Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-декабры № 718
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17, 19-беренелерин ишке ашыруу, экономикалык иштин ар кандай формаларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун биринчи абзацында "2023-жылдын" деген сөздөр "2024-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 717 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 264 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 2-январындагы № 1 (3554) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Тиркеме |
Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын ТИЗМЕСИ
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Колдонуу мөөнөтү |
1 | Инкубациялоо үчүн үй тоокторунун (Gallus domesticus) уруктандырылган жумурткалары | 0407 11 0000 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
2 | Иштетилбеген, майдаланган же майдаланылбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранула түрүндөгү дандардын саманы жана топону | 1213 00 0000 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
3 | Арпа | 1003 90 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
4 | Сулу | 1004 90 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
5 | Кубулма форель балыгынын тоюту | 2309 90 1000 2309 90 3100 2309 90 9609 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
6 | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, горчицанын үрөндөрүнөн тышкары, май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнөн жана мөмөлөрүнөн тартылган майда жана кесек ун | 1208 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
7 | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү дан өсүмдүктөрүн же буурчак өсүмдүктөрүн элегенден, тарткандан же кайра иштетүүнүн башка ыкмаларынан түшкөн улпак, чар, кебек жана башка калдыктар | 2302 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
8 | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү крахмалды өндүрүүдөн чыккан калдыктар жана ушул сыяктуу калдыктар, кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому жана кантты өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудан же винону ачытуудан башка калдыктар | 2303 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
9 | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү соя майын чыгаруудан алынган, жанчылбаган же жанчылган күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар | 2304 00 000 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
10 | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү өсүмдүк майларын же соя жана арахис калдыктарынан башка майларды чыгаруудан алынуучу, майдаланбаган же майдаланган күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар | 2306 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
11 | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө эмес же гранула түрүндөгү өсүмдүктөрдөн алынган азыктар жана өсүмдүктөрдүн калдыктары жана калдык азыктар | 2308 00 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
12 | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу азыктар | 2309 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |
13 | Ири мүйүздүү мал жана башка тирүү | 010229 | 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин |