Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-январы № 7
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартибин иретке келтирүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. "Манас" эл аралык аэропортундагы өткөрүү пункту аркылуу Кыргыз Республикасына келген чет мамлекеттердин жарандары номиналы 500 (беш жүз) АКШ долларынан кем эмес ваучери жана Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин визасыз тартипте кайра кирүү укугу менен жарандыгы бар өлкөгө же үчүнчү өлкөгө кайра кайтуучу авиабилети болгон учурда 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режимде жүрө алышат.
Ваучер учуп келгенден кийин "Манас" эл аралык аэропортунда сатып алынышы мүмкүн.
Ваучер болгон учурда жарандары визасыз режим боюнча кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон чет мамлекеттердин тизмеси тышкы саясат чөйрөсүндөгү, туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен буйругу менен бекитилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-январындагы № 7 (3560) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |