Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы N 701 токтомуна) |
2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА
1. Киришүү
2023-2027-жылдарга "Көенө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа (мындан ары - Мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 412 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
2023-2027-жылдарга Мамлекеттик программанын максаты болуп Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды билим берүү жана туристтик чөйрөдө пайдалануу үчүн зарыл шарттарды жана инфраструктураны түзүү саналат.
Бул Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын аймагында эл үчүн уникалдуу баалуулук болуп саналган тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, коргоо, изилдөө жана пайдалануу жаатындагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун, ошондой эле республикалык, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде бул үчүн пландалган каржылоону, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарын камтыйт.
Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын жана Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы учурдагы кырдаалды эске алуу менен иштелип чыкты.
Программаны ишке ашыруу үчүн жооптуу негизги мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аныкталды.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасында элдин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргоо мамлекеттин конституциялык кепилдиги болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынаылайык тарыхый-маданий мурас эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объекттер жана табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана мыйзам менен өзгөчө корголот.
Кыргыз Республикасынын аймагы палеолит доорунан баштап маданияттын жана адам коомунун калыптануу процессин чагылдырган тарыхый-маданий мурас объекттерине бай. Бул тууралуу Сел-Үңкүр, Капчыгай, Ак-Чуңкур, Он-Арча, Курама, Тосор жана Юташ-Сай археологиялык эстеликтери ырастап турат.
Тарыхый-маданий мурас объекттерин аныктоо жана эсепке алуу тарыхый-маданий мурастарды сактоо ишиндеги маанилүү этаптар болуп саналат. Тарыхый-маданий мурас объекттерин мамлекеттик эсепке алуу: объекттерди изилдөөнү, алардын тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулугун аныктоону, эсепке алуу документтерин фиксациялоону, изилдөөнү жана тизмелерин түзүүнү камтыйт.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында эки миңге жакын тарыхый, археологиялык, архитектуралык жана шаар куруу, монументалдык искусство эстеликтери мамлекеттик коргоого алынган. Алардын ичинен 583 эстелик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген. Ошондой эле изилденбеген жана жаңыдан табылган тарыхый-маданий мурас объекттери бар.
3. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
15 жылдын ичинде ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргыз Республикасынан 4 тарыхый-маданий мурас объекттери киргизилди:
- Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагында жайгашкан ыйык тоо Сулайман-Тоо (2009-жыл);
-"Жибек Жолу: Чанъань-Тянь-Шань коридорунун маршруттар тармагы" сериялык трансулуттук номинациянын алкагында Чүй облусунда жайгашкан орто кылымдагы Красная Речка (Невакет), Ак-Бешим (Суяб) жана Бурана (Баласагын) чалдыбарлары (2014-жыл).
Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сактоону, коргоону, изилдөөнү жана ар тараптуу натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча 2015-2020-жылдарга карата концепция иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча 2015-2020-жылдарга карата концепцияныбекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилди. Бул Концепция бөлүнгөн каражаттардын алкагында маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылды.
2015-жылдан азыркы учурга чейин ажыратылып жаткан аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча отчетторду жана корутундуларды даярдоо менен иштер уюштурулду, анын натыйжасында Чүй, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча жаңы тарыхый-маданий мурас объекттери мамлекеттик коргоого алынды.
2016-жылдан 2022-жылга чейин республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин жалпы санынын 10-15%ынын коргоо зоналарынын долбоорлору бекитилди. Азыркы учурда айыл аймактарында жайгашкан өздөштүрүлүүгө жана трансформацияланууга тийиш болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин аныктоого жана изилдөөгө көңүл бурулууда.
Азыркы учурда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан Өзгөн, Шоробашат, Кулбескан жана Кайрагач чалдыбарлары жана Сафедбулан маданий ландшафты сыяктуу объекттерди ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн "Жибек Жолу: Фергана - Сырдарыя коридору" сериялык трансулуттук номинациясын даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө тарыхый-маданий мурас объекттерин системалуу түрдө ар тараптуу изилдөө жана реставрациялык, консервациялык иштерди жүргүзүү маселеси курч бойдон турат, бул мурасты сактоону жана келечек муунга өткөрүп берүүнү камсыз кыла турган мамлекет үчүн маанилүү милдет болуп саналат.
Ошону менен бирге Таш-Рабат, Бурана мунарасы, Өзгөн архитектуралык комплекси, Манас күмбөзү сыяктуу архитектуралык эстеликтерде комплекстүү оңдоо-реставрациялоо иштери 1970-1980-жылдары жүргүзүлгөн, алар азыркы учурда авариялык абалда жана сактоого муктаж.
Мындан тышкары, тарыхый-маданий мурас объекттеринин айрым аймактары азыркы күндө көрүстөн катары колдонулууда. Мисалы, орто кылымдагы Талас районунун Ак-Дөбө, Москва районунун Төлөк, Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө (Жаркынбаев), Ош шаарынын Ак-Буура чалдыбарларынын аймактары акырындык менен көрүстөнгө айланып баратат. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинин тоо этектери менен калк отурукташкан пункттарынын ортосундагы аска-таш бетиндеги сүрөттөр жана башка тарыхый-маданий мурас объекттери жайгашкан аймак жергиликтүү тургундар тарабынан интенсивдүү өздөштүрүлүп, курулуш жана чарбалык максаттарда пайдаланылууда.
Тарыхый-маданий мурастардын бир бөлүгү болгон археологиялык буюмдар аныкталган жана толук изилдене элек. "Мыйзамсыз казуучулардын", кен издөөчүлөрдүн жана металл издегичтердин пайда болушу менен тарыхый-маданий баалуулуктарды аныктоо жана табуу максатында атайын уруксаты жок казуу жана издөө иштерин жүргүзгөндөрдүн саны көбөйүүдө, бул улуттук тарыхый-маданий мураска зыян келтирүүдө. Табылган буюмдар жана маданий баалуулуктардын коллекциялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондуна туруктуу сактоого берилбейт жана контрабандалык жол менен республиканын чегинен тышкары ташылып чыгууда жана мыйзамсыз сатылууда.
Маданий баалуулуктардын контрабандасын болтурбоонун бирден бир жолу болуп тарыхтын жана маданияттын баалуу буюмдарын издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды (металл издегичтерди, металл детекторлорун, радарларды жана магниттик жана электрондук приборлорду) жүгүртүү жана пайдалануу эрежелерин белгилөө эсептелет.
Ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин табууга, коргоого, изилдөөгө жана пайдаланууга багытталган маданият жана илим мекемелеринин ишин илимий, методикалык жана кадрдык камсыздоону өркүндөтүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселеси курч турат. Маданий мурас жаатында иштеген, тактап айтканда археологиялык материалдарды жана объекттерди реставрациялоо жана консервациялоо боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутууну жана стажировканы өткөрүү зарыл.
Азыркы учурда археология эстеликтеринин маданий катмарынын чектери аныкталган эмес жана алардын коргоо зоналары белгиленген эмес. Чарбалык жана жер иштерин жүргүзүүдө байыркы жана орто кылымдагы тарыхый-маданий мурас объекттери бузулуу коркунучунда турат.
Демек тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймагында жагымдуу шарттарды жана инфратүзүмдү түзүү туризм чөйрөсүн мамлекеттик артыкчылыктардын бөлүгү катары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана региондун жакын жайгашкан калктуу конуштарынын жергиликтүү жамааттарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.
Жалпысынан тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясат стратегиялык мүнөзгө ээ болушу керек, анткени тарыхый-маданий мурас убакытка жана мейкиндикке карабастан өзүнүн баалуулуктарын сактайт жана муундан муунга өтүүгө тийиш.
