Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-декабры № 100
Бишкек шаарынын мэриясынын ведомствого караштуу бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык, акы төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар);
- 2- тиркемеге ылайык, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар);
- 3- тиркемеге ылайык, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар).
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага | К. Конгантиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын «27» -декабрынын №100 токтомуна 1-тиркеме
|
Акы төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө
тарифтер (баалар)
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун аталышы |
Тарифтер (баалар)
|
1. | Социалдык мекемеде социалдык, реабилитациялык, медициналык кызматтарды көрсөтүү | «Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин «Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеси» муниципалдык мекемеси | күнүнө 650,0 сом |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын «27» -декабрынын №100 токтомуна 2-тиркеме
|
Билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү
кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар)
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун аталышы |
Тарифтер (баалар)
|
1. | Бишкек шаарынын муниципалдык музыкалык мектептеринде башталгыч кесиптик музыкалык билим берүүнү берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын Балдар искусство мектептери
| Музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөтүүнүн толук курсу – 3000,0 сом (бир айга); эстрада бөлүмү – 3000,0 сом (бир айга); театр бөлүмү – 1900,0 сом (бир айга); баштапкы эстетикалык даярдоо бөлүмү – 1900,0 сом (бир айга); хореография бөлүмү – 2100,0 сом (бир айга); жалпы эстетикалык билим берүү – 2300,0 сом (бир айга); сүрөт искусство бөлүмү – 1900,0 сом (бир айга); даярдоо бөлүмү – 2100,0 сом (бир айга); эки жылдык курстар – 2220,0 сом (бир айга) |
2. | Бишкек шаарынын муниципалдык музыкалык мектептеринде жана искусство мектептеринде искусство чөйрөсүндө баштапкы кесиптик билим берүүнү берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын Балдар көркөм мектеби
| Музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөтүүнүн толук курсу – 3000,0 сом (бир айга); эстрада бөлүмү – 3000,0 сом (бир айга); театр бөлүмү – 1900,0 сом (бир айга); баштапкы эстетикалык даярдоо бөлүмү – 1900,0 сом (бир айга); жалпы эстетикалык билим берүү – 2300,0 сом (бир айга); хореография бөлүмү – 2100,0 сом (бир айга); сүрөт искусство бөлүмү – 1900,0 сом (бир айга); даярдоо бөлүмү – 2100,0 сом (бир айга); эки жылдык курстар – 2220,0 сом (бир айга) |
3. | Бишкек шаарынын муниципалдык көркөм мектептеринде башталгыч көркөм билим берүүнү берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын Балдар көркөм мектеби | Кесиптик даярдоо бөлүмү – 2700,0 сом (бир айга); даярдоо бөлүмү – 1550,0 сом (бир айга) |
4. | Китепкана фонддорунда сакталган документтерди жана китептерди убактылуу пайдаланууга үйгө берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын Борбордук китепканасы жана анын ведомствого караштуу китепканалары | 1 басып чыгаруу -10,0 сом (түнкү абонент) |
5. | Адабияттарды жана документтерди сканерленген түрдө берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын Борбордук китепканасы жана анын ведомствого караштуу китепканалары | 1 басып чыгаруу – 5,0 сом |
6. | Үн күчөтүү боюнча көчмө үн жабдууларды берүү
| Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы | 1 күнгө – 9650,0 сом |
7. | Бишкек шаарынын китепканаларынын залдарын жана жайларын маданий-эс алуу иш-чараларын өткөрүү үчүн берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын Борбордук китепканасы жана анын ведомствого караштуу китепканалары | 1 саатка – 270,0 сом |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын «27» -декабрынын №100 токтомуна 3-тиркеме
|
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү акы
төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар)
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун аталышы |
Тарифтер (баалар)
|
1. | Сабактарды/машыгуулар-ды өткөрүү үчүн теннис кортун берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин теннис, спорттун паралимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча ОРБӨСМсы | 1 саат -100,0 сом |
2. | Сабактарды/машыгуулар-ды өткөрүү үчүн оор атлетика залын берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин оор атлетика боюнча ОРБӨСМсы | Бир жолку катышуу – 80,0 сом |
3. | Сабактарды/машыгуулар-ды өткөрүү үчүн жалпы дене тарбия залын берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин оор атлетика боюнча ОРБӨСМсы | Бир жолку катышуу – 60,0 сом |
4. | Сабактарды/машыгуулар-ды өткөрүү үчүн машыгуу залын берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин оор атлетика боюнча ОРБӨСМсы | Бир жолку катышуу – 80,0 сом |
Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин «Дельфин» ОРБӨСМсы | Бир айда 12 катышуу – 1800,0 сом | ||
5. | Спорттук-калыбына келтирүү борборлорун берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин оор атлетика боюнча ОРБӨСМсы | 1 саат – 100,0 сом |
Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин «Дельфин» ОРБӨСМсы | 1200,0 сом - орто зал (2 саат); 2000,0 сом – чоң зал (2 саат) | ||
6. | Сууда сүзүү сабактары чүн бассейнди берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин «Дельфин» ОРБӨСМсы | Бир жолку катышуу: 150,0 сом – чоңдор үчүн; 120,0 сом – балдар үчүн 14 жашка чейин; 100,0 сом – пенсионерлер үчүн; бир айга 10 катышуу; 1500,0 сом – чоңдор үчүн; 1200,0 сом – 14 жашка чейинки балдар үчүн; 1000,0 сом – пенсионерлер үчүн |
7. | Машыктыруучусу менен сууда сүзүү боюнча сабактарды өткөрүү | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин «Дельфин» ОРБӨСМсы | Бир жолку катышуу: 220,0 сом – чоңдор үчүн; 170,0 сомов – 14 жашка чейинки балдар үчүн; бир айга 10 катышуу; 2200,0 сом – чоңдор үчүн; 1700,0 сом – 14 жашка чейинки балдар үчүн |
8. | Аквааэробика боюнча сабактарды өткөрүү | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин «Дельфин» ОРБӨСМсы | Бир айга 12 жолу катышуу – 2500,0 сом; 2100,0 сом – пенсионерлер үчүн |
9. | Муниципалдык пансионатта жайкы эс алууну уюштуруу | Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин «Алтын – Булак» пансионаты
| 300,0 сом – тамактанууну эске алуусуз эс алууну уюштуруу, (суткасына); 950,0 сом – үч маал тамактануу менен эс алууну уюштуруу (суткасына) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |