Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 254 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 74
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263, 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмү, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акынын өлчөмү, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына төмөнкүлөрдүн төлөнө тургандыгы белгиленсин:
1) эмгек өргүүсүнө чыгууда - ден соолугун чыңдоого жөлөкпул эки орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө;
2) иштин сапаты жана натыйжасы, кесипкөйлүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматкерлердин кызматтык маяналарына 50 пайызга чейинки өлчөмдө кошумча акы;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык илимий даражасы үчүн кошумча акы;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун мүнөздөгү иш үчүн кошумча акы;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон аймактардын шартында иштеген адамдардын эмгек акысына райондук коэффициентти белгилөө менен иштеген жылдары үчүн кошумча акы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жыл ичинде квартал сайын төрт орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндөгү каражаттар баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларын жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерди квартал сайын сыйлоого багыттала тургандыгы белгиленсин.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмү
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмү (сом) |
1. Борбордук аппарат | ||
1 | Төрага | 18000 |
2 | Төраганын биринчи орун басары | 16000 |
3 | Төраганын орун басары | 15000 |
4 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
5 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
6 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
7 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
8 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
9 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
10 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
2. Аймактык башкармалыктар | ||
11 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
12 | (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
13 | Бөлүмдүн курамындагы сектордун башчысы | 8000 |
14 | Башкы адис | 7200 |
15 | Жетектөөчү адис | 6500 |
16 | Адис | 6200 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акынын өлчөмү
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Эмгек стажысы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмү |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5% |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15% |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25% |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан жогору | 40% |
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыктарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмү
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмү |
1. Борбордук аппарат | ||
1 | Катчы-референт, архивариус, айдоочу | 6000 |
2 | Короо шыпыргыч, кызматтык жайларды тазалоочу, имаратты тейлөө боюнча жумушчу | 3200 |
2. Аймактык башкармалыктар | ||
3 | Катчы-референт, архивариус, айдоочу | 4500 |
4 | Короо шыпыргыч-бакчы | 2700 |
5 | Кызматтык жайларды тазалоочу, имаратты тейлөө боюнча жумушчу, кароолчу | 2500 |