Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январы № 21
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:
- 342-пункттагы "IV кв. 2023" деген сөздөр "IV кв. 2025" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол карта ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 9 (3562) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча ЖОЛ КАРТА
№ | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу каражаты (сумма) |
I. Тарифтик саясат | ||||||
1 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу: - ЧОБ үчүн дем берүүчү ставкаларды киргизүү; | Камсыздандырылган жарандардын ар түрдүү категорияларына карата пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жогорулатуу максатында КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | Соцфонд, ФМ, ЭКМ | 2022-ж. IV кварталы | Социалдык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттары |
- юридикалык жакты түзбөстөн ДФЧ үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра кароо | 2024-ж. IV кварталы | |||||
II. Пенсиялык саясат | ||||||
2 | Пенсиялык укуктарды түзүү шарттарын оптималдаштыруу | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу: - майыптык боюнча пенсия чектөө саясатын өркүндөтүү; - пенсия чектөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү; - пенсияга укук алуу үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин минималдуу камсыздандыруу стажын этабы менен киргизүү; - мөөнөтүнөн мурда пенсияларды жокко чыгаруу (пенсиянын өлчөмүн азайтуу менен жана азайтпастан) | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү максатында КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | Соцфонд, ФМ | 2024-ж. IV кварталы | Социалдык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттары |
- жаңы дайындалган пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жокко чыгаруу | 2024-ж. IV кварталы | |||||
III. Пенсиялык системанын топтомо компоненти | ||||||
3 | Пенсиялык системанын топтомо компонентинин жагымдуулугун арттыруу | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү: - инвестициялык портфелди кеңейтүү; - пенсиялык топтомо каражаттарын төлөө механизмин өркүндөтүү | Пенсиялык топтомо каражаттарын төлөө механизмин өркүндөтүүнүн уруксат берилген финансылык инструменттеринин санын көбөйтүү аркылуу пенсиялык топтомо каражаттарынын сакталышын жана көбөйүшүн камсыз кылуу максатында ЧУА кабыл алынды | Соцфонд, Мамфинкөзөмөл, УБ (макулдашуу боюнча) | 2024-ж. IV кварталы | Социалдык фонддун ОМЭПФ) каражаттары |
4 | Ыктыярдуу топтомо системаны өнүктүрүү | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү: - мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жана башкаруучу компаниялар үчүн инвестициялык портфелди кеңейтүү; | Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго жана башкаруучу компанияларга катышуучуларды тартуу максатында ЧУА кабыл алынды | Мамфинкөзөмөл, УБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд | 2024-ж. IV кварталы | МЭПФ, БК каражаттары |
- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча салыктык дем берүүлөрдү өркүндөтүү | МСК, Мамфинкөзөмөл, Соцфонд | 2023-2024-жж. | ||||
IV. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жагымдуу беделин түзүү | ||||||
5 | Социалдык фондду маалымат мейкиндигинде жаңыча позициялоо | Социалдык фонддун жаңы брендбугун иштеп чыгуу: - коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу; - коммуникациялык стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруу | Медиа мейкиндигинде Социалдык фонддун ачык-айкындуулугун, медиаактивдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу: - Социалдык фонддун иши жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу; - калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу; - калктын пенсиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, Социалдык фондго ишенимди арттыруу жана жарандарды пенсиялык камсыздандыруу системасы менен камтууну жогорулатуу | Соцфонд | 2022-ж. IV кварталы - дайыма | Социалдык фонддун каражаттары |
V. Трансформациялоо жана иштин адамга багытталган моделине өтүү | ||||||
6 | Социалдык фонддун санариптештирүүсүн өнүктүрүү | Жаңы санариптик көз карандысыз платформаны иштеп чыгуу жана киргизүү | Камсыздандырылган адамдын жеке санариптик профили (электрондук пенсиялык иш), Соцфонддун интерактивдүү картасы иштелип чыкты | Соцфонд | 2026-ж. | Социалдык фонддун каражаттары, тартылган каражаттар |
Соцфонддун жаңы санариптик башкаруу платформасы иштелип чыкты жана киргизилди | 2022-2024-жж. | |||||
Кызмат көрсөтүү жана тейлөө үчүн калк жана бизнес коомчулугу менен өз ара аракеттенүү үчүн санариптик система иштеп жатат | 2022-2023-жж. | |||||
Көп функциялуу КТБ | Сапат менеджментинин эл аралык стандарттарын колдонуп, калк менен иштөөнүн бирдиктүү фронт-офиси | Соцфонд, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, "Инфоком" МИ, МСК, "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. |
| ||
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
"Инфоком" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
ДФЧ | - | дыйкан (фермердик) чарба |
Санариптик өнүктүрүү министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ФМ |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЧОБ | - | чакан жана орто бизнес |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
МЭПФ | - | мамлекеттик эмес пенсиялык фонд |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
"Кыргыз почтасы" ААК | - | "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
БК | - | башкаруучу компания |
КТБ | - | калкты тейлөө борбору". |