Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 668
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779, 2026-жылдын 4-августундагы № 523 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Сот бийлигинин органдарына жана атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жогоруда аталган Типтүү жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3549) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - ЖӨБО) персоналды башкаруу кызматынын (мындан ары - кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулат.
2. Кызмат мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мамлекеттик орган жана ЖӨБО жөнүндө жоболорду, ошондой эле Типтүү жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун кадрдык потенциалын калыптандыруу, өнүктүрүү жана кесиптик өркүндөтүү максатында түзүлөт.
Кызмат жок мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо персоналды башкаруу маселелери персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерге (мындан ары - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу) жүктөлөт.
5. Кызмат же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өз ишин мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчисинин (мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчисинин кадр маселесин тескеген орун басарынын), ошондой эле мамлекеттик органдын жана ЖӨБО аппаратынын жетекчисинин (бул кызмат орду уюштурулган мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо) жалпы жетекчилиги астында жүргүзөт.
2-глава. Түзүмү
6. Кызматтын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчиси тарабынан бекитилген штаттык түзүмдүн жана сандын чегинде аныкталат.
7. Кызмат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан расписаниесинде каралган жетекчиден жана адистерден турат.
8. Кызматтын жетекчиси жетекчилик, башка мамлекеттик органдар жана ЖӨБО, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамилелерде кызматтын атынан чыгат, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, кызматтагы эмгек тартибинин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
9. Кызмат түздөн-түз мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун жетекчисине (кадр маселесин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарына), мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун аппаратынын жетекчисине (бул кызмат орду уюштурулган мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо) отчет берет жана өз ишин жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.
3-глава. Милдеттери
10. Кызматтын же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органды жана ЖӨБОну, алардын аймактык бөлүмдөрүн жогорку квалификациялуу адистер менен комплекттөөгө, кадрларды тандоого, жайгаштырууга жана пайдаланууга, кадрлар резервин түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүү;
2) мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун максаттуу комплекстүү саясатын иштеп чыгууга, кадрларды башкаруунун стратегиясын жана тактикасын тандоого, персоналдын санын жана түзүмүн оптималдаштырууга катышуу;
3) кадрдык иш кагаздарын туура жана өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылуу;
4) корпоративдик маданиятты калыптандыруу жана эмгек жамаатында жагымдуу социалдык-психологиялык климатты өнүктүрүү;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына ички ведомстволук контролдоо.
4-глава. Функциялары
11. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык кызмат же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервин түзүү үчүн конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү;
2) административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун кадрлар резервине конкурска катышкан жарандардан документтерди кабыл алуу;
3) административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине конкурска катышкан жарандарга ачык конкурс өткөрүүнүн шарттары жөнүндө маалымдоо;
4) конкурстук комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди иштеп чыгуу жана даярдоо;
5) тестирлөөнүн катышуучуларынын тизмелерин түзүү;
6) конкурстун катышуучуларын тестирлөөгө өтүнмөлөрдү даярдоо;
7) аңгемелешүүгө суроолордун болжолдуу тизмегин жана баалоо критерийлерин иштеп чыгуу;
8) конкурстун катышуучуларына конкурстун бардык этаптары өткөрүлүүчү жер, дата жана убакты жөнүндө кабарлоо;
9) мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тестирлөө бөлүмүнө жана анын филиалдарына конкурстун катышуучуларын каттоого көмөк көрсөтүү;
10) кызматчыларды карьералык пландоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
11) карьералык өсүүнүн жекече планын иштеп чыгуу жана киргизүү;
12) насаатчылыкты уюштуруу, насаатчылардын ишин координациялоо;
13) кадрлар резервин түзүү жана жүргүзүү;
14) кадрларды тандоону жана эсепке алууну уюштуруу, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзүү;
15) эмгек тартибин камсыз кылууга, ишти баалоо жана конкурстарды өткөрүүгө байланышкан ишти уюштуруу;
16) мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта болуу менен байланышкан чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу;
17) кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштуруу;
18) карьералык өсүүнү пландаштыруу максатында кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун баалоо, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу, персоналды мотивациялоо жана сыйлоо системасын өзгөртүү, окутуу системасын кайра карап чыгуу, уюштуруу түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти уюштуруу;
19) кадр маселелери боюнча конкурстук, баалоо жана башка комиссиялардын ишин камсыз кылууну уюштуруу;
20) кызматкерлерди мотивациялоо системасын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
21) сунуштарды иштеп чыгуу жана кызматчыларды ротациялоо схемасын ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
22) кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды көрүү;
23) тейлеген иш чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын, типтүү келишимдердин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
24) мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө катышуу;
25) ведомстволук жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүлүүчү кызматкерлерге материалдарды даярдоо;
26) эсепке алуу-статистикалык жана аналитикалык мүнөздөгү келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыгуу, аны бирдейлештирүүнү камсыз кылуу, кадрлар менен иштөө боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттордун бардык түрлөрүн тариздөө;
27) кызматкерлерди жеке эсепке алуу, эмгек иши жөнүндө маалымкаттарды берүү;
28) кызматкерлердин стажын эсепке алууну жүргүзүү жана стажын белгилөө боюнча комиссия үчүн материалдарды даярдоо;
29) эмгек китепчелерин тариздөө, сактоо жана берүү, Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибине ылайык аларга зарыл жазууларды жана өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүү;
30) "e-Kyzmat" автоматташтырылган маалыматтык системасында иш жүргүзүү, ошондой эле анда көрсөтүлгөн маалыматтын актуалдуулугу үчүн жооп берүү;
31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк курамдын өздүк иштерин жүргүзүү;
32) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык зарыл чараларды көрүү жана кызматкерлердин өздүк иштеринде камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
33) өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды чогултууну жана верификациялоону жүргүзүү;
34) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызматкерлер менен макулдашылган сунуштары боюнча кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнүн графигин түзүү, мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун жетекчисинин бекитүүсүнө киргизүү жана анын сакталышын контролдоо;
35) кызматкерлердин дипломаттык жана кызматтык паспортторун, ошондой эле кызматтык күбөлүктөрүн эсепке алууну жүргүзүү;
36) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык бөлүмү менен өз ара аракеттенүү;
37) кызматкерлерге класстык чендерди өз убагында ыйгаруу боюнча ишти жүргүзүү;
38) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Укуктары
12. Өзүнүн компетенциясынын чегинде кызмат же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалымкаттарды, түшүндүрмө каттарды жана башка материалдарды суроого жана алууга;
- мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун жетекчилигине кадрлар менен иштөөнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
Кызматтын кызматкерлерин же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктууну материалдык камсыздоо жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Жоопкерчилик
13. Кызматтын кызматкери же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
14. Типтүү жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн кызматтын кызматкерлерине же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн.
15. Тартиптик жазаларды, административдик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин колдонуунун жана даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
16. Кызматтын кызматкери же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
17. Кызматтын кызматкери же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) өзүнүн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткаруу;
2) мамлекеттик маалыматтардын, кызматкерлердин өздүк иштеринде камтылган маалыматтардын жана мамлекеттик органдын же ЖӨБОнун документтеринин купуялуулугун сактоо.