Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-майы № 254
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин ишинин сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- 1-пунктчанын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана анын аймактык башкармалыктарын күтүүгө каралган үч пайыздын эсебинен төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген, кызматтык же нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилбеген кызматкерлерине транспорттук чыгымдар үчүн 2000 сом өлчөмүндө жана тамактануу үчүн 5000 сом өлчөмүндө компенсациялык суммаларды төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бардык категориядагы кызматкерлери үчүн иштин жыйынтыгы боюнча локалдык актыларга ылайык бир айлык эмгек акы фондунан ашпаган өлчөмдө дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүүгө.";
2) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 5-пункттагы ", басма сөз-катчысы" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункттагы "3,84" деген цифралар "4,00" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 2 жана 3-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |