Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 190 токтомуна ылайык) |
Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгү жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн (мындан ары - Өкүлчүлүк) ишинин укуктук негиздерин аныктайт.
2. Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Өкүлчүлүк өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине, ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун принциптерине, жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарын эске алуу менен эл аралык уюмдардын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат.
4. Өкүлчүлүк Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) макулдашууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы соода линиясын жүргүзүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
Өкүлчүлүк саясий, дипломатиялык жана консулдук функцияларды жүзөгө ашырбайт.
2. Максаттары жана милдеттери
5. Өкүлчүлүктүн ишинин максаты көп тараптуу соода системасынын алкагында Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү болуп саналат.
6. Милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ДСУ инструменттерин колдонуу менен Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык курсун ишке ашыруу;
- ДСУда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтүү;
- ДСУ аянтчасында ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кызыкчылыктарын жана инвестицияларды коргоо;
- ДСУ ишин, ошондой эле ДСУга мүчө мамлекеттер жана байкоочулар тарабынан Кыргыз Республикасынын тышкы соода кызматташтыгын өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын изилдөө жана талдоо.
3. Функциялары жана укуктары
7. Өкүлчүлүктүн жүктөлгөн милдеттерине ылайык функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- ДСУ органдарынын жыйналыштарына катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ДСУга тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларын аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин ДСУ ишинин маселелери боюнча маалымдоо;
- Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча турган өлкөсүндө ДСУга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлчүлүктөрү/миссиялары менен өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү менен макулдашуу боюнча Эл аралык соода борбору, БУУнун Европа экономикалык комиссиясы, Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм, Соода маселелери боюнча БУУнун соода жана өнүктүрүү конференциясы менен өз ара аракеттенүү;
- улуттук мыйзамдарды жакшыртуу жана аны ДСУ алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттерине ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- ДСУ максаттарын жана принциптерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, анын чечимдерин ишке ашыруу жана анын алкагында кабыл алынган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди аткаруу;
- көп тараптуу системаларды либералдаштыруу жана товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр рыногуна жетүүнү камсыз кылуу максатында ДСУ башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын катышуусун илгерилетүү;
- ДСУ чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кызмат адамдарынын потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткаруу.
8. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери өзүнүн компетенциясынын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон документтерди, маалымдамаларды жана башка материалдарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен белгиленген тартипте алууга;
- ДСУ макулдашуулардын алкагында кыргыз товарларынын мүчө мамлекеттердин рынокторуна жетүүсүн либералдаштыруу маселелери боюнча соода сүйлөшүүлөрүнө катышууга;
- соода талаштарына катышууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунда коргоону жана жетүүнү камсыздоого көмөк көрсөтүүгө.
4. Түзүмү жана ишти уюштуруу
9. Өкүлчүлүктүн ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри жана Женева шаарындагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы же анын милдеттерин аткаруучу адам жүзөгө ашырат.
Өкүлчүлүктүн чыгымдарынын сметасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан бекитилет.
10. Өкүлчүлүктү күтүү учурдагы жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
11. Өкүлчүлүктүн мүлкү Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Өкүлчүлүк көрсөтүлгөн мүлктү ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн гана пайдаланат. Өкүлчүлүктүн финансылык-чарбалык ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана мамлекеттик финансылык контролдоонун башка ыйгарым укуктуу органдары жүзөгө ашырат.
12. Өкүлчүлүктүн жетекчиси жана кызматкери мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте 3 жылдык мөөнөткө, бир жылга мөөнөтүн узартуу укугу менен Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Өкүлчүлүктүн жетекчиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жана Женева шаарындагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысына же анын милдеттерин аткаруучу адамга отчет берет.
14. Өкүлчүлүктүн жетекчиси жок учурда анын милдеттерин Өкүлчүлүктүн кызматкери аткарат.
15. Өкүлчүлүктүн жетекчиси:
- Өкүлчүлүктүн ишин, ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууну уюштурат, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоону камсыз кылат, Өкүлчүлүктүн ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
- Өкүлчүлүктүн ишинин абалы жана натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Өкүлчүлүктүн финансылык-чарбалык ишин жана материалдык-техникалык камсыздоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Өкүлчүлүктүн иши жөнүндө кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторду, анын ичинде бухгалтериялык отчеттуулукту берет.
151. Өкүлчүлүктүн түзүмүн жана штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Өкүлчүлүктө иштөө мезгилинде кызматкерлерге штаттык расписаниеге ылайык акчалай күтүү, турак-жай жалдоо боюнча чыгымдар төлөнөт, эгерде жубайы иштебесе, кызматкердин эмгек акысынан 30% жубайына төлөнүп берилет.
17. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарын, ошондой эле каада-салттарын жана үрп-адаттарын сыйлоого, Швейцария Конфедерациясынын ички иштерине кийлигишүү катары чечмелениши мүмкүн болгон кандай болбосун аракеттерден карманууга милдеттүү.
|
| Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгү жөнүндө жобого тиркеме |
Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн башкаруу СХЕМАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту)