Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 30-январы ПЖ № 12
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыз кылуу, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- облустук, республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон мектеп окуучуларына, артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөргө, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча алтын сертификаттын ээлерине жана белгиленген окуучулардын мугалимдерине билим берүү чөйрөсүндө жогоруда көрсөтүлгөн жетишкендиктери үчүн финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- облустун масштабында юбилейлик жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө;
- республикалык жана облустук маанидеги коомдук-маданий иш-чараларга катышууга.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |