Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-апрели № 232
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
- жогоруда аталган Жобонун № 1 тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы.".
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
1) өткөрүп берүү актысын бекитсин;
2) өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
3) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |