КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 668
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Сот бийлигинин органдарына жана атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жогоруда аталган Типтүү жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3549) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жөнүндө типтүү жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - ЖӨБО) персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүнүн (мындан ары - түзүмдүк бөлүм) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызматты өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулат.
2. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мамлекеттик орган жана ЖӨБО жөнүндө жоболорду, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун кадрдык потенциалын түзүү, өнүктүрүү жана кесиптик өркүндөтүү максатында түзүлөт.
Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жок мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо персоналды башкаруу маселелери персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерге (мындан ары - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу) жүктөлөт.
5. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өз ишин мамлекеттик органдын жетекчисинин жана ЖӨБОнун (мамлекеттик органдын жетекчисинин персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүн тейлеген орун басарынын жана ЖӨБОнун), ошондой эле мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчисинин (ушул кызмат орду уюштурулган мамлекеттик органда), ЖӨБОнун жетекчисинин, ЖӨБОнун аппаратынын жетекчисинин (ушул кызмат орду уюштурулган ЖӨБОдо) жалпы жетекчилиги астында жүзөгө ашырат.
2-глава. Түзүмү
6. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, ЖӨБОнун жетекчиси тарабынан бекитилген штаттык түзүмдүн жана сандын чегинде аныкталат.
7. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун штаттык расписаниесинде каралган жетекчиден жана адистерден турат.
8. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жетекчилик, башка мамлекеттик органдар жана ЖӨБО, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамилелерде түзүмдүк бөлүмдүн атынан чыгат, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, персоналды башкаруу кызматындагы эмгек тартибинин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
9. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү түздөн-түз мамлекеттик органдын жетекчисине (персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүн тейлеген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарына), мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчисине (ушул кызмат орду уюштурулган мамлекеттик органда), ЖӨБОнун жетекчисине, ЖӨБОнун аппаратынын жетекчисине (ушул кызмат орду уюштурулган ЖӨБОдо) отчет берет жана өз ишин жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
3-глава. Милдеттери
10. Түзүмдүк бөлүмдүн же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органды жана ЖӨБОну, алардын аймактык бөлүмдөрүн жогорку квалификациялуу адистер менен комплекттөөгө, кадрларды тандоого, жайгаштырууга жана пайдаланууга, кадрлар резервин түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүү;
2) мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун максаттуу комплекстүү саясатын иштеп чыгууга, кадрларды башкаруунун стратегиясын жана тактикасын тандоого, кызматкерлердин санын жана түзүмүн оптималдаштырууга катышуу;
3) кадрдык иш кагаздарын туура жана өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылуу;
4) корпоративдик маданиятты түзүү жана эмгек жамаатында жагымдуу социалдык-психологиялык климатты өнүктүрүү;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына ички ведомстволук контролдоону жүзөгө ашыруу.
4-глава. Функциялары
11. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервин түзүү үчүн конкурстарды уюштурат жана өткөрөт;
2) мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун кадрлар резервине административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна конкурска катышкан жарандардан документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат;
3) административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине конкурска катышкан жарандарга ачык конкурс өткөрүүнүн шарттары жөнүндө маалымдайт;
4) конкурстук комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди иштеп чыгат жана даярдайт;
5) тестирлөөнүн катышуучуларынын тизмесин түзөт;
6) конкурстун катышуучуларын тестирлөөгө арыздарды даярдайт;
7) аңгемелешүүгө суроолордун болжолдуу тизмесин жана баалоо критерийлерин иштеп чыгат;
8) конкурстун катышуучуларына конкурстун бардык этаптарын өткөрүүнүн орду, датасы жана убактысы жөнүндө кабарлайт;
9) мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тестирлөө бөлүмүнө жана анын филиалдарына конкурстун катышуучуларын каттоого көмөк көрсөтөт;
10) кызматчыларды карьералык пландоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;
11) карьералык өсүүнүн жекече планын иштеп чыгат жана киргизет;
12) насаатчылыкты уюштурат, насаатчылардын ишин координациялайт;
13) кадрлардын резервин түзөт жана жүргүзөт;
14) кадрларды тандоону жана эсепке алууну уюштурат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт;
15) эмгек тартибин камсыз кылууга, аттестацияларды жана конкурстарды өткөрүүгө байланышкан ишти уюштурат;
16) мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта болуу менен байланышкан чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылат;
17) кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
18) карьералык өсүүнү пландаштыруу максатында кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун баалоо, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу, персоналды шыктандыруу жана сыйлоо системасын өзгөртүү, окутуу системасын кайра карап чыгуу, уюштуруу түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти уюштурат;
19) кадр маселелери боюнча конкурстук, аттестациялык жана башка комиссиялардын ишин камсыз кылууну уюштурат;
20) кызматкерлерди шыктандыруу системасын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;
21) сунуштарды иштеп чыгуу жана кызматчыларды ротациялоо схемасын ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
22) кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
23) тейлеген иш чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын, типтүү келишимдердин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
24) мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө катышат;
25) Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүлгөн кызматкерлерге материалдарды даярдайт;
26) эсепке алуу-статистикалык жана аналитикалык мүнөздөгү келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыгат, аны унификациялоону камсыз кылат, кадрлар менен иштөө боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун бардык түрлөрүн тариздейт;
27) кызматкерлерди жеке эсепке алууну жүргүзөт, эмгек иши жөнүндө маалымкат берет;
28) кызматкерлердин стажын эсепке алууну жүргүзөт жана стажын белгилөө боюнча комиссия үчүн материалдарды даярдайт;
29) эмгек китепчелерин тариздейт, сактайт жана берет, эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибине ылайык аларга зарыл жазууларды жана өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизет;
30) "E-kyzmat" автоматташтырылган маалыматтык системасында иш жүргүзөт, ошондой эле анда көрсөтүлгөн маалыматтын актуалдуулугу үчүн жооп берет;
31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк курамдын өздүк иштерин жүргүзөт;
32) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык зарыл чараларды көрөт жана кызматкерлердин өздүк делолорунда камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат;
33) өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды жыйнайт;
34) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызматкерлер менен макулдашылган сунуштары боюнча кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнүн графигин түзөт, мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун жетекчисинин бекитүүсүнө киргизет жана анын сакталышын контролдойт;
35) дипломаттык жана кызматтык паспортторду, ошондой эле кызматкерлердин кызматтык күбөлүктөрүн эсепке алууну жүргүзөт;
36) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык бөлүмү менен өз ара аракеттенет;
37) кызматкерлерге класстык чендерди өз убагында ыйгаруу боюнча иштерди жүргүзөт;
38) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
5-глава. Укуктары
12. Өзүнүн компетенциясынын чегинде түзүмдүк бөлүм же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалымкаттарды, түшүндүрмө каттарды жана башка материалдарды суроого жана алууга;
- мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун жетекчилигине кадрлар менен иштөөнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлерин же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктууну материалдык жактан камсыз кылуу жана социалдык жактан коргоо мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Жоопкерчилик
13. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
14. Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлерине же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн.
15. Тартиптик жазаларды, административдик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтерин колдонуунун жана даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
16. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери же персоналды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
17. Персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери же персоналды башкарууга ыйгарым укуктуу төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) өз ишинин натыйжалары жана натыйжалуулугу;
2) өзүнүн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткаруу;
3) мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун мамлекеттик маалыматтарын сактоо;
4) мамлекеттик маалыматтардын, кызматкерлердин өздүк делолорунда камтылган маалыматтардын жана мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун документтеринин купуялуулугун сактоо.