4. Мамлекеттик программанын артыкчылыктуу багыттары, милдеттери жана чаралары
Бул Мамлекеттик программа тарыхый-маданий мурас объекттеринин жана аларга жакын жайгашкан аймактын абалын изилдөө, реставрациялоо, консервациялоо, музейлештирүү жана алардын коргоо зоналарын, тарыхый-маданий мурас объекттерин туристтик максаттарда коргоо жана пайдалануу шарттарын түзүү жолу менен жакшыртууга багытталган.
Мамлекеттик программа өзүнө төмөнкүдөй негизги артыкчылыктуу багыттарды камтыйт:
- тарыхый-маданий мурас объекттерин табуу, изилдөө, сактоо, оңдоо-реставрациялоо жумуштары жана музейлештирүү;
- заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен тарыхый-маданий мурас объекттеринин электрондук порталын (маалыматтар базасы жана электрондук архив) түзүү;
- археологиялык казууларды жана изилдөө иштерин жүргүзүүдө археология эстеликтерин консервациялоону жана музейлештирүүнү камсыз кылуу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин жана алардын инфраструктурасын коргоону, натыйжалуу пайдаланууну жакшыртуу;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана изилдөө чөйрөсүндөгү маданият жана илим мекемелеринин ишин илимий, методикалык жана кадрдык камсыздоону өркүндөтүү;
- тарыхый-маданий мурастарды калк арасында популярдаштыруу.
Мамлекеттик программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесинде Республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесиндеги объекттердин санын көбөйтүү;
- археологиялык эстеликтерде археологиялык казууларды жана изилдөө иштерин жүргүзүү;
- реставрацияланган жана консервацияланган тарыхый-маданий мурас объекттеринин жана алардын бекитилген коргоо зоналарынын санын көбөйтүү;
- музейлерди түзүү, тарыхый-маданий мурас объекттеринин инфраструктурасын жакшыртуу жана аймагын көрктөндүрүү жана мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында, жогорку окуу жайларда турган бардык тарыхый-маданий мурас объекттерин жана коллекцияларды Кыргыз Республикасынын музей фондусунун мамлекеттик бөлүгүнө киргизүү жана алардын арасынан өтө баалуу болгондорун өлкөнүн мамлекеттик музейлерине туруктуу сактоого өткөрүп берүү үчүн инвентаризациялоону жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондун маданий баалуулукка ээ жаңы предметтер жана коллекциялар менен толуктоо;
- маданий баалуулуктарды мыйзамсыз казууларды, уурдоону, ташып келүүнү жана ташып чыгууну болтурбоо, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды жүгүртүү, колдонуу эрежелерин жөнгө салуу;
- билим берүү, бош убакытты өткөрүү жана туризм чөйрөсүндө тарыхый-маданий мурас объекттерин натыйжалуу пайдалануу;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, изилдөө жана пайдалануу чөйрөсүндө квалификациялуу кадрларды көбөйтүү.
Мамлекеттик программанын коюлган максатына жетүү үчүн ар бир артыкчылыктуу багыттар боюнча конкреттүү иш-чараларды чагылдырган төмөнкү чаралар аныкталган:
- ушул Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттери жөнүндө программалык камсыздоону (маалыматтар базасы жана электрондук архиви) иштеп чыгуу;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зоналарынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринде музей мекемелерин түзүү (куруу) жөнүндө концепциясын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын тарыхый- маданий мурас объекттерин инвентаризациялоо;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин консервациялоону жана музейлештирүүнү камсыз кылуу менен археологиялык изилдөөлөрдү, казууларды, документтештирүүнү жүргүзүү;
- оңдоо-реставрациялоо жана консервациялоо жумуштарын жүргүзүү;
- тарыхый-маданий багытта тарыхый-маданий мурас объекттеринин жер участокторун бөлүп берүү;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, музейлердин кызматкерлери үчүн тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону жана коргоону камсыз кылуу боюнча окутуу өткөрүү;
- тарыхый-маданий мурас объекттери тууралуу илимий-популярдуу, документалдуу фильмдерди/роликтерди чыгаруу;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөө жана сактоо боюнча улуттук жана эл аралык семинарларды, конференцияларды жана конгресстерди уюштуруу жана өткөрүү.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Ушул Мамлекеттик программаны ишке ашыруу Кыргызстандын эли үчүн уникалдуу баалуулук болгон жана Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тарыхый-маданий мурас объекттерин табуу, изилдөө, сактоо, оңдоо-реставрациялоо иштери жана музейлештирүү боюнча иштерге өбөлгө түзөт.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен тарыхый-маданий мурас объекттеринин электрондук порталын (маалыматтар базасы жана электрондук архив) түзүүгө;
- мамлекеттин коргоосуна алынган тарыхый-маданий мурас объекттеринин, реставрацияланган тарыхый-маданий мурас объекттеринин жана алардын белгиленген коргоо зоналарынын санын көбөйтүүгө;
- археологиялык эстеликтерди консервациялоону, реставрациялоону жана музейлештирүүнү камсыз кылуу менен археологиялык казууларды жана изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча иш-чараларды көбөйтүүгө;
- билим берүү, туризм чөйрөсүндө натыйжалуу пайдалануу үчүн тарыхый-маданий мурас объекттерин жана аларга чектеш аймактарды зарыл болгон көрктөндүрүүнү жана инфраструктураны түзүүгө;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, пайдалануу менен алектенген мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоого;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондун маданий баалуулуктардын жаңы предметтери жана коллекциялары менен толуктоого;
- маданий баалуулуктарды мыйзамсыз казууну, уурдоону, ташып келүүнү жана ташып чыгууну болтурбоого, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды жүгүртүү, колдонуу эрежелерин жөнгө салууга;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалануу менен туризмди өнүктүрүүгө;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, изилдөө жана пайдалануу чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлардын санын көбөйтүүгө.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан көптөгөн тарыхый-маданий мурас объекттери алардын инфраструктурасын жакшыртууда жана аймагын көрктөндүрүүдө билим берүү жана туризм чөйрөсүндө потенциалдуу ресурс болуп калышы мүмкүн эле. Ошондой эле болгон жана табылган жаңы тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөө жана жаңы интерпретациялары бул объекттердин маанилүүлүгүнө жагымдуу таасир этет жана анын тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалуулугун бекемдейт.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон төмөнкүдөй мүмкүн болгон тобокелдиктер бар:
- тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөө жана реставрациялоо, консервациялоо чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги;
- табигый кырсыктар, техногендик кыйроолор, коррупция, бул теңдемделген мамилеге жана коюлган бардык милдеттерди аткарууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тарыхый-маданий багытта тарыхый-маданий мурас объекттеринин жер участогун бөлүп берүүнүн кечеңдеши жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин (МамАкт) өз убагында берилбеши тарыхый-маданий мурас объекттеринде мамлекеттик музей мекемелерин түзүүгө тоскоолдук кылат.
7. Ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы
Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча ушул мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик программаны финансылык камсыздоо
Ушул Мамлекеттик программаны ишке ашырууну финансылык камсыздоо мамлекеттик бюджетти, демөөрчүлөрдү, юридикалык жана жеке жактардын гранттарын, эл аралык коомчулуктун донордук жардамдарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдү камтыган ар кандай булактардын эсебинен камсыз кылынат.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн талап кылынган каражаттардын көлөмү 2023-2027-жылдарга 584074,6 миң сомду түзөт, анын ичинен 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин бюджетинин чегинде, 2024-жылга - 156935,6 миң сом, 2025-жылга - 131116,5 миң сом, 2026-жылга - 193154,2 миң сом, 2027-жылга - 102868,3 миң сом каралган.
Финансылык эсептөөлөр баалоо мүнөзүнө ээ жана алардын деталдуу сметасын иштеп чыгууда ушул Мамлекеттик программаны ишке ашыруу процессинде оңдолушу мүмкүн.