КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 6-октябры № 01-13/199
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Электр энергиясына тарифтерди аныктоонун методикасын бекитүү жөнүндө» буйругу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү, стабилдүү жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөө жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатуу максатында буйрук кылам:
1. Электр энергиясына тарифтерди аныктоонун методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин:
2. Электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык бул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн жарыялоо булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин «Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө» 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 4 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 81 (3530) саны менен жарыяланды
Министр | Т.О. Ибраев |