Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 690
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Стратегиялык объекттерди башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 69 "Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Стратегиялык объекттердин менчик ээлеринин кайрылуулары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык объекттерди сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруу маселелери боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан каралат.
Комиссиянын катчылыгы болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
Комиссиянын төрагасы болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү саналат. Комиссиянын курамы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
Комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдүн жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес деңгээлдеги өкүлдөр кирет:
- мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- экономикалык өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- улуттук коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңишинин катчылыгынын (макулдашуу боюнча).
Зарыл болгон учурда Комиссиянын ишине тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |