Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январы № 28
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 39 "Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кадрлар резервине киргизилген адамдардын кадрдык курамынын кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 39 "Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө кадрлар резервин түзүүнү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн компетенттүү талапкерлердин зарыл болгон санын даярдоону камсыз кылсын жана өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-февралындагы № 9 (3562) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |