Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-февралы ПЖ № 21
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү системасын өркүндөтүү боюнча кеңеш жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу, кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасына ар тараптуу мамиленин негизинде алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жана 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу" жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү системасын өркүндөтүү боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кеңеш төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат деп белгиленсин:
- кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү муктаждыгына талдоо жүргүзөт;
- мыйзамдардын талаптарын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын, стратегиялык документтерди эске алуу менен кызматчыларды кесиптик өнүктүрүүнүн жана карьералык өстүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды түзөт;
- бийлик органдарынын ишине мыкты кадрдык тажрыйбаларды киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
- насаатчыларга дем берүү боюнча сунуштарды түзөт;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын кесиптик өнүктүрүү боюнча иштин абалы жана ведомстволук (тармактык) окутуу багытынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө маалыматты угат;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү боюнча иштердин абалын изилдейт жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүн камсыз кылууну, ошондой эле жаңы башкаруу технологияларын киргизүүнү эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү системасын күчөтүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун карайт;
- бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжаларын карайт;
- мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жана кесипкөйлүгүн камсыз кылуу максатында алардын квалификациясын жогорулатууга жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган мыкты улуттук жана чет өлкөлүк практикаларды, инновациялык методдорду жана инструменттерди карайт, аларды жайылтуу боюнча чечимдерди кабыл алат;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жана эксперттик баалоолорду жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана окуу жайларынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди, адистерди жана окумуштууларды тартуу менен жумушчу топторду, комиссияларды түзөт;
- кызматчылардын компетенцияларын жана кесиптик көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган узак мөөнөттүү пландарды жана программаларды иштеп чыгат;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине карата заманбап талаптарды жана коомдогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен окутуу системасын оптималдаштыруу боюнча сунуштамаларды берет;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүүнүн актуалдуу проблемалары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана маалыматтык-талдоо иштерин жүргүзүүнү демилгелейт жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду угат;
- иштин ыкмаларын жана методдорун оңдоо максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү системасынын иштөөсүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жана ишке киргизилген өзгөртүүлөрдү баалайт;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү системасын өркүндөтүү боюнча кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыгат;
- бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу чөйрөсүндө башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Кеңеш өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
3. Кеңештин жумушчу органы болуп мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
Кеңештин иш тартиби Кеңеш тарабынан бекитилүүчү регламент менен аныкталат.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү системасын өркүндөтүү боюнча кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президенти - Кеңештин төрагасы;
мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын директору - Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан аныкталат);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
эксперттик коомчулуктун өкүлү (макулдашуу боюнча).