабылдоо керек:
– керектѳѳчүлѳргѳ берилүүчү суунун санынын 3–4%ы ѳлчѳмүндѳ тазаланган сууну кайталап колдонгон учурда;
– кайталап пайдалануусуз – 10-14%;
– жумшартуу станциясы үчүн – 20-30%.
Станциянын ѳздүк муктаждыктарына суунун чыгымдалышын эсептѳѳлѳр менен тактаган ылайык.
Сууну колдонууга даярдоо станциялары сутка ичинде максималдуу суу керектѳѳнүн бир калыптагы иштѳѳсүнѳ эсеп кылуусу керек, андан да айрым түзүлүштѳрдү профилактикалык кароодон, тазалоодон ѳткѳрүлүүсү, күндѳгү жана капиталдыкоңдоо иштери үчүн токтотуу мүмкүндүгү алдын алып каралышы зарыл.
Ѳндүрүмдүүлүгү суткасына 5000 м3га чейин станциялар үчүн ишти сутканын бѳлүгү ичинде алып барууга жол берилет.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларынын коммуникациялары сууну эсептелгенден 20-30%га кѳп чыгымдоолоруна жол берүү мүмкүндүгүнѳ эсеп кылынганы ылайык.
Сууну колдонууга даярдоо станциялары азыркы учурда сууну даярдоо процесстери үчүн технологиялардын жана жабдуулардын ѳнүктүрүлүшүн эсепке алууменен долбоорлонушу керек, булар акыркы 40–50 жыл ичинде процесстин айрым баскычтарында электрониканын, жаңы химикаттардын ж.б. келип чыгышы менен болду.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларын санитардык коргоо аймактарынын чек аралары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы «Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы актыларды бекитүү тууралуу» № 68 токтомунун 1-тиркемесинин ченемдерине ылайык аныкталышат.
2.6.1 Сууну киргилттигинен арылтуу жана тундуруп тазалоо
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Суу менен камсыздоо булактарынын суулары ажырымдалышат:
а) эсептик максималдуу киргилттүүлүктѳн (салмактанылган заттардын болжолдуу саны) кѳз карандылыкта:
– аз киргилт – 50 мг/л чейин;
– орточо киргилт – 50дѳн жогору, 250 мг/л чейин;
– киргилт – 250дѳн жогору, 1500 мг/л чейин;
– ѳтѳ киргилт – 1500 мг/л жогору;
б) суунун түстүүлүгүн шарттап туруучу гумустук заттарды эсептик максималдуу камтуусунан кѳз карандылыкта:
– аз түстүүлүк – 35ке чейин;
– орточо түстүүлүк – 35тен жогору, 120га чейин;
– жогорку түстүүлүк – 120дан жогору.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларынын түзүлүштѳрүн долбоорлоо үчүн киргилттиктин жана түстүүлүктүн эсептик максималдуу маанилери суу менен камсыздоо булагын тандоого чейинки акыркы үч жылдан кем эмес убакыт аралыгындагы суунун анализдеринин маалыматтары боюнча аныкталганы ылайык.
Сууну киргилттигинен арылтуу жана тундуруп тазалоо үчүн түзүлүштѳрдү тандоодо 2.6 бѳлүмүнүн жалпы кѳрсѳтмѳлѳрүнүн 1). 2), 3) абзацтарында алып чыгылган талаптарды, ал эми алдын алып тандоо үчүн 11-таблицанын маалыматтарын жетекчиликке алуу сунушталат.
11- таблица – Сууну колдонууга даярдоонун негизги түзүлүштѳрүнүн техникалык мүнѳздѳмѳлѳрү
Киргилттик, мг/л | Түстүүлүк, ° |
| |||||
Негизги түзүлүштѳр | Колдонулуу шарттары | Станция-нын ѳндүрүм-дүүлүгү, суткасы-на/м3 |
| ||||
Коагулянттарды жана флокулянттарды колдонуу менен сууну иштетүүдѳн ѳткѳрүү |
| ||||||
1 Ыкчам чыпкалар (бир тепкичтүү чыпкалоо): |
|
|
|
|
| ||
а) күчтѳп түртүүчүлүк | 30га ч-н | 1,5ке ч-н | 50гѳ ч-н | 20га ч-н | 5000ге ч-н |
| |
б) ачык | 20га ч-н | 1,5ке ч-н | 50гѳ ч-н | 20га ч-н | 50000ге ч-н |
| |
2 Вертикалдык чѳкмѳ тундургучтар – ыкчам чыпкалар | 1500гѳ чейин | 1,5ке ч-н | 120га чейин | 20га чейин | 5000ге чейин |
| |
3 Горизонталдык чѳкмѳ тундургучтар – ыкчам чыпкалар | 1500гѳ чейин | 1,5ке ч-н | 120га чейин | 20га чейин | 30000ден жогору |
| |
4 Контакттык пречыпка-лар – ыкчам чыпкалар (эки тепкичтүү чыпкалоо) | 300гѳ чейин | 1,5ке ч-н | 120га чейин | 20га чейин | Ар кандай |
| |
5 Салмакталнылган тун-маларды киргилттигинен арыл-туучулар – ыкчам чыпкалар | 50дѳн аз эмес, 1500гѳ ч-н | 1,5ке чейин | 120га чейин | 20га чейин | 5000ден жогору |
| |
6 Чѳкмѳ тундургучтардын эки тепкичи – ыкчам чыпкалар | 1500дѳн кѳбүрѳѳк | 1,5ке чейин | 120га чейин | 20га чейин | Ар кандай |
| |
7 Контакттык киргилттигинен арылтуучулар | 70ке чейин | 1,5ке чейин | До 70 | 20га чейин | Ар кандай |
| |
8 Сууну айрым киргилт-тигинен арылтуу үчүн салмакта-нылган тунмалары менен горизонталдык чѳкмѳ тундургучтар жана киргилттигинен арылтуучулар | 1500гѳ чейин | 8–15 | 120га чейин | 40ка чейин | Ар кандай |
| |
9 Сууну айрым киргилттигинен арылтуу үчүн ири дандуу чыпкалар | 80ге чейин | 10го чейин | 120га чейин | 30га чейин | Ар кандай |
| |
10 Жогорку киргилт сууларды алдын алып киргилттигинен арылтуу үчүн радиалдык чѳкмѳ тундургучтар | 1500дѳн жогору | 250гѳ чейин | 120га чейин | 20га чейин | Ар кандай |
| |
11 Түтүктүк чѳкмѳ тундур-гуч жана заводдук даярдалыш-тагы күчтѳп түртүлүүлүк чыпка | 1000ге чейин | 1,5ке чейин | 120га чейин | 20га чейин | 800гѳ чейин |
| |
12 Сууну айрым киргилттигинен арылтуу үчүн ири дандуу чыпкалар | 150гѳ чейин | Баштапкы 30–50% | 120га чейин | Баштапкысыяктуу | Ар кандай |
| |
13 Сууну айрым киргилттигинен арылтуу үчүн радиалдык чѳкмѳ тундургучтар | 1500дѳн кѳбүрѳѳк | Баштапкы 30–50% | 120га чейин | Ошол эле | – |
| |
14 Кумдун механикалык жана гидравликалык регенера-циясы менен кыбыр чыпкалар | 1500гѳ чейин | 1,5 | 50гѳ чейин | 20га чейин | Ар кандай |
| |
Эскертүүлөр 1 Киргилттик реагенттерди киргизүүдѳн улам түзүлүүчүлѳрдү кошуп кошунду түрүндѳгүсү кѳрсѳтүлгѳн. 2 Суу алуу түзүлүштѳрүндѳ же сууну колдонууга даярдоо станциясында 0,5–2 мм ячейкалары менен торлордун орнотулушу алдын алып каралганы зарыл. Планктондун сууда айына орточо 1000 кл/мл кѳбүрѳѳк камтылышында жана жылына 1 айдан ашыгыраак «гүлдѳѳ» узактыгында суу алуу түзүлүшүндѳгү торлорго кошумча суу алуу түзүлүшүндѳ же сууну колдо-нууга даярдоо станциясында микрочыпкалардын орнотулуусу алдын алып каралганы ылайык. 3 Сууну иштетүүдѳн ѳткѳрүү үчүн негиздѳѳдѳ 11-таблицада кѳрсѳтүлбѳгѳн түзүлүштѳрдү (калкып туруучу суу алуу-киргилттиктен арылтуу түзүлүштѳрү, гидроциклондор, флотациялык түзүлүштѳр ж.б.) колдонууга жол берилет. Салмактанылган тунмалары менен киргилттиктен арылтуучулар түзүлүшкѳ сууну бирдей ѳлчѳмдѳ берген же 1 саатта 15%дан кѳп эмес чектерде суунун чыгымдалышын акырындык менен ѳзгѳрткѳн жана суунун температурасы 1 саатта ±1°Сдан кѳп эмес жогору-тѳмѳн болгон учурда колдонулганы ылайык. 4 11-таблицанын маалыматтарын В тиркемесинде келтирилген маалыматтарга ылайык колдонуу зарыл. |
| ||||||
2.6.1.1 Балырлар менен күрѳшүү
Балырлар ѳсүмдүктѳрдүн ѳсүшүнѳ тоскоолдук келтирип, балыктардын тиричилик ѳткѳрүү чѳйрѳсүн чектѳѳлѳрү мүмкүн. Бирок алардын ѳсүшүн токтотуу жана жадесе балырлардан биротоло кутулуу анчалык татаал эмес.
Балырлар – башка суу организмдери сыяктуу эле суу объектилеринин табигый жашоочулары. Алардын пайда болуусун толук жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Балырлардын ѳсүүсү тѳмѳн болгонунда, алар башкалардын ѳсүүсүн басаңдатышпайт, демек тынчсыздануунун зарылдыгы жок. Бирок балырлардын күчтѳп ѳсүүсү сууга зор таасирин тийгизет: балырлар ѳсүмдүк болуп эсептелишет жана күндүзү кычкылтек ѳндүрүп чыгарышат. Ал эми түн ичинде кырдаал ѳзгѳрүп, балырлар кычкылтекти ѳздѳрүнѳ керектешет. Балырлар күчѳп ѳсүп кеткенинде кычкылтектин деңгээли түн ичинде ѳтѳ тѳмѳндѳп, кѳлмѳдѳгү организмдердин жашоосуна коркунуч келиши мүмкүн.
Жарык күчтүү болгонунда (күндүзгү убакытта) балырлар башка суу ѳсүмдүктѳрү сыяктуу эле кѳмүр кычкыл газын (CO2) ѳздѳрүнѳ сиңиришет. Бул суутек кѳрсѳткүчүнүн pH (чейин >9) кескин артылуусуна алып келип, кѳлмѳлѳрдүн башка жашоочулары үчүн коркунучту жаратат.
Эгер суудагы CO2нин деңгээли ѳтѳ эле тѳмѳн болуп баштаса, балырлар CO2ни карбонаттык катуулуктан ала алышат. Суунун бул эң бир маанилүү параметринин азайып тѳмѳндѳѳсү pHты туруксуздандырат. Мындай учурда pH түнкү убакытта кыйла тѳмѳндѳйт (4кѳ чейин) жана күндүзү ѳтѳ олуттуу маанилерге чейин жогорулайт (10го чейин), бул кѳлмѳдѳгү организмдердин ѳлүүсүнѳ алып келет. Ал эми балырлар ѳлгѳнүндѳ бактериялар чирип, буга кычкылтек керектелет. Демек, балырлары ѳлүп баштаган кѳлмѳдѳ тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүшү керек.
Балырлар – булар ушундай ѳсүмдүк, качан алар үчүн азык заттар жана жарык кѳп болгонунда бѳтѳнчѳ күчтѳп ѳсүшѳт. Мында азык заттардын ашыкча саны эмне себептен келип чыкканын тактаган маанилүү. Негизги себеп болуп суунун булганышы же ѳсүмдүктѳрдүн анча кѳп эмес санынын айкалышында балыктын ѳтѳэле кѳп болушу эсептелинет.
Балырлардын азыктануу булактары.
Нитраттар (NO3) жана фосфаттар (PO4) тѳмѳндѳгү деңгээлдерден ашып кетсе, кѳлмѳдѳгү балырлардын ѳсүүсүнѳ ѳбѳлгѳ болушат:
Нитраттар: 5–10 мг/л;
Фосфаттар: 0,1 мг/л.
Фосфаттар жана нитраттардын ѳз ара катыштары.
«Фосфат/азот» катышы балырлардан ѳсүүсүнѳ чоң таасири бардыгын илимий изилдѳѳлѳр кѳрсѳтүп отурат. Тузсуз суу ѳсүмдүктѳрү үчүн идеалдуу катыш – 1:16 («фосфат/нитрат» деп эсептегенде бул болжол менен 1:10 болот).
1:15тен 1:30га чейин ѳзгѳрүлүп туруучу бул диапозондон тышкарыда балырлардын, ѳзгѳчѳ кѳк-жашыл балырлардын (цианобактериялардын) ѳсүүсү кыйла артылат.
2.6.1.2 Торчолуу барабан түрүндѳгү чыпкалар
Торчолуу барабан түрүндѳгү чыпкаларды ири сүзүп жүрүүчү жана салмактанылган аралашмаларды (барабандык торчолорду) суудан четтетүү жана да кѳрсѳтүлгѳн аралашмаларды жана планктондорду (микрочыпкаларды) четтетүү үчүн колдонгон ылайык.
Торчолуу барабан түрүндѳгү чыпкаларды сууну колдонууга даярдоо станцияларынын аянттарында жайгаштырган ылайык.
Негизделгенинде аларды суу алуу түзүлүштѳрүндѳ орун алдырууга жол берилет.
Торчолуу барабан түрүндѳгү чыпкаларды сууга реагенттерди кошконго чейин орнотуу зарыл.
Резервдик торчолуу барабан түрүндѳгү чыпкалардын санын тѳмѳндѳгүдѳй кылып кабылдаган ылайык:
1 – жумушчу агрегаттардын саны 1–5 болгонунда;
2 – жумушчу агрегаттардын саны 6–10 болгонунда;
3 – жумушчу агрегаттардын саны 11 жана андан кѳбүрѳѳк болгонунда.
Торчолуу барабан түрүндѳгү чыпкаларды камераларда орнотуу алдын алып каралганы ылайык. Эгерде жумушчу агрегаттардын саны 5тен кѳп болсо, бир камерада эки агрегаттын жайгаштырылуусуна жол берилет.
Камералар коё берүүчү түтүктѳр менен жабдылышы керек. Камералардын сууну тартып келүүчү каналында куюштуруучу суу түтүгүнүн болушу алдын алып каралганы ылайык.
Торчолуу барабан түрүндѳгү чыпкаларды жууп тазалоо алар аркылуу ѳтчү суу менен жүзѳгѳ ашырылышы керек.
Ѳздүк керектѳѳлѳргѳ суунун чыгымдалышы тѳмѳндѳгүлѳр үчүн кабылданганы ылайык:
– барабандык торчолорго – 0,5%;
– микрочыпкаларга – эсептик ѳндүрүмдүүлүктүн 1,5%ы.
2.6.1.3 Реагенттик чарба
Реагенттердин маркасы жана түрү, реагенттердин эсептик үлүштѳрү баштапкы суунун сапатынан кѳз карандылыкта жылдын ар башка мезгилдери үчүн алардын мүнѳздѳмѳлѳрүнѳ ылайык аныкталып берилгени жана да түзүлүштѳрдү жѳнгѳ салуу жана эксплуатациялоо учурунда оңдолуп түзѳтүлгѳнү ылайык.
Ушунда алардын иштетүүдѳн ѳткѳрүлгѳн суудагы жол берилген калдык топтолуштары кѳңүлгѳ алынышы зарыл.
Хлор камтылган реагенттердин үлүшү (жигердүү хлор боюнча) алдын ала хлордоо жана да сууну иштетүүдѳн ѳткѳрүүүнүн жана киргилттигинен тазалоонун жүрүшүн жакшыртуу үчүн, ошондой эле түзүлүштѳрдүн санитардык абалын жакшыртуу үчүн 3–10 мг/г ѳлчѳмүндѳ кабылданганы ылайык.
Реагенттерди коагулянттардан 1–3 мүнѳт мурдараак колдонуу сунушталат.
Кѳбүктүн түзүлүү процессин жакшыртуу үчүн зарыл ДЩ щелочтоочу реагенттердин мг/л үлүштѳрүн тѳмѳндѳгү формула боюнча аныктоо ылайык (5):
ДЩ = КЩ * ( (ДК / еК) - ЩО) + 1 , (5)
мында: ДК – щелочтоо учурундагы суусуз коагулянттын (сууну тазалоо каражатынын) мг/л максималдуу үлүшү;
еК – Al2(SO4)3 – 57, FeCl3 – 54, Fe2(SO4)3 – 67 мг/мг-экв. үчүн кабылдануучу коагулянттын (суусуз) эквиваленттик массасы;
КЩ – акиташ (СаО боюнча) үчүн –28ге, сода (Na2СО3 боюнча) үчүн – 53кѳ теңдеш коэффициент;
ЩО – суунун минималдуу щелочтуулугу, мг-экв/л.
Щелочтоочу реагент коагулянтты кошуу үчүн тѳмѳн щелочтуу резерв болгонунда кошумчаланганы ылайык. Реагенттерди коагулянттарды кошкон менен бир убакытта кошумчалоо керек.
Реагенттерди даярдоо жана үлүштѳп кошуу эритиндилер же суспензиялар (салмактанылган абалдагы катуу бѳлүкчѳлѳрү менен суюктук аралашмасы) түрүндѳ алдын алып каралганы ылайык. Үлүштѳѳчүлѳрдүн санын киргизүү ордуларынан жана үлүштѳѳчүчүнүн ѳндүрүмдүүлүгүнѳн кѳз карандылыкта, бирок экиден аз эмес (бир резервдик) кабылдоо керек.
Гранулданылган жана порошок түрүндѳгү реагенттерди, эреже катары, кургак түрүндѳ кабылдоо зарыл.
Таза жана суусуз продукт боюнча, ошондой эле алардын эритиндилерин даярдоо боюнча шарттарды эсепке алып эритинди бактарындагы коагулянттын эритиндисинин топтолуусу ѳндүрүүчүнүн сунуштоосу боюнча кабылданганы ылайык.
Суюк аралашма куюлчу бактардын санын, ал үчтѳн аз болбошу керек, бир жолку алып келүүнүн кѳлѳмүн, коагулянтты жеткирүү жана жүк катары кабыл алууну, анын түрүн, ошондой эле анын эрүү убактысын эсепке алуу менен кабылдоо зарыл.
Чыгымдоочу бактардын саны экиден кем эмес болушу керек.
Эритиндилик жана чыгымдоочу бактардан коагулянттардын суюк аралашмасын алуу жогорку деңгээлден алдын алып каралганы ылайык.
Бактардын ички бети кислотага туруктуу материалдар менен корголушу керек.
Коагулянт катары кургак хлордуу темир колдонулганында суюк аралашмалык бактын жогорку бѳлүгүндѳ колосниктик темир тордун болушу алдын алып каралганы ылайык.
Бактар соруп алуучу желдеткичи менен обочолонгон орун жайда (бокста) жайгаштырылуулары зарыл.
Коагулянттын суюк аралашмаларын ташып жеткирүү үчүн кислотага туруктуу материалдар жана жабдуулар колдонулганы ылайык.
Реагенттерди алып ѳтүүчүлѳрдүн конструкциялары аларды тездик менен тазалоонун жана жууп тазалоонун мүмкүндүгүн камсыздоосу керек.
Сууну жегичтентүү (щелочтоо) жана турукташтыруу үчүн акиташ пайдаланылганы ылайык. Негиздѳѳдѳ соданы колдонууга жол берилет.
Сууну колдонууга даярдоо станциясынын акиташтык чарбасынын технологиялык схемасын тандап алууну заводдук продуктынын сапатын жана түрүн, акиташка муктаждыгын, аны кошуу ордун ж.б. эсепке алуу менен жүргүзгѳн ылайык.
Кесек түрүндѳгү ѳчүрүлбѳгѳн акиташ колдонулганында аны камыр сымал масса түрүндѳ суулуу сакталышы кабылданганы ылайык.
ОжК (орточо жигердүү калдыктар) боюнча суткасына 50 кг чейин акиташ чыгымдалганында эки эселик каныктырылган сатураторлордо (сууну басым астында кѳмүр кычкыл газы менен каныктырууга мүмкүндүк берүүчү аппарат) алынуучу акиташ эритиндисин пайдалануу менен схеманы колдонууга жол берилет.
Акиташ сүтү же эритиндиси үчүн бактардын саны экиден кем эмес болуп алдын алып каралганы ылайык. Чыгымдоочу бактардагы акиташ сүтүнүн топтолуусун ОжК боюнча 5%дан кѳп эмес болуп кабылдануусу зарыл.
Акиташ сүтүн сууну турукташтырып иштетүүдѳн ѳткѳрүүдѳ эрибѳѳчү аралашмалардан тазалоо үчүн вертикалдык чѳкмѳ тундургучтардын же гидроциклондордун пайдаланылганы ылайык.
Вертикалдык чѳкмѳ тундургучтардагы атырылып чыгуучу агымдын ылдамдыгы 2 мм/сек болуп кабылданганы ылайык.
Гидроциклондордогу акиташ сүтүн тазалоо үчүн анын гидроциклондор аркылуу эки эселеп алып ѳтүлүүсүн камсыздоо зарыл.
Акиташ сүтүнүн үзгүлтүксүз аралаштырылып туруусу үчүн гидравликалык аралаштыруунун (насостордун жардамы менен) же механикалык аралаштыргычтардын колдонулганы ылайык.
Гидравликалык аралаштырууда бактагы сүттүн кыймылынын атырылып чыгуу ылдамдыгы 5 мм/с кем эмес болуп кабылданышы керек.
Бактар 45°тук жантаюусу менен конустук түптѳ болуп жана агызып чыгаруучу суу түтүктѳрүнүн диаметри 100 мм кем эмес болушу керек.
Эскертүү – Акиташ сүтүн аралаштыруу үчүн берилүү ыкчамдыгы 8–10 л/(с*м2) болгонунда кысылган абаны колдонууга жол берилет.
Акиташ сүтүн берүү түтүктѳрүнүн диаметрлери болушу керек:
– тазаланган продуктыны берүү маалындагы күчтѳп түртүлүү 25 миллиметрден аз эмес, тазаланбаганында 50 миллиметрден аз эмес болушу керек;
– ѳзү агып чыкканында – 50 миллиметрден кем эмес.
Акиташ сүтүн ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ кыймылдын ылдамдыгы 0,8 м/секунддан кем эмес кабылданышы керек. Акиташ сүтүн берүү түтүктѳрүндѳгү бурулуштар радиусу 5dдан кем эмес делип каралышы керек, мында d – ѳткѳргүч түтүктүн диаметри.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдү жууп тазалоо жана булгануулардан арылтуу мүмкүндүгү алдын алып каралуусу зарыл.
Соданын эритиндисинин топтому (концентрациясы) 5–8%да кабыл-данганы ылайык. Соданын эритиндисин үлүштѳп берүү 2.6.1.3. бѳлүмүнүн 11- жана 13-абзацтарына ылайык алдын алып каралышы керек.
Эскертүү – Сууну колдонууга даярдоо үчүн башка ѳлкѳлѳрдѳн алып келинген жана Кыргыз Республикасында пайдаланылуучу реагенттер (коагулянттар жана флокулянттар) стандартташтыруунун жана сертификациялоонун ыйгарым укуктуу органдарында белгиленген тартипте сертификацияланышы керек. Реагенттерди сертификациялоо Кыргыз Республикасы менен реагенттерди жеткирип берүүчү ѳлкѳнүн ортосунда курулуш жаатында кызматташуу тууралуу мамлекеттер аралык келишим же макулдашуу тузүлгѳн учурда жүргүзүлбѳйт.
2.6.1.4 Аралаштыруучу түзүлүштѳр
Аралаштыруучу түзүлүштѳр ѳткѳргүч түтүккѳ же сууну колдонууга даярдоо түзүлүшүндѳгү суунун берилүүсү нугуна ылдам бирдей ѳлчѳмдѳ бѳлүштүрүлүүсүн камсыздоочу реагенттерди жана иштетүүдѳн ѳткѳрүлүп жаткан суу менен андан ары карай ыкчам аралашуусун камсыздоочу реагенттерди камтышы керек.
Аралаштыруучу түзүлүштѳр реагенттерди киргизүү түзүлүштѳрүнүн ортосундагы ѳткѳргүч түтүктѳрдүн жана арыктардын суусунун болуу узактыгын эсепке алуу менен реагенттерди уланмалуулукта убактысынын зарыл ажырымында киргизүүнү камсыздоосу зарыл.
Реагенттерди киргизүү түзүлүштѳрү жергиликтүү каршылыкты түзүүчү кѳзѳлүп тешилген түтүк бѳлүштүргүчтѳр же ѳткѳргүч түтүккѳ тоскучтар түрүндѳ аткарылганы ылайык. Реагенеттердин бѳлүштүргүчтѳрү сууну иштетүүдѳн ѳткѳрүү процессин токтотуусуз булгануудан арылтуу жана жууп тазалоо үчүн жетимдүү болушу керек. Түтүктүк бѳлүштүргүчтү орнотуу учурунда ѳткѳргүч түтүктѳгү күчтѳп түртүлүүнүн жоготулуусун 0,1–0,2 м, суу алып ѳтүү түтүгүнѳ тоскучту орноткон учурда 0,2–0,3 м эсебинде кабылданышы зарыл.
Реагенттерди суу менен аралаштыруу гидравликалык типтеги (куюндук, тосмолук) аралаштыргычтарда алып барылышы алдын алып каралганы ылайык. Негизделгенинде механикалык типтеги (аралаштыргыч) аралаштыргычтардын колдонулуусуна жол берилет.
Аралаштыргычтардын (секциялардын) саны аларды ыкчам кѳбүк түзүлүү маалдарында токтотуу мүмкүнчүлүгү менен экиден кем эмес деп кабылданганы ылайык.
Резервдик аралаштыргычтарды (секцияларды) кабылдаганда болбойт, бирок «Аралаштыруучу түзүлүштѳр» бѳлүмүнүн абзацына 1) ылайык анда реагенттерди киргизүүнүн резервдик түзүлүштѳрүн жайгаштыруу менен айланма ѳткѳргүч түтүктүн болушу алдын алып каралышы зарыл.
Куюндук аралаштыргычтарды суунун станцияга ири дисперстик салмактанылган заттары менен агып киргенинде жана суспензиялар же айрым бѳлүгү киргилттигинен арылтылган эритиндилер пайдаланылганында колдонулганы ылайык.
Куюндук аралаштыргычтарды суу топтолуучу арыктын аяк жагындагы суунун кыймылынын ылдамдыгы 0,6 м/сек, суу топтолуучу түзүлүштүн астындагы суунун баштапкы кыймылынын ылдамдыгы 30дан 40 мм/секундга чейин, суунун аралаштыргычка киргендеги ылдамдыгы 1,2ден 1,5 м/секундга чейин болгонунда, вертикалдык капталдары менен жогорку бѳлүгүнүн бийиктиги 1ден 1,5 метрге чейин, 30–45° жантайыңкы капталдарынын ортосундагы бурчу менен конустук же пирамидалдык вертикалдык диффузор түрүндѳ кабылдаган ылайык.
Тосмолуу аралаштыргычтарды 180°ка буруп, суунун горизонталдык же вертикалдык кыймылын камсыздоочу тосмолору менен арыктар түрүндѳ кабылдоо керек. Бурулуп агуулардын санын 9–10го тең деп кабылдоо зарыл.
Тосмолуу аралаштыргычтын бир бурулушундагы h күчтѳп түртүлүүсүнүн жоготулушун тѳмѳндѳгү формула боюнча аныктаган ылайык:
h = ζ * v2 / 2g, (6)
мында: ζ – 2,9га тең деп кабылдануучу гидравликалык каршылыктын коэффициенти;
v – 0,7ден 0,5 м/секундга чейин деп кабылдануучу аралаштыргычтагы суунун кыймылынын ылдамдыгы;
g – 9,8 м/с2 га тең эркин кулап түшүүнүн ылдамдануусу.
Аралаштыргычтар кайрадан куюштуруучу жана коё берүүчү түтүктѳр менен жабдылуулары керек. Ыкчамдап кѳбүк түзүлүү маалдарында аралаштыргычтардагы суунун болуу убактысын кыскартуу үчүн тосмолордун санын азайтуу мүмкүндүгү алдын алып каралганы ылайык.
Кѳбүк түзүлүү камераларына жана салмактанылган тунмасы менен киргилттигинен арылтуучуларга карата аралаштыргычтардан алып ѳтүү түтүктѳрүндѳгү жана арыктардагы суунун кыймылынын ылдамдыгын 1ден 0,6 м/секундга чейин азаюучу эсебинде кабылдаган ылайык.
Ушунда алардагы суунун болуу убактысы 1,5 мүнѳттѳн ашпоосу керек.
2.6.1.5 Абаны бѳлүп кетүүчүлѳр
Абаны бѳлүп кетүүчүлѳр салмактанылган тунманын катмары, кѳбүк түзүлүү камералары менен чѳкмѳ тундургучтарды, салмактанылган тунмалары менен киргилттигинен арылтуучуларды, контакттык киргилттигинен арылтуучуларды жана контакттык адепки тазалоо чыпкаларын колдонгон учурда, ошондой эле эки тепкичтүү чыпкалоосу менен схемаларда алдын алып каралганы ылайык.
Абаны бѳлүп кетүүчүнүн аянты суунун басаңдоочу агымынын кыймылынын 0,05 м/секунддан кѳп эмес ылдамдыгынан жана анда суунун 1 мүнѳттѳн аз эмес болуу убактысы эсебинен чыгып кабылданганы ылайык.
Абаны бѳлүп кетүүчүлѳрдүн түзүлүштѳрдүн бардык түрлѳрү үчүн жалпы же ар бир түзүлүш үчүн ѳз алдынчалуу болуп алдын алып каралышына жол берилет.
Аралаштыргычтардын конструкциясы суудан аба кѳбүктѳрүн бѳлүп алууну камсыз кыла алган жана суунун аралаштыргычтардан түзүлүштѳргѳ карай кыймылында суунун абага каныктырылуусу жокко чыгарылган учурларда абаны бѳлүп кетүүчүлѳрдүн алдын алып каралбаганы ылайык.
2.6.1.6 Суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камералары
Чѳкмѳ тундургучтарда гидравликалык типтеги орнотулуучу суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камераларынын болушу алдын алып каралганы ылайык.
Негизделгенинде механикалык типтеги суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камераларынын, ѳзгѳчѳ механикалык аралаштыргычтар колдонулган учурда колдонулуусуна жол берилет.
Горизонталдык чѳкмѳ тундургучтарда тосмолук, куюндук же дандуу жүктѳлүшү жана жука катмарлуу модулдары менен контакттуу гидравликалык суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камераларынын алдын алып каралганы ылайык.
Тосмолук суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камералары суунун горизонталдык же вертикалдык кыймылы менен кабылданганы зарыл.
Коридорлордогу суунун кыймылынын ылдамдыгы камеранын баш жагында 0,2–0,3 м/сек жана камеранын аяк жагында камеранын жазылыгынын артылышынын эсебинен 0,05–0,1 м/сек болуп кабылдануусу ылайык.
Суунун суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камерасында болуу убактысын 20–30 мүнѳткѳ теңдеш деп кабылдоо керек (тѳмѳнкү чеги – киргилт суулар үчүн, жогоркусу – кышындагы тѳмѳнкү температурасы менен түстүүлѳрү үчүн). Камерада болуу убактысын тѳмѳндѳтүү мүмкүндүгү алдын алып каралганы ылайык.
Коридордун жазылыгы 0,7 метрден аз эмес болушу керек.
Тосмолук камерадагы агымдын бурулуштарынын саны 8–10го барабар болуп кабылданганы ылайык.
Суу бүртүктѳрүнүн түзүлүүсүнүн куюндук камераларын вертикалдыгы жана жантайынкылыгы менен долбоорлоо зарыл. Камерада суунун болуу убактысы 6–12 мүнѳткѳ барабар деп кабылданганы ылайык (тѳмѳнкү чек – киргилт суулар үчүн, жогорку чек – түстүү суулар үчүн).
Сууну суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камераларынан чѳкмѳ тундургучтарга буруп кетүүнү суунун чогултуучу арыктардагы, түтүктѳрдѳгү жана тешиктердеги кыймылынын ылдамдыгы киргилт суулар үчүн 0,1 м/секунддан кѳп эмес жана түстүү суулар үчүн 0,05 м/сек деп алдын алып каралышы зарыл.
Суунун чѳкмѳ тундургучка барып кошулган жеринде чѳкмѳ тундургучтун 1/4 бийиктигинчелик чѳгѳрүлгѳн илме тосмонун болушу алдын алып каралганы ылайык. Боору менен тосмонун ортосундагы суунун кыймылынын ылдамдыгы 0,03 м/секунддан кѳп болбошу керек.
Камерадагы күчтѳп түртүлүүнүн жоготулуусу формулага (6) ылайык аныкталуусу зарыл.
Чѳкмѳ тундургучтарга орнотулган суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камераларынын саны алтыдан аз болгонунда бир резервдик алдын алып каралганы ылайык («Вертикалдык тундургучтар» бѳлүмүнүн 1-абзацы жана «Горизонталдык тундургучтар» бѳлүмүнүн 1-абзацы).
Вертикалдык тундурнучтарда чѳкмѳ тундургучтун так борборунда орун алуучу контакттык жука катмарлуу жана жука катмардык-эжекциялык камералардын болушу алдын алып каралганы ылайык.
2.6.1.7 Вертикалдык тундургучтар
Вертикалдык тундургуч үчүн Fв.о түбүнѳ тундуруу аймагынын аянты эки мезгил үчүн чѳкмѳ тундургучтар тарабынан кармалып калуучу (12-таблица) майда бѳлүкчѳлѳрдүн жыйындыларынын агып түшүү ылдамдыгынан келип чыгып, анда жука катмарлуу блокторду орнотуусуз аныкталат.
1 – суунун минималдуу кышкы чыгымдалышындагы минималдуу киргилттүүлүгү;
2 – суунун ушул мезгилге ылайык болушунча кѳп чыгымдалышындагы кыйла кѳп киргилттүүлүгү.
Түбүнѳ чѳгүү аймагынын эсептик аянты тѳмѳндѳгү сымал болушунча чоң мааниге ылайык келиши керек:
Fв.о = βoб q / 3,6 vp Np , (7)
мында: q – суунун мезгилдик максималдуу жана минималдуу суткалык керектелүүсү үчүн эсептик чыгымдалышы, саатына/м3;
vp – сырткарыга чыгуу агымынын эсептик ылдамдыгы, мм/сек, жогорудан агып түшүү ылдамдыктарынын 16-таблицада кѳрсѳтүлгѳндѳн кѳп эмес чоңдуктарынын технологиялык изилдѳѳлѳрүнүн маалыматтары жоктугу учурунда кабылданат;
Np – иштеп турган чѳкмѳ тундургучтардын саны;
βоб – чѳкмѳ тундургучту кѳлѳмдүк пайдаланууну кѳңүлгѳ алуучу коэффициент, анын чоңдугу 1,3–1,5 болуп кабылданат (тѳмѳнкү чеги – диаметр чѳкмѳ тундургучтун 1-бийиктигине карата болгонунда, жогорку чеги – диаметр 1,5-бийиктигине карата болгонунда).
Чѳкмѳ тундургучтардын саны алтыдан аз болгонунда бир резервдик алдын алып каралганы ылайык.
Түбүнѳ чѳгѳрүү аймагында жука катмарлуу блокторду орнотууда түбүнѳ чѳгѳрүү аймагынын аянты жука катмарлуу блоктор тарабынан ээленген суунун аянтына тийиштүүлүктѳгү үлүштүк жүктѳлүүлѳрдѳн чыгып аныкталат.
– коагулянт аркылуу иштетүүдѳн ѳткѳрүлгѳн аз киргилттүү жана түстүү суулар үчүн 3–3,5 м3/(ч*м2);
– орточо киргиттик үчүн 3,6÷4,5 м3/(ч*м2);
– киргилт суулар үчүн 4,6÷5,5 м3/(ч*м2).
12- таблица – Чѳкмѳ тундургучтарда кармалып турган майда бѳлүкчѳлѳрдүн жыйындыларынын агып түшүү ылдамдыгынан кѳз карандылыгы
Иштетилүүдѳгү суунун мүнѳздѳмѳсү жана иштетүүдѳн ѳткѳрүү ыкмасы | Чѳкмѳ тундургучтарда кармалып турган майда бѳлүкчѳлѳрдүн жыйындыларынын u0 агып түшүү ылдамдыгы, мм/сек |
Коагулянт тарабынан иштетилүүдѳгү аз киргилт түстүү суулар | 0,35 ÷ 0,45 |
Коагулянт тарабынан иштетилүүдѳгү орточо киргилт суулар | 0,45 ÷ 0,5 |
Коагулянт тарабынан иштетилүүдѳгү киргилт суулар | 0,5 ÷ 0,6 |
Флокулянт (табигый же синтетикалык тазалоочу зат) тарабынан иштетилүүдѳгү киргилт суулар | 0,2 ÷ 0,3 |
Коагулянт тарабынан иштетилбеген киргилт суулар | 0,08 ÷ 0,15 |
Эскертүүлөр 1. Сууну коагулянттоо маалында флокулянттарды колдонгон учурда майда бѳлүкчѳлѳрдүн жыйындыларынын агып түшүү ылдамдыгын 15–20%га жогорулаткан ылайык. 2. u0 нун тѳмѳнкү чектери чарбалык-ичүүчү суу түтүктѳрү үчүн кѳрсѳтүлдү. | |
Вертикалдык тундургучтардын топтоп-чогултуу жана тыгыздаштыруу аймагы жантайыңкы капталдары менен алдын алып каралышы керек. Жантайыңкы капталдардын ортосундагы бурч 70–80° деп кабылданганы ылайык.
Тунманы агызып жиберүүнү чѳкмѳ тундургучту жаап токтотуусуз алдын алып караган ылайык. Тунманы агызып жиберүүлѳрдүн ортосундагы жумуш маалы 6 сааттан кем болбошу керек.
Вертикалдык тундургучтарда киргилттигинен арылтылган сууну топтоону тешиктери менен же үч бурчтуу кесилиштери менен суунун чет жактык жана радиалдык агып чыгуу кобулу менен алдын алып караган ылайык.
2.6.1.8 Горизонталдык тундургучтар
Горизонталдык тундургучтар суунун топтолуу аянттары боюнча топ-топ кылып жайгаштырылуу менен долбоорлонгону ылайык. Чѳкмѳ тундургучтардын эсептелишин «Вертикалдык тундургучтар» бѳлүмүнүн 1-абзацына ылайык эки мезгил үчүн жүргүзүү зарыл.
Fг.о., м2 планында горизонталдык тундургучтардын аянты чѳкмѳ тундургучтар тарабынан кармалып калуучу майда бѳлүкчѳлѳрдүн жыйындыларынын агып чыгуу ылдамдыгынан чыгып аныкталуусу керек (12-таблица).
Жука катмарлуу блокторду түбүнѳ чѳктүрүү аймагында орнотууда чѳкмѳ тундургучтун аянтын «Вертикалдуу тундургучтар» бѳлүмүндѳ келтирилген ченемдерге ылайык аныктоо керек. Блоктор чѳкмѳ тундургучтун бүткүл уланышында алдын алып каралганы ылайык.
L чѳкмѳ тундургучтарынын узундугун тѳмѳндѳгү параметрлерди эсепке алуу менен агып чыгуу ылдамдыгынан чыгып аныктаган ылайык:
– станциянын бийиктиктик схемасынан кѳз карандылыкта 3–3,5 метрге тең делип кабылдануучу түбүнѳ тундуруу аймагынын орточо метр бийиктигин;
– аз киргилт, орточо киргилт жана киргилт суулар үчүн 6–8, 7–10 жана 9–12 мм/секундга тең делип кабылдануучу чѳкмѳ тундургучтун башталышындагы суунун горизонталдык кыймылынын эсептик ылдамдыгын.
Чѳкмѳ тундургуч жазылыгы 6 метрден кѳп эмес ѳз алдынча аракетте болуучу коридорлорго узунунан кеткен тосмолор менен ажырымдалып бѳлүнүүсү керек.
Коридорлордун алтыдан аз санында бир резервдиктин алдын алып каралганы ылайык.
Горизонталдык тундургучтарды тунмаларды механикалык же гидравликалык жок кылынуусу менен (чѳкмѳ тундургучка суунун берилишин токтотуусуз) долбоорлоо же аз кыймылдуу тунмалардын түзүлүүсү менен киргилт сууларды киргилттигинен арылткан учурда чѳкмѳ тундургучка суунун берилишин мезгил-мезгили менен токтотуп тунманы жууп кетирүүнүн гидравликалык системасынын аларда болушу алдын алып каралганы зарыл.
Кыстыргычтуу механизмдер аркылуу тунмаларды механикалаштырылган четтетилүүсү менен чѳкмѳ тундургучтар үчүн тунмалардын топтолуу жана тыгыздалуу аймагынын кѳлѳмүн тунмаларды суу чогулуучу чуңкурга сүрүп чыга-руучу кыстыргычтардын ѳлчѳмдѳрүнѳн кѳз карандылыкта аныктаган ылайык.
Гидравликалык четтетип жоюуда же тунманы күчтүү агым менен жууп кетирүүдѳ топтолуу жана тыгыздалуу аймагынын кѳлѳмү чѳкмѳ тундургучтун иштөөсүнүн тазалоолор ортосундагы 12 сааттан кем эмес уланышынан чыгып аныкталат.
Тунманы гидравликалык четтетип жоюу үчүн анын 20–30 мүнѳт аралыгында четтетилүүсүн камсыздоочу ѳзгѳртүп түзүлгѳн түтүктѳрдѳн чогултуучу системанын болушу алдын алып каралганы зарыл.
Тыгыздалынган тунманын орточо топтолушу 13-таблица боюнча аныкталганы ылайык.
13- таблица – Тыгыздалынган тунманын ортоточо топтоштурулуусу (концентрациясы)
Баштапкы суунун киргилттиги, мг/л | Колдонулган реагенттер | Тунманы чыгарып салуулардын ортосундагы саат убакыт аралыктарындагы г/м3 тунмадагы катуу заттын чѳкмѳ тундургучтун тунма бѳлүгүнүн бийиктиги боюнча орточо топтоштурулуусу |
| |||
50гѳ чейин | Коагулянт | 9000 | 12000 | 15000 | ||
50дѳн жогору 100гѳ чейин | Коагулянт | 12000 | 16000 | 20000 |
| |
100дѳн жогору 400гѳ чейин | Коагулянт | 20000 | 32000 | 40000 |
| |
400дѳн жогору 1000ге чейин | Коагулянт | 35000 | 50000 | 60000 |
| |
1000ден жогору 1500гѳ чейин | Коагулянт | 80000 | 100000 | 120000 |
| |
1500дѳн жогору | Флокулянт | 90000 | 140000 | 160000 |
| |
1500дѳн жогору | Реагенттерсиз | 200000 | 250000 | 300000 |
| |
Эскертүү – Баштапкы сууну флокулянттар менен бирдикте коагулянттарды колдонуп иштетүүдѳн ѳткѳрүүдѳ тунмадагы катуу заттын орточо топтоштурулуусун аз киргилт түстүү суулар үчүн 25%га жана орточо киргилттиктеги суулар үчүн 15%га кѳп болуп кабылданганы ылайык. |
| |||||
Кийгизилмелери менен телескоптук тешиктүү түтүктѳрдү, насостук түзүлүштү, жууп-чайкоочу суу кѳлмѳсүн, тунмаларды суусуздандыруу түзүлүштѳрүнѳ ѳткѳрүү алдындагы топтоо жана тыгыздандыруу үчүн түзүлүштү ѳзүнѳ камтуучу тунманы жууп кетирүүнүн күчтѳп түртүлүүчүлүк гидравликалык системаларын киргилт жана ѳтѳ киргилт сууларды киргилттигинен арылтууда келип чыгуучу оор, кыйынчылык менен четтетилүүчү тунмалардан чѳкмѳ тундургучтарды арылтуу үчүн долбоорлогон ылайык.
Чѳкмѳ тундургучтардын бийиктигин суунун 0,3 метрден кем эмес эсептик деңгээлинин үстүнѳн курулуштук бийиктигинен ашып ѳтүү чоңдугун эсепке алып, түбүнѳ тундуруу аймагынын жана тунманын топтолуу аймагынын бийиктиктеринин кошундусу катары аныктоо зарыл.
Чѳкмѳ тундургучтан тунма менен биргеликте ыргытылып ташталчу суунун ѳлчѳмү кабылданып жаткандын суюлтулуу коэффициентин эсепке алуу менен аныкталганы ылайык:
1,5 – тунманы гидравликалык четтетип жоюуда;
1,2 – тунманы механикалык четтетип жоюуда;
2–3 – тунманы күчтүү суу агымы менен жууп кетирүүдѳ.
Тунманы гидравликалык гидравликалык четтетүүдѳ чѳкмѳ тундургучтун түбүнүн узатасынан кеткен жантайышы 0,005тен кем эмес деп кабылданганы ылайык.
Киргилттиктен арылтылган сууну топтоону горизонталдуу жайгаштырылган тешиктүү түтүктѳрдүн, же арткы тышкы капталдан же аны жука катмарлуу блоктор менен жабдууда чѳкмѳ тундургучтун бүткүл уланышынан деп эсептеп, чѳкмѳ тундургучтун 2/3 узундугу бѳлүгүндѳ орун алган үч бурчтуу суу агызуулардын системасы же чѳктүрүлгѳн тешиктери менен суунун агып чыгуу кобулу деп кабылдаган ылайык.
Суунун агып чыгуу кобулдарынын жана түтүктѳрүнүн түп жагындагы киргилттиктен арылтылган суунун кыймылынын ылдамдыгын 0,6–0,8 м/сек, тешиктерде 1 м/сек деп кабылдоо зарыл.
Чѳктүрүлгѳн тешиктери менен суунун агып чыгуу кобулунун жогорку жагы чѳкмѳ тундургучтагы суунун максималдуу деңгээлинен 10 сантиметрге жогору болушу керек, суунун деңгээлиндеги түтүктүн тереңдетилишин гидравликалык эсептѳѳ менен аныктоо зарыл.
Суунун агып чыгуу кобулундагы тешикти кобулдун түбүнѳн 5–8 см жогору, түтүктѳрдѳ огуна горизонталдуу жайгаштырган ылайык. Тешиктердин диаметри 25 миллиметрден кем болбошу керек.
Суунун агып чыгуу кобулдарынан жана түтүктѳрдѳн сууну чогулткуч чѳнтѳккѳ куюу эркин (чѳктүрүлбѳгѳн) болушу керек.
Суунун агып чыгуу кобулдарынын окторунун жана түтүктѳрдүн ортосундагы аралык 3 метрден кем болбогону ылайык.
2.6.1.9 Тең салмактанылган тунмасы менен сууну киргилттигинен арылтуучулар
Сууну киргилттигинен арылтуучулардын эсеби иштетилүүдѳн ѳткѳрүлүп жаткан суунун сапатынын жылдык жогору, тѳмѳн болуп ѳзгѳрүүлѳрүн кѳңүлгѳ алуу менен жүргүзүлгѳнү ылайык.
Технологиялык изилдѳѳлѳрдүн маалыматтары жок болгонунда сууну киргилтигинен арылтуу аймагындагы атырылып чыгуу агымынын ылдамдыгы жана да сууну киргилттигинен арылтуу аймагынын жана тунманы бѳлүп алуу аймагынын ортосундагы коэффициент 14-таблицанын маалыматтары боюнча кабылданышы керек.
14- таблица – Сууну киргилтигинен арылтуу аймагындагы атырылып чыгуу агымынын ылдамдыгынын жана да сууну киргилттигинен арылтуу аймагынын жана тунманы бѳлүп алуу аймагынын ортосундагы коэффициенттин маанилери
Сууну киргилттигинен арылтуучуга келип түшүүчү суунун киргилттүүлүгү, мг/л | Сууну киргилттигинен арылтуу аймагындагы суунун атырылып чыгуу ылдамдыгы vocв, мм/с | Суунун бѳлүш-түрүлүү коэффи-циенти Кр в |
| ||
50дѳн 100гѳ чейин | 0,5–0,6 | 0,7–0,8 | 0,7–0,8 | ||
100дѳн жогору 400гѳ чейин | 0,6–0,8 | 0,8–1,0 | 0,8–0,7 |
| |
400дѳн жогору 1000ге чейин | 0,8–1,0 | 1,0–1,1 | 0,7–0,65 |
| |
1000ден жогору 1500гѳ чейин | 1,0–1,2 | 1,1–1,2 | 0,64–0,6 |
| |
Эскертүү – Тѳмѳнкү чектер чарбалык-ичүүчү суу түтүктѳрү үчүн кѳрсѳтүлдү. |
| ||||
Сууну киргилттигинен арылтуу жана тунманы бѳлүп алуу үчүн 2.6.1.7 «Вертикалдык тундургучтар» бѳлүмүнүн 1-абзацына ылайык жылдын эки мезгили үчүн эсептѳѳдѳ алынган аянттардын болушунча чоң маанилери кабылдануусу зарыл.
Тунмаларын түбүнѳ чѳктүрүү жана бѳлүп алуу аймактарында жука катмарлуу блокторду орнотууда блоктор ээлеп турган аймактардын аянттары «Вертикалдык тундургучтар» бѳлүмүнүн ченемдерине ылайык аныкталышы керек.
Салмактанылган тунманын катмарынын бийиктиги 2ден 2,5 метрге чейин болуп кабылданганы ылайык. Тунманы кабылдоочу терезенин тѳмѳн жагын же тунманы бѳлүп кетүүчү түтүктѳрдүн узатасынан кетүүсүн сууну киргилттигинен арылткычтын салмактанылган тунмасынын аймагынын жантайыңкы капталдарынын вертикалдыкка ѳтүүсүнѳн 1–1,5 метрге жогору жайгаштыруу зарыл.
Салмактанылган тунманын аймагынын тѳмѳнкү бѳлүгүнүн жантайыңкы капталдарынын ортосундагы бурч 60–70° болуп кабылдануусу керек.
Сууну киргилттигинен арылтуу аймагынын бийиктиги 2–2,5 м болуп кабылданганы ылайык. Сууну киргилттигинен арылтуу аймагындагы жыйналуучу ноолор же суу түтүктѳрүнүн ортолорундагы аралык 3 метрден ашпагандай болуп кабылданышы зарыл.
Сууну киргилттигинен арылтуучулардын капталдарынын бийиктиги алардагы суунун эсептелинген деңгээлинен 0,3 метрге ашып туруусу керек.
Станцияда тунманы ѳз алдынчалуу коюулантуучулардын болбогону жана да 2–3 саатка коюулантуучулардын жана тунманы бѳлүп чыгарууну автоматташтыруунун болгону учурунда тыгыздануу убактысы 6 сааттан кем эмес болуп кабылданганы ылайык.
Тунманы тунма тыгыздандыруучудан четтетүү убак-убагы менен болчу тешиктүү түтүктѳр аркылуу алдын алып каралганы ылайык. Тунма менен кошо агызылып салынчу суунун ѳлчѳмү 1,5 болуп кабылдануучу тунманы суюлтуу коэффициентин эсепке алуу менен 16-таблица боюнча аныкталышы зарыл.
Сууну киргилттигинен арылтуу аянты боюнча бѳлүштүрүү бири-биринен 3 метрден кѳп эмес аралыкта орнотулуучу телескоптук тешиктүү түтүктѳр болуп кабылданганы ылайык.
Суунун бѳлүштүрүүчү түтүктѳргѳ киргендеги кыймылынын ылдамдыгы 0,5–0,6 м/сек, тешиктүү түтүктѳрдүн тешиктеринен агып чыгуу ылдамдыгы 1,5–2 м/сек болушу керек. Тешиктердин диаметри 25 миллиметрден кем эмес, тешиктер ортолорундагы аралык 0,5 метрден кѳп эмес болуп, тешиктерди шахматтык тартипте түтүктүн эки тарабынын вертикалына карата 45° бурчу астында тѳмѳндѳ жайгаштырган ылайык.
Тунмасы менен суунун кыймылынын ылдамдыгы тунманы кабылдоочу терезелерде 10–15 мм/сек, тунманы чыгарып кетүүчү түтүктѳрдѳ 40–60 мм/сек болуп кабылданышы зарыл (чоң маанилер басымдуу минералдык майда бѳлүкчѳлѳрдүн жыйындысын камтуучу сууларга тийиштүү).
Киргилттигинен арылтуу аймагында киргилттигинен арылтылган сууну топтоо сууну агызуу окторунун ортосундагы аралык 100–150 мм жана сууну агызуунун узата кеткен жээктеринин ортосундагы бурч 60° болгонунда 40–60 мм бийиктиктеги үч бурчтуу суу агызуусу менен суунун агып чыгуу кобулдарынын алдын алып каралганы ылайык.
Суунун агып чыгуу кобулдарындагы кыймылынын эсептик ылдамдыгы – 0,5–0,6 м/сек.
Тунманы тыгыздандыруучудан киргилттигинен арылтылган сууну топтоо чѳктүрүлгѳн тешиктүү түтүктѳр аркылуу делип алдын алып кабылданганы ылайык.
Вертикалдык тунманы тыгыздандыруучуларда чогултуучу тешиктүү түтүктѳрдүн үстү жагы киргилттигинен арылтуучулардагы суунун деңгээлинен 0,3 метрден аз эмес тѳмѳн жана тунманы кабылдоочу терезелердин үстү жагынан 1,5 метрден кем эмес жогору жайгаштырылган болушу керек.
Суу түбү менен кетүүчү тунманы тыгыздандыруучуларда киргилттигинен арылтылган сууну алып ѳтүү үчүн топтоочу тешиктүү түтүктѳрдү жабуунун астында жайгаштырган ылайык.
Киргилттигинен арылтылган сууну буруп кетүү үчүн түтүктүн диаметри суунун кыймылынын ылдамдыгы 0,5 м/сек, түтүктүн тешигине суунун кирүү ылдамдыгы 1,5 м/сек, тешиктердин диаметри 15–20 мм экенинен чыгып аныкталганы ылайык.
Топтоочу түтүктѳрдѳ алардын топтоочу нукка чыккан учурунда бүтѳѳчү арматуранын орнотулушу алдын алып каралышы зарыл.
Топтоочу түтүктүн түп жагынын жана жалпы топтоочу нуктагы суунун деңгээлинин ортосундагы белгилердин болуп-болбогонунда сууну киргилттигинен арылтуучуну 0,4 метрден кем эмес деп кабылдаган ылайык.
Тунманы тыгыздантуучудан тунманы четтетүү үчүн түтүктѳрдү топтолгон тунманы 15–20 мүнѳттѳн кѳп эмес убакытта алып ѳтүү шарттарынан чыгып эсепке алуу зарыл.
Тунманы четтетүү үчүн түтүктѳрдүн диаметри 150 миллиметрден кем болбошу керек.
Жанаша жайгашкан түтүктѳрдүн же нуктардын капталдарынын ортолорундагы аралык 3 метрден кѳп эмес болуп кабылданганы ылайык.
Тешиктүү түтүктѳрдүн тешиктериндеги тунманын кыймылынын орточо ылдамдыгын 3 м/секунддан кѳп эмес, тешиктүү түтүктүн түп жагындагы ылдам-дыгын 1 м/секунддан аз эмес, тешиктердин диаметрин 20 миллиметрден кем эмес, тешиктер ортосундагы аралыкты 0,5 метрден кѳп эмес деп кабылдоо зарыл.
Тунманы тыгыздандыруучулардын жантайынкы капталдарынын ортосундагы бурч 70°ка барабар деп кабылданганы ылайык.
Түп жактык тунманы тыгыздандыруучулары менен сууну киргилттигинен арылтуучуларды колдонгон учурда салмактанылган тунма аймагын тунманы тыгыздандыруучу менен бириктирүүчү капкак киргилттигинен арылтуучудагы суунун деңгээлин тунманы буруп кетүүчү түтүктѳрдүн үстү жагынан тѳмѳн кылып ылдыйлатууда автоматтык түрдѳ ачылуучу түзүлүш менен жабдылуусу керек (тунманы чыгарып салуу жана бошотуу учурунда).
Сууну киргилттигинен арылтуучулардын саны алтыдан кем эмес болгонунда бирѳѳсү резервдик болуп алдын алып каралганы ылайык.
2.6.1.10 Киргилттүүлүгү жогору сууларды тундуруп тазалоо үчүн түзүлүштѳр
Киргилттүүлүгү жогору сууларды киргилттигинен арылтуу үчүн биринчи жана экинчи баскычтагы чѳкмѳ тундургучтардын алдында сууну реагенттер аркылуу иштетүүдѳн ѳткѳрүү менен эки баскычтуу тундурулуусу алдын алып каралганы ылайык.
Биринчи баскычтагы чѳкмѳ тундургучтар катары тегеренме фермалардагы кыргычтары менен радиалдык тундургучтар же чынжырдык кыргыч механизмдери менен горизонталдык тундургучтар алдын алып каралганы зарыл.
Тунмаларды четтетип жоюу үчүн гидравликалык системанын жууп кетирүүсүн колдонууга жол берилет.
Негиздѳѳдѳ сууну киргилттигинен арылтуунун биринчи баскычы үчүн реагенттерди колдонуусуз жука катмардуу элементтери менен сүзүп жүрүүчү суу алуу-киргилттигинен арылтуучуну колдонууга жол берилет.
Биринчи жана экинчи баскычтардагы чѳкмѳ тундургучтардын алдындагы сууга кошумчалануучу реагенттердин түрлѳрүн жана үлүштѳрүн технологиялык изилдѳѳлѳрдүн негизинде аныктаган ылайык.
Киргилттүүлүгү жогору сууларды киргилттигинен арылтуу маалында горизонталдык тундургучтардагы суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камераларын, эреже катары, механикалык типте долбоорлоо зарыл.
Радиалдуу тундургучтардын алдында суу бүртүктѳрүнүн түзүлүү камераларынын болушу алдын алып каралбайт.
Биринчи баскычтын чѳкмѳ тундургучтарындагы тыгыздандырылган тунмалардын орточо топтоштурулуусу 150–160 г/л болуп кабылданганы ылайык.
2.6.1.11 Ыкчам чыпкалар
Чыпкалар жана алардын коммуникациялары нормалдуу жана ыкчамдатылган (чыпкалардын бир бѳлүгү оңдоодо болуп) тартиптерде иштѳѳгѳ эсептелинген болушу керек.
Чыпкалардын 20га чейинки саны менен станцияларда бир чыпканын, кѳп сандагысында эки чыпканын ишинин оңдоого деп токтотулуу мүмкүндүгү алдын алып каралганы ылайык.
Чыпкаларды жүктѳѳ үчүн кварцтык кумду, майдаланган антрацитти жана керамзитти, ошондой эле башка да материалдарды пайдалануу зарыл.
Бардык чыпкалоочу материалдар технологиялык процессти камсыз кылышы жана талап кылынган химиялык туруктуулукка жана механикалык бекемдикке ээлик кылышы керек.
Чарбалык-ичүүчүчү суу менен камсыздоода 2.6 бѳлүмүнүн жалпы кѳрсѳтмѳлѳрүнүн жалпы ченемдеринин талаптары жана 2.1 бѳлүмүнүн жалпы жоболору кѳңүлгѳ алынышы зарыл.
Технологиялык иликтѳѳлѳрдүн маалыматтары болбогонундагы нормалдуу жана ыкчамдатылган иш тартиптери маалында чыпкалоонун ылдамдыктары чыпкалардын жууп-тазалоолор ортосундагы иштѳѳсүнүн узактыгынын камсыз кылынуусун эсепке алуу менен 16 таблицага ылайык, нормалдуу иш тартипбинде 8–12 сааттан, ылдамдатылган иш тартибинде же чыпкаларды жууп-тазалоонун толугу менен автоматташтырылганында 6 сааттан аз эмес болуп кабылданышы зарыл.
Чыпкалардын жалпы аянты жууп-тазалоого суунун салыштырмалуу чыгымдалышын жана аны жүргүзүүдѳ бош туруп калуу убактыларын эсепке алуу менен нормалдуу иш тартибинде чыпкалоонун ылдамдыгынан чыгып аныкталганы ылайык.
Суткасына 1600 м3дан кѳбүрѳѳк ѳндүрүмдүүлүктѳгү станциялардагы чыпкалардын саны тѳрттѳн аз эмес болушу керек 1).
Станциянын ѳндүрүмдүүлүгү суткасына 8–10 миң м3дан кѳбүрѳѳк болгонунда чыпкалардын санын тѳмѳндѳгү формула боюнча жакынкы бүтүн (чыпкаларды компоновкалоодон кѳз карандылыкта жуп жана так) сандарга чейин тегеректѳѳ менен аныктаган ылайык:
NТМ = √ (FTM / 2), (8).
Ушунда тѳмѳндѳгүдѳй катыш камсыз кылынышы керек:
vФ = vH NФ / (NФ - N1), (9)
мында:
N1 – ремонттолуп жаткан чыпкалардын саны;
vф – чыпканын ылдамдатылган иш тартиби маалындагы ылдамдыгы, ал 16-таблицада кѳрсѳтүлгѳндѳн чоң болбошу керек.
Бир чыпканын аянты 100÷120 м2тан кѳп эмес болуп кабылданганы ылайык.
Чыпкадагы күчтѳп түртүлүүнүн жеткен чектик жоготулууларын ачык чыпкалар үчүн чыпканын тибинен кѳз карандылыкта 3–3,5 м, күчтѳп түртүлүү чыпкалары үчүн 6–8 м болуп кабылданышы зарыл.
Ачык чыпкалардагы жүктѳѳлѳрдүн үстүнкү бетинен жогорудагы суунун катмарынын бийиктиги 2 метрден аз эмес, суунун эсептелинген деңгээлинин үстүндѳгү курулуштук бийиктиктин ашып кетүүсү 0,5 метрден аз эмес болушу керек.
Жууп-тазалоого делинген чыпкалардын бир бѳлүгүнүн иштѳѳсү токтотулганында калган чыпкалардагы чыпкалоонун ылдамдыгы 16-таблицада кѳрсѳтүлгѳн vф чоңдугунан ашып кетпѳѳсү керек.
Ылдамдатылган иш тартиби маалында ѳткѳргүч түтүктѳрдѳгү (берүүчү жана буруп кетүүчү чыпка) суунун кыймылынын ылдамдыгы 1–1,5 м/секунддан кѳп эмес болушу зарыл.
Чоң каршылыктагы түтүктүү бѳлүштүрүүчү (дренаждык) системалар суунун коллектордон (ыпылас, булганыч суулар агып чыга турган негизги түтүк) жѳлѳп туруучу катмарга (шагыл же дагы ошого окшогон материалдар) же түздѳн түз чыпкалоочу катмардын ѳзүнѳ чыгуусу менен кабылданганы ылайык.
20–30м2тан чоң аянты менен чыпкалар үчүн коллекторду жууп-тазалоочу сууну буруп кетүүнүн каптал чѳнтѳгүнүн астындагы жүктѳѳдѳн тышкарыда жайгаштыруу зарыл. Борбордук топтоочу нук болгонунда тѳмѳнкү бѳлүм коллектор катары кызмат кылат. Бѳлүштүрүүчү системаны тазалоо мүмкүндүгүн, ал эми диаметри 800 миллиметрден чоң коллекторлор үчүн текшерүүнүн алдын алып каралганы ылайык.
Фракциялардын ирилигин жана чоң каршылыктуу бѳлүштүрүүчү системалар болгонундагы жѳлѳп туруучу катмарлардын бийиктигин 15-таблица боюнча кабылдоо керек.
Түтүктүү бѳлүштүрүүчү системанын коллекторунун туурасынан кесилишинин аянты узундугу боюнча туруктуу болуп кабылданганы ылайык. Жууп-тазалоо маалындагы суунун кыймылынын ылдамдыгын коллектордун баш ченинде 0,8–1,2 м/сек, бутактануунун башталышында 1,6–2 м/сек болуп кабылдануусу зарыл.
Коллектордун конструкциясы бутактануулардын горизонталдуу бирдей кадамдар менен тѳшѳлүү мүмкүндүгүн камсыздоосу керек.
Коллекторго (агызып салуу нугу) перпендикулярдүү орун алган жана 40 миллиметрден кем эмес калыңдыктагы полимербетондук плиталар менен үстү жагынан жабылган арыктар түрүндѳ жѳлѳп туруучу катмарларсыз бѳлүштүрүүчү системаны колдонууга жол берилет.
Капкактары менен бѳлүштүрүүчү системаны суу жана аба менен жууп-тазалоодо колдонгон ылайык; капкактардын саны чыпканын жумушчу аянтынын 1 м2на 35–50 болушу керек.
Жылчыктуу капкактардагы күчтѳп түртүлүүнүн жоготулушу капкактын жылчыктарындагы суунун же суу менен аралашмасынын кыймылынын 1,5 м/секунддан кем эмес ылдамдыгы жана гидравликалык каршылыктын коэффициенти ζ = 4 формула (6) боюнча аныкталганы ылайык.
Сууну чыпкаларды жууп тазалоого деп берүүчү ѳткѳргүч түтүктѳн абаны сүрүп чыгаруу үчүн диаметри 75–150 миллиметр устун-аба желдеткичтерин аларга бүтѳѳчү арматуранын же абаны сыртка чыгаруу үчүн автоматтык түзүлүштѳрдүн орнотулуусу менен алдын алып каралганы ылайык, чыпканын коллекторунда ошондой эле диаметри 50–75 мм устун-аба желдеткичинин болушу алдын алып каралышы зарыл, булардын саны тирѳѳчтѳрдѳ абаны сырткарыга чыгаруу үчүн вентилдердин (сууну же абаны чыгарбай бүтѳѳчү клапандарды) жана дагы башка түзүлүштѳрдүн орнотулушу менен чыпканын аянты 50 м2 ка чейин болгонунда – бир, аянт чоң болгонунда – эки (коллектордун баш ченинде жана акырында) деп кабылданганы ылайык.
Чыпкаларды жууп-тазалоого делинген сууну берүүчү ѳткѳргүч түтүк чыпкалардын суу агып чыгуу кобулунун узата кеткен жээгинен тѳмѳн орун алганы зарыл.
Чыпканын бошотулуусу бѳлүштүрүүчү система жана жылдыргычы менен диаметри 100–200 мм (чыпканын аянтынан кѳз карандылыкта) ѳз алдынчалуу коё берүүчү түтүк аркылуу делип алдын алып каралганы зарыл.
15- таблица – Чыпкалардагы ар башка ириликтеги жүктѳлүү катмарынын бийиктиги
Дандарынын ирилиги, мм | Катмардын бийиктиги, мм |
40–20 | Катмардын жогорку чеги бѳлүштүрүүчү түтүктүн үстү жагынын деңгээлинде, бирок тешиктерден 100 миллиметрден аз эмес жогору болушу керек |
20–10 | 100–150 |
10–5 | 100–150 |
5–2 | 50–100 |
Эскертүүлөр 1 Түтүктүк система боюнча абанын берилиши менен аба-суулук жууп-тазалоодо ирилиги 10–5 мм жана 5–2 мм катмарлардын бийиктигинин ар бири 150–200 мм деп кабылданганы ылайык. 2 Жүктѳлүү ирилиги 2 миллиметрден кем эмес чыпкалар үчүн дандарынын ѳлчѳмү 2–1,2 мм, бийиктиги 100 мм кошумча жѳлѳп туруучу катмардын болушу алдын алып каралганы зарыл. | |
16- таблица – Чыпкалоонун жүктѳлүүнүн ар башка материалдары үчүн нормалдуу жана ылдамдатылган иш тартиптериндеги ылдамдыктары
Чыпкалар | Чыпкалоочу катмардын мүнѳздѳмѳсү | Чыпкалоо ылдамдыгы, м/сек | ||||||
Жүкѳлүү материа-лы | Дандардын диаметри, мм | Жүктѳлүүнүн бир түрдүү эместигинин коэффи-циенти | Катмардын бийиктиги, м | Нормалдуу vн иш тартибинде | Ылдамдатылган vф иш тар-тибинде | |||
эң кичирээги | эң бир чоңураагы | Эквиваленттүү | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Ар башка ириликтеги жүктѳлүүсү менен бир катмарлуу ыкчам чыпкалар | Кварцтык кум | 0,5 | 1,2 | 0,7–0,8 | 1,8–2 | 0,7–0,8 | 5–6 | 6–7,5 |
0,7 | 1,6 | 0,8–1 | 1,6–1,8 | 1,3–1,5 | 6–8 | 7–9,5 | ||
0,8 | 2 | 1–1,2 | 1,5–1,7 | 1,8–2 | 8–10 | 10–12 | ||
Майда-ланган керамзит | 0,5 | 1,2 | 0,7–0,8 | 1,8–2 | 0,7–0,8 | 6–7 | 7–9 | |
0,7 | 1,6 | 0,8–1 | 1,6–1,8 | 1,3–1,5 | 7–9,5 | 8,5–11,5 | ||
0,8 | 2 | 1–1,2 | 1,5–1,7 | 1,8–2 | 9,5–12 | 12–14 | ||
Эки кат-марлуу жүктѳлүүсү менен ыкчам чыпкалар | Кварцтык кум | 0,5 | 1,2 | 0,7–0,8 | 1,8–2 | 0,7–0,8 | 7–10 | 8,5–12 |
Майдаланган керамзит же антрацит | 0,8 | 1,8 | 0,9–1,1 | 1,6–1,8 | 0,4–0,5 | – | – | |
Эскертүүлѳр 1 Кѳрсѳтүлгѳн чектердеги чыпкалоонун эсептик ылдамдыктары суу менен камсыздоо булактарындагы суунун сапатынан, чыпкалоо алдындагы аны иштетүүдѳн ѳткѳрүү технологияларынан жана дагы башка жергиликтүү шарттардан кѳз карандылыкта кабылданышы керек. Чарбалык-ичүүчү муктаждыктары үчүн сууну тазалоодо чыпкалоонун ылдамдыктарынын азыраак маанилеринин кабылданганы ылайык. 2 Сууну эки баскычтуу чыпкалап тазалоо схемаларында чыпкалар колдонулганында аларга деген чыпкалоонун ылдамдыктары 10–15%дан жогору болуп кабылданышы керек. 3 16-таблицада алдын алып каралбаган чыпкалоочу материалдар колдонулганында сунушталган параметрлер эксперименталдык маалыматтардын же ѳзүндѳгү колдонулуу тажрыйбасынын негизинде такталуусу зарыл. 4 Майдаланылган керамзиттен жана антрациттен жүктѳлүүлѳр колдонулганында суу-абалык жууп-тазалоого жол берилбейт. | ||||||||
Чыпкалоочу жүктѳлүүлѳрдү жууп-тазалоо үчүн чыпкаларда тазаланган суунун колдонулганы ылайык. Чыпкалардын жүктѳлүүлѳрүнүн үстү жагындагы бѳлүштүрүүчү системасы менен үстүнкү жууп-тазалоонун колдонулуусуна жол берилет.
Кварцтык кумдан жүктѳлүүлѳрдү суу менен жууп-тазалоонун параметрлери 17-таблица боюнча кабылданганы ылайык.
Керамзит менен жүктѳѳдѳ жууп-тазалоонун ыкчамдуулугун керамзиттин маркасынан кѳз карандылыкта 12–15 л/(с*м2) болуп кабылданышы зарыл (жогорку ыкчамдуулуктар жогорку тыгыздыктагы керамзиттерге тийиштүүлүктѳ болушат).
Жууп-тазалоочу сууну топтоо жана буруп кетүү үчүн жарым тегерек жана беш бурчтуу кесилиштеги суунун агып чыгуу кобулунун болушу алдын алып каралганы ылайык. Жанаша орун алган суунун агып чыгуу кобулдарынын окторунун ортосундагы аралык 2,2 метрден кѳп болбошу керек. Бардык суунун агып чыгуу кобулдарынын жээктери бир деңгээлде жана тыкыр горизонталдуу болушу зарыл. Жээктердин нуктары топтоочу арыкка карата 0,01ге жантайыңкы абалда болушу керек.
Чыпкалоочу жүктѳлүүнүн үстүнкү бетинен суунун агып чыгуу кобулунун жээгине чейинки Нж аралыгы тѳмѳндѳгү формула боюнча аныкталганы ылайык:
Нж = (Нз*аз) / 100 + 0,3, (10)
мында Нз – чыпкалоочу катмардын бийиктиги, м;
аз – чыпкалоочу жүктѳлүүнүн 17-таблица боюнча кабылданган пайыздардагы салыштырмалуу кеңейүүсү.
Суу-абалык жууп-тазалоону төмөндөгү иш тартибиндеги кварцтык кумдан жүктөлүүсү менен ыкчам чыпкалар үчүн колдонгон ылайык: 1-2 мүнөт аралыгында 15-20 л/(с*м2) ыкчамдуулугунда аба менен астынан үйлөтүү; андан соң 15-20 л/(с*м2) абанын жана 3-4 л/(с*м2) суунун 4-5 мүнөт аралыгында ыкчамдуу берилүүсү менен биргелешкен суу-абалык жууп-тазалоо жана суунун (үйлөтүүсүз) 4-5 мүнөт аралыгында 6-8 л/(с*м2) ыкчамдуулугу менен андан ары берилүүсү.
Эскертүүлѳр
1 Көбүрөөк ири дандуу жүктөлүүлөргө суунун жана абанын берилишинин чоң ыкчамдуулуктары туура келет.
2 Негиздөө учурунда көрсөтүлгөндөн айырмаланган жууп-тазалоо иш тартиптерин колдонууга жол берилет.
17- таблица – Кварцтык кумдан жүктөлүүнү жууп-тазалоонун параметрлери
Чыпкалар жана алардын жүктөлүштөрү | Жууп-тазалоонун ыкчамдуулугу, л/(с*м2) | Жууп-тазалоонун улануу узактыгы, мин | Жүктөлүүнүн салыштырмалуу кеңейүүсүнүн чоңдугу, % |
Диаметри 0,7-0,8 мм бир катмарлуу жүктөлүүсү менен тез болуулар | 12-14 | 6-5 | 45 |
Диаметри 0,8-1 мм бир катмарлуу жүктөлүүсү менен тез болуулар | 14-16 | 6-5 | 30 |
Диаметри 1-1,2 мм бир катмарлуу жүктөлүүсү менен тез болуулар | 16-18 | 6-5 | 25 |
Эки катмарлуу жүктөлүүсү менен тез болуулар | 14-16 | 7-6 | 50 |
Эскертүүлѳр 1 Жууп-тазалоонун ыкчамдуулугунун чоң маанилерине улануу убактысынын кичине маанилери туура келет. 2 Ыкчамдуулуктун үстүнкү жууп-тазалоо үчүн кыймылсыз түзүлүшүндө аны 3-4 л/(с*м2), күчтөп түртүлүүнү 30-40 м деп кабылдаган ылайык. Жууп-тазалоонун улануу узактыгы 5-8 мүнөт, анын 2-3 мүнөтү төмөнкү жууп-тазалоону жүргүзгөнгө чейин. Бөлүштүрүүчү түтүктөрдү ар бир 700-1000 мм аркылуу жүктөлүүнүн үстүнкү бетинен 60-80 мм аралыкта жайгаштыруу керек. Бөлүштүрүүчү түтүктөрдөгү же насадкалардын ортолорундагы тешиктердин араларындагы аралыкты 80-100 мм деп кабылдоо зарыл. Тегеренме түзүлүш болгонундагы ыкчамдуулук 0,5÷0,75 л/(с*м2), күчтөп түртүлүү 40-45 м деп кабылданганы ылайык. | |||
Суу-абалык жууп-тазалоодо сууну агызуучу жана токтотуучу эки жантайынкы капталдарынан түзүлгөн, кумду кармап калуучу суунун агып чыгуу кобулу менен жууп-тазалоочу сууну горизонталдык буруп кетүү системасынын колдонулганы ылайык.
2.6.1.12 Контакттык киргилттигинен арылтуучулар
Сууну контакттык киргилттигинен арылтуу станцияларында суунун талап кылынуучу күчтѳп түртүлүүсүн, аралаштырууну жана суунун реагенттер менен контактын, ошондой эле суудан абаны бѳлүп чыгарууну камсыздоочу тордуу барабандык чыпкаларды жана кирүү камераларын колдонуу зарыл.
Кирүү камерасынын кѳлѳмү анда суунун 5 мүнѳттѳн аз эмес убакыт болуу шарттарынан чыгып аныкталышы керек. Камера экиден кем эмес бѳлүмдѳр мисал секцияларга ажырымдалышы зарыл, алардын ар биринде артка кайтарып куюучу жана коё берүүчү түтүктѳрдүн болушу алдын алып каралганы ылайык.
Эскертүүлѳр
1 Тордуу барабандык чыпкаларды кирүү камерасынын үстү жагына жайгаштырган ылайык, аларды ѳз алдынча турган имаратка орнотууга негизделген учурда жол берилет. Аларды долбоорлоо «Тордуу барабандык чыпкалар» бѳлүмүндѳ келтирилген ченемдерге ылайык аткарылышы зарыл.
2 Аралаштыруучу түзүлүштѳрдү, реагенттерди ишке киргизүү ортолорундагы ырааттуулук жана ажырымдалуу убактысы «Аралаштыруучу түзүлүштѳр», «Реагенттик чарба» бѳлүмдѳрүндѳ келтирилген ченемдерге жана формулаларга туура келгендей болуп кабылданганы ылайык (5). Мында кирүү камераларынан кийин реагентти кошумчалап киргизүү мүмкүндүгү алдын алып каралышы зарыл.
Кирүү камераларынын контакттык киргилттигинен арылтуучуларындагы суунун деңгээли киргилттиктен арылтуучудагы деңгээлди чыпкалоочу жүктѳлүүнүн катмарындагы күчтѳп түртүлүүнүн болушунча жол берилген жоготулуусунун жана суунун кирүү камерасынын башталышынан тарта чыпкалоочу жүктѳлүүгѳ чейинки каймылы жолундагы күчтѳп түртүлүүнүн бардык жоготууларынын суммасынын чоңдугунда арттыруусу керек.
Контакттык киргилттигинен арылтуучулардын кирүү камераларынан сууну буруп кетүү киргилттигинен арылтуучулардагы суунун деңгээлинен эки метрден кем эмес тѳмѳн белгиде болуусу алдын алып каралганы ылайык. Камераларда жана суу түтүктѳрүндѳ суунун аба менен каныктырылышы мүмкүндүгү жокко чыгарылышы керек.
Контакттык киргилттигинен арылтуучулар суу менен жууп-тазалоо учурунда жѳлѳп туруучу катмарларсыз, суу жана аба аркылуу жууп-тазалаганда жѳлѳп туруучу катмарлар менен болуп алдын алып каралганы ылайык. Контакттык киргилттигинен арылтуучуларды жүктѳѳнү 18-таблица боюнча кабылдоо зарыл.
Контакттык киргилттиктен арылтуучуларды жүктѳѳ үчүн кварцтык кум, майдаланган антрацит жана керамзит, ошондой эле башка да материалдар пайдаланылганы ылайык.
Бардык чыпкалоочу материалдар технологиялык процессти камсыз кылышы жана да талап кылынган химиялык туруктуулукка жана механикалык бекемдикке ээлик кылуулары керек.
Контакттык киргилттигинен арылтуучулардагы чыпкалоонун ылдамдыктары кабылданганы ылайык:
нормалдуу иш тартиби маалында жѳлѳп туруучу катмарларсыз – 4–5 м/саат, ыкчамдатылганында – 5–5,5 м/саат;
нормалдуу иш тартиби маалында жѳлѳп туруучу катмарлары менен – 5–5,5 м/саат, ыкчамдатылганында – 5,5–6 м/саат.
18- таблица – Контакттык киргилттигинен арылтуучулар үчүн ар түрдүү ириликтеги жүктѳлүштѳрдүн бийиктиги
Кѳрсѳткүч | Сууну киргилттигинен арылтуучу үчүн шагылдык жана кумдук катмарлардын бийиктиги, м |
| |
Шагылдын жана кумдун дандарынын ирилиги 40–20 мм | – | 0,2–0,25 | |
Шагылдын жана кумдун дандарынын ирилиги 20–10 мм | – | 0,1–0,15 |
|
Шагылдын жана кумдун дандарынын ирилиги 10–5 мм | – | 0,15–0,2 |
|
Шагылдын жана кумдун дандарынын ирилиги 5–2 мм | 0,5–0,6 | 0,3–0,4 |
|
Шагылдын жана кумдун дандарынын ирилиги 2–1,2 мм | 1–1,2 | 1,2–1,3 |
|
Шагылдын жана кумдун дандарынын ирилиги 1,2–0,7 мм | 0,8–1 | 0,8–1 |
|
Кумдун дандарынын эквиваленттик диаметри, мм | 1–1,3 | 1–1,3 |
|
Эскертүүлѳр 1 Жѳлѳп туруучу катмарлары менен контакттык киргилттигинен арылтуучулар үчүн 40–20 мм ириликтеги шагылдын чектери бѳлүштүрүүчү системанын түтүктѳрүнүн үстү жагынын деңгээлинде болушу керек. Жүктѳлүүнүн жалпы бийиктиги 3 метрден жогору болбошу зарыл. 2 .Контакттык киргилттигинен арылтуучуларды жүктѳѳ үчүн шагылдын жана кварцтык кумдун, ошондой эле «Ыкчам чыпкалар» бѳлүмүндѳгү 2.1. пунктунда келтирилген нормаларга жана да 15- жана 16-таблицалардын нормаларына жооп берүүчү 2,5–3,5 г/м3 тыгыздыгы менен башка да материалдар пайдаланылганы ылайык. |
| ||
Чарбалык-ичүүчү муктаждыктары үчүн сууну тазалоодо чыпкалоонун ылдамдыктарынын азыраак маанилери кабылданганы ылайык.
Орточо ылдамдык эсептик менен теңдештирилүүсү үчүн чыпкалоонун ылдамдыгынын циклдин акырына карата кемип азаюу шартындагы ѳзгѳрүлмѳлүүлүгү менен контакттык киргилттигинен арылтуучулардын иштөөсүнүн алдын алып каралышына жол берилет.
Станциядагы киргилттигинен арылтуучулардын саны «Ыкчам чыпкалар» бѳлүмүнүн ченемдерине ылайык аныкталышы керек.
Жууп-тазалоо үчүн тазаланган суунун пайдаланылганы ылайык. Тазаланбаган сууну колдонууга тѳмѳндѳгү шарттарда жол берилет: анын киргилттиги 10 мглитрден кѳп эмес, коли-индекси – 1000 бирдик/литр, сууну барабандуу торлордо (же микрочыпкаларда) жана оору жуктуруучу микроорганиздерден арылтууда алдын алып иштетүүдѳн ѳткѳрүү. Тазаланган сууну колдонууда жууп-тазалоочу суунун сактоо кѳлмѳсүнѳ берилүүсүнүн алдында анын агымынын токтотулуусу алдын алып каралышы зарыл.
Контакттык киргилттигинен арылтуучуларды жууп-тазалоонун иш тартиби 15–18 л/(с*см2) ыкчамдуулугу менен 7–8 мүнѳт аралыгында, биринчи чыпкалоонун суусун агызып салуунун улануу узактыгы 10–12 мүнѳт болуп кабылданганы ылайык.
Контакттык киргилттигинен арылтуучуларды суу-абалык жууп-тазалоо тѳмѳндѳгүдѳй иш тартиби менен алдын алып каралганы зарыл: жүктѳлүүнү 1–2 мүнѳт аралыгында 18–20 л/(с*см2) ыкчамдуулугунда аба менен копшутуу; 6–7 мүнѳт улануу узактыгында 18–20 л/(с*см2) аба жана 3–3,5 л/(с*см2) суу берилгениндеги биргелешкен суу-абалык жууп-тазалоо; 5–7 мүнѳт улануу узактыгында 6–7 л/(с*см2) ыкчамдуулукта кошумча суу менен жууп-тазалоо.
Жѳлѳп туруучу катмарлары жана суу-абалык жууп-тазалоосу менен контакттык киргилттигинен арылтуучуларда суунун жана абаны берүү үчүн түтүктүк бѳлүштүрүүчү системанын жана да жууп-тазалоочу сууну горизонталдык буруп кетүү системасынын колдонулганы ылайык.
Жѳлѳп туруучу катмарларсыз контакттык киргилттигинен арылтуучуларда капталдык тоскучтары менен тешиктүү түтүктѳрдү узата ширетип бириктирилген бѳлүштүрүүчү система алдын алып каралганы ылайык.
Жѳлѳп туруучу катмарларсыз контакттык киргилттигинен арылтуучуларда жууп-тазалоочу сууну топтоп чогултуу «Ыкчам чыпкалар» бѳлүмүнүн абзацына жана формулага ылайык суунун агып чыгуу кобулдары аркылуу кабылданганы зарыл (10). Суунун агып чыгуу кобулдарынын жээктеринин үстү жагында бийиктиги жана жазылыгы 50–60 мм үч бурчтуу оюктары менен пластиналардын болушу, алардын окторунун ортолорундагы аралык 100–150 мм болуп алдын алып каралганы ылайык.
Эскертүү – Контакттык киргилттигинен арылтуучулардын суу топтоо системасынын параметрлери 19-таблица боюнча кабылданышы керек.
Сууну берүү жана буруп кетүү үчүн каналдар жана коммуникациялар, контакттык киргилттигинен арылтуучуларды жууп-тазалоо үчүн бактарды жана насосторду «Ыкчам чыпкалар» бѳлүмүнүн ченемдерине ылайык долбоорлоо керек. Ушунда киргилттигинен арылтылган сууну контакттык киргилттигинен арылтуучулардан буруп кетүүчү патрубканын (түтүк кесиндисинин) түбү топтоочу нукта жууп-тазалоо маалындагы суунун деңгээли 100 миллиметрден жогору болушу зарыл.
Киргилттигинен арылтылган жана жууп-тазалоочу суунун ѳткѳргүч түтүктѳрү киргилттигинен арылтуучулардын жумушчу цикли убагында жана жууп-тазалоолор маалында чѳктүрүлүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу белгилерде болуусу алдын алып каралганы ылайык.
Бѳлүштүрүүчү системанын коллекторунун тѳмѳнкү бѳлүгүндѳгү контакттык киргилттигинен арылтуучуларды бошотуу үчүн жѳлѳп туруучу катмарлардын болгонунда киргилттигинен арылтуучудагы суунун 2 м/сааттан кѳп эмес басаңдоочу агымынын жана жѳлѳп туруучусуз катмардын 0,2 м/сааттан кѳп эмес ылдамдыгын камсыздоочу диаметрдеги бүтѳѳчү түзүлүшү менен ѳткѳргүч түтүгүнүн болушу алдын алып каралганы зарыл.
Жѳлѳп туруучусуз катмарлардын киргилттигинен арылтуучуларын бошотууда жүктѳлүүнүн чыгарып салынуусун жокко чыгаруучу түзүлүштѳрдүн болушу алдын алып каралганы ылайык.
19- таблица – Контакттык киргилттигинен арылтуучулардын чогултуучу системасынын параметрлери
Бутактануу түтүктѳрү-нүн диа-метрлери, мм | Тешиктердин кошунду аянтынын киргилттигинен арылтуучу-нун аянтына карата мамилеси, % | Аралыктар, мм |
| ||||
75 | 0,28–0,3 | 240–260 | 100–120 | 155 | 300–400 | ||
100 | 0,26–0,28 | 300–320 | 120–140 | 170 | 400–600 |
| |
125 | 0,24–0,26 | 350–370 | 140–160 | 190 | 600–800 |
| |
150 | 0,22–0,24 | 440–470 | 160–180 | 220 | 800–1000 |
| |
2.6.1.13 Контакттык адепки чыпкалар
Контакттык адепки чыпкалар ыкчам чыпкалардын (экинчи баскычтагы) алдындагы сууну алдын ала тазалоо үчүн эки баскычтуу чыпкалоо учурунда колдонулганы ылайык.
Контакттык адепки чыпкалардын конструкциясы жѳлѳп туруучу катмарлары жана суу-аба жууп-тазалоосу менен контакттык киргилттигинен арылтуучулардын конструкциясына окшош. Аларды долбоорлоодо «Контакттык киргилттигинен арылтуучулар» бѳлүмүнүн ченемдерин жетекчиликке алуу зарыл. Ушунда адепки чыпкалардын аянты экинчи баскычтагы ыкчам чыпкаларды жууп-тазалоого суунун чыгымдалуусунун коё берилүүсүн эсепке алуу менен аныкталганы ылайык.
Технологиялык иликтѳѳлѳр болбогонунда контакттык адепки чыпкалардын негизги параметрлеринин тѳмѳндѳгүдѳй болуп кабылдануусуна жол берилет:
– кумдун катмарларынын бийиктиги, данынын ирилигинде:
2ден 5 миллиметрге чейин – 0,5–0,6 м;
1ден 2 миллиметрге чейин – 2–2,3 м.
– кумдун данынын эквиваленттик диаметри: 1,1–1,3 мм;
– нормалдуу иш тартибиндеги чыпкалоонун ылдамдыгы: 5,5–6,5 м/саат;
– ыкчамдатылган иш тартибиндеги чыпкалоонун ылдамдыгы: 6,5–7,5 м/саат.
Чыпкалоочуну иштеп турган контакттык адепки чыпкалар менен бир убакта аны ыкчам чыпкаларга ѳткѳрүү алдында ордунан жылдырылуусу алдын алып каралганы ылайык.
2.6.2 Сууну зыянсыздандыруу
Сууну зыянсыздандыруу тѳмѳндѳгү усулдар менен жүзѳгѳ ашырууга жол берилет:
– суюк хлорду, натрийдин гипохлоритинин эритиндилерин, кургак реагенттерди же түздѳн-түз электролизди колдонуп хлордоо менен;
– хлордун кош кычкылы (диоксид) менен;
– озондоштуруу менен;
– ультрафиолет нурлануусу;
– саналып ѳтүлгѳн усулдарды комплекстүү колдонуу менен.
Зыянсыздандыруу усулун тандап алуу тазалоочу түзүлүштѳрдүн ѳндүрүмдүүлүгүн, ошондой эле колдонулуучу реагенттерди жеткирүү жана сактоо шарттарын эсепке алуу менен жүргүзүлѳт.
Зыянсыздандыруунун кабыл алынган усулу ичүүчүчү суунун сапатынын анын бѳлүштүрүүчү тармакка келип түшѳр алдында, ошондой эле тышкы жана ички суу түтүгү тармагынан тийиштүү жактарга берилишинде талаптагыдай болушун камсыздоосу керек.
Ѳндүрүмдүүлүгү суткасына 50 м3дан кѳп жер астылык суу алуу пункттарында сууну зыянсыздандыруу системасы (иш-чарасы) баштапкы суунун гигиеналык нормаларга дал келүүсүнѳн кѳз карандысыздыкта алдын ала каралганы ылайык.
Чарбалык-ичүүчүчү суу менен камсыздоо системаларынын технологиялык жана конструктивдик чечилиштеринде курулуштарды жана ички аянттык тарамдарды дезинфекциялоо мүмкүндүгү алдын алып каралганы зарыл.
Жер астындагы суу булактарынын суусун реагенттик усулдар менен оору жуктуруучу микроорганиздерден арылтууну, эреже катары, бир баскычтуу схема боюнча контакттык суу топтогучтардын алдында реагентти киргизүү менен, ал эми үстүнкү беттиктерин эки баскычтуусу боюнча аралаштыруучулар алдында кошумча орундарды киргизүү менен жүзѳгѳ ашырган ылайык.
Эскертүү – Ичүүчү суунун биринчи керектѳѳчүгѳ жеткирилүү убакыт аралыгында анын реагент менен болчу зарыл контактысы камсыз кылынбаган учурларда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдүн территориалдык органдары менен макулдашуу негизинде 2-кѳтѳрүлүүдѳгү суу алууга киргизүү орунунун алдын алып каралышына жол берилет.
2.6.2.1. Хлордоо
Сууну зыянсыздандыруу үчүн суюк хлор колдонулат.
Суюк хлордун чыгымдык кампаларын коопсуздук эрежелеринин (КЭ) талаптарына ылайык уюштуруу хлорду ѳндүрүп чыгарууда, сактоодо, ташып жеткирүүдѳ жана колдонууда тѳмѳндѳгү кошумчалоолорду эске алуу менен жүргүзүлѳт:
- хлордук чарба хлордун кабыл алынышын, сакталышын, иргелип алынуусун, анын үлүштүк бѳлүштүрүлүүсүн жана киргизилүү орундарына ташылып жеткирилүүсүн камсыздоосу керек;
- территориясы коопсуздук эрежелеринин талаптарын канааттандыруучу тосмо менен тосулган тазалоочу түзүлүштѳрдѳ идиштерге салынган хлордун чыгымдык кампасын кошумча тосмолоо алдын алып каралбашына жол берилет.
Иштетилип жаткан сууга хлорду иргеп алуу жана үлүштѳп кошуу системасы коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык тѳмѳндѳгү ченемдерди эске алуу менен долбоорлонот:
- хлорду колдонууда анын күндѳгү чыгымдалуусунун жана идиштин бошо-тулуу даражасынын салмактык эсебинин алынуусу жүзѳгѳ ашырылуусу керек;
- газ түрүндѳгү хлорду үлүштѳѳ үчүн ѳзүнүн курамында аппаратка хлордун берилишинин автоматтык түрдѳ токтотулуусун камсыздоочу жана эжекторду токтоткон учурда хлордоо системасына жумушчу аралашманын келип түшүүсүн жокко чыгаруучу түзүлүшкѳ ээ кол менен же автоматтык иретке салуучу боштуктук хлораторлорду колдонуу зарыл;
- хлорду киргизүүнүн эки же андан кѳп орундарына бир эжектордун иштѳѳсүнѳ, ошондой эле эки же андан иштѳѳдѳгү эжекторлордун хлордуу суунун бир линияда болушуна жол берилбейт.
- резервдик хлордоочулардын саны эки жумушчуга бирден аз эмес болушу шартынан чыгып кабылданат. Ушунда орнотулган аппараттардын кошунду ѳндүрүмдүүлүгү ичүүчү суу топтогучтарынын ишин токтотуу жана хлордун иштетилип жаткан суу менен контактта болуу убактысын кыскартууга байланышкан авариялык жана пландык иштерди жүргүзүү маалында хлордун берилишин эки эсеге кѳбѳйтүүнү камсыз кылышы керек;
- хлорду берүү түтүктѳрүнүн диаметри 3 коэффициенти менен хлордун эсептик чыгымдалышында суюк хлордун кѳлѳмдүк массасы 1,4 т/м3, газ түрүндѳгүсүндѳ – 0,0032 т/м3, ѳикѳргүч түтүктѳрдѳгү ылдамдыктары суюк хлор үчүн 0,8 м/с, газ түрүндѳгүсү үчүн 10–15 м/с экенин эсепке алып кабылданганы ылайык;
- хлорду берүү түтүктѳрүнүн саны экиден кем эмес болушу керек, алардын бирѳѳсү – резервдик.
Хлорду берүү түтүктѳрүндѳгү бүтѳѳчү арматуралардын жана алардын ортолорундагы түйүндѳрдүн саны минималдуу болушу керек.
2.6.2.2 Натрийдин гипохлорити менен зыянсыздандыруу
Суу тазалоочу станцияларда активдүү хлордун суткасына 80 килограммга чейин чыгымдалуусу менен натрийдин гипохлоритин электролиттик даярдалуусу ашкана тузунун же 40 г/литрден кем эмес хлориддерди камтыган табигый мине-ралдашылган суулардын эритиндисинен деп алдын алып кабылданганы ылайык.
Тузду сактоонун ыкмасы аны жеткирүү шарттарынан кѳз карандылыкта тандалып алынат. Бир жолку жеткирүүнүн кѳлѳмү 30 суткалык керектѳѳдѳн кѳп болгонунда 1 м3 га 300 кг туз кѳлѳмүндѳгү туз сактоочу кампанын болушу эсебинде туздун суулуу сакталышы кампаларынын алдын алып каралганы зарыл.
30 суткалыктан кем эмес керектелүү ѳлчѳмүндѳгү тузду сактоо үчүн үстү жабык орун жайларда кургак сактоо складдарын түзүүгѳ жол берилет. Ушунда туздун катмары 1,5 метрден ашпоосу керек.
Тузду каныктырылган эритиндини алуу үчүн кургак сактоодо электролиздик орун жайларда жайгаштырылуучу чыгымдык бактардын болушу алдын алып каралат. Ушунда ар бир бактын сыйымдуулугу туздун эритиндисинин суткалык запасынан (керектелүүсүнѳн) кем эмес ѳлчѳмдѳ, ал эми алардын саны экиден аз эмес болушу камсыз кылынуусу керек.
Электролиздѳѳчүлѳр жылытылуучу кургак жана желдетилүүчү орун жайларда жайгаштырылуусу зарыл. Алардын электролиздик башка да жабдуулар менен бир орун жайда орнотулуусуна жол берилет. Электролиздѳѳчүлѳрдүн саны үчтѳн кѳп болушу керек, алардын бирѳѳсү – резервдик. Негизделгенинде электролиздѳѳчүлѳрдүн чоң санын орнотууга жол берилет.
Гипохлориттин чыгымдык багынын сыйымдуулугу станциянын реагентке деген суткалык керектѳѳсүнѳн аз эмес кѳлѳмдѳ камсыз кыла алгандай болушу керек.
Сууну алып келүү жана да жууп-тазалоо жана бошотуу маалындагы агынды суулардын буруп кетилүүсү камсыз кылынганы ылайык.
Керектелүүгѳ деп натрийдин гипохлоритин тандап алуу, эреже катары, чыгымдык бактардан үлүштѳп берүүчү насостор аркылуу, үлүштѳп берүүчү чѳйрѳгѳ карата туруктуулукта жүзѳгѳ ашырылуусу керек.
Иштѳѳдѳгү эки насоско бирден кем эмес резервдиктин алдын алып каралганы ылайык.
Натрийдин товардык гипохлоритин завод-жеткирип берүүчүдѳн 250–300 километрден кѳп эмес аралыкта жайгашкан объектилерде колдонулганы максатка ылайыктуу.
Химиялык гипохлориттерди технологиялык схемада колдонгон учурда алып ѳтүү түтүктѳрүн жана топтогучтарды жууп-тазалоо системасынын болушу алдын алып каралганы ылайык.
Кургак хлорагенттерден эритиндилерди даярдоо үчүн 1–2%дык эритиндинин топтоштурулуусунан жана суткасына бир жолку даярдалышынан улам аныкталуучу жалпы сыйымдуулуктагы чыгымдык бактардын (экиден кем эмес) болушу алдын алып каралганы зарыл. Бактар аралаштыруучулар менен жабдылышы керек.
Үлүштѳп берүү үчүн 12 сааттан кем эмес убакыт мурда даярдалган эритинди колдонулганы ылайык.
Тунмалардын бактардан жана үлүштѳп берүүчүлѳрдѳн убак-убагы менен алып салынуусу алдын алып каралганы зарыл.
Туздун жана гипохлориттин эритиндилери үчүн бактар жана алып ѳтүү түтүктѳрү дат басууга туруктуу материалдардан турушу же дат басууга каршы жабуусу менен болушу керек.
2.6.2.3 Түз электролиз аркылуу сууну зыянсыздандыруу
Сууну түз электролиз аркылуу зыянсыздандыруунун ѳндүрүмдүүлүгү суткасына 5000 м3 га чейин станцияларда хлориддердин сууда 40 мг/литрден кем эмес камтылып же суунун туздуулугу 7 мг-экв-л болгонунда колдонгон ылайык.
2.6.2.4 Озонго каныктыруу
Озонго каныктыруу системасынын курамында озондун синтези, озондук-абалык аралашманы иштетилүүдѳгү суу менен аралаштыруу жана бѳлүнүп чыккан газды жок кылуу (утилдештирүү) үчүн түзүлүштүн алдын алып каралганы ылайык.
Озондун болжолдонгон үлүшү тѳмѳндѳгүдѳй болуп кабылданышы зарыл:
– жер астындагы сууларды оору жуктуруучу микроорганиздерден арылтуу үчүн – 0,75–1 мг/л;
– тазартылган үстүнкү беттик суулар үчүн – 1–3 мг/л.
Ушунда озондун иштетилүүдѳгү суу менен 12 мүнѳттѳн кем эмес убакыт контактыда болушу камсыз кылынуусу керек.
Озондоштуруучу жана озондун курчап турган чѳйрѳгѳ чыгуу мүмкүндүгү бар башка да ѳндүрүштүк орун жайлар газоанализаторлор (газосигнализаторлор) жана желдетүү системасы менен жабдылууларынын болушу зарыл.
Озондоштуруучу түзүлүштѳрдүн ѳндүрүмдүүлүгү иштетилүүдѳгү суунун максималдуу бир сааттык чыгымдалышы боюнча эсептелинет.
2.6.2.5 Бактерициддик ультракызгылт кѳк нурландыруу
Сууну бактерициддик ультракызгылт кѳк нурландыруунун жардамы менен зыянсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген «Ичүүчү сууну ультрофиолетик нурлануу ыкмасы менен зыянсыздандырууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин талаптарына ылайык, «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндөгү» Техникалык Регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын дайыма камсыз кылуу шартын аткаруу менен колдонулушу керек.
Иштеп турган бактерициддик түзүлүштѳрдүн саны алардын паспорттук ѳндүрүмдүүлүгүнѳн чыгып аныкталганы ылайык. Мында иштеп турган түзүлүштѳрдүн саны жабдууну даярдап чыгаруучунун сунуштамалары боюнча кабылданышы зарыл.
Бактерициддик түзүлүштѳр, эреже катары, сууну күчтѳп түртүлүү же сордуруучу насостордун ѳткѳргүч түтүктѳрүндѳ керектѳѳчүлѳр тармагына түздѳн түз берүүнүн алдында орнотулганы ылайык.
2.6.2.6 Хлордун диоксидин колдонуу
Хлордун диоксидин колдонуу басымдуу сууну алдын ала иштетүүдѳн ѳткѳрүү үчүн алдын алып каралганы ылайык.
Хлордун диоксидин суюк хлордун баштапкы реагенти катары пайдалануу менен генерациялоонун технологиясын колдонууга киргизүүдѳ ѳндүрүштүк орун жайлар коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык долбоорлонушат.
Реагенттин эсептик үлүштѳрү иштетилип жаткан суунун тибинен жана сапатынан кѳз карандылыкта колдонулат жана 30 мүнѳттѳн аз эмес контакттын убактысы камсыз кылынганында 2–3 мг/литрден ашпоосу керек.
2.6.2.7 Органикалык заттардан, даамдардан жана жыттардан арылтуу
Органикалык заттардан арылтуу, ошондой эле даамдардын жана жыттардын ыкчам таралуусун тѳмѳндѳтүү үчүн сууну атайын иштетүүдѳн ѳткѳрүүнү колдонуу зарылдыгында сууну гранулданылып жигердешти-рилген кѳмүр аркылуу аларды убактылуу регенерациялап же алмаштырып чыпкалоо жолу менен жүзѳгѳ ашырылуучу заттардын кычкылдануусу жана андан ары жутулуп-сиңдирилүүсү колдонулганы ылайык.
Жигердештирилген кѳмүрдүн кыска мѳѳнѳттүк колдонулганы учурларында жана негизделгенинде аны коагуляциялык иштетүүдѳн ѳткѳрүүнүн же чыпкалоонун алдында сууга кошумчалануучу порошок түрүндѳ аларды пайдаланууга жол берилет.
Суудагы органикалык заттарды четтетип-жоюу, кычкылдантуучулар эсебиндеги даамдардын жана жыттардын ыкчам таралуусун тѳмѳндѳтүү үчүн хлор, калийдин перманганаты, озон же алардын айкалыштары колдонулганы ылайык (20-таблицаны караңыз).
Кычкылдантуучунун түрү жана анын үлүшү технологиялык иликтѳѳлѳрдүн маалыматтарынын негизинде аныкталып берилгени ылайык.
Кычкылдантуучулардын болжолдуу үлүштѳрү 20-таблица боюнча кабылдануусуна жол берилет.
20- таблица – Суунун перманганаттык кычкылдануучулугунун ар башка маанилериндеги ар түрдүү кычкылдандыруучулардын сунушталган үлүштѳрү
Суунун перманганаттык кычкылдануучулугу, мг О2/л | Кычкылдандыруучунун үлүшү, мг/л |
| ||
8–10 | 4–8 | 2–4 | 1–3 | |
10–15 | 8–12 | 4–6 | 3–5 |
|
15–25 | 12–14 | 6–10 | 5–8 |
|
Кычкылдантуучулардын киргизилүүсүнүн негизги орундары жана реагент-терди киргизүүнүн улануучулугу 21-таблица боюнча кабылданганы ылайык.
21- таблица – Реагенттердин киргизилүү орундарынын тизмеси
Кычкылдандыруучулардын киргизилүү орду | Реагенттерди сууга кошумчалоонун уланмалуулугу |
1 Сорбциондук тазалоо алдындагы хлор | Гранулданылган жигердүү кѳмүр аркылуу чыпкалоого чейинки 2 мүнѳттѳн аз эмес убакыт ичиндеги хлордоо же порошок түрүндѳгү жигердүү кѳмүрдү кошумчалоо |
2 Түздѳн-түз сорбциондук тазалоо алдындагы озон | Гранулданылган жигердүү кѳмүр аркылуу андан ары чыпкалоо менен же порошок түрүндѳгү жигердүү кѳмүрдѳ иштетүүдѳн ѳткѳрүү менен озондоштуруу |
3 Коагулирлѳѳ алдындагы хлор | Адепки хлордоо, 2–3 мүнѳт ѳткѳрүп коагулирлѳѳ |
4 Коагулирлѳѳ алдындагы хлор жана калийдин перманганаты | Адепки хлордоо, 10 мүнѳт ѳткѳрүп калийдин перманганатын кошумчалоо, 2–3 мүнѳттѳн соң – коагулирлѳѳ |
5 Коагулирлѳѳ алдындагы озон | Озондоштуруу, андан соң коагулирлѳѳ |
6 Коагулирлѳѳ алдындагы хлор жана озон | Суунун хлорду сиңире алуу чектериндеги үлүшү менен адепки хлордоо, 0,5–1 саат ѳткѳрүп озондоштуруу жана ага улай коагулирлѳѳ |
7 Киргилттигинен арылтуу чыпкаларынын алдындагы же тазартылган суудагы озон | – |
Сорбциондук чыпкаларды жүктѳѳ эсебинде ар кыл түрдүү маркалардагы жигерлештирилген кѳмүрлѳрдү жана технологиялык иликтѳѳлѳрдүн сунуштоолору боюнча башка да сорбциондук материалдарды пайдаланууга жол берилет.
Алардын колдонулуу шарттары, конструктивдик жана аппаратуралык аткарылышын тийиштүү уюм-ѳндүрүүчүлѳр аныктап беришет.
Калийдин перманганатынын эритиндисин даярдоо үчүн аралаштыргычы менен бактардын сыйымдуулугун реагенттин 0,5–2% эритиндисинин топтолуусунан (товардык продукты боюнча) чыгып аныктоо керек, ушунда реагенттин толук эрип кетүү убактысын суунун температурасы 20°С болгонунда 4–6 саатка жана суунун температурасы 40°С болгонунда 2–3 саатка теңдеш деп кабылданганы ылайык.
Калийдин перманганаты үчүн эритиндилик же эритиндилик-чыгымдоочулук бактардын саны экиден кем болбошу керек (бир резервдик).
Калийдин перманганатынын эритиндисин үлүштѳѳ үчүн туруп калган эри-тиндилерде иштѳѳгѳ деп дайындалган үлүштѳѳчүлѳрдүн кабылданганы ылайык.
2.6.3 Сууну темирден арылтуу
Сууну темирден арылтуу усулу, реагенттердин эсептик параметрлери жана үлүштѳрү суу менен камсыздоонун түздѳн-түз булактарында аткарылган технологиялык изилдѳѳлѳрдүн натыйжаларынын негизинде аткарылганы ылайык.
Жер астындагы сууларды ашыкча темирден арылтуу сууну алдын ала иштетүүдѳн ѳткѳрүү ыкмаларынын бирине айкалыштырып чыпкалоо негизинде каралганы ылайык:
– жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн аэрация (кычкылтектештирүү) аркылуу;
– атайын түзүлүштѳрдѳгү аэрациялоо негизинде;
– кычкылдандыруучу реагенттерди киргизүү менен.
Э с к е р т ү ү – Негизделгенинде башка усулдарды кабылдаганга жол берилет.
Жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн аэрацияны суунун сапатынын тѳмѳндѳгүдѳй кѳрсѳткүчтѳрүндѳ колдонууга жол берилет:
– темирдин 10 мг/литрге чейин камтылуусу;
– мунун ичинде эки валенттүүсү (Fe2+) 70%дан кем эмес;
– рН 6,8ден кем эмес;
– щелочтуулугу кѳбүрѳѳк (1 + Fe2+/28) мг-экв/литр;
– күкүрттүү суутектин камтылышы 2 мг/литрден кѳп эмес.
Жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн аэрация суунун ачык чыпкалардын чѳнтѳгүнѳ же борбордук каналына барып куюлуусу (куюлуунун бийиктиги суунун деңгээлинен 0,5–0,6 м жогору турушу керек) болуп каралганы ылайык. Күчтѳп түртүлүү чыпкаларын колдонууда абанын берүүчү ѳткѳргүч түтүккѳ киргизилиши алдын алып каралышы зарыл (1 г кычкылданган темирге абанын чыгымдалышы – 2 л).
Баштапкы сууда эркин кѳмүр кислотасы 40 мг/литрден кѳбүрѳѳк жана күкүрттүү суутек 0,5 мг/литрден кѳп камтылганында күчтѳп түртүлүү чыпкалары-нын алдында ѳткѳргүч түтүккѳ абанын киргизилүүсүз ага суунун эркин агып кирүүсү менен ортолук суу топтогучтун болушу алдын алып каралганы ылайык.
Атайын түзүлүштѳрдѳгү (аэраторлордогу) аэрацияны же реагент-кычкылдандыруучулардын киргизилишин алынып салынуучу темирдин санын жана рН суунун жогорулатылышынын зарылдыгында кабылдаган ылайык.
Аэраторлордун конструкциясын жана эсептик параметрлерин дегазаторлорго окшотуп кабыл алуу керек.
Реагент-кычкылдандыруучулардын эсептик үлүштѳрүн тѳмѳндѳгүлѳр үчүн кабылдаган ылайык:
- Дх хлорун, мг/литр:
Дх = 0,7(Fe2+) , (11)
- калийдин пермаеганатын Дп, мг/л, считая по КМnО4:
Дп = (Fe2+) , (12)
Реагент-кычкылдандыруучуларды киргизүүнү чыпкалардын алды жагындагы берүүчү ѳткѳргүч түтүктѳ жүргүзгѳн ылайык.
Жер астындагы сууларды ашыкча темирден арылтуу үчүн чыпкалардын конструкциясын сууну киргилттигинен арылтуу чыпкаларына окшоштуруп кабылдаган ылайык. Чыпкалоочу катмардын мүнѳздѳмѳсүн жана чыпкалоонун ылдамдыгын жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн аэрацияда 22-таблица боюнча, аэраторлорду колдонууда же реагент-кычкылдандыруучуларды киргизүүдѳ ѳндүрүп чыгаруучулардын сунуштамалары боюнча кабылдоо зарыл.
Үстүнкү беттик булактардын сууларын ашыкча темирден арылтууну анын киргилттигинен арылтылуусу жана тундуруп тазалануусу менен бир учурда караган ылайык.
Ашыкча темирден арылтуу станцияларынын жууп-тазалоочу сууларды жана тунманы иштетүүдѳн ѳткѳрүү үчүн түзүлүштѳрдү кайталап пайдалануу системасы 2.6.7 бѳлүмүнѳ ылайык кабылданышы керек.
22- таблица – Жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн аэрациядагы чыпкалоочу катмардын мүнѳздѳмѳсү жана чыпкалоонун ылдамдыгы
Жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн аэрация аркылуу сууну ашыкча темирден арылтуудагы чыпкалоочу катмарлардын мүнѳздѳмѳсү | Чыпкалоонун эсептик ылдамдыгы, м/саат |
| ||||
0,8 | 1,8 | 0,9–1,0 | 1,5–2,0 | 1000 | 5–7 | |
1,0 | 2,0 | 1,2–1,3 | 1,5–2,0 | 1200 | 7 ÷ 10 |
|
2.6.4 Сууну фтордоо
Чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына делинген сууну фтордоо зарылдыгы ар бир ѳз алдынчалуу учурда санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аныкталат.
Сууну фтордоо үчүн реагенттер эсебинде кремнефтордуу аммонийди, кремнефтордуксуутектүү кислотаны, кремнефтордуу натрийди жана фтордуу натрийди колдонгон ылайык.
Эскертүү – Негизделгенинде башка да фтор камтылган реагенттерди колдонууга макулдашуу боюнча жол берилет.
Фтор камтуучу реагенттерди киргизүү, эреже катары, зыянсыздандыруунун алдында таза сууда алдын алып каралышы керек. Фтор камтуучу реагенттерди чыпкалардын алдында сууну эки баскычтуу тазалоодо киргизүүгѳ жол берилет.
Фтор камтуучу реагенттерди кампада заводдук идиште сактоо керек. Кремнефтордуусуутектик кислотаны аны тоңуп калуудан алакчылоочу иш-чараларды аткаруу менен бактарда сактаган ылайык.
Фторатордук түзүлүштүн орун жайы жана фтор камтуучу реагенттердин кампасы башка ѳндүрүштүк орун жайлардан обочолонгон болушу керек.
Чаңдын мүмкүн болгон бѳлүнүп чыгуу орундары абанын жергиликтүү аба сордургучтары менен жабдылышы керек, ал эми кремнийдикфтордуу натрийдин жана фтордук натрийдик идиштерге салынуусу шкафтык калканыч астында жүргүзүлүшү керек.
Фтор камтуучу реагенттерди колдонууда алардын уулуулугун эске алуу менен тейлѳѳчү персоналды коргоо боюнча жалпы жана жекече иш-чаралардын алдын алып каралганы зарыл.
2.6.5 Суудан марганецти, фторду жана күкүрттүү суутекти алып салуу
Сууну тазалоо усулдарын, түзүлүштѳрдүн эсептик параметрлерин, ошондой эле реагенттердин түрүн жана үлүштѳрүн тандоону суу менен касыз кылуу булактарында (марганецтин жана күкүрттүү суутектин ашыкча санын камтуучу суулар үчүн) түздѳн-түз жүргүзүлүүчү технологиялык изилдѳѳлѳрдүн негизинде жүзѳгѳ ашыруу керек.
Сууну марганецтен тазалоону реагентсиз усулдун негизинде же реагенттерди пайдалануу менен жүргүзгѳн ылайык.
Эгерде реагентсиз усул талап кылынган тазалоону камсыз кыла албаса, анда сууну флокулянтты киргизүү жана андан ары чыпкалоо менен реагент-кычкылдандыруучулар (калийдин перманганаты, озон жана д.б.) аркылуу иштетүүдѳн ѳткѳрүүнү карап кѳрүү зарыл.
Темир менен биргеликте марганец камтылган жер астындагы сууларды колдонууда аны түздѳн-түз реагенттерди кошумчалап пайдалануусуз ашыкча темирден арылтуу процессинде алып салуу мүмкүндүгүн текшерип кѳрүү керек.
Сууну фтордон арылтууну контакттык-сорбциондук коагуляциялоо усулдары же сорбентти – жигердүү алюминий кычкылын колдонуу менен жүргүзгѳн ылайык.
Контакттык-сорбциондук коагуляциялоо усулун сууда фтордун 5 мг/литрге чейин топтолушунда, сорбенттин (жигердүү алюминий кычкылынын) жардамы менен – фтордун 10мг/литрге чейин топтолушунда колдонуу керек.
Негизделгенинде башка усулдарды колдонууга жол берилет.
Сууну күкүрттүү суутектен тазалоо үчүн аэрациялык жана химиялык усулдарды колдонгон ылайык.
Аэрациялык усулду сууда күкүрттүү суутек 3 мг/литрге чейин, химиялык 10 мг/литрге чейин камтылганында колдонууга жол берилет.
Негизделгенинде башка усулдарды колдонууга жол берилет.
2.6.6. Сууну жумшартуу
Сууну чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына деп жумшарткан учурда реагенттик усулдарды (акиташтык же акиташтык-содалык) жана жарым-жартылай Na-катионирлѳѳ усулун колдонуу зарыл.
2.6.7 Сууну колдонууга даярдоо станцияларынын жуунду сууларын жана чѳгүндүлѳрүн иштетүүдѳн ѳткѳрүү
Бул бѳлүмдүн талаптары жаратылыштык сууларды киргилттигинен арылтуу, ашыкча темирден арылтуу жана реагенттик жумшартуу станцияларында колдонулат.
Сууну чыпкалоо аркылуу киргилттигинен арылтуу жана ашыкча темирден арылтуу станцияларында чыпкалоочу түзүлүштѳрдүн жууп-тазалоочу сууларын тундуруу керек.
Киргилттигинен арылтылган сууну ооштуруучу кран (сместитель) алдын-дагы ѳткѳргүч түтүктѳргѳ же ооштуруучу кранга бир калыпта сордуруу керек.
Киргилттигинен арылтылган сууну «Контакттык киргилтиктен арылтуучулар» бѳлүмүнүн абзацынын ченемдеринин 5) талаптарын эсепке алуу менен контакттык киргилттиктен арылтуучуларды жууп-тазалоо үчүн пайдаланууга жол берилет.
Сууну тундуруп, андан ары чыпкалоо менен киргилттигинен арылтуу станцияларында жана реагенттик жумшартуу станцияларында жууп-тазартылган сууларды ооштуруучу кран (сместитель) алдындагы ѳткѳргүч түтүктѳргѳ же ооштуруучу кранга суунун сапатынан кѳз карандылыкта тундуруп же ансыз бир калыпта сордуруу зарыл.
Чыпкаларды же контакттык киргилттигинен арылтуучуларды жууп-тазалоодо алып чыгылган кумду кармап калуу үчүн кум кармоочунун болушу алдын алып каралганы ылайык.
Бардык тундуруучу түзүлүштѳрдѳн жана реагенттик чарбалардан тунмаларды суусуздандырууга жана алдын ала коюулантып же ансыз иреттеп жыюуга багыттоо керек.
Тунмаларды коюулантуу жана суусуздандыруу процессинде бѳлүнүп алынган киргилттигинен арылтылган сууну ооштуруучу кран алдындагы ѳткѳргүч түтүктѳргѳ же ооштуруучу кранга багыттоо зарыл, ошондой эле аны санитардык ченемдерди эсепке алуу менен суу агымына же сууу топтолуучу кѳлмѳгѳ, же болбосо канализациялык тазалоочу түзүлүштѳргѳ агызып салууга жол берилет.
Баштапкы сууну алдын алып хлордоо болбогонунда кайталап пайдалануудагы сууну 2ден 4 мг/литрге чейин үлүштѳ хлордоо ылайык.
Жууп-тазалоочу сууларды жана тунмаларды иштетүүдѳн ѳткѳрүүнүн технологиялык схемаларында мобул негизги түзүлүштѳр: суу топтогучтар, чѳкмѳ тундургучтар, коюуланткычтар же тунмаларды тоңдуруу жана кургатуу аянтчалары алдын алып каралганы ылайык.
Негизделгенинде тунмадан коагулянттын механикалык суусуздандырылуу жана регенерация усулдарынын колдонулушуна жол берилет.
Жууп-тазалоочу сууларды жана тунмаларды иштетүүдѳн ѳткѳрүү үчүн түзүлүштѳрдүн колдонулуу шарттары жана эсептик параметрлери технологиялык чечимдерди техникалык-экономикалык жактан салыштыруу негизинде кабыл алынышы керек.
2.6.8 Сууну колдонууга даярдоо станцияларынын кѳмѳкчү орун жайлары
Сууну колдонууга даярдоо станцияларынын имараттарында лабораториялардын, мастерскойлордун, тиричиликтик жана дагы башка кѳмѳкчү орун жайлардын болушу алдын алып каралуусу зарыл.
Орун жайлардын курамы жана аянттары станциянын дайындалышынан жана ѳндүрүмдүүлүгүнѳн, ошондой эле суу менен камсыздоонун булагынан кѳз карандылыкта кабылданганы ылайык.
Колдонууга даярдоо станциялары үчүн чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына деп суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булактарынан алынчу суу, орун жайлардын курамы жана аянттары 23-таблица боюнча кабылданганы ылайык.
23-таблица – Ар башка ѳндүрүмдүүлүктѳгү сууну колдонууга даярдоо станциялары үчүн кѳмѳкчү орун жайлардын болжолдуу аянттары
Орун жайлар | Станциялардын суткасына м3 ѳндүрүмдүүлүгүндѳгү лабораториялардын жана кѳмѳкчү орун жайлардын аянттары, м2 |
| ||||
1 Химиялык лаборатория | 30 | 30 | 40 | 40 | 2 бѳлмѳ 40 жана 20 | |
2 Таразага тартуучу | - | - | 6 | 6 | 8 |
|
3 Автоклавдык бактериология-лык лаборатория | 20 | 20 | 20 | 30 | 2 бѳлмѳ 20 жана 20 |
|
4. Бышыруу чѳйрѳсү жана жуугуч | 10 | 10 | 10 | 15 | 15 |
|
10 | 10 | 10 | 15 | 15 |
| |
5. Гидробиологиялык изилдѳѳ-лѳр үчүн бѳлмѳ (микрофлорага бай суу булактарындагы) | - | - | 8 | 12 | 15 |
|
6. Идиштерди жана реактив-дерди сактоо үчүн орун жай | 10 | 10 | 10 | 15 | 20 |
|
7. Лаборатория башчысынын кабинети | - | - | 8 | 10 | 12 |
|
8. Жергиликтүү башкаруу пункту | Диспетчерлештирүү жана автоматташтыруу долбоору боюнча дайындалат |
| ||||
9. Дежур персонал үчүн бѳлмѳ | 8 | 10 | 15 | 20 | 25 |
|
10. Кѳзѳмѳлдѳѳ лабораториясы | - | 10 | 10 | 15 | 15 |
|
11. Станциянын начальнигинин кабинети | 6 | 6 | 15 | 15 | 25 |
|
12. Чакан жабдууларды жана приборлорду учурдагы оңдоо үчүн мастерская | 10 | 10 | 15 | 20 | 25 |
|
Кийим бѳлмѳсү, душ жана санитардык-техникалык түйүн | КР 31-06:2001 «Административдик жана тиричи-ликтик имараттар» КЧжЭ боюнча |
| ||||
Эскертүүлѳр 1 Лабораторияларды жана кѳмѳкчү орун жайларды таблицада кѳрсѳтүлгѳн имарат-тардын курулуштук чечилиштеринен кѳз карандылыкта 15%га чейин ѳзгѳртүүгѳ жол берилет. 2 Суунун сапатын борборлоштуруп кѳзѳмѳлдѳѳдѳ лабораториялардын жана кѳмѳк-чү орун жайлардын курамы санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жаатындагы ыйга-рым укуктуу органдар менен макулдашылып азайтылышы ыктымал. 3 Жер астындагы сууну керектѳѳчүлѳргѳ хлордо зыянсыздандырылуу менен колдонууга даярдоосуз берүүдѳ калдык хлорду сактап-күтүүгѳ карата талдоону жүр-гүзүү үчүн аянты 6 м2 аянты менен орун жайдын гана алдын алып каралганы туура. 4 Ѳндүрүмдүүлүгү суткасына 300000 м3дан ашык станциялар үчүн орун жайлардын курамы жергиликтүү шарттардан кѳз карандылыкта ар бир учурга деп ѳзүнчѳ аныкталганы ылайык. |
| |||||
2.6.9 Реагенттердин жана чыпкалуучу материалдардын кампалары
Реагенттердин кампалары реагенттердин максималдуу керектелүүсүнүн мезгил-убактысын эсептеп, 30 суткалык запасын, бирок алардын бир жолку жеткирилүүсүнүн аз эмес кѳлѳмдѳ карап сактоого эсепт кылынганы ылайык.
Эскертүүлѳр
1 Кампалардын кѳлѳмүн негиздѳѳдѳ башка сактоо мѳѳнѳтүнѳ, бирок 15 суткадан кем эмес деп кабыл алууга жол берилет. Борбордук (базистик) кампалар болгонунда сууну колдонууга даярдоо станцияларындагы кампалардын кѳлѳмү 7 суткадан кем эмес сактоо мѳѳнѳтүн кабыл алууга жол берет.
2 Бир жолку жеткирүүнү кабыл алуу шарттары хлор кампаларына жайылтылбайт.
3 Бул бѳлүмдүн талаптары базистик кампаларды долбоорлоого жайылтылбайт.
Кампаны реагенттин түрүнѳн кѳз карандылыкта топтоштурулган эритинди түрүндѳ кургак же нымдуу сактоого деп долбоорлогон ылайык. Бир жолку жеткирүү кѳлѳмүндѳ ным абалында сакталып 30 суткалык колдонулуусунан ашып кеткен реагенттерге реагенттин бѳлүгүн кургак абалында сактоо үчүн кошумча кампаны түзүүгѳ жол берилет.
Реагентти кургак сактоо жабык кампаларда жүргүзүлгѳнү карап кѳрүлүшү керек.
Коагулянтты сактоо үчүн кампанын аянтын аныктоодо катмардын бийикти-гин 2 м, акиташтыкын 1,5 м деп кабылдаган ылайык, механикалаштырылып түшүрүүдѳ катмардын бийиктиги жогорулатылышы ыктмал: коагулянттыкы 3,5 метрге чейин, акиташтыкы 3,5 метрге чейин.
Завод-жеткирүүчү тарабынан идиштерде келтирилген реагенттердин идиштерде сакталуусу алдын алып каралышы керек.
Хлордуу темир жана натрийдин силикаты менен идиштерди ачылган, полиакриламидди тоңунан эритилген абалында 6 айдан ашык сактоого жол берилбейт.
Коагулянтты ным абалында эритинди бактарда алардан топтоштурулган эритиндини (15–20%) алуу менен сактоодо бактардын конструкциясынан жана реагенттин эритиндисинин бекемдигинен кѳз карандылыкта бактардын кѳлѳмүн 1 тонна товардык тазаланбаган коагулянтка 2,2–2,5м3 эсептелишинен чыгып аныктоо керек.
Эритинди куюлчу бактардын жалпы сыйымдуулугу реагенттин бир жолку жеткирилүү кѳлѳмү менен байланыштырылышы керек.
Эритинди куюлчу бактардын саны үч тѳн кем эмес болушу керек.
Коагулянтты анын бир жолку жеткирилгенинен ашырып бир айлык керектѳѳдѳ реагенттин бѳлүгү реагенттин топтоштурулган эритиндисинин бак-сактагычтарында сакталуусу керек, алардын кѳлѳмү товардык коагулянттын 1 тоннасына 1,5–1,7м3 эсептелишинен аныкталышы керек.
Эритиндилик бактарды жана сактоо бактарын имараттан тышкарыда жайгаштырууга жол берилет. Ушунда бактардын капталдарынын абалына кѳзѳмѳл камсыз кылынышы керек жана эритиндинин кыртышка сиңип кетүүсүн жокко чыгаруучу иш-чаралар алдын алып каралышы зарыл.
Сактоо бактарынын саны үчтѳн кем болбошу керек.
Кесек акиташты пайдаланууда анын ѳчүрүлүүсүн жана 35–40% топтолуштагы камыр түрүндѳ идиштерде сакталышы алдын алып каралганы ылайык.
Идиштердин кѳлѳмүн товардык акиташтын 1 тоннасына 3,5–5 м3 эсептелишинен чыгып аныктоо керек.
Ѳчүрүү үчүн идиштерди обочолонтулган орун жайларда жайгаштыруу керек.
Акиташты андан ары карай майдалап жана акиташ ѳчүрүүчү аппараттарда ѳчүрүп, кургак сактоого жол берилет.
Акиташ камырын же сүтүн борборлоштуруп жеткирүү мүмкүндүгүндѳ аларды ным абалында сактоо алдын алып каралганы ылайык.
Жигердүү кѳмүр кампасын ѳзүнчѳ турган орун жайга жайгаштыруу зарыл.
Кампанын орун жайына карата жарылуу коопсуздугунун талаптары коюлбайт, ѳрт коркунучу боюнча аны В категориясына киргизүү керек.
Катиониттин жана аниониттин запасын сактоо үчүн орун жайды эки катиониттик чыпкаларды: бир аниониттик чыпканы алсыз негизи менен жана колдонулганында бир күчтүү негиздеги анионит менен жүктѳѳнүн кѳлѳмүнѳ эсеп кылуу керек.
Реагенттерди (хлор жана аммиактан тышкары) сактоо үчүн кампаларды алардын эритиндилерин жана суспензияларын даярдоо үчүн орун жайларга жакын жайгаштыруу керек.
Хлордун чыгымдалуучу кампасынын сыйымдуулугу 100 тоннадан, бир толук обочолонгон бѳлүгү 50 тоннадан ашпашы керек.
Кампанын же анын бѳлүгүнүн имараттын же орун жайдын карама-каршы тараптарынан эки чыгуусу болгону зарыл.
Кампаны жер үстүндѳгү же жарым чѳгѳрүлгѳн (эки тепкич орнотулуу менен) имараттарда жайгаштырган ылайык.
Хлордун баллондордо же контейнерлерде сакталышы алдын алып каралганы ылайык.
Хлорду 1 тоннадан ашык суткалык чыгымдоодо заводдук даярдалыштагы сыйымдуулугу 50 тоннага чейинки суюктук куюлчу идиштерди (резервуарларды) колдонууга жол берилет, ушунда станциядагы хлорду баллондорго же контейнерлерге куюштурууга тыюу салынат.
Кампада реагенттерди стационардык эмес идиште (контейнерлер, баллондор) ташып жеткирүү үчүн түзүлүш алдын алып каралганы ылайык.
Кампанын орун жайына автомобиль транспортунун кирүүсүнѳ жол берилбейт.
Бош идиштерди кампанын орун жайында сактаган ылайык.
Хлору менен идиштер текчелерде же алкактарда жайгаштырылып, ташып жеткирүү маалында арканга бекитилип жана кармалып турушу үчүн эркин болушу керек.
Хлор кампасынын орун жайында авариялык абалдагы контейнерлерди жана баллондорду тез чѳгѳрүп жиберүү үчүн нейтралдык эритиндиси менен идиштин болушу алдын алып каралганы ылайык. Идиштин капталынан баллонго чейинки аралык 200 миллиметрден, контейнерге чейин 500 миллиметрден кем болбошу керек, тереңдиги авариялык идиштин эритиндинин 300 миллиметрден кем эмес катмары менен жабылуусун камсыз кылышы керек.
Идиштин түбүндѳ идишти бекем тиреп туруучу тирѳѳчтѳр алдын алып каралышы зарыл.
Илинип турчу контейнерлерди же баллондорду орнотуу үчүн аларды жылдырбай кармап турууга деп тирѳѳчтѳрдүн алдын алып каралганы ылайык.
Эскертүү – Суюктук куюлчу идиштерди колдонуу менен хлордун чыгымдалуу кампаларын долбоорлоого бул ченемдер жайылтылбайт.
Тамак-аш тузу үчүн нымдуу сактоо кампаларын пайдаланган ылайык. Бактардын кѳлѳмүн 1 т тузга 1,5м3 эсебинен аныктоо зарыл.
Кургак сактоо кампаларын колдонууга жол берилет, мында туздун катмары 2 метрден ашпоосу керек.
Станцияларды желдетүүчү чыпкалык материалдар жана шагыл менен жабдуу камсыз кылынбаган учуурда сактоо, майдалоо, сорттоштуруу, жууп-тазалоо жана чыпкаларды акырына жеткирип жүктѳѳ үчүн зарыл материалдарды ташып жеткирүүдѳ атайын чарбанын болушу алдын алып каралганы ылайык.
Чыпкалоочу материалдарды сактоо жана жабдууну тандап алуу үчүн идиштердин эсептелиши жыл сайын 10%га толукталуунун жана да чыпкалоочу жүктѳлүштү жана кошумча авариялык запасты алардын саны станцияда 20га чейин болгонунда бир чыпканын, ѳтѳ кѳп болгонунда экѳѳсүнүн кайталап жүктѳлүшүнѳ алмаштыруунун эсебинен жүргүзүлгѳнү ылайык.
Чыпкалоочу материалдарды ташып жеткирүү гидротранспорт менен (суу же кум насостору менен) делип кабылданганы туура.
Пульпаны (суу менен топурактын аралашмасын) ташып жеткирүү үчүн ѳткѳргүч түтүгүнүн диаметрин пульпанын кыймылынын ылдамдыгы 1,5–2 м/сек экени эсебинен аныктоо керек, бирок 50 миллиметрден кем эмес болуп кабылданышы керек; ѳткѳргүч түтүктүн бурулуштары ѳткѳргүч түтүктүн 8–10 диаметринен кем эмес радиусу менен алдын алып каралганы ылайык.
Кампаларда жана станциялардын ичинде жүктү түшүрүү жумуштары жана реагенттерди ташып жеткирүү механизациялаштырылган болушу керек.
2.6.10 Сууну колдонууга даярдоо станцияларында курулмалардын бийик жайгаштырылуусу
Курулмаларда, бириктирүүчү коммуникацияларда жана ѳлчѳѳчү механизмдерде күчтѳп түртүлүүнүн жоготууларын эсепке алуу менен түзүлүштѳрдү жердин табигый жантаюусу боюнча жайгаштырган ылайык (КЭ 248.1325800).
Курулмалардагы жана бириктирүүчү коммуникациялардагы суунун деңгээлдеринин ѳзгѳрүүлѳрүнүн чоңдугу эсептѳѳлѳр менен аныкталууга тийиш.
Курулмаларды алдын алып жайгаштыруу үчүн күчтѳп түртүлүүнүн жоготууларын тѳмѳндѳгүдѳгүчѳ кабылдоого жол берилет, м:
курулмаларда:
- тор чыпкаларында – 0,4–0,6;
- кирүү (контакттык) камераларында – 0,3–0,5;
- реагенттерди киргизүү механизмдеринде – 0,1–0,3;
- гидравликалык ооштуруучу крандарда – 0,5–0,6;
- механикалык ооштуруучу крандарда – 0,1–0,2;
- гидравликалык кѳбүк түзүлүү камераларында – 0,4–0,5;
- механикалык кѳбүк түзүлүү камераларында – 0,1–0,2;
- чѳкмѳ тундургучтарда – 0,7–0,8;
- салмактанылган тунмасы менен киргилтигинен арылтуучуларда – 0,7–0,8;
- ыкчам чыпкаларла – 3–3,5;
- контакттык киргилттигинен арылтуучуларда жана адепки чыпкаларда – 2–2,5;
- УФ- оору жуктуруучу микроорганиздерден арылтуу түзүлүштѳрүндѳ – 0,5–0,8;
бириктирүүчү коммуникацияларда:
- торчолуу барабан чыпкаларынан же агып кирүү камераларынан ооштуруучу крандарга– 0,2;
- ооштуруучу крандардан чѳкмѳ тундургучтарга, салмактанылган тунмасы менен киргилттигининен арылтуучуларга жана контакттык киргилттигинен арылтуучуларга – 0,3–0,4;
- чѳкмѳ тундургучтардан, салмактанылган тунмалары менен киргилттигинен арылтуучулардан же адепки чыпкалардан чыпкаларга – 0,5–0,6;
- чыпкалардан же контакттык киргилттигинен арылтуучулардан чыпкалоочу суунун суюктук куюлчу идиштерине – 0,5–1,4.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларында айрым түзүлүштѳрдү ѳчүрүү, ошондой эле кыйроо маалында түзүлүштү жандай ѳтүп суунун берилишин камсыздоочу айланма коммуникациялар алдын алып каралышы зарыл.
Станциялардын суткасына 100000 м3 ѳндүрүидүүлүгүндѳ айланма коммуникациялардын алдын алып каралбашына жол берилет.
Биринчи алкактын санитардык коргоо аймактары менен сууну колдонууга даярдоо станцияларынын аянтчалары үчүн аймактын бүткүл территориясына 2 м бийиктиктеги жылчыксыз тосмонун кабылданганы ылайык.
Бийиктиги 1,7 м тор панелдеринен жана 0,3 м тикенек зымдан же темир тордон турган тосмонун алдын алып каралышына жол берилет, мында бардык учурларда тосмонун ички тарабындагы кронштейндерде 4–5 катар тикенек зымдын болушу алдын алып каралышы керек.
Ѳтмѳктѳрдѳн жана административдик-тиричиликтик имараттардан тышкары курулуштардын тосмого ыктай жайгашуусуна жол берилбейт.
2.7 Насостук станциялар. Машиналык жабдуулар
Сууну берүүнүн камсыз кылынуу даражасы боюнча насостук станцияларды 2.4.4. пунктуна ылайык кабыл алынган үч категорияга бѳлүштүрүү керек.
Насостук станциялардын категориясын суу менен камсыздоонун жалпы системасында функционалдык дайындалышынан кѳз карандылыкта аныктап алган ылайык.
Эскертүүлѳр
1 Ѳрткѳ каршы насостук станциялардын жана бириктирилген ѳрткѳ каршы суу түтүктѳрү объектилеринин категориялуулугун аныктоодо ѳрттѳн коргонуу боюнча Кыргыз Республикасынын территориясында аракеттенүүчү ЧТДнын талаптарын эске алуу керек.
2 Бир ѳткѳргүч түтүк аркылуу, ошондой эле сугарууга же сугатка сууну берүүчү насостук станцияларды III категорияга киргизген ылайык.
3 Насостук станциянын аныкталган категориясы үчүн электр орнотууларын куруунун эрежелери боюнча электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүнүн ушундай эле категориясы кабыл алынганы ылайык.
Насостордун тибин жана жумушчу агрегаттардын санын тандоону насостордун, негизги суу түтүктѳрүнүн, тарамдардын, жѳнгѳ салуучу идиштердин, сууну керектѳѳнүн суткалык жана сааттык графиктеринин, ѳрттү ѳчүрүүнүн шарттарынын, объектти ишке киргизүүнүн кезектүүлүгүнүн биргелешкен ишинин эсептелиштеринин негизинде жүргүзүү керек.
Агрегаттардын тибин тандоодо жѳнгѳ салуучу идиштерди, жүгүртүүлѳрдүн санын автоматтык жѳнгѳ салууну колдонуунун, насостордун санын жана тибин ѳзгѳртүүнүн, жумушчу дѳңгѳлѳктѳрүн эсептик мѳѳнѳтү ичинде алардын иштѳѳ шарттарынын ѳзгѳртүлүүсүнѳ ылайык алып салуунун же алмаштыруунун эсебинен бардык иштѳѳ тартиптеринде насос аркылуу ѳнүктүрүлүүчү ашыкча күчтѳп түртүлүүлѳрдүн минималдуу чоңдугу камсыз кылынганы ылайык.
Суу менен камсыздоо системаларынын насостук станциялары үчүн, насостордун иштешин жѳнгѳ салуу үчүн жыштыктык ѳзгѳртүп түзүүчүлѳр колдонулушу керек. Айыл жеринин суу түтүктѳрү үчүн жыштыктык ѳзгѳртүп түзүүчүлѳрү менен насостордун колдонулушу негизделген болушу керек.
Эскертүүлѳр
1 Машина залдарында ар башка дайындалыштагы насостордун топтомун орнотууга жол берилет.
2 Чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына деп суу берүүчү насостук станцияларда жыттанган жана уулуу суюктуктарды сордуруучу насосторду, ѳрт ѳчүрүү системасына кѳбүк түзүүчүнүн эритиндисин берүүчү насостордон тышкары, орнотууга тыюу салынат.
3 Чѳгѳрүлгѳн насостук станциялар үчүн кыйроого учураганында чѳктүрүлүү мүмкүндүгү менен герметикалуу моноблоктук насостордун (чѳгѳрүлүү тибиндеги) орнотулганы ылайык.
4 Насостук станцияларда суунун эсебин алуу приборлорунун орнотулушу милдеттүү.
Сууну бир ошол эле тармакка же негизги суу түтүктѳрүнѳ берүүчү, бир дайындалыштагы насостор тобу үчүн резервдик агрегаттардын санын 24-таблицага ылайык кабылдоо керек.
Чѳгѳрүлгѳн насостук станциялардын ѳѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн келечекте насосторду чоңуна алмаштыруу жана кошумча насосторду орнотуу үчүн резервдик фундаменттерди түзүү мүмкүндүгү карап кѳрүлгѳнү ылайык.
Энергия менен камсыздоонун туруктуу булактарына кошумча катары негизделгенинде резервдик (автономдук) энергия менен камсыздоону орнотууга жол берилет. Резервдик энергия менен камсыздоо эсебинде автономдык булактарды (дизелдик жана газотурбиндик электростанциялар, насосторго түздѳн-түз бириктирилүүчү ичтен күйүү кыймылдаткычтары ж.б.) карап кѳрүүгѳ жол берилет.
Бул булактардын кубаттуулугу насостук станциялардын номиналдык ѳндүрүмдүүлүгүн суу менен камсыздоо системасынын кабыл алынган категориясына ылайык же минимум катары кыйла кубаттуу агрегаттын жумушун камсыздоосу керек.
24- таблица – Ар башка категориялар үчүн насостук станциялардагы резервдик агрегаттардын саны
Бир топтун жумушчу агрегаттарынын саны | Категориялар үчүн насостук станциядагы резервдик агрегаттардын саны |
| ||
1 | 2 | 3 | 4 | |
6га чейин | 2 | 1 | 1 |
|
6дан чоң, 9га чейин | 2 | 1 | – |
|
9дан чоң | 2 | 2 | – |
|
Эскертүүлѳр 1 Жумушчу агрегаттардын санына ѳрткѳ делинген насостор кошулат. 2 Ѳрткѳ делингенден тышкары бир топтун жумушчу агрегаттарынын саны экиден кем эмес болушу керек. II жана III категориядагы насостук станцияларда негизделгенинде бир жумушчу агрегаттын орнотулушуна жол берилет. 3 Ар башка мүнѳздѳмѳлѳрү менен насосторду топтун бирѳѳсүндѳ орноткондо резервдик агрегаттардын санын чоң ѳндүрүмдүүлүктѳгү насостор үчүн ушул таблица боюнча кабылдаган ылайык, ал эми аз ѳндүрүмдүүлүктѳгү резервдик насосту кампада сактоо керек. 4 Жашоочуларынын саны 5 миң адамга чейин калктуу конуштардын суу түтүктѳрүнүн насостук станцияларында электр менен камсыздоонун бир булагы болгонунда ичтен күйүү кыймылдаткычы жана автоматтык коё берүүсү (аккумуляторлордон) менен резервдик ѳрткѳ делинген насос орнотулганы ылайык. 5 II категориядагы насостук станцияларда жумушчу агрегаттардын саны он жана андан кѳп болгонунда бир резервдик агрегатты кампада сактоого жол берилет. |
| |||
Насостордун огунун белгиси, эреже катары, насостордун корпусун булуңдун астына орнотуу шарттарынан аныкталышы керек 2):
– суу топтогучтан сууну алууда – бир ѳрт маалындагы суунун кол тийгис ѳрттүк запасынын (КѲЗ) жогорку деңгээлинен (түбүнѳн аныкталуучу);
– КѲЗнын орточо деңгээлинен – эки же андан кѳп ѳрт чыккан учурда;
– ѳрттүк жана авариялык суу кѳлѳмдѳрү болбогонунда авариялык кѳлѳм деңгээлинен;
– ѳрттүк жана авариялык суу кѳлѳмдѳрү болбогонунда суунун орточо деңгээлинен;
– суу алынуучу скважинада – максималдуу суу алуудагы жер астындагы суулардын динамикалык деңгээлинен;
– суу агымында же кѳлмѳдѳ – суу алуунун категориясынан кѳз карандылыкта алардагы суунун минималдуу деңгээлинен.
Эскертүү – II (сууну ѳрт ѳчүрүүгѳ берүүчүлѳрдѳн тышкары) жана III категориялардагы насостук станцияларда насосторду булуңдун астынан тышкарыда орнотууга жол берилет, ушунда боштук-насостордун жана боштук-казандардын алдын алып каралганы ылайык.
Чѳгѳрүлгѳн насостук станциялардын машина залдарынын полунун белгисин «Насостук станциялар» бѳлүмүнүн абзацында 1) келтирилген ченемдерин эсепке алуу менен чоң ѳндүрүмдүүлүктѳгү жана ѳлчѳмдѳрдѳгү насосторду орнотуудан чыгып аныктоо керек.
III категориядагы насостук станцияларда соруучу ѳткѳргүч түтүккѳ диаметри 200 миллиметрге чейин кабыл алуучу клапандарды орнотууга жол берилет.
Насостук станцияга карата соруучу линииялардын саны ѳрт ѳчүргүчтѳрдүкүн кошуп алганда орнотулган насостордун санынан жана тобунан кѳз карандысыздыкта экиден кем болбошу керек.
Бир линия ѳчүрүлгѳнүндѳ калгандары I жана II категориядагы насостук станциялар үчүн толук эсептик чыгымдалыштын коё берилишине жана III категория үчүн 70% эсептик чыгымдоого деп эсептелиши керек.
III категориядагы насостук станциялар үчүн бир соруучу линиянын орнотулушуна жол берилет.
I жана II категориялардагы насостук станциялардан күчтѳп түртүлүү линияларынын саны экиден кем болбошу керек. III категориядагы насостук станциялар үчүн бир күчтѳп түртүлүү линиясынын орнотулушуна жол берилет.
Ѳткѳргүч түтүктүк байлаштыргычты жана да соруучу жана күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүктѳрүндѳ бекитүүчү арматураны жайгаштырууну тѳмѳндѳгүдѳй мүмкүнчүлүк камсыз кылышы керек:
– насостордун кайсынысы болбосун ѳчүрүлгѳнүндѳ соруучу линиялардын каалаган бирѳѳсүнѳн суу алуу;
– насостордун, артка кайтаруучу клапандардын жана негизги бүтѳѳчү арматуранын кайсы бирин алмаштыруу же оңдоп-түзѳѳ, ошондой эле насостордун суунун берилишин камсыздоо боюнча «Насостук станциялар» бѳлүмүнүн абзацында 2) келтирилген ченемдеринин талаптарын бузуусуз мүнѳздѳмѳлѳрүн текшерүүлѳр;
– соруучу линиялардын бири ѳчүрүлгѳндѳ насостордун ар биринен күчтѳп түртүлүү линияларынын ар бирине сууну берүү.
Ар бир насостун күчтѳп түртүлүү линиясы бүтѳѳчү арматура жана да, эреже катары, насостун жана бүтѳѳчү арматуранын ортосунда орнотулуучу артка кайтаруучу клапан менен жабдылышы керек.
Насосту токтотууда гидравликалык соккунун болуш мүмкүндүгү келип чыкканында, артка кайтаруучу клапандар алардын ылдам жабылуусуна («тарс жабылууга») жол бербѳѳчү түзүлүшкѳ ээлик кылышы керек.
Монтаждык кыстырмаларды орнотууда аларды бүтѳѳчү арматура жана артка кайтаруучу клапандын ортосуна жайгаштыруу керек.
Ар бир насостун соруучу линияларында бүтѳѳчү арматураны булуң астына жайгаштырылган же жалпы соруучу коллекторго бириктирилген насостордун жанына орноткон ылайык.
Түтүктѳрдүн, фасондук бѳлүктѳрдүн жана арматуралардын диаметрин суунун кыймылынын 25-таблицада кѳрсѳтүлгѳн чектериндеги ылдамдыктарынан чыгып, техникалык-экономикалык эсептелиштин негизинде кабыл алуу керек.
25- таблица – Соруучу жана күчтѳп түртүлүү линияларындагы суунун кыймылынын сунушталган ылдамдыктары
Түтүктѳрдүн диаметрлери, мм | Насостук станциялардын ѳткѳргүч түтүктѳрүндѳгү суунун кыймылынын ылдамдыктары, м/сек |
| |
250гѳ чейин | 0,6–1,0 | 0,8–2,0 | |
250дѳн жогору 800гѳ чейин | 0,8–1,5 | 1,0–3,0 |
|
800дѳн жогору | 1,2–2,0 | 1,5–4,0 |
|
Насостук станциянын машина залынын ѳлчѳмдѳрү 3.1 бѳлүмүнүн 3-главасынын талаптарын эсепке алуу менен аныкталганы ылайык.
Станциянын кѳлѳмүн кичирейтүү үчүн планда валдын оң жана сол айлануусу менен насосторду орнотууга жол берилет, ушунда жумушчу дѳңгѳлѳк бир гана багытта айлануусу керек.
Бүтѳѳчү арматурасы менен соруучу жана күчтѳп түртүлүү тарамдарын насостук станциянын имаратында жайгаштырган ылайык.
Насостук станциялардагы ѳткѳргүч түтүктѳрдү, ошондой эле машина залынан тышкарыдагы соруучу линияларды, эреже катары, арматурага жана насосторго бириктирүү үчүн ширетүүдѳ фланецтерди колдонуу менен болот түтүктѳрдѳн жасалышы керек.
Ушунда түтүктѳрдүн насосторго жѳлѳнүүсүн жана да насостордун жана ѳткѳргүч түтүктѳрдүн түйүндѳрүнүн дирилдѳѳсүнүн бири-бирине ѳтүүсүн болтурбоону камсыздоочу алардын бекемделиши алдын алып каралганы зарыл.
Станциялардын кабылдоочу идиштеринин конструкциялары жана ѳлчѳмдѳрү алып ѳтүлүүчү суюктуктун агымында атырылып кѳбүктѳнүүнүн (турбуленттүүлүктүн) келип чыгуу шарттарын болтурбоону камсыздоога тийиш.
Бул соруучу патрубканы (негизги суу түтүгүнѳн сууну бѳлүп алуучу түтүк кесиндиси) суюктуктун минималдуу деңгээлине салыштырмалуу анын эки диаметрине, бирок насосту ѳндүрүүчү тарабынан белгиленүүчү талап кылынган кавитациондук запастын (бул насостун соруусундагы кавитациянын пайда болуусуна чейин суюлуу метрлерде ѳлчѳнѳт жана бийиктигин (тереңдигин) аныктайт, мындан насос суюктукту ѳткѳргүч түтүктүн соруу участкасында кѳтѳрѳ алат (суу үчүн бул периметр 8 метрден кѳп эмести түзѳт)) чоңдугунан кѳп эмеске чѳгѳрүү, ошондой эле соруучу патрубканын створунан (створ – суунун деңгээлинин жогорулоосун камсыздоочу жана анын күчтѳп түртүлүүсүн ѳзүнѳ кабылдоочу түзүлүш) суюктуктун киргизилишине чейин, темир торлорго, электерге ж.б. чейин патрубканын беш диаметриенен кем эмеси менен камсыз кылынышы ыктымал.
Ар бир агрегаттын секундасына 315 л берүүсү менен насостор тобунун катарлаш кеткен жумушунда насостор ортосундагы агымды багыттоочу капталдардын болуусу кѳңүлгѳ алынат.
Соруучу ѳткѳргүч түтүктүн диаметри, эреже катары, насостун соруучу патрубкасынан чоң.
Горизонталдуу жайгаштырылган соруучу ѳткѳргүч түтүктѳр үчүн ѳтмѳктѳр аларда аба талаалары түзүлбѳшү үчүн түз үстүнкү бѳлүгү менен эксцентрдүү болуусу керек.
Соруучу ѳткѳргүч түтүк насоско карата 0,005тен кем эмес үзгүлтүксүз кѳтѳрүлүүдѳ болушу керек.
Насостун соруучу патрубкасынан жакынкы фитингге (буруу түтүктѳрү, арматуралар жана д.б.) чейин аралык түтүктүн беш диаметринен кем эмес болушу керек.
Чѳгѳрүлгѳн жана жарым чѳгѳрүлгѳн насостук станцияларда машина залынын чектериндеги ѳндүрүмдүүлүгү боюнча эң бир ири насосто, ошондой эле бүтѳѳчү арматурада же ѳткѳргүч түтүктѳ кыйроо болгонунда агрегаттарды мүмкүн болчу суу каптоосуна каршы иш-чаралар тѳмѳндѳгү жолдор аркылуу алдын алып каралышы зарыл:
– насостордун электр кыймылдаткычтарын машина залынын полунан 0,5 метрден кем эмес бийиктикте жайгаштыруу;
– клапанды же ачып-жапкычты орнотуу менен суунун авариялык ѳлчѳмүнүн канализацияга же болбосо жердин үстүнкү бетине ѳзү агып чыгуусу;
– сууну суу чогулчу чуңкурдан ѳндүрүштүк дайындалыштагы негизги насостор менен сордуруу.
Авариялык насосторду орнотуу зарылдыгында алардын ѳндүрүмдүүлүгүн сууну машина залынан 0,5 м катмарында жана 2 сааттан кѳбүрѳѳккѳ сордуруу жана бир резервдик агрегаттын алдын алып каралышы шартынан чыгып аныктаган ылайык.
Эскертүү – Машина залында «кургак» аткарылыштагы чѳмүлүү (герметикалык) насосторун орнотууда фундаментти полдун үстүнѳн кѳтѳрүү бийиктиги шарты милдеттүү түрдѳ эмес.
Машина залындагы полдор жана каналдар суу чогулчу чуңкурга карата жантаюусу менен алдын алып каралганы ылайык.
Насостун фундаменттерде капталдык дубалдар, суунун агып чыгуу кобулдары жана сууну буруу үчүн түтүктѳр алдын алып каралышы керек.
Суу чогулуучу чуңкурдан сууну ѳзү агып чыгуусу менен бурууга мүмкүн болбогонунда дренаждык насосторду карап кѳрүү керек.
Автоматтык тартипте иштѳѳчү чѳгѳрүлгѳн насостук станцияларда машина залы 20 метрге жана андан кѳбүрѳѳккѳ чѳгѳрүлгѳнүндѳ, ошондой эле туруктуу персоналы менен насостук станцияларда 15 метрден кѳбүрѳѳк тереңдетип чѳгѳрүлгѳнүндѳ жүргүнчү лифт түзүлүшүнүн алдын алып каралганы ылайык (МАМСТ Р 58053-2018).
Насостук станцияда анын автоматташтырылуу даражасынан кѳз карандысыздыкта санитардык түйүн (унитаз жана раковина), иштѳѳчү персоналдын (нѳѳмѳттүк оңдоп-түзѳѳ бригадасынын) кийимдерин сактоо үчүн орун жана чакан шкаф алдын алып каралышы керек.
Насостук станция санитардык-тиричиликтик орун жайы бар ѳндүрүштүк имараттан 30 метрден кѳп эмес аралыкта жайгашканында, санитардык түйүндүн каралбашына жол берилет.
Суу алуу скважиналарынын үстүндѳгү насостук станцияларда санитардык түйүндүн алдын алып каралбаганы ылайык.
Калктуу конуштан же объекттен тышкары жайгашкан насостук станциялар үчүн шилеп чыгаргычты орнотууга жол берилет.
Ѳзүнчѳ жайгашкан насостук станцияда майда оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн верстакты орнотуу алдын алып каралышы зарыл.
Ичтен күйүү кыймылдаткычы менен насостук станцияларда суюк күйүүчү май менен (бензинди 250 литрге, дизель күйүүчү майды 500 литрге чейин) чыгымдоочу идиштерди отко туруктуулугу 2 сааттан кем эмес чегиндеги күйбѳѳчү түзүлүштѳрү менен машина залынан бѳлүнгѳн орун жайларда жайгаштырууга жол берилет.
10.22. Насостук станцияларда 14-бѳлүмдүн ченемдерине ылайык кѳзѳмѳлдѳп-ѳлчѳѳчү аппаратуранын орнотулушу алдын алып каралышы керек.
Биринчи алкактын СКАсы (санитардык коргоо аймагы) менен насостук станциялардын аянтчалары үчүн мындай аймактардын бардык территориялары 2 м бийиктиктеги туюк тосмого алынганы ылайык. 1,7 м бийиктиктеги тосмону торлуу панелдерден жана 0,3 метрликти тикенек зымдан же металл торунан деп каралганга жол берилет, мында бардык учурларда тосмонун ички тарабынан кронштейндердегилери 4–5 катар тикенек зымдан турушу алдын алып каралышы керек.
Ѳтмѳктѳрдѳн жана административдик-тиричиликтик имараттардан тышкары курулуштардын тосмого ыктай жайгашуусуна жол берилбейт.
2.7.1 Насостордун катарлаш иштөөсү
Насостордун катарлаш иштөөсү деп жалпы күчтѳп түртүлүү коллекторуна суюктуктун бир нече насостордон бир убакта сордурулуп куюлуусу аталат. Бир нече бирдей же ар башка насостордун катарлаш иштѳѳ зарылдыгы суунун талап кылынган чыгымдалышын бир насостун бергени камсыз кылышы мүмкүн болбогон учурларда келип чыгат. Мындан тышкары, шаарда суунун керектелиши сутканын сааттары жана жыл мезгилдери боюнча бирдей эместиги себептүү насостук станциянын сууну беришин бир учурда иштѳѳчү насостордун саны менен жѳнгѳ салса болот. Борбордон тепчү насостордун биргелешкен ишин долбоорлоодо алардын мүнѳздѳмѳлѳрүн жакшы билип, насосторду ѳткѳргүч түтүктүн мүнѳздѳмѳсүн эсепке алып тандоо керек. Борбордон тепчү насостор ѳнүктүрүлүүчү күчтѳп түртүлүүнүн бирдейлиги шартында катарлаш иштей алышат. Андыктан катарлаш иштѳѳ үчүн күчтѳп түртүлүүлѳрү жана сууну берүүсү бирдей же анчалык айырмаланбаган бир типтеги насостордун тандалып алынганы ылайык. Мындай схемалар боюнча иштѳѳ тартибинин эсептелиши аналитикалык же графикалык ыкма менен жүргүзүлѳт. Насостук станцияларды долбоорлоо практикасында эң кѳп таралышты графикалык ыкма алып отурат.
Насостордун катарлаш иштѳѳсүндѳ тармакта «насостор-тармак» системасын компоновкалоонун (айрым элементтерден бүтүн нерсе түзүүнүн) тѳмѳндѳгүдѳй варианттары болушу ыктымал:
– системада бирдей мүнѳздѳмѳлѳрү менен бир нече насостор иштейт;
– системада ар башка мүнѳздѳмѳлѳрү менен бир нече насостор иштейт;
– насостор жалпы ѳткѳргүч түтүккѳ бири-бирине жакын аралыкта кошулган, б.а. насостон күчтѳп түртүлүүдѳгү негизги суу түтүктѳрүнѳ чейинки күчтѳп түртүлүүнүн жоготуулары бардык орнотулган насостор үчүн бирдей, же болбосо насостор бири-биринен жетиштүү чоң аралыкта жайгаштырылган деп эсептешет, б.а. насостон жалпы күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүгүнѳ чейинки күчтѳп түртүлүүнүн жоготууларынын айырмасын кѳңүлгѳ алуу зарыл.
Бирдей мүнѳздѳмѳлѳрү менен бир нече насостордун катарлаш иштөөсү. Бир нече катарлаш иштеген насостордун мүнѳздѳмѳлѳрүн түзүүдѳ жалпы күчтѳп түртүлүүчүлүк ѳткѳргүч түтүккѳ карата бирдей күчтѳп түртүлүүдѳгү насостордун сууну бериши чогуусу менен кѳңүлгѳ алынат.
Ар башка мүнѳздѳмѳлѳрү менен бир нече насостордун катарлаш штөөсү. Ар башкача мүнѳздѳмѳлѳрү менен насостордун катарлаш иштөөсү насос-тор тарабынан ѳнүктүрүлгѳн күчтѳп түртүлүүлѳр бирдей болгонунда мүмкүн.
2.7.2 Насостордун ырааттуу иштөөсү
Насостун бири сордурулган суюктукту башка бир насостун патрубогуна (негизги суу түтүгүнѳн сууну бѳлүп алуучу түтүк кесиндисине) бергени, ал эми патрубок аны күчтѳп түртүлүүчү негизги суу түтүгүнѳ ѳткѳргѳнү насостордун иштөөсүнүн ырааттуулугу деп аталат.
Насостук станцияларды долбоорлоо жана куруу шарттарында насостордун ырааттуу иштөөсү суюктук түтүктѳр аркылуу абдан чоң аралыкка же чоң бийиктикке берилген учурларда колдонулат.
2.7.3 Насостук агрегаттардын жайгашуусу жана насостук станциянын имараттарынын негизги ѳлчѳмдѳрүн аныктоо
Насостук станциянын имаратында насостук агрегаттарды жана ѳткѳргүч түтүктѳрдү жайгаштыруу негизги жана кѳмѳкчү жабдуунун иш-аракеттеринин ишенимдүүлүгүн, ошондой эле аны тейлѳѳнүн ыңгайлуулугун, жѳнѳкѳйлѳгѳн жана коопсуздугун камсыз кылышы керек. Жабдуу демейде ички станциялык коммуникациялардын минималдуу узундугунан чыгып жана станциянын келечекте кеңейтилүү мүмкүндүгүн эске алуу менен түзүлүп калыптанат.
Насостук станциянын имаратында агрегаттардын жайгашуу схемасы бүтүн жана толук түрдѳ негизги насостордун тиби, ѳлчѳмдѳрү жана саны, ошондой эле машина имаратынын формасы аркылуу аныкталат.
Тик бурчтуу формадагы машина имаратына орнотулган горизонталдык валы менен борбордон тепчү насосторго карата колдонууга ылайыктуу катары агрегаттарды жайгаштыруунун тѳмѳнкү негизги схемалары болушунча чоң жайылтылуу алды:
а) агрегаттардын станциянын узунунан кеткен огуна катарлаш бир катардык жайгашуусу;
б) агрегаттардын станциянын узунунан кеткен огуна перпендикулярдуу бир катардык жайгашуусу;
в) агрегаттардын станциянын узунунан кеткен огуна карата бурч астында бир катардык жайгашуусу;
г) агрегаттардын эки катардык жайгашуусу;
д) агрегаттардын шахматтык тартипте эки катардык жайгашуусу.
Агрегаттардын эки катардык жайгашуусунун схемасы ар кандай дайындалыштагы агрегаттардын чоң, демек ар башка ѳлчѳмдѳрдѳгү санында колдонулуш табат. Агрегаттарды ушундайча жайгаштырууда имараттын аралыгы кыйла артылат жана ѳткѳргүч түтүктѳрдүн коммуникациясы татаалдашат.
Вертикалдык борбордон тепчү насостор үчүн агрегаттардын станциянын имаратынын узатасынан кеткен огун жандай бир катар болуп жайгашуусу мүнѳздүү. Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүктѳрүндѳ арматуралардын чоң саны болгонунда имараттын жазылыгын аларды чогултулган коллекторго же тышкы күчтѳп түртүлүү негизги суу түтүктѳрүнѳ жантык бириктирүүнүн эсебинен бир канчага азайтса болот.
Октук насосторду алардын конструкциясынын ѳзгѳчѳлүгүнѳ жана агын бѳлүгүнүн чоң ѳлчѳмдѳрүнѳн улам валдын жайгашуусунан (горизонталдык, жантайыңкы же тигинен) кѳз карандысыздыкта, эреже катары, суу алуунун бет алдын жандай бир катар кылып орнотушат.
Ар кандай схемада насостук станциянын имаратындагы насостук агрегаттардын жайгашуусу алардын толук коопсуздугун жана тейлѳѳ ыңгайлуулугун, ошондой эле насосторду жана электр кыймылдаткычтарын монтаждоо жана бѳлүк-бѳлүккѳ ажыратуу мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек.
Агрегаттардын ортолорундагы ѳткѳѳл 1000 В чейин чыңалуусу менен электр кыймылдаткычтарын орнотууда 1 метрден кем эмес жана кѳбүрѳѳк жогорку чыңалуудагы электр кыймылдаткычтарын орнотууда 1,2 метрден кем эмес делип кабылданат.
Бардык учурларда жабдуунун кыймылсыз сырткарыга чыгып турган бѳлүктѳрүнүн ортосундагы аралык 0,7 метрден кем эмес болушу керек.
Насостук агрегаттардын фундаменттик плиталарынын узун тараптарынан дубалга чейинки аралык 1 метрден кем эмес болушу зарыл.
Жумушчу дѳңгѳлѳгү менен валы бар горизонталдык тегиздиктеги ажыратылгыс корпусу менен насостор демонтаждоодо насостун огу багыты боюнча дубалдан окчунураак же башка агрегаттардан насостун валынын узундугунан кем эмес, дагы 0,25 м кошуп (бирок 0,8 метрден аз эмес) орнотулганы ылайык. Ушундай эле аралык горизонталдык валы менен электр кыймылдаткычтарын демонтаждоонун ыңгайлуулугу үчүн сакталышы керек.
Агрегаттар жана электр бѳлүштүргүч калканычтын ортолорундагы ѳткѳѳл 2 метрден кем болбошу керек.
Чыңалуусу 1000 В чейин электр кыймылдаткычтары бар анча чоң эмес насостор менен жана диаметри 100 миллиметрге чейин күчтѳп түртүлүү патрубкасын кошуп жабдылган насостук станциялардын имараттарында агрегаттардын түздѳн-түз дубалга жакын орнотулушуна, ошондой эле эки агрегатты бир фундаментте ортолоруна ѳткѳѳл калтырбай, бирок алардын айлана-сынан жазылыгы 0,7 метрден кем эмес ѳткѳѳлү менен орнотууга жол берилет.
Сунушталган ѳлчѳмдѳрдѳн айрым (25–30%) азайтылууга жабдууларды шахталык типтеги машина имараттары менен чѳгѳрүлгѳн насостук станцияларда жайгаштырууда жол берилет.
Кѳмѳкчү насосторду (дренаждык, кургатуучу, боштук-насостор) адатта машина залынын бош орундарында имараттын ѳлчѳмү ѳсүп кетпегендей кылып жайгаштырышат. Мындай насостор үчүн ѳткѳѳл бир тарабынан гана калтырылышы ыктымал. Боштук-насостор ѳлчѳмү чакан жана иштѳѳсү мезгилдүү болгонунан улам жадесе машина залынын дубалында ‒ кронштейндерде орнотулушу мүмкүн.
Калканычтар жана башкаруу пульттары насостук агрегаттарга жана ачып-жапкычтарга, эреже катары, балкондордо же дубалдарга улай аянтчаларда ээлик кылышат.
Станциянын машина имаратынын ѳлчѳмдѳрү насостук агрегаттарды жайгаштыруу жана да имараттардын дубалдарынын жана жабдуулардын элементтеринин ортосундагы сунушталган аралыктарын эсепке алуу менен ички станциялык ѳткѳргүч түтүктѳрдүн компоновкаларынын схемаларын тандагандан кийин аныкталышат.
Мына ушундайча, машина имаратынын жазылыгы ѳткѳргүч түтүктѳрдүн участкаларынын, фасондук бѳлүктѳрдүн жана да насостун соруучу жана күчтѳп түртүлүүчүлүк линияларындагы арматуралардын узундуктарынын, ошондой эле насостун ѳзүнүн туурасынан кеткен ѳлчѳмүнүн кошундусу катары кѳрүнѳт. Ушунда тик бурчтуу машина имаратынын узундугу дубалдын тышкы терезелери жок жактары жана агрегаттардын ортосундагы ѳткѳѳлдѳр, агрегаттардын ѳздѳрүнүн узатасынан кеткен ѳлчѳмдѳрү жана алардын ортосундагы аралыктар менен аныкталат.
Вертикалдык насостор менен жабдылган насостук станциянын машина имаратынын ѳлчѳмдѳрүн аныктоодо насостук орун жайдын үстүндѳ электр кыймылдаткычтары залы орун аларын унутпоо керек, анын ѳлчѳмдѳрү кыймылдаткычтардын чоңдук кѳлѳмдѳрү жана алардын ортосундагы аралык, залдын полундагы люктардын жайгашуусу, электр жабдууларынын орун алышы жана крандардын чоңдук кѳлѳмдѳрү менен аныкталышат. Андыктан жер астындагы бѳлүгүнүн линейлик ѳлчѳмдѳрүн үстүнкү орун жайдын линейлик ѳлчѳмдѳрү менен чырмалыштыруу зарыл.
Ири насостук агрегаттар менен жабдылган насостук станциялардын имараттарында монтаждык аянтча деп аталгандар үчүн орун алын алып каралышы керек, анда насостор жана электр кыймылдаткычтары оңдолуп-түзѳтүлүшѳт. Монтаждык аянтчаны адатта имараттын дубалынын тышкы терезелери жок жагында жердин үстүнкү беттик деңгээлинде жайгаштырышат. Аянтчанын ѳлчѳмдѳрү насостордун, электромоторлордун жана транспорт каражаттарынын чоңдук кѳлѳмдѳрү, ошондой эле жүк кѳтѳрүүчү механизмдердин илгичтеринин имараттын капталдык жана тышкы туюк дубалдарына максималдуу жакындоо аралыгы менен аныкталышат. Монтаждык аянтчада орун алган жабдууларды жана транспорт каражаттарын айланта жазылыгы 0,7 метрден кем эмес ѳткѳѳл калтырылган болушу керек.
Насостук станциянын машина имаратынын бийиктиги жер астындагы бѳлүк менен үстүдѳгү курулуштун бийиктиктеринин кошундусу катары кѳрүнѳт.
Чѳгѳрүлгѳн типтеги насостук станциянын имаратынын жер астындагы бѳлүгүнүн бийиктиги башкысы насостун жумушчу дѳңгѳлѳгүнүн булактагы же суу кабылдоочу камерадагы суунун, ѳз кезегинде, соруп алуунун жол берилген геометриялык бийиктиги же талап кылынган тирѳѳч менен аныкталуучу минималдуу деңгээлине карата орун алуусунан кѳз каранды.
Чѳгѳрүлбѳгѳн типтеги насостук станциялардын имараттарындагы кѳтѳрүүчү механизмдер менен жабдылбаган үстүнкү курулуштун бийиктиги 3 метрден кем болбошу керек. Стационардык жүк кѳтѳрүүчү механизмдер менен жабдылган станциялардын имараттарында үстүнкү курулуштун бийиктигин эсептѳѳ аркылуу аныкташат.
Эгерде жүк (насос, электр кыймылдаткычы жана д.б.) насостук станциянын монтаждык аянтчасына түздѳн-түз жеткириле турган болсо, анда аны жүктѳѳ жана түшүрүү мүмкүн болушу үчүн үстүдѳгү курулуштун формула боюнча эсептелинген бийиктиги полдон жүк платформасына чейинки бийиктикке жогорулатылышы керек.
Насостук станциянын машина имаратынын биротоло такталган ѳлчѳмдѳрү демейки кандай болсо, так эле ошондой бийиктиги боюнча техникалык-экономикалык эсептѳѳлѳр менен аныкталат жана милдеттүү түрдѳ тийиштүү ченемдер менен алдын алып каралган ѳндүрүштүк орун жайлардын конструкцияларынын унифицирленген ѳлчѳмдѳрү менен чырмалышат.
2.8 Негизги суу түтүктѳрү, суу түтүктѳрү тарамдары жана алардагы курулмалар
2.8.1 Негизги суу түтүктѳрү
Суу түтүктѳрүнүн линияларынын санын суу менен камсыздоо системасынын суу берүү менен камсыз болгондук категориясын жана курулуштун кезектүүлүгүн эсепке алуу менен кабылдаган ылайык.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн диаметрлери түтүктѳрдүн жаңы гидравликалык параметрлери жана алардын сортаменти эсепке алынуу менен аныкталуусу керек.
Негизги суу түтүктѳрүн эки же андан кѳбүрѳѳк линия кылып курууда алардын жана жылуулукту сактоонун (теплоизоляция) ортосундагы ооштуруп кошуучу түзүлүштѳрдүн зарылдыгы ѳз алдынчалуу суу алуу түзүлүштѳрүнүн же керектѳѳчүгѳ сууну берүүчү негизги суу түтүктѳрү линияларынын санынан жана да ѳткѳргүч түтүктѳрдү долбоорлоонун жана куруунун тепкичтүүлүгүнүн кѳрсѳткүчүнѳн кѳз карандысыздыкта аныкталганы ылайык.
Ушунда бир негизги суу түтүгү же анын участкасы жаап токто-тулганында чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына деп объектиге жалпы суу берүүнү эсептик чыгымдалыштан 30%га, ѳндүрүштүк муктаждыктарга авариялык график боюнча, ѳрт ѳчүрүү муктаждыктарына ченемдик-техникалык документтердин (А тиркемеси) жана ѳрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылардын (Кыргыз Республикасынын «Ѳрт коопсуздугун камсыз кылуу жѳнүндѳ» мыйзамы) талаптарына ылайык тѳмѳндѳтүүгѳ жол берилет.
Негизги суу түтүктѳрүн бир линияда кылып курууда жана сууну бир булактан берүүдѳ негизги суу түтүгүндѳгү аварияны жоюу маалындагы ТСТ (таза суу топтогучтук) суунун болушу алдын алып каралышы керек. Бир нече булактардан сууну берүүдѳ суунун авариялык кѳлѳмү «Негзги суу түтүктѳрүнүн» абзацынын ченемдеринин талаптары аткарылган шартта азайтылуусу ыктымал.
Жолу бир керектѳѳчүлѳрдү бириктирүү үчүн коштоп баруучу линияларды түзүүгѳ магистралдык линиялардын жана негизги суу түтүктѳрүнүн диаметри 800 мм жана андан кѳбүрѳѳк жана да негизги чыгымдоодо кошунду чыгымдоо 80%дан аз эмес болгонунда, кичирээк диаметрлер үчүн негизделгенинде жол берилет.
Ѳткѳѳлдѳрдү жана бѳтѳнчѳ магистралдык кѳчѳлѳрдү ачык ыкмада негизги суу түтүктѳрүнүн кесип ѳтүүсүн максималдуу жокко чыгаруу керек. Артыкчылык ѳткѳргүч түтүктѳрдү траншеялык эмес алып ѳтүүгѳ калтырылганы зарыл.
Мындай учурларда ѳрттүк гидранттарды орнотууну Кыргыз Республикасынын территориясында аракеттенүүчү ѳрткѳ каршы коргонуу боюнча ченемдерге ылайык жүргүзүү керек.
Кѳчѳлѳрдүн жазылыгы кызыл линиялардын чектеринде 60 м жана кѳбүрѳѳк болгонунда ошондой эле кѳчѳнүн эки тарабы аркылуу суу түтүктѳрүнүн тармагын алып ѳтүү варианты да каралганы ылайык.
Негизги суу түтүктѳрүндѳ зарыл учурларда тѳмѳндѳгүлѳрдү орнотуу алдын алып каралышы керек:
– ремонттук участкаларды бѳлүп алуу үчүн буруучу жапкычтарды (ачып-жапкычтарды);
- ѳткѳргүч түтүктѳрдү бошотууда жана толтурууда абаны киргизүү жана чыгаруу үчүн клапандарды;
- абаны киргизүү жана кысып кармоо үчүн клапандарды;
- ѳткѳргүч түтүктѳрдүн иштѳѳ процессинде абаны чыгаруу үчүн вантуздарды (кир соргучтарды);
- копенсаторлорду;
- монтаждык кыстырмаларды;
- ремонттук участкаларды ишке киргизүү үчүн автоматтык иштѳѳдѳѳгү артка кайтаруучу клапандарды же дагы башка типтеги клапандарды;
- басымды жѳнгѳ салуучуларды;
- гидравликалык соккулар же басымды жѳнгѳ салуучулардын бузулган учурундагы басымдын жогорулашынын алдын алуу үчүн аппараттарды;
- суунун эсебин алуу приборлорун (суунун чыгымдалышын эсептегичтерди).
Диаметри 800 мм жана андан кѳбүрѳѳк ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ бошотуу камераларын жайгаштырууга же негизги суу түтүктѳрүн түтүктѳрдүн тибин кабылдоо үчүн басымды жол берилген чектен жогору кѳтѳрүлүүдѳн мүмкүн болчу бардык иш тартиптериде сактоочу аппаратураны орнотууга жол берилет.
Эскертүүлѳр
1 Буруучу жапкычтардын ордуна ачып-жапкычтарды колдонууга ѳткѳргүч түтүктѳрдүн ички бетин атайын агрегаттар менен системалуу тазалоо зарылдыгында жол берилет.
2 Опе6ративдик максаттарда орнотулуучу ѳткѳргүч түтүктүк арматура аралыктан башкаррылуучу электр жетеги менен жабдылууга тийиш.
Негизги суу түтүктѳрүнүн ремонттук участкаларынын узундугун тѳмѳндѳгүдѳй деп кабылдаган ылайык:
– негизги суу түтүктѳрүн эки же андан кѳбүрѳѳк линия кылып тѳшѳѳдѳ жана ооштуруп кошуу болбогонунда – 5 километрден кѳп эмес;
– ооштуруп кошуу болгонунда – ооштуруп кошуулардын ортолорун-дагы участкалардын узундугуна теңдеш, бирок 5 километрден кѳп эмес;
– негизги суу түтүктѳрүн бир линияга тѳшѳѳдѳ – 3 километрден кѳп эмес;
– аварияларды четтетүүдѳ эгерде жумуштарды кыска мѳѳнѳттѳрдѳ аткаруунун реалдуу мүмкүнчүлүгү болсо, анда тармакта түтүктѳрдү ченем-дерден анча чоң эмес четтѳѳлѳрү менен тѳшѳѳгѳ мүмкүн, бирок түтүктѳрдүн бекемдигин жана кыртыштын тоңуу тереңдигин эсепке алуу менен.
Негиздѳѳ маалында негизги суу түтүктѳрүнүн ремонттук участкаларынын узундугу арттырылышы ыктымал.
Негизги суу түтүктѳрүндѳгү бүтѳѳчү арматура кол же механикалык приводу (аракетти, энергияны кыймылдаткычтан механизмге бергичи) менен (жылдырылма каражаттардан) болушу керек
Негизги суу түтүктѳрүндѳ электрдик же гидропневматикалык приводу менен бүтѳѳчү арматураны колдонууга аралыктык же автоматтык башкаруу учурунда жол берилет.
Негизги суу түтүктѳрү үчүн түтүктѳрдүн материалын жана бекемдигинин классын тандоону статикалык эсептѳѳнүн, кыртыштын жана жеткирилүүчү суунун агрессивдүүлүгүнүн, ошондой эле ѳткѳргүч түтүктѳрдүн иштөөсүнун шарттарынын жана суунун сапатына карата талаптардын негизинде жүргүзгѳн ылайык.
Күчтѳп түртүлүүдѳгү негизги суу түтүктѳрү үчүн, эреже катары, металл эмес түтүктѳрдү (күчтѳп түртүлүүдѳгү темирбетондук, күчтѳп түртүлүүдѳгү хризотилцементтик, пластмассалык ж.б.) колдонуу керек.
Эскертүү – Басымдын жѳнгѳ салгычы орнотулуу шартында эсептик басымдын чоңдугун 1,0 МПага чейин (10 кгс/см2) деп кабылдоого жол берилет.
2.8.2 Суу түтүктѳрүнүн бѳлүштүрүүчүлүк тармагы
Суу түтүктѳрү тармагы айланмалуу болушу керек.
Суу түтүктѳрүнүн туюк линияларынын колдонулуусуна жол берилет:
- сууну ѳндүрүштүк муктаждыктарга берүү үчүн – аварияны жоюу учурундагы суу менен камсыздоода тыныгууга жол берилгенинде;
- сууну чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына берүү үчүн – түтүктѳрдүн диаметри 100 миллиметрден жогору болбогонунда;
- сууну ѳрттү ѳчүрүүгѳ суунун чыгымдалуусунан кѳз карадысыздыкта ѳрткѳ каршы же чарбалык-ѳрткѳ каршы муктаждыктарга берүү үчүн – линиялардын узундугу 200 метрден жогору болбогонунда.
Тышкы суу түтүктѳрү тарамдарын имараттардын жана түзүлүштѳрдүн ички суу түтүктѳрү тарамдары менен курчоого жол берилбейт.
Эскертүүлѳр
1 Сууну ѳрт ѳчүрүүгѳ деп 10 л/сек чейин чыгымдоолордо ѳрткѳ каршы суу топтогучтарды же кѳлмѳлѳрдү, суу мунараларын же туктуе бүткѳн жериндеги контр суу топтогучту орноткон шартта 200 метрден кѳбүрѳѳк узундуктагы туюк линияларга жол берилет. Долбоордук чечимдер бул ЭЖнын КР КЧ 40-101не ылайык кабылданат.
2 Жеке менчик ишканалардын суу түтүгү тарамдарын тейлѳѳ имараттын фундаментинен биринчи кудукка чейин (б.а. кудуктан тарта) ишкананын менчик ээсине жана турак жай ээлеринин шериктигине (ТЭШ) жүктѳлѳт.
Бир участка токтотулганында (эсептик түйүндѳр ортосундагы) калган линиялар боюнча чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына суунун суммардык берилиши эсептик чыгымдалуунун 70%ынан кем эмес, ал эми суу алуунун кѳбүрѳѳк жагымсыз жайгашкан орундарына карата суунун берилиши суунун эсептик чыгымдалышынын 25%ынан аз эмес болушу керек, ушунда эркин күчтѳп түртүлүү 10 метрден ке эмес болушу зарыл.
I категориядагы суу менен камсыздоо системаларынын суу түтүктѳрүндѳгү аварияларды жоюунун эсептик убактысын 26-таблицага ылайык кабылдоо керек.
26- таблица – Ар кандай диаметрдеги жана тѳшѳлүүдѳгү ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ аварияларды жоюунун эсептик убактысы
Түтүктѳрдүн диаметрлери, мм | Ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ аварияларды жоюунун эсептик убактысы, сааты, түтүктѳрдүн тѳшѳлүү тереңдигинде, м |
| |
400гѳ чейин | 8 | 12 | |
400дѳн жогору 1000ге чейин | 12 | 18 |
|
1000ден жогору | 18 | 24 |
|
Эскертүүлѳр 1 Түтүктѳрдүн материалынан жана диаметринан, негизги суу түтүктѳрү трассасынын ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳн, түтүктѳрдүн тѳшѳлүү шарттарынан, жолдордун болушунан, транспорт каражаттарынан жана аварияларды жоюу каражаттарынан кѳз карандылыкта кѳрсѳтүлгѳн убакыт ѳзгѳртүлүшү мүмкүн, бирок 6 сааттан кем эмес болуп кабылданышы керек. 2 Аварияны жоюу убактысын сууну берүүдѳгү тыныгуулардын узактыгы жана аны берүүнүн тѳмѳндѳѳсү 7.4. пунктунда кѳрсѳтүлгѳн чектерден ашып кетпеген шартта жогорулатууга жол берилет. 3 Ѳткѳргүч түтүктѳрдү аварияны жойгондон кийинки дезинфекциялоонун зарылдыгында таблицада кѳрсѳтүлгѳн убакытты 12 саатка кѳбѳйтүү керек. 4 Аварияны жоюунун таблицада кѳрсѳтүлгѳн убактысы аварияны жайылтпай токтотулуу убактысын да, б.а. авариялык участканы калган тармактан ажыратып ѳчүрүүнү ичине камтыйт. I, II, III категориялардын системалары үчүн бул убакыт авария аныкталгандан кийин 1 сааттан, 1,25 сааттан жана 1,5 сааттан ашып кетпѳѳсү керек. |
| ||
II жана III категориялардын суу менен камсыздоо системалары үчүн таблицада кѳрсѳтүлгѳн убакытты 1,25 жана 1,5 эсеге жогорулатуу керек.
Чарбалык-ичүүчүчү суу түтүктѳрү тарамдарын ичилбѳѳчү сапаттагы сууну берүүчү суу түтүктѳрү тарамдары менен бириктирүүгѳ жол берилбейт.
Эскертүү – Ѳзгѳчѳлүү учурларда санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылып, чарбалык-ичүүчүчү суу түтүгүн ичилбей турган сапаттагы сууну берүүчү суу түтүгү үчүн резерв катары колдонууга жол берилет. Мындай учурларда убактылуу коюлган тосмонун конструкциясы тарамдар ортосунда аба ажырымын камсыз кылышы жана суунун кайрадан артка агуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек.
Суу менен камсыздоо системасынын ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн СЭК жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу негизинде чарбалык-ичүүчүчү, ѳндүрүштүк жана ѳрткѳ каршы суу түтүктѳрү ортосундагы убактылуу коюлчу тосмолорду куруу, ошондой эле иштетүүдѳн ѳткѳрүлбѳгѳн, зыянсыздандырылган сууну чарбалык-ичүүчүчү суу түтүгү тармагына берүү мүмкүнчүлүгүнүн каралганы ылайык.
Зарыл учурларда суу түтүгү тармагында тѳмѳндѳгүлѳрдүн орнотулушу алдын алып каралышы керек:
- ремонттук участкаларды бѳлүү үчүн буруучу жапкычтарды (ачып-жапкычтарды);
- ѳткѳргүч түтүктѳрдү бошотуу жана толтуруу маалында ичкери коё берүү жана агызып чыгаруу клапандарын;
- абаны коё берүү жана кыстыруу үчүн клапандарды;
- ѳткѳргүч түтүктѳрдүн иштѳѳ процессинде абаны коё берүү үчүн вантуздарды (кир соргучтарды);
- компенсаторлорду;
- монтаждык кыстырмаларды;
- ремонттук участкаларды кошуу үчүн артка кайтаруу клапанын же автоматтык иш-аракеттеги клапандардын башка типтерин;
- басымды жѳнгѳ салуучуларды;
- гидравликалык соккуларда же басымды жѳнгѳ салуучулардын оң эместигинде басымдын жогорулашынын алдын алуу үчүн аппараттарды;
- суунун эсебин алуу приборлорун (суунун чыгымдалышын эсептегичтерди).
Эскертүүлѳр
1 Буруучу жапкычтардын ордуна ачып-жапкычтарды колдонууга ѳткѳргүч түтүктѳрдүн ички беттерин атайын агрегаттар менен системалуу тазалоо зарылдыгында жол берилет.
2 Оперативдик максаттарда орнотулуучу ѳткѳргүч түтүктүк арматура аралыктан башкарылуучу электр жетеги менен жабдылышы керек.
3 Аварияларды жоюуда эгерде жумуштарды кыска мѳѳнѳттѳ аткаруунун реалдуу мүмкүнчүлүгү болсо, анда тармакта түтүктѳрдү ченемдерден бир аз четтѳѳ менен тѳшѳѳгѳ мүмкүн, бирок түтүктѳрдүн бекемдигин жана кыртыштын тоңуу тереңдигин эсепке алуу менен.
Суу түтүктѳрү тармагынын ремонттук участкаларга ажырымдоо участкалардын бири токтотулганында бештен кѳп эмес ѳрт гидранттарынын буулушун жана суу менен камсыздоода тыныгууга жол бербеген керектѳѳчүлѳргѳ суу берүүнү камсыздоога тийиш.
Негизделгенинде негизги суу түтүктѳрүнүн ремонттук участкаларынын узундугу узартылышы мүмкүн.
Экономикалык негизделгенинде мурдагы эски тарамдарды жаңы суу түтүктѳрү тарамдарын тѳшѳѳ үчүн негиз катары демонтаж кылбай туруп пайдаланса болот.
Суу түтүктѳрү тармагынын линияларындагы бүтѳѳчү арматура кол же механикалык приводу менен болушу керек.
Эсептик ички басымдын чоңдугун гидравликалык соккудагы басымдын жогорулашын эсепке албай же соккуга каршы арматуранын иш-аракетин эсепке алуу менен гидравликалык сокку учурунда басымдын жогорулашы менен узундугу боюнча ар кыл түрдүү участкаларында ѳткѳргүч түтүктѳгү мүмкүн болчу эң эле чоң басымга эксплуатациялоонун шарттары боюнча, эгерде бул басым башка күч келүүлѳр менен («Гидравликалык соккудан коргоонун» 2.8.17 бѳлүмүнѳ ылайык) айкалышып ѳткѳргүч түтүккѳ чоң таасир кѳрсѳтѳ турган болсо, анда теңдеш деп кабылдоо керек.
Эскертүү – Гидравликалык соккудагы басымдын жогорулашын эсептѳѳ аркылуу аныктоо жана анын негизинде «Гидравликалык соккудан коргоонун» 2.8.17 бѳлүмүнүн ченемдерине ылайык коргоо чараларын кабыл алуу керек.
Статикалык эсептѳѳ эсептик ички басымга, кыртыштын басымына, убактылуу күч келүүлѳргѳ, түтүктѳрдүн ѳздүк массасына жана транспорттолуп жаткан суюктуктун массасына, бул материалдын түтүктѳрү үчүн кѳбүрѳѳк кооптуу болуп чыккан комбинациялардагы кыртыштык суулардын боштугунун (вакуумунун) жана тышкы гидростатикалык басымынын түзүлүүсүндѳгү атмосфералык басымына таасир этүү негизинде жүргүзүлгѳнү ылайык.
Суу түтүктѳрү тармагын долбоорлоо жана куруу гидравликалык эсептин негизинде болушу керек. Ар кандай программаларды колдонуп суу менен камсыздоо системасынын иштөөсүн моделдештирүү муктаждыгы келип чыкканында аны узак убакыт аралыгында (24 сааттан кем эмес) жүргүзүү зарыл.
Ѳткѳргүч түтүктѳр же алардын участкалары жооптуулук даражасы боюнча тѳмѳндѳгүдѳй класстарга ажырымдалышы керек:
- суунун берилишине камсыз болгондуктун I категориясынын объектилери, ошондой эле суу бѳгѳттѳрү жана аңдар аркылуу ѳтүү аймактарындагы ѳткѳргүч түтүктѳрдүн участкалары, I жана II категориядагы жана да мүмкүн болчу жапа чегүүлѳрдү четтетүүдѳ жетүүгѳ кыйын орундардагы темир жана автомобиль жолдору үчүн, суунун берилишине камсыз болгондуктун II жана III категорияларынын объектилери үчүн ѳткѳргүч түтүктѳр;
- суунун берилишине камсыз болгондуктун II категориясынын объектилери (I класстын участкаларынан тышкары), ошондой эле ѳркүндѳтүлгѳн жабуулары менен автомобиль жолдорунун астына тѳшѳлүүчү ѳткѳргүч түтүктѳрдүн участкалары үчүн, суунун берилишине камсыз болгондуктун III категориясынын объектилери үчүн ѳткѳргүч түтүктѳр;
- суунун берилишине камсыз болгондуктун III категориясынын объектилери үчүн ѳткѳргүч түтүктѳрдүн бардык калган участкалары.
Суу түтүктѳрү линиялары, эреже катары, жер алдындагы тѳшѳлүүнү кабылдашы керек. Жылуулуктехникалык жана техникалык-экономикалык негизделүүдѳ жер үстү менен жана жер астындагы тѳшѳѳлѳргѳ, туннелдеги тѳшѳѳлѳргѳ, ошондой эле туннелдердеги суу түтүктѳрү линияларын башка жер астындагы коммуникациялар менен бирдикте, оңой жалындап кетүүчү, күйүүчү суюктуктарды жана күйүүчү газдарды (КЭ 265.1325800) транспорттооочу ѳткѳргүч түтүктѳрдѳн тышкары, тѳшѳѳлѳргѳ жол берилет.
Ѳткѳѳлдүк каналдагы биргелешип тѳшѳѳдѳ чарбалык-ичүүчүчү суу түтүктѳрү канализациялык ѳткѳргүч түтүктѳрдѳн жогору тѳшѳлгѳнү ылайык.
Жер алдындагы тѳшѳѳдѳ бүтѳѳчү, жѳнгѳ салуучу жана алдын алып сактоочу арматура кудуктарда (камераларда) орнотулушу керек.
Бүтѳѳчү арматураны кудуксуз орнотууга негизделгенинде жол берилет.
Түтүк алдындагы негиздин тибин кыртыштардын кѳтѳрүмдүүлүк жѳндѳмдүүлүгүнѳн жана жүктѳлүүлѳрдүн кѳлѳмүнѳн кѳз карандылыкта кабыл алуу зарыл.
Таштуу, чым кѳң камтыган жана тунмадан тышкары бардык кыртыштарда түтүктѳрдү бузулбаган түзүмдѳгү табигый кыртышка түздѳп тегиздѳѳнү, зарыл учурларда негизди профилдѳѳнү камсыз кылып орноштурган ылайык.
Таштуу кыртыштар үчүн негизди уркуюп чыгып турган жерлеринин үстүнѳн 10 см калыңдыктагы кумдуу кыртыш катмары менен түздѳѳ алдын алып каралганы ылайык. Бул максаттар үчүн жергиликтүү кыртышты (кумдуу топурактарды жана чопо менен куму кѳп топуракты) кыртыштын 1,5 т/м3 кѳлѳмдүк салмагына чейин таптап тыгыздандырылганы шартында жол берилет.
Суулуу байланган кыртыштарда (чопо менен куму кѳп топурак, чополуу топурак) ѳткѳргүч түтүктѳрдү тѳшѳѳдѳ кумдук даярдыкты түзүүнүн зарылдыгы сууну тѳмѳндѳтүү боюнча алдын алып каралуучу чаралардан, ошондой эле түтүктѳрдүн тибинен жана конструкциясынан кѳз карандылыкта ишти жүргүзүү долбоору тарабынан аныкталып берилет.
Тунмаларда, чым кѳң камтыган жана дагы башка сууга начар каныктырылган кыртыштарда түтүктѳрдү кол менен жасалган негиздерде тѳшѳп жайгаштыруу зарыл.
2.8.3 Түтүктѳрдүн тѳшѳлүү тереңдиги
Диаметри 500 миллиметрге чейин түтүктѳр үчүн түтүктѳрдүн тѳшѳлүү тереңдиги түбүнѳ дейре эсептегенде нѳлдүк температуранын кыртышка сүңгүп кирүүсүнүн эсептик тереңдигинен 0,5 метрге чоң болушу керек. Тѳмѳнкү температуралар аймагында ѳткѳргүч түтүктѳрдү тѳшѳѳдѳ түтүктѳрдүн материалы жана ашташып биригүүлѳрдүн элементтери аязга туруктуулуктун талаптарын канааттандырышы керек.
Диаметри 500 миллиметрден жогору түтүктѳр үчүн түтүктѳрдүн тѳшѳлүү тереңдиги нѳлдүк температуранын жана ѳткѳргүч түтүктүн диаметринин кыртышка сүңгүп кирүүсүнүн эсептик тереңдигинин кошундусу катары аныкталат.
Эскертүү – Негизги суу түтүктѳрүн жана суу түтүктѳрү тарамдарын жер асты менен алып ѳтүүдѳ алардын тѳшѳлүү тереңдигин аныктоодо транспорттон тышкы күч келүүлѳрдү жана башка жер астындагы түзүлүштѳрдү жана коммуникацияларды кесип ѳтүүнүн шарттары эсепке алынганы ылайык.
2.8.4 Абаны чыгаруу жана ичке киргизүү үчүн аба клапандары
Абаны ичке киргизүү жана чыгаруу үчүн автоматтык аракеттеги клапандар профилдин жогорку сынган чекиттеринде жана да негизги суу түтүктѳрүнүн ремонттук участкаларынын жана боштуктун (вакуумдун), анын чоңдугу түтүктѳрдүн түрүн кабылдоо үчүн жол берилгенден ашат, ѳткѳргүч түтүктѳ келип чыгуусун болтурбоо үчүн, ошондой эле толуп чыкканында ѳткѳргүч түтүктѳн абаны четтетүү үчүн тарамдардын жогорку чек аралык чекиттеринде алдын алып каралышы керек.
Боштуктун жол берилгенден ашып түшүүчү чоңдугунда кол приводу (аракетти, энергияны кыймылдаткычтан механизмге бергичи) менен клапандар колдонулушу мүмкүн.
Абаны ичке киргизүү жана чыгаруу үчүн автоматтык аракеттеги клапандардын ордуна абаны ичке киргизүү автоматтык аракеттеги клапандарын жана абаны кыстыруу клапандарын (жапкычтарын, ачып-жапкычтарын) кол приводдору же вантуздары менен четтетилүүдѳгү абанын чыгымдалышынан кѳз карандылыкта алдын алып каралышына жол берилет.
2.8.5 Вантуздар
Вантуздар (кир соргучтар) аба топтогучтардагы профилдин жогорулатылган сынуу чекиттеринде алдын алып каралганы ылайык. Аба топтогучтун диаметрин ѳткѳргүч түтүктүн диаметрине теңдеш, бийиктигин ѳткѳргүч түтүктүн диаметринен кѳз карадылыкта 200–500 мм деп кабылдоо керек.
Негизделгенинде башка ѳлчѳмдѳрдѳгү аба топтогучтарды колдонууга жол берилет.
Вантузду аба топтогучтан ажыратуучу бүтѳѳчү арматуранын диаметрин вантуздун бириктирүүчү патрубкасынын диаметрине теңдеш деп кабылдоо зарыл.
Вантуздардын талап кылынган ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгү эсептѳѳ аркылуу аныкталышы же нормалдуу атмосфералык басымда абанын кѳлѳмү боюнча деп эсептеп, ѳткѳргүч түтүк боюнча берилүүчү суунун максималдуу эсептик чыгымдалышынын 4%ына барабар деп кабылданышы керек.
Эгерде негизги суу түтүгүндѳ профилдин бир нече жогорулатылган сынуу чекити болсо, анда бул сынуу чекитинин биринчиден тѳмѳн же андан 20 метрден кѳп эмес жогору жана мурдагыдан 1 километрден кѳп эмес аралыкта жайгашуусу шартында вантуздардын талап кылынган ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгүнүн экинчи жана андан кийинки чекиттеринде (суунун кыймылынын жүрүшү боюнча эсептеп) суунун максималдуу эсептик чыгымдалышынын 1%ына теңдеш деп кабыл алууга жол берилет.
Эскертүү – Ѳткѳргүч түтүктүн тѳмѳндѳѳчү участкасынын жантаюусунда (профилдин сынуу чекитинен кийин) 0,005 жана азыраак мантуздар алдын алып каралбайт, 0,005–0,01 чектеринде жантаюудагы профилдин сынуу чекитинде вантуздун ордуна аба топтогучта крандын (вентилдин) каралышына жол берилет.
2.8.6 Агызып чыгаруулар (выпусктар)
Агызып чыгаруулар ар бир ремонттук участканын тѳмѳндѳтүлгѳн чекиттеринде, ошондой эле ѳткѳргүч түтүктѳрдү жууп-тазалоодон сууну агызып чыгаруу ордуларында алдын алып каралганы ылайык.
Агызып чыгаруулардын жана абаны ичке киргизүү үчүн түзүлүштѳрдүн диаметрлери негизги суу түтүктѳрүнүн участкаларынын же тарамдарынын 2 сааттан кѳп эмеске бошотулуусун камсыз кылышы керек.
Агызып чыгаруулардын конструкциясы жана ѳткѳргүч түтүктѳрдү жууп-тазалоо үчүн түзүлүштѳр ѳткѳргүч түтүктѳгү суунун кыймылынын ылдамдыгын 1,1 максималдык эсептигинен кем эмес кылып түзүү мүмкүндүгүн камсыздоосу зарыл.
Агызып чыгарууларда бүтѳѳчү арматура катары бурулуштук жапкычтарды колдонгон ылайык.
Негизги суу түтүктѳрүн жана суу түтүктѳрү тарамдарын агызып чыгарууларга карай багыттап, 0,001ден кем эмес жантаюусу менен долбоорлоо зарыл, жердин тегиз рельефинде жантаюуну 0,0005ке чейин азайтууга жол берилет.
Эскертүү – Гидропневматикалык жууп-тазалоодо аралашманын кыймылынын ми-нималдуу ылдамдыгы (кѳбүрѳѳк басымы менен орундарда) суунун кыймы-лынын максималдуу ылдамдыгынын 1,2синен кем эмес, суунун чыгымда-лышы аралашманын кѳлѳмдүк чыгымдалышынын 10–25%ы болушу керек.
Агызып чыгаруулардан сууну жакынкы суу агызгычка, арыкка, аңга ж.б. буруп кетүү алдын алып каралганы ылайык. Бардык сырткарыга чыгарылып жаткан сууну же анын бѳлүгүн анын ѳзү агып чыгуусу аркылуу буруп кетүү мүмкүндүгү болбогонунда сууну кийин сордуруп алынуусу шарты менен кудукка чыгарып салууга жол берилет (КР ЭЖ 30.01 жана Кыргыз Республикасынын айыл жеринин элдүү пункттарынын территорияларын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелердин жыйнагы).
2.8.7 Компенсаторлор
Компенсаторлор алдын алып каралганы ылайык:
– ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ, булардын кошулуп биригүүлѳрү суунун, абанын, кыртыштын температурасынын ѳзгѳрүүсүнѳн улам келип чыгуучу октук жылып кетүүлѳрдүн ордун толтура алышпайт;
– тоннелдерде, каналдарда же эстакадаларда (тирѳѳчтѳрдѳ) орнотулуучу болот ѳткѳргүч түтүктѳрүндѳ;
– кыртыштын мүмкүн болгон чѳгүү шарттарындагы ѳткѳргүч түтүктѳрүндѳ.
Компенсаторлор жана кыймылсыз тирѳѳчтѳрдүн ортосундагы аралыкты алардын конструкциясын эске алуучу эсептѳѳ менен аныкталышы керек.
Ширетилип жалгаштырылган болот түтүктѳрдѳн негизги суу түтүктѳрүнүн, магистралдардын жана линиялардын тарамдарын жер асты менен орнотууда компенсаторлордун чоюн фланцтык арматуралардын орнотулуу орундарында болушу алдын алып каралганы ылайык.
Чоюн фланцтык арматура болот түтүктөрдүн кудуктун капталына бекем жабыштырылуу, атайын таянычтардын түзүлүүсү же түтүктөрдү ныкташтырыл-ган кыртышка кысуу жолу менен октук созуучу күчтөп аракеттенүүлөрдүн таасир этүүсүнөн корголгонунда компенсаторлордун каралышына жол берилбейт.
Түтүктөр кыртышка кысылганында фланцтык чоюн арматуранын алдында кыймылдуу кошулуп биригүүлөрдүн (узартылган раструбдун, муфтанын ж.б.) колдонулганы ылайык.
Өткөргүч түтүктөрдү жер асты менен алып өтүүдө компенсаторлорду жана кыймылдуу кошулуп биригүүлөрдү кудуктарда жайгаштыруу керек.
2.8.8 Монтаждык коюулар
Монтаждык коюуларды фланцтык бүтөөчү, алдын алып сактоочу жана жөнгө салуучу арматураны монтаждоо, демонтаждоо, профилактикалык кароо жана оңдоп-түзөө үчүн кабылдаган ылайык.
2.8.9 Суу алынчу колонкалар
Суу түтүктөрү тарамдарында убактылуу колдонуу үчүн суу алуучу колонкаларын орнотууга болот.
Суу алынчу колонкалардын аракетте болуу аралыгын 100 метрден көп эмес деп кабыл алган ылайык.
Суу алынчу колонканы айланта жазылыгы 1 м отмостка суу түтүгүнөн 0,1 жантаюусу менен каралышы керек.
2.8.10 Дат басуудан коргоо
Болот түтүктөрдү колдонгон учурларда алардын тышкы жана ички беттеринин дат басуудан корголушу алдын алып каралышы зарыл. Ушунда «Жалпы жоболордун» 2.1 бөлүмүндө көрсөтүлгөн материалдар колдонулганы ылайык.
Болот түтүктөрдүн тышкы бетин дат басуудан коргоонун усулдарын тандоо кыртыштын дат бастыруу өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарга, ошондой эле адашкан агымдардан улам келип чыгуучу дат басуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарга негиздениши керек.
300 мм жана андан чоңураак диаметрдеги болот негизги суу түтүктөрүнүн жана суу түтүктөрү тармагынын дат басып кетүүсүн болтурбоо максаттарында мындай өткөргүч түтүктөрдүн ички беттеринин кум-цементтик, лакобоёктук, цинктик ж.б. жабуулар менен корголушу алдын алып каралышы керек (КЧжЭ 3.04.03).
Эскертүү – Жабуулардын ордуна сууну турукташтыруучу иштетүүдөн өткөрүүнү же суунун сапаты, чыгымдалышы жана дайындалышы көңүлгө алынып, техникалык-экономикалык эсептелиштери менен өткөргүч түтүктөрдүн дат басуудан ушундайча коргоонун максатка ылайыктуулугу ырасталганында аны ингибиторлор менен иштетүүнү колдонууга жол берилет.
Бетонду дат басуудан, болот өзөгү менен түтүктөрдүн цементтик-кумдук жабууларын сульфат-иондордун таасир этүүсүнөн коргоо обочолонтуучу жабуулар менен алып барылышы каралганы ылайык.
Болот өзөгү менен темирбетон түтүктөрү үчүн адашкан агымдардан улам келип чыгуучу дат басуудан коргоо алдын алып каралышы керек.
Эсептик күч келүү 0,2 болгонунда жараңкалардын ачылуусунун жол берилчү жазылыгы менен нормалдуудан тѳмѳн тыгыздыктагы бетондун тышкы катмарына ээ болот ѳзѳктүү темирбетон түтүктѳрү үчүн ѳткѳргүч түтүктѳрдүн катоддук поляризациялоо аркылуу электрохимиялык коргоолуусу кыртышта хлор-иондордун 150 мг/литрден кѳбүрѳѳк, бетондун нормалдуу тыгыздыгында жана 0,1 болуп жаракалардын ачылуусунун жол берилген жазылыгында 300 мг/литрден кѳбүрѳѳк болуп топтолгону алдын алып каралышы зарыл.
Болот, чоюн жана темирбетон түтүктѳрүнѳн ѳткѳргүч түтүктѳрдү долбоорлоодо жана курууда дат басуудан электрохимиялык коргоону түзүү мүмкүнчүлүгү үчүн бул түтүктѳрдүн үзгүлтүксүз электр ѳткѳрүмдүүлүгүн камсыздоочу иш-чаралар алдын алып каралганы ылайык.
Эскертүү – Негизделгенинде обочолонтуучу фланцтарды орнотууга жол берилет.
Болот ѳзѳгү менен түтүктѳрдү катоддук поляризацияны атайын тургузулган текшерип-ѳлчѳѳчү пункттарда ѳлчѳнгѳн, металдын үстүнкү бетинде түзүлүүчү коргоочу поляризациялык потенциалдар салыштыруунун жездик-сульфаттык электроду боюнча 0,85 Вдан тѳмѳн эмес, 1,2 Вдан жогору эмес болгондой кылып долбоорлоо керек.
Болот ѳзѳгү менен түтүктѳрдү поляризациялык потенциалдын чоңдугунун протекторлорунун жардамы менен электрохимиялык коргоодо түтүктүн үстүнкү бетинде орнотулган салыштыруунун жездик-сульфаттык электродуна карата мамилеге ылайык, ал эми катоддук станциялардын жардам менен коргоодо жездик-сульфаттык электродго карата мамиле боюнча кыртышта жайгаштырылган салыштыруу менен аныктоо керек.
2.8.11 Түтүктѳрдүн материалдары
Суу түтүктѳрү тарамдары үчүн түтүктѳрдүн материалын жана бекемдик классын тандоону гидравликалык эсептѳѳнүн, кыртыштык суулардын, кыртыштын жана ташып жеткирилүүчү суунун агрессивдүүлүгүнүн, ошондой эле ѳткѳргүч түтүктѳрдүн иштѳѳ шарттарынын жана суунун сапатына карата талаптардын негизинде жүргүзгѳн ылайык.
Күчтѳп түртүлүү тарамдары үчүн, эреже катары, метал эмес түтүктѳрдү (темирбетондук күчтѳп түртүлүүчү, хризотилцементтик күчтѳп түртүлүү, пластмасса ж.б.) колдонуу керек.
Метал эмес түтүктѳрдү колдонуудан баш тартуу негизделиши керек. Чоюн (мунун ичинде шар түрүндѳгү графити менен жогорку бекемдиктеги чоюн (ШГЖЧ)) күчтѳп түртүлүү түтүктѳрүн колдонууга калктуу конуштардын чектеринде, ѳнѳр жай ишканаларынын территорияларында, айыл чарба ишканаларында жол берилет.
Болот түтүктѳрдү колдонууга жол берилет:
– эсептик ички 1,5тен кѳбүрѳѳк МПа басымы (15 кгс/см2) менен участкаларда;
– суу тоскоолдору жана аңдар аркылуу темир жала автомобиль жолдорунун ѳтмѳктѳрү үчүн;
– чарбалык-ичүүчү суу түтүктѳрүнүн канализация тарамдары менен кесилишкен жерлерде;
– ѳткѳргүч түтүктѳрдү авто жолдор жана шаардык кѳпүрѳлѳр, таянычтар, эстакадалар жана тоннелдер аркылуу алып ѳтүүдѳ;
‒ сейсмикалуулук 9 жана 9 баллдан жогору болгонунда.
Болот түтүктѳр капталы менен үнѳмдүү сортаменттерде кабыл алынышы керек, анын калыңдыгы ѳткѳргүч түтүктѳрдүн иштѳѳ шарттары эсепке алынуу менен эсептелүү негизинде (бирок 2 миллиметрден аз эмес) аныкталышы керек.
Темирбетон жана хризотилцементтик ѳткѳргүч түтүктѳр үчүн металдан фасондук бѳлүктѳрдү колдонууга жол берилет.
Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларында түтүктѳрдүн материалы МАМСТ 6942, МАМСТ 31416, ошондой эле ЕАЭБнын бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жаткан продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмесинин 1-бөлүмүнүн 3-пунктуна жана жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201токтому менен бекитилген «Сууну тазалоо жана тазалоо үчүн колдонулуучу материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар»ынын 27-тиркемесинин санитардык эрежелери жана гигиеналык ченемдеринин талаптарына жооп бериши керек.
2.8.12 Генералдык пландарда суу түтүктѳрү тарамдарынын жайгашуусу
Генералдык пландарда суу түтүктѳрү линияларынын жайгашуусу, ошондой эле түтүктѳрдүн тышкы үстүнкү беттеринен түзүлүштѳргѳ жана инженердик тарамдарга чейин кесип ѳтүүлѳрдѳгү минималдуу аралыктар КЧжЭ II-89, КР КЧ 30.01 жана Кыргыз Республикасынын айыл жеринин элдүү пункттарынын территорияларын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер жыйнагына ылайык кабыл алынышы керек.
Негизги суу түтүктѳрүнүн бир нече линияларын катарлаш алып ѳтүүдѳ (жаңыдан же мурункуларына кошумча катары) түтүктѳрдүн тышкы үстүнкү беттеринин ортосундагы аралыкты жумуштарды жүргүзүүнү жана уюштурууну жана да ирегелеш негизги суу түтүктѳрүнүн бири аварияга кабылганында бузулуп-талкалануулардан коргоонун зарылдыгын эсепке алуу менен тѳмѳндѳгүчѳ аныктап алган ылайык:
- түтүктѳрдүн материалынан, ички басымдан жана геологиялык шарттардан кѳз карандылыкта 27-таблица боюнча, 2.4.4 пунктта алдын алып каралган керектѳѳчүлѳргѳ сууну берүүнүн жол берилген тѳмѳндѳтүлүүсүндѳ;
- сууну берүүдѳ үзгүлтүктѳргѳ жол берүүчү запастык суу топтогучтардын негизги суу түтүктѳрүнүн бүткѳн жеринде бар болгонунда, анын кѳлѳмү таштуу кыртыштарда тѳшѳлүүчү түтүктѳр үчүн 27-таблица боюнча «Сууу түтүктүк бѳлүштүрүүчү тарамдардын» 2.8.2 бѳлүмүндѳ кѳрсѳтүлгѳн ченемдердин талаптарына жооп берет.
27- таблица – Ар кандай түрдѳгү кыртыштарда тѳшѳѳ маалында түтүктѳрдүн ортолорундагы аралыктар
Басым, МПа (кгс/см2) |
| ||||||||
Таштуу кыртыш | Ирилеп майдаланылчу тектин кыртышы, гравелденген кум, ири кум, чопо | Орто ириликтеги кум, майда кум, чаңдуу кум, кумдуу топурактар, чополуу кумдар, ѳсүмдүк калдыктары аралашкан кыртыштар, чым кѳңдүк кыртыштар |
| ||||||
Түтүктѳрдүн материалы | Диаметр, мм | Кыртыштын түрү (КЧжЭ 2.05.03 номенклатурасы боюнча) |
| ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | ||
Болот | 400гѳ чейин | 0,7 | 0,7 | 0,9 | 0,9 | 1,2 | 1,2 | ||
Болоте | 400дѳн жогору 1000ге чейин | 1 | 1 | 1,2 | 1,5 | 1,5 | 2 | ||
Болот | 1000ден жогору | 1,5 | 1,5 | 1,7 | 2 | 2 | 2,5 | ||
Чоюн | 400гѳ чейин | 1,5 | 2 | 2 | 2,5 | 3 | 4 |
| |
Чоюн | 400дѳн жогору | 2 | 2,5 | 2,5 | 3 | 4 | 5 |
| |
Темирбетон | 600гѳ чейин | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 2 | 2,5 |
| |
Темирбетон | 600дѳн жогору | 1,5 | 1,5 | 2 | 2,5 | 2,5 | 3 |
| |
Пластмасса | 600гѳ чейин | 1,2 | 1,2 | 1,4 | 1,7 | 1,7 | 2,2 |
| |
Пластмасса | 600дѳн жогору | 1,6 | - | 1,8 | - | 2,2 | - |
| |
Негизги суу түтүктѳрү трассасынын айрым участкаларындагы, мунун ичинде негизги суу түтүктѳрүн курулуп бүткѳн территориялар жана ѳнѳр жай ишканалардын территориялары аркылуу алып ѳтүү участкаларындагы 27-таблицада келтирилген аралыктарды түтүктѳрдү туннелде, кутуда тѳшѳѳнү жасалма негиздеген шартта же алардын бириндеги авария учурунда жанаша орун алган негизги суу түтүктѳрүнүн жапа чегүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу алып ѳтүүнүн башка ыкмалары колдонулган учурда азайтууга жол берилет.
Ушунда негизги суу түтүктѳрүнүн ортолорундагы аралык тѳшѳѳдѳ кандай болсо, так эле ошондой кийинки оңдоп түзѳѳлѳрдѳ жумуштарды жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек.
Туннелдерде суу түтүктѳрү линияларын тѳшѳѳдѳ түтүктүн капталдарынан башка ѳткѳргүч түтүктѳрдүн тосмолоочу конструкцияларынын жана капталдарынын ички үстүнкү беттерине чейинки аралыктар 0,2 метрден кем эмес деп кабылданышы керек; ѳткѳргүч түтүктѳ арматураны орнотууда тосмолоочу конструкцияларга чейинки аралыкты «Суу түтүктѳрү кудуктарынын ѳлчѳмдѳрүн аныктоо» 2.8.16 бѳлүмүнүн ченемдерине ылайык кабылдоо зарыл.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн I, II жана III категориялардагы темир жолдордун, жалпы тармактын астыларынан, ошондой эле I, II категориялардагы автомобиль жолдорунун астыларынан ѳтүүлѳрүн кутуларда кабылдаган ылайык, ушунда, эреже катары, жумуштарды жүргүзүүнүн жабык ыкмасынын алдын алып каралышы зарыл. Негизделгенинде ѳткѳргүч түтүктѳрдүн туннелдерде алып ѳтүлүүсүнүн каралышына жол берилет.
Калган темир жолдордун жана автомобиль жолдорунун астынан ѳткѳргүч түтүктѳрдү алып ѳтүүлѳрдү кутуларсыз жүргүзүүгѳ жол берилет, ушунда, эреже катары, болот түтүктѳр жана жумуштарды жүргүзүүнүн ачык ыкмасы колдонулуусу керек.
Эскертүүлѳр
1 Ѳткѳргүч түтүктѳрдү темир жол кѳпүрѳлѳрү жана жолдук узатуулар, жолдордун үстүндѳгү жѳѳ жүрүүчүлѳрдүн кѳпүрѳлѳрү, темир жолдук, автожолдук жана жѳѳ жүрүүчүлѳр үчүн туннелдер аркылуу, ошондой эле суу коё берилчү түтүктѳрдѳ алып ѳтүүгѳ жол берилбейт.
2 Жумуштарды жүргүзүүнүн ачык ыкмасында темир жолдордун астынан кутуларды жана туннелдерди КЧжЭ 2.05.03кѳ ылайык долбоорлоо керек.
3 Негизделгенинде кутуларды жана суу коё берилүүчү тарамдарды жогорулатылган бекемдиктеги полимер түтүктѳрүнѳн аткарылышына жол берилет.
Темир жол релсинин таманынан же атомобиль жолунун жабуусунан түтүктүн, кутунун же туннелдин үстү жагына чейинки вертикалы боюнча аралык КР КЧ 30-01 жана Кыргыз Республикасынын айыл жеринин элдүү пункттарынын территорияларын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер жыйнагына ылайык кабылданышы керек.
Иримдүү кыртыштар болгонундагы ѳткѳѳл жерлерде ѳткѳргүч түтүктѳрдүн тередетилиши кыртыштын аяздык кеңейүүсүн болтурбоо максатында жылуулуктехникалык эсептелүү менен аныкталышы керек.
Кутунун кесилген жеринен берки аралык кутунун бүткѳн жеринде кудук орнотулганында кудуктун капталынын тышкы бетинен тартып кабылданышы керек:
– темир жолдорду кесип ѳтүүдѳ – четки жолдун огунан 8 м, кырдалган топурактын таманынан 5 м, чуңкурдун жээгинен жана четки саркынды сууларды чыгаруу түзүлүштѳрүнѳн (жол боюнун арыктарынан, тоо арыктарынан, ноолордон жана дренаждардан) 3 м;
– автомобиль жолдорун кесип ѳтүүдѳ – жер кыртышынын жээгинен же кырдалган топурактын таманынан, чуңкурдун жээгинен, тоо арыктарынын тышкы жээгинен же башка саркынды сууларды чыгаруу түзүлүшүнѳн 3 м.
Кутунун же туннелдин тышкы бетинен аралык тѳмѳндѳгүдѳн кем эмес кабылданганы ылайык:
– 3 м – контакттык тармактын тирѳѳчүнѳ чейин;
– 10 м – стрелкаларга, крестовиналарга жана электрлештирилген жолдордун рельстерине соруучу кабелди бириктирүү орундарына чейин;
– 30 м – кѳпүрѳлѳргѳ, суу коё берүү түтүктѳрүнѳ, туннелдерге жана башка да колдо жасалган түзүлүштѳргѳ чейин.
Эскертүү – Кутунун (туннелдин) кесилген жеринен аралык жолдорду жээктей тѳшѳлгѳн шаар аралык байланыш кабелдеринин, сигнализациянын ж.б. бар экенинен кѳз карандылыкта такталганы ылайык.
Кутунун ички диаметрин жумуштарды жүргүзгѳндѳ кабылдаган ылайык:
– ачык ыкма менен – ѳткѳргүч түтүктүн тышкы диаметринин эки тарабынан тең 100 миллиметрге чоң. Ушунда ѳткѳргүч түтүктүн жана кутунун байланышуу ордун эки тарабынан цемент-кум эритиндиси менен бүтѳѳ зарыл; жолдун четинен кутунун бүткѳн жерине чейинки аралык 1,5 м;
– жабык ыкма менен – КР КЧ 12-02ге ылайык ѳткѳргүч түтүктүн ѳтүү узундугунан жана диаметринен кѳз карандылыкта.
Эскертүүлѳр – Бир кутуда же туннелде бир нече ѳткѳргүч түтүктѳрдү алып ѳтүүгѳ, ошондой эле ѳткѳргүч түтүктѳрдү жана коммуникацияларды (электр кабелдерин, байланыш жана д.б.) биргелешип тѳшѳѳгѳ жол берилет.
2.8.13 Түтүктѳрдүн диаметрлерин тандоо
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн диаметрлери түтүктѳрдүн жаңы гидравликалык параметрлерин жана алардын сортаментин эсепке алуу менен, суу түтүгү тармагынын гидравликалык эсебинин, ар башка тартиптердеги анын иштөөсүнун негизинде аныкталышы керек.
Негизги суу түтүктѳрү жана суу түтүктѳрү тарамдарынын түтүктѳрүнүн диаметрлерин тандоону түтүктѳрдүн ички беттеринин текши эместигинин кѳрсѳткүчү боюнча жаңы мүнѳздѳмѳлѳрүн эсепке алуу менен, техникалык-экономикалык эсептѳѳлѳрдүн негизинде, ушунда алардын айрым участкаларды авариялык токтотуу учурундагы иштѳѳ шарттарын кѳңүлгѳ алып жүргүзгѳн ылайык.
Суу түтүгүнүн ѳрткѳ каршы менен бириктирилген түтүктѳрүнүн диаметри Кыргыз Республикасынын территориясында аракеттенүүчү ѳрткѳ каршы коргонуу боюнча ченемдерге ылайык кабылданат.
Гидравликалык жантаюунун чоңдугун кескин кѳзгѳ урунган дат басуучулук ѳзгѳчѳлүктѳрдѳн тышкары жана салмактанылган аралашмаларды ичине камтыбаган сууну, булардын чогулуусу түтүктѳрдүн ыкчамдык менен бүтѳлүүсү-нѳ алып келиши мүмкүн, ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ ташып жеткирүүдѳгү жоготуулар-ды аныктоо үчүн сурап билүүчү маалыматтардын негизинде кабылдоо керек.
Аракеттеги тарамдар жана негизги суу түтүктѳрү үчүн зарылдыкта болот түтүктѳрдүн ички беттерин тазалоо жана дат басууга каршы коргоочу жабууну шыбоо жолу менен ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана сактоо боюнча иш-чаралардын алдын алып каралганы ылайык; ѳзгѳчѳлүү учурларда макулдашылып, техникалык-экономикалык жактан негизделгенинде күчтѳп түртүлүүнүн фактылык жоготууларын кабылдаганга жол берилет.
Суу менен камсыздоо системаларынын жаңыларын долбоорлоодо жана болгонун реконструкциялоодо негизги суу түтүктѳрүнүн жана тарамдардын кѳзѳмѳлдүк участкаларындагы гидравликалык каршылыкты системалуу түрдѳ аныктоо үчүн ыңгайлуу жабдыктардын жана түзүлүштѳрдүн болушу алдын алып каралганы ылайык.
2.8.14 Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн ѳтмѳктѳрү
Темир жолдордун үстүндѳгү ѳткѳргүч түтүктѳрдүн ѳтмѳктѳрү «Суу түтүктѳрү тарамдарынын генералдык пландардагы жайгашуусу» 1.8.12 бѳлүмүнүн талаптарын эсепке алуу менен кутуларда, атайын эстакадаларда алдын алып каралышы керек.
Электрлештирилген темир жолду кесип ѳтүүдѳ түтүктѳрдү адашкан агымдардан улам келип чыгуучу дат басуудан коргоо боюнча иш-чаралар алдын алып каралышы зарыл.
Жалпы тармактын I, II жана III категориялардагы темир жолдору аркылуу ѳтмѳктѳрдү, ошондой эле I жана II категориялардагы автомобиль жолдорун долбоорлоодо ѳткѳргүч түтүктѳр бузулган учурда жолдордуу суу жууп же суу астында калуусун болтурбоо боюнча иш-чаралар алдын алып каралышы керек.
Ушунда ѳткѳргүч түтүктү темир жолдордун астынан эки тараптуу алып ѳтүүдѳ, эреже катары, кудуктардын аларда бүтѳѳчү арматуранын орнотулуусу менен алдын алып каралганы ылайык.
Темир жана автомобиль жолдору аркылуу ѳтмѳктүн долбоору темир жол жана автомобиль транспортун башкаруу жаатындагы тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылуусу керек.
Раструбдук түтүктѳрдѳн турган же муфталар менен бириктирилүүчү ѳткѳргүч түтүктѳрдүн горизонталдык же вертикалдык тегиздиктериндеги бурулуштарда келип чыгуучу күчүркѳнүүлѳр түтүктѳрдүн жалгашып биригүүлѳрүндѳ кабылданышы мүмкүн эмес учурда тирѳѳчтѳр алдын алып каралышы керек.
Ширетилген ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ тирѳѳчтѳр кудуктарда бурулуштарды же вертикалдык тегиздиктеги бурулуу бурчунда 30° жана андан кѳбүрѳѳк жогору томпокторду жайгаштырууда алдын алып каралганы ылайык.
Эскертүү – Раструбдук түтүктѳрдѳн же 10°ка чейинки бурулуу бурчтарында 1 1 МПа (10 кгс/см2) чейин жумушчу басымла муфталар менен бириктирилүүчү ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ тирѳѳчтѳрдүн алдын алып каралышына жол берилбейт.
Иштеп турган суу түтүктѳрү тарамдарын (ѳзгѳчѳ айыл жеринин калктуу конуштарында) реконструкциялоодогу же оңдоп-түзѳѳдѳгү долбоорлоодо алардын буга чейинкинин ичинде коаксиалдык жайгашуусу менен кичирээк диаметрдеги жаңы суу түтүктѳрү линияларын тѳшѳѳ сунушталат.
Ушунда бул участкадагы тармактын ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгүн текшерүү жана суунун чыгымдалышынын эсептелген 10%дан тѳмѳндѳп кетүүсүн болтурбоо боюнча иш-чаралардын алдын алып каралганы зарыл.
Эреже катары, иштеп турган кудуктардагы жаңы ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ бүтѳѳчү арматуранын орнотулушу алдын алып каралганы ылайык.
Тийиштүү негизделгенинде колдонулган, бирок бекемдиги жаңы ѳткѳргүч түтүктѳн жогору материалдан ѳткѳргүч түтүктѳрдү жолдордун суу түтүктѳрү тармагы линиясын кесип ѳткѳнүндѳ куту катары пайдаланууга уруксат берилиши керек.
2.8.15 Дюкерлер
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн суу агымдары аркылуу ѳтүүсүндѳгү дюкердин линияларынын саны экиден кем болбошу керек; бир линия токтотулганында калгандары боюнча суунун эсептик чыгымдалышынын 100%дык берилиши камсыз кылынышы керек.
Дюкердин линиялары дат басууга каршы күчѳтүлгѳн обочолонтуусу менен, механикалык бузулуулардан корголгон болот түтүктѳрдѳн тѳшѳлүүсү керек.
Кеме жүрүүчү суу агымдары аркылуу дюкердин долбоору суу транспортун башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылуусу зарыл.
Ѳткѳргүч түтүктүн суу астындагы бѳлүгүн түтүктүн үстү жагына дейре тѳшѳѳ тереңдиги суу агымынын түбүнѳн 0,5 метрден кем эмес, ал эми кеме жүрүүчү суу агымдарында фарватердин чектеринде – 1 метрден кем эмес тѳмѳн болушу керек. Ушунда суу агымынын нугунун жуулуу жана кайрадан ѳзгѳрүп түзүлүү мүмкүндүгү кѳңүлгѳ алынганы ылайык.
Дюкердин линияларынын ортосундагы аралык кеминде 1,5 м болушу керек.
Дюкердин кѳтѳрүлүп келе жаткан бѳлүгүнүн жантаюусу горизонтко карата 20°тан кѳп эмес болуп кабылданышы керек.
Дюкердин эки тарабы боюнча кудуктарды жана бүтѳѳчү арматураны орнотуу менен ооштуруп кошууларды куруу алдын алып каралышы зарыл.
Дюкердин кудуктарындагы пландаштыруунун белгиси 5% камсыздалгандыгы менен суу агымындагы суунун максималдуу деңгээлинен 0,5 метрге жогору кабылданышы керек.
Эскертүү – Негизделгенинде башка материалдардан (пластмасса ж.б.) түтүктѳрдү колдонууга жол берилет.
2.8.16 Суу түтүктѳрү кудуктарынын ѳлчѳмдѳрүн аныктоо
Кудуктардын ѳлчѳмүн аныктоодо кудуктун ички капталдарына чейинки минималдуу аралыктарды тѳмѳндѳгүчѳ кабылдаган ылайык:
– түтүктѳрдүн диаметри 400 мм чейин болгонунда түтүктѳрдүн капталынан – 0,3 м, 500дѳн 600 мм чейин – 0,5 м, 600 мм кѳбүрѳѳк – 0,7 м;
– түтүктѳрдүн диаметри 400 мм чейин болгонунда фланецтин тегиздигинен – 0,3 м, 400 мм кѳбүрѳѳк – 0,5 м;
– түтүктѳрдүн диаметри 300 мм чейин болгонунда дубалга каратылган раструбдун четинен – 0,4 м, 300 мм кѳбүрѳѳк – 0,5 м;
– түтүктѳрдүн диаметри 400 мм чейин болгонунда түтүктүн түбүнѳн таманына чейин – 0,25 м, 500дѳн 600 мм чейин – 0,3 м, 600 мм кѳбүрѳѳк – 0,35 м;
– жылдырылчу шпиндели менен ачып-жапкычтын штогунун үстү жагынан – 0,3 м, жылдырылбачу шпиндели менен ачып-жапкычтын маховигинен – 0,5 м.
Кудуктардын иштѳѳ бѳлүгүнүн бийиктиги 1,5 метрден кем эмес болгону ылайык.
Ѳрткѳ каршы гидрантты кудукта жайгаштырууда анда ѳрт колонкасын орнотуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынышы керек.
Негизги суу түтүктѳрүндѳ кудуктарда жайгаштырылуучу абаны ичкери киргизүү үчүн клапандар орнотулган учурда желдетүүчү түтүк түзүлүшү алдын алып каралганы зарыл, ал негизги суу түтүктѳрүнѳ ичүүчү сапатындагы суу берилгенинде чыпка менен жабдылышы керек.
Кудукка түшүрүү үчүн кудуктун ооз жагында жана капталдарында быдырлуу болот же чоюн скобаны орнотуу алдын алып каралганы ылайык, кѳчмѳ металл тепкичтерин колдонууга жол берилет.
Зарылчылыкта кудуктардагы арматураны тейлѳѳ үчүн «Жабдууларды, арматураларды жана ѳткѳргүч түтүктѳрдү жайгаштыруу» 3.1 бѳлүмүнүн ченемдерине ылайык аянтча алдын алып каралышы керек.
Кудуктарда (негизделгенинде) экинчи жылуулоочу капкактардын алдын алып каралганы зарыл.
Зарылчылык болгондо бүтѳѳчү түзүлүштѳрү менен люктардын алдын алып каралганы ылайык.
2.8.17 Гидравликалык соккудан коргоо
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн гидравликалык сокку учурундагы (соккуга каршы арматураны же боштуктун түзүлүүсүн эсепке алуу менен аныкталган) басымдын жогорулашына карата эсебин чыгарууда тышкы күч келүүнү Н-18 автомобилдеринин колоннасынын күч келүүсүнѳн кѳп эмес деп кабылдоо керек.
Гидравликалык сокку учурундагы басымдын жогорулашын эсептѳѳлѳр менен аныктоо жана анын негизинде коргоо чараларын кабыл алуу керек.
Суу менен камсыздоо системаларын гидравликалык соккудан коргоо чараларын тѳмѳндѳгү учурлар үчүн деп карап кѳргѳн ылайык:
– электразыктануунун бузулуусунан улам бардыгын же биргелешип иштѳѳчү насостордун топторун күтүүсүз токтотуу;
– биргелешип иштѳѳчү насостордун бирин анын күчтѳп түртүлүү линиясында буруучу жапкычты (ачып-жапкычты) жапканга чейин токтотуу;
– артка кайтаруу клапаны менен жабдылган күчтѳп түртүлүү линиясындагы буруучу жапкыч (ачып-жапкыч) ачык экенинде насосту иштетүү;
– негизги суу түтүгүн бүтүндѳй же анын айрым участкаларынын иштѳѳсүн токтотууда буруучу жапкычты (ачып-жапкычты) механикалаштырып жабуу;
– тез аракеттенүүчү сууну пайдалануу арматурасын ачуу же жабуу.
Насосторду күтүүсүз токтотуудан же иштетүүдѳн улам келип чыгуучу гидравликалык соккулардан коргонуу чаралары эсебинде тѳмѳндѳгүлѳрдү кабылдаган ылайык:
- негизги суу түтүктөрүндө абаны ичкери коё берүү жана кыстыруу үчүн клапандарды орнотууну;
- насостордун күчтөп түртүлүү линияларында ачылып жана жабылып жөнгө салынуусу менен артка кайтаруу клапандарын орнотууну;
- негизги суу түтүктөрүндөгү негизги суу түтүктөрүнүн ар биринде статикалык күчтөп түртүлүү менен анча чоң эмес айрым участкаларга ажырымдап бөлүүчү артка кайтаруу клапандарын орнотууну;
- сууну насостор аркылуу алардын эркин айлануусунда же толук токтотулганында кайрадан артка багыттап чыгарууну;
– негизги суу түтүктѳрүнүн башталган жеринде (насостун күчтѳп түртүлүү линиясында) гидравликалык сокку процессин жумшартуучу абалык-суулук камераларды (капкактарды) орнотууну.
Эскертүү – Гидравликалык соккудан коргоо үчүн колдонууга жол берилет: ѳчүрүүчүлѳрдү орнотууну, сууну күчтѳп түртүлүү линиясынан соруучуга агызууну, суу түтүгүндѳгү агымдын текшиси менен ажырымдалуусунун түзүлүү орундарында ичкери коё берүүнү, жол берилген чектерден ашып басымдын жогорулаганындагы туюк диафрагмаларды орнотууну, күчтѳп түртүлүү колонналарын курууну, тегеренүүчү массалардын чоң инерциясы менен насостук агрегаттарды колдонууну.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдү буруучу жапкычты (ачып-жапкычты) жапкандан улам келип чыгуучу басымдын жогорулашынан коргоо бул жабуунун убактысын кѳбѳйтүү аркылуу камсыз кылынышы керек.
Приводдун кабыл алынган тиби менен жапкычты жабууга убакыттын жетишсиздигинде коргоонун кошумча чаралары кабыл алынганы ылайык (алдын алып сактоочу клапандарды, аба капкактарын, суунун күчтѳп түртүлүү колонналарын жана д.б.).
2.8.18 Ѳткѳргүч түтүктѳрдү сыноо
Жалпы жоболор
Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүктѳрү КЧжЭ 3.05-04 талаптарына ылайык гидравликалык же пневматикалык ыкмалар менен бекемдиги жана герметикалуулугу боюнча сыноодон ѳткѳрүлүүгѳ жатат.
Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүктѳрүнүн бардык класстарына сыноо, эреже катары, эки этапта жүзѳгѳ ашырылышы керек:
1-этап – бекемдигин жана герметикалуулугун жалгашып биригүүлѳрдү кароо үчүн ачык калтырылган түтүктѳрдү диаметринин жарымына топурак менен кѳмүлгѳндѳн кийинки аткарылуучу адепки сыноо.
Адепки сыноолордун натыйжалары боюнча курулуш уюмунун (жалдануучу мекеменин) башкы инженери тарабынан бекитилүүчү акт түзүлѳт.
2-этап – бекемдикке жана герметикалуулукка деген кабыл алуучу (акырына чыгарылган) сыноо ѳткѳргүч түтүк толук кѳмүлгѳндѳн кийин аткарылууга тийиш.
Эскертүү – Кабыл алуучу (акырына чыгарылган) сыноо заказчынын жана эксплуатациялоочу уюмдун ѳкүлдѳрүнүн катышуусу астында жүргүзүлѳт.
Кабыл алуучу (акырына чыгарылган) сыноонун натыйжалары боюнча КЧжЭ 3.05.04 милдеттүү 1-тиркемесинин формасына окшогон формада сыноонун натыйжалары тууралуу акт түзүлѳт.
Сыноонун эки этабы тең гидранттарды, вантуздарды, алдын алып коргоочу жана боштукка каршы клапандарды орнотконго чейин аткарылышы керек, сыноо маалында алардын ордуна фланецтик бүтѳѳчүлѳр орнотулганы ылайык.
Эскертүү – Иштеп турган абалында кароого жол берилген же курулуу процессинде токтоосуз кѳмүлүүгѳ тийиштүүлүктѳгү ѳткѳргүч түтүктѳрдү адепки сыноону (кыш маалында, кысынган шарттарда жумуштарды алып барууну) долбоорлордо тийиштүү негизделгенинде жүргүзүүгѳ жол берилбейт.
2.8.18.1 Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүктѳрүн гидравликалык сыноодон ѳткѳрүү боюнча сунуштамалар
Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүктѳрүн бекемдигине жана герметикалуулугуна деп адепки жана кабыл алуучулук гидравликалык сыноону КЧжЭ 3.05.04 жана бул КЧ булактарында келтирилген сунуштамаларга ылайык жүргүзүү керек.
Болот түтүктѳрдѳн куралган ѳткѳргүч түтүктѳрдү сыноо ыкмасынан кѳз карандысыздыкта узундугу 1 километрден аз болгонунда бир кабыл алууда, узундугу чоң болгонунда 1 километрден чоң эмес участкалары менен сыноодон ѳткѳрүү керек.
ПВД, ПНД жана ПВХ тибиндеги МАМСТ 18599 полиэтилен ѳткѳргүч түтүктѳрүн сыноо ыкмасынан кѳз карандысыздыкта узундугу 0,5 километрден кѳп болбогонунда бир кабыл алууда, узундугу чоң болгонунда 0,5 километрден чоң эмес участкалары менен сыноодон ѳткѳргѳн ылайык.
Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүктѳрүн бекемдигине карата адепки сыноону аткаруу үчүн РИ гидравликалык сыноо басымынын чоңдугу тууралуу кѳрсѳтмѳ-лѳрдүн долбоордо болбогонунда чоңдук 28-таблицага ылайык (КЧжЭ 3.05.04 ченемдери боюнча) кабылданат.
Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүктѳрүнүн адепки жана кабыл алуучулук сыноолорун жүргүзгѳнгѳ чейин бардык жумуштар бүткѳрүлгѳн болушу керек:
- жалгашып биригүүлѳрдү бекемдѳѳ боюнча;
- тирѳѳчтѳрдү орнотуу боюнча;
- бириктирүүчү бѳлүктѳрдүн жана арматуранын монтажы боюнча;
- шитерүүнүн сапатын кѳзѳмѳлдѳѳнүн жана болот ѳткѳргүч түтүктѳрдүн жыртык-тешиктеринин бүтѳлүшүнүн канааттандырарлык натыйжалары алынды;
- буруп кетүүлѳрдѳгү гидранттардын, вантуздардын, алдын алып сактоочу клапандардын жана эксплуатациялоодогу ѳткѳргүч түтүктѳргѳ бириктирүү ордуларынын ордуна фланецтик бүтѳѳчүлѳр орнотулду;
- сыноодогу участканын толтурулуу, таптап тыгыздантуу жана бошотуу каражаттары даярдалды;
- убактылуу коммуникациялар жалгаштырылды жана да сыноолорду жүргүзүү үчүн зарыл приборлор жана крандар орнотулду;
- даярдык жумуштарын жүргүзүү үчүн кудуктар кургатылды жана желдетилди;
- коргоо аймагынын участкаларынын чектеринде дежурлук уюштурулду;
- ѳткѳргүч түтүктүн сыноодогу участогу суу менен толтурулду (сыноонун гидравликалык ыкмасында) жана андан аба сүрүлүп чыгарылды.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн бекемдигин жана герметикалуулугун адепки жана кабыл алуучулук сыноолорду жүргүзүүдѳ гидравликалык басымды ѳлчѳѳ үчүн кластык тактыгы 1,5тен тѳмѳн эмес, корпусунун диаметри 160 миллиметрден кем эмес жана номиналдык басымга карата сынактык РИ 4/3 шкаласы менен аныкталып берилген тартипте аттестацияланган пружиналык манометрлерди колдонгон ылайык.
28- таблица
Ѳткѳргүч түтүктүн мүнѳздѳмѳсү | Адепки сыноодогу РИ сынактык басымынын чоңдугу (МПа / (кгс/см2) |
1 | 2 |
Болоттук I класстагы* ширетилип жалга-шып бириктирилүүсү, ички эсептик РР басымы менен 0,75 МПа (7,5 кгс/см2) чейин. | 1,5 (15) |
Болоттук 2- жана 3-класстардагы, ширешип жалгашып бириктирилүүсү, ички эсептик РР басымы менен 0,75 МПа (7,5 кгс/см2) чейин. | 1,0 (10) |
Болоттук, айрым секциялардан туруп, фла-нецтерде бириктирилүүсү, ички эсептик РР басымы менен 0,5 МПа (5 кгс/см2) чейин. | 0,6 (6) |
Пластмассалык | 1,3 коэффициенти менен МАМСТ боюнча ички эсептик басым |
Ѳткѳргүч түтүккѳ кошумча сордурулуучу жана сыноо жүргүзүүдѳ андан коё берилүүчү суунун кѳлѳмүн ѳлчѳѳ үчүн ѳлчѳѳчү челектерди же МАМСТ 6019 боюнча, белгиленген тартипте аттестацияланган муздак суунун эсептегичтерин (суу ѳлчѳгүчтѳрдү) колдонгон ылайык.
Ар башка сынак участкаларындагысынактык РИ басымынын чоңдугун, буга ѳткѳргүч түтүктѳр эксплуатациялоого тапшырылуу алдында кабылышат, ѳткѳргүч түтүктүн ар бир участкасы үчүн түтүктѳрдүн кабыл алынган материалынын жана классынын бекемдик кѳрсѳткүчтѳрүнѳн чыгып, сыноо маалында ѳткѳргүч түтүккѳ таасирин тийгизүүчү суунун эсептик ички басымын курулуш уюмдарынын долбоорлорунда кѳрсѳтүү керек.
Сынактык басымдын эсептик чоңдугу түтүктѳрдѳгү ѳткѳргүч түтүктѳр үчүн тѳмѳндѳгү чоңдуктарынан ашып кетпѳѳсү керек:
– чоюндук – 0,5 коэффициенти менен заводдук сынактык басым;
– темирбетондук жана хризотилцементтик – мамлекеттик стандарттар же тышкы күч келүү болбогонунда түтүктѳрдүн тийиштүү класстары үчүн техникалык шарттары тарабынан каралган гидростатикалык басым;
– болоттук жана пластмассалык – 1,3 коэффициенти менен ички эсептик басым.
Чоюндук, хризотилцементтик, бетондук, темирбетондук ѳткѳргүч түтүктѳр эсептик ички басымдын биргелешкен таасир этүүсүнѳ жана келтирилген тышкы күч келүүнүн эсептелишине эсеп кылышы керек.
Болот жана пластмасса ѳткѳргүч түтүктѳр «Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүккѳ гидравликалык сыноо жүргүзүү боюнча сунуштамалардын» 2.8.18.1 бѳлүмүнүн ченемдерине жана тышкы келтирилген күч келүүнүн, атмосфералык басымдын, ошондой эле түтүктѳрдүн туурасынан кесилишинин жумуру формасынын туруктуулугуна ылайык ички басымдын таасир этүүсүнѳ эсептелинген болушу керек.
Ички коргоочу жабуусуз болот түтүктѳрүнүн вертикалдык диаметрин кыскартуу 3%дан ашпашы керек, ал эми ички коргоочу жабуулары менен болот түтүктѳрү жана пластмасса түтүктѳрү үчүн стандарттар же бул түтүктѳргѳ деген техникалык шарттар боюнча кабыл алынышы зарыл.
Боштуктун чоңдугун аныктоодо ѳткѳргүч түтүктѳ алдын алып каралган боштукка каршы түзүлүштѳрдүн иш-аракети кѳңүлгѳ алынганы ылайык.
Убактылуу күч келүүлѳр эсебинде кабылданганы ылайык:
– темир жолдордун астында тѳшѳлүүчү ѳткѳргүч түтүктѳр үчүн – ушул темир жол линиясынын классына ылайык келүүчү күч келүүнү;
– автомобиль жолдорунун астында тѳшѳлүүчү ѳткѳргүч түтүктѳр үчүн – Н-30 автомобилдеринин же НК-80 дѳңгѳлѳктүү транспорттун колоннасынан (ѳткѳргүч түтүккѳ чоң күч келтирип таасир этүү боюнча);
– автомобиль транспортунун кыймылы мүмкүн болчу жерлерде тѳшѳлүүчү ѳткѳргүч түтүктѳр үчүн – Н-18 автомобилдеринин же НГ-60 каз тамандуулардын колоннасынан (ѳткѳргүч түтүккѳ чоң күч келтирип таасир этүү боюнча);
– автомобиль транспортунун кыймылы мүмкүн эмес болгон жерлерде тѳшѳлүүчү ѳткѳргүч түтүктѳр үчүн – бирдей ѳлчѳмдѳ бѳлүштүрүлгѳн 5 кПа (килопаскаль) (500 кгс/м2) күч келүүнү.
2.9 Сууну сактоо үчүн топтогучтар
Суу менен камсыздоо системаларындагы суу топтогучтар дайындалышынан кѳз карандылыкта суунун иреттештирүүчү, ѳрттүк, авариялык жана контакттык кѳлѳмдѳрүн ѳзүнѳ камтуусу керек.
Суу топтогучтарды суу менен камсыздоонун территориялары боюнча жайгаштыруу, алардын кѳлѳмдѳрдѳ жогору орун алуусу калктуу конуштарды суу менен камсыздоо системалары үчүн делинген талаптарга ылайык (негизги суу түтүктѳрүнүн, суу түтүктѳрү тарамдарынын, насостук станциялардын жана жѳнгѳ салуучу идиштердин биргелешкен иштөөсүнун эсептелиштерин, эреже катары, сууну берүүнүн тѳмѳндѳгүдѳй мүнѳздүү тартиптери үчүн – суткасына максималдуу керектѳѳ + ѳрттү ѳчүрүүгѳ сууну максималдуу сааттык чыгымдоо; – суткасына орточо керектѳѳ; – суткасына минималдуу суу керектѳѳ болуп аткарылганы ылайык) аткарылган курулуш-тардын жана түзүлүштѳрдүн системасына кирүүчү гидравликалык жана оптималдаштырылган эсептѳѳлѳрдүн натыйжаларынын негизинде, суу менен камсыздоонун схемаларын жана системаларын иштеп чыгууда аныкталышы керек:
- суткасына сууну максималдуу керектѳѳ + ѳрттү ѳчүрүүгѳ сууну максималдуу сааттык чыгымдоо;
- суткасына орточо керектѳѳ;
- суткасына сууну минималдуу керектѳѳ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын территориясында аракеттенүүчү ѳрткѳ каршы коргонуу боюнча ченемдеринин жоболорун эсепке алуу менен.
Суу топтогучтар эсебинде жер астылык, жердик жана жер үстүлүк суу топтогучтарды, суу мунараларынын бактарын, ошондой эле имараттардын чатырларында, чердактарда жана араларындагы техникалык кабаттарда жайгаштырылуучу бактарды пайдаланууга жол берилет.
Авариялык запас гана сакталган суу топтогучтарда (бактарда) белгилердин болушуна жол берилет, андайда суу топтогучтан тармакка суу тармактагы нормалдуу күчтѳп түртүлүү авариялыкка чейин тѳмѳндѳтүлгѳндѳ гана агып кире алат. Мындай суу топтогучтар же бактар суу топтогучту (бакты) тармактан бѳлүп ажыратуучу артка кайтаруу клапаны иштебеген учурга деп куюштуруучу түзүлүштѳр менен жабдылышы керек.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларындагы суу топтогучтарда чыпкаларды жууп-тазалоого деп суунун кошумча кѳлѳмүнүн болушу кѳңүлгѳ алынганы ылайык.
Эскертүү – Негизделгенинде суу топтогучта сууну керектѳѳнүн сааттык эле эмес, ошондой эле суткалык бирдей эместигин жѳнгѳ салуу үчүн суунун кѳлѳмүнүн алдын алып каралышына жол берилет.
Суу топтогучтардагы бир негизги суу түтүгү аркылуу суу берилгенинде алдын алып каралганы ылайык:
– негизги суу түтүгүндѳгү аварияны жоюу убактысы ичинде суунун авариялык кѳлѳмүн камсыздоочу (26-таблицанын маалыматтарына ылайык), сууну эсептик орточо сааттык керектѳѳнүн 70%ы ѳлчѳмүндѳ чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына жана авариялык график боюнча ѳндүрүштүк муктаждыктарга делинген чыгымдоолор;
– ѳрттү ѳчүрүүгѳ Кыргыз Республикасынын территориясында аракеттенүүчү ѳрткѳ каршы коргонуу боюнча ченемдерге ылайык аныкталып берилген ѳлчѳмдѳ ѳрт ѳчүрүүгѳ делинген суунун кошумча кѳлѳмү.
Эскертүүлѳр
1 Суунун авариялык кѳлѳмүн калыбына келтирүү үчүн зарыл убактыны 36–48 саат деп кабылдаган ылайык.
2 Суунун авариялык кѳлѳмүн калыбына келтирүүнү сууну керектѳѳнү тѳмѳндѳтүүнүн же резервдик насостук агрегаттарды колдонуунун эсебинен карап кѳрүү керек.
3 Ѳрт ѳчүрүүгѳ деген суунун кошумча кѳлѳмү Кыргыз Республикасынын территориясында аракеттенүүчү ѳрткѳ каршы коргонуу боюнча ченемдерге ылайык кабыл алынат.
Бир калыпта иштѳѳчү кошумча сордуруу насостук станцияларынын алдындагы идиштердеги суунун кѳлѳмү жогорку ѳндүрүмдүүлүктѳгү насостун 5–10 мүнѳттүк ѳндүрүмдүүлүгүнүн эсептелүүсүнѳн кабылданганы ыдайык.
Суунун контакттык кѳлѳмүн контакттын талап кылынган убактысында камсыздоо үчүн реагенттери менен сууну «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө «Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык аныктоо керек.
Контакттык кѳлѳмдү ѳрттүк жана авариялык кѳлѳмдѳрдүн чоңдугуна алар болгонунда азайтууга жол берилет.
Суу топтогучтар жана алардын жабдуусу суунун тоңуусунан корголгон болушу керек.
Ичүүчү суу үчүн суу топтогучтарда 48 сааттан кѳп эмес мѳѳнѳттѳ ѳрттүк жана авариялык суу кѳлѳмдѳрүнүн алмаштырылуусу камсыз кылынышы керек.
Эскертүү – Негизделгенинде суу топтогутардагы сууун алмаштырылуу мѳѳнѳтүн 3–4 суткага чейин узартууга жол берилет.
Ушунда айлантуучу насостордун орнотулушу алдын алып каралганы ылайык, алардын ѳндүрүмдүүлүгү суу менен камсыздоо булагынан суунун агып келүүсүн эсепке алуу менен 48 сааттан кѳп эмес мѳѳнѳттѳ идиштерде суунун алмашылуу шартынан чыгып аныкталышы керек.
2.9.1 Суу топтогучтардын жабдыктары
Суу үчүн суу топтогучтар жана суу мунараларынын бактары жабдылышы керек:
– тартып келүүчү жана буруп кетүүчү ѳткѳргүч түтүктѳр менен же бириктирилген тартып келүүчү-буруп кетүүчү ѳткѳргүч түтүгү менен;
– артка кайтарып куюучу түзүлүш менен;
– агызуучу ѳткѳргүч түтүк менен;
– желдетүүчү түзүлүш менен;
– адамдардын ѳтүүсү жана жабдууну ташып жеткирүү үчүн степлер же тепкичтер, люк-ѳткѳѳлдѳр менен.
Суу топтогучтун дайындалышынан кѳз карандылыкта кошумча алдын алып каралганы ылайык:
– суунун деңгээлин ченѳѳ, боштукту жана басымды кѳзѳмѳлдѳѳ үчүн түзүлүштѳр;
– 300 мм диаметри менен жарык түшүүчү тешиктер (суу топтогучтарда ичилбей турган сапаттагы суулар үчүн);
– жууп-тазалоочу суу түтүгү (жылдырылма же стационардык);
– идиштен суунун ашып агуусун болтурбоо үчүн түзүлүш (автоматика каражаты же берүүчү ѳткѳргүч түтүктѳ калкыма бүтѳѳчү клапанды орнотуу);
– суу топтогучка кирүүчү абаны тазалоо үчүн түзүлүш (ичүүчү сапатындагы суу үчүн суу топтогучтарда).
Суу топтогучтардагы жана суу мунараларынын бактарындагы тартып келүүчү ѳткѳргүч түтүктүн бүткѳн жеринде горизонталдые кромкасы менен диффузордун же камеранын алдын алып каралганы ылайык, булардын үстү идиштеги суунун максималдуу деңгээлинен 50–100 миллиметрге жогору жайгашуусу керек.
Суу топтогучтагы буруп кетүүчү ѳткѳргүч түтүктѳ конфузордун алдын алып каралганы ылайык. Ѳткѳргүч түтүктүн 200 миллиметрге чейин диаметринде приямкада жайгаштырылуучу (III категориядагы насостук станциялардын мисалында) кабыл алуучу клапанды колдонууга жол берилет.
Конфузордун узата жээгинен түбүнѳ жана идиштин капталына же приямкага чейинки аралыкты суунун конфузорго карата агып чыгуу кесилишиндеги кыймылынын ылдамдыгынан чоң эмес агып кирүү ылдамдыгы эсебинен аныктоо зарыл.
Суу топтогучтун түбүнѳ орнотулган конфузордун горизонталдык узата кеткен жээги, ошондой эле приямканын үстү жагы түбүнүн бетон катмарынан 50 мм жогору болушу керек.
Буруп кетүүчү ѳткѳргүч түтүктѳ же приямкада темир тордун алдын алып каралганы зарыл.
Суу топтогучтан же суу мунарасынан тышкарыдагы буруп кетүүчү (тартып келүүчү-буруп кетүүчү) ѳткѳргүч түтүктѳн сууну автоцистерналар жана ѳрткѳ каршы машиналар менен алуу үчүн түзүлүштүн алдын алып каралганы ылайык.
Артка кайтарып куюу түзүлүшү суунун максималдуу берилишинин жана минималдуу алынуусунун айырмасына теңдеш чыгымдалуусуна эсептелинген болушу керек.
Артка кайтарып куюу түзүлүшүнүн узата кеткен жээгиндеги суунун катмары 100 миллиметрден кѳп болбошу керек.
Ичүүчү суу үчүн дайындалган суу топтогучтарда жана суу мунараларында, артка кайтарып куюу түзүлүшүндѳ гидравликалык жапкыч алдын алып каралышы зарыл (МАМСТ Р 55072).
Коё берүүчү ѳткѳргүч түтүктү идиштин кѳлѳмүнѳн кѳз карандылыкта 100–150 мм диаметри менен долбоорлогон ылайык. Идиштин түбү коё берүүчү ѳткѳргүч түтүк тарабына 0,005тен кем эмес жантаюу менен болушу керек.
Коё берүүчү жана артка кайтарып куюу ѳткѳргүч түтүктѳрүн бириктирген ылайык (алардын бүткѳн жерлерин сууга чѳктүрүүсүз):
– ичилбей турган сапаттагы суу үчүн суу топтогучтардан – агымдын ажырымдалуусу менен ар кандай дайындалыштагы канализацияга же ачык казылган аңга карай;
– ичүүчүчү суу үчүн суу топтогучтардан – жамгырдык канализацияга же агымдын ажырымдалуусу менен ачык казылган аңга карай.
Артка кайтарып куюу ѳткѳргүч түтүгүн ачык казылган аңга алпарып кошууда ѳткѳргүч түтүктүн бүткѳн жеринде 10 мм кѳзчѳлѳрү менен темир торчолорду орнотуу алдын алып каралышы зарыл.
Сууну ѳз агымы менен ѳткѳргүч түтүк аркылуу коё берүү мүмкүн эмес же максатка ылайыксыз болгонунда сууну жылдырылма насостор менен сордуруп чыгаруу үчүн кудуктун алдын алып каралганы ылайык.
Идиштеги суунун деңгээлинин абалын ѳлчѳгѳн учурда абаны ичкери коё берүүнү жана сыртка чыгарууну, ошондой эле ѳрттүк жана авариялык кѳлѳмдѳрдү сактоо үчүн суу топтогучтардагы абанын алмашуусун 80 мм суудан ашып кетүүчү боштуктун түзүлүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу желдетүүчү түзүлүштѳр аркылуу алдын алып караган ылайык.
Суу топтогучтарда аба мейкиндиги максималдуу деңгээлдин үстүнѳн плитанын ылдыйкы капталына же тѳшѳѳ тегиздигине дейре 200дѳн 300 миллиметрге чейин деп кабылданышы керек.
Плиталардын ригелдери жана тирѳѳчтѳрү сууга чѳктүрүлгѳн болушу мүмкүн, ушунда жабуунун бардык отсектеринин ортосунда аба алмашууну камсыздоо зарыл.
Жабылуучу тѳмѳн түшүү тешиктери тартып келүүчү, буруп кетүүчү жана артка кайтарып куюучу ѳткѳргүч түтүктѳрдүн бүткѳн жерлерине жакын жайгашуулары керек.
Ичүүчү суу үчүн суу топтогучтардагы жабылуучу тешиктердин (люктардын) капкактарынын бекитүү жана пломбалоо түзүлүштѳрү болушу керек.
Суу топтогучтардын жабылуучу тешиктери жабуунун жылууланышынан 0,2 метрден кем эмеске жогору орун алышы зарыл.
Ичүүчү суу үчүн суу топтогучтарда бардык жабылуучу тешиктер толук герметизация менен камсыз болушу керек.
Бир түйүндѳгү бир дайындалыштагы суу топтогучтардын жалпы саны экиден кем эмес болгону ылайык.
Бардык суу топтогучтардагы түйүндѳрдѳ ѳрттүк, авариялык жана жѳнгѳ салуучу кѳлѳмдѳрдүн эң эле тѳмѳнкү жана эң эле жогорку деңгээлдери бирдей белгилерде болушу керек.
Суу токтогучтардын бири токтотулганында калгандарында суунун 50%дан кем эмес ѳрттүк жана авариялык кѳлѳмдѳрү сакталышы керек.
Суу топтогучтардын жабдуусу ар бир суу топтогучтун кѳз карандысыз иштетилүү жана бошотулуу мүмкүндүгүн камсыз кылышы зарыл.
Бир суу топтогучтун түзүлүшүнѳ анда ѳрттүк жана авариялык кѳлѳмдѳрдүн жок болгону учурда жол берилет.
Ѳз алдынчалуу участка же калкынын саны 5000 аламга чейин айыл жеринин калктуу конуштары үчүн ар бири 500м3дан 2 суу топтогучту же 1000м3 сыйымдуулуктагы бир суу топтогучту долбоорлоого жана курууга уруксат берилет.
Суу топтогучтардагы ачып-жапкыч камералардын конструкциялары суу топтогучтардын конструкциясы менен бекем байланышта болбогону ылайык.
Суу мунараларын мунаранын иштѳѳ тартибинен, бактын кѳлѳмүнѳн, климаттык шарттардан жана суу менен камсыздоо булагындагы температурадан кѳз карандылыкта бакты айланта чатыры менен же чатырсыз долбоорлоого жол берилет.
Эскертүү – Мунарага суу берүүчү насостордун иштѳѳсүн башкаруу үчүн пайдаланылуучу суу деңгээлинин датчиктеринин кыш мезгилинде суунун ашып кетпѳѳсү үчүн жылыткычы болушу керек.
Суу мунарасынын стволун чаңдын, түтүндүн жана газдык бѳлүнүүлѳрдүн түзүлүүсүн жокко чыгаруучу суу менен камсыздоо системасынын ѳндүрүштүк орун жайларын жайгаштыруу үчүн пайдаланууга жол берилет.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн стояктарындагы суу мунарасынын багынын түбүндѳгү түтүктѳр катуу жабылганында компенсаторлордун алдын алып каралганы ылайык.
Башка түзүлүштѳрдүн чагылгандан коргоо айиагына кирбеген суу мунарасы ѳздүк чагылгандан коргоосу менен жабдылышы керек.
Ѳрттүк суу топтогучтардын жана кѳлмѳлѳрдүн кѳлѳмү суунун эсептик чыгымдалышынан жана Кыргыз Республикасынын территориясында аракеттенүүчү ѳрткѳ каршы коргонуу боюнча ченемдерге ылайык ѳрттѳрдү ѳчүрүүнүн улануу узактыгынан чыгып аныкталышы керек.
Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрү тегеретип тосулушу керек. Биринчи алкактын санитардык коргоо аймагы менен суу топтогучтардын жана суу мунараларынын аянтчалары үчүн мындай аймактын бүткүл территориясында 2 метр бийиктиктеги туюк тосмонун болушу кабылданганы ылайык. 1,7 м бийиктиктеги тосмонун – темир тор панелдеринен дана 0,3 м – тикенек зымдан же металл торунан болуп алдын алып каралышына жол берилет, ушунда бардык учурларда тосмонун ички тарабынан кронштейндерде 4–5 катар тикенек зым каралышы керек.
Суу менен камсыздоо системасынын иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн тѳмѳндѳгү мүмкүнчүлүк каралганы ылайык:
а) күчтѳп түртүлүү суу топтогучтарын бѳлүп жайгаштыруу;
б) суу мунараларын күчтѳп түртүлүү суу топтогучтары менен алмаштыруу.
2.10 Лаборатория
Сууну колдонууга даярдоо станциясынын ишканасындагы базалык лабораториянын курамы, бѳлүмдѳрүнүн түзүмү, анын кадрдык курамы, жабдууларынын жана приборлорунун тизмеси «Суу булактарынын сууларын, ичүүчүчү жана агынды сууларды анализдѳѳ үчүн базалык лабораториялар тууралуу жоболордун» (РФдагы актуалдашуу убагы: 01.01.2023) ченемдери аркылуу аныкталышат.
Ичүүчү сууну жеткирүү ишканаларында («Суу каналы» ишканаларында) базалык лабораториянын болушу милдеттүү жана жеткирилүүдѳгү суунун ичүүчү суунун белгиленген стандарттарга ылайык келүүсү ырасталат.
2.11 Абоненттерди кошуу
Абоненттерди суу менен камсыздоо системасына кошуу калктуу конуштарда суу менен камсыздоонун, саркынды сууларды чыгаруунун (канализациянын) борборлоштурулган системаларын колдонуунун эрежелеринде кѳрсѳтүлгѳн ченемдер боюнча жүргүзүлѳт.
Суу менен камсыздоо кызматын уюштурууну кѳчѳдѳгү сууну андан ары пайдалануучулардан тышкары абоненттерге жана керектѳѳчүлѳргѳ кѳрсѳтүү жана заказчыларды суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системаларына кошуу алар тарабынан керектелүүчү муздак жана ысык суунун прибордук эсебин алуу уюштурулганында, эгерде башкасы мыйзам тарабынан аныкталып берилбеген болсо, жүзѳгѳ ашырылат.
Абоненттерди суу менен камсыздоодо керектелген кызматтардын санынын эсебин алуу суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системасына кошулуу чегинде орнотулган приборлордун кѳрсѳтүүлѳрү боюнча жүзѳгѳ ашырылат.
Суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системасына кошулуу чегинде эсебин алуу приборлорун орнотуу техникалык жактан мүмкүн болбогонунда суу менен камсыздоонун керектелген санынын эсебин алуу абоненттердин объекттеринде орнотулган эсебин алуу приборлорунун кѳрсѳтүүлѳрүнѳ ылайык жана да жоготуулардын нормаланган саны жана суунун аныкталып берилген тартипте бекитилип, кѳңүлгѳ алынбаган чыгымдалыштарынын эсеби менен аныкталат.
Абонентте керектелген суунун прибордук эсебин алуу болбогонунда суу менен камсыздоонун керектелген кызматынын кѳлѳмү жергиликтүү аткаруучулар жана башкаруучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аныкталуучу суу керектѳѳнүн лимиттерин эсеке алуу менен объектке делинген долбоордук документтерге ылайык аныкталат.
Абоненттин эсебин алуу приборлору анын эсебинен сатып алынат жана орнотулат. Абонент эсебин алуу приборлорунун оң экендигине кѳз салат, алардын ѳз убагы менен текшерилүүсүн, тейленишин жана оңдолуп-түзѳтүлүүсүн камсыз кылат.
Керектѳѳчүлѳрдүн эсебин алуу приборлорун пландык текшерүү мѳѳнѳтүнѳ кѳзѳмѳл, ошондой эле аларды тейлѳѳ жана пландык текшерүү боюнча жумуштар-ды ѳздүк каражаттарынын эсебинен сууну жеткирүүчү мекеме жүзѳгѳ ашырат.
Эсебин алуу приборлору орнотулгандан кийин сууну жеткирүүчү мекеме тарабынан пломбаланышы керек, ушунда магниттик талаанын таасир этүү индикаторлорун колдонууга жол берилет.
Пломбаланбаган эсебин алуу приборлорун эксплуатациялоого жол берилбейт.
Абоненттин эсебин алуу приборлору орнотулгандан кийин жеткирүүчү мекеме бүтүндѳй эсебин алуу түйүнүн кабыл алууну жана пломбалоону жүргүзѳт.
Абонент керектѳѳчү жеткирүүчү мекемени эсебин алуу приборлорунун иштѳѳсүндѳгү бардык бузулуулар жана тартип бузуулар, ошондой эле пломбанын жулунуусу жана бүтүндүгүнүн бузулушу тууралуу маалымдап турууга милдеттүү.
Абоненттердин суу алып ѳтүү түтүктѳрүндѳ орнотулуучу эсептѳѳ прибор-лору ичүүчү суунун ѳрт ѳчүрүү муктаждыктарына берилишин кѳңүлгѳ алуусуз максималдуу эсептик чыгымдалууга деп коё берилүүсүнѳ эсеп кылынышы керек.
Абоненттерди суу менен камсыздоонун бириктирилген системаларынын суу алып ѳтүү түтүктѳрүндѳ бириктирилген (кураштырылган) типтеги, ѳрт ѳчүрүү маалында суунун эсептик чыгымдалышын кѳңүлгѳ алуучу суунун чыгымдалышынын эсебин алуу приборлору орнотулат.
Ѳрт ѳчүрүү муктаждыгына талап кылынуучу ичүүчүчү суунун кѳлѳмдѳрүн коё берүү үчүн техникадык ченемдик укуктук актыларга ылайык айланма ѳткѳргүч түтүктү орнотууга жол берилет.
Айланма ѳткѳргүч түтүктү штаттык тартипте эксплуатациялоодо ачып-жапкычы жабык абалында пломбаланган болушу керек.
Абоненттер менен эсептешүү үчүн кызмат кылуучу эсептѳѳ приборлорунун кѳрсѳтүүлѳрүн алуу ай сайын сууну жеткирүү мекемесинин ѳкүлү тарабынан жүргүзүлѳт же жеткирүүчү мекеме менен макулдашылып, маалыматты абонент ѳзү бере алат. Кѳрсѳтүүлѳрдү берүүнүн тартиби жана мѳѳнѳттѳрү келишим менен аныкталат.
Эсептѳѳ приборлорунун кѳрсѳтүүлѳрүн керектѳѳчүлѳрдүн бериши жана суу менен камсыздоо кызматы үчүн СКЧ (суу түтүктүк-канализациялык чарбачылык) мекемеси менен эсептешүүлѳрү мыйзамдарда жана (же) келишимде кѳрсѳтүлгѳн тартипте жана мѳѳнѳттѳрдѳ жүзѳгѳ ашырылат.
Сууну жеткирүүчү мекеме системалуу түрдѳ, бирок үч айда бир жолудан сейрек эмес абоненттер, керектѳѳчүлѳр тарабынан эсептѳѳ приборлорунун кѳрсѳтүүлѳрүнүн алынуусунун жана берилүүсүнүн тууралыгын салыштырып текшерүүнү жүргүзүүсү керек.
Абоненттин суу менен камсыздоо кызматынан керектѳѳлѳрүнүн эсебин эсептѳѳ прибору боюнча жүргүзүү мүмкүн болбогонунда (эсептѳѳ приборун аны текшерүү жумуштарын аткаруу үчүн колдонуудан алуу, эсептѳѳ приборунун жумушун анын механизминде оң эместиктер келип чыкканынан улам токтотуу жана д.б.) колдонууга берилген (алынган) суунун ѳлчѳмү мурдагы эки ай үчүн орточо суткалык чыгымдалышы боюнча аныкталат.
Эсептѳѳлѳрдүн кѳрсѳтүлгѳн тартиби оң эсептѳѳ приборун орнотконго чейин сакталат, бирок эки айдан ашпоосу керек. Эгерде эсептѳѳ прибору ушул аталган мѳѳнѳт ичинде орнотулбаса, абонент тарабынан эки айдан ашык керектелинген кызмат кѳрсѳтүүнүн кѳлѳмү ѳзү билип кошулуу шарттарына ылайык аныкталат, мында чыгымдалган суунун ѳлчѳмү ички суу түтүгүнѳ алып ѳтүүнүн сууну коё берүү жѳндѳмдүүлүгү, андагы суунун кыймылынын ылдамдыгы 2 м/сек жана анын аракети суткасына 24 саат ичиндеги толук кесилиште болгону боюнча аныкталат. Кѳрсѳтүлгѳн параметрлер боюнча суунун кѳлѳмдѳрүнүн эсеби жүргүзүлгѳн убакыт аралыгы отуз сутканы түзѳт.
Ошондой эле суунун керектелүү кѳлѳмдѳрүнүн ушуга окшогон эсептелиши тѳмѳндѳгү учурларда жүргүзүлѳт:
– эсептѳѳ приборлорунун бузулуулары абоненттин күнѳѳсү боюнча болгонунда, мунун ичинде алардагы пломбуларды алып салуулар же бузуулар, ошондой эле эсептѳѳ приборлорунун кѳрсѳтүүлѳрүнүн бурмалануусуна алып келүүчү ар кандай иш-аракеттер, буга эсептѳѳ приборуна тышкы магнит талаасы менен таасир этүүнү, эсептѳѳ приборунун айрым деталдарын бузууну кошуп;
– айтылган мѳѳнѳттѳ эсептик түйүндү карап-күтүү жана (же) эсептѳѳ приборлорун орнотуу боюнча суу жеткирүү мекемесинин айткандарын абоненттин аткарбоосу;
– айланма ѳткѳргүч түтүктѳрдүн ачып-жапкычтарындагы, гидранттардагы жана ѳрттүк крандардагы, резервдик же ѳрттүк киргизүүлѳрдѳгү пломбалардын абонент тарабынан алып салынышы же бузулуусу, айланма ѳткѳргүч түтүктѳрдѳгү ачып-жапкычтардын бузулуулары;
– үй жанындагы участкаларды же дагы башка нерселерди сугаруу үчүн шлангдарды абоненттин, керектѳѳчүнүн кѳчѳдѳгү сууну андан ары пайдаланууга, суу түтүгүнѳ эсептѳѳ приборуна чейин жалгаштыруусу;
– сууну жеткирүү мекемесинин ѳкүлдѳрүнүн суу чарбалык курулуштарга жана түзүлүштѳргѳ, мунун ичинде эсептѳѳ түйүндѳрүнѳ жол алуусунан (кызматтык күбѳлүктѳрүн кѳрсѳтүшкѳнүндѳ) абоненттин баш тартуусу.
Тартип бузуулар аныкталганында, сууну жеткирүү мекемеси тартиптин бузулганы тууралуу актыны жазып толтурат.
2.12 Сууну эсептегичтердин типтери
Сууну колдонуунун ченемдер аркылу аныкталып берилген кѳлѳмдѳрү байкаларлык жогорулатылган. Алар анын реалдуу чыгымдалышынан кыйла чоңураак. Андыктан суу ѳлчѳгүчтү орнотуунун эсебинен керектѳѳнүн эсебин сарамжалдуу жүргүзүү керек.
Суу ѳлчѳгүчтѳрдүн колдонуудагы типтери. Приборлордун аракетте болуу принциптеринен чыгып сууну эсептегичтердин тѳмѳндѳгү типтерин бѳлүп кѳрсѳтүшѳт:
- тахометриялыктар (канатчалуулар жана кураштырылгандар);
- электромагниттиктер;
- ультраүндүктѳр;
- куюндуктар.
2.12.1 Суунун тахометриялык эсептегичтери
Суу эсептегичтердин бул тиби кѳбүрѳѳк кеңири жайылтылган. Механикалык суу ѳлчѳгүчтѳр компакттуулугу менен айырмаланышат. Аларды обочолонгон орундарда кураштырууга болот, андыктан орун жайдын жасалгаланышын бузушпайт. Конструкциянын жѳнѳкѳйлүгү бул приборлорго керектѳѳчүлѳрдүн кѳпчүлүгү үчүн кабылдоого боло тургандай бааны коюуга мүмкүнчүлүк берет. Алардын кѳрсѳтүүлѳрүндѳгү четтѳѳлѳр анчалык чоң эмес. Тахометриялык эсептегичтер – энерго кѳз карандысыз түзүлүштѳр. Алардын конструкциясындагы негизги элемент болуп сууга жайгаштырылган канатчалар эсептелишет. Алар жасаган тегеренүүнүн саны боюнча суунун кѳлѳмүн эсептешет. Эгерде текшерүү графигин бузбай сактаса, эсептегич 12 жылга чейин кызмат кыла алат. Прибордун иштѳѳсү үчүн электр менен жабдуунун тышкы булактары керек эмес. Бул типтеги прибордун шарттуу ѳтүүсүнүн диаметри 50 миллиметрден ашпайт.
Тахометриялык эсептегичтерди эгер анча чоң эме кѳлѳмдѳр тууралуу сѳз жүрѳ турган болсо, муздак кандай болсо, так эле ошондой ысык сууну ѳлчѳѳ үчүн орнотушат. Бул ѳлчѳгүчтѳр чоң чыгымдоолорго эсептелинбеген.
Канатчасы менен түзүлүштѳр бир агымдуу, кѳп агымдуу, бириктирилген түрдѳ болушат. Кѳп агымдуу моделдерде агым жумушчу дѳңгѳлѳгүнѳ карата жолдо бѳлүктѳргѳ ажырымдалышат. Ката кѳрсѳтүүлѳр азаят, б.а. калакчаларга бирдей күчтѳгү таасир этүү жүрѳт. Ушунда агымдын турбуленттүүлүгү толугу менен жокко чыгарылат.
2.12.2 Суунун кураштырылган эсептегичтери
Ал негизги жана кошумча приборлордон турат. Биринчиси суунун чоң кѳлѳмү чыгымдалганында клапандын ачылуусу аркылуу иштеп баштайт. Ѳлчѳѳчү түйүнү бирѳѳ, ал жогорку тактыкка ээ, герметикалуу, андыктан сууга чѳктүрүлгѳн шарттарда да иштей берет. Диаметри 50 миллиметрден чоң түтүктѳр үчүн прибордун конструкциясына канатчанын ордуна айлануучу турбинканы коюштурушат.
Суу ѳлчѳгүчтү мындайда магистралдын огуна жандай орнотушат.
Аны орнотуунун идеалдуу орду – кирген жеринде.
500 миллиметрге чейин кесилиши менен мындай эсептегичтерди ѳндүрүштүк ишканалардын ѳткѳргүч түтүктѳрүнѳ кураштырышат, ушунда суунун олуттуу кѳлѳмү агып ѳтѳт. Агымдын багытын жана бурчун атайын айлантып агызып ѳткѳргүч аныктайт.
2.12.3 Суунун электромагниттик эсептегичтери
Прибордун бул тиби электрсиз ѳзүнүн ишин аткара албайт. Анын иштѳѳсүнүн негизи болуп суунун электр тогун ѳзү аркылуу ѳткѳрүү ѳзгѳчѳлүгү эсептелинет.
Электромагниттик суу ѳлчѳгүчтѳр маалыматтарынын жогорку тактыгы менен айырмаланышат. Кѳрсѳтүүлѳрдү ѳлчѳѳ магниттик талаанын жана суу агымынын биргелешип аракеттенүү параметрлерине негизденет. Суюктук жасалма жол менен алынган магнит талаасынан ѳткѳнүндѳ, ал анын кѳрсѳтүүлѳрүн ѳзгѳртүп алмаштырат, датчиктер аны ѳзүнѳ белгилеп алат, ал эми маалыматтар дисплейден кѳрүнѳт. Бул – эсептегичтин кымбат түрү. Ал эгерде түтүктѳрдү кебээр басып кетпесе, жакшы жана узакка кызмат кылат. Мындай шарттар сейрек кездешкенинен электромагниттик приборлор дайым эле колдонула бербейт.
Эсептегичти орнотуу суунун басымына каршылыктын күчѳп артылышына алып келбейт. Так ушул себептен аны кѳбүнчѳ тѳмѳнкү басымы менен ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ орнотушат.
Электромагниттик эсептегич ар башка параметрдеги жана кеңири диапозондогу жабышкактыгы менен суунун чыгымдалышын кѳзѳмѳлгѳ алат. Чыгымдоону ѳзгѳртүп түзүүчүнүн түзүмүнѳ ички электромагниттик жабуусу жана тышынан жайгаштырылган электромагниттик оролуусу менен магнит ѳткѳргүч цилиндр кирет.
Ѳлчѳѳчү сигнал эки электрод аркылуу алынат, булар диаметралдуу жайгашышкан жана суу менен контактта болушат. Металло пластикалык, металдык, пластикалык эсептегичтерди орнотушат.
2.12.14 Приборлордун ультраүндүк түрлѳрү
Бул эсептегистер универсалдуу, алардын жардамы менен суунун чыгымдалышын гана ѳлчѳбѳстѳн, ошондой эле газдын, буунун кѳлѳмүнүн да эсебин чыгарышат. Алар электромеханикалык приборлор сыяктуу эле электр азыктандыруусуз иштебейт, себеби аларда электронтук эсептѳѳ түзүлүшү орун алган, ал мунсуз дегеле иштѳѳгѳ жѳндѳмдүү эмес.
Ѳлчѳѳ ультраүндүк термелүүлѳрдү суунун агымына таасир эттирүү жолу менен жүрѳт. Натыйжада алынган акустикалык таасир датчикти анализдейт, андан соң кѳрсѳтүүлѳр дисплейде ачыкка чыгышат.
Аларды суу түтүгүнүн үстүнкү бетинде кандай болсо, так эле ошондой түздѳн түз анын ѳзүндѳ орнотушат. Эгерде түзүлүш биринчи ыкмада аткарылса, анда приборду башка эсептегичтерди калибровкалоону же убактылуу кѳзѳмѳлдү жүзѳгѳ ашыруу үчүн башка жерге тез орун которуштурса болот. Эреже катары, мындай түзүлүштѳрдү ѳнѳр жайда колдонушат.
Стационардык ультраүндүк эсептегичтерден тышкары портативдик приборлор да бар. Алардын конструкциясында жѳнѳтүүчү жана кабыл алуучу катары иштѳѳчү экм датчик орун алган. Ультраүндүк суу ѳлчѳгүчтѳр анча чоң эмес энергия керектѳѳсү менен айырмаланышат, бул аларды кѳп чѳйрѳлѳрдѳ колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Түзүлүш кедергилерден жакшы корголгон. Бул приборлор менен ѳлчѳѳдѳгү четтѳѳлѳр максимум 1%ды түзѳт.
Мындай суунун чыгымдалышын ѳлчѳѳчүлѳрдүн конструкциясында сынып кала турган деталдар жок, андыктан алар дээрлик жарабай калган абалга кабылышпайт. Сууну эсептѳѳчүлѳрдүн ультраүндүк сыяктуу мындай түрлѳрүнүн акыркы үлгүлѳрүндѳ жакшы метрологиялык сапаттар, тактык жана ушуга ылайык наркы ийгиликтүү айкалыштырылган.
2.12.5 Куюндук суу ѳлчѳгүчтѳр
Куюндук эсептегичтер ѳткѳргүч түтүктѳгү суу таза жана кѳрсѳтүүнү бурмалоого жѳндѳмдүү абразивдик бѳлүкчѳлѳрсүз болгон шартта гана туруктуу иштей алышат.
Ар бир куюндук эсептегич ѳзүнүн курамында айлантып ѳткѳрүүчү денени кайтыйт. Ал түтүктѳ жайгаштырылгпн жана суунун агымынын жолунда бѳгѳттүк ролду ойнойт. Агымдын улануу багыты боюнча андан ары карай жогорку туюмдагы датчик жайгашкан. Ал агымдагы ѳтѳ деле мааниге ээ болбогон термелүүлѳр мене ниш алып барат.
Куюндук эсептегич менен жабдылган датчик эң эле мыкты тең салмактанылганы менен айырмаланат. Жадесе түтүктүн дирилдеп термелүүсү да анын кѳрсѳтүүлѳрүнүн тактыгына таасмр эте албайт. Куюндук эсептегичти ага температураны кѳзѳмѳлдѳгүчтү кошумчалоо менен ѳркүндѳтүүгѳ болот. Ушунда ѳлчѳѳлѳрдүн тактыгы температурага тууралануу менен жогорулайт.
3 Курулуш ченемдери
3.1 Жабдууларды, арматураларды жана ѳткѳргүч түтүктѳрдү жайгаштыруу
Бѳлүмдүн кѳрсѳтмѳлѳрү орун жайлардын ѳлчѳмдѳрүн аныктоодо, технологиялык жана кѳтѳргүч-транспорттук жабдууну, арматураны орнотууда, ошондой эле суу менен камсыздоонун имараттарында жана курулуштарында ѳткѳргүч түтүктѳрдү алып ѳтүүдѳ кѳңүлгѳ алынганы ылайык.
Ѳндүрүштүк орун жайлардын аянтын аныктоодо ѳтмѳктѳрдүн жазылыгын тѳмѳндѳгүдѳн кем эмес деп кабылдоо керек:
- насостордун же электр кыймылдаткычтарынын ортосу – 1 м;
- насостордун же электр кыймылдаткычтарынын жана чѳгѳрүлгѳн орун жайлардагы дубалдын ортосу – 0,7 м, башкаларында – 1 м; ушунда электр кыймылдаткычы тарабындагы ѳткѳѳлдүн жазылыгы роторду демонтаждоо үчүн жетиштүү болушу керек;
- компрессорлордун же аба үйлѳтүүчүлѳрдүн ортосунда – 1,5 м, алардын жана дубалдын ортосу – 1 м;
- жабдуунун кыймылсыз сырткарыга чыгып турган бѳлүктѳрүнүн ортосу – 0,7 м;
– бѳлүштүрүүчү электр калканычынын алды – 2 м.
Эскертүүлѳр
1 Завод-даярдоочу тарабынан регламенттелүүчү жабдууну айланта ѳткѳѳлдѳр паспорттук маалыматтар боюнча кабылданганы ылайык.
2 Агрегаттар үчүн диаметри 100 миллиметрге чейин шыкап толтуруучу патрубканы кошуп: агрегаттарды дубалга жандай же кронштейндерде орнотууга; эки кабатталган түзүлүштү айланта жазылыгы ≥ 0,7 м ѳткѳѳлдѳрдүн орнотулушун камсыздоо менен агрегаттардын сырткарыга чыгып турган бѳлүктѳрүнүнүн ортосундагы аралык 0,25 метрден кем эмес болгонунда эки агрегаттарды орнотууга жол берилет.
Технологиялык жабдууну, арматураны жана ѳткѳргүч түтүктѳрдү эксплуатациялоо үчүн орун жайларда кѳтѳргүч-транспорттук жабдуу алдын алып каралышы керек.
Ушунда, эреже катары, кабылданганы ылайык:
– жүк 5 тоннага чейин болгонунда – кол талын же асма кол кран-балканы;
– жүк 5 тоннадан кѳбүрѳѳк болгонунда – кѳпүрѳлүк кол краны;
– жүктү 6 метрден жогору бийиктикке кѳтѳрүү маалында же кран астындагы жолдун 18 метрден кѳбүрѳѳк узундугунда – электрдик крандык жабдуу.
Эскертүүлѳр
1 Инвентардык түзүлүштѳрдү жана орнотмолорду колдонууга жол берилет.
2 Технологиялык жабдууну (күчтѳп түртүлүү чыпкаларын, гидроаралаштыргычтарды ж.б.) монтаждоодо гана зарылдыгы бар жүк кѳтѳрүүчү крандардын алдын алып каралышы талап кылынбайт.
3 0,3 тоннага чейинки жабдууну жана арматураны ордунан жылдыруу үчүн такелаждык каражаттарды колдонууга жол берилет.
Крандык жабдуусу менен орун жайларда монтаждык аянтчанын алдын алып каралганы ылайык.
Жабдууну жана арматураны монтаждык аянтчага жеткирүүнү такелаждык каражаттар же имараттан чыгуучу монорельстеги таль аркылуу, ал эми негизделген учурларда транспорттук каражаттар менен жүргүзүү керек.
Крандык жабдууну тейлѳѳ аймагындагы монтаждык аянтчада орнотулуучу жабдуунун же транспорттук каражаттын айланасында 0,7 метрден кем эмес жазылыктагы ѳткѳѳл камсыз кылынышы зарыл.
Дарбазалардын же каалгалардын ѳлчѳмдѳрү жабдуунун же жүгү менен транспорт каражатынын кѳлѳмдѳрүнѳн аныкталганы ылайык.
Крандык жабдуунун жүк кѳтѳрүмдүүлүгүн ташып жеткирилүүдѳгү жүктүн же жабдуунун максималдуу массасынан чыгып, жабдууну завод-даярдап чыгаруучунун аны ташып жеткирүү шарттарына карата талаптарын эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Завод-даярдап чыгаруучулардын жабдууну чогултулган түрүндѳ гана ташып жеткирүүгѳ карата талаптары болбогонунда крандын жүк кѳтѳрүмдүүлүгүн максималдуу массага ээ жабдуунун деталынан же бѳлүгүнѳн чыгып аныктоого жол берилет.
Эскертүү – Жабдуунун массаларынын жана кѳлѳмдѳрүнүн аларды кѳбүрѳѳк кубаттуу-суна алмаштыруу жагы алдын алып каралган учурларда арттырылуусу эсепке алынганы ылайык.
Оюктардын жана сырткы дарбазалардын алды жагында транспорт каражаттарынын жана жүк кѳтѳрүүчү жабдуунун кайрылуусу үчүн тийиштүү аянтчалардын алдын алып каралышы зарыл.
Кѳтѳрүүчү транспорттук жабдуусу бар орун жайлардын бийиктигин анык-тоону (монтаждык аянтчанын деңгээлинен жабуу балкаларынын тѳмѳнкү бѳлүгү-нѳ чейин) жана крандарды орнотууну МАМСТ 7890го ылайык жүргүзүү керек.
Кѳтѳрүүчү-транспорттук жабдуу болбогонунда орун жайлардын бийиктигин КР КЧ 31-05 боюнча кабылдаган ылайык.
Жабдууларды, электр жетектерин жана ачып-жапкычтардын (жапкычтардын) маховиктерин тейлѳѳ жана башкаруу орундарына чейин полдон 1,4 метрден кѳбүрѳѳк бийиктигинде аяннтчалардын жана кѳпүрѳчѳлѳрдүн алдын алып каралганы ылайык, ушунда аянтчадан же кѳпүрѳчѳдѳн тейлѳѳ жана башкаруу орундарына чейин бийиктиги 1 метрден ашпоосу керек. Жабдуунун фундаменттерин кеңейтүү алдын алып каралышына жол берилет.
Монтаждык аянтчанын же тейлѳѳ аянтчаларынын астында жабдууларды жана арматураны орнотууга полдон (же кѳпүрѳчѳдѳн) сыртка чыгып туруучу конструкциялардын түбүнѳ чейин 1,8 метрден кем эмес бийиктикте болгонунда жол берилет. Ушунда жабдуу жана арматуранын үстүндѳ аянчалардын чыгарып алынуучу жабууларынын же оюктарынын алдын алып каралганы ылайык.
Аралыктык же автоматтык башкарууда диаметри ар кандай ѳткѳргүч түтүктѳрдѳгү ачып-жапкычтар (жапкычтар) электр жетеги менен болушу керек. Пневматикалык, гидравликалык же электромагниттик жетектерди (привод) колдонууга жол берилет.
Аралыктык же автоматтык башкаруу болбогонунда диаметри 400 мм жана андан азыраак бүтѳѳчү арматура кол жетеги менен, диаметри 400 миллиметрден кѳбүрѳѳктѳ электрдик же гидравликалык жетеги менен алдын алып каралганы ылайык; айрым бир учурлардагы негизделгенинде кол жетеги менен диаметри 400 миллиметрден кѳбүрѳѳк арматураны орнотууга жол берилет.
Имараттардагы жана түзүлүштѳрдѳгү ѳткѳргүч түтүктѳр, эреже катары, полдун үстүнкү бети менен (тирѳѳчтѳрдѳ же кронштейндерде) ѳткѳргүч түтүктѳрдүн үстүндѳ кѳпүрѳчѳлѳрдү куруу жана да жабдууга жана арматурага карата мамилени жана тейлѳѳнү камсыздоо менен алып ѳтүлгѳнү ылайык.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдү каналдарда үстү жабылып, алынуучу плиталары менен же подвалдарда тѳшѳѳгѳ жол берилет.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн каналдарынын кѳлѳмдѳрүн кабылдоо керек:
– түтүктѳрдүн 400 миллиметрге чейинки диаметринде – жазылыгы 600 мм, тереңдиги 400 мм диаметрден чоң;
– түтүктѳрдүн 500 мм жана жогору диаметринде – жазылыгы 800 мм, тереңдиги 600 мм диаметрден чоң.
Фланецтик арматураны орнотуу орундарында каналдын кеңейтилүүсү алдын алып каралганы ылайык.
Приямкага карата каналдардын түбүнүн жантаюусу 0,005 болуп кабылдануусу керек.
3.2 Электр жабдуулары, технологиялык кѳзѳмѳл, автоматташтыруу жана башкаруу системалары
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Суу менен камсыздоо системаларынын түзүлүштѳрүнүн электр кабыл алгычтарынын электр менен жабдуусунун ишенимдүүлүк категорияларын ЭОЭ (электр түзүлүштѳрүн орнотуу эрежелери) боюнча аныктаган ылайык.
Насостук станциянын электр менен жабдуусунун ишенимдүүлүк категориясы насостук станциянын МАМСТ Р 50571.16 ченемдерин эсепке алуу менен кабыл алынган категориясы, ошондой эле электр менен жабдуусунун ЭОЭ боюнча кабылданган ишенимдүүлүк категориясы сыяктуу болушу керек.
Электр кыймылдаткычтарынын чыңалуусун тандоону алардын кубаттуулуктарынан, электрдик азыктануусунун кабыл алынган схемасынан кѳз карандылыкта жана долбоорлонуп жаткан объектини ѳнүктүрүү перспективаларын эсепке алуу менен жүргүзгѳн ылайык; электр кыймылдаткычтарынын аткарылышын курчап турган чѳйрѳдѳн жана электр жабдуусу орнотулган орун жайдын мүнѳздѳмѳсүнѳн кѳз карандылыкта тандоо керек.
Реактивдүү кубаттуулуктун компенсациясы энергия менен жабдуучу уюмдун талаптарын жана компенсациялоочу түзүлүштѳрдүн орнотулуу ордуларын тандоонун техникалык-экономикалык негизделишин, алардын кубаттуулуктарын жана чыңалууларын эсепке алуу менен жүзѳгѳ ашырылуусу керек.
Бѳлүштүрүүчү түзүлүштѳрдү, трансформатордук подстанцияларды жана башкаруу калканычтарын жанаша курулган же жанаштырылган орун жайларда алардын мүмкүн болчу кеңейтилүүсүн жана кубаттуулугунун күчѳтүлүүсүн эсепке алуу менен жайгаштырган ылайык.
Ѳзүнчѳ турган жабык бѳлүштүрүүчү түзүлүштѳрдүн жана трансформатордук подстанциялардын алдын алып каралышына жол берилет.
Жабык калканычтарды ѳндүрүштүк орун жайларда жана ѳрттүк дайында-лыштагы насостук станцияларда полдо же балкондордо аларга суунун чачырашын жокко чыгаруучу чаралардын кабыл алынуусу менен орнотууга жол берилет.
Суу менен камсыздоо түзүлүштѳрүнүн автоматташтырылуу кѳлѳмүн анык-тоодо алардын ѳндүрүмдүүлүгү, иштѳѳ татиби, жоопкерчилик даражасы, ишеним-дүүлүгүнѳ карата талаптар, ошондой эле тейлѳѳчү персоналдын санын кыскартуу перспективасы, иштеп жаткандардын эмгектенүү шарттарын жакшыртуулар, электр энергиясынын керектелишин, суунун жана реагенттердин чыгымдалышын тѳмѳндѳтүү, курчап турган чѳйрѳнү коргоого карата талаптар кѳңүлгѳ алынат.
Суу менен камсыздоо түзүлүштѳрүн автоматташтыруу системасы алдын алып карашы керек:
– дайындалган иш тартиби менен же дайындалган программага ылайык негизги технологиялык процесстерди автоматтык башкаруу;
– технологиялык жабдуунун иштѳѳ тартибин жана анын абалын мүнѳздѳѳчү негизги параметрлерине автоматтык кѳзѳмѳл;
– айрым түзүлүштѳрдүн технологиялык иш тартибин жана алардын үнѳмдүүлүгүн аныктоочу параметрлерди автоматтык жѳнгѳ салуу.
Башкаруу объектилеринин чоң саны же 25тен ашык технологиялык операциялары менен түзүлүштѳрдү автоматташтыруу үчүн релелик-контакттык аппаратуранын ордуна микропроцессордук кѳзѳмѳлдѳѳчүлѳрдү колдонуу максатка ылайыктуу.
Автоматтык башкаруу системасы айрым түзүлүштѳрдү жана курулмаларды жергиликтүү башкаруу мүмкүндүгүн алдын алып карашы керек.
Технологиялык кѳзѳмѳл системасында алдын алып кароо зарыл:
– автоматтык (үзгүлтүксүз) кѳзѳмѳлдүн каражаттарын жана приборлорун;
– мезгилдүү кѳзѳмѳлдүн каражаттарын (түзүлүштѳрдүн ж.б. иштѳѳсүн жѳнгѳ салуу жана текшерүү үчүн).
Суунун сапаттык параметрлерине кѳзѳмѳлдү автоматтык приборлор жана анализаторлор менен же андайлардын жоктугунда лабораториялык усулдар аркылуу үзгүлтүксүз жүзѳгѳ ашыруу зарыл.
3.2.1 Үстүнкү беттик жана жер астындагы суулардын суу алуучу түзүлүштѳрү
Жер астындагы суулардын суу алуучу түзүлүштѳрүндѳгү ѳзгѳрмѳлүү суу керектѳѳдѳ насосторду башкаруунун тѳмѳндѳгү ыкмаларынын алдын алып каралуусу сунушталат:
– аралыктык же телемеханикалык – алардын башкаруу пункттарынын (БК) командалары боюнча;
– автоматтык – кабылдоочу суу топтогучтагы суунун деңгээлинен кѳз карандылыкта же тармактагы басым боюнча.
Скважиналар (шахталык кудуктар) үчүн суунун деңгээли жол берилгенден тѳмѳн түшкѳнүндѳ насостун автоматтык ѳчүрүлүшү алдын алып каралганы ылайык.
Үстүнкү беттик суу алуу түзүлүштѳрүндѳ темир тор тосмолорундагы деңгээлдердин ѳзгѳрүүлѳрүн кѳзѳмѳлдѳѳ, ошондой эле камералардагы, кѳлмѳдѳгү же суу агымындагы суунун деңгээлин ѳлчѳѳ алдын алып каралганы зарыл.
Жер астындагы суулардын суу алуу түзүлүштѳрүндѳ ар бир скважинадан (шахталык кудуктан) берилүүчү суунун чыгымдалышын же кѳлѳмүн, камералардагы, чогултуучу суу топтогучтардагы суунун деңгээлин, ошондой эле насостордун күчтѳп түртүлүү патрубкаларындагы басымды ѳлчѳѳ алдын алып каралганы ылайык.
3.2.2 Насостук станциялар
Бардык дайындалыштагы насостук станциялар, эреже катары, туруктуу тейлѳѳ персоналысыз башкарылуусу менен долбоорлонушу керек:
– автоматтык – технологиялык параметрлеринен (идиштердеги суунун деңгээлинен, тармактагы суунун басымынан же чыгымдалышынан) кѳз карандылыкта;
– аралыктык (телемеханикалык) – башкаруу пунктунан;
– жергиликтүү – убак-убагы менен келүүчү персоналдын зарыл сигналдарды башкаруу пунктуна же тейлѳѳчү персоналдын дайымкы катышуусунда жиберүүсү менен.
Ѳзгѳрмѳлүү иш тартиби менен насостук станциялар үчүн электр энергиясынын минималдуу чыгымдалышын камсыздоочу суунун басымын жана чыгымдалышын жѳнгѳ салуу мүмкүндүгү алдын алып каралышы керек.
Жѳнгѳ салуу төмөнкүдөй жүзѳгѳ ашырылуусу мүмкүн:
– тепкичтүү –иштѳѳдѳгү насостук агрегаттардын санын ѳзгѳртүү менен;
– салмактуу – насостордун айлануу жыштыгын, жѳнгѳ салуучу арматураны ачуу даражасын ѳзгѳртүү жана дагы башка ыкмалар менен;
– ошондой эле бул ыкмаларды айкалыштыруу менен.
Насостук түзүлүштүн иштѳѳ тартибин жѳнгѳ салуунун ыкмасын тандоо теникалык-экономикалык эсептѳѳлѳр менен негизделиши керек.
Суу менен камсыздоо системасынын насостук станциялары үчүн, насостордун иштѳѳсүн жѳнгѳ салуу үчүн жыштыктык ѳзгѳртүп түзүүчүлѳр колдонулганы ылайык.
Жѳнгѳ салынуучу агрегаттардын санын жана алардын параметрлерин тандоо 2,5 жана 2,7 бѳлүмдѳрүнүн кѳрсѳтмѳлѳрүнѳ ылайык аткарылуучу гидравликалык жана оптималдаштыруучу эсептѳѳлѳрдүн негизинде жүргүзүлүшү керек.
Насостук түзүлүштѳрдѳгү жѳнгѳ салынуучу электр приводу эсебинде жыштык привод, вентилдик кыймылдаткычтын базасындагы привод колдонулушу ыктымал.
Приводдун түрүн тандоо насостук агрегаттардын конструктивдик ѳзгѳчѳлүктѳрүн, алардын кубаттуулуктарын жана чыңалууларын, ошондой эле насостук станциянын иштѳѳсүнүн алдын алып болжолдонгон тартибин кѳңүлгѳ алуу менен жүзѳгѳ ашырылат.
Автоматташтырылган насостук станциялардагы иштеп турган насостук агрегаттарды авариялык токтотууда резервдик агрегатты автоматтык иштетүүнү жүзѳгѳ ашырган ылайык.
Телемеханикалаштырылган насостук станцияларда резервдик агрегатты автоматтык иштетүүнү I категориядагы насостук станциялар үчүн деп жүзѳгѳ ашыруу керек.
I категориядагы насостук станцияларда насостук агрегаттардын ѳзүн ѳзү иштетүүсүнүн же электр менен камсыздоонун шарттары боюнча тынымдык убактысы менен бир учурдагы ѳзүн ѳзү иштетүү мүмкүн болбогонунда автоматтык иштетүүнүн алдын алып каралганы ылайык.
Насостук станцияда насос булуңу үчүн боштук-казанын орнотууда казандагы суунун деңгээлинен кѳз карандылыкта боштук-насосторунун автоматтык иштѳѳсү камсыз кылынышы керек.
Сууну берүү жана бѳлүштүрүү системасына кирүүчү насостук станциялардын ар бирин автоматташтырылган башкаруу системанын башка насостук станциялары менен, ошондой эле негизги суу түтүктѳрүндѳгү жана тарамдардагы жѳнгѳ салуучу идиштер жана жѳнгѳ салуучу түзүлүштѳр менен анын биргелешип аракеттенүүсүн эсепке алуу негизинде курулганы ылайык.
Ушунда жѳнгѳ салынбаган насостор тарабынан (алардын ѳзүн ѳзү жѳнгѳ салууларынын натыйжасында) суунун берилишинин ѳзгѳрүүсү алардын насостордун ар биринин жол берилген диапозонунун чектеринен чыгып кетпеши үчүн кѳзѳмѳлдѳнүүсү керек.
Зарыл учурларда берүүнүн жол берилбеген арттырылуусун дросселдѳѳ менен, ал эми анын жол берилбеген тѳмѳндѳтүлүүсүн рециркуляция менен чектѳѳ керек.
Системалардын иштѳѳсүнүн үстүнѳн бирдиктүү бүтүндүк катары автоматташтырылган башкаруу бардык биргелешип иштѳѳчү насостордун кубаттуулуктарынын минималдуу кошунду чыгымдалыштарында суунун суткалык талап кылынган чыгымдалуусун берүүнү, тармакта талап кылынгандан тѳмѳн эмес эркин күчтѳп түртүлүүлѳрдү камсыздоосу жана да четке агып кетүүлѳрдѳн жана сарамжалсыз чыгымдоодон улам суунун жо-готулушунун артылуусуна алып келүүчү ашыкча эркин күчтѳп түртүлүүлѳрдү мүмкүн болчу минимумга чейин тѳмѳндѳтүүнү камсыздоосу керек.
Система айрым агрегаттардын ашыкча жүктѳлүүсүнѳ, алардын тѳмѳн ПАК (пайдалуу аракеттенүү коэффициенти) аймагындагы, помпаж жана кавитация аймактарындагы иштѳѳсүнѳ жол бербѳѳ менен суунун берилген кѳлѳмүнүн бирдигине минималдуу мүмкүн болчу энергетикалык чыгымдоолору менен суунун берилишин камсыз кылышы керек.
Насостук станцияларда кол тийгис ѳрттүктүн берилиш мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жаап салуу, ошондой эле суу топтогучтардагы башка максаттарга делинген суунун авариялык кѳлѳмдѳрү алдын алып каралышы зарыл.
Насостук станциялардагы сифондук суу алуусу менен боштук-насостор сифондук линияларда орнотулган аба капкагындагы суунун деңгээли боюнча автоматтык түрдѳ иштѳѳсү керек.
Насостук станцияларда тѳмѳндѳгү кѳмѳкчү процесстердин автоматташтырылышы алдын алып каралышы керек:
– убактысы же деңгээлдердин ѳзгѳрүп туруусу боюнча жѳнгѳ салынуучу дайындалган программа боюнча айланма торлорду жууп-тазалоолор;
– суу чогулуучу чуңкурдагы, санитардык-техникалык системалардагы ж.б. дренаждык сууларды сордуруп чыгаруу.
Насостук станцияларда күчтѳп түртүлүү негизги суу түтүктѳрүндѳгү басымды ѳлчѳѳ, ошондой эле дренаждык суу чогулуучу чуңкурлардагы жана боштук-казанындагы суунун деңгээлин, агрегаттардын подшипниктеринин температурасын (зарылчылыкта), чѳктүрчү суунун авариялык деңгээлин (электр жетектеринин фундаменттеринин деңгээлинде машина залында пайда болуусу) кѳзѳмѳлдѳѳ алдын алып каралганы ылайык.
3.2.3 Сууну колдонууга даярдоо станциялары
Автоматташтыруу алдын алып каралганы ылайык:
– коагулянттарды жана дагы башка реагенттерди үлүштѳштүрүүнү;
– хлор, озон жана хлорагенттер, ультракызгылткѳк нурландыруу менен зыянсыздандыруу процессин;
– реагенттик ыкма менен фтордоо жана фторунан арылтуу процессин.
Суунун өзгөрүлмөлүү чыгымдалуусундагы реагенттердин эритиндилерин үлүштөштүрүүнүн автоматташтырылышы иштетилүүдөгү суунун жана реагенттин чыгымдалыштарынын өз ара катышы боюнча бул катыштын жергиликтүү же аралыктык коррекциясы менен туруктуу топтоштурулуп, негизделгенинде баштапкы суунун жана реагенттердин сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча алдын алып каралганы ылайык.
Чыпкаларда жана контакттык киргилттигинен арылтуучуларда сууну чыгымдоо боюнча же чыпкалардагы суунун деңгээли боюнча чыпкалоонун ылдамдыгын жөнгө салынуусу алардын ортосундагы суунун бирдей өлчөмдө бөлүштүрүлүүсү камсыз кылынуу менен алдын алып каралышы зарыл.
Чыпкалоо ылдамдыгын жѳнгѳ салгычтарда дросселдѳѳчү түзүлүш эсебинде алкактык жапкычтарды жана дросселдик буруучу жапкычтарды колдонуу сунушталат. Эң бир жѳнѳкѳй калкыгычтуу клапандарды колдонууга жол берилет.
Чыпкалоонун ылдамдыгын ѳзгѳртүү зарылдыгы учурларында чыпкалардын иштѳѳ тартибин башкаруу пультунун ишин аралыктыкта алып барууга мүмкүндүк берүүчү чыпкалоонун ылдамдыктарынын башкарылуучу жѳнгѳ салуучулары колдонулат.
Чыпкаларды жууп-тазалоого алып чыгууну суунун деңгээли, чыпканы жүктѳѳдѳгү күчтѳп түртүлүүнүн жоготулуу чоңдугу же чыпкалоочунун сапаты боюнча алдын алып караган ылайык.
Контакттык киргилттигинен арылтуучуларды жууп-тазалоого күчтѳп түртүлүүнүн жоготулуу чоңдугу же жѳнгѳ салуучу арматуранын толук ачылганындагы чыгымдалуунун азайтылуусу боюнча алып чыгуу.
Чыпкаларды жана контакттык киргилттигинен арылтуучуларды убактылуу программа боюнча жууп тазалоого алып чыгууга жол берилет.
Чыпкалары 10дон ашык саны менен сууну тазалоо станцияларында жууп-тазалоо процесси автоматташтырылганы ылайык. Чыпкалары 10го чейин болгонунда жууп-тазалоону пульттардан же калканычтардан жарым автоматтык жаап бекитилген башкаруунун алдын алып каралганы зарыл.
Чыпкаларды жана контакттык киргилттигинен арылтуучуларды жууп-тазалоо процессин автоматташтыруунун схемасы тѳмѳндѳгү операциялардын белгилүү бир ырааттуулукта аткарылышын камсыздоосу керек:
– иштетилүүдѳгү сууну тартып келүүчү жана буруп кетүүчү ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ жапкычтарды жана ачып-жапкычтарда дайындалган программа боюнча башкаруу;
– жууп-тазалоочу суунун насосторун жана суу-абалык жууп-тазалоодогу аба үйлѳтүүчүлѳрдү иштетүүлѳр жана токтотуулар.
Автоматташтыруу схемасында, эреже катары, бир учурда бир гана чыпканы жууп-тазалоого жол берүүчү жаап токтотуунун алдын алып каралганы ылайык.
Насостордун жууп-тазалоочу сууну берүүсүндѳгү чыпкаларды жууп-тазалоонун алдында жууп-тазалоочу суунун ѳткѳргүч түтүгүнѳн абанын автоматтык коё берилишинин алдын алып каралышы сунушталат.
Жууп-тазалоонун улануу узактыгы убактысы же буруп кетүүчү ѳткѳргүч түтүктѳгү жууп-тазалоочу суунун киргилттиги боюнча аныкталганы ылайык.
Барабандык торлорду жана микрочыпкаларды жууп-тазалоону дайындалган программа боюнча автоматтык же суунун деңгээлдеринин ѳзгѳрүү чоңдугу боюнча кабылдоо керек.
Реагенттердин эритиндилерин сордуруп куюштуруучу насостордун аларды бактардагы эритиндилердин дайындалган деңгээлдеринде автоматтык токтотулуусу менен жергиликтүү башкаруусу болуусу зарыл.
Сууну реагенттик жумшартуу түзүлүштѳрүндѳ реагенттерди рН чоңдугу жана электр ѳткѳрүүчүлүгү боюнча үлүштѳштүрүүнү автоматташтырган ылайык.
Карбонаттык катуулукту жана сууну рекарбондоштурууну четтетүү үчүн түзүлүштѳрдѳгү рН чоңдугу боюнча реагенттерди (акиташ, туз ж.б.) үлүштѳштүрүү, үлүштүк электр ѳткѳрүүчүлүк ж.б. автоматташтырылганы ылайык.
Иондук алмаштыруучу чыпкалардын регенерациясын автоматташ-тыруу зарыл:
– катиониттик – суунун калдык катуулугу боюнча;
– аниониттик – иштетүүдѳн ѳткѳрүлгѳн суунун электр ѳткѳрүүчүлүгү боюнча.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларында кѳзѳмѳлдѳнүүсү керек:
– суунун чыгымдалышы (баштапкы, иштетүүдѳн ѳткѳрүлгѳн, жууп-тазалоочу жана кайталап пайдаланылуучу);
– чыпкалардагы, ооштуруучу крандардагы, реагенттердин бактарындагы жана дагы башка идиштердеги деңгээлдер;
– чѳкмѳ тундургучтардагы жана киргилттигинен арылтуучулардагы тунманын деңгээлдери, суунун чыгымдалышы жана күчтѳп түртүлүүнүн жоготуулары;
– чыпкаларда (зарылдык болгонунда), калдык хлордун же озондун чоңдугун;
– баштапкы жана иштетүүдѳн ѳткѳрүлгѳн суунун рН чоңдугун;
– реагенттердин эритиндилеринин топтолуштарын (жылдырылуучу приборлор жана лабораториялык усулдар менен ѳлчѳгѳнгѳ жол берилет);
– оперативдүү кѳзѳмѳлдү талап кылуучу жана тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыз кылынган башка да технологиялык параметрлер.
3.2.4 Негизги суу түтүктѳрү жана суу түтүктѳрү тарамдары. Сууну сактоо үчүн суу топтогучтар
Негизги суу түтүктѳрүндѳ авариялык бузулууларды ѳз убагында айкындалуусу жана жайылтпай токтотуу үчүн түзүлүштүн алдын алып каралганы ылайык.
Негизги суу түтүктѳрүндѳгү жана тармактын линияларындагы басымды суу агымдарын бѳлүштүрүүнү кѳзѳмѳлдѳѳдѳ, ошоондой эле бүтѳѳчү жана бүтѳѳчү-жѳнгѳ салуучу арматуранын жумушчу органдарына жана да аварияларда жана оңдоп-түзѳѳлѳрдѳ чоочун предметтердин кабылуусунан улам келип чыгуучу бүтѳлүүлѳрдүн жоктугуна жүргүзүлүүчү мезгилдүү системалуу түрдѳгү ѳлчѳѳлѳр үчүн түтүктѳрдѳ (же арматуранын фасондук бѳлүктѳрүндѳ жана корпустарында) диаметри 10–15 мм болгон пробкалык крандар менен жабылуучу патрубкаларды орнотуу алдын алып каралышы керек.
Ылдамдыктарын (же чыгымдалууну) ѳлчѳѳ түзүлүштѳрүн киргизүү үчүн бул патрубкаларды колдонууда алардын диаметри 50 миллиметрге бар деп кабылданганы ылайык.
Дайындалышынан кѳз карандылыкта сууну негизги суу түтүктѳрү жана тармактын линиялары боюнча бѳлүштүрүүнү, башкаруу схемаларын жана түзүлүштѳрдүн курамын, сууну берүү жана бѳлүштүрүү системасын жѳнгѳ салууну негизги азыктандыруучу станциялардын жана жергиликтүү кошумча сордуруу станцияларынын насосторунун иштѳѳ тартибин ѳзгѳртүү, ошондой эле басымдарды ѳлчѳѳ приборлорунун кѳрсѳтүүсү жана системанын кѳзѳмѳлдѳнүүчү чекиттеринде аныкталган чыгымдоонун берилиши боюнча кол аркылуу, аралыктык же автоматтык түрдѳ жүргүзүлүүчү бүтѳѳчү-жѳнгѳ салуучу арматуранын жумушчу органдарынын абалын ѳзгѳртүү менен жүргүзгѳн ылайык.
Жѳнгѳ салуу толукталуунун дайындалган тартиптерин – идиштердин иштеп кетүүсүн, системалардын нормалдуу техникалык абалындагы жол берилген чектеринен ашырып үстѳмдүк кылуучу орундардагы талап кылынган эркин күчтѳп түртүлүүлѳрдүн кармалуусун жана алардын авария учурундагы жол берилген чектерден тѳмѳн болушун камсыз кылышы керек.
Системанын ишин жѳнгѳ салуу боюнча бул же тигил операцияларды автоматташтыруунун максатка ылайыктуулугун, микропроцессорлорду жана аралыктык башкаруунун колдонууну жетишилген натыйжа менен бул үчүн талап кылынуучу чыгымдоолорду катар коюп салыштыруу аркылуу аныктаган ылайык.
Бардык дайындалыштардагы суу топтогучтарда жана бактарда суунун деңгээлдерин ченѳѳ жана да автоматика системаларында пайдалануу же болбосо насостук станцияга же башкаруу пунктуна сигналдарды ѳткѳрүп берүү үчүн алардын кѳзмѳлдѳнүшү (зарылдык болгонунда) алдын алып каралышы зарыл.
Кѳзѳмѳлдѳнүүгѳ жатат:
– кол тийгис ѳрттүк кѳлѳмдүн деңгээли;
– авариялык кѳлѳмдүн деңгээли;
– насостордун авариясыз иштѳѳсүн камсыздоочу минималдуу деңгээл.
Ажырымдалган берүүчү жана чыгымдоочу линиялар менен жабдылган бактарда жана суу топтогучтардагы ар бир берүүчү жана ар бир чыгымдоочу линияларда чыгым ѳлчѳгүч орнотулушу керек.
3.2.5 Башкаруу системалары
Сууну керектѳѳчүлѳргѳ зарыл ѳлчѳмдѳ жана талап кылынган сапатта берүүнү камсыздоо максаттарында, эреже катары, суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүн башкаруунун борборлоштурулган системасынын болушу алдын алып каралганы ылайык.
Технологиялык процесстерди башкаруу системаларын кабылдоо керек:
- диспетчерликти - суу түтүктөрү түзүлүштөрүнүн дайындалган иштөө тартиптерин маалыматты көзөмөлдөө, өткөрүп берүү, өзгөртүп түзүү жана чагылдыруу каражаттарын пайдалануунун негизинде көзөмөлдөөнү жана колдоону камсыздоочу;
- технологиялык процесстерди башкаруунун автоматташтырылган системасын (ТП БАС) - түзүлүштөрдү эксплуатациялоонун оптималдуу тартипте-ринин ишинин сапатын жана эсебин, үнөмдүүлүгүн баалоо үчүн эсептөөчү техниканын каражаттарын колдонуу менен башкаруунун диспетчердик системасын камтуучу. ТП БАС өздүк наркын актай алуусу шартында колдонулушу керек.
Диспетчердик башкаруунун түзүмүн бир тепкичтүү, бир башкаруу пункту менен алдын алып караган ылайык. Ар башка аянтчаларда жайгаштырылган түзүлүштөрүнүн чоң саны менен суу менен камсыздоонун ири системалары үчүн борбордук жана жергиликтүү башкаруу пункттары менен диспетчердик башкаруунун эки же көп тепкичтүү түзүмүнүн болушуна жол берилет. Мындай түзүмдүн зарылдыгы ар бир учур үчүн негизделгени ылайык.
Суу менен камсыздоо системасын диспетчердик башкаруу калктуу конуштун коммуналдык чарбасын диспетчерлештирүүнүн курамдык бөлүгү болушу керек.
Суу менен камсыздоонун башкаруу пункту өнөр жай ишканасынын же калктуу конуштун башкаруу пунктуна оперативдүү баш ийүүсү керек.
Суу менен камсыздоо системасын диспетчердик башкаруу түз телефон байланышы бар көзөмөлдөнүүчү түзүлүштөргө, түзүлүштөрдү эксплуатациялоо жаатындагы ар түрдүү ыйгарым укуктуу көзөмөл орган-дарына, энергодиспетчерге, суу түтүгү чарбачылыгынын жана өрт коопсуздугу башкармалыгына ээ башкаруу пункту менен камсыз болушу керек.
Башкаруу пункттары жана жана көзөмөлдөнүүчү түзүлүштөр радиолоштурулушу жана эреже катары, саатташтыруу каражаттары менен жабдылышы керек.
Диспетчердик башкарууну көзөмөлдөнүүчү түзүлүштөрдүн айрым же толук автоматташтырылуусу менен айкалыштыруу зарыл. Диспетчердик башкаруунун көлөмдөрү минималдуу, бирок технологиялык процесстин жүрүүсү жана технологиялык жабдуунун абалы, ошондой эле түзүлүштөрдү оперативдик башкаруу тууралуу толук маалымат алуу үчүн жетиштүү болушу керек.
Автоматташтыруу каражаттары менен толук жабдылбаган жана да жергиликтүү башкаруу жана көзөмөл үчүн туруктуу дежур персоналдын болушун талап кылуучу түзүлүштөрдө оператордук пункттарды аларды диспетчердик башкаруунун ыйгарым укуктуу органына баш ийдирүү менен орноштурууга жол берилет.
Диспетчердик башкаруунун системасын иштеп чыгууда алдын алып каралышы зарыл:
- технологиялык процесстерди жана жабдуулардын иштѳѳсүн оперативдүү башкаруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ;
– суу менен камсыздоо системасынын жана анын айрым түзүлүштѳрүнүн иштѳѳсүнүн зарыл тартиптерин жана да алардын оптималдаштырылуусун колдоо;
– аварияларды ѳз убагында айкындоо, жайылтпай токтотуу жана жоюу, айрым түзүлүштѳрдѳ дежур персоналды толук же айрым бѳлүгүн кыскартуу, энергоресурстарды, сууну жана реагенттерди үнѳмдѳѳ.
Диспетчердик башкаруунун эки же кѳп тепкичтүү түзүмүндѳ башкаруунун борбордук пунктунун (ББП) функциялары суу менен камсыздоонун бүткүл системасын бирдиктүү комплекс жана бардык БПлардын иштөөсүнүн координациясы катары башкарууда камтылган.
БПнын функциялары ага баш ийдирилген технологиялык түйүндүн түзүлүштѳрүн башкаруу менен чектелишет.
Суу менен камсыздоо системасын диспетчерлик башкаруу БПнын кѳзѳмѳлдѳнүүдѳгү түзүлүштѳрү, суу менен камсыздоо түзүлүштѳрүн (авариялык-ремонттук, электротехникалык, автоматика жана кѳзѳмѳлдүк-ѳлчѳѳчүлүк приборлорду (КѲП)) эксплуатациялоо боюнча башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар, башкармалыктын начальниги, башкы инженери жана башкы энергетиги, ѳнѳр жай ишканаларынын же шаардын энергетикалык чарбачылыгынын жогору турган диспетчери, суу менен камсыздоо түзүлүшү электр азыктануу алчу электр менен жабдуу системасынын диспетчери менен түз диспетчердик телефон байланышы аркылуу камсыз кылынышы керек.
Башкаруу пункттары жана айрым кѳзѳмѳлдѳнүүчү түзүлүштѳр ишкананын же шаардын административдик-чарбалык байланышынын системасына кызматтык маселелерди чечүү жана түз байланыш бузулганында айланып ѳтмѳ телефон байланыштарын түзүү үчүн камтылышы керек.
Диспетчерлик башкаруунун телефон байланышынын (радио байланышынын) кѳлѳмүн жана түзүмүн суу менен камсыздоонун жалпы схемасынан чыгып аныктоо зарыл.
Диспетчердик башкаруунун жана кѳзѳмѳлдүн техникалык каражаттары диспетчерге тѳмѳндѳгүдѳй мүмкүнчүлүктѳрдү камсыз кылышы керек:
– технологиялык агрегаттардын абалын ѳзгѳртүүчү (иштетүү – токтотуу, ачуу – жабуу) жана да автоматтык түзүлүштѳрдүн курулмаларынын жана жана программаларынын иштѳѳ тартибин орнотуучу же алмаштыруучу командалар-ды жѳнѳтүү жолу менен технологиялык процессти түздѳн-түз башкаруу;
– БПга технологиялык схемалардын жана агрегаттардын иштѳѳсүнүн абалын чагылдырууну мнемоникалык схемада, башкаруу калканычында же дисплейде сигнализация түрүндѳ алуу;
– БПда технологиялык параметрлердин визуалдык жана документалдык көзөмөлдүн жана алардын суу менен камсыздоо системасындагы нормалардан четтөөлөрдүн болушу.
Башкаруучу сигналдарды жана кабарлоочу маалыматтарды берүү үчүн диспетчердик башкаруу жана көзөмөл системаларында телемеханикалык кандай болсо, так эле ошондой аралыктык техникалык каражаттарды колдонуу сунушталат.
Телемеханикалаштырууда диспетчердик башкаруунун алдын алып каралышы зарыл:
- автоматташтырылбаган насостук агрегаттар менен, булар үчүн диспетчердин оперативдүү кийлигишүүсү зарыл;
- сууну берүүдѳ үзгүлтүккѳ жол бербѳѳчү жана башкаруунун кайталануусун талап кылуучу станциялардагы автоиатташтырылыган насостук агрегаттар менен;
– ѳрттүк насостук анрегаттар менен;
– тарамдардагы ачып-жапкычтар жана оперативдик ооштуруп кошуулар үчүн негизги суу түтүктѳрү менен.
Диспетчердик башкарууну телемеханикалаштырууда башкаруу пункттарына сууну берүүнүн, бѳлүштүрүүнүн жана иштетүүдѳн ѳткѳрүүнүн негизги технологиялык параметрлерин ѳлчѳѳнүн маалыматтарын ѳткѳрүп берүү алдын алып каралышы зарыл. Ѳз алдынчалуу учурларда параметрлердин сигнализациясынын гана алдын алып каралышына жол берилет.
Диспетчердик башкарууну телемеханикалаштырууда сигнализациянын алдын алып каралганы зарыл:
– бардык телебашкарылуучу насостук агрегаттардын жана ачып-жапкычтардын, ошондой эле диспетчердин маалыматы үчүн жергиликтүү же автоматтык башкаруу менен механизмдердин абалын;
– жабдуунун авариялык токтотулуусун;
– станциянын чѳктүрүлүүсүн;
– ар бир түзүлүш же технологиялык линия боюнча жалпы эскертүүнү жана жалпы авариялык абалды;
– технологиялык параметрлердин мүнѳздүү жана болушунча жол берилген маанилерин;
– кайтаруудагы эмес объекттердеги кооптонуулар (каалгаларды жана люктарды ачуу);
– ѳрт коркунучун.
Диспетчердик башкаруунун жана кѳзѳмѳлдүн ыкмасы варианттарды техникалык-экономикалык жактан салыштыруу негизинде кабылданганы ылайык.
ТП БАС (технологиялык процессти башкаруунун автоматташтырылган системасы) суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүн автоматташтыруунун жогорку баскычы катары келет жана суу менен камсыздоонун технологиялык процесстерин оптималдуу жүргүзүүнү камсыздоога чакырылган.
Суу менен камсыздоонун ТП БАСнын диспетчердик башкаруу системасынан аны айырмалоочу негизги мүнѳздүү сапаты болуп суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн иштѳѳсүнүн оптималдуу тартиптерин эсептѳѳ үчүн эсептѳѳчү техниканын колдонулушу эсептелинет.
Суу менен камсыздоонун ТП БАСсы дегенде тѳмѳндѳгү подсистемалардан туруучу системалардын комплекси кѳңүлгѳ алынат:
- I кѳтѳрүлүүдѳгү насостук станцияларда жана суу тазалоочу түзүлүштѳрдү (чыпкалоочу станцияларды, чѳкмѳ тундургучтарды, химиялык реагенттерди үлүштѳѳчүлѳрдү ж.б.) башкарууну жүзѳгѳ ашыруучу сууну жогору кѳтѳрүүнүн жана иштетүүдѳн ѳткѳрүүнүн ТП БАСсы (СЖКИѲ ТП БАС);
- таза суунун суу топтогучтарын, II жана андан кийинки кѳтѳрүүлѳрдүн насостук станцияларын, суу түтүктѳрү тарамдарын камтуучу сууну берүүнүн жана бѳлүштүрүүнүн ТП БАСсы (СББ ТП БАС).
Суу менен камсыздоонун ТП БАСсы иштеп турганындагы башкаруунун максаты минималдуу чыгымдалыштары менен сууну ишенимдүү камсыздоо үчүн тартиптерди оптималдаштыруу эсептелинет.
Суу менен камсыздоонун ТП БАСсын долбоорлоодо иштелип чыгылуусу зарыл:
- диспетчердик башкаруунун уюштуруучулук түзүмүн;
- функционалдык түзүмдү, б.а., башкаруунун автоматташты-рылуудагы функцияларынын курамын жана милдеттерди чечүү алгоритмдерин;
- программалык камсыздоону, б.а., ТП БАСнын милдеттери боюнча компьютерде аткаруунун программалары;
- техникалык камсыздоону, б.а., ТП БАСнын функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл техникалык каражаттардын комплексин.
Суу менен камсыздоо системасынын башкаруу пункттарын административдик-тиричиликтик имараттардагы, чыпка имараттарындагы же насостук станциялардагы (дабыштын, термелүүнүн ж.б. деңгээли боюнча зарыл шарттарды түзүүдѳ), суу түтүктѳрү чарбасын башкаруу имаратындагы суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянттарында жайгаштырган ылайык.
Суу менен камсыздоо системасынын кѳтѳрүлүү, ташып жеткирүү, сууну колдонууга даярдоо жана жалпы система боюнча сууну бѳлүштүрүү комплексин андан ары карай түзүү перспективасы менен объектисинин ѳз алдынча түзүлүштѳрү боюнча ТП БАСнын элементтери менен диспетчердик башкарууну жана кѳзѳмѳлдү этаптуу иштеп чыгууга жол берилет.
Долбоорлонуп жана реконструкцияланып жаткан суу менен камсыздоо системалары автоматташтырылган тартипте (ТПБАС – СКАДА – Supervisory Control And Data Acquisition – диспетчердик автоматташтырылган башкаруу жана да маалыматтарды жыйноо, ѳткѳрүп берүү жана сактоо системаларынын колдо бар иштелмелерин жана даяр программалык продуктыларын колдонуу менен технологиялык процесстерди башкаруунун автоматташтырылган системасы) иштѳѳсү керек.
Суу менен камсыздоонун СКАДАсы дегенде тѳмѳндѳгү подсистемалардан туруучу системалардын комплексин түшүнүшѳт:
а) жумушту автоматтык башкаруу жана I кѳтѳрүлүүнүн насостук станцияларын жана сууну колдонууга даярдоо түзүлүштѳрүн (чыпкалоо станцияларын, химиялык реагенттерди үлүштѳштүрүүнү, оору жуктуруучу микроорганимдерден арылтууну) башкарууну жүзѳгѳ ашыруучу кѳтѳрүлүүнүн жана сууну иштетүүдѳн ѳткѳрүүнүн бардык зарыл маалыматтарын аралыктык ѳткѳрүп берүү;
б) таза суунун топтогучтарын, II жана андан кийинки кѳтѳрүлүүлѳрдүн насостук станцияларын, суу түтүктѳрү тарамдарын кошуп, сууну берүү жана бѳлүштүрүү.
Суу менен камсыздоонун СКАДАсы иштеп турганындагы башка-руунун максаты болуп минималдуу чыгымдалышта суу менен ишенимдүү камсыздоо үчүн тартиптерди оптималдаштыруу эсептелинет.
Суу менен камсыздоо системасынын иштѳѳсүн СКАДАнын жардамы менен камсыздоо экономикалык натыйжалуулугу эсепке алынуу менен ТЭНнын (техникалык экономикалык негиздѳѳ) негизинде аныкталышы керек.
3.3 Курулуштук чечимдер жана да имараттардын жана түзүлүштѳрдүн конструкциялары
3.3.1 Генералдык план
Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүн куруу үчүн аянтчаларды тандоо, ошондой эле алардын территорияларын планировкалоо жана куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 576 «Кыргыз Республикасында таасир этүүчү уулуу заттар менен иштөөнүн коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун талаптарына ылайык аткарылышы керек.
Суу агымдарынын жана кѳлмѳлѳрдүн жээктик участкаларында жай-гаштырылган суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн планировкалык белгилениш-тери суунун эсептик максималдык деңгээлинен 0,5 метрге жогорудан кем эмес кабылданышы керек, анын камсыздалгандыгы толкундун шамалдык айдалуусун жана КЧжЭ 2.06.04кѳ ылайык аныкталуучу жантаймага шамалдык толкундардын урунуу бийиктигин эсепке алуу менен кабылданат.
Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянтчасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды (КТЭУЗ) сактоо үчүн чыгымдык кампаларды жайгаштырган ылайык:
- адамдардын туруктуу болуусу менен имараттардан жана курулуштардан (кампалык чарбачылыкка тийиштүү эмес) жана да кѳлмѳлѳрдѳн жана суу агымдарынан 30 метрден кем эмес аралыкта;
- адамдар туруктуу болбогон имараттардан – КЧжЭ 2.06.04кѳ ылайык;
- турак жай, коомдук жана ѳндүрүштүк имараттардан (аянтчалардан тышкары) стационардык идиштерде (цистерналарда, танктарда) КТЭУЗду сактоодо – 300 метрден кем эмес;
- жана да контейнерлерде же баллондордо сактаган учурда – 100 метрден кем эмес.
Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрү курчалып тосулушу керек. Сууну колдонууга даярдоо станцияларынын, насостук станциялардын, суу топтогучтардын жана биринчи алкактын санитардык коргоосунун аймактары менен суу мунараларынын аянтчалары үчүн, эреже катары, 2,5 м бийиктиктеги жылчыксыз тосмо кабылданга-ны ылайык. Бийиктиги 2 м тосмо жылчыксыз жана 0,5 м тикенек зымдан же метал торунан болуп алдын алып каралышына жол берилет, мындагы бардык учурларда тикенек зым тосмонун ички тарабынан кронштейндерде 4–5 катар болуп алдын алып каралышы керек. Ѳтмѳ жана административдик-чарбалык имараттардан тышкары курулуштардын тосмого ыктай жайгаштырылуусуна жол берилбейт 1).
Жер астындагы жана үстүнкү беттик сууларды алуу түзүлүштѳрүнүн, биринчи кѳтѳрүлүүнүн жана иштетилбеген сууну кошумча сордуруунун насостук станцияларынын аянтчалары үчүн, ошондой эле ишканалардын территориясында жайгаштырылган, тосмосу жана күзѳттүк коргоосу бар чарбалык-ичүүчү суу түтүктѳрүнүн түзүлүштѳрүнүн аянтчалары үчүн тосмолордун тиби жергиликтүү шарттар эсепке алынуу менен кабылданат.
Эскертүү – Үзгүлтүксүз агымда иштѳѳчү (суу топтогучтардын жоктугунда) насостук станциялардын, ишканалардын же калктуу конуштардын территориясында жайгашкан, жылчыксыз дубалы менен суу мунараларынын, ошондой эле сууну колдонууга даярдоо станцияларынын шлам топтоочуларынын тосмосунун алдын алып каралбашына жол берилет.
Биринчи алкактын санитардык коргоо аймагы менен суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянтчаларында коргоонун техникалык каражаттары алдын алып каралышы керек:
- аянтчанын тосмосунун ички тарабын жандай тикенек же жѳн зым менен 1,2 м бийиктикте тосулуучу, жазылыгы 5–10 м тыюу салынган аймак;
- тыюу салынган аймактын тосмосунан 1 м аралыкта тыюу салынган аймактын ичиндеги жазылыгы 1 м наряддын чыйыр жолу;
- тыюу салынган аймактын чектерин кѳрсѳтүүчү жана 50 метрден кѳп эмес аралыкта орнотулуучу устун-кѳрсѳткүчтѳр;
- тосмонун периметри боюнча коргоочу жарык кылынуу, ушунда чырактарды тосмонун жан-жагын, тосмонун ѳзүн жана тыюу салынган аймактын наряддын чыйыр жолуна чейинки бѳлүгүн жарык кылуу эсебинен тосмонун үстү жагында орнотулганы ылайык;
- посттук телефон байланышы жана башкаруу пункту же кароолдук орун жайы менен посттордун эки тараптуу электр коңгуроолуу белги берүүсү, муну зарылчылыкта 2.4.4 пункту боюнча I категориянын суу түтүктѳрүндѳ алдын алып караган ылайык;
- белгинин диспетчердик пунктка алып ѳтүлүүсү менен коргоочу белги берүү системалары колдонулушу мүмкүн.
Биринчи алкактын санитардык коргоо аймагы менен сууну колдонууга даярдоо станцияларынын аянтчалары үчүн коргоонун техникалык каражаттарынын толук кѳлѳмү кабылданышы керек.
Күчтѳп түртүлүү чыпкалары менен сууну колдонууга даярдоо станцияларынын, насостук станциялардын, суу топтогучтардын жана суу мунараларынын аянтчалары үчүн «Генералдык пландын» 3.3.1. бѳлүмүнүн ченемдерине ылайык тосмо жана коргоочулук жарык берүү каралат.
Жер астындагы жана үстүнкү беттик суу алуу түзүлүштѳрүнүн жана да биринчи кѳтѳрүлүүнүн насостук станцияларынын аянтчалары үчүн, ошондой эле ишканаларда жайгаштырылуучу сууну колдонууга даярдоо станцияларынын, насостук станциялардын, суу топтогучтардын жана суу мунараларынын аянтчалары үчүн, булардын территориясында тосмо жана күзѳттүк коргоо бар, «Генералдык пландын» 3.3.1 бѳлүмүнүн ченемдеринде каралган тосмо кѳңүлгѳ алынган.
Калктуу конуштардан жана ишканалардан тышкары, ошондой эле жер астындагы суулардын суу алуусунун санитардык коргоо аймагынын биринчи алкагынын чектеринде жайгашкан суу түтүктѳрүнүн имараттарына жана түзүлүштѳрүнѳ карата жеңилдетилип ѳркүндѳтүлгѳн жабуу менен жакындап келүүлѳр жана ѳткѳѳлдѳр алдын алып каралганы ылайык.
3.3.2 Кѳлѳмдүк-пландоочулук чечимдер
Суу менен камсыздоонун имараттарынын жана түзүлүштѳрүнүн кѳлѳмдүк-пландоочулук жана конструктивдик чечимдерин КР КЧ 31-06 жана КР КЧ 31-05ке ылайык кабыл алуу керек.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларын долбоорлоодо жана курууда, эреже катары, жалпы технологиялык процесс менен байланышкан сыйымдуу түзүлүштѳрдүн жана орун жайлардын жаап токтотулуусу алдын алып каралганы ылайык.
Имараттардын жана түзүлүштѳрдүн жооптуулук классын жана отко туруктуулук даражасын 29-таблица боюнча кабылдоо керек.
29- таблица – Имараттардын жана түзүлүштѳрдүн жооптуулук классы жана отко туруктуулук даражасы
Түзүлүштѳр | Түзүлүштѳрдүн 2.4.4 пункту боюнча суунун берилишине камсыз болгондук даражасы категориясы | Имараттардын, түзүлүштѳрдүн жана конструк-циялардын жооптуулук классы | Отко туруктуулук даражасы |
1. Суу алуулар | I | I | II |
II | II | III | |
III | II | IV | |
2. Насостук станциялар |
| II | I |
II | II | II | |
III | II | III | |
3. Сууну колдонууга даярдоо станциялары | II | II | II - III |
4. Ѳз алдынча турган хлоратордуктар | I | II | II |
5. Сууну сактоо үчүн суу топтогучтардын саны: 2ге чейин же суунун ѳрттүк кѳлѳмү болгонунда 2ден жогору же суунун ѳрттүк кѳлѳмүсүз |
|
|
|
I | II | Нормал-дашпайт | |
II | II |
Ошол эле | |
6. Негизги суу түтүктѳрү | I - III | I - II | Нормал-дашпайт |
7. Суу түтүктѳрү тарамдары, кудуктар | III | III | Нормал-дашпайт |
8. Суу мунаралары | III | II | II |
9. Реагенттерди даярдоо бѳлүмдѳрү, кампалар | II | II | II |
10. Электр түзүлүштѳрүнүн орун жайлары, трансформатор-лор камералары, РУ, КТП, калканычтардын орун жай-лары, диспетчер пункттары | III | II | II |
Эскертүү – Кѳмѳкчү имараттар жана тиричиликтик орун жайлар жооптуулуктун II классына жана отко туруктуулуктун II даражасына тийиштүү делингени ылайык. Суу менен камсыздоо имараттары жана түзүлүштѳрү ѳрт кооптуулугу даражасы боюнча Д категориясынын ѳндүрүшүнѳ, кѳмүрлѳѳ жана аммиактык бѳлүмдѳр В категориясынын ѳндүрүшүнѳ тийиштүү делинет. | |||
Ѳндүрүштүк процесстердин санитардык мүнѳздѳмѳсүнүн топторун, имараттарды жана орун жайларды жылытуунун жана желдетүүнүн эсеби үчүн маалыматтарды 32-таблицанын, КЧ 41-04түн ченемдери боюнча кабылдаган ылайык. Орун жайларды табигый жана жасалма жарык кылууну КР КЧ 23-05ке ылайык колдонуу керек.
Идиштик түзүлүштѳрдүн тик бурчтууларынын ѳлчѳмдѳрүн жана тоголокторунун диаметрлерин орток 3 м, ал эми бийиктиги боюнча 0,6 м деп кабылдоо сунушталат. Түзүлүштѳрдүн тараптарынын узундугунда же диаметринде 9 м чейин, ошондой эле имаратка жалгаштырылган идиштик түзүлүштѳр үчүн (алардын ѳлчѳмдѳрүнѳн кѳз карандысыздыкта) тик бурчтуу түзүлүштѳрдүн ѳлчѳмдѳрүн орток 1,5 м, тоголокторун 1 м деп кабылдаганга жол берилет.
Территориянын пландаштырылган үстүнкү бетинен 0,5 метрден азыраак бийиктиктеги кыртыш менен кѳмүлгѳн жер астындагы идиштиу түзүлүштѳр транспорттун же механизмдердин ѳтүп келүү мүмкүндүгүнѳн тосмолонуусу керек. Эгер жер астындагы идиштик түзүлүштѳрдүн жабуусу транспорттон же механизмдерден күч келүүлѳрдү кабылдоого эсептелинген болсо, түзүлүшкѳ тосмонун болушу милдеттүү эмес.
Ачык идиштик түзүлүштѳр, эгерде алардын капталдары полдун, аянтчанын же планировканын үстүнѳн 0,75 метрден аз жогору кѳтѳрүлүп турса, анда тышкы периметри боюнча кошумча тосмосу болушу керек, ушунда тосмонун үстүнкү кырына чейинки жалпы бийиктиги 0,75 метрден кем эмес болгону ылайык.
Үстүнкү бѳлүгүнүн жазылыгы 300 миллиметрден кѳбүрѳѳк дубалдар үчүн тосмосуз полдун, аянтчанын же планировканын үстүнѳн 0,6 метрден аз эмес жогору болушуна жол берилет.
Полдун же планировканын белгиси ачык идиштик түзүлүштѳрдүн дубалынын үстүнкү кырынан 0,15 метрден кем эмеске тѳмѳн турушу керек.
Имараттын тосуп жана кармап туруучу конструкцияларына агрессивдүү суюктуктарды сактоого деп дайындалбаган, жанаша тургузулган идиштердин капталдарына жѳлѳнүүсүнѳ жол берилет.
Чѳктүрүлгѳн орун жайлардан чыгуу үчүн тепкичтер жазылыгы 0,9 метрден кем эмес, жантаюу бурчу 45°тан кѳп эмес, узундугу 12 метрге чейин орун жайларда 60°тан кѳп эмес болушу керек.
Тейлѳѳ аянтчасына кѳтѳрүлүү үчүн тепкичтердин жазылыгы 0,7 метрден кем эмес, жантаюу бурчу 60°тан кѳп эмес болгону ылайык.
Кысылган шарттарда аянтчага кѳтѳрүлүү үчүн 2 метрге чейинки шатычаларды орнотууга жол берилет.
Түтүктѳр аркылуу жалгыз кишилик ѳтмѳктѳр үчүн жана ѳз алдынча турган ачып-жапкычтарга жна жапкычтарга кѳтѳрүлүү үчүн жантаюу бурчу 60°тан кѳбүрѳѳк, жазылыгы 0,5 м тепкичти же шатычаны колдонууга жол берилет.
10 метрге чейинки тереңдиктеги кудуктарга, суу чогулуучу чуңкурларга жана идиштик түзүлүштөргө төмөндөп түшүүдө тигинен кетчү скобалардын же шатычалардын орнотулушуна жол берилет. Ушунда 4 метрден жогору шатычалар-да коргоочу тосмолордун алдын алып каралганы ылайык. Кудуктарда коргоочу тосмолордун алдын алып каралбашына жол берилет. 10 метрден көп тереңдиктеги түзүлүштөргө төмөндөп түшүүдө ар бир 5-6 метр сайын орнотулуучу ортолук аянтчалары менен тигинен кетчү шатычалардын алдын алып каралышы зарыл.
Орун жайлардын ички жасалышы технологиянын жана интерьердин заманбап талаптарына ылайык кабылданышы керек.
3.3.3 Конструкциялар жана материалдар
Идиштик түзүлүштөрдү, эреже катары, чогултулуучу-монолиттик темирбетондон долбоорлогон ылайык. Негиздөөдө түзүлүштөрдүн тийиштүү эксплуатациялык сапаттарын камсыздоочу башка материалдардын колдонулушуна жол берилет. Диаметри 9 метрден көбүрөөк темирбетондук цилиндрдик идиштик түзүлүштөрдүн капталдарын, эреже катары, алдын ала кысылып долбоорлонуусу керек.
Суу мунараларынын дубалдары үчүн болотту же жергиликтүү күйбөөчү материалдарды, бактар үчүн болотту колдонууга жол берилет.
Жылытылбаган имараттардагы же ачык аба астындагы 70 метрге чейин узундукта жайгаштырылган, жылытылган же толугу менен кыртышка көмүлгөн имараттардагы узундугу 50 метрге чейин идиштик түзүлүштөрдө температуралык-отургузулуучу ширешүүлөр болушунча суук суткалардагы тышкы абанын температурасы минус 40°Сдан төмөн эмес жана идиштик түзүлүштөгү суунун температурасы +40°Сдан ашпаган шартта алдын алып каралбашына жол берилет.
Ушунда курулуш мезгилинин эң эле суук учурундагы оң температура маалында монолитке айландырылган, узундугу 25 жана 40 метрден көбүрөөк түзүлүштөрдө 0,5-1 м жазылыктагы бир-эки убактылуу ширешүүлөрдү түзүү алдын алып каралганы ылайык. Бул ширешүүлѳрдүн ортосундагы түптү бетондоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү керек.
Имараттардын жер астындагы бѳлүгүн тосмолоочу конструкциялардын герматикалуулугу тосмолоочу конструкциялардын ички беттеринин 20%дан кѳбүрѳѳк аянты менен нымдуу участкаларынын болушуна (тамчылык нымдын бѳлүнүүсүз) жол берилбеши керек.
Идиштик түзүлүштѳрдүн тосмолоочу конструкциялары бул түзүлүштѳрдүн гидравликалык сыноолорунда коюлуучу талаптарды камсыз кылышы керек.
Ичүүчүчү суу үчүн суу топтогучтардын тосмолоочу конструкциялары, мындан тышкары, суу топтогучка атмосфералык жана кыртыштык суулардын, ошондой эле чаңдын келип түшүү мүмкүндүгүн толугу менен жокко чыгаруусу керек.
Жабык идиштик түзүлүштѳр үчүн климаттык шарттардан, кошулуудагы суунун тепературасынан жана алардын иштѳѳсүнүн технологиялык тартибинен кѳз карандылыкта капталдарынын жана жабууларынын жылууланышын долбоорлоо зарыл.
Жылуулоо, эреже катары, кыртыштык топурак менен кѳмүү алдын алып каралганы ылайык, ушунда жабуудагы топурактын катмарынын калыңдыгы 0,5 метрден кем эмес болушу керек.
Жасалма материалдардан жылуулоочуларды колдонууга жол берилет.
Кыш маалында, ошондой эле курулуш учурунда идиштер бошотулганында түптѳрүнүн астындагы негиздин топурагын тоңуп калуудан сактоочу иш-чаралар алдын алып каралганы ылайык.
Ичүүчүчү сууну сактоо үчүн дайындалган суу топтогучтардагы суу менен карым-катышта болчу бетон жана темирбетон конструкцияларынын ички беттери МАМСТ 13015 боюнча А240 категориясынан тѳмѳн эмес талаптарга жооп бериши керек.
Чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына делинген сууну колдонууга даярдоо үчүн контакттык киргилттигинен арылтуучуларды долбоорлоодо тейлѳѳ аянтчаларынын полунан 2,5 метрден кем эмес бийиктиктеги, сууну киргилттигинен арылтуучуларды башкаруу коридорунан ажырымдап туруучу айнектелген тосмолордун алдын алып каралганы ылайык; ушунда тосмонун тѳмѳнкү бѳлүгү 1–1,2 м бийиктигинде жылчыксыз болушу керек.
Колдоочу катмарларысыз контакттык сууну киргилттигинен арылтуучулардын түптѳрү үчүн В25 классынан тѳмѳн эмес бетондор колдонулганы ылайык.
Идиштик түзүлүштѳрдүн темирбетондук конструкциялары үчүн аязга туруктуулугу жана суу ѳткѳрбѳѳчүлүгү боюнча бетондун маркалары 30-таблицада келтирилген талаптарды канааттандыруусу тийиш.
30- таблица – Идиштик түзүлүштѳрдүн темирбетон конструкциялары үчүн аязга туруктуулугу жана суу ѳткѳрбѳѳчүлүгү боюнча бетондун маркасына коюлуучу талаптар
тышкы абанын эсептик температурасында аязга туруктуулугу боюнча | суу ѳткѳрбѳѳчүлүгү боюнча |
| |||||
Конструкциялар жана аларды эксплуатациялоонун шарттары | Бетондун талап кылынган маркасы |
| |||||
1. Дайыма болуучу аба чѳйрѳсүнүн таасир этүүсүн-дѳ суунун ѳзгѳрүлмѳлүү деңгээлиндеги алмашылып тоңдурууга жана эритилүүгѳ кабылчу конструкциялар. |
|
|
| ||||
а) ноолор тибиндеги жука капталдуу конструкциялар | F 150 | F 200 | F 300 | F 400 | Күчтѳп түртүлүү градиенттеринде: 30га ч-н – W4; 30дан 50гѳ ч-н – W6; 50дѳн жогору – W8 | ||
б) ачык түзүлүштѳр-дүн башка да конструкция-лары (кѳлмѳлѳрдүн, суу алуу түзүлүштѳрүнүн боорлорун облицовкалоо) | F 100 | F 150 | F 200 | F 300 | Күчтѳп түртүлүү градиенттеринде: 30га ч-н – W4; 30 дан 50гѳ ч-н – W6; 50дѳн жогору – W8 |
| |
2. Ошол эле, суунун туруктуу деңгээлинде (ачык идиштик түзүлүштѳрдүн капталдары) | F 75 | F 100 | F 150 | F 200 | Күчтѳп түртүлүү гра-диенттеринде: 30га ч-н – W4; 30дан 50гѳ ч-н –W6; 50дѳн жогору – W8 |
| |
3. Кыртышка чѳгѳрүл-гѳн же топуракка кѳмүлгѳн жана мезгилдик тоңуу айма-гында жайгашкан конструк-циялар (идиштердин жана кудуктардын тосмолоочу конструкциялары) | F 50 | F 75 | F 100 | F 150 | Күчтѳп түртүлүү гра-диенттеринде: 30га ч-н – W4; 30дан 50гѳ ч-н – W6; 50дѳн жогору – W8 |
| |
4. Жылытылчу орун жайларда жайгашкан, туруктуу суу астынан орун алган (суу кабылдагычтар, идиштик түзү-лүштѳрдүн түптѳрү) же тоңуу тереңдигинен тѳмѳн чѳгѳрүлгѳн конструкциялар (чыпкалар, киргилттигинен арылтуучулар, реагенттер үчүн бактар) | - | - | F 50 | F 75 | Күчтѳп түртүлүү градиенттеринде: 30га ч-н – W4; 30дан 50гѳ ч-н – W6; 50дѳн жогору – W8 |
| |
Эскертүүлѳр 1 Бетондун аязга туруктуулугу боюнча маркалары жооптуулуктун II классынын түзүлүштѳрү үчүн берилди. I классстын түзүлүштѳрү үчүн бетондун аязга туруктуулугу боюнча маркалары бир тепкичке жогорулатылышы, ал эми III класстын түзүлүштѳрү үчүн бир тепкичке, бирок F50тен тѳмѳн эмес ылдыйдатылышы керек. 2 Агрессивдүү чѳйрѳ болгонунда бетондун суу ѳткѳрбѳѳчүлүгү боюнча маркасын КЧжЭ 2.03.11 талаптарын эсепке алуу менен дайындаган ылайык. 3. Суу менен камсыздоонун идиштик түзүлүштѳрүнѳ бетонго карата гидротехникалык талаптар жайылтылбайт. 4. Күчтѳп түртүлүүнүн градиенти дегенде, гидростатикалык күчтѳп түртүлүүнүн чоңдугунун конструкциянын калыңдыгына карата мамилеси түшүнүлѳт. |
| ||||||
Идиштик түзүлүштѳрдүн жана имараттардын жер астындагы бѳлүктѳрүнүн тосуучу конструкцияларында ѳткѳргүч түтүктѳрдүн жылчык-тешиктерин бүтѳѳ тосмолоочу конструкциялардын суу ѳткѳрбѳстүгүн камсыз кылышы керек.
Түтүктѳрдү бекемдеп бүтѳѳдѳ алардан тосуучу конструкцияларга кү-чүркѳнүүлѳрдүн берилүү мүмкүндүгүн кѳңүлгѳ алуу жана бул күчүркѳ-нүүлѳрдү жокко чыгарууга же азайтууга карата чараларды кѳрүү ылайык, сальниктерди колдонууда алардын кароодон ѳткѳрүлүүсү жана тыгыздантуучу шыкап толтуруунун жандандырылуусу камсыз кылынышы зарыл.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдү бүтѳѳнүн бардык учурларында ага байланыштуулуктагы жабдуулардын жана тосмолоочу конструкциялардын температуралык жана сейсмикалык таасир этүүлѳрдѳн, ошондой эле имараттардын же түзүлүштѳрдүн жана тышкы ѳткѳргүч түтүктѳрдүн ар түрдүү чѳгүп кетүүлѳрү-нѳн корголгондугун камсыздоочу иш-чаралардын алдын алып каралышы зарыл.
Эскертүү – Түбү аркылуу түтүктѳрдүн ѳтүүсү түбү астындагы ѳткѳргүч түтүктүн участкасынын бетондоштурулуусу менен таманындагы бекемдеп бүтѳлгѳн быдырлуу болот патрубкалардын кѳмѳгүндѳ алдын алып каралышына жол берилет.
Идиштик түзүлүштѳрдүн бекемдигине жана суу ѳткѳрбѳѳчүлүгүнѳ гидравликалык сыноолор КЧжЭ 3.05.04кѳ ылайык тышкы дубалдардын капталда-рынын оң температурасында жүргүзүлүүсү керек, ушунда дат басууга каршы жабуусу менен түзүлүштѳр жабуу берилгенге чейин сыноодон ѳткѳрүлүшү зарыл.
Ичүүчү суу үчүн суу топтогучтар бардык тосмолоочу конструкция-ларында герметикалуулукка деп кошумча сынактан ѳткѳрүлүүсү керек. Кудуктардын жабуусунун үстү жагынан үстүнкү бетине чейин топурак менен толтуруунун бийиктиги тик жайгашуусун эске алуу менен аныкталып, 0,5 метрден кем эмес болуп кабылданышы керек.
Жолдук жабуусу жок курулуш жүргѳн территорияларда жайгашкан кудуктардын жабылуучу тешиктерин айланта жабылуучу тешиктерден жантаюусу менен 0,5 м жазылыктагы отмостка алыдын алып каралганы ылайык. Ѳркүндѳтүлгѳн жабуулары менен ѳтүүчү бѳлүгүндѳ жабылуучу тешиктердин капкактары ѳтүүчү бѳлүктүн үстүңкү жагы менен бир деңгээлде болушу керек.
Курулуш жүрбѳгѳн территория аркылуу алып ѳтүлүүчү негизги суу түтүктѳрүнүн кудуктарынын жабылуучу тешиктеринин капкактары жердин үстүнкү бетинен 0,2 метрден кем эмес жогору болушу керек.
3.3.4 Конструкциялардын эсептелиши
Идиштик түзүлүштѳрдүн жана жүктѳлүү имараттарынын жер астындагы бѳлүктѳрүн эсептѳѳдѳ кайрадан жүктѳѳнүн таасир этүүлѳрү жана коэффициенттери КЧжЭ 2.01.07 жана 31-таблицага ылайык, жооптуулук классы 28-таблица боюнча кабылданышы керек.
Идиштиу түзүлүштѳрдүн эсеби жүктѳлүүлѳрдүн эки айкалышына карата 31-таблицада кѳрсѳтүлгѳн кайрадан жүктѳлүүнүн коэффициенттерин эсепке алуу менен жүктѳлүүгѳ жана таасир этүүгѳ деп жүргүзүлүшү керек.
I – гидравликалык сыноолордо, мында кыртышка чѳгѳрүлгѳн түзүлүш кѳбүрѳѳк пайдасыздыгында секциялар боюнча сууга толтурулат. Кѳмүлбѳгѳн түзүлүштѳр үчүн бул айкалышуу эксплуатациялык болуп эсептелинет.
II – эксплуатациялоодо, мында түзүлүш суу менен толтурулбаган жана кыртышка кѳмүлгѳн. Мындай учурда калкып чыгууга каршы туруктуулугуна текшерүү жүргүзүлгѳнү зарыл.
Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянтчаларындагы кыртыштык суулардын эсептик деңгээлдери суу агымындагы же кѳлмѳдѳгү суунун максималдуу деңгээлин 8-таблица боюнча камсыз болгондуктун кабылданган пайызынан кѳз карандылыкта эсебин алуунун узак мѳѳнѳттүү болжолдонуусуна ылайык аныкталып берилиши керек. Суу агымдарынын жана кѳлмѳлѳрдүн суусунун ташып жайылуусунда жайгашкан имараттардын жана түзүлүштѳрдүн бекемдигин жана туруктуулугун курулуш курууда суунун 10%дык камсыздалганы эсептик деңгээлин текшерген ылайык.
Идиштик түзүлүштѳрдүн калкып чыгууга каршы туруктуулугуна карата эсептелишин эгер долбоорлордо бул мезгилде түзүлүштѳрдүн суусуз калуусун болтурбоочу иш-чаралар жана кыртыштык суулардын деңгээлине кѳзѳмѳл алдын алып каралган болсо, анда суу ташкыны учурундагы кыртыштык суулардын убактылуу кѳтѳрүлүүсүн эсепке алуусуз жүргүзүүгѳ жол берилет.
Калкып чыгууга каршы туруктуулук коэффициентин 1,1ге барабар деп кабыл алган ылайык.
Алдын алып кысуудан улам цилиндрдик идиштик түзүлүштѳрдүн капталдарынын бетондогу кысуунун чыңалуусу себелѳѳ болбогон учурда аларды суу менен толтургандан кийин жана чыңалган арматурадагы бардык жоготуулардын эсебин алуу менен тѳмѳндѳгүдѳн аз эмес болуусу керек:
– бийиктиги 1/3кѳ барабар тѳмѳнкү бѳлүгүндѳ – 0,8 МПА (8 кгс/см2);
– үстүнкү бѳлүгүндѳ – 0,5 МПа (5 кгс/см2).
31- таблица – Идиштик түзүлүштѳрдүн конструкцияларынын эсеби боюнча кѳрсѳтмѳлѳр
Идиштик түзүлүштѳр | Имараттардын жер асты бѳлүктѳрү |
| |||||||||||||
Жүктѳлүүлѳр жана таасир этүүлѳр | Кайрадан жүктѳлүү коэффи-циенти | Кыртышка чѳгѳрүлгѳн же топуракка кѳмүлгѳн түзүлүштѳр | Имарат-тардын ичиндеги идиштик түзүлүштѳр |
| |||||||||||
Туруктуулар |
| ||||||||||||||
Кайрадан толуу кыртышынын басымы | 1,15 | - | + | - | + | - | + | - | - | ||||||
Ташталган кыртыштын салмагы | 1,15 | - | + | - | - | - | - | - | - |
| |||||
Конструкциянын ѳздүк салмагы | 1,1 (0,9) | + | + | + | + | - | + | + | + |
| |||||
Убактылуу узакка созулчулар |
| ||||||||||||||
Технологиялык суюктуктун басымы | 1 | - | 2-эскерт. караңыз | - | 2-эскер. караңыз | - | - | - | + |
| |||||
Кыртыштык суулардын басымы | 1,1 | - | + | - | + | - | + | - | - |
| |||||
Технологиялык суюк-туктан температура-лык таасир этүүлѳр | 1,2 | - | + | - | + | - | - | - | + |
| |||||
Кыска мѳѳнѳттүүлѳр |
| ||||||||||||||
Фактылык маалымат-тар боюнча, бирок 10 КПа (1000 кгс/м2) аз эмес кулатып түшү-рүүнүн негизинде кай-радан толтуруп кыр-тыштын кулап түшүү-сүнүн алкагындагы күч келүүлѳр | 1,3 | - | + | - | + | - | + | - | - |
| |||||
Гидравликалык сыноо-догу суунун басымы | 1 | + | - | + | - | - | - | + | - |
| |||||
Тѳгүп бошотууда келип чыгуучу убактылуу күч келүүнү же боштукту, ошондой эле 2,5 КПа (250 кгс/м2) кѳп эмес кардыкты кошуп жабуудагы жана кулатып толтуруудагы күч келүү | 1,2 | - | + | - | - | - | - | - | - |
| |||||
Фактылык маалыматтар боюнча, бирок 0,1 КПа (100 кгс/м2) кѳп эмес жабык идиштерди тѳгүп бошотуудагы боштук | 1,1 | - | + | - | - | - | - | - | - |
| |||||
Эскертүүлѳр 1 «Кошуу» белгиси бул айкалышууда күч келүүнүн же таасир этүүнүн орун алышын билдирет. 2 Гидравликалык сыноолордо тосмолоочу конструкцияларга карата суунун басымы убактылуу, кыска убакыттагы күч келүү катары көңүлгө алынат. Эксплуатациянын жүрүшүндө тышкы дубалдарга карата технологиялык басымды убактылуу узакка созулчу катары көңүлгө алган ылайык, ушунда кыртышка чөгөрүлгөн түзүлүштөр үчүн үстүнө төгүлүү кыртышынын бир учурдагы басымы менен айкалышуусун көңүлгө алуу зарыл. Көп секциялуу идиштик түзүлүштөрдүн ички капталдарына карата басымды эгерде бул түзүлүштөрдү эксплуатациялоодо коңшу секциялар кыска мөөнөткө бошотула турган болсо, анда убактылуу кыска мөөнөттүү күч келүү катары эсептелингени ылайык. 3 Технологиялык суюктуктун (же гидравликалык сыноо учурундагы суу) басымынан идиштик түзүлүштөрдүн капталдарына жана түптөрүнө нормативдик күч келүү максималдуу долбоордук деңгээлдеги суюктуктун гидростатикалык басымына барабар болуп кабылданышы керек. Эсептик күчү келүү суюктуктун куюштуруу түзүлүшүнүн жээгинен 100 миллиметрге жогору деңгээлиндеги, ал эми орун албаганында капталдарынын үстүнө чейинки гидростатикалык басымга барабар деп кабылданышы зарыл. 4 Температуралык таасир этүүлөргө температурасы 50 °Сдан жогору же температуранын өйдө-ылдыйында 30 °Сдан көбүрөөк толтурулган суюктугу менен түзүлүштөрдүн конструкцияларына эсеп кылынганы ылайык. 5 Чѳгѳрүлгѳн жана кулатып толтурулган идиштик түзүлүштѳрдүн жабуулары башка убактылуу күч келүүлѳрдүн эсебин алуусуз 0,3 метрден аз эмес калыңдыктагы кыртыштын катмары боюнча ордун которуштуруучу курулуштук механизмдерден кыска убакыттык күч келүүгѳ эсеп кылганы ылайык. 6 Идиштеги технологиялык суюктуктун басымынан эксплуатациялоодо борбордон тышкары керилүүгѳ карата жабуунун элементтеринин эсеби кыртыштан кайрадан жүктѳлүүнүн 0,9 коэффициенти менен жана 1,1 коэффициенти менен ички сүрүлүү бурчунун жабуусуна жана капталына деген басымга максималдуу мүмкүн болчу күч келүүдѳ аткарылганы ылайык. 7 Гидростатикалык басымга эсептелинбеген тосмолор ачык же курулганда эле жабык идиштик түзүлүштѳрдү тѳгүп бошотууда шамалдык күч келүүгѳ текшерилүүсү керек. |
| ||||||||||||||
3.3.5 Курулуштук конструкцияларды дат басуудан коргоо
Курулуштук конструкцияларды дат басуудан коргоо КЧжЭ 2.03.11ге ылайык алдын алып каралышы керек.
Адашкан агымдардын аракеттенүү аймагында жайгашкан жер астылык жана жер үстүлүк түзүлүштөрдү долбоорлоодо темирбетондук конструкцияларды электрохимиялык дат басуудан коргоо чаралары алдын алып каралышы зарыл.
Конструкциянын элементтеринин дат басууга каршы жабуусун берүү жана убак-убагы менен калыбына келтирүү же түзүлүштөрдүн эксплуатациялоонун бүткүл убагында сакталгандыгын камсыздоочу конструктивдүү чечимдерди кабыл алуу мүмкүндүгүнүн алдын алып каралганы ылайык.
Агрессивдүү суюктуктарды сактоо үчүн идиштерди долбоорлоодо капталдарынын сырткы беттеринин абалына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнүн жана түптөрүнүн герметикалуулугуна көзөмөлдүн мүмкүндүгү алдын алып каралышы керек.
Жол берилбейт:
- имараттардын тирѳѳчтүк дубалдарын идиштердин дубалдарына жѳлѳѳгѳ;
- кабаттар ортосундагы тосмолордун жана колонналардын идиштеринин дубалдарына жана түптѳрүнѳ жѳлѳѳгѳ;
- ар кыл түрдүү суюктуктарды сактоо үчүн идиштердин ичинде ажырымдап бѳлүүчү тосмолорду орнотууга;
- түптүн бетонунун калыңдыгына ѳткѳргүч түтүктѳрдү тѳшѳѳгѳ;
- дат басууга каршы жабуулардын бүтүндүгүн бузууга.
Эскертүү – Үзгүлтүксүз текшерип кароо үчүн идиштердин конструкцияларынын элементтерине карата жол алуу камсыз болгон жана да дат басууга каршы жабуунун мезгил-мезгили менен калыбына келтирүү жана конструкцияларды оңдоп-түзѳѳ мүмкүндүгү камсыз кылынган учурларда тейлѳѳ аянтчаларынын идиштеринин жана бул идиштерден суюктуктарды сордуруп алуу үчүн насостордун орун жайларынын конструкцияларын тосмолоочу дубалдарга жѳлѳѳгѳ жол берилет.
3.3.6 Жылытуу жана желдетүү
Ѳндүрүштүк орун жайлардагы зарыл аба алмашууну ачык идиштик түзүлүштѳрдѳн, жабдуулардан, коммуникациялардан зыяндуу бѳлүнүп чыгуулардын саны боюнча эсептеген ылайык. Зыяндуу бѳлүнүп чыгуулардын санын долбоордун технологиялык бѳлүгүнүн маалыматтары боюнча кабылдоо керек.
Маалыматтар болбогонунда окшош аракеттеги түзүлүштѳрдүн анык изилдѳѳлѳрдүн натыйжалары колдонулушу керек. Анологдору жок түзүлүштѳр үчүн абанын санын 32-таблицага ылайык аба алмашуунун эселенгени боюнча эсептѳѳгѳ жол берилет.
32- таблица – Аба алмашуунун суу менен камсыздоо түзүлүштѳрүндѳгү ар башка имараттар жана орун жайлар үчүн температуранын жана эселенүүсүнүн маанилери
Түзүлүштѳр жана орун жайлар | Жылытуу системалары үчүн абанын температурасы | Аба алмашуунун эселенүүсү | Ѳндүрүштүк процесстердин санитардык мүнѳздѳмѳлѳ-рүнүн тобу |
| |||
1 Суу алуу түзүлүштѳ-рүнүн машина залдары | 5 | 1 | 1 | I б | |||
2 Насостук станция-лардын машина залдары | 5 | Жылуулук бѳлүп чыгаруу эсеби боюнча | I б |
| |||
3 Сууну колдонууга даярдоо станциялары: |
|
|
|
| |||
а) барабандык торлор жана микрочыпкалар бѳлүмү | 5 | Нымды бѳлүп чыгаруу эсеби боюнча | I б |
| |||
б) чыпкалоочу залдын бѳлүмү | 5 | Ошол эле | Ошол эле | I б |
| ||
в) хлорду тосуп калуучу жай, озонду тосуп калуучу жай | 16 | 6 | 6 | II в |
| ||
г) аммиакты тосуп калуу | 16 | 6 | 6 | II в |
| ||
4 Эритиндилерди даяр-доо үчүн реагенттик чарба бѳлүмү: а) күкүрт кычыкыл алюминийдин, акиташ сүтү-нүн, гексаметафосфаттын, фтордуу натрийдин, полиакриламиддин, жигердүү кремний кислотасынын | 16 | 3 | 3 | II в |
| ||
б) хлордуу темирдин, гипохлориттин | 16 | 6 | 6 | II в |
| ||
5 Реагенттердин кампалары: |
|
|
|
| |||
а) күкүрт кычкыл алюминийди, акиташты, соданы нымдуу сактоонун | 5 | Нымды бѳлүп чыгаруу эсеби боюнча | II г |
| |||
б) суюк хлордун | 3-эскерт. кара 3 | 6 | 6 + 6 авариялык | II г |
| ||
в) жылытылбаган суюк хлордун | - | - | 6 + 6 авариялык | II г |
| ||
г) аммиактын | Жылытылбайт | - | 6 | II г |
| ||
д) жигердүү кѳмүрдүн, фосфаттын, сульфокѳмүрдүн, полиакриламиддин, суюк айнектин, фторду камтуучу геагенттердин | 5 | 3 | 3 | II в |
| ||
е) күкүрт кислотасын | 5 | 6 | 6 | II г |
| ||
ж) хлордуу темирдин | 5 | 6 | 6 | II г |
| ||
Эскертүүлѳр 1 Дайымкы тейлѳѳчү персонал ѳндүрүштүк орун жайларда болгонунда алардагы абанын температурасы 16 °Сдан кем эмес болушу керек. 2 Чоң суулук үстүнкү бети менен орун жайлардагы абанын температурасын суунун үстүнкү бетинин температурасынан 2 °Сдан кем эмес жогору деп кабылдоо керек. 3 Суюк хлордун кампаларында жылытуу, эреже катары, алдын алып каралбайт. Хлордун чыгымдоочу кампасын орнотууда хлордук чарбаны эксплуатациялоо менен байланышкан суюк хлору менен идиштерден, технологиялык жабдуудан тышкары абанын 5 °С эсептик температурасын камсыздоо үчүн жылытуу алдын алып каралганы ылайык. |
| ||||||
Хлорду тосуп калуу орун жайынан дайымкы аракеттеги желдетүү тарабынан абанын сырткарыга чыгарылышын жердин деңгээлинен 15 м бийиктиктеги түтүк аркылуу хлорду чыгымдоо кампасынан туруктуу аракеттеги жана авариялык желдетүү радиусу 15 м аралыкта орун алган эң бир бийик имараттын чатырынын кырынан 2 метрден жогору бийиктиктеги түтүк аркылуу жүзѳгѳ ашыргын ылайык. Зарылчылыкта сыртка чыгарылган абаны тазалоо алдын алып каралышы керек.
Хлордуу темирдин эритиндисин даярдоо орун жайында жалпы алмашуучулук желдетүүдѳн тышкары хлордуу темирди идиштен алып чыгуу үчүн бокстан абаны жергиликтүү сордуруунун алдын алып каралганы ылайык.
Фтордуу натрийдин эритиндисин даярдоо орун жайында жалпы алмашуучулук желдетүүдѳн тышкары фтордуу натрийи менен бочкаларды идиштеге жайгаштыруу үчүн шкафтык калканычтан абаны жергиликтүү сордуруунун алдын алып каралганы ылайык. Жумушчу ѳткѳѳлдѳрдүн кесилиштеринде абанын ылдамдыгы 0,5 м/секунддан кем болбошу керек.
3.4 Ѳзгѳчѳлүү жаратылыштык жана климаттык шарттардагы суу менен камсыздоо системаларына карата кошумча талаптар
3.4.1 Сейсмикалык райондор
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Бул бѳлүмчѳнүн талаптары 7, 8 жана 9 баллы менен райондордогу суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоодо аткарылышы керек.
8 жана 9 балл сейсмикалуулугу менен райондордо I категориянын жана да, эреже катары, II категориянын суу менен камсыздоо системасын дробоорлоодо суу менен камсыздоонун экиден кем эмес булагын пайдалануу алдын алып каралганы ылайык.
Сууну берүүнүн бир учурда токтотулуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу эки створлордогу суу алуу түзүлүштѳрү менен бир үстүнкү беттик булакты пайдаланууга жол берилет.
Суу менен камсыздоонун III категориясынын, негизделгенинде II категориясынын системалары үчүн, ошондой эле сейсмикалуулугу 7 балл менен райондордо суу менен камсыздоонун бардык категорияларынын системалары үчүн суу менен камсыздоонун бир булагын пайдаланууга жол берилет.
7, 8 жана 9 балл сейсмикалуулугу менен райондордо суу менен камсыздоонун бардык категорияларынын системалары үчүн жараңкалык жана карстык тектерден жер астындагы сууларды суу менен камсыздоонун булагы катары пайдаланууда экинчи булак – кумдуу жана шагылдуу тектерден үстүнкү беттик же жер астындагы суулар кабылданганы ылайык.
Суу менен камсыздоо системаларында 8 жана 9 балл сейсмикалуулугу менен райондордо суу менен камсыздоонун бир булагын пайдаланган учурда (мунун ичинде бир створдо сууну үстүнкү беттик алууда) идиштерде ѳрт ѳчүрүүгѳ деген суунун кѳлѳмүн 26-таблицада кѳрсѳтүлүп, убактысы боюнча аныкталгандан эки эсе кѳп жана да авариялык график жана чарбалык-ичүүчү керектѳѳлѳрү боюнча ѳндүрүштүк муктаждыктарды 8 балл сейсмикалуулугу менен райондордо 8 сааттан кем эмес жана 9 балл сейсми-калуулугу менен райондордо 12 сааттан кем эмес эсептик чыгымдалуунун 70%ы ѳлчѳмүндѳ камсыздоо алдын алып каралышы керек.
Суу менен камсыздоо системасынын иштѳѳсүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн тѳмѳндѳгүдѳй мүмкүндүктүн каралганы ылайык:
– күчтѳп түртүлүү суу топтогучтарын бѳлүп жайгаштыруу;
– суу мунараларын күчтѳп түртүлүү суу топтогучтарына алмаштыруу;
– санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу негизинде чарбалык-ичүүчүчү суу, ѳндүрүштүк жана ѳрткѳ каршы суу түтүктѳрү, ошондой эле иштетүүдѳн ѳткѳрүлбѳгѳн зыянсыздандырылган сууну чарбалык-ичүүчүчү суу тармагына берүү тарамдарынын ортосундагы убактылуу коюлчу тосмолорду орнотуу.
Ѳрткѳ каршы жана чарбалык-ичүүчүчү суу менен камсыздоонун насостук станцияларын ѳндүрүштүк имараттар жана түзүлүштѳр менен тосмолоого жол берилбейт.
Насостук станцияларды суу менен камсыздоонун имараттары жана түзүлүштѳрү менен тосмолоодо идиштик түзүлүштѳрдүн герметикалуулугу бузулган учурда машина залдарынын жана электр түзүлүшү орун жайларынын чѳктүрүлүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу иш-чаралардын алдын алып каралганы зарыл.
Чѳктүрүлгѳн насостук станциялар суу топтогучтардан жана ѳткѳргүч түтүктѳрдѳн 10 метрден кем эмес аралыкта (жарыкка карата) жайгаштырылуусу керек.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларында идиштик түзүлүштѳрдү ѳз алдынчалуу айрым блокторго ажырымдоо зарыл, алардын саны экиден кем эмес болушу керек.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларында сууну тармакка берүү үчүн түзүлүштѳрдү четтеп айланма линиялардын алдын алып каралганы зарыл. Айланма линияны башка коммуникациялардан жана түзүлүштѳрдѳн 5 метрден кем эмес аралыкта (жарыкка карата) адып ѳткѳн ылайык. Ушунда тармакка берилчү ичүүчү сууну хлордоо үчүн эң бир жѳнѳкѳй түзүлүш алдын алып каралышы керек.
Бир түйүндѳгү бирдей дайындалыштагы суу топтогучтардын саны экиден кем болбошу керек, ушунда ар бир суу топтогучту берүүчү жана чыгарып кетүүчү ѳткѳргүч түтүктѳр менен бириктирүү ооштуруп кошуунун жалпы камерасынын коңшулаш суу топтогучтарынын ортосундагы түзүлүштѳрсүз ѳз алдынчалуу болушу керек.
Имараттардын дубалдарында жана фундаменттеринде түтүктѳрдү бекем бүтѳп салууга жол берилбейт. Түтүктѳрдү алып ѳтүү үчүн тешиктердин ѳлчѳмдѳрү периметр боюнча 10 сантиметрден кем эмес кѳңдѳйдү камсыздоосу керек; чѳкмѳ кыртыштар болгонунда кѳңдѳй бийиктиги боюнча 20 сантиметрден кем эмес болушу зарыл, кѳңдѳйдү бүтѳѳнү тыгыз чоюлгуч материалдардан кабылдаган ылайык.
Түтүктѳрдү насостук станциялардын жана идиштик түзүлүштѳрдүн жер астындагы бѳлүгүнүн дубалы аркылуу алып ѳтүү дубалдардын жана ѳткѳргүч түтүктѳрдүн ѳз ара сейсмикалык таасир этишүүлѳрү жокко чыгарылгандай кылып кабылдаган ылайык.
Эреже катары, бул максат үчүн сальниктер колдонулуусу керек.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн имараттарга же түзүлүштѳргѳ киргизилген же чыгарылган жерлеринде, ѳткѳргүч түтүктѳрдүн насосторго, суу алуу скважиналарына бириктирилген орундарында, суу мунараларынын устундарынын горизонталдык ѳтеѳргүч түтүктѳр менен бириккен жерлеринде, ошондой эле суу түтүктѳрү трассаларынын профилинин же багыттарынын кескин ѳзгѳргѳн жерлеринде суу түтүктѳрүнүн бүткѳн жерлеринин бурчтук жана узунунан кеткен жылышууларына жол берүүчү ийкемдүү бириктирүүлѳрдүн алдын алып каралганы зарыл.
3.4.1.1 Негизги суу түтүктѳрү жана тарамдар
Сейсмикалык аймактарда негизги суу түтүктѳрүн жана тарамдарды долбоорлоодо «Түтүктѳрдүн материалдары» бѳлүмүндѳ кѳрсѳтүлгѳн жана сейсмикалык күч келүүлѳрдүн таасир этүүсү маалында ишенимдүү иштѳѳсүн камсыздоочу түтүктѳрдүн бардык түрлѳрүн колдонууга жол берилет. Ушунда түтүктѳрдү алып ѳтүү тереңдигин «Түтүктѳрдү алып ѳтүү тереңдиги» 2.8.3 бѳлүмүнѳ ылайык кабылдоо керек.
Түтүктѳрдүн бекемдик классын тандоону сейсмикалык таасир этүүлѳрдѳгү күч келүүлѳрдүн негизги жана ѳзгѳчѳлүү айкалышууларды эсепке алуу менен жүргүзүү зарыл.
Биригип кошулуулардын ордун толтуруучулук жѳндѳмдүүлүктѳрүн ийкемдүү кошуп-бириктирүүчү биригиүүлѳрдү колдонуу аркылуу камсыздоо зарыл.
Негизги суу түтүктѳрүнүн линияларынын саны, эреже катары, экиден кем болбошу керек. Ооштуруп кошуулардын санын негизги суу түтүктѳрүндѳ эки авариянын келип чыгуу шарттарынан чыгып дайындаган ылайык, ушунда чарбалык-ичүүчү муктаждыктарына суунун жалпы берилүүсүн эсептик чыгымдалуунун 30%ынан кѳп эмес тѳмѳндѳтүүгѳ, ѳндүрүштүк муктаждыктарга – авариялык график боюнча жол берилет.
Суу менен камсыздоонун III категориядагы жана негизделгенинде II категориядагы системаларында негизги суу түтүктѳрүн бир катар кылып тѳшѳѳгѳ жол берилет, ушунда идиштердин кѳлѳмүн «Сууну сактоо үчүн топтогучтар» бѳлүмүнүн ченемдери боюнча аныкталган жана «Сейсмикалык аймактар» бѳлүмүнүн 3.4 бѳлүмчѳлѳрүндѳгү жалпы кѳрсѳтмѳлѳрдѳ келтирилген ченемдерге ылайык чоң чоңдугу боюнча кабыл алуу керек.
Суу түтүктѳрү тарамдары алкак түрүндѳ долбоорлонгону ылайык.
3.4.1.2 Курулуштук конструкциялар
Имараттардын жана түзүлүштѳрдүн конструкцияларын КР КЧ 20-02нин жана ушул бѳлүмдүн талаптарына ылайык долбоорлоо керек.
Суу менен камсыздоо системасынын имараттарынын жана түзүлүштѳрүнүн эсептик сейсмикалуулугу 33-таблицадагыга ылайык кабылдануусу керек.
Идиштик түзүлүштѳр жана имараттардын жер астындагы бѳлүктѳрү конструкциялардын ѳздүк массасынан, идишти толтуруучу суюктуктун массасынан жана кепилдѳѳнү кошуп кыртыштан сейсмикалык таасир этүүлѳрдүн кѳбүрѳѳк кооптуу мүмкүн болчу айкалышууларга эсеп кылынышы керек.
Идиштик түзүлүштѳргѳ жана имараттардын жер астындагы бѳлүктѳрүнѳ конструкциялардын ѳздүк массасынан жана да аларга карата күч келүүлѳрдѳн сейсмикалык таасир этүүлѳр имараттар үчүн сыяктуу аныкталышат.
33-таблица
Имараттардын жана түзүлүштѳрдүн жооптуулук классы | Имараттардын жана түзүлүштѳрдүн курулуш аянтынын сейсмикалуулугундагы эсептик сейсмикалуулугу |
| ||
I–II | 7 | 8 | 9 | |
III | Сейсмикалык таасир этүүлѳрдүн эсебин алуусуз | 7 | 7 |
|
Эскертүү – Имараттар жана түзүлүштѳр эсептик сейсмикалуулукка ылайык келүүчү күч келүүлѳрдѳ эсептелинет. Бул күч келүүлѳр имараттар жана түзүлүштѳр үчүн, булардын иштеп туруусу жер титирѳѳнүн кесепеттерин жоюу маалында зарыл, 1,2 коэффиентине, үстүнкү беттик суунун суу алуу түзүлүштѳрү үчүн 1,5ке кѳбѳйтүлѳт. |
| |||
Ушунда (1) жана (2) КР КЧ 20-02 формуласына кирүүчү коэффициенттеринин чыгарылыштарынын маанилерин 34-таблица боюнча кабылдоого жол берилет.
34- таблица - (1) жана (2) КР КЧ 20-02 формулаларындагы коэффиенттердин маанилери
Имараттардын жана түзүлүштѳрдүн кыртышка карат жайгашуусу | βi * ηik коэффициенттеринин чыгарылыштарынын КР КЧ 20-02 боюнча кыртыштын категориясынан кѳз каран-дылыктагы маанилери | К1 * К2 * Кψ коэффициентери-нин чыгарылыштарынын 29-таблица боюнча имарат-тардын жана түзүлүштѳрдүн жооптуулук классынан кѳз карандылыктагы маанилери |
| ||||
Жер үстүндѳгү | 3 | 2,7 | 2 | 0,3 | 0,25 | 0,2 | |
Жер астындагы | 2 | 1,8 | 1,5 | 0,25 | 0,2 | 0,15 |
|
Эскертүү – Кыртышка чѳктүрүлгѳн түзүлүштѳр жер астындагы, а эгер чѳгүү чоңдугу алардын бийиктигинин жарымынан ашып, азыраак чѳксѳ жер үстүндѳгү катары эсептелинет. |
| ||||||
Суюктуктун жана кыртыштын массасынан сейсмикалык таасир этүүнүн чоңдугун аныктоону КР КЧ 20-02 боюнча аткарган ылайык.
Эскертүү – Суу мунараларынын эсептелишинде бул пункттун талаптары бактын конструкциясынын эсептелишине гана жайылтылат.
3.4.2 Иштетилүүдѳгү территориялар
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Имараттарды жана түзүлүштѳрдү, негизги суу түтүктѳрүн жана тарамдарды долбоорлоодо аларды КЧжЭ 2.01.09дун талаптарын эсепке алуу менен жер астын-дагы тоо-кен иштетүүлѳрдүн таасиринен коргоо алдын алып каралганы зарыл.
Жабык суу топтогучтарды долбоорлооого кѳлѳмү 6000 м3дан кѳп эмес I÷IV топторунун иштетилүүдѳгү территорияларында жол берилет, суунун чоң кѳлѳмү үчүн Iк–IV Iк÷IVк топторунун иштетилүүдѳгү территорияларында бир нече суу топтогучтардын алдын алып каралганы ылайык. Ачык идиштердин кѳлѳмү ченемделинбейт.
Ооштуруп кошуу камералары суу топтогучтардан деформациялык ажырымдар менен бѳлүнүп коюлушу керек.
Идиштик түзүлүштөрдү долбоорлоодо түзүлүштөрдүн иштөөсүнүн үстүнөн көзөмөлдү камсыздоо үчүн жана деформациялык оңдоп-түзөөлөрдөн кийинки өндүрүш үчүн алардын негизги элементтерине карата эркин жол алуунун алдын алып каралышы зарыл.
Сууну колдонууга даярдоо түзүлүштөрүндө (киргилттигинен арылтуучулар, чөкмө тундургучтар, чыпкалар ж.д.б.) бетон арыктарынын сууну агызуу жээктерин жана негиздин деформацияланышынан кийинки агып чыгуу кобулун түздөө мүмкүндүгү алдын алып каралганы зарыл.
Чөктүрүлгөн тешиктери менен цемент арыктар жана агып чыгуу кобулдары үчүн жээктерди түздөөнүн алдын алып каралышы талап кылынбайт.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларын долбоорлоодо негизги түзүлүштѳр-дүн бѳлүштүргүч компоновкасын колдонуу зарыл. Алардын блокировкаланышына суткасына 30000м3га чейин ѳндүрүмдүүлүгү менен станциялар үчүн жана IV топ-тун иштетилүүдѳгү территорияларында курулуш жүргѳн учурларда жол берилет.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларынын иштѳѳсүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максаттарында айрым түзүлүштѳрдү блокторго жана секцияларга ажырымдап бѳлүштүргѳн ылайык.
Идиштик түзүлүштѳрдѳгү түптѳрдү жана суунун деңгээлдерин белгилѳѳлѳрдү негиздин деформацияланышынан кийин суунун кыймылынын ѳзү агып түшүүсүн камсыздоонун эсебин алуу менен дайындоо зарыл.
Суу түтүктѳрүнүн имараттарындагы жана түзүлүштѳрүндѳгү ѳткѳргүч түтүктѳр жана арматура болоттон болуп кабылдануусу керек.
Түзүлүштүн конструкцияларына карата ѳткѳргүч түтүктѳрдүн жана арматуранын бекитүү түйүндѳрү алардын мүмкүн болчу ич ара жылышууларын жана аларга ѳткѳргүч түтүктѳр тарабынан ѳткѳрүп берилчү күчтѳп аракеттенүүлѳр эсепке алынуу менен долбоорлонуулары керек.
Эскертүү – Чоюн арматураны колдонууга 2.4.4 пунктуна ылайык сууну берүүнүн камсыз кылынгандыгынын даражасы боюнча II жана III категориялардын түзүлүштѳрүндѳ гана жол берилет.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдѳгү түзүлүштѳрдүн конструкцияларынын жылы-шууларынан жана иштетүүнүн натыйжасында кыртыштын деформацияла-нуусунан улам келип чыккан күчтѳп аракеттенүүлѳрдү басаңдатуу үчүн ѳткѳргүч түтүктѳрдүн ийкемдүүлүгүн ордун толтуруучу түзүлүштѳрдү колдонуунун, бекитүү түйүндѳрүнүн жана да түзүлүштѳрдүн дубалдары аркылуу түтүктѳрдү ѳткѳрүү конструкцияларын сарамжалдуу жайгашты-руунун жана типтерин тандоонун эсебинен жогорулаткан ылайык.
3.4.2.1 Негизги суу түтүктѳрү жана тарамдар
Иштетилип жаткан территориялардагы ѳткѳргүч түтүктѳрдү долбоорлоодо түтүктѳрдүн талап кылынган бекемдигинде жана кошулган жерлеринин компенсациялык жѳндѳмдүүлүгүндѳ ѳткѳргүч түтүктѳрдүн дайындалышын кѳңүлгѳ алуу менен түтүктѳрдүн бардык түрлѳрүн колдонгон ылайык.
Раструбдук жана муфталык түтүктѳрдүн кошулуп бириккен жерлери тыгыздоочу ийкемдүү алкактын же мастиктин колдонулуусу менен чоюлчаак болушу керек.
Болот жана пластмасса түтүктѳрүнүн ширетип бириктирилген жерлеринин бекемдиги түтүктүн бекемдигинен тѳмѳн болбошу керек.
Негизги суу түтүктѳрүндѳгү вантуздардын (кир соргучтардын) жана агызып чыгаруулардын орнотулуу орундарын негиздердин күтүлгѳн дееформациялануусун эсепке алуу менен дайындоо зарыл.
Негизги суу түтүктѳрүн эки же андан кѳп линия кылып долбоорлоодо аларды ар башка иштетилүү мѳѳнѳттѳрү менен аянттарда тѳшѳгѳн ылайык.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдү тоннелдерде жана каналдарда жердин үстүнкү бетинин деформацияланышынын таасир этүүсүн эсепке алуу менен батыштырып тѳшѳѳнүн колдонулуусуна жол берилет.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдү коргоо боюнча конструктивдик иш-чараларды жердин үстүнкү бетинин ѳткѳргүч түтүктѳрдү эксплуатациялоонун 20 жылы убакыт аралыгында пайдалуу казылып алынуучуларды иштетүүдѳн деформациялануусу эсебинен чыгып дайындаган ылайык.
II жана III категориядагы суу менен камсыздоо системаларынын ѳткѳргүч түтүктѳрү үчүн конструктивдик иш-чараларды аткарууну 20 жылдан кем эмес убакыт аралыгында пайдалуу алынуучуларды иштетүүдѳн улам жердин үстүнкү бетинин деформацияланышынан чыгып дайындоого жол берилет. Мындагы долбоордо эксплуатациялоо процессинде кошумча коргоо чараларын жүзѳгѳ ашыруу мүмкүндүгү алдын алып каралышы керек.
Жер астындагы ѳткѳргүч түтүктѳрдү коргоонун конструктивдик чараларынын кѳлѳмү эсептелүүгѳ негизделиши керек, ушунда каралганы ылайык:
– деформациялануучу кыртыштын ѳткѳргүч түтүккѳ күч бергич таасир этүүнү тѳмѳндѳтүүчү обочолонтууну колдонуу;
– түтүктѳрдү кѳмүү үчүн аз ѳйкѳѳчү материалдарды пайдалануу;
– түтүктѳрдүн капталдарынын калыңдыгын арттыруу;
– компенсаторлорду орнотуу.
Жер астындагы ѳткѳргүч түтүктѳрдүн бекемдигин текшерүүнү алкактык жана узатасынан кетчү чыңалуулардын биргелешкен иш-аракетин эсепке алуу менен жүргүзүү зарыл.
Алкактык чыңалууларды ички басымдын же боштуктун таасир этүүсүнѳн, тышкы күч келүүнү кѳмүүдѳн жана транспорт каражаттарынан, ошондой эле урчук аймагындагы туурасынан кеткен кесилиштин контурунун деформациясынан чыгып эсепке алган ылайык.
Узатасынан кеткен чыңалууларды ички басымдын, температуранын ѳзгѳрүүсүнүн жана деформациялануудагы кыртыштын таасиринен чыгып кѳңүлгѳ алуу зарыл.
Күчтѳп түртүлүүдѳгү хризотилцементтик, чоюндук жана темирбетондук раструбдарда жана муфталарда бириктирилүүчү түтүктѳрдѳн куралган ѳткѳргүч түтүктѳр үчүн чегине жеткирилген абал биригип-кошулуулардын максималдуу ачылуусу менен аныкталат, мында герметикалуулук сакталат.
Күчтѳп түртүлүү ѳткѳргүч түтүгүнүн кошулуп биригүүсүнүн чегине жеткире ачылуусун кабылдаган ылайык, см:
0,2 – чоюн түтүктѳрү үчүн;
0,3 – темирбетон раструбдук түтүктѳр үчүн;
1,5 – хризотилцементтик түтүктѳр үчүн.
3.4.2.2 Курулуштук конструкциялар
Идиштик түзүлүштѳрдү түзүлүштүн иштѳѳсүнүн негиздин деформацияланышына таасир этүүсүн аныктоочу катуу, ийкемдүү же бириктирилген конструктивдик схемелар боюнча долбоорлогон ылайык, ушунда алдын алып каралышы керек:
- катуу конструктивдик схема боюнча – бирдей ѳлчѳмдѳгү эмес деформациялануулардын бардык түрлѳрүндѳгү түптѳрдүн, дубалдардын, жабуулардын жана бѳгѳп тосуулардын элементтеринин ич ара орун которуштуруу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу;
- ийкемдүү конструктивдик схема боюнча – элементтердин бирдей ѳлчѳмдѳгү эмес деформациялануулардын бардык түрлѳрүнѳ карата ыңгайлашуу мүмкүндүгү;
- бириктирилген конструктивдик схема боюнча – бирѳѳлѳрү үчүн ийкемдүүлүк жана башка элементтер үчүн катуулук.
Идиштик түзүлүштѳрдүн элементтеринин ийкемдүүлүгү басымдуу чогултулган конструкциялардын бирикчү жерлеринде, дубалдардын түбү, жабуусу жана бѳгѳп тосуулар менен биригүүлѳрүндѳ, ошондой эле зарылчылыкта түптѳрүндѳ деформациялык суу ѳткѳрбѳѳчү бириктирилген жерлерди орнотуу менен жетишилет.
Кыртыштык суулардын жогорку деңгээли менен аянтчалардагы ийкемдүү жана бириктирилген конструктивдик схемалар боюнча идиштик түзүлүштѳрдү долбоорлоодо ийкемдүү бириктирилген жерлеринин конструкциялары эки тараптуу гидростатикалык басымдын кабылдануусун камсыз кылышы керек.
Ийкемдүү жана бириктирилген схемалар боюнча долбоорлонгон илиштик түзүлүштѳр үчүн азыраак чыпкалоочу чополуу кыртыштарда дренаждык система түзүлүшү алдын алып каралганы зарыл.
Суу топтогучтарды долбоорлоо зарыл:
- катуу конструктивдик схемалар боюнча – иштетилүүдѳгү территориялардын I–IV топторунда 50 жана 100м3 кѳлѳмү менен жана III–IV топторунда 250 жана 500м3 кѳлѳмү менен;
- ийкемдүү конструктивдик схемалар боюнча – иштетилүүдѳгү территориялардын I тобунда 250 жана 500м3 кѳлѳмү менен жана I–II топторунда 2000 жана 3000м3 кѳлѳмү менен жана да I–III топторунда 6000м3 кѳлѳмү менен;
- бириктирилген конструктивдик схемалар боюнча – иштетилүүдѳгү территориялардын I–II топторунда 1000м3 кѳлѳмү менен, II–VI топторунда 1000м3 кѳлѳмү менен, III–IV топторунда 2000 жана 3000м3 кѳлѳмү менен жана да IV тобунда 6000м3 кѳлѳмү менен.
Иштетилүүдѳгү территориялардын Iк–IVк топторуна деген суу топтогучтарды катуу, конструктивдүү схемалар боюнча долбоорлогон ылайык.
Сууну колдонууга даярдоо станцияларынын идиштик түзүлүштѳрүн долбоорлогон ылайык:
- киргилттигинен арылтуучуларды, вертикалдык чѳкмѳ тундургуч-тарды, ооштуруучу крандарды, реакция камераларын, чыпкаларды – катуу схема боюнча;
- горизонталдык чѳкмѳ тундургучтарды – ийкемдүү же бириктирилген схема боюнча;
- радиалдык чѳкмѳ тундургучтарды – тунмаларды четтетүү үчүн түбүнүн жана механизмдин ортосундагы туруктуу жылчыкты камсыздоочу катуу же бириктирилген схема боюнча.
Ачык идиштик түзүлүштѳрдү ийкемдүү конструктивдик схема боюнча жантаймалардын жана түптѳрдүн облицовкасы менен кыртыштагы идиштер түрүндѳ долбоорлогон ылайык. Жантаймаларды чыгарууну 1:3кѳ теңдеш кылып кабылдоо зарыл.
Сн ≥ 0,25 кг/см2 жана φН ≥ 23° бүзүлбаган түзүмүнүн суу баспаган кыртыштар менен байланыштырылган аянтчалардагы ачык идиштик түзүлүштѳрдү долбоорлоодо идиштерди облицовкалоону түздѳн-түз полимердик каңылтыр материалдарды негиздѳѳ боюнча кабылдоого жол берилет. Башка учурларда облицовкалоону дефомациялык бириккен жерлеринин түзүлүшү менен темирбетонтакталарынын болушу алдын алып каралганы ылайык.
Темирбетон идиштик түзүлүштѳрдүн түбүн Iк–IVк топтору үчүн – бир катмарлуу, I–IV топтордун территориялары үчүн – эки катмарлуу монолиттик кылып долбоорлоо зарыл.
Темирбетон такта түрүндѳгү бир катмарлуу түп күч келүүлѳрдүн негизги жана ѳзгѳчѳлүү айкалыштарын кабылдоого эсептелинген болушу керек.
Эки катмарлуу түп күч келүүлѳрдүн жана ийрейүүнүн деформациясынын негизги айкалышуусуна эсептелинген жана да темирбетон тактасын жана да негиздин түз сызыктуу эмес иштѳѳсүн жана темирбетондо жарылуунун пайда болуусун эсепке алуу менен чоюлуунун горизонталдык деформациясына эсептелинген темиртетон тактасын ѳзүнѳ камтуусу зарыл.
Мында армирленген даярдык кѳрүүдѳгү жарака кетүүлѳрдү ачуунун болушунча жол берилген кеңдиги ал.кр = 0,3 мм, ат.дл = 0,2 мм болуп кабылданышы керек.
Такта менен даярдоонун ортосунда мыкты гидрообочолонтуунун катмары алдын алып каралганы зарыл.
Үстүнкү бетти кысуунун горизонталдык деформацияларынын таасир этүүлѳрүндѳ келип чыгуучу жабык идиштик түзүлүштүн дубалына түздѳн-түз басымды азайтуунун зарылдыгында түзүлүштү кумдуу кыртыш менен кѳмүү алдын алып каралганы ылайык.
Чоюлуунун горизонталдык деформацияларынын таасир этүүлѳрү учурунда келип чыгуучу идиштик түзүлүштүн таманы боюнча горизонталдык күч келүүлѳрдү азайтуу зарылдыгында, ошондой эле жердин үстүнкү бетинин урчуктануусусунда ийрейүүсүндѳ келип чыгуучу аска таштык негиздин вертикалдык деформацияларынын таасирин тѳмѳндѳтүү үчүн таманынын астына кум же кыртыштык тѳшѳѳнүн алдын алып каралганы ылайык.
Тѳшѳѳнүн калыңдыгы бирдей эмес деформациялардын чоңдугун, түзүлүштүн конструктивдик схемасын жана анын ѳлчѳмдѳрүн эсепке алуу менен дайындалышы керек.
3.4.3 Түбѳлүк тоңуудагы кыртыштар
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Суу менен камсыздоонун тарамдарын жана түзүлүштѳрүн долбоорлоодо түбѳлүк тоңуудагы кыртыштарды КЧжЭ 2.02.04кѳ ылайык негиз эсебинде пайдалануунун I же II принцибин кабылдоо керек.
3.4.4 Чѳкмѳ кыртыштар
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Суу менен камсыздоонун чѳкмѳ кыртыштарда курулууга тийиш болгон имараттарын жана түзүлүштѳрүн КЧжЭ 2.02.01дин кѳрсѳтмѳлѳрүн эсепке алуу менен долбоорлоо зарыл.
Генералдык пландарды иштеп чыгууда жамгырдын жана кардын эриген сууларын буруп кетүүнүн табигый шарттарынын сакталышы камсыз кылынышы керек. Идиштик түзүлүштѳр, эреже катары, чѳкмѳ кыртыштардын калыңдыгынын минималдуу чоңдугундагы дренаждалуучу катмардын болушу менен жайгаштырылуусу керек.
Эскертүү – Курулуштун аянтчасын жантайма бетте жайгаштырууда жамгырдын жана кардын эриген сууларын буруп кетүү үчүн арыктын болушу алдын алып каралышы керек.
Идиштик түзүлүштѳрдѳн ар кандай дайындалыштагы имараттарга чейинки аралык тѳмѳндѳгүдѳй кыртыштык шарттарда кабылданышы керек:
– чѳгүүсү боюнча I тип – чѳкмѳ кыртыштын катмарынын калыңдыгы 1,5тен кем эмес;
– дренаждалуучу тѳшѳлчү кыртыштар болгонунда чѳгүүсү боюнча II тип – чѳкмѳ катмардын калыңдыгынын 1,5инен кем эмес, ал эми дренаждалбоочу тѳшѳлчү кыртыштар болгонунда – чѳкмѳ катмардын калыңдыгынын үчѳѳсүнѳн кем эмес, бирок 40 метрден ашык эмес.
Эскертүүлѳр
1 Чѳкмѳ кыртыштын катмарынын чоңдугун табигый рельефтин үстүнкү бетинен кылып, ал эми аянтчаны планировкалоодо ксилиштин деңгээлинен кабылдаган ылайык.
2 Чѳгүүсү боюнча кыртыштык шарттардын тиби жана кыртыштардын чѳгүүсүнүн алардын ѳздүк ѳлчѳмдѳрүнѳн мүмкүн болгон чоңдуктарын планировкалоо маалында мүмкүн болчу кесилишти жана кыртыштын себеленүүсүн эсепке алуу менен кабылдаган ылайык.
3 Курулуудагы аянтчанын чектеринде кыртыштардын чѳгүп кетүүчүлүк ѳзгѳчѳлүктѳрүн толугу менен жоюп четтетүүдѳ, ошондой эле идиштик түзүлүштѳрдүн астындагы суу ѳткѳрбѳѳчү поддондорду орноштурууда алардагы суунун аянтчанын чектеринен тышкарыга агып чыгуусун буруп кетүү менен кыртыштардын чѳгүп кетүүчүлүгүн эсепке албастан идиштик түзүлүштѳрдѳн имараттарга чейинки аралыктын кабыл алынуусуна жол берилет.
Суу менен камсыздоо системаларын сууга каныктыруунун туруктуу иштѳѳдѳгү булактарынан курулуудагы имараттарга жана түзүлүштѳргѳ чейинки аралыкты 3.4.4 «Чѳкмѳ кыртыштар» бѳлүмүндѳ кѳрсѳтүлгѳн аралыктарга салыштырмалуу 1,5 эсеге азайтууга деформациялануудагы аймактын чектеринде кыртыштардын чѳгүп кетүүчүлүк ѳзгѳчѳлүктѳрүн толук же айрым бѳлүгүн четтетүү же чѳкмѳ кыртыштарды свайдык фундаменттер, бекемделген кыртыштан устундар менен кесүү шарттарында жол берилет.
Чѳкмѳ кыртыштарда курулууга тийиштүүлүктѳгү имараттарды, түзүлүштѳрдү жана ѳткѳргүч түтүктѳрдү долбоорлоодо идиштик түзүлүштѳрдү герметизациясы, ѳткѳргүч түтүктѳрдѳн жана түзүлүштѳрдѳн кыртышка суунун ѳтүп келишин болтурбоо боюнча, суунун жоготулушуна карата кѳзѳмѳл боюнча, мүмкүн болчу жоготулуу орундарында сууну чогултуу жана буруп кетүү боюнча, ошондой эле котловандарды жана траншеяларды жамгыр жана эриген суулар менен сууланышынан коргоо боюнча иш-чаралардын алдын алып каралышы зарыл.
Ѳткѳргүч түтүктѳрдү суу менен камсыздоо имараттарында жана түзүлүштѳрүндѳ тѳшѳѳ полдун үстүнкү бети аркылуу алып ѳтүлүүсү алдын алып каралышы керек; ѳткѳргүч түтүктѳрдү полдон тѳмѳн тѳшѳѳгѳ авариялык суулардын буруп кетилүүсү менен суу ѳткѳрбѳѳчү каналдарда жол берилет.
Чѳкмѳ кыртыштар болгонунда имараттардын тосмолук конструкцияларынын идиштик түзүлүштѳрдүн дубалдарына жѳлѳнүүсүнѳ жол берилбейт.
Суу менен камсыздоо түзүлүштѳрүнүн абалына жана иштѳѳсүнѳ кѳзѳмѳлдү камсыздоо үчүн алардын негизги конструктивдик элементтерине жана технологиялык жабдуу түйүндѳрүнѳ эркин жол алуу мүмкүндүгү алдын алып каралганы зарыл.
Киргизүү жана имараттан алып чыгуу КЧжЭ 2.04.01ге ылайык алдын алып каралышы зарыл. Имараттын же түзүлүштүн жана ѳткѳргүч түтүктүн түтүктѳрдүн же тосуучу конструкциялардын жапа чегүүсүнѳ алып келүүчү тунмаларынын ар түрдүүлүгүндѳ кудуктардагы ѳткѳргүч түтүктѳрдѳ компенсаторлордун орнотулушу алдын алып каралганы ылайык.
Идиштик түзүлүштѳрдүн жана имараттардын жер астындагы бѳлүктѳрүнүн дубалдарына түтүктѳрдү жабыштырып орноштурууга жол берилбейт. Түтүктѳрдү дубал аркылуу алып ѳтүү үчүн сальниктердин алдын алып каралганы ылайык.
Герметикалуулук талабы коюлбаган тосуучу конструкцияларда түтүктѳрдү темирбетон арыктарын алып ѳтүү үчүн тешиктердин чоңойтулган ѳлчѳмдѳрүн дайындоо зарыл. Түтүктүн же темирбетон арыгынын үстү жана астынын ортосундагы жылчыктарды жана чет жактарына туура келген тешиктерди негиздеги кыртыштын чѳгүүсүнүн мүмкүн болгон чоңдугунун 1/3ине теңдеш деп кабылдоо сунушталат.
Ушунда темирбетон арыктардын жана суунун агып чыгуу кобулунун сууну агызуу жээгин эксплуатациялоо процессинде кынаптап түзѳѳ мүмкүндүгү алдын алып каралышы зарыл.
Ѳз алдынчалуу түзүлүштѳрдүн ортосундагы ѳткѳргүч түтүктѳрдүн жана темирбетон арыктарынын аларды салыштырмалуу буруу жана жылыштыруу мүмкүндүгү болушу керек.
Түтүктѳрдү жана темирбетон арыктарын дубалдар аркылуу алып ѳтүү алардын түзүлүштүн ичин карай жана чегинен тышкарыга негиздеги кыртыштардын чѳгүүсүнүн мүмкүн болго чоңдугунан 1/5ге горизонталдуу жылышуусун камсыздоосу керек.
Территорияны планировкалоо маалындагы кѳмүү, котловандарды жана траншеяларды кайрадан кѳмүү жергиликтүү чополуу кыртыштардан болуусу алдын алып каралышы керек.
Кыртышты таптап тыгыздоонун зарыл даражасын тапталган кыртышка мүмкүн болчу күч келүүлѳрдѳн кѳз карандылыкта кабылдаган ылайык.
Кайра баштан кѳмүү тыгыздалып тапталган ѳз алдынчалуу катмарлардын аларды кургак кыртыштын 1,6 т/м3дан кем эмес тыгыздалууга чейин оптималдуу нымдуулугу менен кыртышты алдын алып карашы керек. Катмарлардын калыңдыгын колдонулган таптап тыгыздоочу механизмдерден кѳз карандылыкта кабылдаган ылайык.
Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүн айланта түзүлүштѳн 0,03 жантаюусу менен суу ѳткѳрбѳѳчү отмостканын алдын алып каралганы зарыл. Отмостканын жазылыгы болушу керек:
1,5 м – I типтин кыртыштык шарттардагы идиштик түзүлүштѳрү үчүн жана 2 м – чѳгүүчүлүк боюнча II тип үчүн;
3 м – суу мунаралары үчүн.
Отмосткалардын астында кыртыштын таптап тыгыздалуусу алдын алып каралышы зарыл.
3.4.4.1 Негизги суу түтүктѳрү жана тарамдар
Кыртыштык шарттарда чѳгүүчүлүк боюнча I жана II типтердин күчтѳп түртүлүүдѳгү суу түтүктѳрүнүн астындагы негиздерге карата талаптар 35-таблицада келтирилди.
35- таблица
Чѳгүүсү боюнча кыртыштын тиби | 2.4.4 пункту боюнча сууну берүүнүн камсыз кылынгандыгы категориясы |
Территориянын мүнѳздѳмѳсү |
Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн астына негиздерге карата талаптар | |
I | I жана II | Курулган | Кыртышты тыгыздоо | |
Курулбаган | Чѳккѳндүктү эсепке албай | |||
I | III | Курулган | Чѳккѳндүктү эсепке албай | |
Курулбаган | Ошол эле | |||
II (чѳгүү чоңдугу 20 сантиметрге чейин) | I жана II | Курулган | Кыртышты тыгыздоо жана поддонду орнотуу | |
Курулбаган | Кыртышты тыгыздоо | |||
III | Курулган | Кыртышты тыгыздоо | ||
Курулбаган | Чѳккѳндүктү эсепке албай | |||
II (чѳгүү чоңдугу 20 сантиметрден кѳбүрѳѳк) | I жана II | Курулган | Кыртышты тыгыздоо, каналда же тоннелде түтүктѳрдү тѳшѳѳ |
|
Курулбаган | Кыртышты тыгыздоо |
| ||
III | Курулган | Кыртышты тыгыздоо жана поддонду орнотуу |
| |
Курулбаган | Кыртышты тыгыздоо |
| ||
Эскертүүлѳр 1 Курулбаган территория – жакынкы 15 жыл ичинде калктуу конуштарды жана эл чарбасынын объектилерин куруу алдын алып каралбаган территория. 2 Кыртышты тыгыздоо – 0,3 м тереңдиктеги негиздин кыртышын таптап тыгыздалган катмардын тѳмѳнкү чегинде 1,65 тс/м3дан кем эмес кургак кыртыштын тыгыздыгына чейин таптап тегиздѳѳ. 3 Поддон – 0,1–0,15 м капталдары менен суу ѳткѳрбѳѳчү конструкция, ушуга 0,1 калыңдыктагы дренаждык катмар тѳшѳлѳт. 4 Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн астындагы негиздерге карата талаптарды ѳткѳргүч түтүктѳргѳ жакын жайгаштырылган имараттардын жана түзүлүштѳрдүн жооптуулук классынан кѳз карандылыкта тактаган ылайык. 5 Ѳткѳргүч түтүктѳрдүн жалгашып биригүүсү астындагы траншеяларды тереңдетүү үчүн кыртышты таптап тыгыздоону колдонуу керек. 6 Калктуу конуштардын территорияларынын I жана II категориялардагы суу менен камсыздоо системаларында каналдарга жана тоннелдерге ѳткѳргүч түтүктѳрдү тѳшѳѳ КЧжЭ 2.04.01 боюнча имараттарга суу түтүктѳрүн киргизүүдѳ түтүктѳрдүн сырткы үстүнкү бетинин жана имараттардын фундаменттеринин ортосундагы аралык каналдардын узундугунан азыраак болгону учурларында гана кабылданышы керек. |
| |||
Поддондор, каналдардын жана тоннелдердин түптѳрү кѳзѳмѳлдүк кудуктар тарапка жантайып туруусу керек.
Негизделгенинде негизги суу түтүктѳрүнүн жана суу түтүктѳрү тарамдарынын жер үстүндѳгү жана жер астындагы тѳшѳмѳсүн кабылдоого жол берилет.
Баардык категориялардагы суу менен камсыздоо системаларын 20 сантиметрден кѳбүрѳѳк чѳгүүсү менен I жана II типтердин кыртыштык шарттарында «Түтүктѳрдүн материалдары» бѳлүмүндѳ кѳрсѳтүлгѳн түтүктѳрдүн материалын кабылдаган ылайык. Раструбдук жана муфталык түтүктѳрдү бүтѳѳ үчүн ийилчээк материалдарды колдонуу керек.
I жана II категориялардагы суу менен камсыздоо системалары үчүн 20 сантиметрден кѳбүрѳѳк мүмкүн болгон чѳгүүсү менен II типтеги кыртыштык шарттарда негизги суу түтүктѳрүн жана тарамдарды болот же пластмасса түтүктѳрүнѳн долбоорлогон ылайык; раструбдук түтүктѳрдү колдонууга жол берилбейт.
III категориядагы суу менен камсыздоо системалары үчүн пластмасса түтүктѳрүн же жалгашкан жерлери ийкемдүү бүтѳлүүсү менен күчтѳп түртүлүүдѳгү темирбетон түтүктѳрүн колдонгон ылайык; резина манжети менен чоюн түтүктѳрдү колдонууга жол берилет.
Эксплуатациялоо маалында ѳткѳргүч түтүктѳргѳ байкоо жүргүзүү үчүн, булардын поддондордо, каналдарда же тоннелдерде тѳшѳлүүсүн алдын алып кароодо кѳзѳмѳлдүк кудуктарды жергиликтүү шарттар аркылуу аныкталуучу, бирок 200 метрден кѳп эмес аралыкта алдын алып каралганы ылайык. Ушунда сууну тармактагы кудуктардан четтетип алып ѳтүү камсыз кылынышы керек.
Каналдардын жана тоннелдердин таманы, түбү кѳзѳмѳлдүк кудуктар тарапка жантайып туруусу керек.
Эскертүү – Негизделгенинде негизги суу түтүктѳрүн жана суу түтүктѳрү тар-мактарын жер үстү же жер асты менен тѳшѳѳнү кабылдоого жол берилет.
Чѳккѳндүгү боюнча I типтин кыртыштык шарттарында суу түтүктѳрү тарамдарын траншеялык тѳшѳѳдѳ тарамдардан имараттардын жана түзүлүштѳрдүн фундаменттерине чейинки горизонталы (жарыктагы) боюнча аралык 5 метрден кем эмес болушу керек, чѳккѳндүгү боюнча II типтин кыртыштык шарттарында – 36-таблицага ылайык.
Негизги суу түтүктѳрү жана суу түтүктѳрү тарамдарындагы фланц-тык арматуранын алдына кудуктарда, каналдарда жана тоннелдерде кыймыл-дуу жалгашып биригүүлѳрдү орнотуу алдын алып каралганы ылайык.
Суу түтүктѳрү тарамдарында кудуктарды чѳккѳндүгү боюнча I типтин кыртыштык шарттарында кыртыштын тапталып тыгыздалуусу неги-зинде 0,3 м тереңдикте, II типтин кыртыштык шарттарында кыртышты 1 м тереңдикке таптап тыгыздоо жана кудуктун суу ѳткѳрбѳѳчү түбүн жана ду-балдарын ѳткѳргүч түтүктѳн тѳмѳн орноштуруп долбоорлогон ылайык.
36- таблица – Тарамдардан II типтин кыртыштык шарттарындагы имараттардын жана түзүлүштѳрдүн фундаменттерине чейинки минималдуу аралыктар (жарыктагы)
Чѳкмѳ кыр-тыштын кат-марынын ка-лыңдыгы, м | Тарамдардан чѳккѳндүгү боюнча II типтин кыртыштык шарттарындагы имараттардын жана түзүлүштѳрдүн фундаменттерине чейинки минималдуу аралыктар (жарыктагы), түтүктѳрдүн диаметри тѳмѳндѳгүдѳй болгонунда, мм | ||
100гѳ чейин | 100дѳн жогору, 300гѳ чейин | 300дѳн жогору | |
5ке чейин | Чѳккѳндүктү эсепке албай | ||
5тен жогору, 12ге чейин | 5 | 7,5 | 10 |
12ден жогору | 7,5 | 10 | 15 |
Эскертүүлѳр 1 II типтеги кыртыштык шарттарда чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрү толугу менен жоюлуп четтетилген имараттарды жана түзүлүштѳрдү курууда тарамдардан имараттардын жана түзүлүштѳрдү фундаменттерине чейинки аралыктарды чѳгүүчүлүктү эсепке албастан кабылдаган ылайык. 2 0,6 МПа (6 кгс/см2)дан жогору басымда иштѳѳчү суу түтүктѳрү линияларын тѳшѳѳдѳ кѳрсѳтүлгѳн аралыктарды 30%га арттыруу зарыл. 3 36-таблицала кѳрсѳтүлгѳн аралыктарды бузбай сактоого мүмкүн болбогонунда ѳткѳргүч түтүктѳрдү тѳшѳѳ суу ѳткѳрбѳѳчү каналдарда, тоннелдерде же поддондордо авариялык сууларды кѳзѳмѳлдүк кудуктарга чыгарып салгычтарды милдеттүү орнотулуусу алдын алып каралышы керек. 4 Бул аралыктарды ошондой эле суу түтүктѳрүн имараттарга жана түзүлүштѳргѳ киргизүүдѳ бузбай сактоого мүмкүн болбогонунда ѳткѳргүч түтүктѳрдү тѳшѳѳ суу ѳткѳрбѳѳчү поддондордо чѳккѳндүгү боюнча I категориянын кыртыштык шарттарында алдын алып каралышы керек. | |||
Кудуктардын кѳңдѳйү 0,3 метрден кеңири люктарынын айланасындагы жердин үстүнкү бети кудуктан 0,3 жантаюу менен пландаштырылуусу керек.
Суу алуу түтүктѳрүн имараттардан жана түзүлүштѳрдѳн 20 метрден кем эмес аралыкта тѳмѳндѳтүлгѳн участкаларда жайгаштыруу керек.
Кѳзѳмѳлдүк кудуктардын тѳмѳнкү бѳлүгү суу ѳткѳрбѳѳчү болгону ылайык.
Кѳзѳмѳлдүк кудуктардан сууну буруп кетүү алдын алып каралышы зарыл. Сууну буруп кетүү болбогонунда кудуктун тѳмѳнкү бѳлүгүнүн кѳлѳмү жана тереңдетилүүсү анын суткасына бир жолудан кѳп эмес бошотулуусу зарылдыгын камсыздоосу керек.
Зарылчылыкта кѳзѳмѳлдүк кудуктар суу ѳлчѳѳчү түзүлүштѳр менен же диспетчердик пунктка белги берүү негизинде суунун деңгээлин автоматтык белги берип маалымдоосу менен жабдылышы керек.
3.4.4.2 Курулуштук конструкциялар
Чѳккѳндүгү боюнча I типтин кыртыштык шарттарында идиштик түзүлүштѳрдүн астындагы негизди кабылдаган ылайык:
- табигый, эгерде чѳкмѳ кыртыштын катмары чектеринде σrp түзүлүшүнѳн жана σrp кыртыштын ѳздүк массасынан кошунду басым баштапкы чѳкмѳ Pslга теңдеш болсо, анда σrр + σrg ≤ Psl же S тунмасынын кошунду чоңдугу жана түзүлүштүн фундаментинин Ssl чѳгүүсүнүн чегине жеткире жол берилген Smaxтан жана каралып жаткан түзүлүштүн чоңдугу, б.а. S + Ssl ≤ Smax, u үчүн да кем же теңдеш;
- σrp + σrg > Psl же S + Ssl > Smax.u болгонунда тыгыздалып тапталган чѳкмѳ кыртыштар.
Чѳккѳндүгү боюнча I типтин негиздеринин кыртыштарын таптап тыгыздоону фундаменттердин тышкы кырларынан ар бир тарабына 2 метрге түзүлүштүн ѳлчѳмүнѳн ашып кетүүчү аянтчанын чектеринде 1,5 метрден кем эмес тереңдикке бекем таптап тыгыздоонун алдын алып каралганы ылайык. Таптап тыгылдалган аймактын тѳмѳнкү чектериндеги кургак кыртыштын тыгыздыгы 1,65т/м3дан кем эмес болушу керек.
Эскертүү – Чѳкмѳ кыртыштарды бекем таптап тыгыздоо аркылуу талап кылынган даражага чейин тыгыздоо мүмкүн болбогонунда жергиликтүү чополуу кыртыштардан алардын 1,65 т/м3дан кем эмес кургак кыртыштын тыгыздыгына чейинки калыңдыгы 1,5 м кыртыштык жаздыктын алдын алып каралганы ылайык.
Конус түрүндѳгү түбү менен идиштик түзүлүштүн астында чѳккѳндүгү боюнча I типтин кыртыштарын таптап тыгыздоону бир нече баскычта (катмарларда) кабылдоо керек.
Ар бир баскыч аркылуу ушул баскычтагы таптап тыгыздалган кыртыштын 0,8 кубаттуулугундагы тереңдикте котлованды андан ары карай казуу (тереңдетүү) менен кыртыштын катмарын таптап тыгыздоо алдын алып каралганы ылайык.
Мындагы ар бир баскычта котловандын түбүнүн кѳрүнүшү бул кесилиштеги түзүлүштүн конустук бѳлүгүнүн ѳлчѳмдѳрүнѳн 0,2 метрге чоң болушу керек.
Акыркы катмардын тапталып тыгыздалышын таптап тыгыздоо усулу негизинде конустук таптап тыгыздоо аркылуу кабылдаган ылайык.
Идиштик түзүлүштѳр жайгашкан имараттардын дубалдарынын жана колонналарынын астынан, ошондой эле насостук станциялардагы, суулуу технологиялык процесстери менен орун жайлардагы полдордун астынан жана идиштердин астынан чѳккѳндүгү боюнча I типтин кыртыштык шарттары үчүн 1,5 м жана тапталып тыгыздалган аймактын тѳмѳнкү чектеринде 1,7 т/м3дан кем эмес кургак кыртыштын тыгыздыгына чейин II типтин кыртыш-тык шарттары үчүн 2 м тереңдикте фундаменттердин тышкы кырынан ар бир тарабына 2 метрге түзүлүштѳрдүн ѳлчѳмдѳрүнѳн ашып түшүүчү аянттын чектеринде кыртыштын тыгыздалышы алдын алып каралышы зарыл.
Суунун ташып кетүү мүмкүндүгү бар орун жайлардагы полдор суу ѳткѳрбѳгѳндѳй, дубалдарга, колонналарга, жабдуунун фундаменттерине ыктаган периматри боюнча 0,1 м бийиктиктеги тосмочолору болушу керек.
Полдун жантаюусун суу чогултуучу жана суу ѳткѳрбѳѳчү чуңкурга карата 0,01ден кем эмес болуп кабылданганы ылайык.
Чѳгѳрүлгѳн машина залдарындагы тосмолоочу конструкциялардын тѳмѳнкү бѳлүгү 0,6 метрден кем эмес бийиктикте суу ѳткѳрбѳѳчү болушу керек.
Чѳккѳндүгү боюнча II типтин кыртыштык шарттарында идиштик түзүлүштѳр астында тѳмѳндѳгүлѳрдүн алдын алып каралганы ылайык:
- кыртыштардын чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүнүн айрым бир бѳлүгүн жоюп четтетүү;
- кыртыштардын чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүн түткүл чѳгүү кеңдигинин чектеринде же чѳкмѳ кыртыштардын кесиндисин толук түрдѳ жоюп четтетүү.
Эскертүү – Кыртыштардын чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүн деформациялануудагы аймактын чектеринде айрым бир бѳлүгүн жоюп четтетүүгѳ эгерде тунмалардын жана чѳгүндүлѳрдүн кошунду чоңдуктары долбоорлонуудагы түзүлүштѳр үчүн мүмкүн болчу маанилеринен ашып кетпеген шарттарда жол берилет.
Чѳгүүнүн 20 сантиметрге чейинки чоңдугунда II типтин кыртыштарынын чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүнүн айрым бир бѳлүгүн жоюп четтетүүнү кыртыштардын үстүрт тыгыздалышын бекем таптап тыгыздоо же кыртыштык жаздыкча түзүлүштѳрү аркылуу кабылдаган ылайык.
Тыгыздалынган катмардын калыңдыгын түзүлүштѳрдүн конструктивдик бѳтѳнчѳлүктѳрүнѳн жана жана чѳкмѳ кыртыштардын катмарынын калыңдыгынан кѳз карандылыкта 2–5 сантиметрге барабар деп кабылдоо зарыл.
Таптап тыгыздалынган кыртыш боюнча идиштик түзүлүштүн түбүнүн астындагы II типтин кыртыштарынын чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүн айрым бир бѳлүгүн жоюп четтетүүдѳ дренаждык катмары менен чыпкаланууга каршы поддондун жана суунун кѳзѳмѳлдүк кудукка алып ѳтүлүшү менен дубал жанындагы дренаждын алдын алып каралганы зарыл.
Конус түрүндѳгү түптѳрү менен идиштик түзүлүштѳр темирбетондук суу ѳткѳрбѳѳчү плитага таянуучу колонналарда долбоорлонушу керек, андан авариялык суулардын кѳзѳмѳлдүк кудукка алып ѳтүлүүсү алдын алып каралышы зарыл.
Чѳгүүчүлүгү боюнча кыртыштык шарттардын тибинен кѳз карандысыздыкта суу мунараларынын астында 3.4.4 «Чѳкмѳ кыртыштыр» главасынын «Курулуштук конструкциялар» бѳлүмүнүн ченемдерине ылайык кыртыштын тыгыздалуусу алдын алып каралышы керек.
II типтин кыртыштык шарттарында суу мунарасынын фундаментин бүтүндѳй темирбетон плитасы түрүндѳ кабылдаган жана андан авариялык сууларды кѳзѳмѳлдүк кудукка буруп кетүү үчүн түзүлүштүн алдын алып карадганы ылайык.
II типтин кыртыштык шарттарында идиштик түзүлүштѳрдүн астынан 20 сантиметрден кѳбүрѳѳк мүмкүн болгон чѳгүүлѳрүндѳ негиздин кыртышынын бүткүл чѳгүү калыңдыгынын же анын кесиндисинин чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүн толук четтетүү алдын алып каралганы ылайык.
Идиштик түзүлүштѳрдүн астында бүткүл чѳгүү калыңдыгынын чектеринде кыртыштын чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүн толугу менен жоюп четтетүүнү чѳкмѳ кыртыштарды алдын ала суулантып же тереңдиктүү жарылуулар аркылуу суулантып тыгыздантууну колдонгон ылайык, булар чѳкмѳ кыртыштардын үстүнкү катмарын оор таптап тыгыздоолор аркылуу жерине жеткире тыгыздантуу менен кошуп бириктирилет.
Алдын алып суулантууну колдонууга мүмкүн болбогонунда (суулантуу үчүн суунун жоктугу, имараттардын жана түзүлүштѳрдүн жакын жайгашуусу ж.б.) кыртыштырдын чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүн толугу менен жоюп четтетүүнү чѳгүү калыңдыгынын бүткүл чоңдугун кыртыштык сваялар менен тереңдетип тыгыздоо катары кабылдаган ылайык.
Чѳкмѳ кыртыштардын кесилиши алдын алып каралганы ылайык:
– свайдын ныктап толтурулуучу, толтурулуучу, бургулап толтурулуучу жана дагы башка түрлѳрүнѳн свайдык фундаменттерди орнотуу менен;
– химиялык, термикалык эе жагы башка ыкма менен бекитилген столбаларды же кыртыштан сызмаларды колдонуу менен;
– фундаменттерди тереңдетүү менен.
Чѳкмѳ кыртыштарды свайлык фундаменттер менен кесип ажырымдоону идиштик түзүлүштѳрдүн астындагы кыртыштардын чѳгүү бѳтѳнчѳлүктѳрүн толук четтетүү мүмкүн болбогонунда гана колдонгон ылайык.
II типтин кыртыштык шарттарында идиштик түзүлүштѳр үчүн курулуш жана деформациялардын турукташуусуна чейин эксплуатациялоо мезгилинде түзүлүштѳрдүн чѳгүүсүнѳ, суулардын агып кетүүсүнѳ жана кыртыштык суулардын деңгээлине байкоо жүргүзүү алдын алып каралышы керек.
А тиркемеси
Нормативдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү документтерге ченемдик шилтемелер колдонулган:
А.1 Ченемдик укутук актылары:
«Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу;
«Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому;
«Ичүүчү суу менен камсыздоо жагындагы актыларды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январы № 68 токтому.
Эскертүү: Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана курулмалар КР КЧ 40-01:2023 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа буйругуна ылайык), мамлекеттик тилдеги бул тиркемеде расмий тил менен айырмачылык бар.
А.2 Ченемдик-техникалык документтер:
КР КЧ 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу»;
КР КЧ 20-02:2018* «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери»;
КР КЧ 21-01:2018 «Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу»;
КР КЧ 23-05:2019 «Табигый жана жасалма жарык берүү»;
КР КЧ 30-01:2020 «Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландоо жана куруу» жана Кыргыз Республикасындагы айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана өнүктүрүү эрежелеринин жыйындысы;
КР КЧ 31-05:2018 «Өндүрүш имараттары»;
КР КЧ 31-06:2018 «Административдик жана турмуш-тиричилик имараттары»;
КР КЭ 40-101:2023 «Калкынын саны 5000 адамга чейинки айылдык калктуу конуштарды тышкы суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоо жана куруу ченемдери;
КР КЧжЭ 41-04: 2022 «Жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү»;
КЧжЭ 2.01.07-85 Жүктөмдөр жана таасирлер;
КЧжЭ 2.01.09-91 «Иштетилип жаткан территориялардагы жана чѳкмѳ кыртыштардагы имараттар жана түзүлүштѳр»;
КЧжЭ 2.02.01-83* Имараттардын жана курулмалардын пайдубалы;
КЧжЭ 2.02.04-88 «Түбѳлүк тоң кыртыштардагы негиздер жана фундаменттер»;
КЧжЭ 2.03.11-85 «Курулуш конструкцияларын дат басуудан коргоо»;
КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттардын ички суу түтүктөрү жана канализация;
КЧжЭ 2.05.03-84* Көпүрөлөр жана түтүктөр;
КЧжЭ 2.06.04-82* «Гидротехникалык түзүлүштѳргѳ күч келүүлѳр жана таасир этүүлѳр (толкундук, муздук жана кемелерден)»;
КЧжЭ 3.04.03-85 Курулуш конструкцияларын жана курулмаларды даттан коргоо. Ишти өндүрүү жана кабыл алуу;
КЧжЭ 3.05.04-85* Тышкы тарамдар жана суу менен камсыздоо жана канализациялык курулмалар;
КЧжЭ 3.0701-85 «Дарыялык гидротехникалык түзүлүштѳр»;
КЧжЭ II-89-80* «Өнөр жай ишканаларынын башкы пландары»;
СанЭжЧ 2.1.4.002-03 «Ичүүчү суу. Ичүүчү суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системаларынын суусунун сапатына карата гигиеналык талаптар». Сапатка кѳзѳмѳл;
ЭТОЭ Электр түзүлүштѳрүн орнотуу эрежелери;
МАМСТ 12.1.005–88* Эмгектин коопсуздугу стандарттарынын тутуму. Жумушчу чөлкөмдүн абасына карата жалпы санитардык-гигиеналык талаптар;
МАМСТ 17.1.1.04-80 «Жаратылышты коргоо. Гидрочѳйрѳ. Жер астындагы суулардын сууну пайдалануу максаттары боюнча классификациясы»;
МАМСТ 2761-84* «Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоонун булактары. Тандап алуунун гигиеналык, техникалык талаптары жана эрежелери»;
МАМСТ 6019* Муздак суунун эсептегичтери (суу ѳлчѳгүчтѳр). Жалпы техникалык шарттар;
МАМСТ 6942-98 «Канализациялык чоюн түтүктѳрү жана аларга фасондук бѳлүктѳр. Техникалык шарттар»;
МАМСТ 7890-93 «Кѳпүрѳлүк бир балкаоуу астынан илинүүчү крандар. Техникалык шарттар»;
МАМСТ 10704-91 Түз тигилген болот электр ширетүүүчү түтүктөр. Сортамент;
МАСТ 13015-2012 Курулуш үчүн бетон жана темир-бетон буюмдары. Жалпы техникалык талаптар. Кабыл алуу, маркалоо, ташуу жана сактоо эрежелери;
МАМСТ 18599-2001 «Полиэтиленден күчтѳп түртүлүү түтүктѳрү. Техникалык шарттар»;
МАМСТ 31416-2009 «Хризотилцементтик түтүктѳр жана муфталар. Техникалык шарттар»;
МАМСТ 50571.5.52-2011/ЭЭК 60364-5-52:2009 «Тѳмѳнкү вольттогу электр түзүлүштѳрү;
МАМСТ 32415-2013 «Термопласттан күчтѳп түртүлүү түтүктѳрү жана да суу менен камсыздоо жана жылытуу системалары үчүн аларга бириктирүүчү деталдар. Жалпы техникалык шарттар».
Б тиркемеси
Терминдер жана аныктамалар
Бул эрежелер жыйнагында тийиштүү аныктамалары менен тѳмѳндѳгү терминдер колдонулду:
1 Жаратылыштык суулар: Жаратылыштык суу топтогучтардын суулары (дарыялар, кѳлдѳр), ошондой эле жер астындагы суулар.
2 Суу менен камсыздоо системасы: Суу менен камсыздоо булактарынан сууну алуу, аны ченемдик кѳрсѳткүчтѳргѳ чейин тазалоо жана да керектѳѳчүгѳ зарыл кѳлѳмдѳ, талап кылынган күчтѳп түртүлүүдѳ жана тийиштүү сапатта берүү үчүн кызмат кылуучу инженердик жана техникалык түзүлүштѳрдүн жана жабдуулардын, ѳзү агып түшүүчү жана күчтѳп түртүлүү тарамдарынын комплекси.
3 Суу менен камсыздоонун булагы: Узак убакыттар ичи суунун керектѳѳчү үчүн зарыл кѳлѳмүнүн алынышын камсыздоочу жаратылыштык же антропогендик үстүнкү беттик суу топтогуч (дарыя, кѳл, суу сактагыч ж.б.) же жер астындагы суулар.
В тиркемеси
Сууну даярдоо технологияларын тандоо
Суулардын сапаттык мүнѳздѳмѳлѳрүн кароодо аларды сунушталган классификатору менен класстарга жана подкласстарга бѳлүштүргѳн, андан соң ишенимдүүлүк жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук факторлорун эсепке алуу менен сууну колдонууга даярдоо технологиясын тандап алуу ылайык.
В.1 таблицасы – Аныктоочу жаратылыштык ингредиенттери боюнча үстүнкү беттик суулардын класстары.
В.2 таблицасы – Аныктоочу антропогендик ингредиенттери боюнча үстүнкү беттик суулардын подкласстары.
Классификаторлорду практикалык колдонуунун ыңгайлуулугу үчүн бардык негизги усулдар шарттуу белгилѳѳлѳрдү пайдалануу менен коддоштурулду. В.3 таблицасында сууну үстүнкү беттик булактардан тазалоо үчүн негизги технологиялык усулдар келтирилди.
В.3 таблицасы – Үстүнкү беттик жаратылыштык сууларды тазалоодо колдонулуучу негизги технологиялык усулдар.
В.4 таблицасы – Үстүнкү беттик сууларды тазалоонун технология-ларынын классификатору. Негизги технологиялар.
В.5 таблицасы – Антропогендик булганууларды эсепке алуу менен үс-түнкү беттик сууларды тазалоонун технологияларынын классификатору.
Суу астындагы сууларды ичүүчү максаттары үчүн колдонууга даярдоонун технологиялык схемаларын тандоо боюнча сунуштар В.6 табдицасында келтирилди.
В.6 таблицасы – Жер астындагы сууларды ичүүгѳ деп класстар боюнча суу менен камсыздоону жаратылыштык булгануулардан тазалоонун технологиялык схемалары.
В.1 таблицасы – Аныктоочу табигый ингредиенттер боюнча үстүнкү беттик суулардын класстары (Б.1 таблицасынын аналогу
Суулардын классы | Суулардын классынын аталышы | Аныктоочу ингредиенттердин болжолдуу концентрациялары | Ингредиенттердин сууда болуусунун убактылуу фактору |
А1 | Түстүү аз бозомтук суулар | Ѳ = 20-200°, Б < 20 мг/л Т = 0 - 25 °С, рН = 6,8 - 9, ПК ≈ 6 - 10 мг О2/л | t2 |
A2 | Жогору түстүү аз бозомтук суулар | Ѳ = 200 - 650°, Б = 5 - 50 мг/л, Т = 0 - 30 °С, рН = 6 - 8 ПК ≈ 8 - 25 мг O2/л | t1 |
A3 | Жогорулатылган кычкылда-нуучулугу менен түстүү аз бозомдук суулар | А1 ПКдан тышкары ПК ≈ 10 - 25 мг О2/л | t2 |
В1 | Түстүүлүгү жана бозомтуктугу орточо маанилери менен суулар | Ѳ = 25 - 150°, Б = 20 - 150 мг/л, Т = 0 - 30 °С, рН = 6 – 8 ПК ≈ 6 - 10 мг О2/л | t2 |
В2 | Түстүүлүгү орточо маанилери менен аз бозомтук суулар | В1 Бдан тышкары Б = 5 - 50 мг/л | t2 |
В3 | Чоң санда фитопланктонту жана зоопланктонду камтуучу түстүүлүгү жана бозомтуктугу орточо маанилери менен суулар | В2 кошумча Ф = 103 - 106 кл/мл | t2 |
С1 | Бозомтук, аз түстүү суулар | Ѳ < 20°, Б = 250 - 1000 мг/л, Т = 0 - 25 °С, рН = 7 - 9 ПК ≈ 5 - 8 мг O2/л | t2 |
С2 | Минералдык булгануулар басымдуулук кылышы менен жогору бозомтуктуу суулар | Б = 1000 - 5000 мг/л, Т = 0 - 35 °С, рН = 7 - 9 ПК ≈ 3 - 8 мг O2/л | t1 |
C3 | Жогорулатылган кычкылдануучулугу менен жогору бозомтуктуу суулар | С2 ПКдан тышкары ПК ≈ 8 - 18 мг O2/л | t1 |
D1 | Чоң санда фитопланктонту жана зоопланктонду (дрейсенди) камтуучу суулар | Ѳ ≤ 200°, Б ≤ 5 - 50 мг/л, Ф = 103 - 106 кл/мл, Т = 0 - 30 °С, рН = 6,5 - 9 ПК ≈ 5 - 8 мг O2/л | t1 |
D2 | Органикалык затты жогору-латып камтып, чоң санда фи-топланктонту жана зоопланк-тонду камтуучу суулар | D1 ПКдан тышкары ПК ≈ 8 - 25 мг O2/л | t1 |
Е | Катуу минералдашкан суулар | C > 1000 мг/л, К0 > 7 мг-экв/л, Б ≤ 1000 мг/л, Ѳ ≤ 20 - 150° | t2 |
Шарттуу белгилѳѳлѳр: Ѳ – ѳңү (түстүүлүк), Б – бозомтук, Т – температура; рН – суутектик кѳрсѳткүч, ПК – перманганаттык кычкылдануучулук, С – жалпы минералдаштыруу, Ф – фитопланктондун клеткаларынын саны, Ж0 – жалпы катуулук, t1 (пайда болуу мезгили) – 1 жылда 3 айга чейин, t2 – жыл ичи туруктуу болуусу. | |||
В.2 таблицасы – Аныктоочу антропогендик ингредиенттер боюнча үстүнкү беттик суулардын подкласстары (Б.2 таблицасынын аналогу
Суулардын подклассы | Антропогендик келип чыгуунун ингредиенттери | Аныктоочу ингредиенттердин болжолдуу концентрациялары | СанЭжЧнын ченемдери (БДСУ) СанЭжЧ 2.1.4.002 | Ингредиенттердин сууда болуусунун убактылуу фактору |
1 | Нефть азыктары | 0,1–0,5 | 0,1 (0,3) | t1 |
2 | Фенолдор | 0,001–0,01 | 0,001 | t1 |
3 | ҮЖЗ анионожигердүүлѳр | 0,5–2,5 | 0,5 (-) | t1 |
4 | Аммонийдик азот | 2–10 | 2,0 (белг.эмес) | t1 |
| Нитраттар | 45 -90 | 45,0 (белг.эмес) | t1 |
| Нитриттар | 3–6 | 3,0 (белг.эмес) | t1 |
| Пестициддер: |
|
| t1 |
5 | линдан | 0,002–0,02 | 0,002 (0,003) | |
| гептахлор | 0,05–0,30 | 0,05 (0,1) | |
| ДДТ | 0,002–0,02 | 0,002 | |
| Оор металдардын туздары: |
|
| t1 t2 |
| сымап | 0,0005–0,001 | 0,0005 (0,001) | |
| коргошун | 0,03–0,1 | 0,03 (0,03) | |
6 | хром | 0,05–0,25 | 0,05 (0,05) | |
| жез | 1,0–5,0 | 1,0 (1,0) | |
| цинк | 5,0–20,0 | 5,0 (5,0) | |
| темир | 0,3–1,5 | 0,3 (0,3) | |
| кадмий | 0,001–0,005 | (0,001) | |
| Хлорорганикалык биригүүлѳр: |
|
| t1 t2 |
7 | Тѳрт хлордуу кѳмүртек | 0,006–0,01 | 0,006 (0,003) | |
| хлороформ | 0,2–0,5 | 0,2 (0,2) | |
| Радиациялык булгантуучулар, Бк/л: |
|
| t2 |
8 | жалпы α-радиация | 0,1–0,4 | 0,1 | |
| жалпы β-радиация | 1,0–3,0 | 1,0 | |
Эскертүү – t1 (пайда болуу мезгили) – 1 жылда 3 айга чейин, t2 – жыл ичи туруктуу болуусу. | ||||
В.3 таблицасы – Үстүнкү беттик табигый сууларды тазалоодо колдонулуучу негизги технологиялык усулдар
Сууну колдонууга даярдоо усулдары | Четтетилүүчү аралашмалар, аларга таасир этүү формалары жана колдонулуу шарттары | Усулдун шарттуу белгиле-ништери |
I Иштетүүнүн реагенттик эмес усулдары | ||
Одоно дисперстик аралашмаларды борбордон качма талаадан четтетүү | 1000 кг/м3 дан кѳп бѳлүкчѳлѳрдүн тыгыздыгы менен одоно жана жукадисперстик аралашмалар | ОБ |
Чѳмүчтѳрдѳ жана ачык чѳкмѳ тундургучтарда, мунун ичинде жука катмарлуу модулдар салмактанылган тунманын катмары менен тунуу | ОДА (одоно дисперстик аралашмалар) 2000–5000 мг/литрден кѳбүрѳѳк суспензиялардын концентра-циясы менен | Тун |
Тор тосмолор аркылуу чыпкалоо | ОДА 20–40 мкмдан кѳбүрѳѳк бѳлүкчѳлѳрүнүн ѳлчѳмү менен, Ф> 1000 кл/л | ТорЧ |
Чыпкалоочу оголовкаларды себелѳѳ аркылуу чыпкалоо | ОДА, сүзүп жүрүүчү заттар, чамындылар, жалбырактар, суу агымдарынын жана кѳлмѳлѳрүнүн ѳзүмдүктѳрүнүн калдыктары | СебЧ |
Пречыпкалардагы ири дандуу чѳйрѳ аркылуу чыпкалоо | ОДА 1,0 ммдан азыраак бѳлүкчѳлѳрүнүн ѳлчѳмү менен | ИДЧ |
Жай, шашпаган чыпкалоо | ОДА, коллоиддик суспензиялар жана бактериялар, М <50 мг/д | ЖЧ |
Суу агымынын нугунда же бекитилген микрофлораны пайдалануу менен кире бериш биореакторлордо биологиялык алдын алып тазалоо | ПК> 5 мг О2/л, Т> 5 °С, Ф> 500 кл/л болгонундагы органикалык жана минералдык аралашмалар | ББААТ |
Сууну аэрирлѳѳ | Газ түрүндѳгү жана учма органикалык бирикмелер, 1000 кг/м3дан азыраак тыгыздыгы менен суспензия, кычкылтектин тѳмѳн камтылышы, нефть азыктарынын болушу | СА |
Коагулянттарды колдонуусуз флотациялоо | ПК > 6–8 мг О2/л жана нефть азыктарынын камтылышы > 1–2 мг/л болгонундагы органикалык заттар; коагулирования процесстерин интенсификациялоо | КкФ |
II. Иштетүүнүн реагенттик усулдары | ||
Сууну коагулянттар жана флокулянттар менен иштетүү | Жука дисперстик жана коллоиддик суспензиялар, агрегативдүү жана кинети-калык жактан туруктуу, агоегацияны талап кылуучу жана аларга когезиондук жана адгезиондук ѳзгѳчѳлүктѳрдү берүү: артка түр-түүчү электрокинетикалык күчтѳрдү тѳмѳндѳтүү | К(Ф) |
Эркин же тарып кысылган кѳлѳмдѳ коагирленген бѳлүкчѳлѳрдүн кѳбүктѳнүүсү | Коагулирленген коллоиддердин жана да чыгыш теги минералдык жана органикалык жука дисперстик (d <0,1 мкм) суспензиялардын агломераттарын ирилештирүү жана түзүү | Кѳбүк |
Хлор менен (натрийдин, калцийдин гипохлорити менен) иштетүү | Суунун түстүүлүгүн шарттоочу органикалык заттар, оорчулуктуу кычкылдануучу органика (ПК <15 мг О2г/л) жана айрым ингредиенттердин (темирдин, марганецтин, күкүрттүү суутектин) болушу, оору жугузуучу бактериялар жана д.б. микроорганизмдер | ХЛ |
Сууну озон менен иштетүү | Аз бозомтук суулар; оорчулуктуу кычкылдануучу, түстүүлүктү, жытты жана даамды шарттоочу органикалык заттар; оору жугузуучу бактериялар жана д.б. микроорганизмдер | ОЗ |
Сууну УФ-нурландыруу менен иштетүү | Аз түстүү жана аз бозомтук суулар, оору жугузуучу микроорганизмдер жана вирустар | УФ-нур |
Реагенттерди колдонуу менен флотациялоо | Түстүүлүктү шарттоочу органикалык заттар, ПК <15 мг O2/л; нефть азыктары жана и майлар 2–15 мг/л | РФл |
Реагенттик чѳгүп тунуу | Органикалык минералдык аралашмалар, (Б <25,00 мг/л, Ѳ <250°) | РЧт |
Рециркуляциялоо менен салмактаныл-ган тунманын катмарында реагенттик киргилттигинен арылтуу | Ошол эле | РССТК |
Реагенттик ыкчам чыпкалоо | Б < 200 мг/л, Ѳ < 200 алепки тазалоодон кийинки 1000 мкм ѳлчѳмү менен коагулирленген суспензия | РЫкЧ |
Адсорбенттин стационардык катмарында сорбциондук акырына жеткирип тазалоо | Жыпар жыттуу органикалык заттар, 1 мг/литрден аз нефть азыктары, аммонийдик азот, фенолдор, петициддер, ҮЖЗ, диоксиндер, хлорорганикалык бирикмелер; Б <10 мг/л, Ѳ <20 | СрАЖТ |
Тазалануудагы сууга майда гранулдук же порошоктук сорбенттерди киргизүү менен сорбциялоо | Жагымсыз даамдар жана жыттар; аммонийдик азот, нефть азыктары, ҮЖЗ, пестициддер | СКСорб |
Реагенттик жумшартуу | Ж0 <30 мг-экв/л; Б <50 мг/л | РЖум |
Стабилизациялык, реагенттик иштетүү | Ланжелье индексинде IL> и <0; Бир калыптуулук кѳрсѳткүсүндѳ Бк> 1; дат басуу жигердүүлүгүнүн кѳрсѳткүчүндѳ Бк > 0,35 (t = 8 - 25 °С болгонунда) | СтР |
Сууну стабилизациялык чыпкалык иштетүү | Ошол эле, бир калыптуулуктагыдай, реагенттик иштетүүдѳ технико-экономикалык эсептѳѳлѳр менен такталат | СтЧ |
Реагенттик тузсуздандыруу | С < 3 - 5 г/л; Ж0 < 15 мг-экв/л.; Б < 150 мг/л Ѳ < 150° | РТуз |
Иондук алмашуу чыпкаларындагы тузсуздандыруу | С < 2 - 3 г/л; Ж0 < 10 - 15 мг-экв/л; Б < 1,5 - 5 мг/л Ѳ < 20° | ИА |
Кайтарма осмос менен тузсуздандыруу жана жумшартуу | С < 35 мг-экв/л, Ѳ < 20°, Б < 10 мг/л | КO |
Электродиализ менен туздун камтылышын тѳмѳндѳтүү | С < 10 мг-экв/л; Б < 1,5 мг/л; Ѳ < 20°, темирдин камтылышы 0,3 мг/литрге чейин | Эд |
Фтордоштуруу | Фтордун мазмуну < 1,5 мг/л | Фт |
В.4- таблицасы – Үстүнкү беттик сууларды тазалоо технологияларынын классификатору. Негизги технологиялар
Суулардын класстары | Аралаш-малар-дын топтору | Убактылуу фактор | Сунушталган технологиялык схемалар | Технологилардын коду |
А1 | II | t2 | ХЛ → К(Ф) → ХлО → ОтР → СкФР → ХЛ | Т1 |
А | II | t2 | O31 → К(Ф) → ФлР → СкФР → O32 → СрГУ → ХЛ | Т2 |
| II, III | t1 | БПБ → К(Ф) → СкФР1 → O3 → СрПУ → СкФР → ХЛ | Т3 |
| II, III | t2 | БПБ → К(Ф) → СкФР → O3 → СрГУ → ХЛ | Т4 |
А2 | II, III | t2 | БПБ → O31 → К(Ф) → ХлО → РО → СкФР → O32 → Ср → ГУ → ХЛ | Т1 |
| II, III | t2 | O32 → К(Ф) → ХлО → ОтР → СкФР1 → O32 → СрПУ → СкФР2 → ХЛ | Т2 |
В1 | 1,11 | t2 | ХЛ → K(Ф) → СкФР2 → СрПУ → СкФР2 → ХЛ | Т1 |
В2 | I, II | t2 | БПБ → К(Ф) → СкФР → O3 → СрГУ → ХЛ | Т2 |
C1 | 1 | t2 | ОбФ(ГЦ) → БПБ → К(Ф) → ОВОР → СкФР → ХЛ | Т1 |
| 1,11 | t2 | ОбФ(ГЦ) → БПБ → К(Ф) → ХлО → OтР → СкФР → O3 → СрГУ → ХЛ | Т2 |
| I, II, III | t1 | От → БПБ → К(Ф) → СкФР → СрПУ → СкФР2 → ХЛ | Т3 |
С2 | I, II | t2 | От → БПБК(Ф) → OВОР → СкФР → ХЛ | Т1 |
| I, II | t2 | От → БПБ → К(Ф) → ХлО → ОР → СкФР → О3 → СрГУ → ХЛ | Т2 |
С3 | I, II | t1 | От → ОбФ → К(Ф) → КПФ → О3 → СрПУ → СкФР → ХЛ | Т3 |
D1 | I, II | t2 | СтФ(МФ) → БПБ → К(Ф) → СкФР1 → O3 → СрГУ → ХЛ | Т1 |
| I, И | t2 | СтФ(МФ) → БПБ → К(Ф) → СкФР1 → O3 → СрПУ → СкФР → ХЛ | Т2 |
D2 | I, II, III | t1 | Фл → БПБ → К(Ф) → Хл → От → СрПУ → СкФР → ХЛ | Т3 |
Е | IV | t2 | Об → К(Ф,Щ) → ОВОР → СкФР → ХЛ | Т1 |
| IV | t1 | От → БПБ → К(Ф) → ОВОР → СкФР1 → СрПУ → СкФ Р2 → ХЛ | Т2 |
| IV | t2 | ОбФ → К(Ф) → ОВОР → СкФР → O3 → СрГУ → ХЛ | Т3 |
| IV | t1 | ОбФ → К(Ф) → СкФР → ОО(ЭД) → СрГУ → ХЛ | Т4 |
Эскертүүлѳр 1 Технологиялык схемалар жер-жерлердеги суу алууларды жана да курулуштун жергиликтүү шарттарын, чыпкалоочу материалдардын индустрия базасына чейинки аралыктарды, реагенттерди жана дагы башкалар эске алуу менен аткарылган техникалык-экономикалык эсептѳѳлѳрдү изилдѳѳлѳрдѳн кийин такталышат. 2 Бардык материалдар, реагенттер жана жабдуулар ичүүчүчү суу менен камсыздоода колдонууга гигиеналык тыянак-бүтүмдѳрү болушу керек. | ||||
В.5 таблицасы – Антропогендик булганууларды эсепке алуу менен үстүнкү беттик сууларды тазалоо технологияларынын классификатору
Класс | Суулардын подклассы |
| |||||||
А1 | Т3 | Т2 | Т2 | Т3 | Т4 | Т1(К(Ф)) | Т2(СрПУ) | Т1(К(Ф), СрПУ) | |
А1 | Т2 | Т1 | Т1 | Т1 | Т2 | Т1(К(Ф)) | Т2(СрГУ) | Т2(К(ф)) |
|
В | Т1 | Т2 | Т2 | Т2 | Т2 | Т1 | Т2(СрПУ) | Т1(СрПУ) |
|
С1 | Т2 | Т2 | Т2 | Т2 | Т2 | Т1(К(Ф)) | Т2(СрПУ) | Т1(К(ф), СрГУ) |
|
С2 | Т1 | Т2 | Т2: | Т2 | Т2 | Т2 | Т3 | Т1(ПУ, СрГУ) |
|
D | Т2 | Т2 | Т2 | Т3 | Т2 | Т1(К(Ф)) | Т3(СрГУ) | Т3(К(Ф), СрГУ) |
|
Е | Т2 | Т3 | Т3 | Т3 | Т2 | Т2 | Т3(СрПУ) | Т1(К(Ф), СрГУ) |
|
Эскертүүлѳр 1 Сууну иштетүүдѳн ѳткѳрүү усулдарынын, реагенттердин типтеринин, инерттик чыпкалоочу материалдардын жана сорбенттердин технологиялык параметрлери, коагулянттардын жана флокулянттардын үлүштѳрү айкын бир суу булагынын жана суу алуу орду үчүн технологиялык изилдѳѳлѳр процессинде такталышат. 2 Технологиялык схеманын номери суулардын айкын бир классына карата тийиштүүлүктѳгү номерге ылайык келет. |
| ||||||||
В.6 таблицасы – Ичүүчү суу менен камсыздоо класстары боюнча жер астындагы сууларды табигый булгануулардан тазалоонун технологиялык схемалары
Жер астындагы суулардын классы | Подкласс | Колдонулуу шарттары | Технологиялык схемалар | Тазалануу даражасы | ||
1 | 1.1 | Т > 6 °С; СО2 св < 200 мг/л СО2 агр > 0, I, IL < 0 | Терең аэрация, стаби-лизация, оору жуктуруучу микро-организмдерден арылтуу | IL < 0,3 (μСаСО = 4 - 10 мг/л) | ||
1.2 | Т < 3 °С, СО2св < 200 мг/л; СO2 аф > 0, IL < 0 | 6 °Сга чейин жылытуу, аэрациядегаза-ция, реагенттик турукташ-тыруу, оору жуктуруучу микроорганизмдерден арылтуу | То же | |||
2 | 2.1 | Fe < 3 мг/л, Mn < 0,1 мг/л, СO2 св < 4,5 мг/л, pH > 6,8, IL < 0 | Жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн аэрация, чыпкалоо, турук-таштыруу, оору жуктуруу-чу микроорганизмдерден арылтуу | Fe < 0,3 мг/л, Mn < 0,1 мг/л | ||
2.2 | Fe ≤ 5 мг/л, Мn ≤ 0,5 мг/л, СO2 св ≤ 4,5 мг/л, рН ≥ 7 | Терең аэрация, «кургак чыпкалоо», турук-таштыруу, оору жуктуруу-чу микроорганизмдерден арылтуу | Fe < 0,3 мг/л, Mn < 0,1 мг/л | |||
2.3 | Fе < 10 мг/л, Мn < 1 мг/л СO2 св ≤ 200 мг/л, рН ≥ 6 | Биосорбция, чыпка-лоо, турукташтыруу, оору жуктуруучу микроорга-низмдерден арылтуу | Fe < 0,05 мг/л, Mn < 0,05 мг/л | |||
3 | 3.1 | Fe < 15 мг/л, Mn < 1,0 мг/л СO2 cв < 200 мг/л; | Биосорбция, чыпка-лоо, турукташтыруу, оору жуктуруучу микроорга-низмдерден арылтуу | Fe < 0,3 мг/л, Mn < 0,1 мг/л | ||
3.2 | Fe < 20 мг/л, Мn < 2 мг/л, F < 1,5 мг/л, СO2св < 200 мг/л; | а) Биосорбция, калий-дин перманганатын кирги-зүү, чыпкалоо, турукташты-руу, оору жуктуруучу микроорганизмдерден арылтуу | Fe < 0,1 мг/л, Mn < 0,05 мг/л | |||
б) Терең аэрация, чыпкалоо, озондоштуруу, ГЖКдагы (гранулданган жигердүү кѳмүр) сорбция, турукташтыруу, оору жук-туруучу микроорганизмдер-ден арылтуу | То же | |||||
3.3 | Fe < 20 мг/л, Mn < 1,0 мг/л СO2 cв < 200 мг/л; рН ≥ 6,0 | Терең аэрация, чыпкалоо, озондоштуруу, ГЖКдагы сорбция, алюми-нийдин жигердештирилген оксиди менен чыпкада фторсуздандыруу, турук-таштыруу, оору жуктуруу-чу микроорганизмдерден арылтуу | Fe < 0,1 мг/л, Mn < 0,05 мг/л, F = (0,7 - 1,5) мг/л4 | |||
| 4.1 | Fe ≤ 25 мг/л, Mn < 3 мг/л, F < 1,5 мг/л, СO2 cв < 200 мг/л, минералдаштыруу < 1000 мг/л, рН ≥ 6, IL < 0 | Терең аэрация, коагуляция, флокуляция, чыпкалоо, озондоштуруу, ГЖКдагы сорбция, турук-таштыруу, оору жуктуру-учу микроорганизмдерден арылтуу | Fе < 0,3 мг/л, Mn < 0,1 мг/л, IL + 0,3 | ||
4.2 | Fe ≤ 30 мг/л, Mn < 5 мг/л, F < 7 мг/л, минералдаштыруу < 1000 г/л СО2 св < 200 мг/л; рН ≥ 6,0 | Терең аэрация, коагуля-ция, чыпкалоо, озондош-туруу, ГЖКдагы сорбция алюминийдин жигердеш-тирилген оксидинде чып-калоо, турукташтыруу, оору жуктуруучу микро-организмдерден арылтуу | Fe < 0,3 мг/л, Mn < 0,1 мг/л, F = (0,7 - 1,5) мг/л, IL > 0 | |||
| 4.3 | Fe ≤ 3 мг/л, Mn ≤ 5 мг/л, F ≤ 7 мг/л, минералдаштыруу < 2000 г/л СO2 cв ≤ 200 мг/л; рН ≥ 6,0 | Биосорбция, коагу-ляция, флокуляция, чып-калоо, калийдин перман-ганатын киргизүү, чыпка-лоо, электродиализ, ГЖКдагы сорбция, турук-таштыруу, оору жукту-руучу микроорганизм-дерден арылтуу | Fe < 0,1 мг/л, Mn < 0,05 мг/л, F < 1,5 мг/л, минералдаштыруу < 400 мг/л | ||
| 4.4 | Fe ≤ 30 мг/л, Mn ≤ 5 мг/л, F ≤ 7 мг/л, СO2 cв ≤ 200 мг/л; минералдаштыруу < 1000 г/л рН ≥ 6,0 | Биосорбция, коагу-ляция, флокуляция, чыпка-лоо, модификацияланган КМnO4 жүктѳлүү аркылуу чыпкалоо, алюминийдин жигердештирилген оксиди аркылуу чыпкалоо, турук-таштыруу, оору жуктуруу-чу микроорганизмдерден арылтуу | Fe < 0,7 - 1,5 мг/л, Fe < 0,3 мг/л, Mn < 0,1 мг/л, F = (0,7 - 1,5) мг/л | ||
5 | 5.1 | Fe ≤ 40 мг/л Mn ≤ 7 мг/л, F ≤ 7 мг/л, минералдаштыруу ≤ 5000 г/л СO2 св ≤ 200 мг/л; рН ≥ 6,0 IL < 0 | Терең аэрация, адеп-ки озондоштуруу, чыпка-лоо, озондоштуруу, чыпка-лоо, электродиализ, ГЖК-дагы сорбция, турукташты-руу, оору жуктуруучу мик-роорганизмдерден арылтуу | Fe < 0,1 мг/л, Mn < 0,05 мг/л, F < 1,5 мг/л, 500гѳ чейин минералдаш-тыруу | ||
5.2 | Fe ≤ 40 мг/л, Mn ≤ 7 мг/л, F ≤ 10 мг/л, минералдаштыруу < 5000 г/л СО2 св ≤ 200 мг/л; рН ≥ 6,0 | а) Терең аэрация, коагуляция, чыпкалоо, озондоштуруу, чыпкалоо, электродиализ, ГЖКдагы сорбция, турукташтыруу, оору жуктуруучу микро-организмдерден арылтуу | Fe < 0,1 мг/л, Mn < 0,05 мг/л, минералдаш-тыруу < 300 мг/л, F = (0,7 - 1,5) мг/л | |||
б) Биосорбция, коагуляция, флокуляция, чыпкалоо, калийдин пер-манганатын киргизүү, чып-калоо, кайтармалуу осмос, электродиализ, турукташ-тыруу, оору жуктуруучу микроорганизмдерден арылтуу | Fe < 0,1 мг/л, Mn < 0,05 мг/л, түстүүлүк < 5°, минералдаштыруу < 300 мг/л, F = (0,7 - 1,5) мг/л | |||||
|
|
|
|
|
|
|
Г тиркемеси
Г.1 Заказчы долбоорлоочуга камсыз кылат:
1 Жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктуу органдарында жана да долбоорлонуудагы жана реконструкциялануудагы объекттер боюнча архитектура жана шаар куруу жаатындагы жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдарда шаар түзүүчүлүк жана шаар куруучулук аныктап берүүчүлүк документтерди (Генплан, ДПД (деталдуу планировкалоонун долбоору), райондук планировкалоо, райондук курулуш, ѳнүктүрүү схемасы жана д.б.) эсепке алуу менен суу менен камсыздоо (СК) системаларын долбоорлоого жана курууга уруксатты макулдашууну жана алууну.
Эскертүү – Суу каналдарынын ыйгарым укуктуу органдары менен андан ары карай макулдашуу негизинде шаар куруу жана архитектура жаатындагы жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдарына суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун объектилеринин жаңысын долбоорлоо жана аракеттегилерин реконструкциялоо үчүн ИТШ (инженерлик-техникалык шарттар) жана АШЖ (архитектуралык-шаар куруучулук жыйынтык-бүтүм) үчүн материалдарды даярдоо милдеттүүлүгүн жүктѳѳ.
2 Негизги материалды СК системасын долбоорлоп баштоо үчүн ѳз убагында берет: долбоорлоого тапшырманы; уруксат берүүчү нормативдик-укуктук документтерди (актылар, протоколдор, чечимдер, жергиликтүү бий-ликтин ыйгарым укуктуу органдарынын токтомдору); инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ); архитектуралык-шаар куруучулук жыйынтык-бүтүмдѳрдү (АЖШ); топографиялык сүрѳткѳ тартууну; инженердик-геологиялык изилдѳѳлѳр (ИГИ) боюнча эсеп-чотту; жергиликтүү санэпидкѳзѳмѳлдүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилүүчү суунун (жер астындагы, үстүнкү беттик) сапаты боюнча маалыматтарды; суу-бассейндик инспекциянын жергиликтүү ыйгарым укуктуу органынан, же болбосо ошол райондо суу ресурстарын пайдалануу маселелери менен алектенишкен тийиш-түү профилдик ыйгарым укуктуу органдардан жана кѳзѳмѳлдѳрдѳн гидрографты).
3 Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте техникалык, же болбосо социалдык-саясый кырдаалдын же абалдын ѳзгѳргѳнү учурунда СК системаларын долбоорлоо жана куруу процессиндеги техникалык чегинүүлѳрдү макулдашууну камсыз кылат.
4 Курулуштук-монтаждык жумуштардын техникалык же жергиликтүү спецификалык шарттардан улам келип чыккан кошумча кѳлѳмдѳрдү (кыртыштардын топтору боюнча ѳзгѳрүүлѳр; кыртыштык суулардын жогорулатылган деңгээли; тѳмѳн жайгашкан кыртыштардын катмарларынын чѳгүүчүлүгү; аракеттеги инженердик коммуникациялардын болушу, булар топографиялык сүрѳткѳ тартуу ѳндүрүшү маалында кѳңүлгѳ алынбаган; жана дагы башкалар) макулдашуу.
5 Объективдүү себептерден улам (ѳлкѳнүн территориясында чыгаруу токтотулду; материалдардын жана жабдуулардын жогору наркы; жабдуунун ички деталдарынын татаалдыгы; логистика боюнча таңсыктыгы; жана д.б.) идиштик же болбосо сызыктык түзүлүштѳрдү куруунун же тургузуунун конструкцияларын же технологияларын алмаштырууну макулдашуу.
6 Долбоордук чечимдерди жана курулушу бүткѳрүлгѳн объектилерди жергиликтүү архитектуралык, энергия менен жабдуучу, ѳрткѳ каршы, санитардык-эпидемиологиялык, архивдик, телекоммуникациялык кѳзѳмѳлдѳрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен маселелерди чечүү жана зарыл официалдуу маалыматты берүү, булар СК системаларынын курулушун ѳз убагы менен бүткѳрүүнү жана алардын эксплуатацияланууга тапшырылуусун камсыз кылышат, боюнча тездик менен макулдашуу.
Г.2 Сууканалы ишканасына суу түтүктүк-канализациялык ишкананы натыйжалуу башкаруу жана тейлѳѳнүн сапатын жогорулатуу максатында буга чейинки техникалык-экономикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн тизмесине кошумча тѳмѳндѳгү параметрлерди киргизүү практикалык жактан максатка ылайыктуу:
Г.1 таблицасы
Катар №и | Кѳрсѳткүчтүн аталышы | Ѳлчѳѳлѳрдүн мезгилдүүлүгү |
1 | Тейлѳѳ аймагын суу түтүгүнѳ кошуу аркылуу камтуу | Квартал сайын |
2 | Адамга бир күндѳ чыгымдалуучу суунун орточо саны | Ай сайын |
3 | Кошулган суунун эсебин алуу даражасы | Ай сайын |
4 | Киреше бербеген (эсепте жок) суунун кѳлѳмү (NRW) | Ай сайын |
5 | Берилүүдѳгү суунун сапаты | Ай сайын |
6 | Кардарлардын даттанууларын кароонун натыйжалуулугу | Квартал сайын |
7 | Суу менен камсыздоо кызматына чыгымдоолордун ордун толтуруу | Квартал сайын |
8 | Суу менен камсыздоога байланышкан тѳлѳѳлѳрдү чогултуунун натыйжалуулугу | Квартал сайын |
Д тиркемеси
Д.1 Насостордун классификациясы. Насосту тандоонун критерийлери
Бул жабдуунун 3 классы бар:
- сууну кѳтѳрүүчү;
- циркуляциялоочу;
- дренаждык.
Д.2 Сууну кѳтѳрүүчү типтеги насосто
Сууну кѳтѳрүүчү түзүлүштѳрдүн классификациясы колдонулуу шарттары, ошондой эле коюлган милдеттердин негизинде жүргүзүлѳт. Иштѳѳ принциби боюнча сууну кѳтѳрүүчү суу насостору бѳлүнүшѳт:
– куюндук;
– вибрациялык (электромагниттик);
– вибрациялык (мембрандык);
– борбордон тепчү.
Эскертүүлөр
а) Борбордон тепчү консолдук насостор – К (МАМСТ 22247-76) тибиндеги насостор рН = 6,5–8, 0–85°С температурасы менен жана ѳлчѳмү боюнча 0,1%дан ашпаган, 0,2 миллиметрге чейинки ѳлчѳмдѳрү менен бекем кошулууларды камтып, сууну (деңиз жана агрессивдүүдѳн тышкары), ошондой эле тыгыздыгы жана химиялык жигердүүлүгү боюнча сууга окшош башка да суюктуктарды сордуруу үчүн дайындалышкан. Насостор 5–360 м3/с (1,4–100 л/сек) берүүсү, 10–90 м күчтѳп түртүлүүсү менен (басымы 0,1÷0,9 МПа), ПАК 50–84% жана жол берилген 4–5,5 м запасы менен даярдалышат. Тез ѳтүү коэффициенти ns = 604–250. Кирүү алдындагы күчтѳп түртүлүү 20 метрден чоң эмес. Насостор – горизонталдык бир тепкичтүү консолдук, жумушчу дѳңгѳлѳгүнѳ карата сууну бир тараптуу, горизонталдуу алып келүүсү менен эки типте даярдалышат: К – горизонталдык валы менен ѳз алдынчалуу таяныч түркүктѳ; КМ – горизонталдык валы менен моноблоктуу электр кыймылдаткычында.
б) Эки тараптуу кирүүсү менен Д (МАМСТ 10272-77*) тибиндеги борбордон тепчү насостор сууну жана да 85°С температурасы менен жана массасы боюнча 0,05тен ашпоочу, 0,2 мм ѳлчѳмдѳрдѳгү катуу кошулууларды камтыган таза суюктуктарды (жабышкактыгы жана химиялык жигердүүлүгү боюнча сууга окшош) сордуруу үчүн дайындалган. Бул насостор суу менен камсыздоонун I жана II кѳтѳрүлүүдѳгү шаардык, айыл чарбалык жана ѳнѳр жайлык системаларынын насостук станцияларында, эл чарбасынын башка да тарамдарындагы мелиорация жана ирригация системаларында колдонулат.
в) В (МАМСТ 19740-74) тибиндеги консолдук, бир тепкичтүү, суюктуктун жумушчу дѳңгѳлѳккѳ октук кирүүсү менен борбордон тепчү вертикалдык насостор сууну жана дагы башка таза суюктуктарды сордуруу үчүн дайындалган. Корпустун кѳп тармалданган конструкциясы насостун валына жана багыттоочу подшипниктерге карата аракетте болуучу радиалдык күч келүүнү кыйла тѳмѳндѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк берет.
г) Кѳп баскычтуу борбордон тепчү насостор, мында кыймылдаткычтын механикалык энергиясы сордурулуп жаткан союктуктун агымына бир валда, бир секциялык корпуста орноштурулган бир нече жумушчу дѳңгѳлѳктѳр аркылуу ырааттуулукта берилет. Бул насостордун күчтѳп түртүлүүсү ар бир орнотулган жумушчу дѳңгѳлѳк тарабынан түзүлүүчү күчтѳп түртүлүүлѳрдүн кошундусуна барабар. 60°Сга же 105°Сга чейин температурасы менен таза сууну сордуруу үчүн дайындалган кѳп тепкичтүү насостор (МАМСТ 10407-83) нормалдуу жана жогорку айлануудагы болуп ажырымдалышат.
Нормалдуу насосторду бир типте даярдашат – октук кирүүдѳгү жумушчу дѳңгѳлѳктѳрү менен секциялык. Бул насостордун берүүсү 8–850 м3/с, күчтѳп түртүлүү 40–1440 м, соруп чыгаруунун жол берилген боштукметрикалык бийиктиги 4–7 м, ПАК 67–77%. Жогорку айлануудагы насостор 136–2000 м күчтѳп түртүлүүдѳ 38–1000 м3/с берүүгѳ ээ. Насосторду 2–6 м таянычы менен орнотушат; алардын ПАК 72–80%.
д) Скважиналык насостор – суюктукту сордуруу принциби боюнча булар кѳп тепкичтүү вертикалдык насостордун тобуна киришет. Скважиналык насосторду эки типте даярдашат: трансмиссиялык валы менен насостор жана чѳгѳрүлүүчү насостор.
е) Октук насосторду (МАМСТ 9366-80) эки типте даярдашат: ОВ – ачык типтеги бекем бекитилген калактары менен жумушчу дѳңгѳлѳктүү октук вертикалдык насос (негизги аткарылыш); ОПВ – жумушчу дѳңгѳлѳктүн калактарын кол менен айлантуу аркылуу аракетке келтирилүүчү октук вертикалдык насос. Насостордун эки тиби тең жумушчу дѳңгѳлѳктүн алты модели менен ѳндүрүп чыгарылат.
– колдук; колдук насостук жабдуу дене күчүнүн жардамы менен аракетке келтирилет; канаттык жана поршендик моделдери бар.
Д.3. Суунун циркуляциялык насостору
Суунун циркуляциялык насостору да сууну кѳтѳрүү тибине киргизилет, себеби объекттин чектеринде суунун нормалдуу циркуляцияланышы үчүн бардык шарттарды камсыздоога мүмкүнчүлүк берет.
Борбордон тепчү моделдерди орнотуу качан чѳгѳрүлгѳн скважиналык насос кѳтѳрүүнүн зарыл даражасын жана суу менен камсыздоо системасында циркуляцияны камсыздоога жѳндѳмсүз болгонунда алып барылат.
Циркуляциялык насостор электр энергиясын аз керектѳѳчү, дабышынын тѳмѳнкү деңгээли менен жана жакшы ѳндүрүмдүүлүктѳгү моделдерге тийиштүү делинет.
Борбордон тепчү агрегаттардын иштѳѳ принциби: жумушчу дѳңгѳлѳгү айланганында сууга борбордон тепчү күч таасир этет, ал борбордо тѳмѳндѳтүлгѳн басым аймагын, ал эми чет жакаларында жогорулатылган басым аймагын түзѳт. Басымдардын ар түрдүүлүгү ѳз алдынчалуу куюнду пайда кылат, натыйжада суу чыгуу патрубогу аркылуу тышка чыгарылат.
Жабдуунун бир нече жумушчу дѳңгѳлѳгүнѳ ээ кѳп баскычтуу моделдери да кездешет.
Д.4 Дренаждык насостор
Дренаждык насостор жамгыр сууларын, канализациялык жана заңдык агымдарды сордуруу үчүн колдонулат. Бул жабдууну ар башка материалдардан жасап чыгарышат. Эгерде модель пластиктен даярдала турган болсо, ал таза сууну сордуруу үчүн колдонулушу мүмкүн.
Д.5 Суу насосторунун конструкциясынын тиби боюнча классификацияланышы
- Чѳгѳрүлчүлѳр. Сууга толук же айрым бѳлүгү чѳгѳрүлүү менен иштешет. Бул типтеги жабдууну электр энергиясы менен камсыздоо электр кыймылдаткычына атайын электр кабелин туташтыруунун эсебинен жүрѳт. Түзүлүштүн иштѳѳсү суу астында жүзѳгѳ ашырылары эске алынып, ѳткѳргүч зымдар жана башкаруучу электроника нымдан ишенимдүү корголгон болушу керек. Чѳгѳрүлчү моделдерди ѳндүрүп чыгарууда полимерлер жана дат баспоочу болот сыяктуу материалдар пайдаланылат. Кыймылдаткычтын узак убакыт иштѳѳсү маалындагы ысып кетүү то-бокели жокко чыгарылат, себеби ал сордурулуудагы суюктук аркылуу муздатылат.
Суу үчүн чѳгѳрүлүүчү насостордун тѳмѳнлѳгүдѳй түрлѳрү бар: скважиналык, кудуктук, заңдык, дренаждык.
- Скважиналык же тереңдиктик моделдер суунун артезиандык скважиналардан кѳтѳрүлүүсүн камсыз кылышат. Аларды чоң күчтѳп түртүлүүнү түзүү жѳндѳмдүүлүгү, корпусунун формасы жана ѳлчѳмү айырмалап турат. Цилиндрдин диаметри 10 сантиметрден ашпайт. Зарыл күчтѳп түртүлүүнү жана ѳндѳрѳмдѳѳлѳктѳ камсыздоо үчүн сордуруунун кѳп баскычтуу системасы колдонулат.
- Кудуктук моделдер сууну кудуктардан жана терең эмес скважиналардан алып чыгуу үчүн пайдаланылат. Агрегаттын кѳлѳмүнѳ карата азыраак катуу талаптар кыймылдаткычтын мүмкүнчүлүктѳрүн кыйла кеңири пайдаланууга жол ачат. Эреже катары, бул жабдуу «бекерден» иштеп жатканын эскертүүчү калкыма ѳчүрүүчүгѳ ээлик кылат. Агрегаттын натыйжалуу иштѳѳсүн камсыздоо үчүн анын астында 1 метрден кем эмес суунун тереңдиги болушу керек, антпесе түбүнѳн тун-маны же кумду соруп чыгуу жүрѳт, бул түздѳн-түз сынып-бузулууга алып келет.
- Үстүнкү беттик. Бул жабдууну орнотуу кургактыкта жүргүзүлѳт. Үстүнкү беттик түзүлүштүн соруп чыгаруусунун ѳздүк бийиктиги 8 метрден ашпайт, андыктан аларды колдонуу терең эмес булак, кѳлдѳр, дарыялар үчүн гана мүмкүн. Сууну кыйла тереңдиктен жогору сордуруп чыгаруу үчүн суу насосу эжектор ме-нен жабдылышы зарыл. Жабдуу 25 м тереңдиктеги жумуштар үчүн дайындалган.
Е тиркемеси
Санитардык коргоо аймактары
Жалпы кѳрсѳтмѳлѳр
Е.1 Санитардык коргоо аймактары1) алардын санитардык-эпидемиологиялык ишенимдүүлүгүн камсыздоо максаттарында чарбалык-ичүүчү дайындалышындагы бардык долбоорлонуп жана реконструк-цияланып даткан суу түтүктѳрүндѳ алдын алып каралышы керек.
Е.2 Суу түтүгүнүн аймактары суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн (насостук станциялардын, сууну колдонууга даярдоо станцияларынын, суу топтолчу идиштердин) жана негизги суу түтүктѳрүнүн санитардык коргоо тилкесинин2) суу алуу орунунда (суу алуу түзүлүштѳрүн кошуп) суу менен камсыздоонун булагы аймагын камтыштары керек.
Сууну алуу орунундагы суу менен камсыздоо булагынын аймагы үч алкактан: биринчиси – катаал тартиптен, экинчиси жана үчүнчүсү – чектѳѳ тартиптеринен турушу керек. Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аймагы биринчи алкактан жана тилкелерден турушу керек (суу түтүктѳрү түзүлүштѳрү суу менен камсыздоо булагы аймагынын экинчи алкагынын чектеринен тышкары жайгашканында).
Е.3 Суу түтүгүнүн санитардык коргоо аймактарынын долбоору аймактарга жана тилкелерге камтылууга деп белгиленген территориялардын санитардык-топографиялык изилденүүсүнүн маалыматтарын, ошондой эле тийиштүү гидрологиялык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана топографиялык материалдарды пайдалануу менен иштелип чыгылганы зарыл.
Е.4 Суу түтүгүнүн санитардык коргоо аймактарынын долбоору менен аныкталышы керек: суу менен камсыздоо аймагынын алкактарынын чек аралары, суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн жана негизги суу түтүктѳрү тилкелеринин аймактары жана тилкелери, аймактарды (курулуш объектилерин, курулуштарды талкалап-бузуу, ыңгайлуу шарттарды түзүү ж.б.) уюштуруу боюнча инженердик иш-чаралардын тизмеси жана да аймактардагы жана тилкелердеги санитардык тартиптин баяндалышы.
Е.5 Суу түтүгүнүн санитардык коргоо аймактарынын долбоору санитардык-эпидемиологиялык кызмат, геология (жер астындагы сууларды пайдаланган учурда) органдары, ошондой эле башка кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылуусу жана да белгиленген тартипте бекитилиши керек.
Е.6 Аймактардын экинчи жана үчүнчү алкактарындагы булганган территорияларды, суу агымдарын, суу топтоочу кѳлмѳлѳрдү жана суулуу горизонтторду жоюп-жок кылуу боюнча инженердик иш-чаралар ошондой эле тилкелердин чектеринде ушул булгануулардын булактары болуп эсептелинүүчү ишканалардын каражаттарынын эсебинен аткарылыштары керек.
Е.7 Суу түтүктѳрү аймагынын долбоору суу менен камсыздоо системасынын келечектүү ѳнүгүүсү эсепке алынып иштелүүсү керек.
Эскертүү:
1) Мындан ары карай – «аймак»
2) Мындан ары карай – «тилке»
Санитардык коргоо аймактарынын чек аралары.
Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булактары.
Е.8 Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булагынын аймагынын биринчи алкагынын, мунун ичинде суу алып келүүчү каналдын чек аралары суу алуудан тѳмѳндѳгүдѳй аралыктарда орнотулушу керек:
а) суу агымдары (дарыялар, каналдар) үчүн:
– агымдан жогору карай – 200 метрден кем эмес;
– агымдан тѳмѳн карай – 100 метрден кем эмес;
– суу алууга тийиштүү жээкти жандай – жайкы-күзгү аралыкта суунун кесилишинен 100 метрден кем эмес;
– каршы тараптагы жээкке карай багыттагы: суу агымынын жазылыгы 100 метрден кем эмес болгонунда – жай-күз аралыгындагы суунун кесилишинен 50 м жазылыктагы бүткүл акватория жана каршы тараптагы жээк жана да суу агымынын жазылыгы 100 метрден кѳбүрѳѳк болгонунда – акваториянын тилкесинин жазылыгы 100 метрден кем эмес;
– чѳмүч түрүндѳгү суу алуулардагы биринчи алкактын чек араларына чѳмүчтүн бүткүл акваториясы жана 100 метрден кем тилкеси менен анын айланасындагы территория камтылат;
б) суу топтолчу кѳлмѳлѳр (суу сактагыч, кѳл):
– акватория боюнча бардык багыттарда – 100 метрден кем эмес;
– суу алуу жээгине тийиштүүлүктѳ – суу сактагычтагы жана жай-күз аралыгында кѳлдѳгү суунун нормалдуу деңгээлиндеги кесилишинен 100 метрден кем эмес.
Е.9 Суу агымы аймагынын экинчи алкагынын чек араларын аныктап алуу керек:
– агып кирүүлѳрдү кошуп агым боюнча жогору карай – суунун агымынын ылдамдыгынан чыгып, суу агымынын жазылыгы жана узундугу боюнча ортолоштурулган же анын айрыс участкаларында суунун алкактын чек араларынан жай-күз аралыгында орточо бир айлык чыгымдалышындагы суу алууга чейин 95% камсыздалгандыгы IА, Б, В, Г, IIА климаттык райондору үчүн 5 суткадан кем эмес жана калган климаттык райондор үчүн 3 суткадан кем эмес;
– агым боюнча тѳмѳн карай – 250 метрден кем эмес;
– капталдык чек аралар – жаз-күз аралыгында суунун кесилишинен 500 м аралыкта, жердин тоолуу рельефинде суу агымы тарапка багытталып, суу агымы жакка бурулган биринчи жантайыштын бийик чокусуна чейин, бирок жантайма бетте 750 метрден кѳп эмес жана тик капталда 1000 м.
Дарыяда тирѳѳч же кайрадан артка агуу болгонунда суу алуудан экинчи алкактын тѳмѳнкү чек араларынан аралык гидрологиялык жана метеоро-логиялык шарттардан кѳз карандылыкта, санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары менен макулдашылып аныкталышы керек.
Кеме жүрүүчү дарыялардагы жана каналдардагы аймактын экинчи алкагынын чек араларында фарватердин чектериндеги суу алууга тийиштүү акваторияларды аракетке келтирген ылайык.
Эскертүү – Ѳз алдынчалуу жагдайларда жергиликтүү шарттардан кѳз карандылыкта экинчи алкактын капталдык чек араларын санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары менен макулдашып арттырууга жол берилет.
Е.10 Кѳлмѳнүн аймагынын экинчи алкагынын чек араларын агып кирүүлѳрдү кошуп суу алуудан тарта аныкталууга тийиш.
– акватория боюнча бардык багыттарда – суу алуу тарабына 10%га чейин шамал болгонунда 3 км аралыкта жана шамал 10%дан кѳбүрѳѳк болгонунда – 5 км;
– капталдык чек аралар – суу сактагычта нормалдуу тирѳѳчтүк деңгээл болгонунда суунун кесилишинен жана кѳлдѳгү жай-күз аралыгындагы 10.9. пунктуна ылайык аралыкта.
Е.11 Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булагы аймагынын үчүнчү алкагынын чек аралары суу агымынын жогору же тѳмѳн агышы боюнча же экинчи алкак үчүн сыяктуу эле кѳлмѳнүн акваториясы боюнча бардык тараптарда болушу керек; капталдык чек аралар – суу бѳлүштүрүү боюнча суу агымынан же кѳлмѳдѳн 3–5 километрден кѳп эмес болушу керек.
Суу менен камсыздоонун жер астындагы булактары
Е.12 Суу менен камсыздоонун жер астындагы булактары аймагынын биринчи алкагынын чек аралары жалгыз турган суу алуудан (скважина, шахталык кудук, каптаж) же тѳмѳндѳгү аралыктардагы топтук суу алуунун четки суу алуу түзүлүштѳрүнѳн чыгып аныкталышы керек:
– корголгон жер астындагы пайдаланылганында 30 м;
– жетиштүү корголбогон жер астындагы пайдаланылганында 50 м.
Инчыпкалоочулук суу алуу аймагынын биринчи алкагынын чек арасына суу алуунун жана суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булагынын ортосундагы жээктик территория эгерде алардын ортосундагы аралык 150 метрден азыраак болсо, киргизилгени ылайык.
Агым астындагы суу алуулар жана инчыпкалоочу суу алууну азыктандыруучу же жер астындагы суулардын корун кол менен толтуруу үчүн колдонулуучу үстүнкү беттик булактын участкасы үчүн аймактын биринчи алкагынын чек аралары 10.8 пунктка ылайык суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булактары үчүн катары алдын алып каралганы зарыл.
Эскертүүлѳр:
1 Топурактын жана жер астындагы суулардын булгануу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу объекттин территориясында жайгашкан суу алуулар үчүн, ошондой эле ыңгайлуу санитардык, топографиялык жана гидрогеологиялык шарттарда жайгаштырылган суу алуулар үчүн аймактын биринчи алкагынын ѳлчѳмдѳрүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жергиликтүү органдары менен макулдашып азайтууга жол берилет, бирок 15 жана 25 метрден кем болбошу керек.
2 Корголгон жер астындагы сууларга бүтүндѳй суу ѳткѳрбѳѳчү тѳшѳѳлѳр аймагынын бардык алкактарынын чектеринде орун алуучу, жогору жатып, жетиштүү корголбогон суулуу катмарлардан жергиликтүү азыктануу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу күчтѳп түртүлүүдѳгү жана күчтѳп түртүлүүсүз суулуу катмарлардын суулары киргизилет.
Жетиштүү корголбогон жер астындагы сууларга киргизилет:
– таралуу аянтынан азыктануучу, жердин үстүнкү бетинин күчтѳп түрүлүүсүз суулуу катмарынын биринчи алкагынын суулары;
– суулуу катмарлардын күчтѳп түртүлүүдѳгү жана күчтѳп түртүлүүсүз суулары, булар аймактын аянтынан табигый шарттарда же суу алууну эксплуатациялоонун натыйжасында гидрогеологиялык терезелер же ѳткѳрүүчү породалар, тѳшѳѳлѳр аркылуу жогоруда орун алган, жетиштүү эмес корголгон суулуу катмарлардан, ошондой эле түздѳн-түз гидравликалык байланыш жолу менен суу агымдарынан жана кѳлмѳлѳрдѳн азыктануу алышат.
Е.13 Жер астындагы суулардын корлорун жасалма жол менен толуктап-толтурууда аймактын биринчи алкагынын чек аралары жабык типтеги инчыпкалоочу түзүлүштѳрдѳн (скважиналардан, шахталык кудуктардан) чыгып орнотулушу керек – 50 м, ачык типтегиде (бассейндер ж.б.) – 100 м.
Е.14 Суу менен камсыздоонун жер астындагы булагы аймагынын экинчи алкагынын чек аралары климаттык райондордон жана жер астындагы суулардын 100дѳн 400 суткага чейин корголгонунан кѳз карандылыкта кабылдануучу суунун суу алууга чейин микробдук булгануусунун алга жылуу убактысын эсепке алуучу эсептелүү менен аныкталышат.
Е.15 Суу менен камсыздоонун жер астындагы булагы аймагынын үчүнчү алкагынын чек арасы суунун суу алууга чейин химиялык булгануусунун алга жылуу убактысын эсепке алуучу эсептелүү менен аныкталат, ал суу алуунун эксплуатациялануусунун кабылданган улануу убактысынан чоң болбошу керек, бирок 25 жылдан кем эмес.
Е.16 Суулуу катмарды инчыпкалоочулук азыктандырууда, ошондой эле үстүнкү беттик булагынын аймагынын экинчи жана үчүнчү алкагынын үстүнкү беттик булагынан жер астындагы суулардын корун кол менен толтурууда суу менен камсыздоону Е.9÷Е.11 пункттарына ылайык кабылдоо зарыл.
Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянтчалары.
Е.17 Сууу түтүгү түзүлүшүнүн аймагынын биринчи алкагынын чек арасы түзүлүштѳрдүн тосмосунун аянтчасы менен дал келүүсү жана четкерээк аралыкта алдын алып каралышы керек:
– чыпкаланган (ичүүчү) суунун суу куюлчу идиштин капталынан, чыпкалардан (күчтѳп түртүлүүдѳн тышкары), суунун ачык үстүнкү бети менен контакттык киргилттигинен арылтуучулардан – 30 метрден кем эмес;
– калган түзүлүштѳрдүн капталдарынан, суу мунараларынан – 15 метрден кем эмес.
Эскертүүлѳр
1 Санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары менен макулдашуу боюнча ѳз алдынча турган суу мунараларынын, ошондой эле суу агымынын бѳлүнүп-жарылуусуз иштѳѳчү насостук станциялардын аймактарынын биринчи алкагы алдын алып каралбашына жол берилет.
2 Ишкананын территориясында суу түтүгү түзүлүштѳрүн жайгаштырууда кѳрсѳтүлгѳн аралыктарды санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча азайтууга жол берилет, бирок 10 метрден кем эмес болушу керек.
Е.18 Суу менен камсыздоо булагы аймагынын экинчи алкагынын чектеринен сырткарыда жайгашкан суу түтүгү түзүлүштѳрүнүн аймагынын биринчи алкагынын айланасындагы санитардык-коргоочу тилке 100 метрден кем эмес жазылыкта болушу керек.
Эскертүү – Объекттин территориясында суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянтчаларын жайгаш-тырууда тилкенин жазылыгын санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органдары менен макулдашуу боюнча азайтууга жол берилет, бирок 30 метрден кем эмес болушу керек.
Е.19 Ѳнѳр жайлык жана айыл чарбалык ишканалардан ичүүчү сууну колдонууга даярдоо станцияларынын түзүлүштѳрүнѳ чейинки санитардык-коргоо аймагы ѳндүрүштүн зыяндуулук классынан кѳз карандылыкта калктуу конуштар үчүн катары кабылданууга тийиш.
Негизги суу түтүктѳрү
Е.20 Курулуш жүргүзүлбѳгѳн территория аркылуу ѳтүүчү негизги суу түтүктѳрүнүн санитардык-коргоо тилкесинин жазылыгы четки негизги суу түтүктѳрүнѳн чыгып кабылданууга тийиш:
- кургак кыртыштарда тѳшѳѳдѳ – диаметри 1000 ммге чейин болгонунда 10 метрден кем эмес, чоң диаметрлерде 20 метрден кем эмес; суулуу кыртыштарда – диаметринен кѳз карандысыздыкта 50 метрден кем эмес.
Курулган территория боюнча негизги суу түтүктѳрүн тѳшѳѳдѳ тилкенин жазылыгын санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органдары менен макулдашуу боюнча азайтууга жол берилет.
Аймактардын территориясындагы санитардык иш-чаралар
Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булактары
Е.21 Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булагы аймагынын биринчи алкагынын территориясы пландаштырылган, тосулган жана жашылдандырылган болушу керек, ушунда тосмо 3.3.1. пунктуна ылайык алдын алып каралышы зарыл.
Е.22 Аймактын биринчи алкагынын акваториясынын чек аралары эскертүүчү жер үстүндѳгү белгилер жана буйлар менен белгиленишет. Суу агымынын же кѳлмѳнүн кеме жүрбѳѳчү бѳлүгүндѳ жайгаштырылып, суу алуунун чѳктүрүлгѳн суу кабылдагычтарынын үстүндѳ жарыгы менен буйлар орнотулушу керек; алар кеме жүрүүчү бѳлүгүндѳ жайгаштырылганында буйлар кеме жүрүүсүнѳн тышкарыда орнотулат.
Е.23 Аймактын биринчи алкагынын территориясы үчүн күзѳттүк (дүрбѳлѳңдүк) белги бергич алдын алып каралышы керек.
Е.24 Аймактын биринчи алкагынын территориясында:
а) тыюу салынат:
– курулуштун негизги суу түтүктүк түзүлүштѳрүн (сууну берүү жана иштетүүдѳн ѳткѳрүү менен түздѳн-түз байланышпаган кѳмѳкчү имараттар аймактын биринчи алкагынын чектеринен тышкарыда жайгаштырылуусу керек) реконструкциялоодон же кеңейтүүдѳн тышкары бардык түрлѳрү;
– турак жайлык жана коомдук имараттарды жайгаштыруу, адамдардын, мунун ичинде суу түтүгүндѳ иштегендеринин жашоосу;
– суу түтүгү түзүлүштѳрүн тейлѳѳчү ѳткѳргүч түтүктѳрдѳн тышкары ар башка дайындалыштагы ѳткѳргүч түтүктѳрдү тѳшѳѳ, алып ѳтүү;
– агынды сууларды үстүнкү беттик булактарга коё берүү, сууга түшүү, малды сугаруу жана жайып чыгаруу, кирдин жуулуусу, балык кармоо, ѳсүмдүктѳр үчүн уулуу химикаттарды жана жер семирткичтерди колдонуу;
б) имараттар экинчи алкактагы санитардык тартипти эсепке алуу менен аймактын биринчи алкагынын чектеринен тышкарыда жайгашкан тиричиликтик же ѳндүрүштүк канализациянын жакын орун алган системасына же жергиликтүү тазалоочу түзүлүштѳргѳ агынды сууларды агызып салуу менен каналдаштырылуусу керек. Канализация болбогонунда кир-кокту алып чыккан учурда биринчи алкактын территориясынын булгануусун жокко чыгаруучу орундарда жайгаштырылуу менен суу ѳткѳрбѳѳчү чуңкурлар даярдалышы керек;
в) үстүнкү беттик суулардын биринчи алкактын чектеринен тышкарыга агызып чыгарылуусу камсыз кылынышы зарыл;
г) дарактардын кыйылуусуна кѳз салынышына жана дарактарды санитардык кыюуга гана жол берилет.
Е.25 Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булагынын айма-гынын экинчи алкагынын территориясында жүзѳгѳ ашырылуусу керек:
а) калктуу конуштар, дарылоочулук-профилактикалык жана саламаттыкты чыңдоочулук мекемелер, ѳнѳр жайлык жана айыл чарбалык объекттер үчүн территориялардын бѳлүнүп берилишин иреттештирүүнү, ошондой эле суу менен камсыздоо булактарынын агынды суулардан улам булгануу коркунучу даражасынын жогорулашы менен байланышкан ѳнѳр жай ишканаларынын технологияларынын мүмкүн болчу ѳзгѳртүлүүсүн жүзѳгѳ ашыруу;
б) ѳнѳр жайлык, айыл чарбалык жана башка дагы ишканаларды, калктуу конуштарды же ѳз алдынчалуу имараттарды жагымдуу жашоого ыңгайлаштыруу, уюшкандыктагы суу менен камсыздоону, канализациянын, суу ѳткѳрбѳѳчү чуңкурлардын орнотулуусун алдын алып кароо, булганган үстүнкү беттик агынды суулардын ж.б. агызып чыгарылуусун камсыздоо;
в) Кыргыз Республикасынын үстүнкү беттик суулардын агынды суулар менен булганышынан коргоонун суу мыйзамдарынын жана эрежелеринин негиздеринин талаптарына жооп берүүчү, арыктарга жана кѳлмѳлѳргѳ агызып чыгарылуучу тиричиликтик, ѳндүрүштүк жана жамгырдык агынды суулардын тазалануу даражасын кабыл алуу;
г) дарактардын кыйылуусуна кѳз салынууну жана дарактарды санитардык кыюуну гана жүргүзүү.
Е.26 Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булагы аймагынын экинчи алкагында тыюу салынат:
а) территорияларды кир-коктор, акыр-чикир, кык, ѳнѳр жай калдыктары э.б. менен булгоого;
б) күйүүчү-майлоочу материалдардын, уу химикаттардын жана минералдык жер семирткичтердин, топтогучтардын, шлам сактоочу кампаларды, суу менен камсыздоо булактарынын химиялык булгануусуна алып келчү башка да объектилерди жайгаштырууга;
в) кѳрүстѳндѳрдү, мал кѳмчү жерлерди, ассенизация талааларын, чыпкалоо талааларын, дыйканчылык сугат талааларын, кык сактагычтарды, силостук траншеяларды, мал чарбачылык жана канаттууларды багып-ѳстүрүү ишканаларын, суу менен камсыздоо булактарынын микробдук булгануусуна алып келүүчү башка да объектилерди орун алыштырууга;
г) жер семирткичтерди жана уу химикаттарын колдонууга.
Е.27 Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булагы аймагынын экинчи алкагынын чектернде Е.25 жана Е.26 пункттарынын талаптарына кошумча катары:
– санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары менен макулдашылып, атайын тартип камсыз кылынган, аныкталып берилген орундарда канаттууларды багып-кароого, ич-кийимдерин, шейшептери жууганга, сууга түшүүгѳ, туризмге, суу спортуна, пляждарды курууга жана балык кармоого жол берилет;
– суудан ѳтүүлѳрдүн, кѳпүрѳлѳрдүн, пристандардын орундарын аныктап алган ылайык;
– кеме жүргүзүү болгонунда кемелер тиричиликтик, суу алдындагы сууларды жана катуу таштандыларды чогултуу үчүн атайын түзүлүштѳр менен жабдылууга тийиш, пристандарда агызып чыгаруу станцияларынын жана катуу таштандыларды чогултуу үчүн кабыл алгычтардын алдын алып каралганы ылайык, ал эми дебаркадерлерди жана брандыахталарды – кир-кокторду чогултуу үчүн кабырдагычтарды да жабдуу керек;
– кумдарды жана шагылдарды суу агымдарынан же кѳлмѳлѳрдѳн, ошондой эле түбүн тереңдетүүчү жумуштардан ѳндүрүүгѳ тыюу салынат;
– жээктик тилкеде 300 метрден кем эмес жазылыктагы жайытты жайгаштырууга тыюу салынат.
Е.28 Суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик аймагынын үчүнчү алкагынын территориясында Е.25 пунктунда кѳрсѳтүлгѳн санитардык иш-чаралар алдын алып каралышы керек.
Е.29 Аймактын үчүнчү алкагынын территориясында жайгашкан токойлордо аныкталып берилген аянттагы (токой чийки зат базаларындагы), ошондой эле узак мѳѳнѳттүү колдонуудагы токой кыюу фондусундагы дарактарды токой жыгачын даярдоо ишканалары тарабынан түбүнѳн кыюу негизинде башкы жана аралыктык пайдалануудагы жана бекитүүдѳгү токой кыюуну жүргүзүүгѳ уруксат берилет.
Е.30 Каналдарды жана суу сактагычтарды суу менен камсыздоонун булактары катары колдонууда алардын түптѳрүн тунмалардан убак-убагы менен тазалоо жана суу ѳсүмдүктѳрүнѳн арылтуу алдын алып каралышы керек. Каналдардын жана суу сактагычтардын ѳсүмдүк басып кетүүсү менен күрѳшүүнүн химиялык усулдарын колдонууга санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары уруксат берген препараттарды пайдаланган шартта жол берилет.
Суу менен камсыздоонун жер астындагы булактары
Е.31 Суу менен камсыздоонун жер астындагы булагы аймагынын биринчи алкагынын территориясында Е.21, Е.23 жана Е.24 пункттарында кѳрсѳтүлгѳн санитардык иш-чаралар алдын алып каралышы керек.
Эскертүү – Айыл чарбасынын объектилеринин жер астындагы сууларынын суу алууларында күзѳттүк белги бергичтин алдын алып каралбашына жол берилет.
Е.32 Суу менен камсыздоонун жер астындагы булагы аймагынын экинчи алкагынын территориясында Е.25а, б, в жана Е.26 пункттарында кѳрсѳтүлгѳн санитардык иш-чаралар алдын алып каралышы керек.
Е.33 10.32 пунктунда кѳрсѳтүлгѳндѳн тышкары аймактын экинчи алкагында ѳткѳрүлүүчү санитардык иш-чараларга тѳмѳндѳгүлѳр камтылганы ылайык:
– бардык эски, иштебеген, бузугу бар же туура эмес иштетилген, пайдалануудагы суулуу горизонттун булгануу кооптуулугун түзүүчү скважиналарды жана шахталык кудуктарды таап чыгуу, тампонаждоо же калыбына келтирүү;
– жаңы скважиналарды бургулоону иреттештирүү;
– иштетилген сууну жер астындагы катмарларга агызууга, катуу калдыктарды жана жер асты байлыктарынын иштелмелерин жер астына топтоого, ошондой эле суулуу катмарларды булгашы мүмкүн болгон ѳзүнѳ сиңирип алуучу скважиналарды жана шахталык кудуктарды жоюп-жок кылууга тыюу салуу.
Е.34 Суу менен камсыздоонун жер астындагы булагы аймагынын үчүнчү алкагынын территориясында Е.25а, Е.26б жана Е.33 пункттарында кѳрсѳтүлгѳн санитардык иш-чаралардын алдын алып каралганы ылайык.
Эскертүү – Санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары менен макулдашуу боюнча корголуудагы жер астындагы сууларды пайдаланууда Е.26б пунктунда кѳрсѳтүлгѳн объектилерди аймактын үчүнчү алкагы чектеринде жайгаштырууга жол берилет.
Е.35 Агым астындагы суу алуу аймактарынын жана инчыпкалоочу суу алууну азыктандыруучу же жер астындагы суулардын корлорун кол менен толуктоо үчүн пайдаланылуучу булактын үстүнкү беттик участкаларынын бардык алкактарындагы санитардык иш-чаралар суу менен камсыздоонун үстүнкү беттик булактары үчүн кандай болсо, так эле ошондой кабылданышы керек.
Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянтчалары
Е.36 Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянтчалары аймагынын биринчи алкагынын территориясында Е.21 жана Е.24 пункттарында кѳрсѳтүлгѳн санитардык иш-чаралар, ал эми күзѳттүк коргоо жана техникалык кара-жаттарды коргоо 3.3.1 пунктуна ылайык алдын алып каралышы керек.
Е.37 Суу түтүктѳрү түзүлүштѳрүнүн аянтчаларынын санитарлык-коргоо тилкесинин чектеринде Е.32 пунктунда каралган санитардык иш-чаралар алдын алып каралышы керек.
Негизги суу түтүктѳрү
Е.38 Негизги суу түтүктѳрүнүн санитардык-коргоо тилкесинин чектеринде топуракты жана кыртыштык сууларды булгоо булактары (дааратканалык, жуундулук чуңкурлар, кык сактагычтар, акыр-чикир кабылдагычтар ж.б.) болбошу керек.
Кѳрсѳтүлгѳн булгоочулар менен тилке чектешкен негизги суу түтүктѳрүнүн участкаларында пластмассалык жана болот түтүктѳрүнүн колдонулганы ылайык.
Е.39 Негизги суу түтүктѳрүн таштандылардын территориялары, ассенизация талаалары, чыпкалоо талаалары, жер иштетүүчүлүк сугат талаалары, кѳрүстѳндѳр, ѳлгѳн мал кѳмүлгѳн жерлер, ошондой эле ѳнѳр жайлык жана айыл чарбалык ишканалардын территориялары боюнча тѳшѳѳгѳ (алып ѳтүүгѳ) тыюу салынат.
Эскертүү: Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана курулмалар КР КЧ 40-01:2023 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа буйругуна ылайык), “И тиркемеси” мамлекеттик тилде жок.