Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-январы № 23
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 19 "Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 19 "Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелеринде:
- 3-пункттун биринчи абзацында "өнөр жай коопсуздугун", "жана экспертизалоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттун жетинчи абзацында "өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын өткөрүүнүн алкактарында" деген сөздөр алып салынсын;
- 205-пункттун экинчи абзацында "баштапкы техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүчү уюмдарды, өнөр жай коопсуздугун экспертизалоону" деген сөздөр "баштапкы техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүчү уюмду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 214-пункттун 3-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү күнү жана кийинки техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар.";
- 216-пункттун 13-пунктчасында "жана өнөр жай коопсуздугуна экспертиза" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-январындагы № 8 (3561) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |