Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна) |
Мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик казыналык облигацияларды (мындан ары - МКО) чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартибин жөнгө салат.
2. МКО чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө маселелерин жөнгө салуучу жобо менен аныкталат.
3. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн МКО чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
4. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо суммасынын минималдуу чеги 3000000 (үч миллион) сом өлчөмүндө белгиленет.
2-глава. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалыматтарды чогултуу
5. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери бар мамлекеттик орган ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген минималдуу чектин өлчөмүнөн суммасы ашкан курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери жөнүндө, анын ичинде ушул мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр боюнча маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.
6. Маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоонун зарыл болгон суммасы белгиленет.
7. Мамлекеттик орган курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө маселени МКО чыгаруу аркылуу подрядчылар менен макулдашат жана макулдашууга жетишкенде МКО чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө подрядчыларга жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
8. МКО чыгаруу аркылуу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоого подрядчы жазуу жүзүндөгү макулдук берген учурда мамлекеттик орган ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча подрядчылардын реестрин (мындан ары - реестр) түзөт.
9. Мамлекеттик орган подрядчылардын реестрин ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) берет.
10. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо зарылдыгы жөнүндө ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) МКО чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүүгө подрядчынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун көчүрмөсү;
2) товарларды берүүгө (жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө түзүлгөн келишимдин жана/же милдеттенменин пайда болушуна негиз болгон башка документтин көчүрмөсү.
11. Мамлекеттик органдын жетекчиси ушул Жобонун 9, 10-пункттарында көрсөтүлгөн курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери боюнча берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Финансы министрлиги ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн бардык ырастоочу документтер болгон учурда реестрди аткарууга кабыл алат жана буйрук менен бекитет.
13. Финансы министрлиги бекитилген реестрдин жана ушул Жобонун 9, 10-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтердин негизинде белгиленген тартипте:
1) МКО чыгаруу аркылуу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объектин каржылоо жөнүндө подрядчы жана мамлекеттик орган менен макулдашууга кол коёт;
2) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча подрядчы менен карыздык макулдашууга кол коёт;
3) МКОнун эмиссиясын жүргүзөт.
14. Финансы министрлиги МКО чыгаруу жана жайгаштыруу башталганга чейин мамлекеттик баалуу кагаздарга суроо-талапты иликтөө жолу менен талдоо жүргүзүүгө укуктуу.
15. Мамлекеттик орган МКО эмиссиясын жүргүзгөндөн кийин макулдашууда көрсөтүлгөн суммага МКО чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө кол коюлган макулдашуунун негизинде төмөнкүдөй бухгалтердик жазууларды жүргүзөт:
Дебет 32 174 300 "Аванс менен төлөнгөн негизги фонддор";
Кредит 41 111 100 "Финансылык натыйжа".
16. Мамлекеттик органдын бухгалтердик кызматы ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык реестрге киргизилген ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн 15-пункттун аткарылышын контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
17. Финансы министрлиги ушул Жобонун 13-пунктунун негизинде МКО боюнча карызды карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн суммага көбөйтүүнү төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу жүргүзөт:
Дебет 41 111 100 "Финансылык натыйжа";
Кредит 33 000 000 "Баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин тиешелүү эсеби".
3-глава. МКО жайгаштыруу жана төлөө
18. Аукцион Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобого ылайык Эмитент, Эсептешүүлөр боюнча оператор жана Депозитарий менен макулдашылган Тооруктарды уюштуруучунун укуктук документтер менен аныкталган эрежелерге ылайык Тооруктарды уюштуруучу тарабынан өткөрүлөт.
19. Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган финансы-кредиттик уюмдар аукциондун катышуучулары боло алышат.
20. Мамлекеттин катышуусунун 100 пайыздык үлүшү бар коммерциялык банктарга ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык өткөрүлүүчү аукционго катышуу сунуш кылынат.
21. МКО сатып алгандан кийин коммерциялык банктар Финансы министрлигинин өзүнчө депозиттик эсебин ачышат жана сатып алынган МКО боюнча каражаттарды курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн ушул депозиттик эсепке которушат.
22. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо Финансы министрлиги жөнөткөн төлөм тапшырмасынын негизинде депозиттик эсептен жүргүзүлөт. Мында, төлөм тапшырмасы мамлекеттик орган тарабынан берилген салыштырып текшерүү актысы жана № 3 форма боюнча маалымкаттардын негизинде коммерциялык банктарга жөнөтүлөт. Салыштырып текшерүү актысында жана № 3 форма боюнча маалымкаттарда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
23. МКО төлөө жана купон боюнча төлөө шарттары МКО чыгаруу учурунда Эмитент тарабынан аныкталат. Купондук ставка акыркы аукциондогу окшош баалуу кагаздардын кирешелүүлүгүнө жараша аныкталат. Мында, курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери үчүн МКО дисконтсуз баалуу кагаздар болуп саналат.
24. Финансы министрлиги тарабынан жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда купондук төлөмдөрдү төлөө жана МКО боюнча карыздарды төлөө үчүн каражаттар каралат.
25. МКО төлөө жана купон боюнча төлөө эрежелери Эмитент, Эсептешүүлөр боюнча оператор жана Депозитарий менен макулдашылган Тоорукту уюштуруучунун ченемдик документтери менен аныкталат.
26. Жүгүртүү мөөнөтү аяктагандан кийин МКОнун негизги суммасын төлөөдө Финансы министрлиги тарабынан подрядчы менен мамлекеттик органдын ортосунда кол коюлган аткарылган иштердин актысына ылайык аткарылган иштердин көлөмү эске алынат. Мында, купондук төлөөлөр подрядчы менен түзүлгөн карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн суммага жүргүзүлөт.
|
| Мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
|
| ______________________________________ (маморгандын аталышы) 20___-ж. "___" ____________ № ______ буйругу менен бекитилген |
Подрядчылардын реестри ________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) ___________________________________ карата (дата)
№ | Берүүчүнүн/ подрядчынын аталышы | Берүүчүнүн/ подрядчынын ИСНи | Келишимдин № жана датасы | Келишимдин суммасы | Каржыланган сумма | Каржылоонун калдыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Карыздык макулдашуу № ______
Бишкек ш. |
| 202__-жылдын "___" ____________ |
Ушул Карыздык макулдашуу мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучу бир тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан __________________________________ (мындан ары - Эмитент) жана экинчи тарабынан _________________________________ (мындан ары - Подрядчы) ортосунда түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 202___-ж. "___" _____________ № _____ тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, ___________________________ жана Подрядчынын ортосундагы Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Карыздык макулдашууну түздү.
1. Предмети
1.1. Жүгүртүү мөөнөтү 3 жылды түзгөн МКО чыгаруу жолу менен Эмитент тарабынан курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объектин _________________ суммага каржылоо ушул Карыздык макулдашуунун предмети болуп саналат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Подрядчы ушул Карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн карызды төлөөнүн ыкмасына жана мөөнөтүнө макул болууда.
2.2. Эмитент МКО кармоочуга анын номиналдык наркын МКО эмиссиясынын шарттарына ылайык республикалык бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча Подрядчынын болгон карызын өз ара чегерүү ишке ашыргандан кийин төлөп берет, башкача айтканда МКО төлөө мөөнөтү келгенде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банк тарабынан каржыланган тиешелүү сумманы жабат.
2.3. Тараптар ушул Карыздык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелеринен бир тараптуу тартипте баш тартууга укуктуу эмес.
3. Корутунду жоболор
3.1. Бул Карыздык макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
3.2. Ушул Карыздык макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми Тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
3.3. Ушул Карыздык макулдашууга ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө таризделген жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана күчүнө кирет.
3.4. Ушул Карыздык макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада, бир нускасы - Ээси үчүн, экөө - Эмитент үчүн түзүлгөн.
4. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Эмитент: _____________________________________ (органдын аталышы/аты-жөнү) Дареги: ______________________________ _____________________________________ (кызмат орду) _____________________________________ (аты-жөнү) |
| Подрядчы: _____________________________________ (аталышы/аты-жөнү) Дареги: ______________________________ _____________________________________ ОКПО _____________________________________ ИСН _____________________________________ (паспорттук маалыматтар) _____________________________________ (аты-жөнү) _____________________________________ (кызмат орду) |
_____________________________________ М.О. (колу) |
| _____________________________________ М.О. (колу) |