Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 3-августундагы № 140 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 7-февралы № 37
"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам товар биржаларынын ишин жана биржа соодасын жүргүзүүнү жөнгө салат.";
2) 4-статьянын биринчи бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-статьяда:
а) төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдөн тышкары, биржалык бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, мында бажы органдары тарабынан наркка экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт.";
4) 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Товардык биржанын мүчөлөрү товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга акы төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укуктуу.";
5) 22-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 21-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |