Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын аймагында
чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-январындагы № 7, 2024-жылдын 23-августундагы № 502, 2024-жылдын 28-октябрындагы № 646, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784, 2025-жылдын 27-июнундагы № 367, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 855, 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жүрүү тартиби
3-глава. Жүрүүгө документтерди тариздөө тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүү жана жүрүү, ошондой эле алардын чыгуу тартибин аныктайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жарактуу документтин негизинде виза тартибинде Кыргыз Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен өтүүсү жана жүрүшү мүмкүн.
3. Бул Жобону ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар болуп миграция, калкты каттоо, тышкы саясат, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар саналат.
4. Ушул Жободо колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет:
1) чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы боюнча далилдери бар адам;
2) жарактуу документ - инсандыгын ырастаган, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, талаптагыдай таризделген жана ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ;
3) визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны тариздебестен Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим;
4) Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (ТМЭБС) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашап турууга уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык система;
5) чет өлкөлүк жарандын жүрүү мөөнөтү - чет өлкөлүк жаранга карата анын жарандыгына жараша колдонулуучу жана/же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган жүрүү мөөнөтү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында кайрадан кирүү мөөнөттөрүн эске алуу менен визалык же визасыз тартипте жүрүүгө уруксат берилет;
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) туристтердин уюшулган тобу - бул алдын ала пландаштырылган туристтик маршрут же программа боюнча Кыргыз Республикасына бирге баруучу 5тен 25ке чейинки адамдан турган адамдардын уюшулган тобу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-октябрындагы № 646, 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүү берилген жарактуу документтин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу дипломатиялык каналдар боюнча түшкөн жарактуу документтердин базасы түзүлөт.
Чет мамлекеттин жараны үлгүлөрү базада жок болгон жарактуу документти көрсөткөн учурда өткөрүү/өткөрбөө жөнүндө чечим Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан карамагында болгон маалыматтык-сурап билүү системасына негизденип кабыл алынат.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү (узартуу) үчүн төмөнкү документтер негиз болуп саналат: эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, виза, жашап турууга уруксат, Кыргыз Республикасынын резидент-картасы, “Кайрылман” статусу, “Мекен-карт”, турган жери боюнча каттоого туруу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү (узартуу) үчүн негиз болуп саналган башка документтер бекитилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 , 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнө укук берүүчү документтерди (виза, жашап турууга уруксат ж.б.) тариздөөдөн баш тартылган учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында башкача каралбаса, зарыл болгон документтер ылайык келтирилгенине жараша чет өлкөлүк жарандын кайталап кайрылуусу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берүүчү документтерди тариздөө тартибин бузган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып салынат.
9. Жүрүү тартиби бузулган учурда жана/же башка учурларда улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ички иштер жана/же улуттук коопсуздук органынын чечими менен чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү мөөнөттөрү кыскартылат.
Мындай чечим кабыл алынган учурда ички иштер органдары ТМЭБСте тиешелүү белгилерди коёт жана миграция, калкты каттоо, тышкы саясат, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын дарегине кабарлоо жөнөтөт.
2-глава. Жүрүү тартиби
10. Чет өлкөлүк жарандардын жүрүү мезгилинин мөөнөттөрү чек арадан өткөн күндөн саат 00:01 баштап календардык күндөр менен эсептелет.
Эсептөө ТМЭБТ автоматташтырылган системасы тарабынан жүргүзүлөт. ТМЭБТга кирүү мүмкүн болбогон же кирүү мүмкүндүгү жок болгон учурда эсептөө чек ара контролунан өтүүдө коюлган Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын белгилери менен ырасталган чет өлкөлүк жарандын жарактуу документинде кирүү/чыгуу датасынан тартып жүргүзүлөт.
11. Мамлекеттик чек арадан өтүүдө контролер (Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери) чет өлкөлүк жарандын айтуусу боюнча ТМЭБТга сапардын максаты жөнүндө белги коёт.
12. Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, белгиленген тартипте кайрылуу берген шартта Кыргыз Республикасынын аймагында болууга укук берүүчү тиешелүү документтерди тариздөө үчүн ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү мезгили төмөнкүдөй:
– визанын жана/же жашап турууга уруксаттын негизинде Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар визанын жана/же жашап турууга уруксаттын жарактуулук мезгилинде жүрөт;
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин (Армения, Беларусь, Казакстан, Россия) жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир жүз сексен күндүк мезгил ичинде жалпысынан 90 күнгө чейин жүрө алышат;
– ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин жарандары эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир алтымыш күндүк мезгил ичинде жалпысынан 30 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат;
– Өзбекстан Республикасынын жарандары эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир жүз жыйырма күндүк мезгил ичинде жалпысынан 60 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат;
– Сербия Республикасынын, Түркия Республикасынын, Украинанын, Монголиянын жарандары эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир жүз сексен күндүк мезгил ичинде жалпысынан 90 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат;
– Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султандыгынын, Бахрейн Падышалыгынын жарандары эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир үч жүз алтымыш күндүк мезгил ичинде жалпысынан 180 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат.
Айрым чет мамлекеттердин жарандарынын жүрүү мезгилинин белгиленген мөөнөттөрү жок болгон учурда мындай жарандарга карата өз ара мамиле принцибине негизденүү менен жүрүү мөөнөттөрү колдонулат.
Уруксат берүүчү документтерди тариздөөсүз Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун белгиленген мөөнөттөрүнөн ашып кеткен этникалык кыргыздарга, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, жашы жете элек балдарына) этникалык таандыктыгын документ түрүндө ырастаган учурда уруксат берүүчү документтерди тариздөө жолу менен укуктук статусун легалдаштыруу максатында кирген күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде бир жолу кирүүгө укук берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 855, 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
131. 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим чет мамлекеттердин жарандары – Бириккен Улуттар Уюмунун паспортторунун (United Nations Laissez – Passer кызыл түстөгү паспорту) ээлери үчүн бир тараптуу тартипте киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 855 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Айрым чет мамлекеттердин жарандарына "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу же "Электрондук виза" порталынын жардамы менен киргенде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы бар оюн-зоок жайынын өтүнүчү болгондо жөнөкөйлөтүлгөн тартипте 7 күнгө чейинки жарактуу мөөнөтү менен тийиштүү категориядагы виза алууга укук берилет.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдарга визаларды тариздөө визаларды берүү жана тариздөө маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жарандары Кыргыз Республикасына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кирүүгө укуктуу болгон чет мамлекеттердин тизмеси тышкы иштер, экономика жана коммерция, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Чет мамлекеттердин жарандары (Кытай Эл Республикасы, Индия Республикасы) Америка Кошмо Штаттарынын, Улуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын, Шенген зонасынын узак мөөнөттүү (3 жылдан ашык мөөнөткө) визалары болгон учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин визасыз тартипте кайра кирүү укугу менен 7 күн визасыз тартипте жүрө алышат.
151. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасына туристтердин уюшулган топтору менен келген Кытай Эл Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин визасыз тартипте кайра кирүү укугу менен 21 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз режимде боло алышат.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар, пайда болгон форс-мажордук жагдайлардан тышкары (тиешелүү документтер менен ырасталганда жаратылыш кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар, адам объективдүү түрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан өз убагында чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган оорунун оор түрлөрү), Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болууга укук берүүчү визаларды жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө үчүн кайрылууга укуксуз.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг Атайын административдик райондорунун туруктуу жашоочулары (жарактуу жол жүрүү документинин ээлери) Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу менен 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар, пайда болгон форс-мажордук жагдайлардан тышкары (тиешелүү документтер менен ырасталганда жаратылыш кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар, адам объективдүү түрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан өз убагында чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган оорунун оор түрлөрү), Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болуу укугун берүүчү визаларды жана уруксаттарды тариздөө үчүн кайрылууга укуксуз.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Калктын улуттук, санитардык-эпидемиологиялык жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында саламаттык сактоо, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук, тышкы саясат, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жана ички иштер органдарынын жүйөлүү өтүнүчү боюнча чет мамлекеттин жаранына чектөөлөрдүн демилгечиси тарабынан тиешелүү чечим жокко чыгарылганга чейин чектелбеген мөөнөткө Кыргыз Республикасына кирүүгө чектөөлөр белгиленет.
18. Чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте каттоо эсебине алынууга тийиш.
19. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жарандарынын жүрүүсүн узартуу мурда өтүнүч берген тараптын кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.
3-глава. Жүрүүгө документтерди тариздөө тартиби
§ 1. Визалар
20. Кыргыз Республикасынын визалары тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделет.
21. Кыргыз Республикасынын визаларынын айрым категориялары дипломаттык каналдар жана/же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер боюнча ноталарды алмашуу жолу менен аныкталган тартипте жана мөөнөткө таризделиши мүмкүн.
22. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин жарандарына Кыргыз Республикасына кирүү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кыска мөөнөттүү визалар таризделет.
23. Кандайдыр бир жарандыкка таандык экендигин ырастабаган башка өтүү документтеринин ээлери Кыргыз Республикасынын визаларын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык тариздешет.
§ 2. Жашап турууга уруксат
24. Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жашап турууга уруксатын тариздөөгө талапкер болууга укуктуу.
Жашап турууга уруксат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык таризделет.
25. Кыргыз Республикасынын жашап туруу укугу төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- 3 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү убактылуу жүрүүгө уруксат (убактылуу жашап турууга уруксат);
- 5 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү туруктуу жашап турууга уруксат.
§ 3. Кайрылман статусу
26. Чет мамлекеттин жараны болуп саналган, Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келген этностук кыргызга кайрылман статусу берилет.
27. Кайрылман статусуна ээ болгон чет мамлекеттин жараны Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кирет/чыгат.
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобого карата 1-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 855 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Австралия
2. Австрия Республикасы
3. Бельгия Королдугу
4. Босния жана Герцеговина
5. Ватикан
6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу
7. Венгрия
8. Германия Федеративдик Республикасы
9. Нидерланддар Королдугу
10. Греция Республикасы
11. Дания Королдугу
12. Исландия
13. Ирландия
14. Испания Королдугу
15. Италия Республикасы
16. Канада
17. Корея Республикасы
18. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. Латвия Республикасы
20. Литва Республикасы
21. Лихтенштейн Княздыгы
22. Люксембург Улуу Герцогдугу
23. Мальта Республикасы
24. Монако Княздыгы
25. Жаңы Зеландия
26. Норвегия Королдугу
27. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28. Польша Республикасы
29. Португалия Республикасы
30. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
31. Сингапур Республикасы
32. Словакия Республикасы
33. Словения Республикасы
34. Америка Кошмо Штаттары
35. Финляндия Республикасы
36. Франция Республикасы
37. Хорватия Республикасы
38. Чехия Республикасы
39. Швейцария Конфедерациясы
40. Швеция Королдугу
41. Эстония Республикасы
42. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
43. Бруней-Даруссалам Мамлекети
44. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
45. Япония
46. Черногория
47. Андорра Княздыгы
48. Аргентина Республикасы
49. Бразилия Федеративдүү Республикасы
50. Сан-Марино Республикасы
51. Чили Республикасы
52. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
53. Албания Республикасы
54. Болгария Республикасы
55. Вьетнам Социалисттик Республикасы
56. Израиль Мамлекети
57. Кипр Республикасы
58. Түндүк Македония Республикасы
59. Румыния Республикасы
60. Таиланд Королдугу
61. Мексика Кошмо Штаттары
62. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 855 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобого карата 2-тиркеме |
1. Австралия
2. Австрия Республикасы
3. Бельгия Королдугу
4. Болгария Республикасы
5. Босния жана Герцеговина
6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу
7. Венгрия Республикасы
8. Германия Федеративдүү Республикасы
9. Греция Республикасы
10. Дания Королдугу
11. Израиль Мамлекети
12. Ирландия Республикасы
13. Исландия Республикасы
14. Испания Королдугу
15. Италия Республикасы
16. Канада
17. Кипр Республикасы
18. Корея Республикасы
19. Литва Республикасы
20. Латвия Республикасы
21. Лихтенштейн Княздыгы
22. Люксембург Улуу Герцогдугу
23. Македония Республикасы
24. Мальта Республикасы
25. Монако Княздыгы
26. Нидерланддар Королдугу
27. Норвегия Королдугу
28. Жаңы Зеландия
29. Польша Республикасы
30. Португалия Республикасы
31. Румыния Республикасы
32. Сербия Республикасы
33. Словения Республикасы
34. Сингапур
35. Словакия Республикасы
36. Америка Кошмо Штаттары
37. Түркия Республикасы
38. Финляндия Республикасы
39. Франция Республикасы
40. Хорватия Республикасы
41. Черногория Республикасы
42. Чехия Республикасы
43. Швейцария Конфедерациясы
44. Швеция Королдугу
45. Эстония Республикасы
46. Андорра
47. Аргентина
48. Бразилия
49. Ватикан
50. Вьетнам
51. Таиланд Королдугу
52. Сауд Аравия Королдугу
53. Мексика
54. Бириккен Араб Эмираттары
55. Сан-Марино
56. Филиппиндер
57. Албания Республикасы
58. Бруней-Даруссалам
59. Индонезия Республикасы
60. Түштүк-Африка Республикасы
61. Чили Республикасы
62. Венесуэла Боливариандык Республикасы
63. Катар Мамлекети
64. Кувейт Мамлекети
65. Оман Султанаты
66. Бахрейн Королдугу
67. Япония
68. Иран Ислам Республикасы(*)
69. Алжир Элдик Демократиялык Республикасы(**)
70. Бангладеш Эл Республикасы(**)
71. Египет Араб Республикасы(**)
72. Индия Республикасы(**)
73. Иордания Хашимит Королдугу(**)
74. Ливан Республикасы(**)
75. Марокко Королдугу(**)
76. Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасы(**)
77. Пакистан Ислам Республикасы(**)
78. Тунис Республикасы(**)
79. Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы(**)
80. Иемен Республикасы (**)
* Эскертүү. Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "ишкердик" жана "туристтик" категорияларына гана карата.
** Эскертүү. Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "туристтик" (1 айга чейин) категориясына карата жашап турууга уруксаты (резидент карталары) бар төмөнкү чет мамлекеттердин жарандары үчүн: Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия Королдугу, Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней Даруссалам Мамлекети, Оман Султандыгы жана Бахрейн Королдугу.