Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 26-январы ПЖ № 8
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 36-1-пункт менен толукталсын:
"36-1. Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине (Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларын, Президенттин кеңешчилерин жана жардамчыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилерин жана жардамчыларын кошпогондо) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
- жогорку билими;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көлөмдө мамлекеттик тилди билүүсү.
Президенттин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлерине Бириккен Улуттар Уюмунун расмий тилдеринин бирин (орус тилине кошумча) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде билүү жана/же протоколдук кызматтагы иш тажрыйбасы жөнүндө кошумча квалификациялык талаптар коюлат.
Бириккен Улуттар Уюмунун расмий тилдеринин бирин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон билүү деңгээли орточо деңгээлден төмөн болбошу керек.
Тилди билүүсүн ырастоо катары жалпы таанылган сертификаттар (TOEFL, IELTS жана башкалар), тилди билүү деңгээлин белгилөө менен окуу курстарын ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар, окутуу тиешелүү тилде жүргүзүлгөн жогорку окуу жайларын аяктагандыгы жөнүндө дипломдор кабыл алынат.
Кызматтык зарылчылык болгон учурда Президент жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси ушул пунктта белгиленген квалификациялык талаптарды эске албастан, иштин башка чөйрөлөрүндө олуттуу көрсөткүчтөргө жетишкен адамдарды Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин кызмат орундарына дайындоого укуктуу.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилерине жана жардамчыларына квалификациялык талаптар "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |